Жакандын үчүнчү каты

Wikibooks дан

1-БӨЛҮМ

Элчинин саламдашуусу

1 Сүйүктүү Гайга чын жүрөктөн сүйгөн аксакалдан салам!

2 Сүйүктүүм, рухий жашооңдо ийгиликке жетишкендей эле, калган бардык нерседе ийгиликке жетип, сак-саламат болушуң үчүн сыйынам.

3 Анткени бир туугандар келип, сенин ишенимдүүлүгүң жөнүндө, чындык жолунда жүргөндүгүң жөнүндө күбөлөндүрүшкөндө, мен аябай кубандым.

4 Мен үчүн балдарымдын чындык жолунда жүргөндүгүн угуудан өткөн кубаныч жок.

Бир туугандарды меймандостук менен кабыл алуу

5 Сүйүктүүм, сен жолоочу бир туугандарга ишенимдүүлүк менен кызмат кылып жатыптырсың.

6 Алар Жыйындын алдында сенин сүйүүң жөнүндө күбөлөндүрүштү. Аларды Кудай үчүн, Кудайга жаккандай кылып узатсаң, жакшы иш кылган болосуң.

7 Анткени алар Анын ысымы үчүн жолго чыгышты, бутпарастардын колунан эч нерсе алышкан жок.

8 Чындык үчүн кызмат кылгандардын кызматташы болуп калуу үчүн, биз андай адамдарды колдошубуз керек.

Жакшылык кылган адам Кудайдан, жамандык кылган адам Кудайды көргөн эмес

9 Жыйынга кат жаздым, бирок алардын арасындагы биринчиликти сүйгөн Диотреф бизди кабыл албайт.

10 Ошондуктан, эгерде мен барсам, анын кылып жаткан иштери жөнүндө эскертем: ал биз жөнүндө жаман сөз таратып жүрөт, бирок ошентип эле тим болуп калбастан, бир туугандарды кабыл албай, кабыл алгысы келгендерге тыюу салып, аларды Жыйындан кууп жатат.

11 Сүйүктүүм, жамандык кылган адамдан эмес, жакшылык кылган адамдан үлгү ал. Жакшылык кылган адам Кудайдан, ал эми жамандык кылган адам Кудайды көргөн эмес.

12 Деметир жөнүндө бардыгы жакшы пикир айтып жатышат, чындыктын өзү да буга күбө. Ал жөнүндө биз да күбөлөндүрөбүз. Биздин күбөлөндүрүүбүз чындык экенин сен билесиң.

13 Мен сага көп нерсени жазар элем, бирок анын баарын сыя менен, калем менен жазгым келген жок.

14 Сени жакында көрөм деген үмүтүм бар, ошондо бетме-бет отуруп сүйлөшөбүз.

15 Сага тынчтык болсун! Досторуң сага салам айтып жатышат. Сен да досторубуздун ар бирине салам айтып кой. Оомийин.