Мазмунга өтүү

Башталыш

Wikibooks дан

Мусанын биринчи китеби:
Башталыш

1-БӨЛҮМ

Дүйнөнүн жаралышы

1 Эң башында Кудай асман менен жерди жаратты.

2 Жер болсо көрксүз, ээн болчу, түпсүз туңгуюкту караңгылык каптап турчу. Кудайдын Руху суу үстүндө калкып учуп жүрчү.

3 Ошондо Кудай: «Жарык болсун!» – деди. Жарык пайда болду.

4 Кудай жарыктын жакшы экенин көрүп, жарыкты караңгыдан ажыратты.

5 Кудай жарыкты «күн», караңгыны «түн» деп атады. Кеч кирип, таң атты: биринчи күн өттү.

6 Анан Кудай: «Суулардын ортосунда аба мейкиндиги болсун, ал сууну суудан бөлүп турсун», – деди.

7 Ошентип, Кудай аба мейкиндигин жаратып, аба мейкиндигинин астындагы сууну аба мейкиндигинин үстүндөгү суудан бөлүп койду. Так ошондой болду.

8 Кудай аба мейкиндигин «асман» деп атады. Кеч кирип, таң атты: экинчи күн өттү.

9 Анан Кудай: «Асман астындагы суулар бир жерге чогулсун, кургактык пайда болсун», – деди. Так ошондой болду.

10 Кудай кургактыкты «жер» деп атады, ал эми чогулган сууларды «деңиз» деп атады. Кудай мунун жакшы экенин көрдү.

11 Анан Кудай: «Жер өсүмдүктөрдү, урук чачкан түрдүү чөптөрдү, уругу жер үстүндө өз түрү боюнча жемиш берген мөмөлүү дарактарды өстүрүп чыгарсын», – деди. Так ошондой болду.

12 Ошондо жер өсүмдүктөрдү, урук чачкан түрдүү чөптөрдү, өз түрү боюнча жемиш берген мөмөлүү дарактарды өстүрүп чыгарды. Кудай мунун жакшы экенин көрдү.

13 Кеч кирип, таң атты: үчүнчү күн өттү.

14 Анан Кудай: «Күндү түндөн ажыратуу үчүн, мезгилдерди, күндөрдү, жылдарды белгилөө үчүн, асман мейкиндигинде чырактар болсун.

15 Алар жерге жарык берип турушу үчүн, асман мейкиндигинде чырак болушсун», – деди. Так ошондой болду.

16 Ошентип, Кудай эки чоң чыракты: күндү башкаруу үчүн чоңураак чыракты, түндү башкаруу үчүн кичирээк чыракты жана жылдыздарды жаратты.

17 Кудай аларды жерге жарык бериши үчүн,

18 күн менен түндү башкарышы үчүн, жарыкты караңгыдан ажыратышы үчүн, асман мейкиндигине жайгаштырды. Кудай мунун жакшы экенин көрдү.

19 Кеч кирип, таң атты: төртүнчү күн өттү.

20 Анан Кудай: «Суу тирүү жандыктарга толсун. Жер үстүндө, асман мейкиндигинде канаттуулар учсун», – деди.

21 Ошентип, Кудай суудагы көп сандаган чоң балыктарды жана сойлоп жүрүүчү ар түрдүү жандыктарды, ар кандай канаттууларды түр-түрү менен жаратты. Кудай мунун жакшы экенин көрдү.

22 Анан Кудай аларга мындай деп батасын берди: «Тукумдап көбөйгүлө, деңиз сууларын толтургула, канаттуулар да жерде көбөйүшсүн».

23 Кеч кирип, таң атты: бешинчи күн өттү.

24 Анан Кудай: «Жер тирүү жандыктарды: малдарды, сойлоп жүрүүчү жаныбарларды, жер жаныбарларын түр-түрү менен чыгарсын», – деди. Так ошондой болду.

25 Ошентип, Кудай жер жаныбарларын түр-түрү менен, малдарды түр-түрү менен, сойлоп жүрүүчү жаныбарларды түр-түрү менен жаратты. Кудай мунун жакшы экенин көрдү.

26 Анан Кудай мындай деди: «Биздин бейнебиз боюнча Өзүбүзгө окшоштуруп адам жараталы. Алар деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, малдарга, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарларга, бүт жер үстүнө бийлик кылышсын».

27 Ошентип, Кудай Өз бейнеси боюнча адам жаратты, аны Кудайдын бейнеси боюнча жаратты. Аларды эркек-аял кылып жаратты.

28 Анан Кудай аларга мындай деп батасын берди: «Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула, жерди ээлегиле жана деңиздеги балыктарга, асмандагы канаттууларга, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү бардык жаныбарларга бийлик кылгыла».

29 Анан Кудай дагы мындай деди: «Мен силерге бүт жер үстүндөгү урук чачкан ар кандай өсүмдүктөрдү, мөмөсүндө уругу бар ар кандай мөмөлүү дарактарды бердим, булар силерге азык болсун.

30 Ал эми бардык жер жаныбарларына, бардык асман канаттууларына, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү ар кандай тирүү жаныбарларга бардык өсүмдүктөрдү азык кылып бердим». Так ошондой болду.

31 Кудай Өзү эмнени жаратса, ошонун бардыгы абдан жакшы экенин көрдү. Кеч кирип, таң атты: алтынчы күн өттү.

2-БӨЛҮМ

1 Асман менен жер жана алардын бардык кошуундары ушундайча жаратылып бүткөн.

2 Ошентип, жетинчи күнгө оогондо, Кудай Өзүнүн иштерин бүтүрдү; Өзүнүн бардык иштерин бүтүрүп, жетинчи күнү эс алды.

3 Анан Кудай жетинчи күнгө батасын берип, аны ыйыктады, анткени Кудай Өзү жараткан жана жасаган бардык иштерин бүтүрүп, ошол күнү эс алды.

Эйден багында

4 Асман менен жердин жаратылуусу мындай болгон: Кудай-Теңир асман менен жерди жаратып жатканда,

5 жерде эч кандай бадал жок эле, эч кандай чөп өсө элек болчу, анткени Кудай-Теңир жер бетине жамгыр жаадырган эмес, жерди иштете турган адам да жок эле.

6 Бирок жерден буу көтөрүлүп, бүт жер бетин сугарып турган.

7 Анан Кудай-Теңир топурактан адам жаратып, анын жүзүнө өмүр демин үйлөдү, ошондо ал тирүү жан болуп калды.

8 Кудай-Теңир чыгыштагы Эйденге бак отургузуп, ал жерге Өзү жараткан адамды жайгаштырды.

9 Андан кийин Кудай-Теңир топурактан көрүнүшү жакшы, жегенге жарактуу ар кандай мөмөлүү дарактарды өстүрүп чыгарды. Бактын ортосуна өмүр дарагын жана жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарак өстүрүп чыгарды.

10 Эйденден бакты сугара турган дарыя агып чыкты. Ал ошол жерден төрт дарыяга бөлүндү.

11 Биринин аты – Пишон, ал алтын чыккан бүт Хабила жерин айланып агат.

12 Ал жердин алтыны да жакшы. Ал жерде жыпар жыттуу чайыр жана агат ташы бар.

13 Экинчи дарыянын аты – Гихон, ал бүткүл Куш жерин айланып агат.

14 Yчүнчү дарыянын аты – Хидекел, ал Ашурдун алдынан агып өтөт. Төртүнчү дарыя – Эфрат.

15 Эйден багын иштетсин жана сактасын деп, Кудай-Теңир адамды ошол бакка жайгаштырды.

16 Анан Кудай-Теңир адамга мындай деп осуят кылды: «Бактагы ар кандай дарактын жемишинен жесең болот,

17 бирок жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, анткени андан даам таткан күнү өлүп каласың».

18 Анан Кудай-Теңир мындай деди: «Адамга жалгыз болуу жакшы эмес, ага ылайык жардамчыны жараталы».

19 Кудай-Теңир топурактан талаа жаныбарларын, асман канаттууларын жаратып, аларды кандай атай тургандыгын көрүү үчүн, адамга алып келди. Ар кандай тирүү жанга ал кандай ат койсо, анын аты ошондой болду.

20 Адам бардык малдарга: асман канаттууларына, талаа жаныбарларына ат койду, бирок ага ылайык жардамчы табылбады.

21 Ошондо Кудай-Теңир адамды катуу уктатып салды. Ал уктап жатканда, анын бир кабыргасын алып, ордун эт менен жаап койду.

22 Ошентип, Кудай-Теңир адамдан алынган кабыргадан аял жаратып, аны адамга алып келди.

23 Ошондо адам мындай деди: «Бул – менин сөөгүмдөн чыккан сөөк, этимден чыккан эт. Ал “аял” деп аталат, анткени эркектен алынды».

24 Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот.

25 Адам менен аялы экөө тең жылаңач эле, бирок уялышчу эмес.

3-БӨЛҮМ

Адамдын күнөөгө батышы

1 Кудай-Теңир жараткан бардык талаа айбанаттарынын ичинен жылан эң куу эле. Ал аялдан: «Кудай чын эле: “Бейиштеги эч бир дарактын жемишинен жебегиле”, – деп айтты беле?» – деп сурады.

2 Аял жыланга мындай деп жооп берди: «Дарактардын жемиштеринен жесек болот.

3 Кудай: “Өлүп калбашыңар үчүн, бейиштин ортосундагы бир гана дарактын жемишинен жебегиле, ага тийбегиле”, – деген».

4 Ошондо жылан аялга: «Жок, өлбөйсүңөр,

5 бирок Кудай силердин анын жемишинен жеген күнү көзүңөр ачылып, жакшылык менен жамандыкты билген Кудайдай болуп каларыңарды билет», – деди.

6 Аял дарактын жемишинин жегенге жакшы экенин, көзгө сүйкүм экенин көрдү. Ал билим бергендиктен, аялды өзүнө тартып турду. Аял анын жемишинен алып жеди. Анан күйөөсүнө да берди, ал да жеди.

7 Ошондо экөөнүн тең көздөрү ачылып, өздөрүнүн жылаңач экенин билишти да, анжыр жалбырактарын бириктирип тигип, өздөрүнө алжапкыч жасап алышты.

8 Күн салкын болуп турганда, бактын ичинде жүргөн Кудай-Теңирдин үнүн угуп, Адам менен аялы Кудай-Теңирдин жүзүнөн качып, бактагы дарактардын арасына жашынып калышты.

9 Ошондо Кудай-Теңир Адамды: «Сен кайдасың?» – деп чакырды.

10 Адам: «Бактан Сенин үнүңдү угуп, коркуп кеттим, анткени мен жылаңачмын, ошондуктан жашынып калдым», – деди.

11 Кудай андан: «Жылаңач экениңди сага ким айтты? Мен сага жегенге тыюу салган дарактын жемишинен жедиңби?» – деп сурады.

12 Ошондо Адам: «Сен берген аял мага дарактын жемишинен берди, мен жедим», – деп жооп берди.

13 Анан Кудай-Теңир аялдан: «Бул эмне кылганың?» – деп сурады. «Мени жылан азгырды, ошондуктан жедим», – деп жооп берди аял.

Кудайдын жазасы

14 Ошондо Кудай-Теңир жыланга мындай деди: «Ушуну кылганың үчүн бардык малдардын, бардык талаа жаныбарларынын ичинен сага каргыш тийсин. Сен эми бооруң менен жылып, өмүрүң өткөнчө топурак жейсиң.

15 Аял экөөңөрдүн ортоңорго, экөөңөрдүн тукумуңардын ортосуна кастык коём. Аялдын тукуму сенин башыңды жанчыйт, сен болсо анын согончогун чагасың».

16 Аялга болсо мындай деди: «Кош бойлуу кезиңде кайгыңды көбөйткөндөн көбөйтөм. Балдарыңды ооруп төрөйсүң. Күйөөңө тартылып турасың, ал сага үстөмдүк кылат».

17 Адамга болсо мындай деди: «Аялыңдын тилин алып, “андан жебе” деп, Мен сага осуят кылган дарактын жемишинен жегениң үчүн, сенин айыңан жер каргышка калды. Сен эми өмүрүң өткөнчө жерден азап менен азыктанасың.

18 Жер сен үчүн тикенек, отоо чөп өстүрүп чыгарат. Талаа өсүмдүктөрү менен азыктанасың.

19 Өзүң алынган жерге кайра барганыңча, маңдай териң менен нан таап жейсиң, анткени сен топураксың, топуракка кайра барасың».

20 Адам аялынын атын Обо койду, анткени ал жер үстүндө жашагандардын баарынын энеси болуп калды.

21 Кудай-Теңир Адамга жана анын аялына терини кийим кылып кийгизди.

Адам ата менен Обо эненин Эйден багынан куулуп чыгышы

22 Анан Кудай-Теңир мындай деди: «Мына, Адам Биздей болуп жакшылык менен жамандыкты билип калды. Эми ал колун сунуп, өмүр дарагынын жемишинен да жеп алып, түбөлүккө жашап калбасын».

23 Ошентип, Кудай-Теңир аны өзү жаратылган топуракты иштетсин деп, Эйден багынан кууп чыкты.

24 Адамды кууп чыккандан кийин, чыгыштагы Эйден багынын жанына өмүр дарагына баруучу жолду кайтаруу үчүн, керупту жана айланып турган оттуу кылычты коюп койду.

4-БӨЛҮМ

Кабыл менен Абыл

1 Адам аялы Обого жакындады. Обонун боюна бүтүп, Кабылды төрөп: «Теңирдин жардамы менен уулдуу болдум», – деди.

2 Андан кийин анын бир тууганы Абылды төрөдү. Абыл койчу болду. Кабыл болсо дыйкан болду.

3 Арадан убакыт өттү, Кабыл жер жемиштеринен Теңирге тартуу алып келди.

4 Абыл да койлорунун төл башыларынан жана алардын майларынан алып келди. Теңир Абылга жана анын тартуусуна назарын салды.

5 Ал эми Кабылга жана анын тартуусуна назарын салган жок. Ошондо Кабылдын аябай ачуусу келип, өңү кумсарып кетти.

6 Теңир Кабылга: «Эмнеге ачууландың? Эмнеге өңүң кумсарып кетти?

7 Эгерде жакшы иш кылсаң, анда башыңды жерге салбайт элең да. Эгерде жакшы иш кылбасаң, анда босогоңдо күнөө жатат. Ал сени өзүнө тартып жатат, бирок сен ага үстөмдүк кыл», – деди.

8 Кабыл бир тууганы Абылга жамандык ойлоду. Талаада жүрүшкөндө, Кабыл өз бир тууганы Абылга кол көтөрүп, аны өлтүрүп салды.

9 Ошондо Теңир Кабылдан: «Бир тууганың Абыл кайда?» – деп сурады. Ал: «Билбейм, мен эмне, бир тууганыма кароолчу белем?» – деп жооп берди.

10 Теңир ага мындай деди: «Сен эмне кылдың? Жерден бир тууганыңдын каны Мага боздоп жатат.

11 Ошондуктан эми сага бир тууганыңдын канын сенин колуңдан кабыл алууга оозун ачкан жердин каргышы тиет.

12 Мындан ары жер иштеткениңде, ал сага өз күчүн бербейт. Жер бетинде куулуп, тентип жүргөн адам болосуң».

13 Ошондо Кабыл Теңирге: «Менин жазам чоң, көтөрө алгыс.

14 Сен азыр мени жер бетинен кууп жатасың. Мен эми Сенин жүзүңдөн жашынып, жер бетинде куулуп, тентип жүргөн адам болом, мага ким жолукса да, ал мени өлтүрөт», – деди.

15 Теңир ага: «Кабылды ким өлтүрсө, андан жети эселеп өч алынат», – деди. Кабылга жолуккан адам аны өлтүрүп койбошу үчүн, Теңир ага белги салып койду.

16 Ошентип, Кабыл Теңирден кетип, Эйдендин чыгыш жагындагы Нот деген жерге жайланышты.

Кабылдын тукуму

17 Анан Кабыл аялына жакындады. Аялынын боюна бүтүп, Энохту төрөдү. Кабыл шаар куруп, ага өз уулу Энохтун атын берди.

18 Энохтон Ират төрөлдү. Ираттан Мыхайел төрөлдү. Мыхайелден Матушал төрөлдү. Матушалдан Лемек төрөлдү.

19 Лемек эки аял алды. Биринин аты Ада, экинчисиники Зила эле.

20 Ада Жабалды төрөдү, ал чатырда жашап, мал баккандардын атасы болду.

21 Анын бир тууганынын аты – Жубал, ал кыякчылар менен чоорчулардын атасы болду.

22 Зила Тубал-Кабылды төрөдү, ал жез менен темирден курал жасаган уста болду. Тубал-Кабылдын Наама деген карындашы бар эле.

23 Лемек аялдарына мындай деди: «Ада менен Зила! Мага кулак салгыла, Лемектин аялдары! Менин сөзүмө көңүл бургула! Мага жамандык кылган эркекти, мага кайгы алып келген баланы өлтүрүп салдым.

24 Эгерде Кабыл үчүн жети эсе өч алынса, анда Лемек үчүн жетимиш жолу жети эсе өч алынат».

Шеттин төрөлүшү

25 Адам аялына дагы жакындады. Ал уул төрөп: «Кудай мага Кабыл өлтүргөн Абылдын ордуна башка уул берди», – деп, анын атын Шет койду.

26 Шеттен да уул төрөлдү. Ал анын атын Энош койду. Ошондон баштап адамдар Теңирдин атын чакыра башташты.

5-БӨЛҮМ

Адамдын тукуму

1 Адамдын санжырасы мындай: Кудай адамды жаратканда, аны Кудайга окшоштуруп жаратты.

2 Аларды эркек-аял кылып жаратып, аларга батасын берди. Жараткан күнү аларды «адам» деп атады.

3 Адам жүз отуз жашка чыкканда, анын бейнеси боюнча ага окшош уул төрөлдү. Ал ага Шет деген ат койду.

4 Шет төрөлгөндөн кийин, Адам сегиз жүз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

5 Адам бардыгы болуп тогуз жүз отуз жыл жашап көз жумду.

6 Шет жүз беш жашка чыкканда, андан Энош төрөлдү.

7 Энош төрөлгөндөн кийин, Шет сегиз жүз жети жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

8 Шет бардыгы болуп тогуз жүз он эки жыл жашап көз жумду.

9 Энош токсон жашка чыкканда, андан Кейнан төрөлдү.

10 Кейнан төрөлгөндөн кийин, Энош сегиз жүз он беш жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

11 Энош бардыгы болуп тогуз жүз беш жыл жашап көз жумду.

12 Кейнан жетимиш жашка чыкканда, андан Маалалел төрөлдү.

13 Маалалел төрөлгөндөн кийин, Кейнан сегиз жүз кырк жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

14 Кейнан бардыгы болуп тогуз жүз он жыл жашап көз жумду.

15 Маалалел алтымыш беш жашка чыкканда, андан Жарет төрөлдү.

16 Жарет төрөлгөндөн кийин, Маалалел сегиз жүз отуз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

17 Маалалел бардыгы болуп сегиз жүз токсон беш жыл жашап көз жумду.

18 Жарет жүз алтымыш эки жашка чыкканда, андан Энох төрөлдү.

19 Энох төрөлгөндөн кийин, Жарет сегиз жүз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

20 Жарет бардыгы болуп тогуз жүз алтымыш эки жыл жашап көз жумду.

21 Энох алтымыш беш жашка чыкканда, андан Матушал төрөлдү.

22 Матушал төрөлгөндөн кийин, Энох Кудай алдында үч жүз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

23 Энох бардыгы болуп үч жүз алтымыш беш жыл жашады.

24 Энох Кудай алдында түз жүрдү. Анан жок болуп кетти, анткени аны Кудай алып кетти.

25 Матушал жүз сексен жети жашка чыкканда, андан Лемек төрөлдү.

26 Лемек төрөлгөндөн кийин, Матушал жети жүз сексен эки жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

27 Матушал бардыгы болуп тогуз жүз алтымыш тогуз жыл жашап көз жумду.

28 Лемек жүз сексен эки жашка чыкканда, андан уул төрөлдү.

29 Ал ага Нух деген ат коюп: «Теңир каргаган жерди иштетип, эмгектенип жатканыбызда, ал бизге сооронуч болсун», – деди.

30 Нух төрөлгөндөн кийин, Лемек беш жүз токсон беш жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

31 Лемек бардыгы болуп жети жүз жетимиш жети жыл жашап көз жумду.

32 Нух беш жүз жашка чыкканда, андан Шем, Хам, Жепет төрөлдү.

6-БӨЛҮМ

Адамзаттын бузулушу

1 Жер бетинде адамдар көбөйө баштаганда, алардан кыздар төрөлдү.

2 Кудайдын уулдары адамдардын кыздары чырайлуу экенин көрүп, ар бири өзүнүн тандаганын аялдыкка ала баштады.

3 Ошондо Теңир: «Менин Рухум адамдын ичинде түбөлүккө болбойт, анткени алар – дене. Алардын жашы жүз жыйырма жыл болсун», – деди.

4 Ошол кезде жер бетинде алп адамдар болгон. Кудайдын уулдары адамдардын кыздарына жакындашканда, алар төрөп, алп адамдар көбөйгөн. Алар байыртадан эле күчтүү, атактуу адамдар болушкан.

5 Теңир жер бетиндеги адамдардын абдан бузулганын, алардын бардык ойлору, жүрөгүндөгү каалоолору ар убакта жамандык экенин көрдү.

6 Ошондо Теңир жер бетине адамды жаратканына өкүнүп, Өз ичинен өтө кайгырды.

7 Анан Теңир мындай деди: «Мен Өзүм жараткан адамдарды жер бетинен жок кылам, адамдан тартып малга чейин: жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарларды, асман канаттууларын жок кылам, анткени Мен аларды жаратканыма өкүнүп жатам».

8 Нух болсо Теңирдин алдында ырайым тапты.

Нух

9 Нухтун жашоосу мындай эле: Нух өз замандаштарынын ичинен адил, кемчиликсиз адам болгон. Нух Кудайдын алдында түз жүргөн.

10 Нухтун Шем, Хам, Жепет деген үч уулу болгон.

11 Жер бети Кудайдын алдында бузулуп, жаман иштерге толуп кетти.

12 Кудай жерге көз жиберип, жердин абдан бузулганын, жердеги ар бир жандын терс жолго түшкөнүн көрдү.

13 Ошондо Кудай Нухка мындай деди: «Менин алдымда ар бир жандын күнү бүттү, анткени жер бети алардын жаман иштерине толуп кетти. Эми Мен аларды жер бетинен жок кылам.

14 Сен өзүңө гофер жыгачынан туюк кеме жаса. Кеменин ичин бөлүктөргө бөлүп, ичи-тышын чайыр менен капта.

15 Сен аны мындай жаса: кеменин узундугу үч жүз чыканак, туурасы элүү чыканак, ал эми бийиктиги отуз чыканак болсун.

16 Кеменин жогору жагын оюп, бир чыканак терезе чыгар, капталына эшик жаса. Ичин үч кабат кылып кур.

17 Эми Мен асман астындагы өмүр деми бар тирүү жандын баарын жер бетинен жок кылыш үчүн, топон суу каптатам. Жер бетиндегинин бардыгы өмүрүнөн ажырайт.

18 Бирок Мен сени менен келишим түзөм. Кемеге сени менен кошо уулдарың, аялың жана уулдарыңдын аялдары кирсин.

19 Ошондой эле сени менен бирге тирүү калыш үчүн, кемеге бардык жаныбарлардан эркек-ургаачы кылып, түгөйлөп киргиз.

20 Тирүү калышы үчүн, канаттуулардын түр-түрүнөн, малдардын түр-түрүнөн, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарлардын түр-түрүнөн түгөйү менен киргиз.

21 Анан жегенге жарактуу ар кандай азыктан жыйып ал. Ал сага да, аларга да азык болот».

22 Нух бардыгын жасады: Кудай кандай буйруса, ал так ошондой жасады.

7-БӨЛҮМ

Топон суу

1 Ошондо Теңир Нухка мындай деди: «Бүт үй-бүлөң менен кемеге кир, анткени замандаштарыңдын ичинен сени Өзүмдүн алдымда адил деп таптым.

2 Жер үстүндө тукумун сактап калыш үчүн, ар бир адал малдын эркек-ургаачысынан жетини, адал эмес малдын эркек-ургаачысынан экини,

3 асман канаттууларынын эркек-ургаачысынан жетини ал.

4 Анткени жети күндөн кийин Мен жер бетине кырк күн, кырк түн жамгыр төгүп, Өзүм жараткан тирүү жандардын баарын жер бетинен жок кылам».

5 Теңир эмнени буйруса, Нух ошонун бардыгын жасады.

6 Жер бетин топон суу каптаганда, Нух алты жүз жашта эле.

7 Топон суу каптардын алдында Нух уулдары, аялы, келиндери менен кемеге кирди.

8 Адал жана адал эмес малдар, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарлар,

9 Кудай Нухка буйрук кылгандай, түгөй-түгөйү менен, эркек-ургаачы болуп, Нухтун кемесине киришти.

10 Жети күн өткөндөн кийин жер бетин топон суу каптады.

11 Нухтун өмүр сүргөнүнө алты жүз жыл болгондо, экинчи айдын он жетинчи күнү зор туңгуюктун бардык булактары атырылып ачылды, асман терезелери да ачылды.

12 Жер бетине кырк күн, кырк түн жамгыр төгүп турду.

13 Так ошол күнү Нух уулдары Шем, Хам, Жепет менен, аялы жана келиндери менен кемеге кирди.

14 Алар менен кошо бардык жаныбарлар, түр-түрү менен малдар, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарлар, түр-түрү менен бардык учуп жүрүүчүлөр, бардык канаттуулар, бардык куштар,

15 өмүр деми бар тирүү жандыктардын баары түгөйү менен Нухтун кемесине киришти.

16 Кудай Нухка буйругандай, бардык жаныбарлар эркек-ургаачы болуп кемеге киришти. Ошондо алардын артынан Теңир эшикти жапты.

17 Жер бетинде топон суу кырк күнгө созулду. Суу көбөйүп, кемени көтөрдү. Кеме жерден жогору көтөрүлдү.

18 Суу болсо күчөп, көбөйгөндөн көбөйө берди. Кеме суунун үстүндө калкып калды.

19 Суу жер бетинде күчөгөндүктөн, асман астындагы бардык бийик тоолор суу астында калды.

20 Суу тоолордон он беш чыканактай жогору көтөрүлүп, аларды басып калды.

21 Жер бетиндеги кыбыр эткен бардык тирүү жандар: канаттуулар, малдар, жаныбарлар, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү бардык жаныбарлар жана бардык адамдар өмүрүнөн ажырады.

22 Кургактыкта жашаган, таноосунда өмүр рухунун деми бар тирүү жандардын бардыгы кырылды.

23 Жер үстүндөгү тирүү жандын бардыгы кырылды: адамдан тартып малга чейин, сойлоп жүрүүчү жаныбарлар, асман канаттуулары – бардыгы кырылып, жер бетинен жок болду. Нух менен кемеге киргендер гана тирүү калышты.

24 Жер бетинде суунун деңгээли жүз элүү күн бою улам жогорулап турду.

8-БӨЛҮМ

Суунун тартылышы

1 Кудай Нухту жана кемедеги бардык жаныбарлар менен малдарды эстеп, жер бетине шамал жиберди, ошондо суу тартыла баштады.

2 Түпсүздүктөгү булактар менен асман терезелери жабылып, асмандан куйган жамгыр басылды.

3 Суу болсо акырындап жер бетинен кайта баштады. Жүз элүү күндөн кийин суу тартыла баштады.

4 Кеме жетинчи айдын он жетинчи күнү Арарат тоолорунун үстүнө токтоду.

5 Суу онунчу айга чейин тынымсыз тартылып, онунчу айдын биринчи күнү тоо чокулары көрүндү.

6 Кырк күндөн кийин Нух кемедеги өзү жасаган терезени ачып,

7 бир карганы коё берди. Карга кемеден учуп чыгып, жер кургагыча учуп кетип, кайра учуп келип турду.

8 Суунун жер бетинен тартылганын билиш үчүн, андан кийин көгүчкөндү коё берди.

9 Бирок көгүчкөн бутун коёрго жер таппай, кемеге кайрылып келди, анткени бүт жер бетин дагы эле суу каптап турган эле. Нух колун сунуп, көгүчкөндү кармап, кемеге киргизип алды.

10 Анан дагы жети күн коё туруп, көгүчкөндү кайрадан коё берди.

11 Көгүчкөн ага кечке маал кайрылып келди. Анын тумшугунда зайтун дарагынын жаңы үзүлгөн жалбырагы бар эле. Ошондо Нух жер бетиндеги суунун тартылганын билди.

12 Ал дагы жети күн коё туруп, көгүчкөндү коё берди, бирок ал ага кайрылып келген жок.

13 Нух алты жүз бир жашка чыкканда, биринчи айдын биринчи күнүнө караганда, жер бетиндеги суу тартылды. Нух кеменин үстүн ачып караса, жердин үстү кургап калыптыр.

14 Экинчи айдын жыйырма жетинчи күнүнө караганда, жер кургады.

15 Ошондо Кудай Нухка мындай деди:

16 «Кемеден сени менен кошо аялың, уулдарың жана келиндериң чыксын.

17 Жаныңдагы бардык тирүү жандыктарды: жаныбарларды, канаттууларды, малдарды, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү жаныбарларды кошо алып чык. Алар жер бетине тарап, тукумдап көбөйүшсүн».

18 Ошентип, Нух менен бирге уулдары, аялы жана уулдарынын аялдары кемеден чыгышты.

19 Бардык жаныбарлар, жер үстүндө сойлоп жүрүүчү бардык жаныбарлар, бардык канаттуулар, жер бетинде кыбыр эткен бардык тирүү жандыктар түр-түрү менен кемеден чыгышты.

Нухтун курмандык чалышы

20 Ошондо Нух Теңирге курмандык чалынуучу жай куруп, ар кандай адал малдан, ар кандай адал канаттуудан алып келип, курмандык чалынуучу жайдын үстүнө бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалды.

21 Теңир жагымдуу жытты искеди да, жүрөгүндө мындай деди: «Мындан ары адам үчүн жерди каргабайм, анткени адамдын ойлору жаш чагынан эле жаман. Мындан ары бардык тирүү жандарды топон суу менен кырбайм.

22 Мындан ары жерде жашоо болуп турганда, эгүү-себүү менен оруу-жыюу, суук менен ысык, жай менен кыш, күн менен түн токтобойт».

9-БӨЛҮМ

Кудайдын Нух жана анын тукуму менен түзгөн келишими

1 Ошондо Кудай Нухка жана анын уулдарына мындай деп батасын берди: «Укумдап-тукумдап көбөйгүлө, жерге толгула.

2 Жер бетиндеги жаныбарлар, асмандагы канаттуулар, деңиздеги балыктар, жер бетинде кыбыр эткендин баары силерден коркуп, титиреп турушсун. Аларды силерге бердим.

3 Кыбыр эткен тирүү жандын бардыгы силерге азык болсун. Өсүмдүктү бергенимдей эле, силерге булардын бардыгын берип жатам.

4 Бирок тирүү жанды мууздабай туруп жебегиле, анткени кан – анын жаны.

5 Мен силердин каныңар үчүн – жаныңар үчүн жазалайм: адамдын канын төккөн мал болсо да, адам болсо да, бир тууганы болсо да, анын жазасын берем.

6 Ким адамдын канын төксө, анын каны да адамдын колу менен төгүлөт, анткени адам Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган.

7 Силер болсо укумдап-тукумдагыла, жер бетине тарагыла, көбөйгүлө».

8 Кудай Нухка жана анын уулдарына мындай деди:

9 «Эми Мен силер менен жана силерден кийинки укум-тукумуңар менен,

10 силердин жаныңардагы бардык тирүү жандыктар: канаттуулар, малдар, бардык жер жаныбарлары, силер менен кошо кемеден чыккандар, бардык жаныбарлар менен келишим түзөм.

11 Мындан ары эч бир тирүү жан топон суу менен кырылбайт деп, Мен силер менен келишим түзөм. Мындан ары жер бетиндегинин баарын жок кыла турган топон суу болбойт».

12 Кудай дагы мындай деди: «Менин силер менен, бардык тирүү жандыктар менен укумдан-тукумга, түбөлүккө түзүп жаткан келишимимдин белгиси мындай:

13 Мен булут бетине көк желе тартам, ал Мени менен жердин ортосундагы келишимдин белгиси болот.

14 Мен жер бетине булут каптатканда, булут бетинде көк желе пайда болот.

15 Ошондо силер менен, бардык тирүү жандыктар менен түзгөн Өзүмдүн келишимимди эстейм. Мындан ары бардык тирүү жандыктарды кырган топон суу болбойт.

16 Булут бетинде көк желе пайда болгондо, Мен аны көрүп, жер бетиндеги бардык тирүү жандыктар менен түзгөн Өзүмдүн түбөлүк келишимимди эстейм».

17 Ошентип, Кудай Нухка: «Жер бетиндеги бардык тирүү жандыктар менен түзгөн келишимимдин белгиси мына ушул», – деди.

Нух жана анын уулдары

18 Кемеден чыккан Нухтун уулдары булар: Шем, Хам жана Жепет. Хам болсо Канаандын атасы болгон.

19 Бул үчөө – Нухтун уулдары, алардан бүт жер жүзүндөгү адамдар тараган.

20 Нух жер иштетип, жүзүмзар отургузду.

21 Ал шарап жасап, андан ичип мас болуп, өз чатырында жылаңач жатты.

22 Атасынын жылаңач жатканын Канаандын атасы Хам көрүп калып, сыртка чыгып, эки бир тууганына айтты.

23 Шем менен Жепет болсо кийим-кечек алып, ийиндерине салып, арты менен барып, атасынын жылаңач денесин жабышты. Алар тескери карап тургандыктан, атасынын жылаңач этин көрүшкөн жок.

24 Нух ичкен шарабынан соолугуп тургандан кийин, кенже уулунун эмне кылганын билип калып, мындай деди:

25 «Канаанга каргыш тийсин! Ал өз бир туугандарынын алдында эң төмөнкү кул болсун».

26 Анан дагы мындай деди: «Шемдин Кудай-Теңирине алкыш! Канаан анын (Шемдин) кулу болсун.

27 Кудай Жепетти жайылтсын, ал Шемдин чатырларында жашасын. Канаан анын кулу болсун».

28 Нух топон суудан кийин үч жүз элүү жыл жашады.

29 Нух бардыгы болуп тогуз жүз элүү жыл жашап көз жумду.

10-БӨЛҮМ

Нухтун санжырасы

1 Нухтун уулдары Шем, Хам жана Жепеттен тараган уруунун санжырасы мындай: топон суудан кийин алардан балдар төрөлдү.

2 Жепеттин уулдары: Гомер, Магок, Мадай, Жабан, Тубал, Мешех жана Тирас.

3 Гомердин уулдары: Ашкыназ, Рипат жана Тогарма.

4 Жабандын уулдары: Элиша, Таршыш, Китим жана Доданим.

5 Булардан аралдын элдери тарап, ар бири өз тили, өз уруусу, өз эли менен өз-өз жерлерине отурукташты.

6 Хамдын уулдары: Куш, Мисрайим, Пут жана Канаан.

7 Куштун уулдары: Себа, Хабила, Сапта, Раама жана Саптеха. Рааманын уулдары: Шеба жана Дыдан.

8 Куштан дагы Нимрот төрөлдү, ал жер жүзүндөгү адамдардын эң күчтүүсү болду.

9 Ал Теңирдин алдында мыкты аңчы эле, ошондон улам «Теңирдин алдында Нимроттой мыкты аңчы» деп айтылып калган.

10 Башында анын падышачылыгын Шинар жериндеги Бабыл, Эрех, Акат жана Калней түзгөн.

11 Нимрот ал жерден чыгып, Ашурга келип, Нинебини, Рехобот-Ирди, Келахты,

12 Нинеби менен Келахтын ортосуна чоң шаар – Ресен шаарын курду.

13 Мисрайимден луттуктар, Анамим, Лейабим, Наптухим,

14 патрустуктар, каслухимдер келип чыккан, алардан пелиштиликтер менен капторлуктар келип чыккан.

15 Канаандан төрөлгөндөр: тун уулу Сидон, Хет,

16 жебустуктар, аморлуктар, гиргештиктер,

17 хибиликтер, арктыктар, синиликтер,

18 арбалыктар, семариликтер жана хаматиликтер. Кийинчерээк Канаан уруулары туш-тушка чачырап кеткен.

19 Ошондо Канаан урууларынын чеги Сидондон тартып Герарга, Азага чейин, бул жерден Содом, Амор, Адма жана Себоимден тартып Лашага чейин болгон.

20 Уруулары, тилдери, жерлери боюнча Хамдын уулдарынан тараган элдер ушулар.

21 Жепеттин улуу агасы, бардык Эйбер уулдарынын атасы Шемдин да балдары болгон.

22 Шемдин уулдары: Эйлам, Ашур, Арпакшат, Лут, Рам.

23 Рамдын уулдары: Ус, Хул, Гетер жана Маш.

24 Арпакшаттан Шелах төрөлдү, Шелахтан Эйбер төрөлдү.

25 Эйберден эки уул төрөлдү. Биринин аты – Пелек, себеби анын тушунда жер бөлүндү. Анын бир тууганынын аты – Жоктан.

26 Жоктандан Алмадат, Шелеп, Хатсар-Мабет, Жерах.

27 Адорам, Узал, Дикла,

28 Обал, Абымайыл, Шеба,

29 Опир, Хабила жана Жобап төрөлдү. Булардын баары – Жоктандын уулдары.

30 Булар отурукташкан жерлер Мейшадан тартып чыгыш тоосу Сыпарга чейин болгон.

31 Уруулары, тилдери, жерлери боюнча Шемдин уулдарынан тараган элдер ушулар.

32 Нухтун уулдарынан тараган уруулардын санжырасы ушул. Топон суудан кийин жер үстүндө алардан элдер тараган.

11-БӨЛҮМ

Бабыл мунарасы

1 Жер жүзүндө бир эле тил болгон, адамдар бир эле тилде сүйлөшкөн.

2 Алар чыгыштан көчүп чыгып, Шинар жеринен түздүк таап, ошол жерге отурукташышты.

3 Анан алар бири-бирине: «Келгиле, кыш куюп, отко бышыралы», – дешти. Алар таш ордуна кыш, акиташ ордуна жер чайырын колдонушту.

4 Алар дагы: «Бүт жер жүзүнө тарап кетпешибиз үчүн, өзүбүзгө шаар жана асман тиреген мунара куралы, атыбызды чыгаралы», – дешти.

5 Ошондо Теңир адам уулдары куруп жаткан шаар менен мунараны көргөнү төмөн түштү.

6 Теңир мындай деди: «Мына, бир эл, бардыгынын тили бир. Булардын баштаган иши ушул. Булар кылам дегенинен кайтышпайт.

7 Төмөн түшүп баралы да, бири-биринин тилин түшүнбөгүдөй кылып, ошол жерде булардын тилдерин аралаштырып салалы».

8 Ошентип, Теңир аларды ал жерден бүт жер жүзүнө таратып жиберди. Ошондо алар шаар курууну токтотушту.

9 Ошондон улам ага Бабыл деген ат берилди, анткени Теңир жер жүзүндөгү бардык тилдерди ошол жерде аралаштырды, Теңир аларды бүт жер бетине ошол жерден таратып жиберди.

Шемдин тукуму

10 Шемдин санжырасы мындай: топон суу каптагандан кийин, эки жыл өткөндө, Шем жүзгө чыкканда, андан Арпакшат төрөлдү.

11 Арпакшат төрөлгөндөн кийин, Шем беш жүз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

12 Арпакшат отуз беш жашка чыкканда, андан Шелах төрөлдү.

13 Шелах төрөлгөндөн кийин, Арпакшат төрт жүз үч жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

14 Шелах отуз жашка чыкканда, андан Эйбер төрөлдү.

15 Эйбер төрөлгөндөн кийин, Шелах төрт жүз үч жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

16 Эйбер отуз төрт жашка чыкканда, андан Пелек төрөлдү.

17 Пелек төрөлгөндөн кийин, Эйбер төрт жүз отуз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

18 Пелек отуз жашка чыкканда, андан Рейу төрөлдү.

19 Рейу төрөлгөндөн кийин, Пелек эки жүз тогуз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

20 Рейу отуз эки жашка чыкканда, андан Серук төрөлдү.

21 Серук төрөлгөндөн кийин, Рейу эки жүз жети жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

22 Серук отуз жашка чыкканда, андан Нахор төрөлдү.

23 Нахор төрөлгөндөн кийин, Серук эки жүз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

24 Нахор жыйырма тогуз жашка чыкканда, андан Терах төрөлдү.

25 Терах төрөлгөндөн кийин, Нахор жүз он тогуз жыл жашады. Андан дагы уул-кыздар төрөлдү.

26 Терах жетимиш жашка чыкканда, андан Ыбрам, Нахор жана Аран төрөлдү.

Терахтын санжырасы

27 Терахтын санжырасы мындай: Терахтан Ыбрам, Нахор жана Аран төрөлдү. Арандан Лот төрөлдү.

28 Аран өз атасы Терах тирүү кезинде, өзү туулган жерде, каздимдердин Ур шаарында көз жумган.

29 Ыбрам менен Нахор аял алышты. Ыбрамдын аялынын аты Сара, Нахордун аялынын аты Милка эле. Милка Арандын кызы болчу. Аран – Милка менен Исканын атасы.

30 Саранын боюна бүтпөгөндүктөн, балдары жок эле.

31 Канаан жерине баруу үчүн, Терах өз уулу Ыбрамды, Арандын уулу, небереси Лотту, өз уулу Ыбрамдын аялы, келини Сараны алып, каздимдердин Ур шаарынан чыкты. Харанга барып, ошол жерде туруп калышты.

32 Терах эки жүз бешке чыгып, Харанда көз жумду.

12-БӨЛҮМ

Кудайдын Ыбрамды чакырышы

1 Теңир Ыбрамга мындай деди: «Өз жериңен, өз туугандарыңан, атаңдын үйүнөн бөлүнүп чыгып, Мен көрсөткөн жерге бар.

2 Мен сенден улуу эл чыгарам, сага батамды берип, атыңды даңазалайм, сен аркылуу башкалар бата алышат.

3 Сага бата бергенге Мен батамды берем, сени каргаганды Мен каргайм. Жер жүзүндөгү бүт элдер сен аркылуу бата алышат».

4 Ыбрам Теңирдин айтканы боюнча жолго чыкты. Аны менен Лот да жолго чыкты. Ыбрам Харандан чыкканда, жетимиш беш жашта эле.

5 Ыбрам өзү менен кошо аялы Сараны, бир тууганынын уулу Лотту, Харанда тапкан бардык мал-мүлкүн, өздөрүнүн бардык кишилерин алып, Канаанды көздөй жол тартып, Канаан жерине келди.

6 Ыбрам Канаан жерин аралап өтүп, Шекем деген жерге чейин, Море деген эмен токоюна чейин келди. Ошол убакта ал жерде канаандыктар жашашчу.

7 Ошондо Теңир Ыбрамга келип, мындай деди: «Бул жерди Мен сенин укум-тукумуңа берем». Ыбрам Теңир келген жерге Ага арнап курмандык чалынуучу жай курду.

8 Ал жерден ал Бейтелдин чыгыш жагындагы тоого барып, ошол жерге өз чатырын тикти. Бейтел батыш тарапта, ал эми Ай чыгыш тарапта калды. Ал Теңирге курмандык чалынуучу жай куруп, Теңирдин атын чакырды.

9 Анан Ыбрам жыйналып, түштүктү көздөй жолун улантты.

Ыбрам Мисирде

10 Ошол өлкөдө ачарчылык болду. Ачарчылык күчөгөндүктөн, Ыбрам Мисирге жашап туруу үчүн жөнөдү.

11 Ал Мисирге жакындаганда, аялы Сарага мындай деди: «Сен келишимдүү, сулуу аялсың.

12 Мисирликтер сени көргөндө: “Бул – анын аялы”, – деп, мени өлтүрүп, сени тирүү калтырышат.

13 Сен карындашымын дегин, сенин аркаң менен мага жакшы болсун, сенин аркаң менен тирүү калайын».

14 Ыбрам Мисирге келгенде, мисирликтер Саранын абдан сулуу аял экенин көрүштү.

15 Сараны фараондун төрөлөрү да көрүп, фараонго мактап барышты. Анан Сараны фараондун үйүнө алдырып келишти.

16 Ошондо Саранын аркасы менен Ыбрамга жакшы болду. Ага майда жана бодо малдар, эшектер, кулдар, күңдөр, качырлар жана төөлөр берилди.

17 Бирок Теңир Ыбрамдын аялы Сара үчүн фараонго жана анын үй ичине катуу ооруларды жиберди.

18 Ошондо фараон Ыбрамды чакырып, мындай деди: «Бул эмне кылганың? Эмне үчүн Саранын аялың экенин айткан жоксуң?

19 Эмне үчүн: “Ал менин карындашым”, – дедиң? Мен аны аялдыкка алып коё жаздадым. Мына, аялың, аны алгын да, кеткин».

20 Анан фараон Ыбрам жөнүндө өзүнүн кишилерине буйрук берди. Алар аны аялы жана колунда болгон бардык мал-мүлкү менен узатып жиберишти.

13-БӨЛҮМ

Ыбрамдын Лоттон бөлүнүшү

1 Ыбрам аялы жана өзүнүн кишилери менен Мисирден чыгып, түштүктү карай жөнөдү. Аны менен Лот да жөнөдү.

2 Ыбрам малга да, күмүшкө да, алтынга да аябай бай эле.

3 Ал түштүктөн Бейтелди көздөй жүрүп отуруп, Бейтел менен Айдын ортосундагы мурда чатыры турган жерге келди.

4 Курмандык чалынуучу жай курган мурдагы жерине келип, Ыбрам Теңирдин атын чакырды.

5 Ыбрам менен жүргөн Лоттун да майда жана бодо малы, чатырлары болгон.

6 Аларга бирге жашаганга жер тардык кылды, анткени алардын мал-мүлкү өтө көп болгондуктан, бирге жашоого мүмкүн болбой калган эле.

7 Бир күнү Ыбрам менен Лоттун койчуларынын ортосунда талаш болду. Ал жерде ошол кезде канаандыктар менен периздиктер жашап турушкан эле.

8 Ошондо Ыбрам Лотко мындай деди: «Сен экөөбүздүн, малчыларыбыздын ортосунда чыр-чатак болбосун, анткени экөөбүз тууганбыз.

9 Мына, бардык жер сенин алдыңда. Менден бөлүн. Эгерде сен сол тарапка кетсең, мен оң тарапка кетейин. Эгерде сен оң тарапка кетсең, мен сол тарапка кетейин».

10 Лот көз чаптырып, Иордандын бүт тегерек-четин көрдү. Теңир Содом менен Аморду жок кыла электе, Соарга чейинки бардык жерлер Теңирдин багындай, Мисир жериндей сугарылып турчу.

11 Ошондо Лот өзүнө Иордандын бүт тегерек-четин тандады да, чыгышты көздөй жөнөдү. Ошентип, алар бири-биринен бөлүнүштү.

12 Ыбрам Канаан жеринде жашап калды, ал эми Лот тегерек-четтеги шаарларда жашап, өз чатырларын Содомго чейин тикти.

13 Содомдун тургундары болсо Теңирдин алдында күнөөгө баткан жаман адамдар эле.

Ыбрамдын Хебронго көчүп келиши

14 Лот Ыбрамдан бөлүнүп кеткенден кийин, Теңир Ыбрамга мындай деди: «Азыркы турган ордуңдан түндүккө, түштүккө, чыгышка жана батышка көз чаптырып кара.

15 Анткени сен көрүп турган жердин бардыгын Мен сага жана сенин укум-тукумуңа түбөлүккө берем.

16 Сенин укум-тукумуңду кумдай көп кылам. Ким кумду санай алат? Эгерде ал саналса, анда сенин укум-тукумуң да саналат.

17 Тургун да, мына бул жерди узун-туурасынан аралап чык, анткени Мен аны сага берем».

18 Ыбрам чатырын жыйнап, Хеброндогу Мамрей деген эмен токоюнун жанына барып жайланышты. Ал жерде Теңирге арнап курмандык чалынуучу жай курду.

14-БӨЛҮМ

Ыбрамдын Лотту куткарышы

1 Шинар падышасы Амрапелдин, Эласар падышасы Ариохтун, Эйлам падышасы Кедорламердин жана Гоим падышасы Тидалдын убагында мындай болду:

2 алар Содом падышасы Берага, Амор падышасы Биршага, Адма падышасы Шинапка, Себоим падышасы Шемейберге жана Бела (Соар) падышасына каршы согуш ачышты.

3 Алардын бардыгы азыркы Туздуу деңиз турган Соар өрөөнүнө чогулушту.

4 Алар он эки жыл бою Кедорламердин алдында кулчулукта болуп, он үчүнчү жылы козголоң чыгарышты.

5 Он төртүнчү жылы Кедорламер менен бирге падышалар келишти да, Аштарот-Карнайымдагы репалыктарды, Гамдагы зуздуктарды, Шабей-Кирийатайимдеги эймимдерди,

6 ошондой эле өздөрүнүн Сеир тоосунда жашаган хориликтерди чөлдүн жанындагы Эл-Паранга чейин талкалашты.

7 Алар ал жактан кайтып келишкенден кийин, Эйин-Мишпат булагына (Кадеш) келишип, амалыктыктардын бүт өлкөсүн жана ошондой эле Хасатсон-Тамарда жашаган аморлуктарды кыйратышты.

8 Анан Содом, Амор, Адма, Себоим жана Бела падышалары Соар өрөөнүндө аларга каршы согуш ачышты,

9 Эйлам падышасы Кедорламер, Гоим падышасы Тидал, Шинар падышасы Амрапел, Эласар падышасы Ариох болуп, төрт падыша бешөөнө каршы чыкты.

10 Соар өрөөнүндө чайыр чуңкурлары көп эле. Содом менен Амордун падышалары качып баратып, ошол чуңкурларга түшүп кетишти. Ал эми калгандары тоолорго качып кетишти.

11 Жеңгендер Содом менен Амордун бардык мал-мүлкүн жана болгон азыгын талап-тоноп кетишти.

12 Содомдо жашаган Ыбрамдын иниси Лотту да мал-мүлкү менен кошо алып кетишти.

13 Тирүү калгандардан бирөө келип, эврей Ыбрамга кабар берди. Ал ошол кезде Ыбрамдын шериктештери болгон Эшкол менен Анейирдин бир тууганы аморлуктардын Мамрей деген эмен токоюнун жанында жашачу.

14 Ыбрам тууганынын туткунга алынганын укканда, үйүндө төрөлүп өскөн үч жүз он сегиз кулун куралдандырып, душмандарын Данга чейин кууп барды.

15 Ал кулдары менен топ-топко бөлүнүп алып, аларды түн ичинде кол салып талкалады. Аларды Дамасктын түндүк жагындагы Хобага чейин кууп барды.

16 Ошентип, ал өзүнүн тууганы Лотту, анын бүт мал-мүлкүн, ошондой эле аялдарды жана элди кайра алып келди.

Ыбрам жана Малки-Седек

17 Ал Кедорламерди жана аны менен жүргөн падышаларды жеңип келе жатканда, «падыша өрөөнү» деп аталган Шабей өрөөнүндө Содом падышасы анын алдынан тосуп чыкты.

18 Ошондо Шалем падышасы Малки-Седек нан менен шарап көтөрүп чыкты. Ал бардыгынан жогору турган Кудайдын ыйык кызмат кылуучусу эле.

19 Ал Ыбрамга мындай деп батасын берди: «Бардыгынан жогору турган Кудай, асман менен жердин Эгедери Ыбрамга батасын берсин,

20 душмандарыңды колуңа салып берген бардыгынан жогору турган Кудайга алкыш!» Ошондо Ыбрам ага бардык мал-мүлкүнүн ондон бир бөлүгүн берди.

21 Содом падышасы Ыбрамга: «Адамдарымды бер, мал-мүлктү алып кал», – деди.

22 Бирок Ыбрам Содом падышасына минтип айтты: «Сен: “Мен Ыбрамды байыттым”, – деп айтпашың үчүн, жигиттердин жегендеринен жана мени менен бирге барган кишилердин үлүшүнөн башка сенин эч нерсеңди, жибиң турмак, бут кийимиңдин боосун да албайм деп,

23 бардыгынан жогору турган Кудай-Теңирге, асман менен жердин Эгедерине колумду көтөрөм.

24 Анейир, Эшкол, Мамрей үчөө өз үлүштөрүн ала берсин».

15-БӨЛҮМ

Кудайдын Ыбрам менен келишим түзүшү

1 Бул окуялардан кийин Теңир Ыбрамга көрүнүш аркылуу мындай деди: «Коркпогун, Ыбрам, Мен сенин калканыңмын, сенин сыйлыгың абдан чоң».

2 Ошондо Ыбрам мындай деди: «О, Эгедер Теңирим! Мага Сен эмне бересиң? Мен баласыз өтүп бара жатам, үй ишин башкаруучум – дамасктык ушул Элиезер.

3 Сен мага тукум берген жоксуң, ошондуктан үйүмдөгү адам менин мураскорум».

4 Ошондо Теңирден ага мындай сөз айтылды: «Ал сенин мураскоруң болбойт, сенин мураскоруң өзүңдөн чыккан балаң болот».

5 Анан аны сыртка чыгарып, мындай деди: «Асманды карачы, эгерде жылдыздарды санай алсаң, санап чык. Сенин тукумуң ошончо болот».

6 Ыбрам Теңирге ишенди. Теңир анын ишенимин ага адилдик катары эсептеди.

7 Теңир Ыбрамга минтип айтты: «Бул жерди сенин ээлигиңе берүү үчүн, сени каздимдердин Ур шаарынан алып чыккан Теңир Менмин».

8 Ыбрам Андан: «Эгедер Теңирим! Мен бул жерге ээ болорумду эмнеден билем?» – деп сурады.

9 Теңир ага мындай деди: «Мага үч жылдык кунажын, үч жылдык эчки, үч жылдык кочкор, бактек жана жаш көгүчкөн алып кел».

10 Ал алардын бардыгын алып келди да, канаттуулардан башкасын экиге бөлүп, бөлүктөрдү бири-биринин тушуна койду.

11 Ошондо этке жырткыч куштар жабалактап учуп келишти, бирок Ыбрам аларды кубалап турду.

12 Күн батарда Ыбрамды катуу уйку басты. Ошондо аны үрөй учурган коркунуч менен коюу караңгылык каптады.

13 Ошондо Теңир Ыбрамга мындай деди: «Билип ал, сенин укум-тукумуң бөтөн жерде келгин эл болот. Аларды кул кылып, төрт жүз жыл эзишет.

14 Бирок Мен аларды кул кылган элди жазалайм, ошондо алар ал жерден көп мал-мүлк менен чыгышат.

15 Ал эми сен ата-бабаларың жаткан жайга тынчтык менен кетесиң, бакыбат өмүр сүрүп, көргө коюласың.

16 Бул жерге алардын төртүнчү тукуму кайтып келет, анткени аморлуктардын мыйзамсыздыгы чегине жете элек».

17 Күн батары менен караңгылык каптап, мештен чыккандай түтүн менен от жалыны бири-биринин тушуна коюлган бөлүктөрдүн ортосунан өттү.

18 Бул күнү Теңир Ыбрам менен мындай келишим түздү: «Мен сенин укум-тукумуңа бул жерди, Мисир дарыясынан тартып улуу Эфрат дарыясына чейинки:

19 кейнилердин, кеназдыктардын, кадмонитсалыктардын,

20 хеттиктердин, периздиктердин, репалыктардын,

21 аморлуктардын, канаандыктардын, гиргештиктердин жана жебустуктардын жерин бердим».

16-БӨЛҮМ

Ысмайылдын төрөлүшү

1 Ыбрамдын аялы Сара төрөгөн жок. Анын Ажар деген мисирлик күңү бар болчу.

2 Сара Ыбрамга мындай деди: «Теңир мени төрөбөс кылып койду. Менин күңүмдүн үстүнө кир, балким, мен андан балалуу болормун». Ыбрам Саранын тилин алды.

3 Ошентип, Ыбрамдын Канаан жеринде турганына он жыл болгондо, Ыбрамдын аялы Сара Ажар деген мисирлик күңүн күйөөсү Ыбрамга аялдыкка алып берди.

4 Ал Ажарга жакындады. Анын боюна бүттү. Боюна бүткөнүн билип, ал мырзайымы Сараны жек көрө баштады.

5 Ошондо Сара Ыбрамга мындай деди: «Менин таарынычыма сен күнөөлүүсүң. Күңүмдү сага бердим эле. Ал болсо өзүнүн боюна бүткөнүн билип, мени жек көрө баштады. Экөөбүздүн ортобузга Теңир Өзү сот болсун».

6 Ыбрам Сарага мындай деди: «Мына, күңүң өз колуңда. Эмне кылам десең, өзүң бил». Ошондо Сара Ажарды кысымга ала баштады. Ажар андан качып кетти.

7 Теңирдин периштеси аны чөлдөгү булак суусунун жанынан, Шурга кеткен жолдогу булактын жанынан тапты.

8 Анан ага мындай деди: «Ажар, Саранын күңү! Сен кайдан келдиң, кайда бара жатасың?» Ал: «Мен өзүмдүн мырзайымым Сарадан качып бара жатам», – деп жооп берди.

9 Теңирдин периштеси ага мындай деди: «Мырзайымыңа кайра бар да, ага баш ий.

10 Укум-тукумуңду көбөйткөндөн көбөйтөм, көптүгүнөн санап чыккыс болот».

11 Теңирдин периштеси ага дагы мындай деди: «Азыр сенин боюңда бар, уул төрөйсүң, атын Ысмайыл деп коёсуң, анткени сенин кайгы-муңуңду Теңир укту.

12 Ал эл арасында жапайы эшектей болот. Ал баарына каршы, баары ага каршы болот. Ал өз бир туугандарынын жанында жашайт».

13 Ошондо Ажар: «Мен бул жерден мени көргөндү чын эле көрдүм», – деп, өзүнө сүйлөгөн Теңирге мындай деп ат койду: «Сен мени көрүп турган Кудайсың».

14 Ошон үчүн ал булак Бейир-Лакай-Ройи деп аталат. Ал Кадеш менен Береттин ортосунда жайгашкан.

15 Ажар Ыбрамга уул төрөп берди. Ыбрам Ажардан төрөлгөн уулунун атын Ысмайыл койду.

16 Ажар Ыбрамга Ысмайылды төрөп бергенде, Ыбрам сексен алты жашта эле.

17-БӨЛҮМ

Сүннөт – келишимдин белгиси

1 Ыбрам токсон тогуз жашка чыкканда, Теңир ага келип, мындай деди: «Мен кудуреттүү Кудаймын. Менин алдымда түз жүр, кемчиликсиз бол.

2 Мен сени менен келишим түзөм, сени абдан көбөйтөм».

3 Ошондо Ыбрам жүзтөмөндөп жыгылды. Кудай аны менен сүйлөшүүсүн улантып, мындай деди:

4 «Сени менен түзгөн Менин келишимим – бул Мен. Сен көптөгөн элдердин атасы болосуң.

5 Сенин атың мындан ары Ыбрам эмес, Ыбрайым болот, анткени Мен сени көптөгөн элдердин атасы кылам.

6 Мен сенин тукумуңду абдан көбөйтүп, сенден элдерди чыгарам, сенден падышаларды чыгарам.

7 Сенин, сенин тукумуңдун Кудайы Мен болом деп, Мен сени менен, сенин тукумуң менен түбөлүк келишим түзөм.

8 Ошентип, сага жана сенин тукумуңа сен келгин болуп жашап жаткан Канаан жерин түбөлүккө берем, алардын Кудайы болом».

Сүннөткө отургузуу – Кудайдын Ыбрайым менен түзгөн келишиминин белгиси

9 Кудай Ыбрайымга дагы мындай деди: «Сен Менин келишимимди сакта, сенин тукумуң да муундан муунга Менин келишимимди сактасын.

10 Мени менен силердин, сенин тукумуңдун, ортосунда түзүлгөн, силер сактай турган Менин келишимим бул: бардык эркектериңер сүннөткө отургузулсун.

11 Сүннөткө отургузулгула, бул силер менен Менин ортомдогу келишимдин белгиси болот.

12 Сенин уругуңдан чыкпаган, күмүшкө сатылып алынган, бөтөн элдик жана сенин үйүңдө туулган ар бир эркек бала төрөлгөнүнө сегиз күн болгондо сүннөткө отургузулсун. Бул муундан муунга сакталсын.

13 Сенин үйүңдө төрөлгөн жана күмүшкө сатылып алынган эркек аттуулар, сөзсүз, сүннөткө отургузулууга тийиш. Ошентип, Менин келишимим силердин денеңерде түбөлүк келишим болот.

14 Сүннөткө отургузулбаган эркек өз элинин арасынан жок кылынат, анткени ал Менин келишимимди бузду».

15 Кудай Ыбрайымга дагы мындай деди: «Аялың Сараны Сара дебе, анын аты Саара болот.

Кудайдын Ыскакты убада кылышы

16 Мен ага батамды берем. Андан сага уул берем. Саарага батамды берем, андан элдер, элдердин падышалары чыгат».

17 Ошондо Ыбрайым жүзтөмөндөп жыгылып: «Кантип эле жүзгө чыккан адамдан уул төрөлсүн? Токсон жаштагы Саара кантип эле төрөсүн?» – деп, ичинен күлдү.

18 Ыбрайым Кудайга минтип айтты: «О, Сенин алдыңда Ысмайыл эле тирүү жүрсө экен!»

19 Кудай мындай деди: «Сага аялың Саара өзү уул төрөп берет. Сен ага Ыскак деген ат коёсуң. Мен аны менен жана анын кийинки укум-тукуму менен түбөлүктүү келишим түзөм.

20 Мен сенин Ысмайыл жөнүндө айтканыңды да уктум. Эми Мен ага батамды берип, аны кайрып келем да, абдан көп кылып көбөйтөм. Андан он эки уруу башчысы төрөлөт. Мен андан улуу эл чыгарам.

21 Бирок Мен келишимимди келерки жылы ушул маалда Саара сага төрөп бере турган Ыскак менен түзөм».

22 Ошондон кийин Кудай Ыбрайым менен сүйлөшүүсүн токтотуп, анын жанынан жогору көтөрүлүп кетти.

23 Ыбрайым өз уулу Ысмайылды, өз үйүндө төрөлгөндөрдү, күмүшүнө сатып алгандарды, өзүнүн үйүндөгү эркек аттуулардын баарын дал ошол күнү Кудай айткандай кылып, сүннөткө отургузду.

24 Сүннөткө отургузулганда, Ыбрайым токсон тогуз жашта эле.

25 Ал эми анын уулу Ысмайыл сүннөткө отургузулганда, он үч жашта эле.

26 Так ошол күнү Ыбрайым да, анын уулу Ысмайыл да сүннөткө отургузулду.

27 Аны менен бирге анын үйүндөгү эркек аттуулардын баары, анын үйүндө төрөлгөндөр жана бөтөн уруудан күмүшкө сатылып алынгандар сүннөткө отургузулду.

18-БӨЛҮМ

1 Теңир Мамрей деген эмен токоюнун жанында Ыбрайымга келди. Ал күн ысыкта чатырдын кире беришинде отурган.

2 Ал башын көтөрүп караса, тушунда үч эркек киши турган экен. Аларды көрүп, чатырдын кире беришинен утурлай чуркап барып, аларга жерге чейин башын ийип таазим этти.

3 Анан мындай деди: «Эгедерим! Эгерде мен Сенин көз алдыңда ырайым тапкан болсом, кулуңдун жанынан кыя өтпө.

4 Азыр бир аз суу алып келип, бутуңарды жууп беришет. Ушул дарактын түбүндө эс алгыла.

5 Мен тамак-аш алып келейин, кубаттанып алып, жолго чыккыла, анткени кулуңардын жанынан өтүп баратасыңар». Алар ага: «Айтканыңдай кыл», – дешти.

6 Ошондо Ыбрайым чатырга шашып кирип, Саарага мындай деди: «Бол тезирээк, эң жакшы ундан үч сата камыр жууруп, ачыткысыз нан жасай кой».

7 Анан Ыбрайым бадага чуркап барып, бир жакшы жаш музоону алып келип, уланга карматты. Улан аны даярдаганга шашты.

8 Анан май, сүт, бышырылган музоо этин алып келип, алардын алдына койду. Алар тамак жеп жатышканда, өзү алардын жанында, дарактын түбүндө турду.

9 Алар андан: «Аялың Саара кайда?» – деп сурашты. Ал: «Ушул жерде, чатырда», – деп жооп берди.

10 Алардын бири мындай деди: «Мен келерки жылы ушул эле убакта сеникинде болом, ошондо аялың Саара уулдуу болот». Саара болсо анын артындагы чатырдын оозунда угуп турган эле.

11 Ыбрайым менен Саара картайып, улгайып калышкан эле. Сааранын аялдарга мүнөздүү нерсеси токтоп калган болчу.

12 Саара ичинен күлүп: «Картайып калганда, мага ушундай сооронуч болмок беле? Мырзам да кары», – деди.

13 Ошондо Теңир Ыбрайымга мындай деди: «“Картайып калганымда кантип эле төрөйүн?” – деп, Саара эмне үчүн күлдү?

14 Теңир үчүн кыйын нерсе барбы? Келерки жылы, айтылган мөөнөттө Мен сеникинде болом, ошондо Саара уулдуу болот».

15 Саара болсо: «Мен күлгөн жокмун», – деп, мойнуна албай койду. Анткени ал коркуп кеткен эле. Бирок Ал: «Жок, сен күлдүң», – деди.

16 Анан алар орундарынан турушту да, ал жерден Содомго жөнөштү. Ыбрайым аларды узатып коюу үчүн, алар менен кошо жөнөдү.

17 Ошондо Теңир мындай деди: «Мен кыла турган ишимди Ыбрайымдан жашырмак белем!

18 Ыбрайымдан улуу жана күчтүү эл чыгары анык. Жер жүзүндөгү бардык элдер ал аркылуу бата алышат.

19 Анткени Мен аны өз уулдарына жана өзүнөн кийинки укум-тукумуна чындык жана адилеттүүлүк менен жашоону, Теңирдин жолунда жүрүүнү осуяттасын деп тандап алдым. Теңир Ыбрайымга айтканын орундатат».

20 Анан Теңир мындай деди: «Содом менен Амордун күнөөсү абдан оор, алардан кордук көргөндөрдүн ыйы катуу.

21 Түшүп көрөйүн, алардын кылып жаткан иштери Мага жеткен ыйчалык бекен же жокпу, билейин».

22 Ошентип, алар ал жерден бурулуп, Содомго кетишти. Ыбрайым болсо дагы эле Теңирдин алдында турду.

23 Анан Ыбрайым Теңирге жакын келип, мындай деди: «Кантип эле Сен адил адамды мыйзамсыз менен бирге жок кыласың?

24 Балким, бул шаарда элүү адил адам бардыр? Кантип эле Сен ал жердеги элүү адил адам үчүн аларга ырайым кылбай жок кыласың?

25 Мыйзамсызга эмне болсо, адилге да ошол болбошу үчүн, Сен адилди мыйзамсыз менен бирге жок кылбайсың, Сен эч качан андай кылбайсың! Бүт жер жүзүнүн Соту адилетсиз сот жүргүзмөк беле?»

26 Ошондо Теңир мындай деди: «Эгерде Мен Содом шаарынан элүү адил адам тапсам, анда Мен алар үчүн ал жерге ырайым кылам».

27 Ыбрайым: «Мен топурак жана күл болсом да, Эгедериме сүйлөгөнгө батындым.

28 Эгерде элүү адилге бешөө жетпей калса, жетпеген беш адам үчүн Сен бүтүндөй шаарды кыйратасыңбы?» – деп сурады. Теңир ага: «Эгерде андан кырк бешти тапсам, кыйратпайм», – деп жооп берди.

29 Ыбрайым Теңир менен сүйлөшүүсүн улантып: «Мүмкүн, ал жерден кырк адил адам табылар», – деди. Теңир ага: «Кырк адам үчүн да андай кылбайм», – деди.

30 Ыбрайым дагы: «Менин айта турган сөзүмө Эгедерим каарданбаса экен. Мүмкүн, ал жерден отузу табылар?» – деди. Теңир ага: «Эгер отузу табылса да, андай кылбайм», – деди.

31 Ыбрайым дагы: «Мен Эгедериме сүйлөгөнгө батындым. Мүмкүн, ал жерден жыйырмасы табылар?» – деди. Теңир ага: «Жыйырмасы үчүн да андай кылбайм», – деди.

32 Ошондо Ыбрайым Теңирге: «Мен дагы бир жолу айтсам, Эгедерим каарданбаса экен. Мүмкүн, ал жерден ону табылар?» – деди. Теңир ага: «Ону үчүн да жок кылбайм», – деди.

33 Ошондо Теңир Ыбрайым менен сүйлөшүүсүн токтотуп, анын жанынан кетти. Ыбрайым болсо өз үйүнө кайтып келди.

19-БӨЛҮМ

Содомдун күнөөсү

1 Лот Содомдун дарбазасынын жанында отурганда, жанагы эки периште кечинде Содомго келди. Лот аларды көрө коюп, тосуп алуу үчүн, ордунан туруп, жерге чейин башын ийип таазим этип, мындай деди:

2 «Мырзаларым! Кулуңардын үйүнө кирип, түнөп кеткиле, бутуңарды жууп алгыла, эртең менен туруп, жолуңарды улантасыңар». Бирок алар: «Жок, биз көчөгө түнөйбүз», – дешти.

3 Ал аябай өтүнүп сурангандыктан, алар аныкына бет алып, үйүнө келишти. Лот аларга сый көрсөттү, ачыткысыз нан жасады. Алар жешти.

4 Алар жата электе, содомдуктардын жаш-карысы дебей, шаардын бардык тегерек-четинен келген эл үйдү тегеректеп алышты.

5 Лотту чакырып, ага мындай дешти: «Сага түнөккө келген кишилер кайда? Аларды бизге чыгарып бер. Биз аларга жакындайбыз».

6 Лот кире беришке чыгып, өзүнүн аркасынан эшикти бекитти.

7 Анан мындай деди: «Агайын-туугандар, жамандык кылбагыла.

8 Менин эркек көрө элек эки кызым бар, мен аларды чыгарып берейин, аларга каалаганыңарды кылгыла, бирок бул кишилерге тийбегиле, анткени булар менин үйүмө келишти».

9 Бирок алар: «Бери кел. Карасаң муну, келгин болуп туруп соттошкусу бар! Эми биз сага аларга кылгандан да жаман кылабыз», – деп, Лотту жөөлөп, эшикти сындырмакчы болушту.

10 Ошондо жанагы кишилер колдорун сунуп, Лотту үйгө тартып киргизип, эшикти бекитип салышты.

11 Ал эми үйдүн кире беришиндеги адамдарды жашынан карысына чейин сокур кылып салышкандыктан, алар эшикти таба албай кыйналышты.

12 Жанагы кишилер Лотко мындай дешти: «Бул жерде дагы кимиң бар? Күйөө балаң болобу, уулдарың болобу, кыздарың болобу, шаарда кимиң болбосун, бардыгын бул жерден алып чык.

13 Анткени биз бул жерди жок кылабыз. Анын тургундарынан кордук көргөндөрдүн зар-муңу Теңирге жетти, Теңир аны жок кылыш үчүн, бизди жиберди».

14 Ошондо Лот чыгып, болочок күйөө балдарына мындай деди: «Тургула, бул жерден чыгып кеткиле, анткени Теңир бул шаарды жок кылат». Бирок күйөө балдарына ал тамашалап жаткандай көрүндү.

Лоттун Содомдон чыгышы

15 Таң атары менен периштелер: «Шаардын мыйзамсыздыктары үчүн өлүп калбашың үчүн, ордуңан туруп, аялыңды жана колуңдагы эки кызыңды алып чык», – деп, Лотту шаштыра башташты.

16 Лот шашпагандыктан, жанагы кишилер Теңирдин ага болгон ырайымынан улам аны, аялын, эки кызын колдорунан алып, шаардын сыртына алып чыгышты.

17 Аларды сыртка чыгаргандан кийин, алардын бири мындай деди: «Өз жаныңды сакта, артыңа кылчайып караба, бул тегеректин эч жерине токтобо, өлүп калбашың үчүн, тоого кач».

18 Бирок Лот аларга мындай деди: «Жок, Эгедерим!

19 Мына, Сенин кулуң Сенин алдыңда ырайым тапты, мага чоң ырайым көрсөтүп, менин өмүрүмдү сактап калдың, бирок тоого качып кете албайм, анткени кырсыкка кабылып өлүп калышым мүмкүн.

20 Качып барууга мына бул шаар жакын, ал чакан шаар эмеспи. Ошол жакка качайын, чакан шаар эмеспи. Аман калам».

21 Ошондо Ал ага: «Макул, сенин каалооң боюнча Мен сен айткан шаарды кыйратпайын.

22 Тезирээк ошол жакка кач, анткени сен ал жакка жетмейинче, Мен эч нерсе кыла албайм», – деди. Ошондон улам ал шаар Соар деп аталып калган.

23 Жер бетине күн чыкканда, Лот Соарга келди.

24 Ошондо Теңир Содом менен Аморго асмандан Теңирден болгон күкүрт менен отту жамгыр кылып төктү.

25 Ошентип, Теңир бул шаарларды, алардын тегерек-четин, адамдарынан тартып, өсүмдүктөрүнө чейин кыйратып салды.

26 Аялы болсо Лоттун артынан келе жатып, кылчайып артын карады эле, туз мамыча болуп калды.

27 Ыбрайым эртең менен эрте туруп, мурун Теңирдин алдында турган жерине жөнөдү.

28 Ал Содом менен Аморго жана алардын тегерек-четине көз чаптырып караса, жерден мештин түтүнүндөй болгон түтүн көтөрүлүп жатыптыр.

29 Кудай бул тегеректеги шаарларды кыйратып жатып, Ыбрайымды эстеди да, Лот жашаган шаарларды кыйратып жатканда, ал жерден Лотту алып чыкты.

Мааптыктар менен амондуктардын пайда болушу

30 Лот Соардан чыгып, эки кызы менен бирге тоодо жашап калды, анткени ал Соарда жашагандан коркту. Ал эки кызы менен бирге үңкүрдө жашап турду.

31 Ошондо эжеси сиңдисине: «Атабыз картайды. Бүт жер жүзүнүн салты боюнча жер үстүндө бизге жакындай турган адам жок.

32 Ошондуктан атабызды шарапка тойгузуп, аны менен жатып, атабыздан тукум улайлы», – деди.

33 Алар ошол түнү өз атасын шарапка тойгузушту. Анан эжеси кирип, өз атасы менен жатты. Атасы болсо анын качан жатып, качан туруп кеткенин билген жок.

34 Эртеси күнү эжеси сиңдисине: «Мен кечээ атам менен жаттым. Бүгүн түндө да аны шарапка тойгузалы. Анан сен кирип, аны менен жат, атабыздан тукум улайлы», – деди.

35 Алар бул түнү да атасын шарапка тойгузушту. Анан сиңдиси кирип, өз атасы менен жатты. Атасы болсо анын качан жатып, качан туруп кеткенин билген жок.

36 Ошентип, Лоттун эки кызы тең өз атасынан кош бойлуу болуп калышты.

37 Эжеси уул төрөп, атын Маап койду. Ал – ушул күнгө чейин Маап элинин атасы.

38 Сиңдиси да уул төрөп, атын Бен-Ами койду. Ал – ушул күнгө чейин Амон элинин атасы.

20-БӨЛҮМ

Ыбрайым жана Абы-Мелек

1 Ыбрайым ал жерден чыгып, түштүккө келип, Кадеш менен Шурдун ортосуна жайгашып, Герар жеринде убактылуу жашап турду.

2 Ыбрайым өз аялы Саараны: «Бул менин карындашым», – деди. Ошондо Герар падышасы Абы-Мелек киши жиберип, Саараны алдыртты.

3 Кудай Абы-Мелекке түн ичинде түшүндө келип, ага мындай деди: «Эми сен алган бул аял үчүн өлөсүң, анткени анын күйөөсү бар».

4 Абы-Мелек болсо Саарага тийген жок. Ал мындай деди: «Эгедерим! Кантип эле Сен айыпсыз элди жок кыласың?

5 Ыбрайым мага: “Бул менин карындашым”, – деп, өзү айтпады беле? Саара да: “Ал менин агам”, – деген. Мен муну таза жүрөк, таза кол менен кылгам».

6 Ошондо Кудай түшүндө ага мындай деди: «Сен муну таза жүрөк менен кылганыңды Мен билемин, ошондуктан сени ага тийгизбей, Мага каршы күнөө кылуудан сактап калдым.

7 Аялды күйөөсүнө азыр эле кайтарып бер, анткени ал – пайгамбар, ал сен үчүн сыйынсын, ошондо сен тирүү каласың. Эгерде кайтарып бербесең, анда билип кой, сен бардык адамдарың менен кошо, сөзсүз, өлөсүң».

8 Ошондо Абы-Мелек эртең менен эрте туруп, өзүнүн бардык кулдарын чакырып алып, бул сөздөрдүн бардыгын аларга угуза айтып берди. Алар абдан коркуп кетишти.

9 Анан Абы-Мелек Ыбрайымды чакырып алып, ага: «Эмне үчүн сен бизге мындай кылдың? Мага жана менин падышачылыгыма чоң күнөө келтиргидей, сага эмне күнөө кылдым эле? Сен туура эмес иш кылдың.

10 Сен бул ишти кандай ой менен кылдың эле?» – деди.

11 Ыбрайым мындай жооп берди: «Бул жерде Кудайдан коркуу жок болгондуктан, мени аялымдын айынан өлтүрүп коюшат деп ойлодум.

12 Ал, чын эле, менин карындашым. Экөөбүз аталаш бир тууганбыз, энебиз башка. Азыр болсо ал менин аялым.

13 Кудай мени атамдын үйүнөн жер кезүүгө алып чыкканда, мен ага: “Мага ырайым кылып, кайсы жерге келсек да, бардык жерде сен мени: "Бул менин агам" де”, – деп айткан элем».

14 Ошондо Абы-Мелек Ыбрайымга майда жана бодо мал, кулдарды жана күңдөрдү берди. Аялы Саараны да ага кайра берди.

15 Анан Абы-Мелек мындай деди: «Мына, менин жерим сенин алдыңда. Каалаган жериңде жаша».

16 Саарага да мындай деди: «Мына, мен бир тууган агаңа миң күмүш шекел бердим. Бул сенин бүт элдин алдында ак экениңди билдирет, сен бардыгынын алдында акталдың».

17 Анан Ыбрайым Кудайга сыйынды. Ошондо Кудай Абы-Мелекти, анын аялын, күңдөрүн сакайтты, алар төрөй башташты.

18 Анткени Теңир Ыбрайымдын аялы Саара үчүн Абы-Мелектин үйүндөгү бардык аялдарды төрөбөс кылып салган эле.

21-БӨЛҮМ

Ыскактын төрөлүшү

1 Теңир Өзү айтканындай, Саарага назарын салып, ага айткан сөзүн аткарды.

2 Сааранын боюна бүтүп, Кудай айткан мезгилде, Ыбрайым картайган кезде, ага уул төрөп берди.

3 Ыбрайым өзүнүн Саарадан төрөлгөн уулуна Ыскак деген ат койду.

4 Кудай ага осуяттагандай, сегизинчи күнү Ыбрайым өз уулу Ыскакты сүннөткө отургузду.

5 Уулу Ыскак төрөлгөндө, Ыбрайым жүз жашта эле.

6 Ошондо Саара: «Кудай мени күлкү кылды. Мен жөнүндө ким укса да, күлөт го.

7 “Саара бала эмизет”, – деп, Ыбрайымга ким айтмак? Бирок ал карыган кезде мен ага уул төрөп бердим», – деди.

8 Бала чоңоюп, эмчектен чыгарылды. Ыскак эмчектен чыгарылган күнү Ыбрайым чоң той берди.

Ажардын баласы менен куулуп чыгышы

9 Саара мисирлик Ажардын Ыбрайымга төрөп берген уулунун Ыскакты шылдыңдап жатканын көрүп калып,

10 Ыбрайымга мындай деди: «Бул күңдү уулу менен кошо кууп чык, анткени анын уулу менин уулум Ыскак менен бирге мураскор болбойт».

11 Ысмайыл жөнүндө айтылган бул сөз Ыбрайымга катуу тийди.

12 Бирок Кудай Ыбрайымга: «Уулуң менен күңүң үчүн кайгырба. Сааранын айтканынын баарын кыл, анын тилин ал, анткени сенин тукумуң Ыскактан тарайт.

13 Күңүңдүн уулунан да Мен эл жаратам, анткени ал сенин уулуң», – деди.

14 Ыбрайым эртең менен эрте туруп, тамак-аш жана бир чанач суу алып, Ажардын ийнине артып, баласын колуна берип, аны коё берди. Ажар кетип бара жатып, Бейер-Шеба чөлүндө адашып калды.

15 Чаначта суу калбай калгандыктан, баласын бадалдын түбүнө калтырып,

16 жаа жебеси жеткидей, алыс барып отурду да: «Баланын өлгөнүн көргүм келбейт», – деп, анын каршысында отуруп алып, боздоп ыйлады.

17 Кудай баланын үнүн укту. Ошондо асмандан Кудайдын периштеси Ажарды чакырып: «Ажар, сага эмне болду? Коркпо, Кудай баланын үнүн жаткан жеринен укту.

18 Ордуңан туруп, баланы тургузуп, колунан ал, анткени Мен андан улуу эл чыгарам», – деди.

19 Кудай Ажардын көзүн ачты, ошондо ал суусу бар кудукту көрдү. Анан ал барып, чаначка толтура суу алып келип, балага ичирди.

20 Кудай бала менен болду. Ал чоңоюп, чөлдө жашап калды. Жаа тарткан мергенчи болду.

21 Ал Паран чөлүндө жашады. Энеси ага Мисир жеринен аял алып берди.

Ыбрайымдын Абы-Мелек менен келишим түзүшү

22 Ошол убакта мындай окуя болду: Абы-Мелек өзүнүн аскер башчысы Пихол менен келип, Ыбрайымга: «Эмне кылсаң да, бардык иште Кудай сени менен экен.

23 Сен азыр ушул жерде мага: “Сени да, уулуңду да, небереңди да таарынтпайм”, – деп, Кудай менен ант бер. Мен сага кандай жакшылык кылсам, сен да мага жана өзүң жашап турган жерге ошондой жакшылык кыл», – деди.

24 Ошондо Ыбрайым: «Ант берем», – деди.

25 Анан Ыбрайым Абы-Мелектин кулдары суусу бар кудукту тартып алганы үчүн, Абы-Мелекти жемеледи.

26 Абы-Мелек болсо: «Муну ким кылганын билбеймин, сен да мага айткан эмессиң. Мен ал жөнүндө ушуга чейин уккан эмесмин», – деди.

27 Ошондо Ыбрайым майда жана бодо малдан алып, Абы-Мелекке берди. Ошентип, экөө тынчтык келишимин түзүштү.

28 Ыбрайым майда малдан жети козуну өзгөчө бөлүп койду.

29 Абы-Мелек болсо Ыбрайымдан: «Жети козуну бул жерге өзүнчө бөлүп койгонуң эмнең?» – деп сурады.

30 Ал ага: «Бул жети козуну менин колумдан ал, кудукту мен казганыма булар күбө болсун», – деп жооп берди.

31 Ошондуктан ал бул жерди Бейер-Шеба деп атады, анткени бул жерде экөө антташты.

32 Ошентип, Бейер-Шебада тынчтык келишими түзүлдү. Абы-Мелек менен аскер башчысы Пихол Пелишти жерине кайтышты.

33 Ыбрайым Бейер-Шебанын жанына токойчо отургузуп, ал жерде түбөлүктүү Кудай-Теңирдин атын чакырды.

34 Ошентип, Ыбрайым Пелишти жеринде келгин болуп, көп жыл жашады.

22-БӨЛҮМ

Ыбрайымдын сыналышы

1 Ушул окуялардан кийин Кудай Ыбрайымды сынады. Ал ага: «Ыбрайым!» – деди. Ыбрайым болсо: «Мына мен», – деди.

2 Ошондо Кудай мындай деди: «Жакшы көргөн жалгыз уулуң Ыскакты алып, Мориа жерине бар. Мен сага ал жердеги тоолордун бирин айтам, ошол жерде аны бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чал».

3 Ыбрайым эртең менен эрте туруп, эшегин токуп, өзү менен кошо малай балдарынан экөөнү жана уулу Ыскакты алып, жолго чыкты. Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык үчүн отун жарып алып, Кудай айткан жерге барды.

4 Yчүнчү күнү Ыбрайым көз чаптырып, алыстан ал жерди көрдү.

5 Анан Ыбрайым малай балдарына: «Силер бул жерде эшек менен калгыла. Ал эми уулум экөөбүз тигил жакка барып, сыйынып, анан силерге кайтып келебиз», – деди.

6 Ыбрайым бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка дайындалган отунду уулу Ыскактын жонуна артып, колуна от менен бычак алды. Анан экөө бирге жөнөдү.

7 Ошондо Ыскак атасы Ыбрайымга: «Ата!» – деди. Ал: «Мына мен, уулум», – деди. Ыскак: «От менен отун мына, ал эми бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалынуучу козу кана?» – деп сурады.

8 Ыбрайым ага: «Уулум, Кудай Өзүнө чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка козуну Өзү караштырат», – деп жооп берди. Алар андан ары жөнөштү.

9 Ошентип, алар Кудай айткан жерге келишти. Ыбрайым ал жерге курмандык чалынуучу жай куруп, отундарды коюп, өз уулу Ыскакты байлап, аны курмандык чалынуучу жайга, отундардын үстүнө жаткырды.

10 Анан Ыбрайым өз уулун мууздаш үчүн колун сунуп, бычагын алды.

11 Бирок асмандан Теңирдин периштеси: «Ыбрайым! Ыбрайым!» – деп чакырды. Ал: «Мына мен», – деди.

12 Периште ага: «Балаңа кол көтөрбө, ага эч нерсе кылба, анткени Мен эми сенин Кудайдан коркоруңду, Мен үчүн жалгыз уулуңду да аябаганыңды билдим», – деди.

13 Ыбрайым көз чаптырып караса, артында мүйүзү калың бадалга илинип калган бир кочкор турган экен. Ыбрайым басып барып, ал кочкорду алып, уулунун ордуна бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалды.

14 Анан Ыбрайым ошол жердин атын Жахаба-ире деп атады. Ошондон улам «Жахаба тоосунда караштырылат» деген сөз айтылып калган.

15 Теңирдин периштеси асмандан Ыбрайымды экинчи ирет чакырып, мындай деди:

16 «Өзүңдүн жалгыз уулуңду аябастан, ушул ишти кылганың үчүн, Өзүм менен ант берем, – дейт Теңир.

17 Эми Мен сени алкагандан алкайм, сенин тукумуңду асмандагы жылдыздардай, деңиз жээгиндеги кумдай көбөйткөндөн көбөйтөм. Сенин тукумуң өз душмандарынын шаарларын ээлеп алат.

18 Менин тилимди алганың үчүн, сенин тукумуң аркылуу бүт жер жүзүнүн элдери бата алышат».

19 Анан Ыбрайым малай балдарына кайтып келип, алар менен бирге Бейер-Шебага жөнөдү. Ыбрайым Бейер-Шебада жашап турду.

Нахордун тукуму

20 Бул окуялардан кийин Ыбрайымга мындай кабар айтылды: «Милка да сенин бир тууганың Нахорго бул уулдарды төрөп берди:

21 тун баласы Усту, анын бир тууганы Бузду, Арамдын атасы Кемуелди,

22 Кесетти, Хазону, Пилдашты, Жидлапты жана Бетуелди.

23 Бетуелден Ребека төрөлдү. Ушул сегизин тең Ыбрайымдын бир тууганы Нахорго Милка төрөп берди.

24 Рейум аттуу күң аялы да Тебахты, Гахамды, Тахашты жана Мааханы төрөдү».

23-БӨЛҮМ

Сааранын көз жумушу жана көргө коюлушу

1 Саара жүз жыйырма жети жыл жашады.

2 Ал Кирийат-Арбада, Канаан жериндеги азыркы Хеброндо көз жумду. Ыбрайым Саараны жоктоп ыйлап аза күтүү үчүн келди.

3 Анан Ыбрайым маркумдун жанынан кетип, Хет уулдарына мындай деп айтты:

4 «Мен силердин араңарда келгинмин, жер которуп келген кишимин. Маркумумду көмүү үчүн, араңардан менчикке жер бергиле».

5 Хет уулдары Ыбрайымга мындай деп жооп айтышты:

6 «Мырзабыз, бизди укчу. Сен биздин арабызда Кудайдын төрөсүсүң. Маркумуңду биздин көрүстөнүбүздүн эң жакшы жерине кой. Маркумуңду көрүстөнүбүзгө коюуга эч кимибиз каршы болбойбуз».

7 Ошондо Ыбрайым ордунан туруп, ал жердин элине – Хет уулдарына таазим кылды.

8 Анан аларга мындай деп айтты: «Эгерде силер менин маркумумду коюуга макул болсоңор, анда менин сөзүмдү угуп, мен үчүн Сохар уулу Эпрондон сурап бергиле.

9 Ал мага талаасынын четиндеги Махпел үңкүрүн силердин көзүңөрчө өз баасына менчикке сатсын, аны көрүстөн кылам».

10 Эпрон болсо Хет уулдарынын арасында отурган. Ошондо хеттик Эпрон өзүнүн шаарынын дарбазасынан кирген Хет уулдарынын баарына угуза Ыбрайымга мындай жооп айтты:

11 «Жок, мырзам, уксаң мени. Мен сага талаамды да берем, андагы үңкүрдү да берем, сага аны өз элимдин уулдарынын көзүнчө бекер эле берем, маркумуңду кой».

12 Ыбрайым ал жердин адамдарына таазим этип,

13 ал жердин элине угуза Эпронго мындай деп айтты: «Эгерде тил алсаң, сага талаа үчүн күмүш берейин. Аны ал, мен ал жерге маркумумду коёюн».

14 Эпрон Ыбрайымга мындай деп жооп айтты:

15 «Мырзам! Уксаң мени. Жер төрт жүз шекел күмүш турат. Мен үчүн да, сен үчүн да бул эмне болуп калыптыр? Маркумуңду көмө бер».

16 Ыбрайым Эпрондун айтканын угуп, Хет уулдарына угуза канча деп айтса, көпөстөр колдонгон төрт жүз шекел күмүштү Эпронго таразага тартып берди.

17 Ошентип, Мамрейдин каршысындагы Махпелдеги Эпрон талаасы, ал жердеги үңкүр, ошондой эле талаадагы жана анын бардык тегерек-четиндеги бак-дарактардын баары

18 анын шаарынын дарбазасы менен кирген бардык Хет уулдарынын көз алдында Ыбрайымдын ээлигине өттү.

19 Ошондон кийин Ыбрайым аялы Саараны Канаан жериндеги Мамрейдин (азыркы Хеброн) каршысындагы Махпел талаасындагы үңкүргө койду.

20 Ошентип, Хет уулдарынан алган андагы талаа менен үңкүр Ыбрайымдын менчик көрүстөнү болуп калды.

24-БӨЛҮМ

Ыскактын үйлөнүшү

1 Ыбрайымдын жашы өтүп, карып калган. Теңир Ыбрайымга бардык жагынан батасын берди.

2 Ыбрайым үй ишин башкарган кулуна мындай деди: «Колуңду менин саныма коюп туруп,

3 уулума мен жашап жаткан Канаан жеринин кыздарынан аял алып бербейм деп, асман-жердин Кудайы болгон Теңир менен ант бер.

4 Менин жериме, менин мекениме барып, уулум Ыскакка аял алып келесиң».

5 Ошондо кулу ага мындай деди: «Эгерде ал аял бул жерге мени менен келгиси келбесечи? Анда уулуңду туулган жериңе кайра жиберишим керекпи?»

6 Ыбрайым ага: «Байкагын, уулумду ал жакка кайра жибербе.

7 Мени атамдын үйүнөн, туулган жеримден алып чыгып, мага: “Бул жерди сенин тукумуңа берем”, – деп убада кылган асман Кудай-Теңири сенин алдыңан Өз периштесин жиберет, ошондо сен ал жерден уулума аял алып келесиң.

8 Эгерде аял сени менен келүүнү каалабаса, анда мага берген антыңдан кутуласың, бирок уулумду ал жакка кайра жибербе», – деди.

9 Ошондо кулу колун мырзасы Ыбрайымдын санына коюп, ошентип ант берди.

10 Анан кулу өз мырзасынын төөлөрүнөн он төө алып, жөнөп кетти. Анын колунда мырзасынын ар кандай асыл буюмдары да бар эле. Ал туруп, Месопотамияга, Нахордун шаарына жөнөдү.

11 Ал шаардын сыртындагы кудуктун жанына кечке маал, аялдар суу алууга чыга турган мезгилде төөлөрүн чөктүрдү.

12 Анан ал: «Теңирим, Ыбрайым мырзамдын Кудайы! Ал кызды мага бүгүн жолуктура көр, менин мырзам Ыбрайымга ырайым кыла көр.

13 Мына, мен кудуктун жанында турам, шаардын кыздары суу сузуп алганы келе жатышат.

14 Мен кайсы кызга: “Кумураңды эңкейтчи, суу ичип алайын”, – десем, ал: “Ич, төөлөрүңдү да сугарып берем”, – десе, анда ошол кыз Сен Өз кулуң Ыскакка дайындаган кыз экенин жана Сен менин мырзама ырайым кылганыңды билем», – деди.

15 Ал айтып бүтө электе эле, Ыбрайымдын бир тууганы Нахордун аялы Милка төрөгөн Бетуелдин кызы Ребека ийнине кумурасын көтөрүп, кудуктун жанына келди.

16 Кыз чырайлуу, эркек көрө элек кыз эле. Ал кудукка келип, кумурасын толтуруп алып, өйдө көздөй жөнөдү.

17 Ошондо кул кыздын астынан чуркап чыгып: «Кумураңдан кичине суу ичирчи», – деди.

18 Кыз: «Ич, мырзам», – деди да, ошол замат кумурасын ийнинен түшүрүп, колуна алып, ага суу ичирди.

19 Кыз ага суу ичиргенден кийин: «Төөлөрүңдүн да суусуну кангыча сузуп келип берейин», – деди.

20 Анан ал ошол замат кумурасындагы сууну аштоого куя салып, кудукка кайра чуркап барып, анын бүт төөлөрүнө суу сузуп берди.

21 Жолуна Теңир батасын берген-бербегенин билгиси келгендиктен, ал киши унчукпай, кызды таң кала карап турду.

22 Төөлөр суу ичип бүткөндөн кийин, ал киши салмагы жарым шекел алтын болгон шакекти жана салмагы он шекел алтын болгон эки билерикти алып чыгып, мындай деп сурады:

23 «Кимдин кызысың? Айтчы мага, атаңдын үйүндө биз түнөгөнгө орун барбы?»

24 Кыз ага: «Нахор менен Милканын уулу Бетуелдин кызымын», – деп жооп берди.

25 Анан дагы мындай деди: «Бизде жем-чөп көп. Түнөгөнгө да орун бар».

26 Ошондо ал киши башын ийип таазим кылып, Теңирге табынып, мындай деди:

27 «Мырзам Ыбрайымдын Кудай-Теңирине алкыш! Ал менин мырзамды Өзүнүн ырайымы менен акыйкатынан куру калтырбаптыр! Теңир мени түз эле мырзамдын бир тууганынын үйүнө алып келди».

28 Кыз чуркап барып, муну энесинин үйүндөгүлөрүнө айтты.

29 Ребеканын Лабан деген бир тууган агасы бар эле. Лабан кудукту көздөй жанагы кишиге чуркап чыкты.

30 Ал карындашынын колуна салынган шакеги менен билериктерин көрүп жана карындашы Ребеканын «Бул киши мени менен ушинтип сүйлөштү» дегенин угуп, ал кишиге келсе, ал кудуктун жанында төөлөрү менен турган экен.

31 Ошондо Лабан ага: «Теңир батасын берген адам, үйгө кир. Эмнеге сыртта турасың? Мен сага үй, төөлөрүңө жай камдап койдум», – деди.

32 Ал киши үйгө кирди. Лабан төөлөрдү жайдактап, алардын алдына жем-чөп салып, ага жана аны менен бирге келгендерге буттарын жууганга суу берди.

33 Анын алдына тамак коюшту, бирок ал: «Өз ишимдин жөнүн айтмайын жебеймин», – деди. Алар: «Айт», – дешти.

34 Ошондо ал: «Мен Ыбрайымдын кулумун.

35 Теңир менин мырзама батасын мол бергендиктен, ал бай адам болду. Ал ага кой да, өгүз да, күмүш да, алтын да, кул да, күң да, төө да, эшек да берди.

36 Мырзамдын аялы Саара картайып калганда, ага уул төрөп берди. Мырзам уулуна өзүндө болгондун баарын берди.

37 Анан мырзам менден: “Уулума мен жашап жаткан жердеги Канаан кыздарынан аял алып бербе,

38 атамдын элине, менин туугандарыма барып, уулума аял алып келесиң”, – деп, ант алды.

39 Мен мырзама: “Эгерде ал кыз мени менен келбесечи?” – десем,

40 ал мага: “Мен табынган Теңир сени менен Өз периштесин жиберип, жолуңду ачат, анан сен менин уулума туугандарымдан, атамдын элинен аял алып келесиң.

41 Сен менин туугандарымдыкына барып келгенден кийин, менин антымдан кутуласың. Эгерде алар беришпесе, анда да антымдан кутуласың”, – деген.

42 Мен бүгүн кудукка келип: “Теңирим, мырзам Ыбрайымдын Кудайы! Эгерде Сен менин жолумду ачкан болсоң,

43 анда мына, мен кудуктун жанында турам. Суу алганы келген кызга: "Кумураңдан кичине суу ичирчи", – дейм.

44 Ошондо ал мага: "Сен да ич, төөлөрүңө да сузуп берейин", – десе, анда мырзамдын уулуна Теңир белгилеп койгон кыз ошол”, – дедим.

45 Ичимден Кудайга ушинтип айтып бүтө электе эле, Ребека келди. Анын ийнинде кумурасы бар экен. Ал кудукка келип, суу сузуп алды. Ошондо мен ага: “Мага сууңдан берчи”, – дедим.

46 Ал ошол замат кумурасын ийнинен түшүрүп: “Ич, төөлөрүңө да сузуп берейин”, – деди. Мага да берди, төөлөрүмдү да сугарды.

47 Мен андан: “Кимдин кызысың?” – деп сурадым. Ал: “Нахор менен Милканын уулу Бетуелдин кызымын”, – деп жооп берди. Ошондо мен ага шакек менен билериктерди бердим.

48 Анан мен Теңирге башымды ийип таазим этип, мырзам Ыбрайымдын Кудай-Теңирине алкыш айттым. Ал менин мырзамдын уулуна бир тууганынын кызын алып берүү үчүн, мени түз алып келди.

49 Менин мырзама ырайым жана акыйкаттык кылайын деген оюңар бар же жок экенин мага азыр эле айткыла? Айткыла, анан мен оңго же солго бурулуп кетейин».

50 Ошондо Лабан менен Бетуел: «Бул иш Теңирден. Биз сага жакшы да, жаман да айта албайбыз.

51 Мына, Ребека алдыңда турат. Аны алып, жолго чык. Теңир айткандай, ал мырзаңдын уулунун аялы болсун», – деп жооп беришти.

52 Ыбрайымдын кулу алардын сөзүн укканда, Теңирге жерге чейин башын ийип таазим этти.

53 Анан ал кул алтын-күмүш буюмдарды, кийимдерди алып чыгып, Ребекага берди. Агасы менен энесине да кымбат баалуу белектерди берди.

54 Ошентип, ал жанындагы кишилери менен конок болуп, түнөп калды. Алар эртең менен турушканда, кул аларга: «Эми мени мырзама коё бергиле», – деди.

55 Бирок кыздын бир тууганы менен энеси: «Кызыбыз биз менен, жок дегенде, он чакты күн болсун. Андан кийин жөнөйсүң», – дешти.

56 Бирок ал: «Мени кармабагыла, анткени Теңир менин жолумду ачкан. Мени коё бергиле, мырзама барайын», – деди.

57 Алар: «Кызды чакырып сурайлы, ал эмне дээр экен», – дешти.

58 Ребеканы чакырып, андан: «Бул киши менен барасыңбы?» – деп сурашты. Кыз: «Барам», – деп жооп берди.

59 Ошондо алар өздөрүнүн карындашы Ребеканы, анын эмчек энесин, Ыбрайымдын кулун, анын жанындагы кишилерди коё беришти.

60 Алар Ребекага: «Биздин карындашыбыз! Сенден миң-миңдеген тукум төрөлүп, укум-тукумуң душмандарыңдын турак жайларын ээлесин!» – деп батасын беришти.

61 Анан Ребека жана анын кызматчысы ордуларынан туруп, төөлөргө минип, тиги кишинин артынан жөнөштү. Ошентип, Ыбрайымдын кулу Ребеканы алып, жөнөп кетти.

62 Ыскак болсо Бейир-Лакай-Ройиге келди, анткени ал түштүк жеринде жашап жаткан.

63 Кеч киргенде, Ыскак сыйынганы талаага чыгып, көз чаптырып караса, төөлөр келе жатыптыр.

64 Ребека Ыскакты көрө коюп, төөдөн түшүп, кулдан:

65 «Бизди талаада тосуп келе жаткан ким?» – деп сурады. «Ал менин мырзам», – деп жооп берди кул. Ошондо Ребека чүмбөттү алып, жамына калды.

66 Кул Ыскакка эмне кылганынын баарын айтып берди.

67 Ыскак кызды энеси Сааранын чатырына алып кирди. Ал Ребеканы алды, ал анын аялы болуп калды, ал кызды сүйүп калды. Ошентип, Ыскак энесинин күйүтүнөн сооронду.

25-БӨЛҮМ

Ыбрайымдын Кетурадан төрөлгөн уулдары

1 Ыбрайым Кетура деген аялды да алды.

2 Ал аялы ага Зимранды, Жокшанды, Мыданды, Мидианды, Ишпакты жана Шубахты төрөп берди.

3 Жокшандан Шеба менен Дедан төрөлдү. Дедандан ашурлар, летуштар, лумдар төрөлдү.

4 Мидиандын уулдары: Эйпа, Эйпер, Ханох, Абида жана Элдаа. Булардын баары – Кетуранын уулдары.

5 Ыбрайым өзүндө болгондун бардыгын Ыскакка берди.

6 Ал эми күң аялдарынан төрөлгөн уулдарына белек берип, уулу Ыскактан бөлүп, көзүнүн тирүүсүндө эле чыгышка, чыгыш жерине жөнөтүп жиберди.

Ыбрайымдын көз жумушу жана көргө коюлушу

7 Ыбрайым жүз жетимиш беш жыл жашады.

8 Анан ал көз жумду. Ал бакыбат өмүр сүрүп, абдан карып, өмүргө тоюп, өз элине кошулду.

9 Уулдары Ыскак менен Ысмайыл аны Мамрейдин каршысындагы хеттик Сохар уулу Эпрондун талаасындагы Махпел үңкүрүнө коюшту.

10 Ал талааны Ыбрайым Хеттин уулдарынан сатып алган. Ошентип, ал жерге Ыбрайым менен аялы Саара коюлду.

11 Ыбрайым көз жумгандан кийин, Кудай анын уулу Ыскакка батасын берди. Ыскак Бейир-Лакай-Ройинин жанында жашап турду.

Ысмайылдын укум-тукуму

12 Сааранын күңү мисирлик Ажардан төрөлгөн, Ыбрайымдын уулу Ысмайылдын санжырасы мындай:

13 Ысмайылдын уулдарынан тараган уруулардын аттары мына булар: Ысмайылдын туну – Ныбайот, андан кийин  Кейдар, Адбаел, Мипсам,

14 Мишма, Дума, Маса,

15 Хадат, Тейма, Жетур, Напиш жана Кедма.

16 Булар – Ысмайылдын уулдары, булар – алардын отурукташкан айыл-кыштактарынын, конуштарынын аттары. Булар – алардын он эки уруусунун башчылары.

17 Ысмайыл жүз отуз жети жыл өмүр сүрүп, көз жумуп, өз элине кошулду.

18 Алар Ашурга бараткан жолдогу, Мисирдин алдындагы Хабиладан тартып Шурга чейинки жерлерде жашашкан. Алар бардык бир туугандарынын жанына отурукташышкан.

Эйсап менен Жакыптын төрөлүшү

19 Ыбрайымдын уулу Ыскактын санжырасы мындай: Ыбрайымдан Ыскак төрөлгөн.

20 Ыскак Месопотамиядагы арамейлик Лабандын карындашы, арамейлик Бетуелдин кызы Ребеканы алганда, кырк жашта эле.

21 Ыскак Теңирге өз аялы жөнүндө сыйынды, анткени ал согончогу канабаган аял эле. Теңир аны угуп, аялы Ребеканын боюна бүттү.

22 Курсагында жаткан балдары тепкилеше баштаганда, ал мындай деди: «Эгер мындай боло турган болсо, анда мага жашоонун эмне кереги бар?» Анан Теңирден сураганы кетти.

23 Теңир ага мындай деди: «Курсагыңда эки уруу эл жатат, курсагыңдан эки башка эл чыгат. Бири экинчисинен күчтүү болот, улуусу кичүүсүнө кызмат кылат».

24 Анын төрөр маалы келип төрөгөндө, курсагындагысы эгиз болуп чыкты.

25 Биринчиси теридей түктүү, кызыл болуп төрөлдү. Анын атын Эйсап коюшту.

26 Андан кийин анын бир тууганы чыкты. Ал Эйсаптын согончогун кармай чыкты. Анын атын Жакып коюшту. Алар төрөлгөндө, Ыскак алтымыш жашта эле.

Эйсаптын өз тунгучтугун сатышы

27 Балдар чоңоюшту. Эйсап мыкты аңчылык кылган талаа адамы болду. Ал эми Жакып чатырда жашаган, момун адам болду.

28 Ыскак Эйсапты жакшы көрчү, анткени илбээсиндин эти анын табити тарткан тамагы эле. Ребека болсо Жакыпты жакшы көрчү.

29 Жакып тамак бышырды, Эйсап болсо талаадан чарчап келди.

30 Анан Эйсап Жакыпка мындай деди: «Мага кызылынан, мына бул кызылынан жегенге берчи, анткени мен чарчадым». Ушундан улам ал Эдом деген атка конду.

31 Бирок Жакып: «Анда мага азыр тунгучтугуңду сат», – деди.

32 «Ачкадан өлүп баратам, мага тунгучтуктун эмне кереги бар?» – деди Эйсап.

33 Жакып ага: «Азыр эле мага ант бер», – деди. Ошондо Эйсап Жакыпка ант берип, ага өзүнүн тунгучтугун сатты.

34 Ошондон кийин Жакып Эйсапка нан коюп, жасмыктан жасалган тамак берди. Ал жеп-ичип, ордунан туруп кетти. Эйсап өзүнүн тунгучтугун баалаган жок.

26-БӨЛҮМ

Ыскактын Герар жериндеги жашоосу

1 Ыбрайымдын убагында болгондой эле, жер бетинде дагы ачарчылык болду. Ыскак Пелишти падышасы Абы-Мелекке бармак болуп, Герар жерине жөнөдү.

2 Теңир ага келип, мындай деди: «Мисирге барба, Мен сага айткан жерде жаша.

3 Ошол жерде келгин катары жаша. Мен сени менен болом, сага батамды берем, анткени сага жана сенин тукумуңа ошол жердин баарын берем, Мен сенин атаң Ыбрайымга берген антымды орундатам.

4 Сенин укум-тукумуңду асмандагы жылдыздардай көбөйтөм. Сенин укум-тукумуңа бул жердин баарын берем. Жер жүзүндөгү бардык элдер сенин уругуң аркылуу бата алышат.

5 Анткени Ыбрайым Менин айтканымды угуп, Мен аткар деп осуят кылганды, Менин буйруктарымды, көрсөтмөлөрүмдү, мыйзамдарымды аткарды».

6 Ошентип, Ыскак Герарга отурукташты.

7 Ал жердин тургундары анын аялы жөнүндө сурашканда, ал: «Бул менин карындашым», – деп жооп берди. Ребека үчүн бул жердин тургундары мени өлтүрүп коюшат деп ойлоп, ал аны «менин аялым» деп айткандан коркту, анткени ал сулуу аял эле.

8 Бирок ал жерде көп убакыт жашагандан кийин, Пелишти падышасы Абы-Мелек терезеден Ыскактын өз аялы Ребека менен ойноп жатканын көрдү.

9 Ошондо Абы-Мелек Ыскакты чакырып: «Бул сенин аялың турбайбы, аны “карындашым” деп кантип айттың?» – деди. «Аялым үчүн мени өлтүрүп коюшат деп ойлодум», – деп жооп берди Ыскак.

10 Бирок Абы-Мелек: «Бул эмне кылганың? Эл арасынан бирөө сенин аялыңа жакындап коё жаздады, аз жерден бизди күнөөгө түртүп коё жаздадың», – деди.

11 Анан Абы-Мелек бүт элге буйрук берип, мындай деди: «Ким бул адамга жана анын аялына тийсе, ал өлүм жазасына тартылат».

12 Ыскак ошол жерге арпа сээп, ошол жылы жүз эселеп түшүм алды, анткени Теңир ага ушинтип батасын берди.

13 Ошентип, Ыскак бай адам болду. Анын байлыгы көбөйгөндөн көбөйүп, абдан бай болду.

14 Анын майда жана бодо малы, айдоо жерлери көп болгондуктан, пелиштиликтер көз арта башташты.

15 Атасы Ыбрайымдын көзү тирүүсүндө, атасынын кулдары казган кудуктардын баарын пелиштиликтер уратып, топуракка толтуруп салышты.

16 Абы-Мелек да Ыскакка: «Бизден алыс кет, анткени бизден алда канча күчтүү болуп алдың», – деди.

17 Ошондо Ыскак ал жерден кетип, чатырларын Герар өрөөнүнө тигип, ошол жерде отурукташып калды.

18 Атасы Ыбрайымдын убагында казылып, ал өлгөндөн кийин пелиштиликтер топурак толтуруп салган кудуктарды Ыскак кайрадан казып, аларды атасы атаган аттар менен атады.

19 Ыскактын кулдары өрөөндү казып жатып, ал жерден суусу бар кудук табышты.

20 Ошондо Герардын койчулары менен Ыскактын койчулары: «Бул биздин суу», – деп талашышкандыктан, ал анын атын Эйсек деп атады.

21 Дагы бир кудук казышты. Ал тууралуу да талашышкандыктан, ал анын атын Ситна деп атады.

22 Ошондо ал бул жерден кетип, башка кудук казды. Ал тууралуу талаш болгон жок. Ошондо ал: «Эми Теңир бизге кенен жер берди, биз эми жер бетинде көбөйө баштайбыз», – деп, ал кудукту Рехобот деп атады.

23 Ал жерден ал Бейер-Шебага көчтү.

24 Ошол түнү Теңир ага келип, мындай деди: «Мен сенин атаң Ыбрайымдын Кудайымын. Коркпогун, анткени Мен сени мененмин. Кулум Ыбрайым үчүн сага батамды берип, сенин тукумуңду көбөйтөм».

25 Ошондо Ыскак ошол жерге курмандык чалынуучу жай куруп, Теңирдин атын чакырды. Ошол жерге чатырын тикти. Кулдары ошол жерге кудук казышты.

Ыскактын Абы-Мелек менен келишим түзүшү

26 Ага Герардан Абы-Мелек өзүнүн досу Акузат жана аскер башчысы Пихол менен келди.

27 Ыскак аларга: «Силер мени жек көрүп, өзүңөрдүн араңардан кууп жибергенден кийин, мага эмнеге келдиңер?» – деди.

28 «Теңир сени менен экенин ачык көрдүк, ошон үчүн биз сени менен антташып, келишим түзөлү.

29 Анткени биз сага тийбей, жакшылык гана кылып, сени тынчтык менен коё бергендей эле, сен да бизге жамандык кылба. Сен азыр Теңирдин батасына ээсиң», – дешти алар.

30 Ыскак алар үчүн той өткөрдү. Алар ичип-жешти.

31 Эртеси эртең менен эрте туруп, алар бири-бирине ант беришти. Ыскак аларды коё берди, алар аныкынан тынчтык менен жөнөп кетишти.

32 Ошол эле күнү Ыскактын кулдары келип, өздөрү казган кудук тууралуу: «Биз суу таптык», – деп кабарлашты.

33 Ыскак ал кудукту Шеба деп атады. Ошондуктан ушул күнгө чейин ал шаардын аты Бейер-Шеба деп аталат.

Эйсаптын аялдары

34 Эйсап кырк жашка чыкканда, хеттик Бейердин кызы Жейудитти жана хеттик Эйлондун кызы Басыматты аялдыкка алды.

35 Алар Ыскак менен Ребеканын башына түшкөн кайгы болду.

27-БӨЛҮМ

Ыскактын Жакыпка бата бериши

1 Ыскак картайып, көзү начарлап калганда, тун уулу Эйсапты чакырып: «Уулум!» – деди. Ал ага: «Мына мен», – деди.

2 Ыскак уулуна мындай деди: «Мен эми картайып калдым, качан өлөрүмдү билбейм.

3 Сен азыр куралдарыңды, саадагыңды, жааңды алып, талаага барып, мага илбээсин атып кел.

4 Мен жакшы көргөн тамакты бышырып, алдыма алып кел. Өлөрдөн мурун сага батамды берейин».

5 Ыскак уулу Эйсапка ушул сөздөрдү айтып жатканда, Ребека угуп турган эле. Эйсап талаага илбээсин атып келгени жөнөп кетти.

6 Ребека болсо уулу Жакыпка: «Мен азыр бир тууганың Эйсапка атаңдын:

7 “Илбээсин атып келип, мага тамак бышырып бер. Мен аны жеп, өлөр алдымда Теңир алдында сага батамды берейин”, – дегенин уктум.

8 Эми, уулум, сага айта турган сөзүмө кулак салып, айтканымды аткар.

9 Жайытка барып, эки жакшы улак алып кел. Мен алардын этинен атаңа жакшы көргөн тамагын жасап берейин.

10 Аны атаңа алып бар, ал жеп, өлөр алдында сага батасын берсин», – деди.

11 Жакып апасы Ребекага: «Бир тууганым Эйсап түктүү, мен болсо түксүзмүн.

12 Атам мени сыйпалап көрсө, мен анын алдында алдамчы болуп, бата ордуна каргыш алып калбайын», – деди.

13 Апасы уулуна: «Уулум, сага тие турган каргыш мага тийсин. Менин сөзүмдү гана угуп, айтканымды алып кел», – деди.

14 Ал барып, апасына айтканын алып келди. Апасы анын атасына жакшы көргөн тамагын жасап берди.

15 Анан Ребека үйүнөн тун баласы Эйсаптын жакшы кийимдерин алып, кенже уулу Жакыпка кийгизди.

16 Ал эми колдору менен мойнун улактардын териси менен ороп койду.

17 Анан өзү жасаган тамак менен нанды уулу Жакыптын колуна берди.

18 Ал атасына кирип: «Ата!» – деди. Атасы: «Мына мен, сен кимсиң, уулум?» – деди.

19 Жакып атасына: «Мен тун уулуң Эйсапмын. Айтканыңды аткардым. Өйдө болуп отуруп, мен алып келген илбээсиндин этинен же, анан мага батаңды бер», – деди.

20 Ошондо Ыскак уулунан: «Кантип бат эле таап келе койдуң, уулум?» – деп сурады. Ал ага: «Сенин Кудай-Теңириң Өзү алдыман чыгарды», – деп жооп берди.

21 Анан Ыскак Жакыпка: «Жакын келчи, уулум, мен сени сыйпалап көрөйүн, сен уулум Эйсапсыңбы же ал эмессиңби?» – деди.

22 Жакып атасы Ыскакка жакын келди. Ал аны сыйпалап көрүп: «Yнү – Жакыптын үнү. Колу – Эйсаптын колу», – деди.

23 Ошентип, ал аны тааныган жок, анткени анын колдору бир тууганы Эйсаптыкындай түктүү эле. Анан ага батасын берди.

24 Ал дагы бир жолу: «Эйсап, бул сенсиңби?» – деп сурады. Жакып болсо: «Ооба, менмин», – деп жооп берди.

25 Ошондо Ыскак ага: «Алып бер, мен уулум алып келген илбээсиндин этинен жеп, ага батамды берейин», – деди. Жакып ага тамакты алып берди, ал жеди. Ал шарап да алып келди, ал аны да ичти.

26 Анан атасы Ыскак ага: «Уулум, жакын келип, мени өпчү», – деди.

27 Ал ага жакын барып, аны өптү. Ошондо Ыскак анын кийиминин жытын сезип, ага мындай деп батасын берди: «Бул – Теңир батасын берген талаанын жытындай болгон уулумдун жыты.

28 Кудай сага асман шүүдүрүмүн, жердин семизин берсин, нан менен шарапты мол берсин.

29 Элдер сага кызмат кылышсын, уруулар сага баш ийип таазим этишсин. Бир туугандарыңдын төрөсү бол, энеңдин уулдары сага баш ийип таазим этишсин. Сени каргагандар каргышка калышсын, алкагандар бата алышсын».

Эйсаптын бата сурашы

30 Ыскак Жакыпка батасын берип бүткөндөн кийин, Жакып атасы Ыскактын алдынан чыгып кетери менен, бир тууганы Эйсап аңчылыктан келди.

31 Ал да атасына тамак бышырып алып келип: «Тур, ата, уулуң алып келген илбээсиндин этинен же, анан мага батаңды бересиң», – деди.

32 Атасы Ыскак андан: «Сен кимсиң?» – деп сурады. Ал: «Мен тун уулуң Эйсапмын», – деп жооп берди.

33 Ошондо Ыскак аябай коркуп, калтырап кетип, мындай деди: «Сен келерден мурда мага илбээсиндин этин алып келген ким эле? Сен келгиче, мен анын бардык тамагынан жеп, ага батамды бердим, эми ал баталуу болот».

34 Эйсап атасынын сөздөрүн укканда, боздоп ыйлап жиберди. Анан: «Ата! Мага да батаңды бер», – деди.

35 Бирок ал: «Бир тууганың куулук менен келип, сенин батаңды алып кетти», – деди.

36 Ошондо Эйсап: «Ага Жакып деген ат бекеринен коюлган эмес тура, анткени ал мени эки жолу алдап кетти. Ал менин тунгучтугумду алды, эми менин батамды да алды», – деди. Анан ал атасынан: «Кантип эле сен мага батаңдан калтырган жоксуң?» – деп, дагы сурады.

37 Ыскак Эйсапка: «Мен аны сенин мырзаң кылдым, бардык бир туугандарыңды да ага кулчулукка бердим. Нан менен шарапты мол бердим. Эми сага эмне кыла алам, уулум?» – деп жооп берди.

38 Бирок Эйсап атасына: «Ата, кантип эле сенин бир эле батаң болсун? Мага да батаңды бер, ата!» – деп, озондоп ыйлады.

39 Ошондо атасы Ыскак ага мындай деп жооп берди: «Сен семиз жерде, асман шүүдүрүмү менен сугарылган жерде жашайсың.

40 Кылычың менен жашап, бир тууганыңа кызмат кыласың, бирок ага каршы чыгып, мойнуңдан анын моюнтуругун алып таштай турган мезгил да келет».

41 Ошондо Эйсап атасы берген бата үчүн Жакыпты жек көрүп калды. Анан Эйсап ичинен: «Атамды жоктоп ыйлай турган күндөр жакындап калды. Ошондон кийин бир тууганым Жакыпты өлтүрөм», – деди.

42 Ребекага тун уулу Эйсаптын сөздөрүн айтып келишти. Ошондо ал киши жиберип, кичүү уулу Жакыпты чакыртып: «Сени бир тууганың Эйсап өлтүргөнү жатат.

43 Эми, уулум, менин сөзүмдү угуп, ордуңан тургун да, Харандагы менин бир тууганым Лабандыкына кач.

44 Бир тууганыңдын ачуусу тараганча, аныкында бир аз жашай тур.

45 Бир тууганыңдын сага болгон ачуусу тарап, ага кылгандарыңды унутсун. Анан мен киши жиберип, ал жактан сени алдырып алам. Бир күндүн ичинде экөөңөн тең ажырап калгым келбейт», – деди.

Жакыптын Месопотамияга кетиши

46 Анан Ребека Ыскакка: «Хет кыздарынан улам мен жашоого ыраазы эмесмин. Эгерде Жакып да бул жердин кыздарынан, Хеттин ушундай кыздарынан аял алса, анда мен жашап эмне кылам?» – деди.

28-БӨЛҮМ

1 Ошондо Ыскак Жакыпты чакырып, ага батасын берип, мындай деп осуят кылды: «Канаан кыздарынан аял алба.

2 Ордуңан туруп, Месопотамияга, апаңдын атасы Бетуелдин үйүнө бар, ал жерден апаңдын бир тууганы Лабандын кыздарынан аял ал.

3 Кудуреттүү Кудай сага батасын берсин, сени укум-тукумдуу кылсын, сенден көптөгөн элдер тарасын.

4 Кудай Ыбрайымга берген батасын сага да, сенин укум-тукумуңа да берсин. Кудай Ыбрайымга берген, азыр сен жашап жаткан жерди мураска ал».

5 Ошентип, Ыскак Жакыпты коё берди. Ал Месопотамияга, Жакып менен Эйсаптын энеси Ребеканын бир тууганы арамейлик Бетуелдин уулу Лабандыкына жөнөп кетти.

Эйсаптын аялы – Махалат

6 Эйсап Ыскактын Жакыпка бата бергенин, аны Месопотамияга жөнөтүп жатып: «Ошол жерден аял ал, Канаан кыздарынан алба», – деп осуяттаганын,

7 Жакып атасы менен апасынын тилин алып, Месопотамияга жөнөп кеткенин көрдү.

8 Эйсап ошондой эле Канаан кыздары атасы Ыскакка жакпаганын көрүп,

9 Ысмайылга барып, Ыбрайымдын уулу Ысмайылдын кызы Махалатты, Ныбайоттун карындашын, эки аялынын үстүнө аялдыкка алды.

Жакыптын түшү

10 Жакып болсо Бейер-Шебадан чыгып, Харанга жөнөдү.

11 Анан ал бир жерге келип, ошол жерге түнөмөкчү болду, анткени күн батып калган эле. Ошол жердин таштарынан бирди алып, башына жаздап, ошол жерге жатты.

12 Ал уктап жатып, түшүндө жерде тепкич турганын көрдү. Тепкичтин башы асманга тийип туруптур. Кудайдын периштелери тепкич менен түшүп-чыгып жаткан экен.

13 Теңир тепкичтин үстүндө туруп: «Мен Теңирмин, атаң Ыбрайым менен Ыскактын Кудайымын. Сен жаткан жерди Мен сага жана сенин укум-тукумуңа берем,

14 сенин укум-тукумуң жер кумундай болот. Деңиз тарапка, чыгышка, түндүккө, түштүккө тарайсың. Сен аркылуу, сенин уругуң аркылуу жер бетиндеги бардык уруулар бата алышат.

15 Эми Мен сени мененмин. Сен кайда барбагын, бардык жерде сени сактаймын жана сени бул жерге кайра алып келемин. Мен айткандарымды орундатмайынча, сени таштабаймын», – деди.

16 Жакып ойгонуп: «Чын эле, Теңир бул жерде экен, мен болсо муну билген эмесмин!» – деди.

17 Анан коркуп кетип: «Бул жер өтө коркунучтуу экен. Бул жер жөнөкөй жер эмес, Кудайдын үйү, асман дарбазасы турбайбы!» – деди.

18 Жакып эртең менен эрте туруп, башына жазданган ташты алып, аны эстелик кылып коюп, үстүнө зайтун майын куйду.

19 Анан ал жерди Бейтел деп атады. Ал эми шаардын мурунку аты Луз эле.

20 Ошондо Жакып мындай деп убада берди: «Эгерде Кудай мени менен болсо, бара жаткан ушул жолдо мени сактай турган болсо, мага жей турган нан, кие турган кийим берсе,

21 атамдын үйүнө тынчтык менен кайтсам жана Теңир менин Кудайым болсо,

22 анда мен эстелик кылып койгон мына бул таш Кудайдын үйү болот. О, Кудайым, ошондо мен Сага Сен берген бардык нерсенин ондон бир бөлүгүн берем».

29-БӨЛҮМ

Жакыптын Рахел менен кездешүүсү

1 Анан Жакып ордунан туруп, чыгыш уулдарынын жерине кетти.

2 Ал талаадан кудук көрдү, анын жанында үч короо кой жаткан эле, анткени малды ошол кудуктан сугарышчу. Кудуктун оозунда чоң таш бар эле.

3 Малдын баары ошол жерге чогулганда, кудуктун оозундагы ташты жылдырып, койлорду сугарышчу. Анан ташты кайрадан өз ордуна, кудуктун оозуна жылдырып коюшчу.

4 Жакып алардан: «Бир туугандарым! Силер кайдансыңар?» – деп сурады. Алар: «Биз Харанданбыз», – деп жооп беришти.

5 Ошондо Жакып алардан: «Силер Нахордун уулу Лабанды тааныйсыңарбы?» – деп сурады. Алар: «Тааныйбыз», – дешти.

6 Ал алардан дагы: «Ал аман-эсен жүрөбү?» – деп сурады. Алар: «Аман-эсен жүрөт. Тигине, кызы Рахел койлорун айдап келе жатат», – деп жооп беришти.

7 Жакып аларга: «Күн батканча көп бар. Малды айдап келер маал боло элек. Койлорду сугарып алып, жайганы кеткиле», – деди.

8 «Бардык малды чогултмайынча, кудуктун оозундагы ташты жылдырышмайынча, койлорду сугара албайбыз», – дешти алар.

9 Жакып алар менен сүйлөшүп турганда, Рахел атасынын майда малын айдап келип калды, анткени ал кой кайтарып жүргөн эле.

10 Жакып таякеси Лабандын кызы Рахелди жана анын койлорун көргөндө, жакын келип, кудуктун оозунан ташты жылдырып, таякесинин койлорун сугарды.

11 Анан Жакып Рахелди өөп, өксөп ыйлап жиберди.

12 Ошондо Жакып Рахелге анын атасынын тууганы экенин, Ребеканын уулу экенин айтты. Рахел болсо чуркап барып, атасына айтты.

13 Лабан карындашынын баласы Жакып жөнүндө угуп, анын алдынан чуркап чыгып, кучактап өөп, өз үйүнө киргизди. Анан Жакып Лабанга болгон окуяны айтып берди.

14 Лабан болсо ага: «Чынында эле, сен менин өз сөөгүм, өз канымсың», – деди. Жакып аныкында толук бир ай турду.

Жакыптын Рахел жана Лея үчүн кызмат өтөшү

15 Анан Лабан Жакыпка мындай деди: «Сен тууган болгонуң үчүн эле мага бекер кызмат кылышың керекпи? Айтчы, акыңа эмне берейин?»

16 Лабандын эки кызы бар эле. Улуусунун аты – Лея, кичүүсүнүн аты – Рахел.

17 Леянын көзү начар көрчү, ал эми Рахелдин мүчөсү келишимдүү, өңү татынакай эле.

18 Жакып Рахелди сүйүп калып: «Мен кенже кызың Рахел үчүн сага жети жыл кызмат кылам», – деди.

19 Лабан ага: «Аны бөлөк бирөөгө бергенден көрө сага бергеним жакшы. Меникинде жашай бер», – деди.

20 Ошентип, Жакып Рахел үчүн жети жыл кызмат кылды. Ал аны сүйгөндүктөн, бул жылдар ага бир нече күндөй эле көрүндү.

21 Анан Жакып Лабанга: «Эми аялымды бер, анткени ага жакындаганга менин убактым келди», – деди.

22 Лабан ал жерде жашаган адамдардын бардыгын чакырып, той өткөрдү.

23 Кечинде ал кызы Леяны Жакыпка алып келди. Жакып ага жакындады.

24 Лабан өз күңү Зилпаны кызы Леяга кызматчы кылып берди.

25 Эртең менен ал Лея болуп чыкты. Ошондо Жакып Лабанга: «Бул эмне кылганың? Мен сага Рахел үчүн кызмат кылбадым беле? Мени эмнеге алдадың?» – деди.

26 Лабан ага: «Биздин жерде улуусунан мурда кичүүсүн күйөөгө бербейт.

27 Бул жуманы аякта. Андан кийин сага тигинисин да беребиз, сен ал үчүн дагы жети жыл меникинде кызмат кыласың», – деди.

28 Жакып ошондой кылды, бир жуманы аяктады. Анан Лабан кызы Рахелди да ага аялдыкка берди.

29 Лабан өз күңү Биланы кызы Рахелге кызматчы кылып берди.

30 Жакып Рахелге да жакындады. Ал Леяга караганда Рахелди көбүрөөк сүйчү. Лабандыкында ал дагы жети жыл кызмат кылды.

Жакыптын балдары

31 Анын Леяны сүйбөгөнүн көрүп, Теңир Леяны балалуу кылды. Ал эми Рахелдин согончогу канаган жок.

32 Леянын боюна бүтүп, уул төрөп: «Теңир менин бактысыздыгыма назарын салды, эми күйөөм мени жакшы көрөт», – деп, анын атын Рубейин койду.

33 Дагы боюна бүтүп, уул төрөп: «Мен анын сүйбөгөн аялы экенимди Теңир угуп, мага муну да берди», – деп, анын атын Шымон койду.

34 Дагы боюна бүтүп, уул төрөп: «Мына эми күйөөм мага жабышат, анткени мен ага үч уул төрөп бердим», – деп, анын атын Леби койду.

35 Анан дагы боюна бүтүп, уул төрөп: «Мына эми мен Теңиримди даңктайм», – деп, анын атын Жүйүт койду. Ошондон кийин анын төрөтү токтоду.

30-БӨЛҮМ

1 Рахел өзүнүн Жакыпка бала төрөп бербей жатканын көрүп, эжесине көз артып, Жакыпка: «Мага бала бер, болбосо мен өлөм», – деди.

2 Жакып Рахелге ачууланып: «Сага бала бербеген Кудай менминби?» – деди.

3 Рахел ага: «Менин кызматчым Билага жакында, ал менин тиземе төрөп берсин, ал аркылуу мен да балалуу болоюн», – деди.

4 Ошентип, ал өзүнүн кызматчысы Биланы ага аялдыкка берди. Жакып ага жакындады.

5 Биланын боюна бүтүп, Жакыпка уул төрөп берди.

6 Ошондо Рахел: «Кудай мага калыстык кылып, менин үнүмдү угуп, уул берди», – деп, анын атын Дан койду.

7 Рахелдин кызматчысы Биланын дагы боюна бүтүп, Жакыпка экинчи уулун төрөп берди.

8 Ошондо Рахел: «Эжем менен катуу кармашып, жеңип чыктым», – деп, анын атын Напталы койду.

9 Лея өзүнүн төрөтү токтоп калганын көрүп, өз кызматчысы Зилпаны Жакыпка аялдыкка берди.

10 Леянын кызматчысы Зилпа да Жакыпка уул төрөп берди.

11 Ошондо Лея: «Баш кошулду», – деп, анын атын Гат койду.

12 Леянын кызматчысы Зилпа Жакыпка экинчи уулун төрөп берди.

13 Ошондо Лея: «Бул менин багыма. Эми аялдар мени бактылуу дешет», – деп, анын атын Ашыр койду.

14 Рубейин буудайды оруп-жыюу маалында талаага чыгып, мандрагор таап алып, энеси Леяга берди. Ошондо Рахел Леяга: «Уулуң алып келген мандрагорлорду мага берчи», – деди.

15 Бирок Лея ага: «Күйөөмдү тартып алганың аз келгенсип, уулум алып келген мандрагорлорду да тартып алгың келип жатабы?» – деди. Рахел ага: «Андай болсо уулуңдун мандрагорлору үчүн Жакып бүгүн түнү сени менен жатсын», – деди.

16 Жакып кечинде талаадан келе жатканда, Лея алдынан тосуп чыгып: «Меникине кир, анткени мен сени уулумдун мандрагорлоруна сатып алдым», – деди. Бул түнү Жакып Лея менен жатты.

17 Ошондо Кудай Леяны укту. Анын боюна бүтүп, Жакыпка бешинчи уулун төрөп берди.

18 Анан Лея: «Кызматчымды күйөөмө бергеним үчүн Кудай мага тиешемди берди», – деп, анын атын Исахар койду.

19 Леянын дагы боюна бүтүп, Жакыпка алтынчы уулун төрөп берди.

20 Ошондо Лея: «Кудай мага эң сонун белек берди. Эми күйөөм меникинде жашайт, анткени мен ага алты уул төрөп бердим», – деп, анын атын Забулун койду.

21 Андан кийин кыз төрөп, анын атын Дина койду.

22 Кудай Рахелди эстеди. Кудай анын үнүн угуп, аны балалуу кылды.

23 Рахелдин боюна бүтүп, уул төрөп: «Кудай мени шылдыңдан арылтты», – деди.

24 Ал: «Теңир мага дагы башка уул берет», – деп, анын атын Жусуп койду.

Жакып менен Лабандын ортосундагы келишим

25 Рахел Жусупту төрөгөндөн кийин, Жакып Лабанга мындай деди: «Эми мени коё бер, мен өз ордума, өз жериме барайын.

26 Мага аялдарым менен балдарымды бер, мен алар үчүн сага кызмат кылдым. Эми мен кетейин, анткени сен менин сага кылган кызматымды билесиң».

27 Ошондо Лабан: «О, мен сенин алдыңда ырайым тапсам кана! Теңир мага сен үчүн бата бергенин билип турам», – деди.

28 Анан дагы: «Кызмат акыңды айт, эмне сурасаң, ошону берейин», – деди.

29 Жакып ага: «Мен сага кандай кызмат кылганымды, менин убагымда малың кандай көбөйгөнүн билесиң.

30 Мага чейин сенин малың аз эле, азыр көп болуп калды. Мен келгенден тартып, Теңир сага батасын берди. Эми мен качан өз үйүм үчүн иштейм?» – деди.

31 Ошондо Лабан: «Сага эмне берейин?» – деди. «Мага эч нерсе бербей эле кой. Менин айтканымды гана кылсаң, сенин койлоруңду кайрадан кайтарам.

32 Мен бүгүн койлоруңдун баарын аралап чыгам. Сен андан темгили бар, тагы бар малдын баарын, кара койлорду, ошондой эле темгили бар, тагы бар эчкилерди бөлүп кой. Ушундай мал менин кызмат акым болсун.

33 Кийин сен менин кызмат акымды көргөнү келгениңде, сага менин ордума адилеттигим айтып турсун. Мендеги темгили жок, тагы жок ар кандай эчкилер жана кара эмес койлор уурдалган болуп эсептелет», – деди Жакып.

34 «Жакшы болот, сен айткандай болсун», – деди Лабан.

35 Ошентип, Лабан ошол күнү бардык ала-була, тагы бар текелерди, темгили бар, тагы бар эчкилерди, бир аз агы бар эчки-текелердин баарын, кара койлорду бөлүп алып, өзүнүн уулдарынын колуна өткөрүп берди.

36 Анан ал өзү менен Жакыптын ортосуна үч күн жол жүрчү аралыкты белгиледи. Жакып болсо Лабандын калган кой-эчкилерин кайтарып калды.

37 Жакып жаш тал, бадам, чынар чырпыктарын алып, алардын кабыгын тилке-тилке кылып кесип, кесилген жерлерди агарта аарчыды.

38 Анан тилке салынган чыбыктарды малдын алдына, суу куюлуучу аштоолорго таштап койду. Ал жерге мал суу ичкени келчү. Алар ал жерге суу ичкени келип, чыбыктардын бет маңдайында уруктанышчу.

39 Ошентип, чыбыктардын бет маңдайында уруктанган малдан ала-була, темгили, тагы бар мал туулду.

40 Ошондо Жакып козуларды бөлүп алып, алардын бет маңдайына Лабандын ала-була жана кара койлорун койду. Ал өз малын өзүнчө кармап, Лабандын малына кошчу эмес.

41 Тыңыраак мал уруктанарда, чыбыктардын бет маңдайында уруктанышы үчүн, Жакып чыбыктарды малдын алдына, аштоолордун ичине таштап койчу.

42 Ал эми чабыр мал уруктанарда, чыбыктарды таштачу эмес. Ошондуктан Лабанга чабыр мал, Жакыпка тың мал тийип турду.

43 Ошентип, Жакып өтө бай адам болду. Анын көптөгөн майда малы, күңдөрү, кулдары, төөлөрү, эшектери болгон.

31-БӨЛҮМ

Жакыптын качышы

1 Ошондо Жакып Лабандын уулдарынын мындай сөздөрүн укту: «Жакып биздин атабыздын бардык нерсесин ээлеп алды, ал ушул байлыктын баарын атабыздын мал-мүлкүнөн жыйып алды».

2 Жакып Лабандын жүзүн караса, ал аны мурдагыдай карабай калыптыр.

3 Ошондо Теңир Жакыпка: «Ата-бабаларыңдын жерине, өзүңдүн мекениңе кайт. Мен сени менен боломун», – деди.

4 Жакып киши жиберип, Рахел менен Леяны талаага, койлорунун жанына чакыртып алды.

5 Жакып аларга: «Мен атаңардын мурдагыдай карабай калганын көрүп турам. Бирок атамдын Кудайы мени менен болду.

6 Силер менин атаңарга бүт күчүм менен кызмат кылганымды билесиңер.

7 Атаңар болсо мени алдап, кызмат акымды он жолу алмаштырды. Бирок анын мага жамандык кылуусуна Кудай жол берген жок.

8 Ал мага “Темгилдүү мал сенин кызмат акың болот” дегенде, малдын баары темгил тууду. Ал эми “Сенин кызмат акың ала-була мал болот” дегенде, малдын баары ала-була тууду.

9 Ошентип, Кудай малды атаңардан тартып алып, мага берди.

10 Бир жолу куут маалында, түшүмдө кууган текелердин баары ала-була, темгили, тактары бар текелер экенин көрдүм.

11 Кудайдын периштеси түшүмдө мага: “Жакып!” – деди. Мен: “Мына мен”, – дедим.

12 Ал мага: “Башыңды көтөрүп карачы, кууган текелердин баары – ала-була, темгили, тактары бар текелер, анткени Мен Лабандын сага эмне кылып жатканын көрүп турам.

13 Мен сага Бейтелде келген Кудаймын, ошол жерде сен эстеликтин үстүнө зайтун майын куюп, ошол жерде Мага убада бергенсиң. Эми ордуңан туруп, бул жерден чыгып, өз мекениңе кайт”, – деди».

14 Рахел менен Лея ага: «Атабыздын бизге бергидей, энчи, мурасы бар беле?

15 Ал бизди бөтөн катары санайт. Анткени ал бизди сатты, атүгүл, күмүшүбүздү да жеп койду.

16 Кудай атабыздан тартып алган байлыктын баары биздики жана балдарыбыздыкы. Ошондуктан Кудай сага айткандын бардыгын кыл», – дешти.

17 Ошондо Жакып ордунан туруп, балдары менен аялдарын төөлөргө мингизди.

18 Анан Месопотамиядан тапкан өзүнүн бардык мал-мүлкүн алып, Канаан жерине, атасы Ыскакка жөнөп кетти.

19 Лабан малын кыркканы кетери менен, Рахел атасынын жасалма кудайларын уурдап алды.

20 Жакып болсо арамейлик Лабанга өзүнүн кетерин айтпай, аны алдап кетти.

21 Ошентип, ал өзүнүн бардык мал-мүлкүн алып, дарыядан өтүп, Гилат тоосун карай бет алды.

Лабандын Жакыптын артынан куушу

22 Жакыптын кеткендигин Лабанга үчүнчү күнү айтышты.

23 Ошондо ал жанына туугандарын алып, жети күн бою кууп жүрүп отуруп, ага Гилат тоосуна келгенде жетти.

24 Кудай арамейлик Лабанга түн ичинде түшүндө келип: «Байкагын, Жакыпка жаман да, жакшы да айтпа», – деди.

25 Лабан Жакыпты кууп жетти. Жакып болсо чатырын тоого тигип алган эле. Лабан да туугандары менен чатырын Гилат тоосуна тикти.

26 Ошондо Лабан Жакыпка: «Бул эмне кылганың? Эмне үчүн мени алдадың, кыздарымды туткунга түшкөндөрдөй кылып алып кеттиң?

27 Эмне үчүн жашыруун качтың? Эмне үчүн менден жашындың? Эмне үчүн мага айткан жоксуң? Мен сени той-тамаша өткөрүп, ыр ырдап, дап кагып, гусли чертип узатпайт белем?

28 Атүгүл, неберелерим менен кыздарымдын бетинен өптүргөн жоксуң. Сен ойлонбой иш кылдың.

29 Силерге жамандык кылууга күчүм жетет, бирок атаңардын Кудайы кечээ мага: “Байкагын, Жакыпка жакшы да, жаман да айтпа”, – деди.

30 Кете берсең мейли эле, анткени атаңдыкында болууну абдан каалаптырсың, бирок эмне үчүн менин кудайларымды уурдап кеттиң?» – деди.

31 Жакып Лабанга мындай деп жооп берди: «Кыздарыңды менден тартып аласың го деп корктум.

32 Кудайларыңды кимден тапсаң, ал тирүү калбасын! Туугандарыбыздын көзүнчө меникинен издеп таап ал». Аларды Рахел уурдап алганын Жакып билген эмес эле.

33 Ошондо Лабан Жакыптын, Леянын, эки күңдүн чатырларына кирип, издеп таба албады. Анан Леянын чатырынан чыгып, Рахелдикине кирди.

34 Рахел болсо жасалма кудайларды төөнүн чомунун астына катып, өзү үстүнө отуруп алган эле. Лабан чатырды бүт аңтарып, таба албады.

35 Рахел атасына: «Мырзам менин тура албаганыма ачууланбаса экен, анткени менде аялдарга мүнөздүү нерсе болуп жатат», – деди. Ал издеп-издеп, жасалма кудайларын таба албады.

36 Жакып ачууланып, Лабан менен айтыша кетти. Ал Лабанга мындай деди: «Менин артыман кууп келгидей, айыбым кайсы, күнөөм кайсы?

37 Менин буюмдарымдын баарын карап чыктың, өзүңдүн кайсы буюмуңду таптың? Ушул жерде менин туугандарым менен өз туугандарыңдын алдында көрсөт. Алар экөөбүздүн ортобузда калыстык кылышсын.

38 Сага жыйырма жыл иштеп бердим, кой-эчкилериң бала салган жок, корооңдогу койлоруңдан жеген жокмун.

39 Жырткыч жара тарткандарын алып келген эмесмин, алар менин чыгашам эле. Күндүз жоголсо да, түндө жоголсо да, сен менден төлөтүп алып турдуң.

40 Күндүз ысыктан, түнкүсүн сууктан жапа чегип кыйналдым, түн уйкумдан калдым.

41 Менин жыйырма жылым сенин үйүңдө ушинтип өттү. Мен сенин эки кызың үчүн сага он төрт жыл, малың үчүн алты жыл кызмат кылдым. Сен болсо менин кызмат акымды он жолу алмаштырдың.

42 Эгерде атам Ыбрайымдын Кудайы жана Ыскактын Коркунучу мени менен болбогондо, сен мени азыр да эч нерсе бербей, куру кол коё бермексиң. Кудай менин кайгымды жана маңдай тер, таман акымды көрүп, кечээ менин таламымды талашты».

43 Ошондо Лабан Жакыпка мындай деп жооп берди: «Кыздар – менин кыздарым. Балдар – менин балдарым. Мал – менин малым. Сен көрүп тургандын баары меники. Мен кыздарыма жана алар төрөгөн балдарга эми бир нерсе кылмак белем?

Жакыптын Лабан менен келишим түзүшү

44 Азыр экөөбүз келишим түзөлү, ал сен экөөбүздүн ортобузда күбө болcун».

45 Жакып таш алып, аны эстелик кылып койду.

46 Анан Жакып өзүнүн туугандарына: «Таш жыйнагыла», – деди. Алар таш жыйнап, дөбө кылып үйүштү да, ошол дөбөгө отуруп алып тамактанышты.

47 Лабан аны «Жыгар-Саадут» (Күбө дөбө) деп, Жакып болсо аны Гилат деп атады.

48 Анан Лабан: «Бүгүндөн баштап бул таш дөбө экөөбүздүн ортобузда күбө болот», – деди. Ошондуктан ал жерди Гилат деп аташты.

49 Ал дөбө Миспа деп да аталат, анткени Лабан: «Сен экөөбүз бири-бирибизден бөлүнүп кеткенден кийин, Теңир менин үстүмөн да, сенин үстүңөн да көз салып турсун.

50 Эгерде кыздарыма жаман мамиле кыла турган болсоң же кыздарымдын үстүнө аял ала турган болсоң, байкагын, экөөбүздүн ортобузда күбө болчу адам жок, бирок ортобузда Кудай күбө», – деди.

51 Ошентип, Лабан Жакыпка: «Мына бул дөбө менен мен койгон эстелик экөөбүзгө күбө болот.

52 Бул дөбө менен бул эстелик күбө: жамандык кылыш үчүн, бул дөбө менен бул эстеликтен сен тарапка мен өтпөйм, мен тарапка сен өтпөйсүң.

53 Ыбрайымдын Кудайы, Нахордун Кудайы, алардын ата-бабаларынын Кудайы ортобузда калыс болсун», – деди. Жакып атасы Ыскактын Коркунучу менен ант берди.

54 Анан Жакып тоодо курмандык чалып, туугандарын тамакка чакырды. Алар тамактанып, тоодо түнөп калышты.

55 Лабан эртеси эртең менен эрте туруп, неберелери менен кыздарын өөп, аларга батасын берип жөнөп кетти. Ошентип, Лабан өз жерине кайтып келди.

32-БӨЛҮМ

Жакыптын Эйсап менен жолугушууга даярданышы

1 Жакып болсо өз жолу менен кетти. Жолдо ага Кудайдын периштелери жолукту.

2 Жакып аларды көрүп: «Кудайдын аскерлери», – деди. Анан ал жерди Маханайим деп атады.

3 Жакып өзүнөн мурун Эдом аймагына, Сеир жериндеги бир тууганы Эйсапка кабарчыларын жөнөттү.

4 Аларга мындай буйрук берди: «Мырзам Эйсапка кулуң Жакып мындай дейт дегиле: “Мен Лабандыкында бүгүнкү күнгө чейин жашап турдум.

5 Менин өгүздөрүм, эшектерим, майда малым, кулдарым, күңдөрүм бар. Мен сенин алдыңда ырайым табуу үчүн, өзүм жөнүндө мырзама кабарлап коюуга киши жибердим”».

6 Кабарчылар Жакыпка кайра келип: «Биз бир тууганың Эйсапка бардык. Ал сени тосуп келе жатат, жанында төрт жүз адам бар», – деп айтышты.

7 Жакып абдан коркуп, тынчы кетти. Ал өзүнүн адамдарын, майда жана бодо малын, төөлөрүн эки топко бөлдү.

8 Ал: «Эгер Эйсап кол салып бир топту талкаласа, экинчи топ кутулуп кете алат», – деп ойлоду.

9 Анан Жакып Кудайга мындай деп кайрылды: «О, атам Ыбрайымдын Кудайы жана атам Ыскактын Кудайы, Теңирим, Сен мага: “Өз жериңе, мекениңе кайт, Мен сени колдойм!” – дедиң эле.

10 Сенин Өз кулуңа кылган бардык ырайымың менен жакшылыгыңа татыксызмын, анткени мен бул Иордандан жалгыз таягым менен өттүм эле, азыр болсо эки станым бар.

11 Мени бир тууганым Эйсаптын колунан куткар, анткени мен андан корком, ал келип, мени жана балдарымды энелери менен кошо өлтүрүп койбосун.

12 Сен мага: “Мен сени колдоп, укум-тукумуңду деңиз кумундай көбөйтүп, көптүгүнөн санап чыккыс кылам”, – деп айткансың».

13 Жакып ал түнү ошол жерде түнөдү. Анан ал өзүнүн мал-мүлкүнөн бир тууганы Эйсапка белек кылуу үчүн буларды алды:

14 эки жүз эчки, жыйырма теке, эки жүз кой, жыйырма кочкор,

15 отуз иңген ботолору менен, кырк уй, он өгүз, жыйырма ургаачы, он эркек эшек.

16 Кулдарына ар бир үйүрдү өзүнчө бөлүп берип, аларга: «Менин алдыма түшкүлө, үйүрлөрдүн ортосунда аралык болсун», – деди.

17 Анан биринчи адамга минтип буйруду: «Бир тууганым Эйсап алдыңан чыгып: “Кимдин кулусуң? Кайда бара жатасың? Айдаган малың кимдики?” – деп сураса, сен:

18 “Сенин кулуң Жакыптыкы. Булар – мырзам Эйсапка жиберилген белек. Ал өзү да биздин артыбызда келе жатат”, – де».

19 Ошондой эле экинчисине да, үчүнчүсүнө да, үйүр-үйүр малдын артында бара жаткандардын бардыгына: «Эйсапка жолуксаңар, ушундай дегиле», – деп буйрук берди.

20 «Дагы мындай дегиле: “Кулуң Жакып да биздин артыбызда келе жатат”», – деди. Анткени ал ичинен: «Жөнөтүп жиберген белектерим менен анын жүрөгүн жумшартайын, андан соң жүз көрүшөйүн. Мүмкүн, мени кабыл алар», – деп ойлогон.

21 Ошентип, белектерин жөнөтүп жиберди. Ал эми өзү ошол түнү станда түнөп калды.

22 Ошол түнү ордунан туруп, эки аялын, эки күңүн, он бир уулун алып, Жабок суусун кечип өттү.

23 Аларды шар суудан алып өттү, өзүнүн бардык мал-мүлкүн өткөрдү.

Жакыптын Кудай менен кармашышы

24 Ошентип, Жакып жалгыз калды. Ошондо таң атканга чейин Бирөө аны менен кармашты.

25 Ал Жакыпты жеңе албастыгын көрүп, аны менен кармашып жатканда, жамбаш тарамышына тийип, мертинтип койду.

26 Анан Ал: «Коё бер Мени, таң атып кетти», – деди. Жакып Ага: «Мага батаңды бермейинче, коё бербеймин Сени», – деди.

27 Ал Жакыптан: «Атың ким?» – деп сурады. Ал: «Жакып», – деп жооп берди.

28 Ошондо Ал мындай деди: «Ушундан тартып сенин атың Жакып эмес, Ысрайыл болот, анткени сен Кудай менен, адамдар менен кармашып, жеңип чыктың».

29 Жакып да: «Атыңды айт», – деди. Ал: «Эмне үчүн Менин атымды сурап жатасың?» – деди да, ошол жерде ага батасын берди.

30 Анан Жакып: «Мен Кудайды бетме-бет көрдүм, бирок тирүү калдым», – деп, ал жерди Пенуел деп атады.

31 Ал Пенуелден өтүп бара жатканда, күн чыкты. Ал жамбашынан сылтып бара жатты.

32 Ошондуктан Ысрайыл уулдары азыркыга чейин жамбаштын тарамыштарын жешпейт, анткени Кармашуучу Жакыптын жамбаш тарамышына тийип, мертинтип койгон.

33-БӨЛҮМ

Жакыптын Эйсап менен жолугушуусу

1 Жакып көз чаптырып, Эйсаптын келе жатканын көрдү. Анын жанында төрт жүз адам бар экен. Ошондо ал Леянын, Рахелдин жана эки күңдүн балдарын өз-өзүнчө бөлүп койду.

2 Күңдөрүн жана алардын балдарын алдыга койду, Леяны жана анын балдарын алардын артына, ал эми Рахел менен Жусупту алардын артына койду.

3 Өзү болсо алардын алдына өтүп, бир тууганына жакын келгенче, жети ирет жерге чейин башын ийип таазим этти.

4 Ошондо Эйсап ага утурлай чуркап, аны мойнунан кучактап өпкүлөдү, анан экөө тең ыйлашты.

5 Эйсап анын аялдары менен балдарын көрүп: «Буларың ким?» – деп сурады. «Кудайдын кулуңа берген балдары», – деп жооп берди Жакып.

6 Ошондо күңдөр менен алардын балдары жакын келип, ага таазим кылышты.

7 Лея да балдары менен келип таазим этти. Акырында Жусуп менен Рахел да келип таазим этишти.

8 Анан Эйсап андан: «Сен бул көп сандаган малды кандай максат менен жибердиң?» – деп сурады. Жакып ага: «Мырзамдын алдында ырайым табуу үчүн», – деп жооп берди.

9 Ошондо Эйсап ага: «Бир тууганым, өзүмдүкү жетиштүү, өзүңдүкү өзүңдө калсын», – деди.

10 «Жок, эгерде мен сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, белектеримди кабыл ал, анткени жүзүңдү көргөндө, Кудайдын жүзүн көргөндөй болдум, сен мага ырайым кылдың.

11 Менин сага алып келген тартуумду кабыл ал, анткени Кудай мага берди, менде баары бар», – деп, Жакып аны көндүрдү, Эйсап кабыл алды.

12 Анан Эйсап: «Ордубуздан туруп жөнөйлү. Мен сени менен жөнөйүн», – деди.

13 Жакып ага: «Мырзам өзү көрүп турат, балдарым жаш, ал эми майда жана бодо малым саан. Эгерде малды күнү бою айдасак, анда бардык мал өлүп калат.

14 Мырзам өз кулунун алдында кете берсин, ал эми мен алдымда бара жаткан малдын жүрүшүнө жараша, балдарымдын басыгына жараша жай жол жүрүп, мырзама, Сеирге келейин», – деди.

15 «Жанымдагы кишилердин бир нечесин сени менен калтырайын», – деди Эйсап. «Алардын кереги эмне? Мен мырзамдын алдында ырайым тапсам эле болду», – деди Жакып.

16 Ошентип, Эйсап ошол эле күнү өз жолу менен Сеирге кайтты.

17 Жакып болсо Сукотко келип, ошол жерде өзүнө үй куруп, малына бастырма тургузду. Ошондуктан ал жерди Сукот деп атады.

18 Жакып Месопотамиядан чыккандан кийин, Канаан жериндеги Шекем шаарына аман-эсен жетип, ошол шаарга жакын жайланышты.

19 Анан ал Шекемдин атасы Хамордун балдарынан жүз тыйынга жер сатып алып, чатырын тикти.

20 Ошол жерге курмандык чалынуучу жай куруп, ал жерди «Ысрайылдын Кудайы – кудуреттүү Кудай» деп атады.

34-БӨЛҮМ

Динанын абийиринин булганышы. Өч алуу

1 Леянын Жакыптан төрөгөн кызы Дина ал жердин кыздарын көргөнү чыкты.

2 Аны ал жердин төрөсү хибилик Хамордун уулу Шекем көрүп, кармап алып, зордуктап койду.

3 Жакыптын кызы Динага анын көңүлү түшүп, сүйүп калгандыктан, кыздын жүрөгүнө жаккан сөздөрдү сүйлөдү.

4 Анан Шекем атасы Хаморго: «Бул кызды мага аялдыкка алып бер», – деди.

5 Жакып кызы Динанын абийирин Хамордун баласы булгап койгонун укту, бирок уулдары талаада мал менен болгондуктан, алар келгиче унчуккан жок.

6 Анан Шекемдин атасы Хамор Жакып менен сүйлөшкөнү чыкты.

7 Жакыптын уулдары болсо талаадан келип, бул ишти укканда, капа болуп, аябай ачууланышты, анткени Шекем Жакыптын кызы менен жатып, Ысрайылдын намысын тебеледи, ал мындай кылбашы керек эле.

8 Хамор аларга мындай деди: «Уулум Шекемдин кызыңарга көңүлү түшүп калыптыр, аны уулума аялдыкка бергиле.

9 Биз менен тууган болгула. Кыз алышып, кыз беришели.

10 Биз менен чогуу жашагыла, бул жер силердин алдыңарда турат, ал жерлерге отурукташып, чарба жүргүзүп, ээлик кылгыла».

11 Шекем Динанын атасы менен бир туугандарына: «Силердин алдыңарда ырайым тапсам эле болду, силер эмне десеңер, мен баарын берем.

12 Кандай калың бычып, эмне талап кылсаңар да берем, мага кызыңарды берсеңер эле болду», – деди.

13 Бирок Жакыптын уулдары Шекемге жана анын атасы Хаморго куулук менен жооп беришти, анткени ал алардын карындашы Динанын абийирин булгап койгон эле.

14 Жакыптын уулдары аларга: «Анте албайбыз, биз карындашыбызды сүннөткө отургузулбаганга бере албайбыз, анткени бул – биз үчүн маскарачылык.

15 Эгерде биздей болуп, силердин да бардык эркек аттууңар сүннөткө отургузулса гана макул болобуз.

16 Ошондо биз кыз алышып, кыз беришип, силер менен чогуу жашап, бир эл болобуз.

17 Эгерде сүннөткө отургузулганга макул болбосоңор, анда биз кызыбызды алып кетип калабыз», – дешти.

18 Бул сөздөр Хаморго жана анын уулу Шекемге жагып калды.

19 Улан муну аткарууга токтоосуз киришти, анткени Жакыптын кызын сүйүп калган эле. Шекем атасынын үйүндөгүлөрүнүн ичинен эң кадырлуусу эле.

20 Хамор жана анын уулу Шекем шаар дарбазасынын жанына келип, өз шаарынын тургундарына кайрылып, мындай деди:

21 «Бул адамдар биз менен тынчтыкта. Алар бул жерге отурукташып, чарба жүргүзө беришсин. Жер кенен. Алар менен кыз алышып, кыз беришели.

22 Биздин да бардык эркек аттууларыбыз алардай болуп сүннөткө отургузулган шартта гана бул адамдар биз менен жашап, бир эл болууга макул.

23 Алардын үйүр-үйүр малы да, мүлкү да биз үчүн эмеспи? Аларга макул гана болсок, биз менен жашап калышат».

24 Ошентип, Хамор менен анын уулу Шекемдин айткандарын шаар дарбазасынан чыккандын бардыгы угуп, эркек аттуулардын бардыгы, шаар дарбазасынан чыккандардын бардыгы сүннөткө отургузулду.

25 Yчүнчү күнү, алар ооруп жатканда, Жакыптын эки уулу, Динанын бир туугандары Шымон менен Леби кылычтарын алып, шаарга тартынбастан кол салып, эркек аттуулардын баарын кырып салышты.

26 Хамордун өзүн да, уулу Шекемди да кылыч менен өлтүрүшүп, Шекемдин үйүнөн Динаны алып чыгып кетишти.

27 Жакыптын уулдары өлтүрүлгөндөрдүн шаарына келишти да, карындашынын абийирин булгагандыгы үчүн, шаарды тоноп кетишти.

28 Алар майда жана бодо малын, эшектерин, шаарда эмнеси болсо, талаада эмнеси болсо, бардыгын алып кетишти.

29 Алардын байлыктарын, балдарын, аялдарын туткундап, үйлөрүндө болгон нерсесинин бардыгын талап-тоноп кетишти.

30 Ошондо Жакып Шымон менен Лебиге мындай деди: «Силер мени кайгыга салдыңар, бул жердин тургундарына, канаандыктар менен периздиктерге мени жек көрүндү кылдыңар. Менин элим аз. Алар мага каршы чогулуп, мени өлтүрүп, үй-жайым менен жок кылышат».

31 Алар болсо: «Эмне үчүн ал биздин карындашыбызга сойкуга мамиле кылгандай мамиле кылышы керек?» – дешти.

35-БӨЛҮМ

Кудайдын Жакыпка бата бериши

1 Кудай Жакыпка мындай деди: «Ордуңан туруп, Бейтелге жөнө, ошол жерде жаша. Бир тууганың Эйсаптан качып бара жатканыңда сага келген Кудайга арнап, ошол жерге курмандык чалынуучу жай кур».

2 Ошондо Жакып өз үй-бүлөсү менен өз кишилерине мындай деди: «Бөтөн кудайларыңарды таштагыла, тазаланып, кийимиңерди алмаштыргыла.

3 Ордубуздан туруп, Бейтелге жөнөйлү. Башыма оор күн түшкөн күнү мени угуп, мен жүргөн жолдо мени менен бирге болгон Кудайга курмандык чалынуучу жай курайын».

4 Алар Жакыпка өздөрүнүн бөтөн кудайларын, кулактарындагы сөйкөлөрүн беришти. Жакып аларды Шекемдин жанындагы эмен дарагынын түбүнө көөмп салды.

5 Ошентип, алар жөнөп кетишти. Тегерек-четтеги шаарларга Кудайдын коркунучу туулуп, Жакыптын уулдарынын артынан куушкан жок.

6 Жакып өзүнүн кишилери менен Канаан жериндеги Лузга, башкача айтканда, Бейтелге келди.

7 Анан ал жерге курмандык чалынуучу жай куруп, ошол жерди Эл-Бейтел деп атады, анткени ал өз бир тууганынан качып бара жатканда, ошол жерде ага Кудай келген.

8 Ребеканын эмчек энеси Дебора каза болуп, Бейтелдин төмөн жагындагы эмендин түбүнө коюлду. Жакып аны Алан-Бакут деп атады.

9 Жакып Месопотамиядан кайтып келгенден кийин, Кудай дагы келип, ага батасын берди.

10 Ошондо Кудай ага мындай деди: «Сенин атың Жакып. Мындан ары сенин атың Жакып эмес, Ысрайыл болот». Ошентип, ага Ысрайыл деген ат койду.

11 Кудай ага дагы: «Мен Кудаймын, Кудуреттүүмүн. Укумдап-тукумдап көбөйө бер. Сенден көптөгөн элдер, падышалар чыгат.

12 Мен Ыбрайым менен Ыскакка берген жерди сага жана сенин укум-тукумуңа берем», – деди.

13 Анан Кудай андан, ага сүйлөгөн жерден көтөрүлүп кетти.

14 Ошондо Жакып өзүнө Кудай сүйлөгөн жерге таштан эстелик тургузуп, анын үстүнө куюлуучу курмандыкты куюп, анын үстүнө зайтун майын куйду.

15 Ошентип, ал Кудай өзүнө сүйлөгөн жерди Бейтел деп атады.

Рахелдин көз жумушу

16 Анан алар Бейтелден жөнөп кетишти. Эфратага бир аз калганда, Рахел төрөдү. Анын төрөтү оор болду.

17 Ал төрөттөн кыйналып жатканда, аначы кемпир мындай деди: «Коркпо, анткени мунуң да уул болот».

18 Жаны чыгып бара жаткан Рахел баланын атын Бен-Они койду. Бирок баланын атасы анын атын Бенжемин койду.

19 Рахел өлүп, Эфратага бараткан жолдун боюна коюлду, башкача айтканда, Бейт-Лехемге коюлду.

20 Жакып анын мүрзөсүнүн үстүнө эстелик койду. Ал мүрзөнүн үстүндөгү эстелик бүгүнкү күнгө чейин турат.

21 Анан Ысрайыл жолго чыгып, Эйдер мунарасынын ары жагына чатырын тикти.

Жакыптын уулдары

22 Ысрайыл бул өлкөдө жашап турганда, Рубейин барып, атасынын күңү Била менен жатып алды. Муну Ысрайыл укту. Жакыптын он эки уулу бар эле.

23 Леянын уулдары: Жакыптын туну Рубейин, андан кийинкилери Шымон, Леби, Жүйүт, Исахар жана Забулун.

24 Рахелдин уулдары: Жусуп менен Бенжемин.

25 Рахелдин күңү Биланын уулдары: Дан менен Напталы.

26 Леянын күңү Зилпанын уулдары: Гат менен Ашыр. Жакыптын бул уулдары Месопотамияда төрөлүшкөн.

Ыскактын көз жумушу

27 Ошентип, Жакып атасы Ыскакка, Ыбрайым менен Ыскак жашаган Мамрейге, Кирийат-Арбага, башкача айтканда, Хебронго келди.

28 Ошондо Ыскак жүз сексен жашта эле.

29 Ыскак карылыгы жетип, өмүргө тоюп көз жумуп, өз элине кошулду. Аны уулдары Эйсап менен Жакып көргө коюшту.

36-БӨЛҮМ

Эйсаптын санжырасы

1 Эйсаптын, башкача айтканда, Эдомдун санжырасы мындай:

2 Эйсап Канаан кыздарынан аял алды. Ал хеттик Эйлон кызы Аданы, хибилик Сибон уулу Ананын кызы Олибаманы жана

3 Ысмайыл кызы, Ныбайоттун карындашы Басыматты алды.

4 Ада Эйсапка Элипазды төрөп берди. Басымат Ребуелди төрөдү.

5 Олибама Жейушту, Жаломду жана Коракты төрөдү. Эйсаптын бул уулдары Канаан жеринде төрөлүштү.

6 Эйсап аялдарын, уулдарын, кыздарын, үйүндөгү бардык адамдарын, үйүр-үйүр малын, Канаан жеринде тапкан бардык мал-мүлкүн алып, бир тууганы Жакыптан бөлүнүп, башка жерге кетти.

7 Анткени алардын мал-мүлкү аябай көп болгондуктан, бирге жашай албай калышкан эле. Малынын көптүгүнөн аларга жашаган жери тардык кылды.

8 Эйсап Сеир тоосуна жайланышты. Эйсап – бул Эдом.

9 Сеир тоосундагы эдомдуктардын атасы Эйсаптын санжырасы мындай:

10 Эйсаптын уулдарынын аттары: Эйсаптын аялы Аданын уулу Элипаз жана Эйсаптын аялы Басыматтын уулу Ребуел.

11 Элипаздын уулдары: Тейман, Омар, Сепо, Гатам жана Кеназ.

12 Тимна Эйсаптын уулу Элипаздын күңү болгон. Ал Элипазга Амалыкты төрөп берген. Эйсаптын аялы Аданын уулдары ушулар.

13 Ребуелдин уулдары: Нахат менен Зерах, Шама менен Миза. Булар – Эйсаптын аялы Басыматтын уулдары.

14 Эйсаптын аялы, Сибондун уулу Ананын кызы Олибама Эйсапка Жейушту, Жаломду жана Коракты төрөп берген.

15 Мына булар Эйсаптын уулдарынын башчылары: Эйсаптын тун уулу Элипаздын уулдары: Тейман башчы, Омар башчы, Сепо башчы, Кеназ башчы.

16 Корак башчы, Гатам башчы, Амалык башчы. Булар – Эдом жериндеги Элипаздын башчы уулдары. Булар – Аданын уулдары.

17 Эйсаптын уулу Ребуелдин уулдары булар: Нахат башчы, Зерах башчы, Шама башчы, Миза башчы. Булар – Эдом жериндеги Ребуелдин башчы уулдары. Булар – Эйсаптын аялы Басыматтын уулдары.

18 Эйсаптын аялы Олибаманын уулдары булар: Жейуш башчы, Жалом башчы, Корак башчы. Булар – Эйсаптын аялы, Ананын кызы Олибаманын башчы уулдары.

19 Булар – Эйсаптын уулдары жана алардын башчылары. Бул – Эдом өзү.

Сеирдин тукуму

20 Бул жерде жашаган хорилик Сеирдин уулдары булар: Лотан, Шобал, Сибон, Ана,

21 Дишан, Эйсер жана Дишон. Булар – Эдом жериндеги Сеирдин уулдары хориликтердин башчылары.

22 Лотандын уулдары Хори менен Эймам болгон. Ал эми Лотандын карындашы – Тимна.

23 Шобалдын уулдары булар: Албан, Манахат, Эйбал, Шепо жана Онам.

24 Сибондун уулдары булар: Айа менен Ана. Атасы Сибондун эшектерин кайтарып жүрүп, чөлдөгү жылуу сууну тапкан Ана ушул.

25 Ананын балдары булар: Дишон жана Ананын кызы Олибама.

26 Дишондун уулдары булар: Хемдан, Эшпан, Итран жана Керан.

27 Эйсердин уулдары булар: Билан, Заабан жана Акан.

28 Дишандын уулдары булар: Ус жана Аран.

29 Хориликтердин башчылары булар: Лотан башчы, Шобал башчы, Сибон башчы, Ана башчы,

30 Дишон башчы, Эйсер башчы, Дишан башчы. Ушулар – Сеир жериндеги хориликтердин башчылары.

Эдомдун падышалары

31 Ысрайыл уулдарынын падышачылык кылуусунан мурда Эдом жеринде падышачылык кылган падышалар булар:

32 Эдомдо Бейордун уулу Бела падышачылык кылган. Анын шаарынын аты – Динаба.

33 Бела өлгөндөн кийин, анын ордуна ботсралык Зерахтын уулу Жобап падыша болду.

34 Жобап өлүп, анын ордуна теймандыктардын жеринен Хушам падыша болду.

35 Хушам да өлүп, анын ордуна Маап талаасында мидиандыктарды жеңген Быдаттын уулу Адат падыша болду. Анын шаарынын аты – Абыт.

36 Адат да өлүп, анын ордуна Масрейкадан чыккан Самла падыша болду.

37 Самла да өлүп, анын ордуна дарыя жээгиндеги Рехоботтон чыккан Шабул падыша болду.

38 Шабул да өлүп, анын ордуна Акбардын уулу Баал-Канан падыша болду.

39 Акбардын уулу Баал-Канан да өлүп, анын ордуна Хадар падыша болду. Анын шаарынын аты – Пабу. Аялынын аты – Мейтабел, ал – Мей-Зааптын уулу Матрейданын кызы.

40 Уруулары боюнча, жерлери боюнча, аттары боюнча Эйсаптын башчы уулдарынын аттары булар: Тимна башчы, Алба башчы, Жетейт башчы,

41 Олибама башчы, Эйла башчы, Пинон башчы,

42 Кеназ башчы, Тейман башчы, Мипсар башчы,

43 Магдиел башчы, Ирам башчы. Булар – Эдом башчылары, өздөрү ээлик кылган жердеги айыл-кыштактардын башчылары. Эдомдуктардын атасы – Эйсап.

37-БӨЛҮМ

Жусуп жана анын бир туугандары

1 Жакып атасы жашаган Канаан жеринде жашап турду.

2 Жакыптын жашоосу мындай эле: Жусуп он жети жашында, өспүрүм чагында өзүнүн бир туугандары менен, атасынын аялдары Била жана Зилпанын уулдары менен мал кайтарчу. Жусуп атасына алардын жаман иштерин жеткирип турчу.

3 Ысрайыл Жусупту башка уулдарынан өзгөчө жакшы көрчү, анткени ал анын карыганда көргөн уулу эле. Ошон үчүн ага кооз кийим тиктирип берди.

4 Бир туугандары атасынын өздөрүнө караганда Жусупту көбүрөөк жакшы көрөрүн көрүшүп, Жусупту жек көрүп калышты. Аны менен бир тууганча сүйлөшө албай калышты.

5 Бир күнү Жусуп түш көрүп, түшүн бир туугандарына айтып берди. Ошондон кийин алар аны ого бетер жек көрүп калышты.

6 Жусуп аларга мындай деди: «Мен көргөн түшкө кулак салгылачы.

7 Түшүмдө биз талаада боо байлап жүрүптүрбүз, бир маалда менин боом тикесинен туруп калды. Ошондо силердин боолоруңар тегерете туруп, менин боомо жүгүнүп таазим этишти».

8 Ошондо бир туугандары: «Кантип эле сен бизге падышачылык кылып каласың? Кантип эле сен бизди бийлеп каласың?» – дешип, аны түшү үчүн, айткан сөздөрү үчүн ого бетер жек көрүп калышты.

9 Ал дагы башка түш көрүп, түшүн бир туугандарына айтты: «Бүгүн мен дагы түш көрдүм. Түшүмдө күн менен ай жана он бир жылдыз мага жүгүнүп, таазим кылып жатыптыр».

10 Ал түшүн атасы менен бир туугандарына да айтып берди эле, атасы урушуп, мындай деди: «Эмне деген түш көргөнсүң? Кантип эле мен да, апаң да, бир туугандарың да сага келип, таазим кылып калалы?»

11 Бир туугандары ыза болушту, атасы болсо анын сөзүн жүрөгүнө түйүп алды.

Жусуптун кулдукка сатылышы

12 Бир туугандары атасынын малын Шекемге жайып кетишкенде,

13 Ысрайыл Жусупка: «Бир туугандарың Шекемде мал жайып жүрүшөт. Барып келчи, мен сени аларга жиберейин», – деди. Ал ага: «Мына мен», – деп жооп берди.

14 Атасы ага: «Барып, бир туугандарың аман-эсенби, малы түгөлбү, көрүп, мага жообун алып кел», – деди. Ошентип, аны Хеброн өрөөнүнөн Шекемге жөнөттү. Жусуп Шекемге келди.

15 Ал талаада адашып жүргөндө, ага бирөө жолугуп, андан: «Эмне издеп жүрөсүң?» – деп сурады.

16 «Мен бир туугандарымды издеп жүрөм. Алар кайсы жерде мал жайып жүргөнүн айтып коёсуңбу?» – деди ал.

17 Ошондо жанагы киши: «Алар бул жерден кетишти, анткени мен алардын “Дотанга барабыз” дегенин уккам», – деди. Жусуп бир туугандарынын артынан жөнөп, аларды Дотандан тапты.

18 Алар Жусупту алыстан көрүшүп, ал жакындай электе эле, аны өлтүрүүнү чечип коюшту.

19 Анан алар бири-бирине: «Мына, түш көргүч келатат.

20 Жүргүлө, азыр барып, аны өлтүрүп, чуңкурга таштап салалы, аны жырткыч айбан жеп кетти деп айтып коёбуз. Ошондо анын түштөрү эмне болорун көрөбүз», – дешти.

21 Муну Рубейин угуп: «Жок, Жусупту өлтүрбөйбүз», – деп, аны алардын колунан куткарып калды.

22 Рубейин аларга: «Кан төкпөгүлө. Аны чөлдөгү чуңкурга таштап салгыла, ага кол көтөрбөгүлө», – деди. Ал бул сөздү Жусупту алардын колунан куткарып, атасына кайтарыш үчүн айтты.

23 Жусуп өзүнүн бир туугандарына келгенде, алар Жусуптун үстүнөн кооз кийимин сыйрып алышты.

24 Өзүн болсо чуңкурга таштап жиберишти. Ал чуңкур бош болчу, анда суу жок эле.

25 Анан алар тамак жегени отурушканда, Гилат жактан келе жаткан Ысмайыл уулдарынын кербенин көрүштү. Алар төөлөрүнө жыпар жыттуу заттарды: стиракс, бальзам, ладан жүктөп алып, Мисирге алып бара жатышкан.

26 Ошондо Жүйүт бир туугандарына: «Бир тууганыбыздын канын төгүп, өлүгүн жашырып салгандан не пайда?

27 Жүргүлө, аны Ысмайыл уулдарына сатып жиберели, колубуз да булганбайт, анткени ал биздин бир тууганыбыз, каныбыз бир», – деди. Бир туугандары анын тилин алышты.

28 Мидиандык соодагерлер өтүп бара жатышканда, Жусупту чуңкурдан тартып алышып, Ысмайыл уулдарына жыйырма күмүш тыйынга сатып жиберишти. Алар болсо Жусупту Мисирге алып кетишти.

29 Рубейин чуңкурга кайра келип караса, чуңкурда Жусуп жок экен. Ошондо ал өз кийимдерин айрып жиберди.

30 Анан бир туугандарына келип: «Бала жок экен, эми мен кайда барам?» – деди.

31 Алар бир текени союп, Жусуптун кооз кийимин кан кылып,

32 атасына берип жиберишти. Анан атасына келип, мындай дешти: «Биз муну таап алдык, карасаң, бул кийим уулуңдуку эмеспи?»

33 Жакып анын кийимин таанып: «Бул – уулумдун кийими. Ал жырткычка жем болуптур, аны жырткыч жара тартып кеткен турбайбы», – деди.

34 Анан Жакып өз кийимин айрып, үстүнө зумбал кийип, уулун көп күн жоктоп ыйлады.

35 Ошондо атасын сооротууга бүт уул-кыздары чогулду, бирок ал сооронгусу келбей: «Мен эми өлгөндөр жаткан жайга, уулума барганча кайгырып өтөм», – деди. Жусуптун атасы уулун ушинтип жоктоду.

36 Мидиандыктар болсо аны фараондун сарай кызматчысы, сакчылардын башчысы Потипарга сатып жиберишти.

38-БӨЛҮМ

Жүйүт жана Тамар

1 Ошол убакта Жүйүт өз бир туугандарынан бөлүнүп кетип, адуламдык Хира деген кишинин жанына отурукташты.

2 Жүйүт ал жерден Шуа деген канаандык кишинин кызын көрдү. Аны аялдыкка алып, ага жакындады.

3 Анын боюна бүтүп, уул төрөдү. Жүйүт анын атын Эйир койду.

4 Дагы боюна бүтүп, уул төрөдү. Анын атын Онан койду.

5 Анан дагы уул төрөп, анын атын Шейла койду. Аны төрөгөн учурда Жүйүт Хезипте болчу.

6 Анан Жүйүт тун уулу Эйирге аял алып берди. Анын аты Тамар эле.

7 Жүйүттүн тун уулу Эйир Теңирге жакпагандыктан, Теңир аны өлтүрүп салды.

8 Ошондо Жүйүт Онанга мындай деди: «Бир тууганыңдын аялына жакында, кайын ини катары ага үйлөнүп, бир тууганыңдын тукумун ула».

9 Онан ал тукумдун өзүнүкү болбосун билгендиктен, бир тууганынын аялына жакындаганда, бир тууганынын тукумун улабаш үчүн, уругун жерге агызып салчу.

10 Анын бул кылганы Теңирдин алдында жийиркеничтүү болгондуктан, Ал аны да өлтүрүп салды.

11 Ошондо Жүйүт келини Тамарга: «Уулум Шейла эр жеткиче, өз атаңдыкында жесир катары жашап тур», – деди. «Ал да улуу агаларындай болуп өлүп калбасын», – деп ойлоду Жүйүт. Тамар кетип, өз атасыныкында жашап калды.

12 Көп убакыт өткөндөн кийин Шуанын кызы – Жүйүттүн аялы өлдү. Жүйүт сооронгондон кийин, койлорун кыркып жаткандарга өзү менен кошо досу адуламдык Хираны алып, Тимнага кетти.

13 Ошондо Тамарга: «Кайын атаң Тимнага койлорун кырктырганы келе жатат», – деп кабарлашты.

14 Тамар үстүндөгү жесирдин кийимин чечип, чүмбөт жамынып, кымтыланып алып, Тимнага баруучу жолго, Эйнайим дарбазасынын жанына отуруп алды. Анткени Шейла эр жетсе да, өзүнүн ага аялдыкка алып берилбегенин көрдү.

15 Жүйүт аны көргөндө, сойку деп ойлоду. Анткени аял жүзүн жаап алган эле.

16 Жүйүт ага кайрылып келип: «Мен сени менен жатайын», – деди. Анткени келини экенин билген жок. Тамар андан: «Мени менен жатсаң, мага эмне бересиң?» – деп сурады.

17 «Короомдон бир улак берип жиберейин», – деди Жүйүт. Тамар андан: «Улагыңды берип жибергенче, күрөөгө бирдеме калтырасыңбы?» – деп сурады.

18 «Күрөөгө эмне берейин?» – деп сурады Жүйүт. «Мөөрүңдү, куруңду, колуңдагы таягыңды бер», – деди Тамар. Ал анын сураганын берип, ага жакындады. Андан Тамардын боюна бүттү.

19 Тамар турду да, чүмбөтүн алып таштап, жесирдин кийимин кийди.

20 Жүйүт болсо адуламдык досунан улакты берип жиберип, аялдан күрөөнү алдырмакчы болду, бирок ал аялды таппай койду.

21 Ал ошол жердин тургундарынан: «Эйнайимге бара жаткан жолдун боюндагы сойку кайда?» – деп сурады. Алар ага: «Бул жерде сойку болгон эмес», – деп жооп беришти.

22 Ал досу Жүйүткө кайрылып келип: «Мен аны таппай койдум. Ал жердин тургундары да: “Бул жерде сойку болгон эмес”, – дешти», – деди.

23 Ошондо Жүйүт: «Мейли, мен бергендерди ала берсин, элге күлкү болбосок эле болду. Мен улакты берип жибердим, бирок сен аны таппай келдиң», – деди.

24 Арадан үч айга жакын убакыт өткөндөн кийин, Жүйүткө мындай дешти: «Келиниң Тамар бузулуп кетиптир, атүгүл, анын боюна да бүтүп калыптыр». Ошондо Жүйүт: «Аны элдин алдына алып чыгып, өрттөп жибергиле», – деди.

25 Тамарды алып жөнөшкөндө, ал кайын атасына мындай деп айттырды: «Бул буюмдар кимдики болсо, ошондон боюма бүттү». Анан мындай деди: «Бул мөөр, кур, таяк кимдики экенин таанычы».

26 Жүйүт таанып: «Ал мага караганда адилеттүүрөөк, анткени мен аны уулум Шейлага алып берген эмесмин», – деди. Андан кийин ал ага жакындаган жок.

27 Төрөт учурунда аялдын боюнда эгиз бала бар экени билинди.

28 Аял төрөп жатканда, кол көрүндү. Аначы кемпир: «Бул биринчи чыкты», – деп, анын колуна кызыл жип байлап койду.

29 Бирок ал колун кайра тартып алды. Ошондо анын бир тууганы чыкты. Аначы кемпир ага: «Сен кантип биринчи чыктың?» – деди. Анын атын Перес коюшту.

30 Андан кийин колуна кызыл жип байланган бир тууганы чыкты. Анын атын Зерак коюшту.

39-БӨЛҮМ

Жусуп жана Потипардын аялы

1 Жусуп болсо Мисирге жеткирилди. Аны алып келген Ысмайыл уулдарынын колунан фараондун сарай кызматчысы, сакчылардын башчысы, мисирлик Потипар сатып алды.

2 Теңир Жусуп менен болду. Ал иштеринде ийгиликке жетти, мисирлик мырзанын үйүндө жашады.

3 Теңир Жусуп менен экенин, кандай иш кылбасын, Теңир анын колуна ийгилик берип жатканын мырзасы көрдү.

4 Ошентип, Жусуп мырзасынан ырайым таап, ага кызмат кылып жүрдү. Ал Жусупту өз үйүнө башкаруучу кылып койду, өзүнүн колундагысынын баарын ага тапшырды.

5 Ал Жусупту өзүнүн үйүнө, колундагысынын баарына башкаруучу кылып койгондон тартып, Теңир Жусуп үчүн мисирлик мырзанын үйүнө батасын берди. Теңирдин батасы анын үйүндөгү жана талаасындагы бардык мал-мүлкүнүн үстүндө болду.

6 Ошентип, ал колундагысынын баарын Жусупка тапшырды. Анын барында ал жеген нанынан башка эч нерсе менен иши болбоду. Жусуп келишимдүү, сулуу жигит эле.

7 Мырзасынын аялынын Жусупка көзү түшүп, ага: «Мени менен жат», – деди.

8 Бирок ал каршы болуп, мырзасынын аялына: «Мырзам менин барымда үйүндө эч нерсе менен иши жок, болгон нерсесинин бардыгын мага тапшырды.

9 Бул үйдө менден чоң эч ким жок. Ал сенден башкасына тыюу салган жок, анткени сен анын аялысың. Кантип мен ушундай жаман ишти кылып, Кудай алдында күнөөгө батам?» – деди.

10 Ал аял Жусупка күн сайын ушинтип айта берсе да, ал аны менен жатууга, аны менен бирге болууга макул болгон жок.

11 Бир күнү Жусуп өз иштерин кылганы үйгө кирди. Ошол учурда үйдүн ичинде үйдөгүлөрдөн эч ким жок эле.

12 Аял аны кийиминен кармап: «Мени менен жат», – деди. Бирок ал сырткы кийимин аялдын колуна калтырып, сыртка качып чыкты.

13 Аял болсо Жусуптун сырткы кийимин калтырган бойдон сыртка качып чыкканын көрүп,

14 үйүндөгүлөрүн чакырып алып: «Карагылачы, ал биздикине бул эврейди бизди шылдыңдатмакка алып келиптир. Ал мени менен жатканы келиптир, бирок мен катуу кыйкырып жибердим.

15 Ал менин кыйкырганымды угуп, сырткы кийимин калтырып, сыртка качып чыкты», – деди.

16 Ошентип, аял мырзасы үйүнө келгенге чейин, Жусуптун сырткы кийимин өзүнө калтырып койду.

17 Анан күйөөсүнө ушул эле сөздөрдү кайталады: «Сен биздикине алып келген эврей кулуң мени шылдыңдаганы келди.

18 Бирок мен чуу көтөрүп кыйкырып жибергенде, ал сырткы кийимин калтырган бойдон сыртка качып кетти».

19 Мырза аялынын оозунан «Сенин кулуң мага ушундай кылды» деген сөздү укканда, абдан ачууланды.

20 Ошондо мырзасы Жусупту падышанын туткундары жаткан зынданга салдырды. Ошентип, ал ошол зынданда жатты.

21 Теңир Жусуп менен болду. Ага ырайымын төгүп, зындан башчысынан ырайым таптырды.

22 Ошондо зындан башчысы зындандагы туткундардын бардыгын Жусуптун колуна берди. Жусуп ал жердеги бардык иштин үстүнөн башкаруучу болду.

23 Зындан башчысы ага тапшырылган иштерге кийлигишчү эмес, анткени Теңир Жусуп менен болуп, ал эмне кылбасын, бардык ишине ийгилик берип жатты.

40-БӨЛҮМ

Жусуптун түрмөдө түш чечмелеши

1 Ошондон кийин Мисир падышасынын шарап сунуучусу менен нан сунуучусу өздөрүнүн мырзасынын – Мисир падышасынын алдында айыптуу болуп калышты.

2 Ошондо фараон сарайдагы өзүнүн эки кызматчысына: башкы шарап сунуучусу менен башкы нан сунуучусуна ачууланып,

3 аларды сакчылардын башчысынын үйүндөгү Жусуп камалган зынданга каматып салды.

4 Сакчылардын башчысы Жусупту аларга кызмат кылууга дайындады. Жусуп аларга кызмат кылды. Алар бир нече убакыт камакта жатышты.

5 Бир күнү Мисир падышасынын зынданда камалып жаткан шарап сунуучусу менен нан сунуучусу түш көрүштү. Экөө тең бир түндө өз-өзүнчө түш көрдү. Ар бирине өзгөчө мааниси бар түш кирди.

6 Жусуп эртең менен аларга кирип, алардын тынчы кетип турганын көрдү.

7 Ошондо ал мырзасынын үйүндө өзү менен бирге камакта жаткан фараон сарайынын кызматчыларынан: «Эмне үчүн бүгүн маанайыңар пас?» – деп сурады.

8 Алар ага: «Биз түш көрдүк. Чечмелеп берер киши жок», – дешти. Жусуп аларга: «Түштү Кудай чечмелейт эмеспи? Мага айтып бергилечи», – деди.

9 Ошондо Жусупка башкы шарап сунуучу өз түшүн мындай деп айтып берди: «Түшүмдө бет алдымда жүзүм сабагы туруптур.

10 Жүзүм сабагынын үч бутагы бар экен. Ал бүрдөп, гүл ачып, мөмө байлады, анан анын мөмөлөрү бышты.

11 Фараондун чөйчөгү да менин колумда экен. Мен жүзүмдөн алып, фараондун чөйчөгүнө сыгып, чөйчөктү фараонго сундум».

12 Жусуп ага мындай деди: «Түштүн чечмелениши мындай: үч бутак – бул үч күн.

13 Yч күндөн кийин фараон сени бошотуп, кайрадан ордуңа коёт. Ошондо сен мурункудай эле ага чөйчөк сунасың.

14 Сага жакшы болгондо, мени эсте. Мага жакшылык кылып, мен жөнүндө фараондун эсине салып, мени бул үйдөн чыгарып ал.

15 Анткени мен эврейлердин жеринен уурдалып келгем. Зынданга салынгыдай, бул жакта да мен эч нерсе кылган эмесмин».

16 Башкы нан сунуучу Жусуптун түштү жакшы чечмелегенин көрүп: «Мен да түш көрдүм. Түшүмдө тордолгон үч себетти башыма көтөрүп алыптырмын.

17 Yстүнкү себетте фараондун наабайчы жасаган ар кандай тамагы бар экен. Башымдагы себеттеги тамакты канаттуулар чокулап жатышыптыр», – деди.

18 Ошондо Жусуп ага мындай деп жооп берди: «Мунун чечмелениши мындай: үч себет – бул үч күн.

19 Yч күндөн кийин фараон сенин башыңды алып, жыгачка асат. Канаттуулар денеңди чокуп жешет», – деди.

20 Yч күндөн кийин фараондун туулган күнү болуп, ал өзүнүн бардык кызматчыларына той берди. Ошондо ал өзүнүн башкы шарап сунуучусу менен башкы нан сунуучусун эстеди.

21 Шарап сунуучусун мурдагы ордуна койду, ошондо ал чөйчөккө шарап куюп, фараонго сунду.

22 Ал эми башкы нан сунуучусун, Жусуп чечмелегендей, жыгачка астырып салды.

23 Бирок башкы шарап сунуучу Жусуп жөнүндө эстеген жок, аны унутуп койду.

41-БӨЛҮМ

Жусуптун фараондун түшүн чечмелеши

1 Арадан эки жыл өткөндөн кийин фараон түш көрдү. Түшүндө ал дарыянын жээгинде туруптур.

2 Дарыядан көрүнүшү жакшы, семиз жети уй чыгып, камыштын арасында оттоп жүрүптүр.

3 Алардан кийин көрүнүшү начар, арык жети уй чыгып, дарыянын жээгинде оттоп жүргөн тиги уйларга кошулду.

4 Анан көрүнүшү начар, арык уйлар көрүнүшү жакшы, семиз уйларды жеп салды. Ошондо фараон ойгонуп кетти.

5 Анан ал кайра уктап, дагы түш көрдү. Түшүндө бир сабактан бадырайган, жакшынакай жети баш буудай өсүп чыкты.

6 Алардан кийин чүрүшкөн, чыгыш шамалы күйгүзүп кеткен жети баш буудай өсүп чыкты.

7 Анан чүрүшкөн буудай баштары бадырайган, дандуу жети баш буудайды жеп салды. Ошондо фараон ойгонуп кетип, мунун түш экенин түшүндү.

8 Эртең менен фараондун тынчы кетип, Мисирдин бардык сыйкырчылары менен акылмандарын киши жиберип чакыртып алып, аларга өзүнүн түшүн айтып берди, бирок эч ким анын түшүн чечмелей алган жок.

9 Ошондо башкы шарап сунуучу тура калып, фараонго мындай деди: «Күнөөмдү азыр эстеп жатам.

10 Фараон кулдарына ачууланып, мени жана башкы нан сунуучуну сакчылардын башчысынын үйүндөгү зынданга каматып салган эле.

11 Ошондо биз бир түндө түш көргөнбүз, ага да, мага да өзгөчө мааниси бар түштөр кирген.

12 Ал жерде сакчылардын башчысынын кулу, жаш эврей жигит биз менен бирге болгон. Биз ага көргөн түштөрүбүздү айтып бергенбиз, ошондо ал ар бирибизге түшүбүздү чечмелеп берген.

13 Ал кандай чечмелесе, ошондой болуп чыкты: мен өз ордума кайтып келдим, тигини болсо асышты».

14 Ошондо фараон киши жиберип, Жусупту алдыртты. Аны зындандан шашылыш түрдө чыгарышты. Ал чачын алдырып, кийимин которуп, фараонго келди.

15 Фараон Жусупка мындай деди: «Мен түш көрдүм, бирок аны эч ким чечмелей алган жок. Сени түш чечмелей алат деп уктум».

16 Жусуп фараонго мындай деп жооп берди: «Мен эмес, Кудай аны фараонго жакшылыкка чечмелеп берет».

17 Анан фараон Жусупка түшүн айтты: «Түшүмдө мен дарыя жээгинде туруптурмун.

18 Дарыядан көрүнүшү жакшы, семиз жети уй чыгып, камыштын арасында оттоп жүрдү.

19 Алардан кийин арык, көрүнүшү эң начар, кыржыйган жети уй чыкты. Мен бүтүндөй Мисир жеринен андай арык уйларды көргөн эмесмин.

20 Анан жети арык уй мурдагы жети семиз уйду жеп салды.

21 Семиз уйлар алардын ичине кирип кетти, бирок алардын ичине кирип кеткени билинген жок. Алардын көрүнүшү баштагыдай эле арык бойдон калды. Анан мен ойгонуп кеттим.

22 Анан дагы түш көрдүм. Түшүмдө бир сабактан бадырайган, жакшынакай жети баш буудай өсүп чыкты.

23 Алардан кийин ичке, чүрүшкөн, чыгыш шамалы күйгүзүп кеткен жети баш буудай өсүп чыкты.

24 Анан чүрүшкөн буудай баштары бадырайган жети баш буудайды жеп салды. Мен муну сыйкырчыларга айттым, бирок эч кимиси чечмелей алган жок».

25 Ошондо Жусуп фараонго мындай деди: «Фараондун түштөрүнүн мааниси бир: Кудай эмне кыларын фараонго билдириптир.

26 Жети семиз уй – бул жети жыл. Жети баш дандуу буудай – бул жети жыл. Экөө бир түш.

27 Семиз уйлардын артынан чыккан кыржыйган, арык жети уй – бул да жети жыл. Ошондой эле чүрүшкөн, чыгыштын шамалы күйгүзүп кеткен жети баш буудай – бул ачарчылыктын жети жылы.

28 Мына ошондуктан мен фараонго: “Кудай эмне кыларын фараонго көрсөттү”, – дедим.

29 Азыр бүткүл Мисир жерине мол түшүмдүү жети жыл келе жатат.

30 Андан кийин жети жылдык ачарчылык келет. Мисир жериндеги бул мол түшүмдүн баары унутулуп, жерди ачарчылык жабыркатат.

31 Ошондо молчулуктан кийин келген ачарчылыктын кесепетинен жердеги мурунку молчулук билинбей калат, анткени ачарчылык аябай катуу болот.

32 Ал эми фараондун түшүнүн эки ирет кайталанышы Кудай сөзүнүн чындык экенин жана жакын арада Кудай аны орундатарын билдирет.

33 Эми фараон акылдуу, даанышман адам караштырып көрүп, аны Мисир жерине эл башчы кылып койсун.

34 Фараон жер-жерлерге көзөмөлдөөчүлөрдү коюп, мол түшүмдүү жети жылда Мисир жериндеги түшүмдүн бештен бир бөлүгүн жыйноого буйрук берсин.

35 Алар келе жаткан жакшы жылдардагы эгиндин баарын азык үчүн фараондун карамагына жыйнап, шаарларга чогултуп алышсын да, сактап турушсун.

36 Бул азык Мисир жеринде боло турган жети жылдык ачарчылыкта жер жүзү ачарчылыктан кырылып калбаш үчүн камдалган азык болсун».

Жусуп – Мисирдин башкаруучусу

37 Бул сөз фараонго жана анын кызматчыларынын бардыгына жакты.

38 Ошондо фараон кызматчыларына мындай деди: «Кудайдын Руху бар ушундай адамды таба алабызбы?»

39 Анан фараон Жусупка мындай деди: «Кудай сага ушунун бардыгын ачып бергендиктен, сендей акылдуу, сендей даанышман адам жок.

40 Сен менин үйүмдү башкарасың, сенин сөзүңдү бүт элим угат, бирок мен сенден тактым менен жогору турам».

41 Ошентип, фараон Жусупка: «Мен сени бүткүл Мисир жерине эл башчы кылып коём», – деди.

42 Анан фараон колунан шакек мөөрүн чыгарып, Жусуптун колуна салды. Yстүнө зыгыр буласынан кийим кийгизип, мойнуна алтын чынжыр такты.

43 Анан аны өзүнүн арабаларынын экинчисине отургузууга, элге: «Таазим кылгыла!» – деп жар салууга буйрук берди. Ошентип, фараон аны бүткүл Мисир жерине эл башчы кылып койду.

44 Анан фараон Жусупка: «Мен фараонмун, бүткүл Мисир жеринде сенсиз эч ким эч нерсе кылбайт», – деди.

45 Фараон Жусупка Сапенат-Панейах деген ат койду. Ага аялдыкка Оондун буткана кызматчысы Потипердин кызы Асинатты алып берди. Жусуп бүткүл Мисир жерин аралаганы чыкты.

46 Жусуп Мисир падышасы фараондун алдына келгенде, отуз жашта эле. Жусуп фараондон чыгып, бүткүл Мисир жерин аралап чыкты.

47 Жер мол түшүмдүү жети жылда ар бир баш буудайдан кочуш толтура дан берип жатты.

48 Ошондо ал Мисир жеринде болгон түшүмдүү жети жылдын ичиндеги бардык эгинди жыйнап, шаарларга жыйып койду. Ар бир шаарга ошол шаардын тегерегиндеги талаанын эгинин жыйдырды.

49 Ошентип, Жусуп абдан көп эгин жыйды. Эгин деңиз кумундай көп болгондуктан, санаганын да токтотту, анткени санак жетпей калды.

50 Ачарчылык келгенге чейин, Жусуп эки уулдуу болду. Аларды ага Оондун буткана кызматчысы Потипердин кызы Асинат төрөп берди.

51 «Кудай менин бардык азабымды, атамдын үйүн унуттурду», – деп, Жусуп тун уулунун атын Менаше койду.

52 «Кудай мени азап чеккен жеримде жемиштүү кылды», – деп, экинчисинин атын Эпрайым койду.

53 Ошентип, Мисир жериндеги мол түшүмдүү жети жыл өтүп кетти.

54 Анан Жусуп айткан жети жылдык ачарчылык келди. Бардык жерде ачарчылык болду, бирок Мисир жери нандан өксүгөн жок.

55 Мисир жеринде да ачарчылык башталганда, эл фараондон эгин сурап боздой баштады. Ошондо фараон бүткүл мисирликтерге: «Жусупка баргыла, ал эмне десе, ошону кылгыла», – деди.

56 Бүт жер жүзүндө ачарчылык болду. Жусуп бардык кампаларды ачып, Мисир элине эгин сата баштады. Ачарчылык Мисир жеринде күчөгөндөн күчөй берди.

57 Ошондо Мисирге Жусуптан эгин сатып алыш үчүн, бардык өлкөлөрдөн келип жатышты, анткени ачарчылык бүт жер жүзүндө күчөп турган эле.

42-БӨЛҮМ

Жусуптун бир туугандары Мисирде

1 Жакып Мисирде эгин бар экенин угуп, уулдарына: «Эмне бири-бириңерди карап отурасыңар?

2 Мен Мисирде эгин бар деп уктум. Өлбөй тирүү калышыбыз үчүн, ошол жакка барып, эгин сатып келгиле», – деди.

3 Ошондо Жусуптун он бир тууганы Мисирге эгин сатып келгени жөнөп кетишти.

4 Бирок Жусуптун бир тууганы Бенжеминди Жакып аларга кошуп жиберген жок. Анткени ал: «Бул да кырсыкка учурап калбасын», – деди.

5 Ошентип, Ысрайылдын уулдары башкалар менен кошо эгин сатып алууга келишти, анткени Канаан жеринде ачарчылык болуп жаткан эле.

6 Жусуп болсо ал жердин башкаруучусу болгондуктан, жер жүзүндөгү бардык элге эгин сатып жаткан. Жусуптун бир туугандары келип, жерге чейин ийилип, ага таазим этишти.

7 Ошондо Жусуп бир туугандарын көрүп, аларды тааныды, бирок таанымаксан болуп: «Кайдан келдиңер?» – деп, зекий сурады. Алар: «Канаан жеринен, азык сатып алганы келдик», – дешти.

8 Жусуп бир туугандарын тааныды, бирок алар аны таанышкан жок.

9 Ошондо Жусуп алар жөнүндө көргөн түштөрүн эстеп, аларга: «Силер чалгынчысыңар, бул жердин начар жерлерин көргөнү келдиңер», – деди.

10 Алар: «Андай эмес, таксыр, кулдарың азык сатып алганы келишти.

11 Биз бардыгыбыз бир атанын балдарыбыз. Биз чынчыл адамдарбыз. Кулдарың чалгынчы болгон эмес», – дешти.

12 Жусуп аларга: «Жок, силер бул жердин начар жерлерин көргөнү келдиңер», – деди.

13 Алар: «Биз, сенин кулдарың, он эки бир тууганбыз. Биз Канаан жеринде жашаган бир адамдын балдарыбыз, кенже бир тууганыбыз азыр атабыздын жанында, ал эми бирөө жок болду», – дешти.

14 Жусуп аларга: «Силер чалгынчысыңар деп, мен ошон үчүн айткам.

15 Эми силер минтип сыналасыңар: фараондун өмүрү менен ант берем, эгерде бул жерге кенже бир тууганыңар келбесе, силер бул жерден чыкпайсыңар.

16 Араңардан бирөөнү жибергиле, ал барып, бир тууганыңарды алып келсин. Силер болсо камала турасыңар. Ошондо силердин айтканыңар чын же калп экени билинет. Чын болбосо, фараондун өмүрү менен ант берем, силер чалгынчысыңар», – деди.

17 Ошентип, Жусуп аларды үч күнгө каматып койду.

18 Yчүнчү күнү Жусуп мындай деди: «Эми мындай кылсаңар, тирүү каласыңар, анткени мен Кудайдан корком.

19 Эгерде силер чынчыл адамдар болсоңор, анда бирөөңөр силер камалган үйдө камалып турсун. Калганыңар ачка отурган үй-бүлөңөргө эгинди жеткиргиле.

20 Айтканыңар чын болсо, өлгүңөр келбесе, кенже бир тууганыңарды алып келгиле». Алар так ошондой кылышты.

21 Ошондо алар бири-бирине: «Биз бир тууганыбызга кылган күнөөбүз үчүн жазаланып жатабыз. Биз анын жаны кыйналып турганын көргөнбүз, ал бизге жалынып-жалбарганда, аны укпай койгонбуз, ошон үчүн башыбызга ушул кайгы түштү», – дешти.

22 Рубейин аларга мындай деди: «“Балага каршы күнөө кылбагыла”, – деп айтпадым беле? Бирок силер тил албай койгонсуңар. Мына эми анын каны үчүн жазаланып жатабыз».

23 Алар болсо Жусуптун түшүнүп турганын билишкен жок, анткени алардын ортосунда тилмеч бар эле.

24 Жусуп бурулуп, нары басты да, ыйлап жиберди. Анан кайра келип, алар менен сүйлөшүп, алардын ичинен Шымонду алып, бир туугандарынын көзүнчө байлатып салды.

Жусуптун бир туугандарынын Канаанга кайтып келиши

25 Анан Жусуп: «Булардын каптарына эгин толтуруп, ар биринин каптарына күмүштөрүн кайра салып, жолго жетерлик азык бергиле», – деп буйрук берди. Аларга так ошондой кылышты.

26 Алар эгиндерин эшектерине артып, ал жерден жөнөп кетишти.

27 Жолдо түнөгөнү токтошкондо, алардын бири эшегине жем бермек болуп, каптын оозун чечип, оозунан өзүнүн күмүшүн көрдү.

28 Анан ал бир туугандарына: «Менин күмүшүмдү кайра салып коюшуптур. Мына, ал менин кабымда экен», – деди. Ошондо алардын тынчы кетип, коркконунан калтырашып, бири-бирине: «Кудайдын бизге бул эмне кылганы?» – дешти.

29 Алар Канаан жерине, атасы Жакыпка келип, болгон окуялардын баарын мындай деп айтып беришти:

30 «Ал жердин башкаруучусу зекий сүйлөп, бизди чалгынчы катары эсептеди.

31 Ошондо биз ага: “Биз чынчыл адамдарбыз, биз чалгынчы болуп көргөн эмеспиз.

32 Биз бир атадан он эки бир тууганбыз. Бир бир тууганыбыз жок болгон, кенже бир тууганыбыз азыр Канаан жеринде, атабыздын жанында”, – дедик.

33 Анан ал жерди башкарган адам бизге: “Силердин чынчыл адам экениңерди мен мындан билейин: бир туугандарыңардын бирин мага калтырып, калганыңар эгинди алып, ачка отурган үй-бүлөңөргө жеткиргиле.

34 Анан кенже бир тууганыңарды мага алып келгиле. Силердин чалгынчы эмес, чынчыл экениңерди ошондо билип, бир тууганыңарды колуңарга берем, ошондо силер бул өлкөгө ээн-эркин келип-кетсеңер болот”, – деди».

35 Алар каптарын бошотуп жатканда, ар биринин кабынан күмүш салынган түйүнчөктөрү чыкты. Күмүш салынган түйүнчөктөрүн көрүшкөндө, өздөрү да, атасы да коркуп кетти.

36 Ошондо атасы Жакып аларга: «Силер мени балдарымдан айрыдыңар. Жусуптан айрылдым, Шымондон да айрылдым, эми Бенжеминди алып кеткиңер барбы?! Мунун баары менин башыма түшкөн мүшкүл!» – деди.

37 Рубейин атасына мындай деди: «Эгерде мен сага Бенжеминди алып келбесем, эки уулумду өлтүрүп сал. Аны менин колума тапшыр, мен аны кайра алып келем».

38 Жакып аларга: «Уулум силер менен барбайт, анткени агасы өлүп, өзү жалгыз калды. Эгерде силер бараткан жолдо бул да кырсыкка учураса, ак баскан башыма кайгы кошуп, өлгөндөр жаткан жайга жибересиңер», – деди.

43-БӨЛҮМ

Бенжемин бир туугандары мененМисирде

1 Жер жүзүндө ачарчылык күчөдү.

2 Алар Мисирден алып келген эгинди жеп бүтүшкөндөн кийин, атасы уулдарына: «Дагы барып, бир аз азык сатып келгиле», – деди.

3 Ошондо Жүйүт атасына мындай деди: «Ал киши бизге чечкиндүү түрдө: “Эгерде силер менен кошо бир тууганыңар келбесе, көзүмө көрүнбөгүлө”, – деген.

4 Эгерде инибизди биз менен кошо жиберсең, барып, сага азык сатып келебиз.

5 Эгерде жибербей турган болсоң, анда барбайбыз, анткени ал киши: “Эгерде силер менен кошо бир тууганыңар келбесе, көзүмө көрүнбөгүлө”, – деген».

6 Ошондо Ысрайыл аларга: «Эмнеге мага ушундай жамандык кылдыңар? Ал кишиге дагы бир инибиз бар деп, эмнеге айттыңар?» – деди.

7 Алар: «Ал киши биз жөнүндө, үй-бүлөбүз жөнүндө сураштырып: “Атаңар дагы эле тирүүбү? Бир тууганыңар барбы?” – деди. Ал бизге суроо бергенинен улам жооп бердик. Анын бизге иниңерди алып келгиле дээрин кайдан билдик?» – деп жооп беришти.

8 Жүйүт атасы Ысрайылга: «Баланы мени менен жибер, биз ордубуздан туруп, жолго чыгалы, анан биз да, сен да балдарыбыз менен кошо өлбөй тирүү калабыз.

9 Ал үчүн мен жооп берем, аны менден сурайсың. Эгерде мен аны алып келип, алдыңа койбосом, өмүр бою сенин алдыңда айыптуу бойдон калайын.

10 Биз минтип кечиктирбегенде, эмгиче эки барып келмекпиз», – деди.

11 Атасы Ысрайыл аларга мындай деди: «Андай болсо мындай кылгыла: өзүңөр менен кошо бул жердин мөмө-жемишинен алып, ал кишиге белек катары бир аз бальзам, бир аз бал, стиракс менен ладан жыгачтарынын чайырынан, мистеден, бадам жаңгагынан алып барып бергиле.

12 Колуңарга мурункудан башка күмүш алгыла. Ал эми кабыңардын оозуна кайра салып койгон күмүштү өз колуңар менен кайра бергиле, мүмкүн, бул жаңылыштыктан болгондур.

13 Бир тууганыңарды алгыла да, туруп, ошол кишиге кайра баргыла.

14 Кудуреттүү Кудай силерди ал кишиден ырайым таптырсын, ал Шымон бир тууганыңарды да, Бенжеминди да коё берсин. Эгерде баласыз өтө турган болсом, баласыз эле өтөйүн».

15 Ошентип, бул адамдар ушул белектерди, мурункудан эки эсе көп күмүш жана Бенжеминди алып, Мисирге жөнөштү. Алар Жусуптун алдына келишти.

16 Жусуп алардын арасынан Бенжеминди көрүп, өз үйүнүн башчысына мындай деди: «Бул адамдарды үйгө киргизип, мал союп, тамак бышыр, анткени бул адамдар мени менен түштөнүшөт».

17 Ошондо ал адам Жусуп айткандай кылып, бул кишилерди Жусуптун үйүнө киргизди.

18 Жусуптун үйүнө киргизишкенинен улам, бул кишилер коркуп кетишип: «Бул кабыбызга кайра салынган мурунку күмүштөр үчүн болуп жатат. Кыйкым таап, бизди айыпка жыгып, кулга айландырып, эшектерибизди тартып алыш үчүн үйгө киргизишти», – дешти.

19 Ошондо алар Жусуптун үй башкаруучусуна жакын келишип, ага эшиктин жанынан мындай деп сүйлөй башташты:

20 «Кулак салчы, мырза, биз мурун да азык сатып алганы келгенбиз.

21 Жолдо түнөгөн жерибизде каптарыбызды ачсак, ар бирибиздин күмүшүбүз каптарыбыздын оозунда экен, салмагы кемибептир. Азыр биз аларды өз колубуз менен кайра бергени келдик.

22 Ал эми азык сатып алыш үчүн, башка күмүш ала келдик. Каптарыбызга күмүшүбүздү ким салып койгонун билбейбиз».

23 Ал: «Тынчсызданбай эле койгула, коркпогула. Силердин Кудайыңар, атаңардын Кудайы, кабыңарга кенч салып берди. Мен силердин күмүшүңөрдү алгам», – деди да, аларга Шымонду алып келди.

24 Анан ал киши буларды Жусуптун үйүнө киргизип, суу берди. Алар буттарын жуушту. Ал булардын эшектерине да жем берди.

25 Алар белектерин түшкө маал, Жусуп келер убакытка жакын даярдап коюшту, анткени ошол жерде тамактанышарын угушкан эле.

26 Жусуп үйүнө келгенде, алар колдорундагы белектерин үйгө алып кирип, ага беришти, анан жерге чейин ийилип таазим этишти.

27 Жусуп алардын ден соолугун сурады. Анан мындай деди: «Силер айткан кары атаңар күүлүү-күчтүүбү, дагы эле тирүүбү?»

28 Алар: «Сенин кулуң, биздин атабыз күүлүү-күчтүү, тирүү», – деп жооп беришти. Анан баш ийип таазим этишти.

29 Жусуп өзүнүн энесинин уулу, бир тууганы Бенжеминди көрүп: «Бул силер айткан кенже бир тууганыңарбы?» – деди. Анан ага кайрылып: «Уулум, Кудайдын ырайымы сени менен болсун!» – деди да,

30 шашылыш чыгып кетти, анткени бир тууганына болгон сүйүүсү артып, ыйлап жибере жаздаган эле. Ички бөлмөгө кирип, ошол жерде ыйлады.

31 Анан бетин жууп, кайра чыкты.  Өзүн колго алды да: «Тамак тарткыла», – деди.

32 Ага өзүнчө, аларга өзүнчө жана бирге түштөнгөн мисирликтерге өзүнчө тамак тартышты, анткени мисирликтер үчүн эврейлер менен бирге отуруп тамактануу жийиркеничтүү болчу.

33 Аларды Жусуптун алдына улуулата отургузушту, ошондо бул адамдар таң калып, бири-бирин карашты.

34 Жусуп аларга тамак тарттырып жатты, аларга караганда Бенжеминге беш эсе көп тартылды. Алар Жусуп менен бирге тойгончо ичип-жешти.

44-БӨЛҮМ

Чөйчөктүн жоголушу

1 Анан Жусуп үй башкаруучусуна мындай деп буйрук берди: «Бул адамдардын каптарына алып кете алышынча эгин толтуруп, ар биринин күмүшүн өз-өз кабына салып кой.

2 Ал эми менин күмүш чөйчөгүмдү кенжесинин кабынын оозуна эгин сатып алган күмүшү менен кошо салып кой». Yй башчысы Жусуптун айтканындай кылды.

3 Эртең менен жарык киргенде, аларды эшектерине мингизип жөнөтүп жиберишти.

4 Алар шаардан узай электе, Жусуп үй башкаруучуга мындай деди: «Жөнө, бул адамдарды кууп жет. Кууп жеткениңде, аларга: “Эмне үчүн жакшылыкка жамандык менен жооп бердиңер?

5 Бул мырзамдын аш иче турган чөйчөгү эмеспи? Ал бул чөйчөк менен төлгө ачат. Силер жаман иш кылдыңар!” – де».

6 Ал кууп жетип, аларга ушул сөздөрдү айтты.

7 Алар ага: «Мырзабыз эмне үчүн мындай сөздөрдү айтып жатат? Жок, кулдарың мындай иштерди кылбайт.

8 Каптарыбыздын ооздорунан тапкан күмүштөрдү биз Канаан жеринен сага кайра алып келбедик беле. Эми кантип мырзаңдын үйүнөн күмүш же алтын уурдамак элек?

9 Сенин кулдарыңдын кимисинен табылса, ал өлүм жазасына тартылсын жана биз мырзабызга кул бололу», – дешти.

10 Ал: «Жакшы болот, силер кандай айтсаңар, ошондой болсун: чөйчөк кимден табылса, ал мага кул болуп калат, ал эми силер айыптуу болбойсуңар», – деди.

11 Алар каптарын шашылыш түрдө жерге түшүрүштү. Ар бири өз кабын ачты.

12 Үй башчысы бир туугандардын каптарын улуусунукунан баштап кичүүсүнүкүнө чейин тинтип чыкты. Чөйчөк Бенжеминдин кабынан табылды.

13 Ошондо алар өз кийимдерин айрып, ар бири өз жүгүн эшегине артып, шаарга кайтып келишти.

14 Анан Жүйүт бир туугандары менен Жусуптун үйүнө келди. Ал үйүндө экен. Алар анын алдына келип, жерге жыгылышты.

15 Жусуп аларга: «Бул эмне кылганыңар? Силердин эмне кылганыңарды мендей адам, сөзсүз, билип коёрун билген жок белеңер?» – деди.

16 «Мырзабызга эмнени айтмак элек? Эмне демек элек? Эмне деп актанмак элек? Кудай кулдарыңдын айыбын ачты. Эми биз да, чөйчөктү алган адам да мырзабыздын кулу болобуз», – деди Жүйүт.

17 Бирок Жусуп мындай деди: «Жок, мен мындай кылбайм. Кимдин колунан чөйчөк табылса, ошол мага кул болот, ал эми силер атаңарга тынчтык менен бара бергиле».

Жүйүттүн Бенжемин жөнүндөгү өтүнүчү

18 Ошондо Жүйүт ага басып келип, мындай деди: «Мырзам, кулуңдун сөзүнө кулак салсаң экен. Кулуңа каарданбасаң экен, анткени сен фараондай эле адамсың.

19 Мырзам кулдарынан: “Атаңар же бир тууганыңар барбы?” – деп сурады эле.

20 Биз мырзабызга: “Биздин карыган атабыз жана анын карыганда көргөн кенже уулу бар, бир тууганы өлүп, ал бир энеден жалгыз калды. Аны атасы жакшы көрөт”, – дегенбиз.

21 Сен болсо кулдарыңа: “Аны мага алып келгиле, мен көрөйүн”, – дедиң.

22 Биз мырзабызга: “Бала атасын таштай албайт. Эгерде ал атасын таштап кетсе, анда атасы өлүп калат”, – дедик.

23 Бирок сен кулдарыңа: “Эгерде кенже иниңер силер менен кошо келбесе, мындан ары көзүмө көрүнбөгүлө”, – дедиң.

24 Биз сенин кулуңа – атабызга барып, мырзабыздын сөздөрүн айттык.

25 Анан атабыз: “Дагы барып, бир аз эгин сатып келгиле”, – деди.

26 Биз ага: “Биз бара албайбыз. Эгерде кенже бир тууганыбыз биз менен барса, барабыз, анткени кенже бир тууганыбыз биз менен барбаса, тиги кишинин жүзүн көрүүгө болбойт”, – дедик.

27 Ошондо сенин кулуң – биздин атабыз мындай деди: “Аялым мага эки уул төрөп бергенин силер билесиңер.

28 Бирөөнөн ажырадым, ошондо: “Чын эле, ал жырткычка таланса керек”, – дедим эле. Анткени мен аны бүгүнкү күнгө чейин көрө элекмин.

29 Эми муну да алсаңар, бул да бир кырсыкка учураса, карыган кезимде кайгыга салып, өлгөндөр жаткан жайга жибересиңер”.

30 Эгерде мен сенин кулуңа – атама барганда, жанындай көргөн баласы жаныбызда болбосо,

31 анда ал баласы жок экенин көрүп, өлүп калат, кулдарың сенин кулуңду – чачын ак баскан атабызды кайгыга малып, өлгөндөр жаткан жайга жиберет!

32 Анын үстүнө, мен, кулуң, бала үчүн жооп берүү милдетин алып: “Эгерде аны сага алып келбесем, анда мен сенин алдыңда өмүр бою айыптуу болоюн”, – деген элем.

33 Ошондуктан мен, кулуң, бул баланын ордуна сага, мырзама, кул болуп калайын, бала болсо бир туугандары менен кете берсин.

34 Анткени бала жанымда болбосо, атама кантип барам? Атамдын башына түшкөн кайгыны кантип карап турам?»

45-БӨЛҮМ

Жусуптун бир туугандарына өзү жөнүндө айтышы

1 Ошондо Жусуп жанында тургандардын алдында өзүн кармай албай: «Менин жанымда турган адамдардын бардыгы чыксын», – деп кыйкырып жиберди. Жусуп бир туугандарына өзүнүн ким экенин айтканда, жанында эч ким жок эле.

2 Ал катуу ыйлап жибергендиктен, аны мисирликтер да, фараондун үй ичи да укту.

3 Анан Жусуп бир туугандарына: «Мен Жусупмун, деги атам тирүүбү?» – деди. Бирок бир туугандары жооп бере албай калышты, анткени алар анын алдында коркуп турушту.

4 Ошондо Жусуп бир туугандарына: «Мага жакын келгилечи», – деди. Алар жакын келишти. Ал: «Мен Жусупмун, силердин Мисирге сатып жиберген бир тууганыңармын.

5 Бирок азыр кайгырбагыла, мени бул жакка сатып жибергениңерге өкүнбөгүлө, анткени Кудай силердин өмүрүңөрдү сактап калыш үчүн, мени бул жакка силерден мурун жиберди.

6 Анткени жер үстүндө ачарчылык башталганына эки эле жыл болду, дагы беш жыл жер да айдалбайт, эгин да орулбайт.

7 Силерди жер үстүндө калтырыш үчүн жана улуу куткаруу иши менен өмүрүңөрдү сактап калуу үчүн, Кудай мени силерден мурун жиберди.

8 Ошондуктан мени бул жакка силер эмес, Кудай жиберди. Ал мени фараондун атасы, анын бүт үйүнүн мырзасы, бүткүл Мисир жеринин эгедери кылып койду.

9 Атама тезирээк баргыла да: Уулуң Жусуп мындай дейт дегиле: “Кудай мени бүткүл Мисир жерине мырза кылып койду. Мага тез кел.

10 Сен Гошен деген жерде жашайсың. Сен уулдарың, уулдарыңдын уулдары, майда жана бодо малың менен, өзүңдүн бардык мүлкүң менен менин жанымда болосуң.

11 Ошол жерде мен сени багам, анткени дагы беш жыл ачарчылык болот. Өзүң да, үйүң да, кишилериң да жакырданып кетпесин”.

12 Силерге өз оозум менен айтып жатканымды өзүңөр да, бир тууганым Бенжемин да өз көзү менен көрүп турат.

13 Атама Мисирдеги бүткүл атак-даңкымды, көргөнүңөрдүн бардыгын айтып баргыла да, атамды тезирээк бул жерге алып келгиле», – деди.

14 Анан ал бир тууганы Бенжеминди мойнунан кучактап ыйлады. Бенжемин да аны мойнунан кучактап ыйлады.

15 Анан бардык бир туугандарын өпкүлөп, аларды кучактап ыйлады. Андан кийин бир туугандары аны менен сүйлөшүштү.

16 Жусуптун бир туугандары келгендиги тууралуу кабар фараондун үйүнө жетти. Бул кабар фараонго да, анын кулдарына да жакты.

17 Ошондо фараон Жусупка мындай деди: «Бир туугандарыңа мындай деп айт: “Малыңарга жүк артып, Канаан жерине жөнөгүлө.

18 Атаңарды да, үй-бүлөңөрдү да алып, мага келгиле. Мен силерге Мисирдин эң жакшы жерин берем, силер семиз жердин жемишинен жейсиңер”.

19 Сага болсо аларга мындай деп айтууңду буйрук кылам: “Мындай кылгыла де: Балдарыңар менен аялдарыңар үчүн Мисир жеринен араба алгыла, атаңарды алып келгиле.

20 Буюмдарыңар үчүн өкүнбөгүлө, анткени силерге бүткүл Мисир жериндеги эң жакшы нерселерди берем”».

21 Ысрайыл уулдары ошондой кылышты. Жусуп аларга фараондун буйругу боюнча арабаларды, жол азыктарын берди.

22 Ар бирине алмаштырып кийгидей кийим берди. Бенжеминге болсо үч жүз күмүш тыйын жана беш сыйра кийим берди.

23 Ал эми атасына Мисирдин эң жакшы жер-жемиштери жүктөлгөн он эшек, эгин жана атасынын жолуна камдалган тамак-аш жүктөлгөн он ургаачы эшек жөнөттү.

24 Жусуп бир туугандарын ошентип коё берди. Алар жөнөп кетишти. Аларга: «Жолдо урушпай баргыла», – деди.

25 Алар Мисирден чыгып, Канаан жерине, атасы Жакыпка келип, ага:

26 «Жусуп тирүү экен, азыр ал бүткүл Мисир жерин башкарып турат», – дешти. Бирок Жакып кош көңүл мамиле кылып койду, анткени аларга ишенген жок.

27 Алар ага Жусуптун айткан сөздөрүнүн бардыгын айтып беришти. Өзүн алып кетиш үчүн Жусуп жөнөткөн арабаларды көргөндөн кийин гана алардын атасы Жакыптын руху жандана түштү.

28 Ошондо Ысрайыл мындай деди: «Уулум Жусуп тирүү экенине эми ишендим, көзүм өтө элегинде барып, аны көрүп калайын».

46-БӨЛҮМ

Жакыптын Мисирге жол тартуусу

1 Ошентип, Ысрайыл өзүнүн бардык мал-мүлкү менен жолго чыгып, Бейер-Шебага келди да, атасы Ыскактын Кудайына курмандык чалды.

2 Ошондо Кудай Ысрайылды түнкү көрүнүштө: «Жакып! Жакып!» – деп чакырды. Ал: «Мына мен», – деп жооп берди.

3 Кудай ага мындай деди: «Мен Кудаймын, атаңдын Кудайымын. Мисирге баргандан коркпо, анткени ошол жерде Мен сенден улуу эл жаратам.

4 Мен Мисирге сени менен барам. Мен сени ал жерден кайра алып чыгам. Жусуп сенин көзүңдү өз колу менен жабат».

5 Ошондо Жакып Бейер-Шебадан чыкты. Ысрайылдын уулдары атасы Жакыпты, балдарын, аялдарын арабаларга салып, алып жөнөштү. Жакыпты алып келүү үчүн, ал арабаларды фараон жиберген эле.

6 Ошентип, алар Канаан жеринде тапкан мал-мүлкүн алып, Мисирге келишти. Ал жерге Жакып жана анын бүт тукуму келди.

7 Ал өзү менен бирге Мисирге уулдары менен неберелерин, кыздары менен жээндерин, бардык тукумун алып келди.

8 Мисирге келген Ысрайыл уулдарынын аттары мындай: Жакып жана анын уулдары: Жакыптын туну Рубейин.

9 Рубейиндин уулдары: Ханох жана Палу, Хесрон жана Карми.

10 Шымондун уулдары: Жемуел, Жамин, Ойат, Жахин, Сохар жана канаандык аялдан төрөлгөн Шабул.

11 Лебинин уулдары: Гейиршон, Каат жана Мерари.

12 Жүйүттүн уулдары: Эйир, Онан, Шейла, Перес жана Зерак, бирок Эйир менен Онан Канаан жеринде өлгөн. Перестин уулдары: Кесрон менен Хамул.

13 Исахардын уулдары: Тола жана Пуба, Аюб жана Шимрон.

14 Забулундун уулдары: Серет, Эйлон жана Жахлиел.

15 Булар – Месопотамияда Леянын Жакыптан төрөгөн уулдары жана анын кызы Дина. Анын бардык уул-кыздары – отуз үч жан.

16 Гаттын уулдары: Сипон жана Хаги, Шуни жана Эспон, Эйри, Ароту жана Арейли.

17 Ашырдын уулдары: Имна жана Ишпа, Ишпи жана Бирия, алардын карындашы Серак. Бириянын уулдары: Хебер жана Малкиел.

18 Булар – Зилпанын уулдары. Зилпаны Лабан өз кызы Леяга берген. Ал Жакыпка он алты бала төрөп берген.

19 Жакыптын аялы Рахелдин уулдары: Жусуп жана Бенжемин.

20 Мисир жеринде Жусуптан Менаше менен Эпрайым төрөлдү. Аларды ага оондук буткана кызматчысы Потипердин кызы Асинат төрөп берди.

21 Бенжеминдин уулдары: Бела, Бехер жана Ашбел. Гейра жана Нааман, Эйхи жана Рош, Мупим, Хупим жана Арт.

22 Булар – Рахелдин Жакыптан төрөгөн уулдары, бардыгы болуп он төрт жан.

23 Дандын уулу: Хушим.

24 Напталынын уулдары: Жахсиел жана Гуни, Жетсер жана Шилем.

25 Булар – Биланын уулдары. Биланы Лабан өз кызы Рахелге берген. Ал Жакыпка бардыгы болуп жети бала төрөп берген.

26 Жакып менен бирге Мисирге келгендердин, Жакыптын уулдарынын аялдарынан башка, анын өз канынан чыккандардын саны бардыгы болуп алтымыш алты жан эле.

27 Жусуптан Мисирде эки уул төрөлгөн. Жакыптын Мисирге келген кишилеринин саны бардыгы болуп жетимиш жан.

Жакыптын фараонго бата бериши

28 Гошенге жол көрсөтсүн деп, Жакып Жүйүттү Жусупка өзүнөн мурун жиберди. Алар Гошенге келишти.

29 Жусуп арабасын кошуп, атасы Ысрайылды тосуп алганы Гошенге жөнөп кетти. Ал атасын көргөндө, аны мойнунан кучактап, көпкө чейин ыйлады.

30 Ошондо Ысрайыл Жусупка: «Эми өлсөм болот, сенин жүзүңдү көрдүм, сен тирүү экенсиң», – деди.

31 Жусуп бир туугандарына жана атасынын үй-бүлөсүнө: «Мен барып, фараонго кабарлап: “Канаан жериндеги бир туугандарым менен атамдын үй-бүлөсү мага келишти.

32 Алар – койчулар, мал багышат. Алар майда жана бодо малын, бардык мал-мүлкүн ала келишти”, – деп айтайын.

33 Эгерде фараон силерди чакырып: “Силердин кесибиңер эмне?” – деп сураса,

34 силер: “Сенин кулдарың биз да, аталарыбыз да жаш чагыбыздан бүгүнкү күнгө чейин мал багып келгенбиз”, – деп айткыла. Ошондо Гошен жеринде жашап каласыңар. Анткени мисирликтер үчүн койчулардын баары жийиркеничтүү», – деди.

47-БӨЛҮМ

1 Жусуп фараонго келип, мындай деп кабарлады: «Канаан жеринен атам менен бир туугандарым майда жана бодо малы менен, өздөрүнүн бардык мал-мүлкү менен келишти. Азыр алар Гошен жеринде».

2 Анан ал бир туугандарынын арасынан бешөөнү алып барып, фараонго тааныштырды.

3 Ошондо фараон анын бир туугандарынан: «Силердин кесибиңер эмне?» – деп сурады. Алар фараонго: «Сенин кулдарың биз да, аталарыбыз да койчубуз», – деп жооп беришти.

4 Алар фараонго: «Биз бул жерге жашаганы келдик, анткени кулдарыңдын малына жайыт жок, Канаан жеринде катуу ачарчылык болуп жатат. Ошондуктан кулдарыңа Гошен жеринде жашоого уруксат бер», – дешти.

5 Ошондо фараон Жусупка кайрылып, мындай деди: «Атаң менен бир туугандарың сага келди.

6 Мисир жери кол астыңда. Атаң менен бир туугандарыңды эң жакшы жерге жайгаштыр. Алар Гошен жеринде жашашсын. Эгерде алардын арасында жөндөмдүү кишилер бар экенин билсең, аларды менин малымдын үстүнөн көз салуучу кылып дайында».

7 Анан Жусуп атасы Жакыпты фараонго алып келип тааныштырды. Жакып фараонго батасын берди.

8 Фараон Жакыптан: «Канча жашка келдиң?» – деп сурады.

9 Жакып фараонго: «Жер бетинде келгин болуп жашаганыма жүз отуз жыл болду. Ата-бабаларымдын жер бетинде келгин болуп жашаган жашына жеткен жокмун, аз жашадым, азаптуу күндөрдү өткөрдүм», – деди.

10 Жакып фараонго батасын берип, фараондукунан чыкты.

11 Ошентип, Жусуп атасы менен бир туугандарын Мисир жерине жайгаштырып, фараон айткандай, жер соорусу Раамсес аймагын алардын энчисине берди.

Ачарчылык

12 Жусуп атасы менен бир туугандарын, атасынын бүт үй-бүлөсүн ар бир үй-бүлөдөгү кишинин санына жараша эгин менен камсыз кылып турду.

13 Ачарчылык аябай күч алгандыктан, бүт жер жүзүндө эгин түгөнүп, Мисир жери да, Канаан жери да жабыркады.

14 Жусуп эгин сатып, Мисир жери менен Канаан жериндеги күмүштүн баарын жыйнап, фараондун үйүнө киреше кылып киргизди.

15 Ошентип, күмүш Мисир жери менен Канаан жеринде түгөндү. Мисирликтердин бардыгы Жусупка келип: «Бизге нан бер, сенин алдыңда өлгөнүбүздүн эмне кереги бар, анткени күмүшүбүз түгөндү», – дешти.

16 Жусуп аларга: «Күмүшүңөр түгөнсө, малыңарды айдап келгиле, эгинди малга айырбаштайм», – деди.

17 Ошондо алар Жусупка малдарын айдап келишти. Жусуп аларга жылкыларынын, майда жана бодо малдарынын, эшектеринин ордуна эгин берип турду. Ал жылы аларды берген малынын ордуна эгин менен камсыз кылып турду.

18 Ошентип, ал жыл да өттү. Кийинки жылы да алар Жусупка келип: «Мырзабыздан жашырбайбыз, күмүшүбүз түгөндү, бүт малыбыз да мырзабыздын колунда. Мырзабыздын алдында өзүбүз менен жерибизден башка эч нерсебиз калган жок.

19 Сенин көз алдыңда өзүбүз өлүп, жерибиздин ээн калганынын эмне кереги бар? Өзүбүздү да, жерибизди да эгинге сатып ал. Биз жерибиз менен фараонго кул бололу, өлбөй тирүү калышыбыз үчүн, жерибиз ээн калбашы үчүн, бизге үрөн бер», – дешти.

20 Ошондо Жусуп бүткүл Мисир жерин сатып алып, фараондун карамагына өткөрдү. Ачарчылык кыйнагандыктан, мисирликтердин баары өз талааларын сатышты. Ошентип, жер фараондун карамагына өттү.

21 Фараон Мисирдин бир четинен экинчи четине чейин жашаган элди кул кылып алды.

22 Жусуп буткана кызматчыларынын гана жерлерин сатып алган жок, анткени буткана кызматчылары фараондон жер алууга тийиш эле. Алар фараон берген жер менен оокат кылышкан, ошондуктан жерлерин сатышкан жок.

23 Ошондо Жусуп элге кайрылып: «Мына эми мен силерди да, жериңерди да фараондун карамагына өткөрдүм. Мына бул үрөндү алып, жериңерге эккиле.

24 Түшүмдү жыйнаганыңардан кийин, анын бештен бир бөлүгүн фараонго бергиле, ал эми төрт бөлүгү талаага сепкениңерге, өзүңөр жегениңерге, үйүңөрдө жашагандарыңарга, балдарыңардын жегенине калсын», – деди.

25 Алар Жусупка: «Сен биздин өмүрүбүздү сактап калдың. Мырзабыздын алдында ырайым табалы, фараонго кул бололу», – дешти.

26 Ошентип, Жусуп Мисир жеринде бүгүнкү күнгө чейин күчүндө болгон мындай мыйзам чыгарды: «Фараонго таандык болбогон буткана кызматчыларынын жеринен башка жерлерден алынган түшүмдүн бештен бир бөлүгү фараонго берилсин».

Жусуптун ант бериши

27 Ысрайыл Мисирдеги Гошен жерине отурукташып калгандан кийин, укумдап-тукумдап, абдан көбөйдү.

28 Жакып Мисир жеринде он жети жыл жашап, жүз кырк жети жашка чыкты.

29 Ысрайылдын өлөр убагы жакындаганда, уулу Жусупту чакырып, мындай деди: «Эгерде мен сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, мага ырайым жана акыйкаттык кылып, сенин сөөгүңдү Мисирге калтырбайм деп, колуңду саныма коюп ант бер.

30 Ата-бабаларым жаткан жерге жатайын, мени Мисирден алып чыгып, ошолордун көрүстөнүнө кой». Жусуп атасына: «Айтканыңдай кылам», – деди.

31 Атасы ага: «Ант бер», – деди. Баласы ага ант берди. Ысрайыл төшөгүнүн башында тизесин бүктү.

48-БӨЛҮМ

Жакыптын Эпрайым менен Менашеге батасын бериши

1 Ошондон кийин Жусупка: «Атаң ооруп жатат», – дешти. Ошондо ал Менаше жана Эпрайым деген эки уулун алып, атасына жөнөдү.

2 Жакыпка: «Сага уулуң Жусуп келе жатат», – деп кабарлашты. Ысрайыл бар күчүн жыйнап, төшөгүнө отурду.

3 Анан Жакып Жусупка мындай деди: «Кудуреттүү Кудай Канаан жериндеги Лузда мага келип, батасын берген.

4 Кудай мага: “Мен сени укум-тукумдуу кылам, сенден көптөгөн элдерди жаратам, бул жерди сенин тукумуңа түбөлүк ээлик кылууга берем”, – деген.

5 Мисирге, сага келгениме чейин, сенин Мисир жеринде туулган эки уулуң – Эпрайым менен Менаше эми менин уулдарым болот, Рубейин менен Шымон сыяктуу эле булар меники болот.

6 Сенден төрөлө турган, булардан кийинки балдар сеники болот. Ал балдар өз үлүштөрүндө өз бир туугандарынын аттары менен аталышат.

7 Мен Месопотамиядан келе жатканда, Канаан жеринде, жолдо, Эфратага бир аз жете бербей, өз колумда Рахелим көз жумду. Мен анын сөөгүн ошол жерге, Эфратага бара жаткан жолдо жашырдым, азыр ал жер Бейт-Лехем деп аталат».

8 Анан Ысрайыл Жусуптун балдарын көрүп: «Булар кимдер?» – деп сурады.

9 Жусуп атасына: «Булар менин уулдарым, буларды Кудай мага ушул жерден берди», – деп жооп берди. Ошондо Жакып ага: «Аларды мага жакын алып келчи, мен аларга батамды берейин», – деди.

10 Карылыктан Ысрайылдын көзүнүн курчу кетип, жакшы көрө албай калган эле. Жусуп уулдарын ага жакын алып келди. Жакып аларды кучактап өптү.

11 Ошондо Ысрайыл Жусупка: «Сенин жүзүңдү көрөм деп үмүттөнгөн эмес элем, бирок Кудай мага уулдарыңды да көрсөттү», – деди.

12 Жусуп уулдарын атасынын алдынан алып, ага башын ийип таазим этти.

13 Анан Жусуп Эпрайымды оң колуна алып, Ысрайылдын сол колуна алып келди, Менашени сол колуна алып, Ысрайылдын оң колуна алып келди.

14 Эпрайым кичүү болсо да, Ысрайыл оң колун анын башына, ал эми сол колун Менашенин башына койду. Менаше тун уул экенин билип турса да, ал колдорун ошондой койду.

15 Анан Жусупка батасын берип, мындай деди: «Аталарым Ыбрайым менен Ыскак табынган Кудай, мени жаралганымдан бүгүнкүгө чейин сактап келген Кудай,

16 мени ар кандай жамандыктан куткарган Периште бул балдарга батасын берсин. Булар менин атым менен, аталарым Ыбрайым менен Ыскактын аты менен аталышсын, жер бетинде укумдап-тукумдап көбөйүшсүн».

17 Жусуп атасынын оң колун Эпрайымдын башына койгонун көрүп, капа болду. Ал Эпрайымдын башынан атасынын колун алып, Менашенин башына коймокчу болуп, атасынын колун кармады да:

18 «Ата, андай эмес! Туну – бул. Оң колуңду мунун башына кой», – деди.

19 Бирок атасы ага макул болбой: «Билем, уулум, билем, андан да эл чыгат, ал да улуу эл болот, бирок кичүүсү андан чоң болот, андан чоң уруу тарайт», – деди.

20 Ысрайыл ошол күнү аларга батасын берип, мындай деди: «Ысрайыл сенин атыңды атап: Кудай сага Эпрайым менен Менашеге кылганындай кылсын», – деп батасын берет. Ошентип, ал Эпрайымды Менашеден жогору койду.

21 Анан Ысрайыл Жусупка мындай деди: «Менин көзүм өтүп баратат. Бирок Кудай силер менен болот, силерди ата-бабаңардын жерине кайра алып барат.

22 Аморлуктардын колунан кылычым менен, жаам менен тартып алган бир тилке жерди сени бир туугандарыңан артык көрүп, сага берем».

49-БӨЛҮМ

Жакыптын Ысрайыл урууларына пайгамбарчылык кылып бата бериши жана көз жумушу

1 Анан Жакып уулдарын чакырып: «Чогулуп келгиле, силерге алдыда эмне болорун айтып берейин.

2 Жакыптын уулдары, чогулуп келгиле, кулак салгыла, атаңар Ысрайылды уккула», – деди.

3 «Рубейин, менин тунум! Сен менин күч-кубатымсың, күчүмдүн башатысың, кадыр-баркың артып, кудуретке жеттиң.

4 Бирок сен суудай ташкындадың, ошондуктан тунгучтугуңдан айрыласың. Анткени атаңдын жаткан жерине кирип, төшөгүн булгадың.

5 Шымон менен Леби экөө бир тууган, алардын кылычтары – катаалдыктын куралдары.

6 Мен алардын кеңешине катышпайм, алардын жыйынына атак-даңкым кошулбайт. Анткени алар ачууга алдырып, эркектерди өлтүрүштү, өз каалоолору боюнча букалардын тарамыштарын кесишти.

7 Алардын каарына наалат, анткени ал катаал. Алардын ачуусуна каргыш тийсин, анткени ал жаалдуу. Аларды Жакыптын арасына таратам, Ысрайылдын арасына чачам.

8 Жүйүт! Сени бир туугандарың көкөлөтө макташат. Колуң душмандарыңдын мойнунда болот. Атаңдын уулдары сага таазим кылышат.

9 Жаш арстан Жүйүт уулум олжого тоюп, туруп келе жатат. Ал керилип, арстан сымал, ургаачы арстан сымал жатты. Аны ким тургуза алат?

10 Элдештирүүчү келмейинче, Жүйүттүн колунан бийлик таягы түшпөйт, тукумунан мыйзам чыгаруучу кетпейт. Ага элдер баш ийишет.

11 Ал жүзүм сабагына кодигин байлайт, эң мыкты жүзүм сабагына ургаачы эшегинин баласын байлайт. Шарапка кийимин, жүзүм ширесине жамынчысын жууйт.

12 Шараптан көздөрү жылтырап, сүттөн тиштери агарат.

13 Забулун деңиз жээгинде, кемелер токтоочу жайдын жанында жашайт, анын чеги Сидонго чейин жетет.

14 Исахар – эки суунун ортосунда жаткан күчтүү эшек.

15 Ал бейпилдик жакшы экенин, жер жагымдуу экенин көрдү: жүк көтөрүү үчүн ийинин тосуп, салык төлөө үчүн эмгек кыла баштады.

16 Дан Ысрайылдын бир уруусу катары өз элине калыстык кылат.

17 Дан жолдо жаткан жылан, жолуңдан чыккан уулуу жылан болот, атынын бутун чакса, чабандес чалкасынан кетет.

18 Теңирим, Сенин жардамыңдан үмүттөнөм!

19 Гатты калың эл кысымга алат, бирок ал аны артынан калбай кууп чыгарат.

20 Ашырдын тамак-ашы кенен болот, ал падышаныкындай тамак таап келип турат.

21 Напталы – келишимдүү жейрен, оозунан ширин сөз чыгат.

22 Жусуп – жемиштүү дарактын бутагы, булактын жанындагы жемиштүү дарактын бутагы. Анын шак-бутактары дубалдан ашып жайылат.

23 Жаа тарткычтар аны капа кылышты, ага кастык кылып, жаа тартышты,

24 бирок анын жаасы катуу бойдон калды. Жакыптын кудуреттүү Кудайы, Ысрайылдын Кайтаруучусу жана тиреги колдогондуктан, анын колунун булчуңдары бекем.

25 Атаңдын Кудайы сага да жардам берсин. Кудуреттүү Кудай сени жогорудан асман баталары менен, төмөндө туңгуюк башаттары менен алкасын, азыркы жана келечектеги укум-тукумуңа батасын берсин.

26 Байыркы тоолордун, түбөлүктүү дөбөлөрдүн баталарынан көп эсе артык турган атаңдын баталары менен батасын берсин. Ушул баталар Жусуптун башында жана бир туугандарынын арасынан тандалгандын башында болсун.

27 Бенжемин – жырткыч карышкыр, эртең менен карактаганын жейт, кечинде олжосун бөлүштүрөт».

28 Ысрайылдын он эки уруусу мына ушулар жана аларга атасынын айткандары да ушулар. Аларды алкап, ар бирине өз батасын берди.

29 Анан аларга мындай осуят кылды: «Мен эми өз элиме кошулганы бара жатам. Мени хеттиктердин Эпрон талаасындагы үңкүргө, ата-бабаларымдын жанына койгула.

30 Канаан жериндеги, Мамрейдин алдындагы, Махпел талаасындагы үңкүрдү талаа менен кошо Ыбрайым көрүстөн үчүн хеттик Эпрондон сатып алган.

31 Ал жерге Ыбрайымды жана аялы Саараны коюшкан. Ал жерге Ыскак менен Ребеканы коюшкан. Ал жерге мен Леяны койгом.

32 Ал талаа жана талаадагы үңкүр Хет уулдарынан сатылып алынган».

33 Ошентип, Жакып уулдарына осуяттарын айтып бүттү да, буттарын төшөккө коюп, жан берип, өз элине кошулду.

50-БӨЛҮМ

Жакыптын көргө коюлушу

1 Жусуп атасын басып жыгылып, ыйлап, аны өпкүлөдү.

2 Анан Жусуп дарыгер кызматчыларына атасын бальзамдоого буйрук берди. Дарыгерлер Ысрайылды бальзамдашты.

3 Арадан кырк күн өттү, анткени бальзамдап катырууга кырк күн керек эле. Мисирликтер жетимиш күн аза күтүп ыйлашты.

4 Аны жоктоп ыйлаган күндөр аяктагандан кийин, Жусуп фараон сарайындагыларга мындай деп кайрылды: «Эгерде мен силердин алдыңарда ырайым тапкан болсом, анда фараонго мындай дегиле:

5 “Атам менден мындай деп ант алган эле: "Менин көзүм өтүп бара жатат. Мени Канаан жеринде өзүм үчүн казган көргө койгула". Мен эми ошол жерге барып, атамды коюп келүүнү каалар элем”».

6 Ошондо фараон: «Атаңа берген антың боюнча барып, атаңды коюп кел», – деди.

7 Жусуп атасын койгону жөнөдү. Аны менен фараондун кызматчылары, үйүндөгү аксакалдар жана Мисир жериндеги аксакалдар,

8 өзүнүн бүт үй-бүлөсү, бир туугандары жана атасынын үйүндөгүлөр кетишти. Гошен жеринде балдары менен майда жана бодо малдарын гана калтырышты.

9 Аны менен бирге арабалар менен атчандар кошо жөнөшкөндүктөн, эл абдан көп болду.

10 Алар Иордандын жанындагы Горен-Аататка жеткенде, ал жерде да чоң ый, чоң өкүрүк болду. Жусуп атасын жоктоп жети күн ыйлады.

11 Ошондо ал жерде жашаган канаандыктар Горен-Аататтагы ыйды угуп: «Мисирликтер аябай жоктоп ыйлашты», – дешти. Ошондуктан ал жер Иордандагы «мисирликтердин ыйы» деп аталып калды.

12 Жакыптын уулдары атасы кандай айтса, ошондой кылышты.

13 Уулдары аны Канаан жерине алып барып, Мамрейдин алдындагы, Махпел талаасындагы үңкүргө коюшту. Ыбрайым аны талаа менен бирге хеттик Эпрондон менчик көрүстөн кылыш үчүн сатып алган.

14 Атасын койгондон кийин, Жусуп бир туугандары менен, өзү менен бирге атасын койгону баргандар менен Мисирге кайтып келди.

Жусуптун бир туугандарына ырайым кылышы

15 Жусуптун бир туугандары атасы өлгөндөн кийин: «Жусуп бизди жек көрүп калса эмне болот? Ага кылган жамандыгыбыз үчүн өч алгысы келсечи?» – дешип,

16 Жусупка мындай деп айттырып жиберишти: «Атаң өлөр алдында:

17 “Жусупка минтип айткыла: "Бир туугандарың сага жамандык кылышты, алардын айыбы менен күнөөсүн кечир", – деген. Эми атаңдын Кудайынын кулдарынын айыбын кечир”». Бул сөздөрдү айтып жатышканда, Жусуп ыйлады.

18 Бир туугандары өздөрү да келип, анын алдына жыгылып: «Эми биз сенин кулуңбуз», – дешти.

19 Жусуп аларга: «Коркпогула, анткени мен Кудайдан корком.

20 Силер мага жамандык ойлодуңар эле, Кудай аны жакшылыкка айлантты. Көп сандаган адамдардын өмүрүн сактап калыш үчүн, ушуну ишке ашырды.

21 Ошондуктан коркпогула. Мен силерди бала-бакыраңар менен кошо багам», – деди. Ошентип, Жусуп алардын көңүлүн тынчтандырып, жүрөк жылыткан сөздөрдү айтты.

Жусуптун көз жумушу

22 Жусуп Мисирде атасынын үй-бүлөсү менен жашады. Ал жүз он жыл жашады.

23 Ал Эпрайымдын үчүнчү тукумуна чейин көрдү, ошондой эле Менашенин уулу Махирдин уулдары да анын көзү тирүүсүндө төрөлүштү.

24 Жусуп бир туугандарына мындай деди: «Менин ичер суум, көрөр күнүм аз калды, бирок Кудай силерге келип, силерди бул жерден алып чыгып, Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка убада кылган жерге жеткирет».

25 Анан Жусуп Ысрайыл уулдарынан мындай деп ант алды: «Кудай силерге келет, ошондо силер менин сөөгүмдү бул жерден алып кеткиле».

26 Ошентип, Жусуп жүз он жашында көз жумду. Аны Мисирде бальзамдап, табытка салып коюшту.