Бухгалтердик эсеп: Окуу куралы

Wikibooks дан

Бухгалтердик эсеп: Окуу куралы[түзөтүү]

БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕП: Окуу куралы
Мугалимдер Студенттер Бухгалтерлер Экономисттер Бухгалтердик курстун угуучулары үчүн
БИШКЕК «ШАМ» БАСМАСЫ 1996
Чалова К. Бухгалтердик эсеп: Окуу куралы. Б.: Шам, 1996.— 456 б. ISBN 5-7499-0030-4

Бул китепте бухгалтердик эсептин теориялык негизи, аны жүргүзүүнүн техникасы жана үлгүлөрү чагылдырылып, бухгалтердик баланстын жана отчеттуулуктун өзгөчүлүгү, мамлекеттик эмес түзүлүштөгү менчиктин ар кандай түрлөрүнө аудиттик текшерүүлөрдүн ыкмалары да кеңири көрсөтүлгөн.

Окуу куралы жогорку окуу жайларынын мугалимдерине, экономика факультетинин студенттерине, бухгалтердик курстардын угуучуларына, бухгалтер-экономисттерге жана эсеп-кысап иштерин кыргыз тилинде жүргүзүүгө, бухгалтерия иштерин өз алдынча үйрөтүүгө кызыгышкандарга арналган.

Чалова Калича Жоочалыш кызы

КМУУнун бухгалтердик эсеп, аудит жана анализ кафедрасынын башчысы жана профессору. «Бухгалтердик эсептин теориясы», «Жалпы тармактардын бухгалтердик эсеби», «Мамлекеттик эмес түзүлүштөрдөгү бухгалтердик эсеп» ж. б. сабактардан кыргыз, орус тилдеринде даре окуйт.

Ал 1961-жылы Бишкек финансы-экономикалык техникумун, 1967-жылы КМУнун экономикалык факультетин бүтүргөн. Бир нече жыл өндүрүштүн ар кандай тармактарында бухгалтер, башкы бухгалтер болуп эмгектенген. 1971-жылы бухгалтердик эсеп адистиги боюнча кыргыздар арасында биринчилерден болуп кандидаттык диссертациясын жактаган.

Анын «Бухгалтердик эсеп боюнча кыскача сөздүк», «Бухгалтердик эсеп бардыгы үчүн», «Бухгалтердик эсеп — сөздүк маалымдама» китептери жана бир катар методикалык колдонмолору, көптөгөн илимий макалалары жарык көргөн.

Алгы сөз[түзөтүү]

Биздин республикабызда рыноктук экономиканын элементтеринин жаралышына карата азыркы мезгилде бир кыйла мамлекеттик эмес түзүлүштөр: чакан ишканалар, фирмалар, кооперативдер, дыйкан чарбалары жана башка ар түрдүү чарбалык коомдор пайда болууда. Мындай өзгөрүүлөр ушул кезге чейин бизде болуп көрбөгөн бухгалтердик жаңы типтеги кадрларга, суроо талаптын өсүүсүнө алып келүүдө. Азыркы коомдордогу бухгалтердик адистердин тартыштыгы жана керектиги, чакан жана өнөктөш ишканалар ж. б. үчүн бухгалтерлерди даярдоочу ар кандай курстардын уюштурулуп жүргөндүгү күбө. Бүгүнкү күндө мамлекеттик эмес түзүлүштөрдүн өндүрүш, коммерция жана бөлөк иш-аракетинин процессинде фирмалардын жүгүртүүсүндө турган мүлктөрдүн, байлыктардын, каражаттардын жана башкаларынын эсеп-кысабын так жана бухгалтердик эсепти жүргүзүү эрежесинин жаңы талабы менен алып жүрүүчү бухгалтерлер керек болгондугу талашсыз маселе. Мурунку аракеттеги бухгалтердик эсептин нормативдик-методикалык материалдарынын баары керектен чыгып жатат. Жаңы талап менен даярдалган эрежелер, нускоолор жана башка көрсөтмөлөр көпчүлүгү жалаң орус тилинде болуп, ал да азыркы мезгилге чейии журтчулук катмарына колдонууга эле эмес, таанышууга да жеткириле элек. Учурдагы мезгилдин талабына ылайык даярдалган бухгалтердик эсеп боюнча окуу куралдары орус тилинде да жетишсиз, ал эми кыргыз тилинде таптакыр болгон эмес. Мына ушул мүчүлүштөрдүн ордун толтурууга, республиканын жогорку окуу жайларында жана уюштурулган курстарда бухгалтерлерди даярдоого окуу куралы катары ушул «Бухгалтердик эсеп» — китеби кыргыз тилинде алгачкы жолу сунуш кылынып олтурат. Анткени, окуу жайларында кыргыз тилинде орто мектепти бүткөн көптөгөн жаштар айылдан келип окушат. Алар орус тилин жетиштүү деңгээлде түшүнө алышпайт да, түзүлүшү татаал болгон бухгалтердик эсеп сабагын өздөштүрүүдө аябай кыйналышып, көп убаракерчиликке дуушар болушат. Кыргыз улутундагы окурмандардын эсеп-кысапка кызыгуусу ушул китепте канаттандырарлык эле чечилет деген ойдобуз. «Бухгалтердик эсеп» китебинин максаты: бухгалтердик эсептии негиздери жана аны жүргүзүү боюнча билим алууда, көнүгүүлөрдө бирдиктүү усулдук негизде окуучуларга, чакан ишканалар же кооперативдердин мисалында, практикалык жардамын көрсөтүү.

Окуу жайларынын окуучуларынын бухгалтердик эсептин так коюулуш маселесин, көнүгүүлөрдү алуусун, отчеттулуктун толук, өз убагында жана жеткиликтүү түзүлүүсүн, көзөмөл түзүмүн, финансылык иштерди эффективдүү талдоону үйрөтүп окутуу — бухгалтер адистигин алуучулар үчүн негизги милдеттери болуп саналат.

Бухгалтер болгусу келген окуучулар, бухгалтердик регистрлердеги жазуулар жана отчеттук формалардагы маалыматтар, бардык чагылдырган эсеп-кысап процедуралары, тараптардын ич-ара катышын, укугун жана жоопкердигин айкындай тургандыгын эстен чыгарбоолору керек. Бухгалтердик эсеп: тигил же бул кызматкерлердин материалдык жоопкердигинде турган байлыктардын сакталуусу үчүн, ишкананын кимден аласасын, же ким аларга бересесин так эсептөө үчүн, акырында чарбалык иш-аракеттин башкы финансылык жыйынтыгын чыгаруу жана аны бөлүштүрүү үчүн керек экендиги унутулбашы зарыл. Бирок бухгалтердик эсеп боюнча тийиштуу билимди алууга жолтоо болгон бир кыйла деңгээлдеги кыйынчылыктар бар. Алардын негизгилерине бухгалтер кадрларын даярдоо боюнча бухгалтердик эсеп билимииин методологиясынын толук иштелип чыкпаганы, бул боюнча окуу куралынын толук жоктугу болуп саналат.

Мына ушул мүчүлүштүктөрдү толуктоо үчүн бул басылма даярдалды. Бул китептен окуучулар: акча каражаттарынын, товардык-материалдык байлыктардын, эмгек акынын, негизги каражаттардын, өндүрүш жана сатуу процесстеринин, эсептешүүлөрдүн, фонддор, насыялар менен финансылык жыйынтыктардын жана башкалардын бухгалтердик эсеп-кысабын, алардын аудитин, кантип жүргүзүү керектигин окушат жана үйрөнүшөт. Окуу куралынын курамында 1995-жылдын 1-майына чейинки нормативдик документтердин негизинде калыптанган базадагы бухгалтердик эсепти уюштурулуш принциптери каралган жана камтылган, чечилбеген методология маселелерине ар түрдүү ыкмалары сунуш этилет, ишканада утурумдук эсеп-кысаптын коюулушу жана туура жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү документтер жана санак регистрлеринин үлгүлөрү толтурулуп келтирилет.

Бул китепте окуучулардын теориялык материалдарды жакшылап түшүнүшү жана өздөштүрүшү үчүн ишкананын финансылык чарбалык ишкердигинин чарбалык операцияларын чагылдыруу боюнча айрым чиймелери, сүрөттөрү, жадыбалдар (таблицалар) жана өздөштүрүүнү текшерүү суроолору чагылдырылган. Келтирилген сандык мисалдар шарттуу багытта, ал эми санак регистрлеринин үлгүлөрү кыскартылган түрдө керектүү эле жөөктөрү көрсөтүлгөн, бирок графаларынын аталышы жана анын түрлөрү бекитилген формада берилген. Аларды толтуруп көнүгүү менен окуучулар жетиштүү эле тажрыйба алышмакчы.

«Бухгалтердик эсеп» китеби азыркы аракеттеги нормативдик документтерге толук колдонулган бухгалтердик эсепти ишканада уюштуруу жана жүргүзүүдө ишкана бухгалтерлерине, экономистерге, жогорку жана атайын орто окуу жайлардын студенттерине көмөгүн көргөзөт. Китеп бухгалтерия иштерин ез алдынча үйрөнүүгө дилгир ишмерлер, бизнесмендер, фермерлер, жетекчилер жана жалпы окурмандар үчүн күндөлүк колдонмо болооруна татыктуу басылма. Бирок окурмандар турмуштун бир жерде турбасын, күн сайын жаңыланып жана өзгөрүлүп жатканын өздөрү түшүнүшү керек, анткени бир жоболор же документтер күчүнө кирсе, экинчи эрежеси тетирисинче күчүн жоготот эмеспи. Ошондуктан, ишкананын иш-аракетин юридикалык камсыз кылуу үчүн, такай чыккан жаңылыктуу документтерди үзгүлтүксүз колдонулуусу зарыл.

Китептин аягында Кыргыз республикасында кабыл алынып, колдонууга бекитилген жана киргизилген Финансы министрлигинин бухгалтердик эсеп боюнча нормативдик — методологиялык материалдарынын бир кыйласы кыргызчаланып берилген. Булардын дээрлик көпчүлүгү мурда басмада жарыяланган эмес жана ар бир ишкана жетекчилерине, бухгалтерге, студенттерге, окуучуларга, бизнесмендер менен ишкерлерге табылгыс курал болмокчу.

Китептин биринчи бөлүмүндөгү экинчи «Көнүгүү тапшырмалар» бөлүгүн жана төртүнчү «Аудитордук ишкердик» бөлүмүн Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин мугалими Биримкулова К. Д. даярдады. Бул окуу куралы мамлекеттик тилде алгачкы жолу чыгарылып жаткандыктан, айрым кемчилдиктери да болушу мумкун. Автор окурмандардын кеп-кеңешин жана сунуштары китептнн сапатын жакшыртууга багытталган деп түшүнөт жана алдын ала ыразылыгын билдирүү менен каттарын күтөт.

Биринчи бөлүм[түзөтүү]

ЭСЕП-КЫСАПТЫН НЕГИЗДЕРИ
1 Бөлүк.
БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕПТИН ТЕОРИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ

§ 1. Бухгалтер жана эсеп-кысап маалыматтары

Эсеп-кысап адамзат өөрчүп-өнүгүшү менен бирге мындан миңдеген жыл мурун пайда болгон. Анын алгачкы кадамы тарых үчүн эбегейсиз таасирин тийгизди. Жашоо-тиричилигинин керектөөлөрүн эсеп-кысаптын өнүгүшүнө алып келип, анын таасиринен өз кезегинде адамзаттыи цивилизациясынын бөлүнгүс бөлүктөрү болгон жазуу жана математика илимдеринин өсүшүнө түрткү болгону баарыбызга белгилуу. Бухгалтердик эсеп-кысаптын кош жазуу маанисиндеги негизде калыптануусу XV кылымдын аягына туура келет. Мындай кош жазуу ыкмасы бирден бир негиз болуп саналып, ушул убакытта да колдонулууда. Ошондон бери эле: аласа, бересе, баланс (теңдүүлүк), калькуляция, дебет, кредит, ж. б. көп термин менен туюнтмалар күчүн жогото элек. Бухгалтердик эсеп-кысаптын бирден бир алгачкы басылган китеби болуп италиянын көрүнүктүү математиги Лука Пачоли (1445—1515) тарабынан жазылып, анын «Счеттор жана жазуулар жөнүндө трактат» деген бөлүмүндө бухгалтерияны жүргүзүүдөгү кош жазуу ыкмасы баяндалат. «Бухгалтер» деген термин болсо XV кылымда пайда болгон. Инсбруктагы эсеп-кысап палатасынын иш жүргүзүүчүсү Христофор Истехер бухгалтер деген наамды алган биринчи кызмат адамы болуп эсептелет. Германияда 1498-жылга чейин эсеп-кысап китептерин алып жүргөн адамдар катчы деп аталчу. Ушул убакыттан тартып «бухгалтер», «бухгалтерия» деген терминдер эски аттарын сүрүп чыгарып, бара-бара бардык жерлерге тарала баштаган, ал эми XVIII кылымда Россияга да өткөн. Бул кылымдын башында Петр I-нин реформасынан кийин соода компаниялары кеңири таралып, фабрикалар менен заводдор пайда боло баштаган, аларга эсеп-кысапты сабаттуу жүргүзүү талап кылынган. Эсеп-кысап ишине ал кездерде белгилүү көңүл бурулганы менен китептерди туура алып барууну билген квалификациялуу адамдар аз эле. Ошондуктан Россияда бухгалтердин наамын биринчи алган адам чет өлкөлүк киши болгондугу бекеринен эмес. Ал киши голландиялык соодагер Тиммерман эле, ал 1732-жылы 11-сентябрда Коммерц-Коллегиянын буйругу боюнча Петербургдук бажыкананын башкы бухгалтери болуп дайындалган.

Кыргыз республикасында илгертен эле «эсепчи» же «санакчы» деген термин тээ атам замандан, Манас-Ата менен бирге жаралган болсо да, «бухгалтер» термини көбүнесе советтик доорго, өнөр жай тармагынын калыптануу мезгилине таандык. Биринчи бухгалтерлерди даярдоо айыл чарба жана финансы техникумдарында уюштурулган. Ишкананы башкарууда бухгалтердик эсепке өзгөчө орун берилет, анткени анын каржылык абалы, ишкердүүлүгү жөнүндө керектүү толук маалымат анда көргөзүлөт. Бүткүл бухгалтердик маалыматтар юридикалык ченемге ылайыкталышы ыктымал. Бул жөнүндө материалдык жана акчалык каражаттардын сакталышына жоопкер тарапка — ишкана жетекчисине жана анын бухгалтерине жүктөлөт. Ишканаларда, мекемелерде бухгалтердик эсепти бухгалтер деген белгилүү укуктары жана милдеттери бар кызматчы жүргүзөт, ал эсеп-кысап иштеринин конкреттүү участогун аткарат жана белгилүү чарбалык операцияларды текшерүү жүргүзөт. Аткарган милдетине жана ээлеген кызматына жараша бухгалтер же башкы бухгалтер болушу мумкун. Ар бир ишкана өзү юридикалык тарап болуп саналат. Юридикалык тараптын атынан материалдык (ресурстарды) байлыктарды колдонууда ишкана акимчилиги бөлүштүрүлгөн материалдык жоокердикти алып жүрөт. Материалдык жоопкердикке — мыйзам боюнча кызматкерлер тарабынан атайын же билбей келтирилген зыяндарды, чыгымдарды, жоготууларды, байлыктар жана акчалай каражаттардын жетишпей калышын калыбына келтируу милдеттери кирет. Материалдык байлыктарды жана акча каражаттарын кабыл алуучу, жөнөтүүчү жана сактоочу кызматкерлерге толук материалдык жоопкерчилик жүктөлөт. Ар бир материалдык-жоопкер тараптарга материалдык байлыктар жана акча каражаттарынын эсеп-кысабы бөлөк-бөлөк жүргүзүлөт, анын бухгалтердик эсеби материалдык-жоопкердик тараптарды текшерүү үчүн маалыматын камсыз кылат.

Материалдык байлыктардын натуралдык ченеминде (чекене соода ишканаларынын кызматкерлеринен бөлөгү) материалдык жоопкер тараптар жоопкерчиликти алып жүрөт, анткени сандык эсеп-кысапты натуралдык ченемде (дааналап, кг дап, м. ж. у. с.) жүргүзүү алдын ала аныкталат. Материалдык жоопкер тараптардын эсебинин маалыматтары кезек-кезеги менен бухгалтердик эсеп-кысап маалыматтары менен такталып турат. Бул иштерди бухгалтерия деп аталган бухгалтердик эсепти уюштурган жана алып барган эсеп-кысап аппараты аткарат. Бухгалтерия өзүнчү структуралык бөлүм болуп саналат. Бухгалтердик аппараттын структурасы ар түрдүү тармактагы ишканаларда эсеп-кысап ишинин мазмунуна жана көлөмүнө жа- раша өзгөрүп турат. Ири ишканаларда бухгалтерия өзүнчө бөлүм катарында кошумча бөлүмдөргө же топторго бөлүнөт. Мисалы, материалдык эсеп, өндүрүштүн эсеп-кысабы жана продукциянын өздүк наркын калькуляциялоо, даяр продукцияны эсептөө, жумушчулар жана кызматчылар менен эсептешүү, финансылык эсептөө ж. б., чакан ишканаларда бир нече кызматкерлерден түзүлүшү мүмкүн.

Бухгалтердик эсеп — чарбалык эсептин бир түрү. Ал ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана анын башкармаларынын чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн тактайт. Бардык чарбалык операциялар документтердин негизинде толтурулуп, каттоого алынат. Мунун өзү бухгалтердик эсептин көзөмөлдөө маанисин жогорулатып, анын далилдегич күчүн арттырат жана маалыматтарынын тууралыгын камсыз кылат. Бухгалтердик эсептин көрсөткүчтөрү товардык-материалдык мүлктүн баалуулугу, акча каражаттары, эсеп-кысаптар ж. б. инвентаризациялоо аркылуу мезгил-мезгили менен такталып турат.

Бухгалтердик санак эсеп-кысапты жүргүзүүнүн башка түрүнөн бир топ мүнөздүү өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Маселен, статистикалык эсептен: 1. Ишканада жүргүзүлгөн чарбалык операциялардын баардыгынын эч бири чыгарылбастан бухгалтердик эсеп-кысаптын түзүмүндө чагылдырылат; 2. Бухгалтердик эсепте жалаң гана мүмкүн болгон акча бирдигиндеги ченемдер чагылдырылат; 3. Бухгалтердик санакта эсеп-кысаптын башка түрүндө эч кезикпеген же өтө сейрек колдонулган өзүнүн атайылашкан ыкмасы пайдаланылат (маселен, санаттар (счеттор), кош жазуулар, баланс).

Бухгалтердик эсеп-кысап изилдөө объектисине жана өзүнчө иликтөө жолдоруна ээ болгон жыйынтыкталган система катарындагы өз алдынчалыгы бар экономикалык илим. Бухгалтердик эсепке методологиялык жетекчиликти Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ишке ашырат. Бухгалтердик эсепке жалпы жетекчилик кылуу Мамлекеттик улуттук статистикалык комитетине жүктөлгөн. Эсеп-кысапта акчалай жана натуралдык ченемдерден бөлөк, ошондой эле эмгек ченемдери да колдонулат. Алардын жардамы менен кызмат акыны эсептөө үчүн колдонула турган маалыматтар (күндөр, сааттар, минуталар) — эмгек сарптоолору аныкталат. Бирок эсеп-кысапта чыныгы негизги орунду акча өлчөмү ээлейт. Ушунун гана жардамы менен ишкананын ар түрдүү байлыктарынын (имараттар, станоктор, инструменттер, шаймандар, материалдар ж. у. с.) жалпы наркын эсептеп чыгууга мумкун.

Өздөштүрүү суроолору:
1. Эсеп-кысап качан чыкты?
2. Бухгалтердик санактын башка эсеп-кысаптардын түрүнөн эмне айырмасы бар?
3. Ишкананы башкарууда эсеп-кысап кандай орунду ээлейт?
4. Материалдык жоопкердик деген эмне?
5. Айрым материалдык жоопкерчилик кандай кызматкерлерге жүктөлөт?
6. Толук материалдык жоопкерчиликти кандай кызматкерлер аткарат?
7. Материалдык жоопкер тараптардын көзөмөлү кандай?
8. Эсеп-кысапта кандай өлчөгүчтөр колдонулат?


§ 2. Бухгалтердик эсептин мазмуну

Бухгалтердик эсеп билими ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердии (мындан ары «ишканалар») финансылык-чарбалык ишкердигин окутат. Чарбалык эсепти чыңдоо жана өнүктүрүү ишинде бухгалтердик эсеп өзгөчө орунду ээлейт. Бухгалтердик эсептин жардамы аркасында чарбалык каражаттардын туура пайдаланылышына, ишканалардын чыгымдары менен кирешелерине көзөмөлдүктү ишке ашырууга байкоо жүргүзүлөт, алардын чарбалык ишинин финансылык натыйжалары аныкталат, чарба ресурстарын туура эмес чыгымдоонун себептери белгиленет жана аларды эң рационалдуу пайдалануунун чаралары көрүлөт.

Ишкананын чарбалык ишкердигинин мазмуну көптөгөн ар кыл түрдөгү объектилерден турат жана аларды эки тайпага:
— ишкананын чарбалык иш-аракетин камсыз кылуучу объектилерге жана,
— ишкананын чарбалык иш-аракетин түзүүчү объектилерге — бөлүшөт.
Биринчи топко чарбалык каражаттар жана анын булактары, ал эми экинчисине — чарбалык процесстер жана алардын жыйынтыктары кирет.

Ишкананын чарбалык каражаттарын:
— негизги каражаттар — узак убакытка чейнн өндүрүш процессин тейлеген эмгек каражаттары. Алар өзүнун наркын өндүрүлүүчү продукцияга бөлүп-бөлүп, өзүнүн түзүлүшүнө караша өткөрүп турат. Аларга имараттар, курулуштар, өткөрүү түзүлүштөрү, машиналар жана жабдуулар, ченегич жана жөнгө салуучу приборлор менен аспаптар кирет. Бухгалтердик эсепте алар алгачкы наркы боюнча бүткүл пайдалануу мөөнөтүнө чейин чагылдырылат. Алар кайрадан баалоонун же объектинин кайрадан жабдуунун натыйжасында өзгөрүшү мүмкүн. Кезектеги эсептөөдө нарктан тышкары калдык суммасы да аныкталат. Ал алгачкы нарктан негизги каражаттардын тозулушун чыгарып салгандан кийиики сумманы көрсөтөт. Негизги каражаттар кайрадан баалагандан кийин калыбына келтирүүчү нарк менен бааланат;
— материалдык эмес активдер — жер аянттары, суу башка дагы табигый ресурстарды, өнөр жай жана өздүк менчиктердин объектилери, анын ичинен ишканалар тарабынан төлөнүп сатып алынган патенттер, лицензиялар, соода белгилерин пайдалануу укуктары. Аныкталган норма боюнча өзүнүн алгачкы наркы өндүрүш сарптоолорун же жүгүртүүсүнө өткөрүлөт;
— жүгүртүү каражаттар — ишканалардын жана чарбалык уюмдардын жүгүртүлүүчү фондуларын жана айлануу фондуларын түзүүчү каражаттар. Аларга өндүрүш запастары, бүткөрүлбөгөн өндүрүш, келечектеги мезгилдердин чыгымдары кирет. Айлануу фондуларынын составына айлануу буюмдары (даяр продукция, жөнөтүлгөн товарлар), акча каражаттары (банктагы эсептешүү счетунда жана ишкананын кассасында), эсептешүүдөгү каражаттар (дебитордук карыздар) кирет. Жүгүртүү каражаттары нормалануучу жана нормаланбоочу болуп экиге бөлүнөт. Нормалануучу жүгүртүү каражаттар боюнча ишканалардын кадимкидей иштеши зарыл болгон запастардын нормативдери белгиленет. Түзүү булактарына жараша жүгүртүү каражаттары менчиктүү жана насыялык болуп бөлүнөт. Айрым мезгилдерде ишканалардын нормативден тышкары өндүрүштүк запастары болот, алар банктын ссудасынын эсебинен жабылат;
— тартылган каражаттар — жүгүртүүдөн алынган, б. а. төмөндөгүдөй максаттар боюнча кирешени пайдалануучу (бөлүштүрүүчү) ишкананын каражаттары. Кирешенин эсебинен Мамлекеттик бюджетке жана атайын фондуларга төлөөлөр жана чегерүүлөр, менчиктүү жүгүртүлүүчү бош каражаттарды кайрадан бөлүштүрүү ж. б. Алар бухгалтердик баланстын активинде көрсөтүлүп, жүгүртулүүчү каражаттар делип аталат;
— акча каражаттары — ишкананын кассасындагы, Мамлекеттик банктагы счеттордогу, аккредитивдердеги, отчет берүүгө милдеттүү адамдардагы акча түрүндөгү каражаттар. Ишканалар бош акча каражаттарын мамлекеттик банктагы счеттордо сактоого тийиш. Ишкананын кассасында акча каражаттары белгиленген лимиттерден ашпаган суммасы (белгилүү учурларды, атап айтканда, жумушчулар менен кызматчыларга кызмат акы төлөй турган күндөрдөн башка) болушу мүмкүн. Чарбалык эсептеги ишканалар уюмдарда акча каражаттары түшүшүнүн негизги булагы болуп жумуштарды, продукцияны жана кызматтарды сатуудан түшкөн акча эсептелет. Накта акча төлөө закондо каралган учурларда гана жүргүзүлушу мүмкүн (кызмат акы төлөө, отчеттук акчаларды берүү, арзан баалуу буюмдарды сатып алуу ж. у. с.);
— эсептешүүдөгү каражаттар (бизге карыздар) — ага товарлар жана тейлөөлөр, продукциялар үчүн, дебитордук карыздар, берилген аванстар, алынган векселдер боюнча, жоопкер тараптардагы суммалар ж. б. кирет.


Ишкананын иш-аракетинде чарбалык каражаттардын дайыма айлануусу жүрүп турат. Бул айлануунун үч процессин бөлүп кароого болот: камсыздоо, өндүрүү жана сатуу. Эсеп-кысапта бул процесстер айрым чарбалык операциялардан турат. Камсыздоо процессинде төмөнкү чарбалык операцияларды: жабдуучулардан материалдардын келин түшүшүн, аларды жеткирүү боюнча кире акыларынын төлөнүшүн, өндүрүшкө материалдарды өткөрүп берилишин эсепке алышат. Өндүрүү процесстеринде эмгек акылардын эсептелиши, аммортизациянын (эскирүүнүн) эсептелиниши ж. у. с. санакта болот. Сатуу процессинде болсо эсептешүү счетуна сатуудан келип түшкөн пайдалар (акчалар), өндүрүүнүн өздүк кирешелердин эсептешүүсү жана аны «Кирешелер жана чыгашалар» счетуна табыштоо эсепке алынат.

Өндүрүш чөйрөсүндө ишкананын чарбалык каражаттарынын бир бөлүгү материалдардан, жагылгылардан (отундардан), чала фабрикаттардан (эмгек буюмдарынан), имараттардан, курулмалардан, жабдуулардан (эмгек каражаттарынан) турат. Ал эми чарбалык каражаттардын экинчи бөлүгү жүгүртүүгө пайдаланылат. Буга сатып алуучуларга жүктөлгөн жана жөнөтүлгөн даяр продукция, кассадагы жана эсептешүү счетундагы акчалар, эсептешүүлөрдөгү каражаттар кирет. Эгер ишкана өзүнүн жүгүртүүлөрүндө бөлөк ишканалардын каражаттарын убактылуу пайдаланган болсо (ага, маселен төлөө мөөнөтү эсептешүү боюнча келе элек, бирок материалдарды эчак алынган учурда кезигүүчү), мындай карыздар кредитордук деп аталат. Ал эми ишкана жумушту аткарып, бирок анын акысы дагы эле төлөнүлбөсө, анда бул карыздар дебитордук деп аталат. Чарбалык каражаттардын дагы бир бөлүгү: турак-жайлар, балдар бакчалары, мектептер, бейтапканалар ж. б. таризинде бейөндүрүш чөйрөсүндө болуп кызматын көрсөтүшөт. Бардык чарбалык каражаттар жана алардын пайда болуусунун белгилуу булактары бар болушу керек. Булактар өздүк жана насыя болушу мүмкүн. Өздүк булактар — уставдык капиталдан, кирешелерден, атайын фонддон жана резервден түзүлөт.

УСТАВДЫК КАПИТАЛ — түзүлүү келишиминде аныкталган акционердик коомдун негизги капиталынын минималдык суммасы. Уставдык капитал — негизги жана жүгүртүү каражаттары калыптануучу өздүк каражаттын негизги булагы. Бул түзүүчүлөр (жабык акционердик коом) арасында акция бөлүштүрүү же акцияны (ачык акционердик коом) жалпы жазылууну жүргүзүү жолдору менен түзүлөт. Ар бир түзүүчү уставдык капиталга жарнак (пай) салымын кошот.

Кыргыз республикасында акционердик коомдорду каттоо үчүн керектүү уставдык капиталдын минималдык суммасы жабык жана ачык акционердик коомдор үчүн — мыйзамда белгиленет. Акционердик коом болбогон ишканаларда уставдык фонд түзүлөт.

КИРЕШЕ — ишканалардын жана бүтүндөй алганда, жалпы эл чарбасынын накта пайдасынын бир бөлүгү, мамлекеттнк бюджетти түзүүнүн иегизги булактарынын бири. Ошону менен бирге ал ишканалардын финансылык-чарбалык ишинин жалпы көрсөткүчү болуп да саналат. Балансылык кирешенин негизги бөлүгүн даяр продукцияны, жумуштарды жана кызматтарды сатууда алынган кирешени түзөт. Булардан бөлөк жогоруда белгилегендей: атайын фонддор — топтолуу жана керектөө, резервдик фонддорунан турган жана шектүү карыздар боюнча пайдаланылбаган суммалар ж. б. болуп түзүлөт. Насыяларына болсо — банктын кредиттери, кредитордук карыздар кирет. Банктын кредиттери ченемдүү акча мамилелеринин формасы болуп саналат, мунун натыйжасында ишканалардын, уюмдардын жана калктын бош акча каражаттарын тартуу жана бул каражаттарды ссуда түрүндө башка ишканаларга берүү ишке ашырылат. Ишканаларга кредит берүү банктар тарабынан аткарылат. Кредиттин эң маанилүү принциптери болуп анын кайтарыла тургандыгы, шашылыштыгы, максатка арналышы, материалдык мүлк менен камсыз кылынышы эсептелет. Ал коомдук өндүрүштү үзгүлтүксүз өнүктүрүү максатында мамлекеттин финансы ресурстарын план ченемдүү пайдаланууга жана пландарды аткарууга көзөмөлдөө кылуунун куралы болуп саналат. Кредиттөө мөөнөтү боюнча банктык кредит кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү болуп бөлүнөт. Кредитордук карыз — белгилуу ишкананын башка ишканаларга же айрым адамдарга болгон карызынын суммасы. Бул ишканалар жана адамдар кредиторлор болуп саналышат. Ал сатып алуучулар менен жабдуучулар ортосундагы эсептешүүлөрдүн колдонуу эрежелерин бузуунун кесепетинен же ишкана тарабынан өзүнүн төлөө милдеттенмелерин өз убагында аткарылбагандыгынын натыйжасында болушу мүмкүн. Кредитордук карыз ишкананын карыздык каражаттарынын булактарынын бири болуп саналат жана бухгалтердик баланста көрсөтүлөт. Доонун эскирүү мөөнөтү аяктагандан кийин кредитордук карыз ишкана тарабынан мамлекеттик бюджеттин кирешесине киргизилет. Бул каражаттарды өз убагында төлөнбөгөндүк үчүн белгиленген өлчөмдөрдө туунду алынат. Бардык чарбалык каражаттар жана алардын булактары финансылык-чарбалык ишкердиктин объектилери болуп саналып, ошол себептен бухгалтердик эсеп-кысап сабагынын түшүнүгүндө чечмеленет. Демек, бухгалтердик эсеп кайтадан өндүрүү процессинде ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин каражаттарынын абалы жана пайдаланышы түшүндүрөт. Коомдук продуктыны кайтадан көбөйтүп өндүрүү ишканалардын мүлктөрүн, б. а. өндүрүштүк иштер үчүн зарыл болгон материалдык жана акча каражаттарын пайдалануу жолу менен ишке ашырылат. Өндүрүш, бөлүштүрүү, айлануу жана керектөө процесстерин тейлөө менен ишканалардын мүлктөрү тынымсыз жүгүртүлөт. Ошондуктан бухгалтердик эсеп материалдык камсыздоону түзүүгө багытталган жүгүртүү процессинде ишканалардын мүлктөрүнүн (каражаттарынын) абалын жана пайдаланылышын чагылдырат. Дал ушунун өзү бухгалтердик эсептин абалын аныктайт да, аны чагылдыруу жардамы менен жүргүзүлөт.

Өздөштүрүү суроолору:
1. Бухгалтердик эсеп билимине эмне кирет?
2. Ишкана каражаттарынын айлануусунан кандай процесстерди бөлүп кароого болот?
3. Чарбалык каражаттар деген эмне? Алар кайсылар?
4. Чарбалык каражаттарынын булактары деген эмне? Аларга эмнелер кирет?
5. Өндүрүштө кандай каражаттар, ал эми жүгүртүүдө кандай каражаттар бар? (мисалдарын келтирип көргүлөчү).
6. Дебитордук карыз деген эмне?
7. Кредитордук карыз деген эмне?
8. Негизги каражаттар жүгүртүү каражаттардан эмнеси менен айырмаланат?
9. Өздүк каражаттардын кандай булактары бар?
10. Каражаттардын булактары кандай насыялар болуп саналат?


§ 3. Эсеп-кысаптын ыкмалары

Бухгалтердик санактын ыкмаларынын негизги элемеиттерине төмөнкүлөр кирет:
1. Документтештирүү
2. Инвентаризация (тегиндөө)
3. Баалоо
4. Калькуляциялоо
5. Баланс (теңдүүлүк)
6. Счеттор (санаттар)
7. Кош жазуу

ДОКУМЕНТТЕШТИРҮҮ. «Документ» латын сөзү, бул күбөлүк, далилдик дегенди билдирет. Бир нерсени далилдөөгө же күбөлөндүрүүгө укугу бар кат же башка формада жазылган иш кагазы, күбөлүк, акт д. у. с. Бухгалтердик эсептин счетторундагы жазуулар документтерге негизделет. Бухгалтердик документ чарбалык операцияны жүргүзүү укугун, анын закондуулугун жана чарбалык иштин максатка ылайыктуулугун кат жүзүндө ырастоочу күбөлүк болуп саналат. Бухгалтердик санакта бардык чарбалык операциялар, чарбалык каражаттардын жана анын түзүлүү булактарынын ар бир өзгөрүулөрү документтер менен далилденет. Демек, документтер — бухгалтердик эсептин объектилерин алгачкы чагылдыруунун жолу. Документтердин жардамы аркасында чарбалык операцияларды өткөрүү учурда жана жүргүзүлгөн жерде туташ чагылдыруу менен ишке ашырылат. Белгилүү талаптарды сактоо менен түзүлүүчү докумеиттерди колдонуу бухгалтердик маалыматтарды далилдөөчү күбөлүк. Ишкана бухгалтери документтердин сакталуусуна жана тактыгына өзгөчө көңүл бурушу керек. Документтер атайын өзүнчө папкаларга тиркелиши жана белгиленген мезгил аралыгында сакталышы керек.

ИНВЕНТАРИЗАЦИЯ (ТЕГИНДӨӨ) — байлыктардын чыныгы санын бухгалтердик эсептин маалыматтары менен тууралыгын текшерүү менен салыштырып байлыктарды өткөрүү (сатуу, жалдоого берүү), жылдык бухгалтердик отчеттулукту түзүү, материалдык жоопкер тараптар алмашылуу, чыныгы уурдалуу (бузулуу, кыянаттык кылуу) aныктaлгaн, өрттөнүү же табыйгий кырсык — учурларын тегиндөө (инвентаризация) жүргүзүлөт. Инвентаризацияны (тегиндөөнү) жүргүзүүнүн керектиги бир кыйла себептерге байланышып, алардын негизгилерине: 1. Шалаакылыктын негизинде кетирилген эсеп-кысаптагы катарлардын табылышы. Мындай каталар олуттуу каржылык (фннансылык) жоготууларга, маселен кирешени жашыргандагы айыптарга алып келиши мүмкүн. Инвентаризация буга окшогон каталарды өз убагында таап алууга жардам берет; 2. Товардык-материалдык байлыктардын физикалык касиеттеринин өзгөрүлүшү. Бир топ материалдык байлыктар (мисалы, тамак-аш продуктулары) убакыттын таасири астында өзүнүн физикалык касиети — салмагы, көлөмү ж. б. (же жөн эле бузулуудан) — өзгөрүшү мүмкүн. Инвентаризацияны жүргүзүү документацияны товардык-материалдык байлыктардын бир саны менен туураланышына мүмкүнчүлүк берет. Инвентаризацияны 1 жана 2 пункттардагы көргөзүлгөн себептер боюнча жүргүзүү пландык-мерчемдик чара болуп саналат жана жылына бир жолудан кем эмес эсепте жүргүзүлөт; 3. Табыйгый кырсык болгон учурда. Өрт, сел, жер титирөө ж. б. ааламаттарда; 4. Уурдалуу учурунда; 5. Материалдык жоопкер тараптар которулганда; 6. Материалдык жоопкер тарапка ишеним кеткенде — инвентаризация талап кылынат.

БААЛОО. Бардык чарбалык каражаттар бирдей өлчөгүчтө чагылдыруулары керек. Чарбалык каражаттарды баалоо, аны акчалай өлчөм менен туюнтуу жолу. Ал бухгалтердик эсептөө ыкмасынын ажырагыс элементи болуп саналат, анткени, акча ченисиз жалпы көрсөткүчтөрдү алуу мүмкүн эмес. Баалоонун тууралыгы ишкананын ресурстарынын мүнөздөмөсүнүн объективдүүлүгүнө, ошондой эле финансылык натыйжаларды аныктоонун тактыгына байланыштуу, анткени чыгымдардын өлчөмүн бурмалоо кирешенин өлчөмүн натура эсептөөгө алып келет.

КАЛЬКУЛЯЦИЯЛОО— бул өндүрүш жумшоолорундагы жана продукцияларды жалпы жана айрым статьялары боюнча сатуудагы эсеп-кысабынын ыкмасы. Калькуляция — продукциянын бирдигине (тейлөө көрсөтүүгө) же аткарылган жумуштар көлөмүнө таандык акча туюнтмасында сарптоолордун өлчөмүн калькуляциянын айрым статьялары: материалдар, жумушчулардын эмгек акысы, амортизация, бөлөк, түз, цехтик, жалпы эксплуатациялык жана тышкы эксплуатациялык чыгымдар боюнча аныктоо. Калькуляциянын жардамы менен көргөзүлгөн тейлөөнүн жана аткарылган жумуштун өздүк наркы эсептеленет. Өздүк наркты калькуляциялоодо продукциялардын жана тейлөөлөрдүн өндүрүшүнө кеткен чыгымдарды түшүнүүгө (билүүгө) жана талдоого мүмкүнчүлүк берилет да, негизделген баалар аныкталат Калькуляциянын статьяларынан өзгөчөлөнүп өндүрүштүк сарптоолордун элементтерине материалдар, эмгек акы, амортизация жана бөлөк акча чыгымдарын эсептешет.

БАЛАНС — бул ишкананын каражаттарынын, алардын булактарынын жана чарбалык ишкердигинин жыйынтыгынын белгиленген календардык датадагы жагдайын чагылдырган бухгалтердик документ. Баланс — тең салмактуулук, туруктуу өзгөрүүдө турган өз ара байланыштуу чоңдуктардын абалын мүнөздөөчү көрсөткүчтөрдүн системасы. Баланс жадыбал (таблица) түрүндө белгилүү күнгө (датага) түзүлөт. Баланс айрым ишкананын масштабында бухгалтердик баланс, кирешелер менен чыгашалардын балансы же эл чарбасынын масштабында (калктын акчалай кирешелери менен чыгымдарынын балансы, төлөө балансы, эсептешүү балансы, соода балансы ж. б.) түзүлөт. Ал эки бөлүктөн турат. Сол бети — актив, оң бети — пассив. Активинде ишкана каражаттары тайпаланган түрлөрү боюнча, ал эми пассивинде — бул каражаттардын булактары чагылдырылат. Ишкананын бар каражаттарынын баланстын активи боюнча жалпы суммасы баланстын пассивиндеги каражаттардын булактарынын жалпы суммасына барабар. Ошондуктан бул документ баланс деп аталат. (Француз тилинен алынып, бизге тең салмактуу деп которулат). Актив менен пассивдин барабардыгы ишкананын чарбалык каражаттарынын баарынын өзүнчө кайдан жаралган булактары сөзсүз болгону менен шартталат.

01.01.1994 ж. Ишкана балансы
Актив Сумма Пассив Сумма
Чарбалык каражаттар
» » Чарбалык каражаттар булагы
» » Баланс Баланс

Баланс, мурда белгиленгендей, ишкананын каражаттары жана алардын булактарынын белгиленген датага (ай, жыл, башына ж. у. с.) гана чагылдырылат. Бирок бул даталар ортосунда жүргүзүлгөн чарбалык операциялар каражаттарга жана алардын булактарына киргизилген өзгөрүүлөр эсепке алынуусу сөзсүз керек. Мындай эсеп-кысап бухгалтердик счеттордо жүргүзүлмөкчү жана саналмакчы.

СЧЕТТОР (САНАТТАР) — бул чарбалык операциялар тайпаланган жана чагылдырылган бухгалтердик документтер. Анып сол бөлүгү «дебет» деп, ал эми оң жагы — «кредит» деп аталат. Алардын схемалык (чиймелик) чагылдырылышы счеттун (санаттын) аталышы төмөнкүчө кабыл алынган:

Д (Дебет) К (Кредит)

Счеттор — бул бухгалтердик эсеп-кысапта колдонулуучу эсептешүү туюнтмасы. Ишканалардын каражаттарын жана аларды түзүүчү булактарын алардын кыймылын так жана туруктуу эсептөөгө колдонулуучу термин. Ар тараптар менен эсептешүүлөр да счет менен жүргүзүлөт. Бухгалтердик өз алдынча счеттордо: жабдуулар, инвентарлар, шаймандар, материалдар, даяр буюмдар, акча каражаттары, эсептешүүлөр, өндүрүшкө жана продукцияларды чыгарууга кеткен чыгымдар, сатуу жүгүртүүлөрү, бул ишкананын кирешелер жана чыгашалары ж. б. нарктын жана сандык туюнтмада көрсөтүлөт.

КОШ ЖАЗУУ — бухгалтердик эсептин счетторунда чарбалык операцияларды чагылдыруунун жолу. Бул жолду колдонгондо ар бир чарбалык операциянын суммасы эки счетко — бири счеттун дебети жана экинчиси кредити боюнча жазылат. Кош жазуу бухгалтердик эсептин объектилеринде өзгөртүүлөрдү туудурган чарбалык операциялардын экономикалык мазмунуна жараша жүргүзүлөт. Ар бир чарбалык операция эсептин бир объектинсинде эмес, эки объектисинде бирдей чоңдуктагы өзгөрүүлөрдү туудурат.

Кош жазууга мисал келтирели. Айталык, улуттук банктагы эсептешүү счетунан ишкананын кассасына 1000 сом алынды дейлик. Бул операциянын натыйжасында каражаттардын эки түрү — кассадагы акчанын болушу жана улуттук банктагы эсептешүү счетундагы акча каражаттары козголгон болот. Кассадагы акча 1000 сомго көбөйсө, эсептешүү счетунда тескерисинче, ушул эле суммага азайып отурат. Бухгалтердик эсепте бул операцияны «Касса» счетунун дебети боюнча чагылдырууга болот, анткени бул счет активдүү болуп саналат, ал эми активдүү счеттордо көбөйүүлөр дебетинде жана «Эсептешүү счету» дсген счеттун кредитинде жазылат. Кош жазуу жолунан пайдаланганда ар бир операциянын суммасын эки жолу жазып отуруунун кажети жок. Ал шахмат формасындагы эсептик регистрлер менен камсыз кылынат, аларда бир жолу жүргүзүлгөн жазуу дебеттелүүчүү жана кредниттелүүчү счетторду көрсөтөт.

Кош жазуу чарбалык операцияларды чагылдыруунун тууралыгына көзөмөлдүк кылуунун мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Ар бир сумма счеттордун дебети жана кредити боюнча чагылдырылгандыктан, бардык счеттордун дебети жана кредити боюнча айлануусунун жыйынтыгына барабар болууга тийиш. Мындай барабарчылык болбосо бул счеттор боюнча жазууларда жаңылыштыктарга жол берилгендигин билдиришет. Кош жазуу өздөрүнүн түзүлүү булактары менен өз ара байланыштагы чарбалык каражаттардын жүгүртулүшүн чагылдырылган көрсөткүчтөрдү туруктуу түрдө балансылык жалпылоону камсыз кылуу жолдорунун бири болуп саналат. Бухгалтердик эсептин кош системасы — кош жазууга негизделген бухгалтердик эсептин ыкмасы. Бухгалтердик эсептин кош жазуу системасы бардык ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда колдонулат. Өзгөчө бир учурда айрым майда мекемелерде эсеп-кысаптын жөнөкөй системасы убактылуу колдонулушу мүмкүн.

Жогоруда кергөзүлгөн ыкмалардын баары бухгалтердик эсеп үчүн гана таандык жана өз-ара байланышта. Айтылгандар өзүнүн бирдейлиги менен бухгалтердик эсептин ыкмаларын түзөт.

Өздөштүрүү суроолору:
1. Документтештирүү деген эмне?
2. Инвентаризация деген эмне?
3. Инвентаризация эмнеге керек?
4. Баалоо кандай түшүнүлөт?
5. Калькуляциялоо деген эмне?
6. Баланстын канча бөлүгү бар?
7. Эмне үчүн баланстын активинин жана пассивинин суммалары барабар?
8. Счеттордо эмнелер жазылат?
9. Анын бөлүктөрү канча?
10. Кош жазуунун эсеп-кысаптагы мааниси кандай?


§ 4. Бухгалтердик баланс жана анын үлгүсү

Ишканаларды жана уюмдарды башкаруу үчүн баарынан мурда аларда болгон каражаттар жөнүндө маалыматтар керек. Мында алар бул каражаттардын кандай түрлөрүнө ээ экендигин жана алар кандай булактардан алынгандыгын билүү керек. Мындай маалыматтар белгилүү датада жалпылатылган акча көрсөткүчтөрү түрүндө берилүүгө тийиш. Каражаттардын курамын жана арналышын изилдөө үчүн аларды экономикалык жактан топтоштуруу зарыл. Мына ушул маалыматтардын бардыгы бухгалтердик баланстын жардамы менен алынат.

Бухгалтердик баланс белгилүү айда каражаттардын түрлөрү жана алардын түзүлүшүнүн булактары боюнча акчалай туюнтмада чарбанын каражаттарын жалпы чагылдыруунун жана экономикалык жактан топтоштуруунун жолу болуп саналат.

Каражаттардын түрлөрүн жана алардын булактарын айрым көрсөтүү үчүн бухгалтердик баланс эки бөлүктөн турган жадыбал (таблица) формасында түзүлөт. Анын сол бөлүгүндө каражаттардын түрлөрү жана алардын жайгашуусу келтирилген, ал актив деп аталат, оң бөлүгүндө — пассивинде каражаттардын булактары жана арналышы көрсөтүлөт. Актив менен пассивдин ар бир элементи (каражаттардын түрү же алардын булагы) баланстын статьясы деп аталат.

Бухгалтердик баланстын негизги элементи болуп анын актнвдик же пассивдик статьялары арналган. Активде болсун, пассивде болсун баланстын таблицасында статьяларды жана суммаларды көрсөтүү үчүн колонкалар каралган. Чарбалык каражаттар жана анын булактары баланстын активинде үч бөлүктөн, ал эми пассивинде эки бөлүктөн турат. Бухгалтердик баланстын азыркы колдонуудагы таризи төмөндө көрсөтүлөт. Активдин биринчи бөлүгүндө узак мөөнөттөгү колдонуудагы чарбалык каражаттар чагылдырылат. Бул бөлүктө колдонуусунун узактыгы боюнча негизги каражаттарга тең маанидеги материалдык эмес активдер кошулган, бирок алардын натуралдык формалары болбойт. Булар ЭЭМ (электрондук эсептөө машинасы) үчүн программалар, жаратылыш ресурстарынан пайдалануу укуктары, патенттер ж. у. с. Бул эле бөлүктө бөлөк ишканаларга, акцияларга жана облигацияларга, алардан узак мөөнөткө (бир жылдан ашык) киреше алуу белгиленген узак мөөнөттүү финансылык салымдар берилген.

Баланстын активинин үчүнчү жана пассивинин биринчи бөлүктөрүндө «киреше» жана «чыгашалар» деген статья маалымат үчүн шарттуу киргизилген. Ишкананын ишаракетинин жыйынтыгын кандай болгондугун билиш үчүн биз «Киреше» статьясынан (баланстын пассивиндеги) «Чыгашалар» (баланстын активиндеги) статьясынын көрсөткүчүн кемитишибиз керек. Эгер андан кийин «Кирешенин пайдаланганы» статьясы боюнча сумманы алып таштасак, анда калган бөлүгү бөлүштүрүлбөгөнүн түзөт.

Баланстын активинии I жана II бөлүгүнө жүгүртүү каражаттары киргизилген. Акциядан, облигациядан ж. у. с. кыска мөөнөткө (бир жылга чейин) алынган баалуу кагаздар баланстын активинин III бөлүгүнүн Акча каражаттар статьяларында жайгаштырылган. Уставдык фондко түзүүчүлөрдөн келип түшкөн каражаттар суммасы — өзүнчө статья болуп баланстын активинде жана пассивинде берилген.

Пассивдин I бөлүгүндө көрсөтүлгөн уставдык капитал жана киреше статьяларынын көрсөткүчү жүгүртүү каражаттарынын булактарына тиешелүү. Негизги каражаттардын, бейматериал активдердин, аз баалуу жана тез тозулуучу буюмдардын, калдык наркын баланс боюнча эсептөө үчүн атайын анын активине «Эскирүүсү» деген статьялары киргизилген. Баланстын эсептешүүлөр деген бөлүктөрүндө бюджетке, камсыздандыруу органдарына ж. б. статьяларда эсептелинген, бирок али которула элек суммалар чагылдырылат. Бул каражаттарды ишкана өзүнүн жүгүртүүлөрүнө (которууга чейин) бул сумма чынында ишканага тийиштиги жок болсо дагы убактылуу пайдалана берет.




Баланстын статьяларында көргөзүлгөн суммалардын негизинде утурумдук эсеп-кысапты жүргүзүүгө, тиешелүү счетторду ачууга пайдаланылат. Бухгалтердик баланстын өзгөчөлүгү болуп актив менен пассивдин акчалай жыйынтыктарынын бирдейлиги эсептелет. Бул талап ар кандай ишкананын балансы үчүн милдеттүү болууга тийиш. Ал активде да, пассивде да каражаттардын бирдей массасы, бирок ар түрдүү топто көрсөтүлгөндүгү менен түшүндүрүлөт: активде — түрлөрү боюнча, пассивде — булактары боюнча. Дал ушуга баланстын наамы негизделген, анткени «баланс» деген сөз барабардыкты, тең салмактуулукту билдирет. Мындан актив менен пассивдин жыйынтыктарын да баланс деген сөз менен белгилешет. Тигил же бул датада чарбанын каражаттарын мүнөздөө менен баланс өткөн мезгилдин ичинде ишкананын бүткүл ишинин натыйжасында түзүлгөн алардын абалын көрсөтөт. Мына ошентип, баланс колундагы каражаттардын түрлөрү жана алардын булактары тууралу эң маанилуу маалыматтарды кучагына алган ишкананын ишинин жыйынтыктары жөнүндө өзүнчө бир отчет болуп саналат.

Өздөштүрүү суроолору:
1. Баланстын статьялары эмнени билдирет?
2. Баланстын статьялары жана счеттору ортосунда кандай байланыш бар?
3. Баланстын активинде кандай бөлүктөр бар?
4. Баланстын пассиви канча бөлүккө бөлүнгөн?
5. Бейматериал активдерге эмне кирет?
6. Узак мөөнөттүү финансылык салымдарды кандай түшүнөсүз?
7. Узак мөөнөттүү финансылык салымдар жана баалуу кагаздар эмнеси менен окшошот жана айрымаланат?
8. Түзүүчүлөр менен эсептешүүлөр эмнени түшүнтөт?
9. «Чыгашалар» статьясынын чарбалык каражаттарга болгон катышы кандай?
10. «Эскирүүсү» статьясы эмнени билдирет?
11. Тең салмактуулук деген эмне?