Апендинин жоруктарынан 502 тамаша

Wikibooks дан



1. КЕЖИР АПЕНДИ

Кичинесинде Апенди оң айтса, тетири иш кылган кежир бала болуптур. Атасы экөө тегирменден эшекке ун артып келатып, кечүүдөн өтүп баратканда, эшектин жүгү оой баштайт. Уулун дайым тетири айтып, оң иштетип көнгөн атасы эми деле ошентсем, оогон капты оңдоп коёр деген ойдо уулуна кыйкырат:
— Эй, уулум! Ун ооган жок, катуу түртүп жибер, ошентсең кап сууга түшпөйт! — деп.
— Сен мени баласынтпа, ата! Чоңойгонум качан! Өмур бою эле тетир боло бермек белем, бу саам сөзүңдү эки кылбайм — деп, капты түртүп койсо, кап ун-пуну менен сууга күп дей түшкөн экен.

2. КААЛГАЧАН АПЕНДИ

Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир куну энеси айылчылаганы баратып:
— Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба,— дейт.
Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
— Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн — деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып альп, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
— Э, ботом, бу эмнең?! — дейт энеси уулун көрө сала чочуп, — Каалаганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
— Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!... Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим, — дептир анда уулу.

3. ЖУНУШ ПАЙГАМБАР

Апендинин атасы куурулган үч балык сатып келсе, Апенди үйдө жок экен, жогунда тынчыраак отуруп жей салалы дешип, жаңы эле дасторкон жайып, балыкты алдыга койгондо, Апендинин дабышы угулуп калат. Эки чоң балыкты ката коюшуп, бир кичинесин гана калтырышат. Бала аны эшиктен шыкаалап көрүп коёт да, билмексен болуп кирип, дасторконго олтурат.
— Жунуш пайгамбардын тагдырын уккансынбы, уулум? — деп, ал аңгыча атасы сөз салган болот.
— Балыктан сурайынчы деп, Апенди дасторкондо жаткан кичинекей балыктын оозуна кулагын тосуп, тыңшаган болуп турат да сөзүн улайт. — Бу балык айтып атат: «Жунуш пайгамбардын доорунда мен кичине элем, дасторкондун астында менден чоң дагы эки балык жашырынып жатат, бир билсе, ошолор билет» деп... — дептир уулу.

4. АПЕНДИНИН ОКУП ЖҮРГӨНДӨГҮ БИР КЫЛЫГЫ

Апенди медреседе окуп жүргөндө, кара мүртөз молдо аны көп тилдеп, көп урчу дешет. Апенди ансайын улам жаңы кылык чыгарып, балдарды күлдүрүп, молдонун жинине тие берчу экен. Бир күнү кимдир бирөө молдого көнөчөк толтура бал апкелип берет.
— Мынабу — уу. Жесеңер, өлөсүңөр! — дейт молдо балдарды коркутуп, анан сабагын таштап, өз жумушун бүтүргөнү кетет. Ал чыгаары менен Апенди балды балдарга таратып берип, жук калтырбай жалап-жуктап жеп коюшат. Молдо келип караса, балы жок.
— Ким жеди?! — дейт молдо сурданып.
— Молдоке! Кептин чыны мындай, — деп баштайт анда Апенди. — Калем учтаган макиңизди мен түшүрүп ийип сындырып алдым. Сизден дагы тил угуп, дагы таяк жеп куураганча өлүп тынайып деп, коркконуман ууну жеп ийсем, күчү жок уу окшойт, эмгиче өлбөйм!

5. ЫСЫК ЖАКТЫН ӨЛКӨСҮНДӨ

Алыскы Африкадан кербенчилер келиптир, кербен сарайда шумдуктарды айтып, көргөн-билгендеринен кеп салып отурушат деген кабарды угуп, Апенди ойноп жүргөн жеринен кербен-сарайга эдиреңдеп жетип барат.
— Хабашистан деген өлкө бар — деп, сүйлөп отурган экен бир кербенчи. — Ал өлкө жердин эле түбүндө, тиги Багдаддан да ары. Ошол өлкө өлгөндөй ысык, ысыгына чыдабай эли жылаңач жүрөт...
— Анда эркек-ургаачысын алар кантип ажыратат? — дептир Апенди.

6. ЖЫЛ ЭСЕБИ

Апенди окуп жүргөндө, мугалим жаратылыш жана жашоо-турмуш жөнүндө, жылдын төрт мезгили жана күн мепен түндүн алмашышы жөнүндө балдарга көптү айтып берчу'экен. Бир куну мугалим:
— Мына азыр жаз келди. Күн узарып, түн кыскара баштады. Бир айдан кийин жай келет, ошондо күн дагы бир саатка узарат,— деп түшүндүрөт.
Айткандай эле, антии-минтип, бир ай убакыт өтүп кетет. Жай да келет. Мугалим Апендини тургузуп алып, сабак сурайт:
— Кана, жооп берчи, бир соткеде канча саат бар? — экен.
— Мындан бир ай мурда жыйырма төрт саат бар болчу, эми жыйырма беш саат болду! — дептир Апенди буйдалбай.

7. ТЕҢБИЗ

— Кимиң улуусуң? Сенби, же сенин байкеңби? — деп, бир дөөпөрөс Апендиден сураса, Апенди да келиштирип туруп жооп берген экен:
— Былтыр энем айткан: байкең бир жаш улуу деп. Быйыл теңбиз!

8. ТӨРТТӨН ТӨРТТҮ АЛСА, КАНЧОО КАЛАТ?

— Төрттөн төрттү алса, канча калат? — деп, мугалим Апендиден сураса, Апенди билбей коёт.
Акырын сүйөмөлөсөм түшүнүп жообун айтаар деген ойдо мугалими:
— Кел, мисал менен чыгаралы, — дейт. — Айталык, сенин чөнтөгүңдө төрт тыйын бар эле, төртөө тең түшүп калды дейли. Чөнтөгүңдө эмне калат?
— Тешик калат да! — дептир Апенди такалбай.

9. КААЛГАНЫН ЖЫЛЧЫГЫ

Апенди окуп жүргөндө, бир күнү мугалим сурайт:
— Сабак окудуңбу? — деп.
— Окудум,— дейт Апенди.
— Окусаң, зат деген эмне?
— Жер жүзүндө канча зат болсо, ошонун баары зат деп аталат!
Апендини сабак окубапсың деген менен, баары бир, мойнуна албасын билген мугалим ого бетер өчөшкөнсүп, суроо артынан суроону жаадырып кирет:
— Болуптур дейли, ошо заттардын эмне өзгөчүлүктөрү бар?
— Бардык затта зат өзгөчөлүгү болот!
— Буга да макул дейли, ал заттардын түсү кандай болот?
— Баарынын түсү бир.
— «Бир» дегениң кандай?
— Кандай болсун, заттын түсү да!
Оңой менен Апендн алдыра койбосун көргөн соң, мугалим баланы чаташтырмай болуп, суроону мындайчасынан коёт:
— Макул, буга да мейли дедик, а түсү тунук зат кандай болот, ошону айтып көрчү.
— Тунук зат тунук болот.
Апендинин сабак билбей турганын эми далилдеш учун мугалими аны акырын жөлөмөлөй баштайт:
— Тунук заттын бер жагынан караса, ары жагынан күн көрүнөт, ушундай эмеспи?
— Ооба, ушундай! Бер жагынан караса, ары жагынан күн көрүнөт! — деп, Апендн шарт жооп кайтара салат.
— Анда эмесе, ошо тунук заттан бир мисал келтирчи,— дейт мугалим.
— Маселен, каалганын жылчыгы! — деп, Апенди мостоюп туруп жооп айтат. — Үйдөн шыкааласаң, сырттагы жарык кадимкидей көрүнөт!

10. БАЛА ЧАКТАГЫ АКЫЛ

Апенди медреседе окуткан дамбылдасынан капкайдагы ойго кирбеген суроолорду сурай берип, башын маң кылчу экен. Дамбылда баланын суроолорунун чанда бирине гана жооп таппаса, көбүнө таба албай жүдөп жүрүп, бир саам:
— Көп билгениңе мактанба сен! — деп, кызаңдай түшөт. — Кичинесинде акылдуу бала кийин чоңойгондо дөдөй болуп калат!
— Сиз анда кичинеңизде абдан акылдуу болсоңуз керек ээ, молдоке? — дептир Апенди бала.

11. КАЙРАТ БОЛУП ТУРДУМ

Бир сапар Апенди сабактан калыптыр. Эртеси мугалими:
— Кечээ эмне мектепке келген жоксуң? — десе.
— Жумуш чыгып калды,— дейт бала.
— Эмне жумуш?
— Байкем догдурга барып, тишин жулдурду.
— Жулдурса эмне экен, анын сага кандай тиешеси бар эле?
— Мен кошо бардым.
— Тишин жулдуртса, байкең жулдуртуптур, а саа эмне жок?
— Тишин жулдураарда байкем кыйкыра берди, мен бери жакта кайрат болуп карап турдум.

12. ЫСЫК ЧҮЧПАРА

Апенди үч-төрттө кезинде энеси чүчпара бышырып, алдыга коёт. Уулу чүчпараны ысыгына карабай шашып-бушуп сугуна баштайт. Сугунган сайын баланын көзүнөн мончок-мончок жаш ыргыйт.
— Эй, бала, чүчпара качпайт, шашпай, сууганда же! — деп, атасы тыйса, баласы айтат дейт:
— Анда ачка калам да,— деп.

13. ТАМАК АПКЕЛҮҮНҮН ТАРТИБИ

— А дегенде тамакты апкелип, артынан эшикти жаап кой — деп, атасы Апендиге айтса..
— Жок, а дегенде эшикти жабайын да, анан тамакты апкелейин,— дептир баласы.

14. КҮМҮШ АКЧА БОРПОҢ ЭКЕН

Апенди кичине кезинде момпосий сатып же деп, жума сайын атасы ага беш тыйындан күмүш акча берчү экен, кийин бир жолу:
— Акча үнөмдөгөндү ушу баштан үйрөн, момуну төрт жумага чактап жеткир! — деп, уулуна жыйырма тыйынды бир карматат.
Атасынын айткан насааты баланын оң кулагынын кырынан кетет: тыйын колуна тийер замат жүгүрүп чыгып, көзүнө көрүнгөн татты-паттынын баарын сатып ала берип, бүт сарп кылып жиберет. Кийинки жумада күн катуу ысыйт. Атасы базардан тердеп-кургап келатып:
— Ушу ысыкта мээ эрип кетпегенине да шугур! — дейт эшиктен башпага элек жатып.
— Сыягы анда, адамдын мээси күмүштөн бекем болсо керек? — деп, Апенди сөздүн кезегин кетирбей кармап калмакчы болот.
— Эмнени дөөрүйт, түшүндүрүп айтчы? — дейт атасы.
— Төрт жумага жетет деп берген күмүш акчаларың ошол эле күнү көз ачып-жумганча күндө турган таттыдай эрип кетип жок болгон,— дептир уулу.

15. СОРГОК БИР ИШ

Койдун бышкан башын сатып кел деп, Апендиге атасы акча берип, базарта жумшайт. Апенди баш сатып алып, жолдо келатканда четинен бир тиштеп жейт. Анан улам кызыгып, кичинеден жеп журуп отуруп, үйгө жеткенче таптаза мүлжүп салат да, үйгө сөөгүн көтөрүп кирет.
— Жалаң, эле сөөк көтөрүп келипсиң го! — дейт атасы. — Кулагы кайда мунун?
— Дүлөй кой экен,— дейт Апенди.
— А тиличи?
— Дудук кой экен.
— А көзүчү? —
— Сокур кой экен.
— А баштын куйкасычы?
— Тазда эмненин куйкасы, башы таз кой экен!
— Дети соо жери жок экен дечи бу койдун?
— Жо-о! Тиштери бүпбүтүн, бири да түшпөптүр! — деп, бала сөз таап кетиптир.

16. МЕНДЕН ЖАРДАМ ЖОК

Апенди шаар көр элек кичино чагында, атасын ээрчип, калаага барат. Мунаранын башында азан чакырып, бакырып аткан молдону көрүп алып, жерден туруп кыйкырат дейт:
— Ой, абаке! Асмандын башына чыгаарды билип, түшөөрдү билбеген соң, аякта сага суутуп коюппу! Эми бакыр-бакырба, менден сага жардам жок! — деп, атасынын артынан чуркап кеткен экен.

17. ӨЛҮККӨ МҮЙҮЗ КАЙДАН ЧЫККАН!

Апенди ойноо бала кези экен, эртең менен көчөгө чуркап чыкса, дарбазанын түбүндө бир өлүк жатат. Апенди өлүктү сүйрөп барып, короосундагы кудукка салып жиберет да, өзү ойноп кетет. Уулунун оозу бош экенин атасы жакшы билчу, ошондуктан ал бир эчкисин мууздап ийип, кудукка таштайт да, аяктан өлүктү алып чыгып, көөмп салат. А Апенди болсо, ким көрүнсө эле, өлүк таап алып, кудукка ыргытып ийдим деп мактана берип, жердин баарына жайып жиберет. Кабар өлүктүн туугандарына жетет, алар далайдан бери өлгөн кишинин дайнын биле албай убара болуп жүрүшкөн экен, Апендини суракка ала башташат:
— Өлүктү кайда каттым дедиң?
— Кудукка салып ийгем — деп, Апенди тигилерди үйүнө ээрчитип барып, өлүктү көрсөткөнү өзү кудукка түшөт. Караса өлүктүн мүйүзү бар. Аны көрүп:
— Силердин өлүк мүйүздүү беле? — деп, кудуктан кыйкырат...
Сыртта тургандар баланын апендилигине күлүп, таркап кеткен экен.

18. АПЕНДИНИН КЕҢЕШИ

Бир киши жалгыз уулун үйлөнтмөкчү болот.
— Макул, үйлөнсө үйлөнөйүн,— дейт уулу. — Мен билгенден биздин айылда күйөөгө тийе элек бир кыз, бир жесир аял, анан дагы бир эрден чыккан кысыр катын бар. Ушул үчөөнүн башы бош, кимисин алганым оң?
— Ант-минт деп, балээңе кала албайм, балам,— дейт атасы. — Шаарда менин бир досум бар, ошого барып, акыл сурап кел.
Жигит шаарга барып, аяш атасына иштин жайын түшүндүрсө, аяш атасы:
— Кандай дешке менин да акылым жетпей турат,— дейт. — Ушунда бир Апенди деген келесоо бар, ошону издеп тап. Туура акыл бир чыкса, ошондон гана чыгышы мүмкүн.
Жигит шаардан Апендини издебеген жери калбайт. Акыры таппай суй жыгылып чарчап келатса, бир жоон топ бала эшек-секирмей ойноп аткан экен, жакын барып, биринен Апендинин дайнын сурайт.
— Апенди менмин,— дейт алиги бала.

Чоң киши деп издегени бала экенин көргөндө, жигит ичинен шаабайы сууй түшөт, бирок болору болду деп, келгендеги максатын айтат. 

Анда бала мыидайча жооп бериптир:
— Күйөөгө тийе элек кыз алсаң — сенин жолуң, жесир аял алсаң — анын жолу, — деп,
— Анда күйөөдөн чыккан аялды алсам кантет? — десе, Апенди эч сөз айтпастан жигитти шапалак менен бутка оролто бир салат да эшек секирмейин ойногону тең-туштарына жүгүрүп кетет.
Жигит ындыны өчүп, аяш атасына капалуу келет да:
— Атам мени атайы сизге жиберсе, сиз мени капкайдагы балага жумшап! Кеп-кеңешти мен сары ооз балапандан эмес, сизден сурап келбедим беле! — деп, таарынч кылат. Анан ыза болуп отуруп, Апендинин жообун төкпөй-чачпай айтып берет.
— Анткен менен Апенди сага жакшы акыл айтыптыр,— дейт аяш атасы. — Кыз алсаң, баарына өзүң ээ, үйдү да, жайды да өзүң башкарасың дептир. Жесирге үйлөнсөң, өзүңдү ага башкартып каласың дептир. Ал эми шапалак менен бутка чапканы, эрден чыккан аялдан жаа бою кач дегени.

19. АКЫЛ КИРЕ ЭЛЕК КЕЗДЕ

— Сен а деп үйлөнгөндө, канчада элең? — деп, Апендиден сурашса, Апенди айткан экен:
— Эсимде жок, анда мага тырнактай да акыл кире элек кез экен! — деп.

20. АПЕНДИНИН ТАЕЖЕСИ

Апендини таякесинин кызына кудалап коюшуп. бирок кийин мал-жандуу бөлөк күйөө табылса, кызды ошого берип жиберишет. Үч жылдан кийин күйөөсү өлүп, кыз жесир калат. Апенди таежесине көңүл айтканы барып, мындай дептир:
— Кудай бир чоң сактады ээ, кокус, сен мага тийип калганда, күйөөңдүн ордуна мен өлмөк экем!

21. ДАЛЕ БОЛОТ

Байлыгына эсирген бир жаман чал Апендини шакабалагысы келип:
— Ка-ап, энең өлбөгөндө, энеңи мен алмакмын. Сен менин уулум болмоксуң,— дейт.
— Эми деле уул кылып алыңыз, дейт анда Апенди.
— Кантип? — деп, ормоё тушвт чал.
— Опоңой! — деп жооп берет Апенди. — Кызыңызды мага алып берсеңиз эле, мен сизге бала болом да калам!

22. КАНЧАДА ЭКЕН?

Апенди бой тартып калган кезинде, аял алат элем деп, эжесине акыл салат. Эжеси ылайыктуу кыз издеп жүрүп, акыры бирөөнү табат.
— Табылды дечи, ал дурус. А кыздын жашын сурадыңбы, канчадамын дейт? — деп, Апендн такып туруп алат. Анда эжеси:
— Кудай урсун, сурадым! Сурасам, «Билбейм» дейт. Калп айткан менен болобу, кыз жапжаш эле бойдон! — деп, кызга деле чаң жугузгусу жок.
— Анда аныңды албайм, кереги жок! — деп, Апенди кежирленет.
— Кой, антпе! Албайм деген эмнеси?! — дейт эжеси секирип.
— Карып калган кызды да соо киши алчу беле!
— А карып калганын сен кайдан билдиң?
— Отуздан ашкан ургаачыдан жашын сурасан, билбейм деп, жанын жейт. Демек, сен жактырып келген кыз эбак кара далы болуп, отуздан ашып кеткен неме! — деген экен Апенди.

23. АПЕНДИ АЛДЫН АЛГАНДА

Апенди там салдырып жатып, устага айтат дейт:
— Тамдын астына салчу тактайды үстүнө ур да, үстүнө урулчу тактайды астына сал,— деп.
— Эмнеге антем? — деп, уста сураса, Апенди:
— Там салынып бүтөрү менен аял алам. А аял алган кишинин үйү астын-үстү түшөөрү белгилүү да, ошондуктан алдын-алып жаткандыгым,— деген экен.

24. ЫЗА БОЛГОН КҮЙӨӨ

Апенди үйлөнүп, тою болот. Ополоң-тополоң, эл көп, Апендини эт же деген киши жок, ачка калат. Апенди ичи күйүп, караңгы бурчта кесээрип отура берет. Той таркап, уул-келинди жаткыраар учур да жетет.
— Төшөк даяр, уул...— деп, жеңелери Апендиге келсе, Апенди:
— Жатпайм! Жаткыра бергиле эт жеп, курсагы тойгон бөлөк бирөөнү! — деп, тултуңдаган имиш.

25. АПЕНДИ АЧКА БОЛГОНДО

Апенди ачка болуп, аялын тамак бер десе, аялы чоёктоптур.
— Ай десе ай, күн десе күн — менин сулуулугума суктангандын ордуна жаман курсактын камын ойлоп, тамак дейсиң! — деп.
— Чырайды чылап ичпеген соң, андан курсак тойбойт,— деген экен Апенди анда улутунуп.

26. СЕН МЕНДЕН СУРА, МЕН АНДАН СУРАЙЫН

Апендинин аялы кыз-келиндер менен алышта кир жууп атса, мансабы бийик бир неме бастырып бараткан жолунан бура тартып, аялдарды тиктеп туруп калат. Апендинин аялы «тыяк-быягыбызга эмне сугуңду артып акыясың, бети кара!» деп, кыйкырып-өкүрүп, арылдап коё берет.
Эртеси алиги неме Апендини чакыртып алат да, Апендиге аялынын түспөлүн сүрөттөп келип:
— Ошо сенин аялыңбы? — деп сурайт.
— Ооба, ошо менин аялым. Эмне экен? — дейт Апенди.
— Эмесе, мага келип кетсинчи, сурай турган сөз бар эле — деп, алиги менменсиген мансапкор неме Апендинин өзүнө аялын чакыртып алмакчы болот.
Анда Апенди:
— Биздин айылдын салты боюнча, сөзүңүз болсо, а дегенде менден сура, мен андан сурап, анан жообун сизге айтып келишим керек,— дептир

27. ҮЙРӨНГӨН АДАТ

Бир бай неме жайлоого боз үй тиктирип, бээ байлатып, тажаганча ойноп-күлүп жыргап келели деп, жолдош-жоролорун чакырып барат. Ара чолодо эрмектегилери келип, Апендини да ээрчитип алышат.
Күндө оюн-тамаша. Эртеден кечке казан асылып, дасторкон жыйылбайт. Бирок эртең менен төшөктөн туруп, тамак ичээрге келгенде эле алиги немелер Апендини акшыя карап, кабактарын карыш салып калчу болот. Апенди ошонун баарын байкап журөт да:
— Силер эмне эле мени жаман көзүңөр менен карайсынар? — дейт бир күнү.
— Коңуругуң иттей катуу экен, эч кимди уктатпайсың — деп, кымыз куюп отурган жигит иштин жайын түшүндүрөт.
Апенди таарынып, кетүүгө камынат.
— Апенди, сен каякка?— демиш болуп, отургандар калп эле сурап калса, Апенди айтат дейт:
— Аялыма кетем,— деп. — Кургурум кырк жыл жанымда жатып жүрүп, коңуругуң «иттей» деген сөздү бир айткан эмес эле. Баарың биригип, ошол менин жаман кемпиримче жоксунар. Көнгөн өз аялга не жетсин, кетем!

28. БАЛЭЭНИН БААРЫН

Апенди базардан жарты кило эт сатып келип, аялынан сурайт:
— Кымындай эттен эптеп бир тамак жасоого болобу?
Анда аялы какшык жылдырып:
— Кымындай эттен балээнин баарын жасоого болот! — дейт.
— Эмесе, ошол «балээнин баарын» бышыра бер! —- дептир Апенди.

29. МЫШЫКТЫН САЛМАГЫ

Апенди бир кило эт сатып келип, кечинде уяттуу конок келет, жакшылап куурдак кууруп тур деп, аялына табыштап кетет. Аялы куурдакты куурарын куурат да, бирок коңшу-колоң, жакын санаалаш абысындары менен чогулуп жеп алышат. Кечинде уяттуу коногун ээрчитип, Апенди келгенде, аялы акчыланат:
— Мен казан асып, от тамыскыча болбой, мышыгың этти көтөрө качып жок. Мейманды ачка жаткызабызбы, дагы эт сатып келе гой,— деп.
Апенди ачуусуна чыдабай мышыгын кубалап журуп кармап алат да таразага тартат. Тартса, мышыктын салмагы бир килого да жетпейт. Анда Апенди аялын каран кыйкырат дейт:
— Эй, жаныңы жегир! Бир кило эт жеген мышыктын салмагы бир килого жетпейт деген эмне?! Этти жегени чын болсо, жок дегенде, эки килого жакындайт эле го! Же бу мышык салмагы жок байкушпу?!

30. ИЛЭЭНДИ АЯЛ

Апенди базардан күндө эт сатып келсе деле, аялы ага бир да жолу эттуу тамак бербептир.
— Эт кайда? — десе, аялы айтчу экен:
— Ит тиштеп кетти,— деп.
Апенди тажаганда балта сатып келип, балтаны сандыкка салып, сандыктын оозун килейген кара кулпу менен бекитип таштайт. — Э, ботом, балтаны эмне мынча кастарлап каттың? — дейт аялы таңыркап.
— Катпагандачы! Бир теңгелик этти тиштеп кетип жүргөн ит, беш теңгенин балтасын жөн коёбу! Ит тиштеп кете элегинде, бек бекитип алайын! — дептир жаны кашайган Апенди.

31. МУЗОО

Апендинин бир жалкоо десе жалкоо, тамаксоо десс тамаксоо жаман кайниси бар экен. Ал ойрон же иштеген иштен жок, керээли кечке көчө таптап жүрүп, карды ачканда, кыйратып салгансып, Апендиникине келип, үйдөгү тамак-ашын жалап-жуктап жеп кеткен күндөрү көп болуптур. Акыры Апенди жанына батып, үйүнө келтиртпей тыйып салат. Бирок кайниси ага болбойле Апенди жокто келип, жээрин жеп, ичээрин ичип алып, жездеси келер маалда акырын жылып жоголчу экен. Бир куну Апенди үйгө эрте келип калат. Аялы инисин сандыкка ката коёт. Апенди аны терезеден байкап калат да, кармап алганы үйгө жүгүрөт. Аялы аны түшүнө коюп, сандыктын оозун ачып, инисин терезеден чыгарын ийет да, ордуна жаңы туулган музоону жаткыра салат. Аңгыча Апенди кирип келип, кепке-сөзгө келбестен, сандыкты шарт ачып жиберет да, аң-таң болуп, делдейип туруп калат: караса эле кайниси телчийлек музоо болуп, кубулуп жатат! Ошондо Апенди жакасын карманат дейт:
«— Кудая тобо! Катынымдын колунан өңгө шумдук келсе да, моминтип, типтирүү эле кишини сандыкка сала коюп, музоого айлантып ийээрин түк ойлобопмун. Кой, мунун сыйкыры укмуш экен, сыйым менен оозумду басып, билмексен болуп калайын, антпесем бу катын мени кунаажын, өзү бука... айтор, бир балээ кылып кубултуп таштаса, отурбайын шорум катып!» деп, тилин тишине катып, ичинен келме келтирип, тим болгон имиш.

32. ЖҮРӨӨНЧӨК АЯЛ

Апендиге:
— Аялың абдан жүрөөнчөк, — дешсе,
Апенди айтат дейт:
— Калп! Жүрөөңчөк болсо, эртедир-кечтир үйгө бир келип, мында деле кирип чыгат эле го, — деп.

33. КҮЙӨӨСҮНӨН АЯЛЫ КУУ

Апендинин аялы айылчылаганды жакшы көрчү экен. Ал өзү курдуу келин-кесекти бирөөнүкүнө чогултуп алып, аркы-беркини ушакташып отуруп, үйүнө түн ортосунда бармай адат болуп кетиптир. «Катыныңды катуураак кармабасаң, чектен чыгып баратат» деп, жолдош-жоролору Апендиге акыл салат. Апенди теңтуштарынын кеңешин ылайык таап, бир сапар аялы адатынча кеч келгенде, эшикти ичинен илип алып ачпай коёт. Аялы каалганы каккылап-каккылап тажаганда, кудукка чөгүп өлөм деп коркутат. Апенди тоотпой жата берет. Аялы кудукка килейген бир ташты чулп эткизе таштап жиберет да, өзү каалганын артына жашынып калат. Кудай урган чын эле кудукка түшүп кеткенсиди, тумчугуп өлө элегинде кайта тартып алайын деп, Апенди санаасы чыдабай тышка чыгат. Ал кудукту карай басаары менен, аялы шып кирет да, каалганы ичинен илип алып, Апендинин өзүн киргизбей коёт. Апенди ары айтат, бери айтат. Жалынат. Аялы ачпайт. Ачмак түгүл, терезеден башын чыгарып алып, уктап жаткан элди ойготуп, бейжай айкырыкты баштайт:
— Сендей күйөөнүн барынан жогу! Үйдөн садага кет! Түндү түн улап, күндү күн улап, үйгө түнөсөн — түнөп, түнөбөсөң — жок! А мен байкуш отурам жалгыз өзүм менен өзүм эрмектешип!...
Апенди бечара эмне кыла алат? Ойгонуп келген кошуналарынан бети чымырап, же актанаарга сөзү жок, аялына акырын шыбырап: — Сеники чын, мындан кийин минтпеймин — деп, жок күнөөнү мойнуна алып жатып, эшигин араң ачтырган дешет.

34. ОТТУН ЖЫЛУУСУ КЫШЫНДА КЕРЕК

Апенди карган чагында үйлөнөм деп ээлигиптир. Анда бир теңтушу:
— Ой, алжыган Апенди, көр оозунда туруп, катын алгандан кетесиңби, тынч өлсөңчү,— дейт.
Анда Апенди:
— Келесоо, оттун жылуулугу кышында керек,— деген экен.

35. КУДАЙДЫ КАРА

Апенди жүрүп-жүрүп, бир аялга үйлөнүптүр. Анысы буту аксак, бир көзү сокур, тиши жок, башы таз, бели бүкүр бечара экен.
— Аял түгөнүп калгансып, ушубу алганың? — деп, бир досу жемелеп баштаса, Апенди:
— Ушундай аял жакшы болот,— дейт. — Эки жакка басып кетпей үйдө гана отурат.
— Бир көзү да сокур экен...
— Ошо жыргал да! — Апенди буга да жооп табат. — Эмне кылсам да жарымын гана көрүп, жарымын көрбөйт.
— Же тиши болсочу, кургурдун!
— Ансыз да үйдө жей турган эчтеме жок.
— А башынын тазычы?!
— Мейли, чачын боётот элем деп, боёк издеп кыйналбайм.
— Бүкүрүчү?! Бүкүрүн кантесиң?
— Кудайды кара! Байкуштун бир кемчилиги болсо, аны да көрө албайсыңар. Менин аялым да тирүү жан, бир кемчили болбой куруппу! — деп, Апенди кеп жебей койгон экен.

36. БЕЙИШКЕ ЧЫКЧУЛАР

Апенди ыраңы суук киши болуптур. Анысы аздык кылгансып, аялынын өңү да серт экен. Апенди бир куну отуруп аялына кеп салат:
— Кайгырба, кургурум, бу дүйнөдөгү жашоо кеп эмес, тиги дүйнөдө жыргайбыз.
— Кантип? — дейт аялы.
— Бейишке чыгабыз,— дейт Апенди.
— Аны сен кайдан билесиң? — дейт аялы.
— Билбегендечи! — дейт Апенди. Сен өз өңүңдү кара да, менин өңүмдү кара. Менин жаман ырайымды күндө көрүп, ошого чыдап келатасың. Мен да сенин ырай-түрүңдү күнүгө көрүп, ошого чыдап келатам. Кыскасы, сенин көргөнүң да куурал, менин көргөнүм да куурал. Ал эми бул дүйнөдө куураган адам тиги дүйнөгө барганда, түптүз эле бейишке чыгат.

37. ӨҢДҮН СЕРТТИГИ

Апенди аялы менен урушуп-урушуп алып, басылганда, тетири карап жатып алат! Аны уктады деп ойлоп, бечара аял күзгүдөн өз өңүн карап туруп:
— Өңдүү-түстүү болгонумда, күйөөмөн мынчалык кордук көрбөйт элем! — деп, бышактап ыйлай баштайт.
Апенди уктабайле, баарын угуп-туюп жаткан экен, кошо өңгүрөп коё берет.
— Саа эмне жок? — деп, аялы караса, Апенди айтат дейт:
— Мен шордуу ыйлабаганда кантем! Өмүрүңдө күзгүдөн өңүңдү бир көрүп алып, сен ыйласаң, кудайдын куттуу күнү көрүп жүргөн мен кантип чыдайм?! Же ушу бойдон өмүрүм өтүп кетеби! Аны билбей сен, саа эмне жок дейсиң!

38. ЭМНЕСИН ЖОГОТТУ ЭКЕН?

— Аялың акылын жоготуп коюптур — деп, Апендиге айтышса, Апенди бирдеме дештин ордуна унчукпай ойлонуп калат.
— Эмне ойлонуп калдың? — деп, кайта сурашса, Апенди айткан тура:
— Тобо, ал кургур башынан эле акылы жок эле, деги эмнесин жоготту болду экен? Ошого башым маң боло түштү,— деп.

39. ШОРДУУ АПЕНДИ

Апенди аялы өлүп калып, бир эри өлгөн жесир аялга үйлөнөт. Анысы отурса-турса деле өлгөн эрин оозунан түшүрбөй эстеп алып ыйлап, эртели-кеч кошок кошуп зан- кылдай берип, Апендини тажатыптыр. Мына эмесе деп, Апенди да бир куну кошо ецгуреп кирет.
Аялы:
— Мен го мен! Өлгөн эриме ыйлап атам, а сенчи? — деп таң калат.
— Мен өзүмө ыйлабаймынбы! — дейт анда Апенди.— Эриң өлбөгөндө, сен жесир калбайт элең, сен жесир калбасаң, мен шордуу сени албайт элем.

40. БИР ТӨШӨКТӨ ТӨРТӨӨ

Апенди аялы өлүп, бир жесир аялга үйлөнүптүр. Анан ал экөө маңдай-тескей отуруп алып эле, бири өлгөн эрин мактаса, бири өлгөн аялын мактай берчу экен. Бир саам төшөктө жатып да ар кимиси өз өлгөнүн эч бир жанга теңебей саймедирей берет. Аңгыча болбой Апенди аялын төшөктөн ыргыта түртөт. Аялы таарынган бойдон атасына барып даттанат. Атасы күйөө баласынан «Бул эмнең?» десе, Апенди күйөө баласы айткан экен:
— Менде айып жок. Байкасам, бир төшөктө мен, менин мурунку аялым, бул, мунун мурунку эри — төртөөбүз жатып жүрүппүз! Чамасы, кызыңыз кысылса керек, төшөктөн өзү эле кулап кетиптир,— деп.

41. ЭМНЕГЕ ЫЙЛАШТЫ ЭКЕН?

Апендинин аялы тамак жасаса эле же тузу ачуу, же калемпири ачуу — ооз куурулуп кетчу экен. Бир күнү аялы өзү бышырган калемпири ачуу, ысык кесмеден чоң ууртап алып, көзүнөн жаш ыргып-ыргып кетет.
— Эмне ыйлап атасьң? — деп, Апенди аялын карайт.
— Энем ыраматылык ушундай кесмени жакшы көрчү эле. ошону эстеп, жашып кеттим — деп, аялы жооп берет.
Аңгыча болбой Апенди өзү чоң ууртап алып, көзүнүн жашына ээ боло албай аарчына баштайт. Анда аялы ичинен табасы канып: — А сага эмне жок, сен эмнеге ыйладың? — дейт.
— Сендей кызын мага түртө салып коюп, кете берген ыраматылык энеңдин атын укканда менин да муунум бошой түштү,— дептир Апенди.

42. БАЙКУШ КОЁН

Апенди ууга чыгып, уудан жолу болбой кур кол кайтат.
— Эчтеме ата алган жоксуңбу? — дейт аялы.
— Атса, баары эле жайнайт, бирок колума эчтеме урунбай койду — деп, Апенди актанат.
— Ка-ап! Колуңа жок дегенде, коён урунуп калганда эмне, тируу бойдон кармап келсең, бакма кылып үйрөтүн алат элем,— дейт аялы чоёктоп.
— Чокуң! Коёндон өткөн ыплас айбан жок, короо-жайды бүт булгап жиберет — деп, Апенди үтүрөңдөйт.
— Булгап эле көрсүнчү! Жаман чолок куйругунан кармап туруп, тетигинден ары ыргытып иейин! — дейт аялы.
— Эмне, эмне-е?! — деп, Апенди кысыраңдайт. — Мен араң кармап келген коёнду сен ыргьткың бар, ээ!
— Андай ыплас айбандын кык-сагын тазалап жүргүдөй алым жок!..
— Тазалайсың эле! Тазалабай көрчү эр болсоң! Аны деген мына мен, сенин күйөөң! кармап келип отурат! Тазалайсың!
— Тазалабайм, этпейм! Маа демектен, коёнуң доңуз копсун!
Муну укканда Апендн чыдай албай тура калып, аялын жаактан ары чуу эткизе тартып калат. Аялы айкырып-өкүрүп, долуланып коё берет. Коңшу-колоң жүгүрүп келип:
— Апенди, ушунуң уят эмеспи, байкуш аялды сабап!...— деп, чуулдай баштаганда, Апенди олоңдогон имиш:
— Өзү эмне анан, байкуш коёнду кодулайт! — деп.

43. БИРИ БИРИНЕН ӨТКӨН КЕЖИР

Апенди караңгыда тышка чыккандан эринип, аялын жумшайт:
— Эшекке чеп салып келчи,— деп.
Аялы эле тил ала койчу аял болсочу, дароо каяша айтат:
— Эшегиң менен ишим да жок! Минген өзүң, өзүң бакканды бил! — деп.
— Бөлөк бирөө минип жүргөнсүп, өз эриңе да ушинтип чунаңдайсыңбы?! — Апенди аялын алдап-сооласа, аялы алдатпай коёт.
Андай болсо унчугушмай жок, ким биринчи унчукса, ошо чыгып, эшекке чөп салып келмей деп, мелдешет экөө.
Апенди түн бою үн катпай жуурканга оронуп отура берет. Отурса, короого ууру кирип, эшекти чече баштайт. Апенди аны көрүп да унчукпайт. Эшегин ууру жетелеп чыгып кетип баратканда да Апенди кың дебейт. Эртеси аялы ойгонуп:
— Ой ушу сенин кежирлигиң ай! Эшек дале түндөгү бойдон ачка го сыягы? — дейт.
— Мына, биринчи сен сүйлөдүң! — деп, Апенди сүйүнүп кетет. — Эшекке чөптү сен саласың!
— Макул, макул — деп, аялы тышка басат. — Чөп салып коюп, тамак бышырайын.
— Тамак бышырганың го жакшы, бирок эшектен ажырап калганбыз. Ууру алып кетти,— дейт Апенди. — Ушуну кылмаксың, кежирленип атып!..

44. УЙУН ӨРТ АЛГАНДА

Апендинин үйү өрттөнө баштаптыр. Кошунасы Апенди кой кайтарып жүргөн жерге чуркаган тейин жетип:
— Апенди болбой куруп кал, үйүң күйүп атса, жүрүп аласың! Жүгүр тез! Эшигиңерди тарсылдатып атам - тарсылдатып атам, эч ким жок, каалгаңда килейген кулпу. Бол жүгүр! — деп шаштырса, Апенди камаарабай:
— Эй, дос. Аялым экөөбүз акылдашып отуруп, көр оокаттын түйшүгүн бөлүшүп алганбыз. Мал таап, мал багыш менин ишим. Үй караш аялымын мойнунда. Үйүң күйүп атат деп, сен ошого барып айт,— дептир.

45. АПЕНДИНИН КОҢУРУГУ

— Бу сен эмне жаздыкка башың тийсе эле, коңурук тартасың? — деп, Апендиге аялы үтүрөңдөйт.
— Жаныңды жебе! — деп, Апенди беттен алыптыр анда. —Өгүнү да ушинтип айтканыңан, удаасы менен эки түн кирпик ирмебей ойгоо жатып көрсөм, бир да коңурук тарткан-эткеним жок. Көрсө сен мага тим эле жалаа жаап жүрүпсүң!

46. ЭРКЕК ТАНА

— Мен тааныган аялдардын эрлери чыныгы эркекке окшош, иштеген иштери да эркектикиндей. Сен эле, казан-аякка кийлигишип, үйдөн чыкпайсың! — деп, күндөрдүн бир күнүндө Апендини аялы жемелептир.
Апенди унчукпай киймин кийип, чыгып кетет да, күндө бир жолдош-жоросунукуна конуп-түнөп, үйүнө барбай жүрүп алат. Далай күн өткөндөн кийин бир досун үйүнө жумшап:
— Албуут аяшыңан барып билчи, канча күндөн бери үй бетин көрбөй ар кимдикинде конуп-түнөп жүрөм, эми окшодумбу чыныгы эркекке, же дале чала эркекминби? Чалам бүтсө, үйгө барайын,— деген экен.

47. ЧАПАНДЫН ИЧИМДЕ МЕН БАР БОЛЧУМУН

— Апенди, түндө силердин үй күрсө-тарс эле болуп атты, эмне болду? — деп, кошунасы сураса, Апенди:
— Эчтеме деле болгон жок. Аялым өтүп баратып, менин чапаныма чалынып, кулатып алды,— дейт.
— Койчу, кантип эле чапан түшкөнгө ошончо күрсө-тарс болсун? — деп, кошунасы жакасын карманат.
— О, кокуй-оой! Акылы бар адам өзү эле түшүнүшү керек: чапандын ичинде мен бар болчумун! — дегеи имиш Апенди тигинин макоолугуна кыжыры келип.

48. АЯЛДАР АТААНЧЫЛ БОЛОТ

Апенди бир курбусуна барып:
— Абайлабасаң, шоруң катмай болду,— дейт
— Кандайча? — деп, беркиси кулак түрүп калат.
— Бүгүн аялым экөөбүз аябай чатакташып, аз эле жерден ажырашып кете жаздадык,— деп сүйлөйт Апенди. — Чоң дүкөндөн барып, үстөнө жаңы көйнөк, бутуна байпагы менен туплий сатып келип берип гана жанын тындырдым.
— А буга менин кандай тиешем бар? — деп, тиги жигит аң-таң, ийнин куушурат.
— Сенин аялың менен менин аялым сырдаш. Менин аялымдын жаңы кийим кийгенин укса, аялың, сени тирүүлөй кемирип жеп салат! Жеттиби зми сага? — дейт Апенди.
Ошондо тиги дос айтса-айтпаса төгүнбү деп, акча камдай баштаган имиш.

49. ИЙНЕ ЖОГОЛГОНДО

Апендинин аялы иш жасап отуруп, ийнесин түшүрүп ийет да:
— Ийнени таап алганча, арылап жыла турчу,— деп күйөөсүн акырын түртөт. Апенди унчукпай отурган ордунан туруп, үйдөн чыгып кетет. Айыл бүткөндө деле токтобой кете берет. Ээн талаага чыгып калганда, алдынан келаткан бирөөгө айтат дейт:
— Биздикине барып билчи, аялым ийнесин тааппы, же мен дале арылап жылып кете берейинби? — деп.

50. ОРООДОГУ АПЕНДИ

Апендинин кызы ойноп келатып, ороонун ичинде узунунан зуңкуюп жаткан атасын көрөт да:
— Ата, ороодо эмне жатасың? — дейт.
Анда атасы:
— Энеңин урушунан тажадым. Ушерде жатканымды көрсө, өлүп калыптыр деп, мүмкүн, тийбес,— деген экен.

51. СЫЙКЫР

Бир чоочун неме Апендиге келип, оозу-мурду кыйшайбай сыйкырчымын деп мактанат да:
— Энеден тилсиз жаралган тубаса дудуктун байланган тилин жазып, тил сүйлөтүш колуман келет. Ишенбесең, бала-бакыраңан бирди-жарымы, же аялың дудук болсо, апкелип көрсөт, көзүнчө сүйлөтүп коё бербесем, мени адам эмес экен де,— дейт.
— О, касиеттуу олуя! — дептир анда Апенди. — Сыйкырчылыгың чын болсо, адегенде сүйлөгүс кылып, аялымдын тилип бууп ташта, анан ишенейин. Ошоо күчүң жетсе, күлүң менен чыгып, отуң мене кирген кулуң болуп берейин.

52. АПЕНДИНИН ЭС АЛГАН УЧУРУ

Апендиден бирөө сураптыр:
— Кайсы маалда эс аласың? — деп.
— Туи ичинде өзүм уктаганда. Күндүз түштөн кийин дагы эки саат, ал уктаганда,— деген жоопту айтат Апенди.
— «Ал» дегениң ким? — дейт берки.
— Аялым.
— Келесоо! — дейт берки кайра. — Аялың уктайбы-жокпу, ишим эмне! Өзүң качан эс аласың деп жатам!
— Сен өзүң келесоо! — дейт айда Апенди. — Аялым ойгоо кезде, менде тынчтык болбойт, билсең!

53. УЙ БОЛБОГОНДО КЕЛМЕК ЭМЕС

Апенди жанда жок таарынчаак экен. Таарынганда да жөн таарынбай үйдөн качып кетмей бир ит адат таап алат. Ал антип качкан сайын артынан аялы, аялы болбосо кызы, кызы болбосо уулу кошо салпактап чуркап, жалынып-жалбарып жатып кайта үйгө жетелеп келип журушүп, жаман үйрөнүптүр.
Баягысын карматып, бир куну дагы качат. Коруктун аягына барып, жатып алат. Анда аялы балдарына айтат:
— Карган сайын артынан кетип, муну кудай урду. Кантээр экен, чакырбай жөн койсоңор! — деп.
Апенди жата берет, жата берет: бирөө келет десе, эч ким келбейт.
Ошентип кеч да кирет Апенди курсагы ачып, айласы кетет. Үйгө кантип баруунун шылтоосун таппай, күн батат. Жайыттагы мал келе башгаган маал болот. Апенди, эми аны эч ким келип чакырбасына көзү жетип түңулгөндө ордунан акырын турат да, жанынан өтүп бараткан уюн куйругунан кармап алып, үйүнө келет. Анда аялы балдарына ээрдин тиштеп, эрине карайт:
— Эмне келдиң? Таарынып качып кеттиң эле го! — десе, Апепди:
— Сени өлдү деген кабар барса да келмек эмесмин. Береги уй! Колум куйругуна оролуп калса жетелеп алып коё бербей койду. Уйдун көңүлүн оорута алганым жок.


54. НАМЫСЫ БАР ЭРКЕК

Апендинин аялы тажаал чыгыптыр. Андай албуут ургаачы чанда жаралат дешет. Апенди ага Апендилигинен эле түтчү экен. Ал аял жини бир кармаса, Апендини өлөр-тирилээрине карабай, колуна эмне тийсе, ошону менен «каң» дедире согуп туруп калчу экен.
Бир күнү Апендиникине конок келет. Аялы аны жактырбай өзүнчө күңкүлдөп коюп, тамак асканы ашканага чыгып кетет. Бирок ана тамак апкелет — жок, мына тамак апкелет — жок, тажаганда Апенди өзү барат:
— Эй, кемпир, бол, тамагыңды бер, мейман алыс жол жүрүп, ачка окшойт,— дегенче болбой, аялы Апендини кычкач менен маңдай талаштыра берип калат. Кычкач Апендинин маңдайына таамай тийип, кан жая берет.
Үйдөгү конок чыга калып, Апендинин канын жууп, бетин аарчып жатып, көңүл жооткотот имиш:
— Кудай кылса, кубаарыңдын акысы барбы деген ушу, Апенди, сабыр кыл. Катынга дабаа жок! Сеники да киши өңдүү тура. Меникиндей тозоку кайдан болсун, ал шумшук ачууланса эле, жинин менин сакалыман чыгарат, отко куйкалайм деп, сакалыман сүйрөй берет-сүйрөй берет! — деп.
Анда Апенди көтөрүлүп:
— Кадырың жан болсун, досум. Мени өзүңө теңебе. Мен деген сакалдан алдырып, катынга кор болчу жаман-жуман эркек сөрөйлөрдөн эмесмин! — дептир дейт.

55. СЕНИ ОЙЛОСОМ ЭЛЕ...

Апенди ыраак жакта жүрүп келсе, аялы алдынан тосуп, кучактап калат.
— Сен мени катуу сагынгансың го? — дейт Апенди.
— Сагынбагандачы! Куса болгонумду айтпа! — деп жароокерленет аялы. — Көчөдөн киши көрүнсө эле сен болгойле деп, жүрөгүм лакылдап, күтүп турам. Анан сен эмес экениңди көргөндө, көңүлүм аибай чөкчү. А сенчи, сен да мени сагынып жүрдүңбү?
— Ананчы! Кээде аял көрсөм, сенби деп, кирерге жер таппай жаным оозума кептелген учур көп болду! — дептир Апенди.

56. КАРАЖОЛТОЙ ДАРАК

Апенди аялы экөө ынтымагы жок, жаман жашашчу экен. Аялынын кыялындай ит кыял дуйнөдө болбос: күндө уруш, күндө талаш үйдө тынчтык болбогон соң, Апендн бир-эки күн болсо да кулак-мээни эс алдырайын деп, бир досунукуна кетип калат.
Досу чайын кайнатып, майын жайнатып дегендей жетине албай жакшылап коноктойт. Эртеси Апенди ойгонуп, короого чыкса, досу короодо бак кыйып атыптыр:
— Ой, бу эмне кылганың?! Көпкөк даракты да киши кыябы?! — дейт Апенди.
— Дарак болбой курусун ушу! Бу каражолтой бак! Ушул короо-жайды мен сатып ала электе мурунку ээсинин аялы асынып өлгөн экен, түндө кошунамын аялы асынып өлүптүр. Дагы бир балээ боло элегинде кыйып таштайын деп, кыйып атам,— дейт досу.
— Кокуй, андай болсо, кыйбай коё тур! — деп кыйкырып жибериптир Апенди. — Мен бугун эле аялымды көчүрүп келе калайын!

57. МЕЙМАН ЧАКЫРЫШТЫН МАКСАТЫ

— Эртерээк казан асып, тамак белендеп кой, мейман чакырдым,— деп Апенди аялын шаштырса, аялы бакырып коё берет:
— Мейман чакырбай сен кара жерге кир! Үйдө чымчым талкан жок, казан оттон түшүп отурса! Балдардын баары тумоо, мен деген азыр мончого барайын деп камынып алгам, энем келип балдарды багып турмай болгон!..
— Дал ошон үчүн досумду мейманга чакырдым: аял деген эмне экенин, бала деген эмне экенин, жүдөп-какап тумоолоо жана кайнене деген эмне экенин өз көзү менен көрсүн! Ал шордуу аял алам деп ээлигип алыптыр, эси болсо, ойлоноор? — деген экен Апенди.

58. АСТРОЛОГ

Апендини хан чакыртып алып:
— Апендим, хан-сарайда астрологдун орду бош, ылайыктуу киши таппадык. Ошол орунга сени койсок, иштеп кете алаар белең? — дейт.
— Иштээрин иштеп кетем, бирок аялым кошо иштешпесе, мен макул эмесмин,— деп жооп берет Апенди.
— Себеп? — дейт хан.
— Себеп дегенде...— деп баштайт Апенди. — Себеп дегенде, аялым экөөбүз үйлөнгөн күндөн тартып, бирибиз — бээ десек, бирибиз — төө деп, акийнектешип келатабыз. Өлүмжан оюбуз бир жерден чыкпайт. Эсеби-маселен, мен «эртең күн жаайт» десем, аялым ок тийгир, «жаабайт» дейт. Ооба, сеники чын деш бизде болбойт. Кокус, ал «быйыл бышыкчылык болот» десе, мен «болбойт» деп көшөрөм. Өмүр бою ушундайбыз. Байкасам, же анын айтканы келет, же менин айтканым келет. Башкача болгонун көрбөдүм. Ошондуктан астрологдук ишке аялымды кошо алдыр, таксыр. Өзүм жалгыз иштегенде, жаңылып калышым мүмкүн.

59. МАҢДАЙГА ЖАЗГАН БАЛЭЭ

Апендинин аялы тажаал бир кошунасы болуптур. Ал кургур кээде аялынын ажылдаганына чыдабай кеткенде Апендиникине кире качып, арыз-муңун айтып калчу экен:
— Курган жаным, эмнеге үйлөндүм экен?! Аялсыз бой жүрө бергенде бу балээ жок эле! — деп.
Анда Апенди:
— Аял балээ, аның чын. Бирок ал балээсиз жашаган жашоо да курусун,— деген тура.

60. ДАГЫ БИРӨӨ ТУРГАНДЫР

Бир аял үч сапар эрге тийсе, үчөөндө тең күйөөлөрү өлүп, жесир калат. Төртүнчү эри болуп ага Апенди үйлөнсө, көп өтпөй ал да катуу ооруп жыгылат. Аялы жанына отуруп алып:
— Мен бейбакты эми ким алат? — деп, ыйлай баштаса, Апенди айткан тура:
— Дагы бир макоо тургандыр,— деп.

61. АЖЫРАШУУНУН СЕБЕБИ

Бир жолу Апендини сотко чакыртыптыр. Апенди эч нерсе оюнда жок, кийинип алып сотко барса, сот айтат:
— Аялың ажырашам дейт,— деп.
— Эмнеге? — деп, Апенди делдейе түшөт.
— Аялыңын айтымына караганда, сен эки жумадан бери сөз сүйлөбөйт экенсиң. Шарият боюнча эрди-катындын бири дудук болсо, экинчиси ажырашууга акылуу,— дейт сот.
— А эрди-катындын бири сүйлөөк, тилдүү болсочу? Анда беркиси ажырашса болобу шариятта? Үйлөнгөнүбүзгө он беш жыл болду, ошо он беш жыл бою аялым мени ооз ачырбай сүйлөп эле келатат-сүйлөп эле келатат...— дептир Апенди.

62. АТЫН БИЛИП КАЖЕТИ НЕ?

Аялым менен ажыраштырып койгула деп Апенди сотко барса, сот аялыңын аты ким деп сурайт. Апенди аялынын атын таппай:
— Билбейм,— дейт.
— Ушунча жыл чогуу жашап, аялынын атын билбейт деген эмне! — деп, сот айран-таң калгыча болбой, Апенди:
— Ажырашкан жатып, атын билип-билбей кажети не? — деген экен.

63. АПЕНДИНИН ТИЛЕГИ

— Аялыңа эмне каалар элең? — деп Апендиден сурашса, Апенди жооп берген экен:
— Кокус, жараткан аялыма оору жиберсе, ошол оорусун мен алайын. Ал эми мага өлүм келсе, өлүмүмдү аялым алсын,— деп.

64. АПЕНДИНИН АЯЛЫНА ӨКҮРГӨНҮ

Апендиннн аялы катуу ооруп калат. Апенди бөйрөктү таянып алып, өкүрүп коё берет. Коңшу-колон жүгүрүп келип, Апендини тыят.
— Тирүү кишиге өкүрүп, кутуруп кеткенсиңби? Жаман жосун баштабай, басыл!
Анда Апенди:
— Кокус, кемпирим өлүп кетсе, киши-кара, келим-кетим көп болуп, өкүрүшкө чамам тийбей калат, эмитен кутулуп алайын,— деген экен.

65. ЭКИ АКЫР КЫЯМАТ

— Апенди, эл билбегенди сени билет дешет, акыр кыямат качан болот? — дейт бир неме Апендиден.
— Кайсынысын сурайсың? — деп, Апенди кайра тигээ карайт.
— Кайсынысы дегениң кандай? Акыр кыяматтын да кайсынысы болчу беле, ал бирөө эле да! — дейт тиги эмеси таңыркап.
— Бирөө эмес, экөө! — дептир Апенди анда. — Бири аялың өлгөндө, чоң кыямат дейт аны. Экинчиси, өзүң өлгөндө, аны кичине кыямат дейт.

66. АПЕНДИНИН «СҮЙҮҮСҮ»

Апендинин аялы уктап жатып, түшүндө үңүлдөп ыйлап жиберет. Апенди чочуп ойгонот да, аялын түртүп ойготот:
— Эй, эмне болду сага? Бир жериң ооруп атабы?
— Жаман түш көрдүм,— дейт аялы.
— Кандай түш? — деп, Апенди кызыга калат.
— Жардан учуп өлүпмүн. Сөөгүмдү көрүстөнгө алпарып, мүрзөгө көмгөн атканда, сен ойготуп ийдиң.
Анда Апенди:
— Мен акмак, неге ойготтум экен сени? Неге?! — деп, башын муштап-муштап алган экен.

67. АНСЫЗ ДЕЛЕ АЖЫРАШМАКМЫН

Апенди алыс жакта жүрсө, тааныган бирон келип:
— Кайрат кыл, аялың өлүптүр — деп, кайгырып туруп угузган экен.
Анда Апенди:
— Өлбөсө деле ажырашканы жүргөм,— дептир.

68. АПЕНДИНИН КҮЙҮТҮ

Апенди аялы өлсө кайгырбай, аты өлсө бук түшүп жатып калыптыр. Теңтуштары келип, аялыңан көрө атыңа катуу кайгырдың, ал эмнең дешсе, Апенди айткан тура:
— Аялым өлгөндө толгон эл келип көңүл айткан, кошумча деп акча, мал кошкон, ордуна жаш аял алып беребиз дешкен. А атым өлгөнү бир киши келип сурап койбойт, ордуна башка ат таап беребиз деп да эч ким ооз ачпады. Ошон учун атыма катуураак кайгырып отурам.

69. ӨҢГӨНҮ СУРАСАҢ ДА АКЧА СУРАЙ КӨРБӨ

Апендинин айылында бир киши болуптур, бирөөдөн карыз алса, кайта берүү деген болчу эмес экен анда. Ошол неме Апенди үйүндө отурса келип:
— Сенден бирдеме сурайын дедим эле,— деп баштаганда эле, акча сурап келгенин Апенди түшүна коюп, андан мурда озунуп мындай дейт:
— Сураганыңды берейин. Бирок адегенде менин бир өтүнүчүмдү орундат. Анан сенин өтүнүчүңду мен орундатайын.
— Макул,— дейт тиги ичинен кымылдап. — Өтүнүчүңдү айт.
— Кудай жалгагыр, акча сурай көрбө! — деп, Апенди тигини таш каптырыптыр.

70. ТӨРӨТТҮ ТЕЗДЕТҮҮНҮН АМАЛЫ

Апендинин аялы эки кун толготуп, төрөй албай кыйналат. Төрөт менен алек болгон аялдар да шайы ооганда, Апендиге карап:
— Апенди, бала тезирээк түшсүн, дува-сува окуп, же билген бирдемең болсо көрсөтө койсоң боло,— дейт.
Апенди:
— Анда эле амалын таптым — деп, жүгүрүп барып, бир кочуш чүкө апкеле коёт да, аялынын этегинин алдына чачып жиберет.
— Бу эмнең? — деп, аялдар сураса, Апенди:
— Бала чүкөнү көргөндө, ойнойм деп, чыгып келет да,— дептир.

71. АЯЛДАН АМАЛ КАЧЫП КУТУЛБАЙТ

Апенди үйлөнсө, аялы үч айдан кийин төрөп коюптур. Ага башы катып маң болгон Апенди аялына акырын кайрылыптыр:
— Аял тогуз ай боюнда көтөрүп, анан төрөйт дечу эле, сен болсо үч айда эле төрөй салдың. Бу кандай, яа?
— Туура, — дейт аялы буйдалбай. — Аял тогуз ай боюна көтөрөт. Мен да ошентип төрөдүм. Күнөм санап турсаң, кел эсептейли — мага үйлөнгөнүңө канча болду? Үч айбы?
— Ооба, үч ай,— дейт Апенди.
— А сага менин күйөөгө чыкканыма канча болду, даты үч айбы? Үч айга үч айды кошсо, алты ай болобу?
— Алты — деп, Апенди ынана баштайт.
— Дагы үч ай бала боюмда журду. Демек, алтыга үчтү кошсо, канча, тогузбу?
— Чын эле, тогуз! — дептир Апенди ишенип.

72. ЗЭЭНДУУ БАЛА

Апендн алиги аялын коё берип, башка аял алса, анысы да үч айдан кийин төрөп коёт. Апенди токтоосуз дүкөнго барып, кагаз-карандаш, китеп-дептер, китеп-баштык сатып келип, баланын жанына коюп коёт.
— Жаңы төрөлгөн наристеге эмитен кагаз-карандаштын кереги эмне?!— дешсе, Апенди жооп бериптир:
— Тогуз айлык жолду үч айда баскан неме жөн турмак беле, эртең-бүрсүгүндөн мектепке да жөнөп калышы мүмкүн.

73. ОКШОСО ЖАКШЫ...

Элдин айтымында, Апенди ыраңы абдан суук мокочодой адам болуптур. Күндөрдүн биринде аялы, боюнда бар экен, эрин көпкө тиктеп отуруп, минткен имиш:
— Балалуу болорубузду ойлосом, жыргап кубанам. А, кокус, ырай-туру сага окшоп калса, шорум катты го.
Анда Апенди:
— Бала мага окшосо эчтеме эмес, окшобой калса, шоруң мына ошондо катты го! — дептир.

74. САА ЭМНЕ ЖОК

  Апендинин артынан бирөө талпандап чуркап жетип: 

— Сүйүнчү, Апенди, уулдуу болдуң! — дейт, жетине албай.
Анда Апенди камаарабай:
— Уулдуу болсо мен болдум, а саа эмне жок?! — деген экен.

75. МЕН ЖАК ТЕҢИ ЫЙЛАЙ ТУРСУН

Апенди катуу уктап жатса, түндүн бир маалында аялы ойготот дейт:
— Баятан бери бала ыйлап атса, укпай кулагың дулөйбү? Баланын бир жак теңи сеники го, кудайдан корксоң, бир аз терметчи,— деп.
— Эми мен жак теңи ыйлай турсун, сен өз жагыңды сооротуп коюп, уктай бер,— деп, Апенди ары оодарылып, уйкусуна кирген экен.

76. БАЙКЕМ БАРАТ

  Апендинин эки уулу болуптур. Экөөнүн бирин меникине жибер, ишимди иштесин деп, бай буйрук кылат. 

— Кана, кимиң барасың? — деп, Апенди уулдарынан сурайт.
Анда кенжеси айтат дейт:
— Эгер байкем барса, мен үйдө калайын. Мен үйдө калсам, байкем барсын,— деп.

77. АПЕНДИНИН УУЛУ

Апендинин уулун хан сарайына алдырып алып, караса, бала атасына союп каптагандай окшош экен: бою, өңү. мурду, оозу, айтор, бүт турпаты Апендинин эле өзү. «Кызык, окшоштугунда айып жок, акылы атасып тартты бекен?» — деп, хан ичинен ойлойт да, сынап көрмөкчу болуп, чөнтөгүнөн бир дилде алып чыгып, балага сунат. Бала дилдени албай, колун аркасына катат.
— И, эмне албайсың? — дейт хан.
— Энем урат. Чоочун кишинин колунан акча албай жүр деген,— деп, бала жооп кайтарат.
— Аның жакшы! — дейт хан баланын ыймандуулугуна ыраазы болуп. — Бирок мен энең айткан «чоочун бирөө» эмесмин да, мен ханмын!
— Хан экениңизди билем,— дейт бала,— бирок ушу дилдени хан берди десем, энем ишенбейт.
— Себеп?
— Себеби, хан берсе — бергендей берет, жалгыз дилдеге булганбайт деп, энем ишенбесин ишенбейле коёт,— дептир бала.
Хан айласы жок баланын акылына жыгылган экен.

78. АПЕНДИНИН ТАРБИЯСЫ

Апенди уулун сууга жумшап жатып:
— Кумураны сындырбай бүтүн апкел! — деп, уулун чаап-чаап жиберет.
Аялы эрине ачууланып бир тийет:
— Дени кардың сообу?! Кумура сынбаса деле баланы ура бересиңби! — деп.
— Ойлонуп иш кылган жакшы,— дейт анда Апенди. — Кумураны сындырып келсе, сынгандан кийин ургандын пайдасы не?

79. БАЛИ, АКЫЛ ЭМЕС БЕКЕН!

Апенди уулуна тыйын берсе, уулу жээкте ойноп отуруп, тыйынын сууга түшүрүп ийет. Бала узун таяктын учу менен тыйын түшүп кеткен ченди сайгылап атса, Апенди келип калат:
— Уулум, эмне кылып атасың? — дейт ал.
— Сууга тыйынымды түшүрүп ийдим. Таякка жабышабы десем, жабышпай жатат,— деп, уулу айтса, Апенди башын чайкап, катуу кейиген экен:
— Биздин уруктан сендей макоо чыгат деп ким ойлоптур! Сен, дөдөй, башыңда мээң болсо саал ойлобойсуңбу, кургак нерсе бири бирине өлсө да жабышпайт!
— Анда эмне кылайын? — дейт бала атасынан акыл күтүп.
— Адегенде таяктын учуна, же тыйынга түкүрүп туруп тийгиз, ошентсең анан жабышат,— дептир Апенди.

80. КУДУКТАГЫ УУЛУНА АЙТКАНЫ

Уулу кудукка түшүп кетсе, Апенди кудукка эңкейип алып кыйкырат дейт:
— Кагылайын уулум, мен жүгүрүп барып аркан апкелип, сени тартып алганча, кыймылдабай жатып тур! — деп.

81. ТҮНКҮ ЫР

Апендинин уулу түн кирсе эле ырдап калчу экен. Кошунасы анын ырынан тажап, бир күнү кыйкырыптыр:
— Эй, элди уктатасыңбы, жапчы ары жаагыңды какшабай! — деп.
Анда Апенди:
— Кудайды кара! — деп, кайта бакырыптыр. — Силердин ит күн-түн үрсө да унчукпайбыз, биздин баланын ырына силер да чыдап койгула!

82. КИМГЕ БАРМАК ЭЛЕМ?

Бир күнү эртең менен Апенди уулуна айтат:
— Карызым чачтан көп, уулум. Акчаларын доолап келчу күн жетти. Сен короонун оозуна отур да, мени сурагандар болсо, атам үйдө жок деп, кайта айдай бер. Билдиңби?
— Билдим, билбегендей мен эмне макоо бекем! Киши келатса, «атам үйдө жок» деп коюп, эшиктин алдында отура берем — дейт уулу. — А, кокус, мени баласынтып, «жок» дегениме ишенбеи коюшса эмне кылайын, ишендириш учун сага ээрчитип барайынбы?
— Антпе, мен үйдө жокмун деп жатпаймынбы! Мен үйдө жокмун! Түшүндүңбү?
— Түшүндүм,— дейт уулу.
Апенди үйгө кирип кетет. Тээ бир оокумда ал уулун чакырат. Жооп жок. Дагы чакырат. Үн жок. Дабыш болбогон соң, уулунан чочулап, Апенди сыртка чыкса, баласы баягы эле ордунда отурат.
— Кыйкырып атып үнүм бүттү,— дейт атасы. — Эмне уккан жоксуңбу?
— Уктум, укпагандай эмне, дүлөй белем? — дейт уулу.
— Анда эмне чакырсам келбейсиң? — деп, атасы ачууланмак болгондо, уулу:
— Ата, сен кызык окшойсуң, үйдө жокмун деген өзүң! Сен үйдө жок болсоң, мен кимге бармак элем?! — деп кутулуптур.

83. УУЛ УЙЛӨНТҮҮ ЖӨНҮНДӨ СӨ3

Апендинин аялы жатып алып эрине кеп салат:
— Уулубуз бойго жетти, үйлөнтөлү.
— Каражат жок, каражат болгондо үйлөнөөр,— деп, Апенди көңүлдөнбөйт.
— Эшегиңди сат, каражат деген ошол! — деп, аялы да көшөрөт.
Анан соң алар бөлөк сөзгө өтүп кетишет. Көрсө, уулу уктабай эне-атасынын сөзүн угуп, ичинен кымылдап жаткан экен:
— Ата, эшек туурасында сөз баштадыңар эле го, ошону дагы айтсаңар,— дептир дейт.

84. АКЫЛЫНА КИРГЕН КЕЗДЕ...

Апенди уулун бойго жете элегинде эле үйлөнтө салам деп оолугуптур. Антсе бир досу Апендиге акыл үйрөтмөк болуп:
— Коё тур, уулуң чоноюп, акылына кирсин, ошондо үйлөнтөсүң,— дейт.
— Жаңылышасың, досум,— дептир анда Апендн. — Ушундайында үйлөнтүп салбасам, кийин акылына киргенде аял деген азапка башын байлагандан качып, көнбөй коёт.

85. ЖАЛКОО КЫЗ

Апендинин бир кызы кичинесинен иш кылбай, жалкоолугу жанында жок, эссиз чоңоюптур. Аргасы түгөнгөндө Апенди аялына минтет:
— Э, кемпир, мен шыпыргыны колума алайын да үйдү шыпырын кирейин. Сен, калп эле, «биз турганда, эркек башың менен үй шыпырганың уят эмеспи, келе бери» деп, шыпыргыны талашымыш бол. Мен шыпыргыны коё бербей, сага боорум ооруган киши болуп, «ансыз да жаның тынбайт, кургурум, эртеден кечке көр оокат менен күл-ала болуп жүрүп, өлөрүң калды, мен эле шыпырайын» деп, кулак кагыш кылсам, кыздын бети чымыраар? Анан ал үйдү да, короону да зымылдатып шыпырып коёт.
Айтканындай экөө шыпыргыны талашып, үйдү мен шыпырам-сен шыпырасың дешип, жулкулдашып кирет. Аны көруп отуруп, кыздын жини келет да тура калып:
— Эмне ызы-чуу түшүп жулмалашасыңар! Бир куну — бириң, дагы бир күнү — бириң, кечектешип шыпырбай жаныңар жокпу! — деп, бакырган жен,

86. АЯЛДАРЫБЫЗДЫ АЛМАШСАК

Апендинин аялы колунан кол-жары келбеген илээнди, бир байкуш болуптур, кызы энесин тартпай оокатка бүйрө, бышык чыгат. Ал дайыма атасынын кардын ачырбай тамагын белендел, барды-жокту билгизбей турган жакшы кыз болот.
Өйүзгү айылдан бирөө жуучу түшүп, Апендинин кызына сөйкө салынат. Көп өтпөй кыз күйөөгө узайт. Ошо күндөн баштап, Апендинин шору катат. Маалы менен ага тамак бышырып берген киши жок, кийми жуулбай кокочо басып жүдөйт.
Апенди бир ай чыдайт, эки ай чыдайт, акыры аялын:
— Жакшы деген киймиңдин баарын кийинип, жолго камын! — деп, анысын жасантып-түсөнтүп, атына учкаштырып алып-жүрүп отуруп, түз эле күйөө баласыныкына келип түшөт.
— Дос,— дейт ал күйөө баласына кайрылып,— Кызым жок, жашоом кечпей калды. Кааласаң үстүнө үстөк кошуп берейин, сураганымды эки кыла көрбө, кагылайын. Кел, аялдарыбызды алмашалы,— дептир.

87. ОЙНОП АЙТЫЛСА ДА ОЙЛОП АЙТЫЛАТ

Апендинин картаң энеси бар экен, күндөрдүн биринде теңтуштары келсе, ал энесин жерге-сууга тийгизбей мактап кирет да сөзүн минтин бүтүрөт:
— Кудай өмүр берсин, биздин үйдүн куту эле — ушу энекем!
— Жакшы көргөнүң чын болсо, энеңе күйөө таап бербейсиңби — деп, теңтуштарынын бири Апендини тамашалайт.
— Койсоңчу тамашаңды! — деп, Апенди жаңы эле чычалай баштаганда, энеси бери жактан унчугат дейт:
— А-а, катыгүн, аны билген уул кайда?! — деп.

88. ЭНЕСИН ТАРТКАН КЫЗ

Апендинин кызынын кудалаган жери бар экен, бойго жеткен кезде күйөө, күйөө-жолдоштору менен келип, той-тамаша өткөрүп, кызды алып кетмек болот. Кызды атказа баштаганда, кыз ыйлап коё берет.
Апенди аркы-беркини көп түшүнө бербей башы маң болуп аялына айтат:
— Эй, неме, кызың эмне бышактайт? Кой де!
— Кантип кой дейм! — деп, аялы чунаңдай түшөт. — Ата өңдөнүп, же бир бооруң жок, сени кыя албай ыйлап атса, кой де деп!..
— Ыйлаба, кызым, ыйлаба — деп, Апенди кызына ичи ысып, соорото баштайт. — Күйөөгө тийгиң келбесе, үйдө эле кал. Мен буларды кеткиле деп, кубалап иейин!
— Жок, атаке, антпе — деп, кызы дароо жооп кайтарат. — Мен азыр барбай калып калсам, сени эл алдында сындырып коём. Антип сени жаман атты кылгыча, өлсөм да, ушулар менен кете берейин.
— Бали, кызың кыз эмес бекен! — дептир Апенди анда аялын карап. — Өзүңдү жазбай тарткан тура, буюрса, буга да кудай тил-жаакты берген экен.

89. КЫЗЫНЫН ӨЧҮН АЛГАНЫ

Апендинин кызы күйөөм сабап салды деп, атасына даттанып келсе, атасы колундагы таягы менен кызын басып-басып алат да:
— Бар эми күйөөңө айтып бар, ал менин кызымды урбай жүрсүн, урса, анын аялын мен ушинтип таяктап салам,— деп, кызын жолуна салган экен.

90. АТАНЫН БАТАСЫ

Апендинин эки кызы күйөөдө экен. Бир күнү ал атайы чыгынып, кыздарынын ал-жайын билип келгени жөнөйт. А дегенде улуу кызыныкына барып, аркы-беркини сүйлөшүп отуруп, сөз бүтө жаздап калган кезде кызы минтет:
— Күйөө балаң быйыл буудай айдады эле, ата, кудай буйруп, жаан-чачын мол болуп, түшүм жакшы түшсө, жибек көйнөк сатып берем дейт мага.
Апенди кудай жаан берсин деп, бата тилейт.
Анан кичуу кызыныкына келет.
— Күйөө балаң быйыл толгон пахта айдады, ата. Жаңыдан гүлдөп баштаган чагы. Ушундан ары эми күн жаабай, пахта аман-соо түшүмдү берсе, жибек көйнөк сатып берем дейт мага,— дейт кызы үмүткөр.
Апенди анда кудайдан кургакчылык тилеп, бата берет да, кетип баратып:
— Кьзым, жашоо деген ушу: бирине жаан керек болсо, бирине кургакчылык керек. А атаңар болсо, экөөңө бирдей бакты тилейт,— деген экен.

91. УККАНДАН УГА ЭЛЕГИҢ ШУМДУК

Апенди талаада эгин сугарып жүрүп, бадалдын көлөкөсүнө жатып уктап калат. Ошол учурда үйүнө бирөө келип, Апендинин уулуна чоң энең өлдү деген кабар айтат. Бала жүгүргөн бойдон атасына жетип, атасын булкулдатат:
— Тур, ата, тур. Эне өлүп калыптыр!
Анда Апенди:
— О, шумдук! Ойгоно электе укканым бу, ойгонгондон кийинки балээси кантээр экен! — деп, тетири оодарылып кайта уктап калган дешет.

92. КУДАА КААЛАСА

Апендинин кайненеси ооруп калат. Тууган-туушкандары чогулуп, ал-жайын сураса, Апенди жооп берет дейт:
— Азырынча тирүү. Ал эми жанагы тамырчынын айтымына караганда, ажалы жетсе, көп узабайле өлөт имиш! — деп.

93. ТЕРС АЯК КАЙНЕНЕ

— Апенди, жүгүр тез, кырсыкты кайдан деп болбойт, кайненең өзөндө сууга кир чайкайм деп, сууга түшүп кетип жок! Сөөгүн таба албай суй жыгылдык! — дешип, күшүлдөп-бышылдап жетип келет.
Апенди ошо замат өзөнгө тызылдап жетип, кайненеси кулап кеткен жерден жогорураак барып, сөөкту издей баштайт.
— Э, кокуй, Апенди, ушинтип да издейсиңби?! Аккан киши өйдө акчу беле, ылдый агат да! — дешип, жанындагылар чурулдап жиберет.
Анда Апенди:
— Ээ, туугандар, менин кайненемдин сырын билбейт экенсиңер. Жарыктыктын терс аяктыгын силер сурабагыла да, мен айтпайын: эл оңго басса, ал солго баскан чунак кемпир болчу. Кудай билет, бу саам деле адам өңдөнүп ылдый акпай, терс адатына салып, өөдө агып кетиши мүмкүн,— деген экен.

94. КУЙМАК

Сөздөн сөз чыгып отуруп, куймак жөнүндө кеп козголуп калат.
Анда Апенди:
— Куймак куйдурсак дегениме көп жыл болду, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, унун тапсам, майы жок, майын тапсам, уну жок болуп, эмгиче куймак куйдура албай келатам — деп, сөзгө аралашат.
— Кантип эле ошончо жылдан бери май, ун бирге табылбасын?! — деп, беркилер жаалап жиберет.
Апенди анда:
— Май да, ун да табылган кезде мен өзүм үйдө жок болуп калып жүрөм,— дептир.

95. КҮНДӨ ЭЛЕ МАЙРАМ БОЛУП ТУРСА

Кайсы бир ачарчылык жылы Апенди бир жерге келсе, элдин баары эле ичип-жеп, дуулап жүрөт. Апендинин алдына да жайнатып, тамак-аш коюшат.
— Биз жакта ачкадан эл кырылып жатат, жыргал эле силерде тура! — деп, таңыркайт Апенди.
— Бүгүн майрам. Майрамга деп, каткан-куткандарын алып чыгып, атайы жайнатып жатышса, ошого акылың жетпейби! — дейт бу жердиктердин бири.
Апенди саал ойлоно калат да:
— Ка-ап, күндүн баары эле майрам болгондо эмне, деле киши ачка болмок эмес экен,— дептир.

96. СЕНИН ОРДУҢДА БОЛГОНУМДА...

Апенди жол жүрүп келатып, акчасын капчыгы менен каракчыларга тарттырып ийет. Курсагы аябай ач, ырп этерге дарманы жок, бир шаарга келип, нан бышырып аткан наабайдын дүкөнүн тиктеп, тамшанып турат.
— Дүкөн сеникиби? — деп, сурап коёт ал наабайдан.
— Меники,— дейт тиги борсоюп.
— Алиги апапакай ысык токочторчу? А да сеникиби? — деп, каңкуулайт Апенди.
— Анан кимики болмок эле, меники! — дейт наабай.
— Анда эмне жебейсиң? — деген экен Апенди. — Сенин ордуңда мен болгондо, аркы-терки басып эле жей бермекмин.

97. АПЕНДИНИН ТАБИТИ

Апендини бирөө мейманга чакырып:
— Тамакка табитиң барбы? — деп сураса.
— Андан башка менде эмне болот! Болгон байлыгым эле ошол! — дептир Апенди.

98. БУ КИШИНИ КАЯККА АЛПАРАТЫШАТ

Апенди уулу экөө келатып, көрүстөнгө өлүк алпараткандарга жолугуп калат.
— Булар эмне көтөрүп баратат? — дейт уулу атасынан.
— Киши — деп, жооп айтат Апенди.
— А каякка алпаратышат?
— Жатаар жайына. А жайда алтын да жок, кумуш да жок, тамак да жок, суусун да жок, нан да жок, туз да жок...
— Анда биздикине алпаратышкан го? — деп, аңырайыптыр бала.

99. ДАРБЫЗ

Апенди коңшу айылга баратып, жолдон дарбыз сатып алат да талаага чыкканда жарымын союп жеп, жарымын ыргытып ийет:
— Көргөндөр бу жерден бир мырза өткөн экен деп ойлоп калсын.
Араак барып, кайта келет да, алиги ыргытып ийген жарты дарбызды бүт жеп, кабыгын таштап атат да:
— Мырзанын жанында малайы бар экен, дарбыздын жарымын ошо жеген экен деп ойлоп калышсын,— дейт.
Дагы ары басып, кайта келет да, дарбыздын кабыгын да калтырбай терип жеп салат:
— Малайы гана эмес, минген эшеги да бар экен деп ойлошсун!

100. ОЙЛОГОН ОЮҢА ДА ЖӨН КОЙБОЙТ

Апенди кесме ичкиси келип: «—Атаң көрү, азыр би-ир чубалжыта кескен кесме болуп, кесмесинен эти көбүрөөк, калемпири буркурап турса...» — деп, чалкасынан түшүп, санаасы менен жаңы эле жыргап баштаган кезде, сырттан мискей көтөрүп, кошунанын баласы кирип келет:
— Апам кесмеңер болсо берсин дейт,— деп.
Аны укканда Апенди башын чайкап:
— Ой, пендечилик-ой, пендечилик! Ойлогон оюңа да ич тарлык кылышат а! — деген экен.

101. КАЛЫҢДЫН АКЧАСЫ

Хандын салыкчылары келип, Апендинин үйүнө учук жип койбой бүт шыпырып алып кетет. Ошондо да бечара Апенди салыктан таза кутулбай миң теңге төлөмөру калат. Апендини хандын алдына айдап барышканда, хан сурайт:
— Кантип эле үйүңдө дагы эчтеме калбасын? Калгандыр?!
— Калды, ханым, калды! — деп, Апенди чебеленип жиберет.
— Ошондой дейм да! Дагы эмнең калды?
— Миң теңге! Бирок ал акча меники эмес, аялымын акчасы.
— Шарыят боюпча аялдын акчасы эрине таандык. Азыр бар да, миң теңгеңди быякка апкел.
— Алып келе албайм, ханым.
— Кандайча? — деп, тиртейе түшөт хан.
— Ал миң тенгени мен аялымын калыңына бермек элем, эмгиче бере албай карыз болуп жүрөм,— дептнр Апенди.

102. АЧ КӨЗДҮК

Апендинин энеси менен бир тууган эки таякеси мейманга келип, тамак-аш жеп, ичкилик ичип отуруп, ала-куу болуп калган кезде ой-тоону оттоп, санаалары менен байый башташат. Бири айтат:
— Акчам мол болсо дегенде, ак эткенден так этем! Жер жүзүндө кум канча болсо, ошончо акча күтсөм, арман жок эле менде! — деп.
Анда экинчиси мындай дейт:
— Менин тилегим: жер шарындагы сууга бүтүндөй сыя эзип, ошо сыя менен тогуз деген санды жазып туруп, анан сыя түгөнгөнчө нөлдөрдү улай берсем-улай берсем... байлыгым ошончого жетсе! Эми сен айтчы, жээним, тилегениң эмне? — деп, Апендини карайт.
Апендинин тилеги эмнеде экенин берки таякеси да билгиси келет.
— Мен силердей ач көз эмесмин,— дейт Апенди. — Ач көз адамды жинимдей көрөм. Ошондой болсо да айта-