Даанышман ойлор: афоризмдер, макал-лакаптар

Wikibooks дан

Даанышман ойлор: афоризмдер, макал-лакаптар. Түз.Т.Самудинов. - Б.:2000. - 136 б. ISBN 9667-20-277-20-277-2

Коом турмушунадагы кескин өзгөрүүлөр жан дүйнөбүздү сандаган суроолорго кабылтып турган азыркы чакта кылымдардын кыйырын баскан акылман кептерден жооп издөөгө ар кимибиз аргасызбыз.

Жыйнактагы афоризмдер, макал-лакаптар окурманга оңтойлуу болуш үчүн тематикалык бөлүмдөргө бөлүштүрүлдү жана алфавиттик тартипте жайгаштырылды. Авторлор тууралуу да так маалыматтар берилди.

"Улуу адамдардын турмушунан", "Апенди аке айтыптыр..." деп аталган соңку бөлүмдөр да китептин жалпы идеясына төп келет.

Китеп мектеп окуучуларына, студенттерге жана педагогдорго дайыма керектүү колдоно катары кызмат кыла алат деп ишенүүгө болот.

Эгерде биз көрдүк десек алысты, ага себеп - гиганттардын ийини. Исаак Ньютон

Жаш окурманга

Бул китептин жаралышына улуу Лев Толстойдун төмөндөгү бир сөзү мага көбүрөөк түрткү берди дегим келет.

"Жаштардан көп угасың: бирөөлөрдүн акылы менен жашагым келбейт, өзүмчө акыл ойлошум керек. Мен аларга айтаар элем: даяр акыл турса, аны ойлоп табам деп азап тартуунун кажети канча? Даяр нерсени ал да, сапарыңды ула. Адамзаттын күчү ушунда"

Ырасында эле, качандыр бир замандарда жашап өткөн атактуу ойчулдардын, акын-жазуучулардын сөздөрүндөгү кеменгер ойлор, бийик нравалык принциптер азыр да, космос менен электрониканын доорунда, өз маанисин, өз таасирин жоготпойт. Кыска, так жана айкын формаларга чөгөрүлгөн афоризмдерде адамзаттын не деген руханий тажрыйбасы, не деген этикалык, эстетикалык түшүнүк-корутундулары чагылдырылбаган. Булар болсо - адам пендесинин "тар кыя, тайгак кечүүсү" көп өмүр сапарында жол көрсөткүч катары кызмат аткарып келишет.

Мындай ыйык касиет элибиздин кун жетпес кенчи - макал лакаптарында да эң сонун сакталган. Демек, Батыш менен Чыгыштын даанышман сөздөрүнүн колуңардагы жыйнакта да бири-бирине үндөш келип, эриш-аркак жайгашышы - закон ченемдүү көрүнүш.

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат[түзөтүү]

Исхак Таалайбеков

Адамдын улуулугун бою аныктабагандай эле, элдин улуулугун саны аныктабайт.
Виктор ГЮГО.


Адамзат эңкейишке аккан дарыя, аны артка агыза албайсың.
Антуан РИВАРОЛЬ.


Адилет соттун кылычында кын жок.
Жозеф МЕСТР.


Акча - согуштун кыймылдаткыч күчү.
Марк ЦИЦЕРОН.


Акыйкатсыздык өкүм сүргөн жерде - эркиндик жок, эркиндик жок жерде - акыйкатсыздык өкүм сүрөт.
Иоган ЗЕЙМЕ.


Акыйкатчыл адам - бактылуу адам.
Жан Жак РУССО.


Акылдуу жана туура саясат жүргүзүш үчүн эл тааныган аздык кылат, элди сүйө билиш керек.
Артуро ГРАФ.


Алы жок акыйкат - бечара, акыйкатсыз кара күч - зулумдук.
Блез ПАСКАЛЬ.


Ар качан өз парз милдетиңди аткарууга ашык, оңунан чыкпаганын адамзат өзү кечирет.
Томас ДЖЕФФЕРСОН.


Ашынган индивидуализм коомго коркунуч туудурат.
Анатоль ФРАНС.


Банкир - бул сага күн тийип турганда кол чатыр берип, күн жаап келгенде кайра алып койгон адам.
Марк ТВЕН.


Бүгүнкү бир саатың эртеңки эки саатка тете.
Томас ФУЛЛЕР.


Дин жарык чыгарчу коңуздарга окшош: жарык чыгарыш үчүн аларга караңгылык керек.
Артур ШОПЕНГАУЭР.


Жаратты мезгил дарылайт.
МЕНАНДР.


Жеке кызыкчылык коомдун кызыкчылыгынан кийин туруш керек.
Кенже ПЛИНИЙ.


Идеалы жок эркиндиктин зыяны көп.
Артуро ГРАФ.


Капастагы канаттуу - канатынан ажыраган жандык.
Генри БИЧЕР.


Капаста булбул сайрабайт.
Томас ФУЛЛЕР.


Кедейди кемсинткенден артык айбанчылык жок.
Шарль НОДЬЕ.


Кедейлер акыйкатты издеп жүрүшсө, байлар акыйкаттан качып жүрүшөт.
Бертольд БРЕХТ.


Көзү ачыктар эмнени айтышпасын, баары бир декабрь менен жыл бүтөт.
Лопе де ВЕГА.


Куугунтук жеп, ыдык көргөн чындыкты дайыма коргош керек.
Ральф ЭМЕРСОН.


Күн ак сарайга да, кепеге да текши тийет.
Уильям ШЕКСПИР.


Мамлекеттик ишмердин жүрөгү башында болушу керек.
НАПОЛЕОН I.


Мамлекеттик ишмер чындыкты айтышы керек. Унчукпаганы - алдаганы.
Сен-Жон - ПЕРС.


Мансап сүйгөн адамдан акыйкатты күтпө.
Вашингтон ОЛСТОН.


Мезгил өзгөрүлөт, биз да өзгөрүлөбүз.
Квинт ГОРАЦИЙ.


Мезгил өтпөйт, биз өтөбүз.
Пьер РОНСАР.


Менин кул да, кожоюн да болгум келбейт. Демократияны мен ушундайча түшүнөм.
Авраам ЛИНКОЛЬН.


Министрлерди тез-тез которгон жаман, бирок, жаман министрлер ордунда калышса - андан бетер жаман.
Пеле де ла ЛОЗЕР.


Өзүңө эркиндик каалагың келсе, аны бирөөгө ыраа көр.
Симона де БОВУАР.


Президенттин далдаасында дайыма бирөөлөр жүрөт, алардын кимдер экенин билиш үчүн көрүнөөгө чыгарыш керек.
Кин ХАББАРД.


Саясат - бул билим эмес, искусство.
Отто БИСМАРК.


Түбөлүктүү дос да жок, түбөлүктүү кас да жок, кызыкчылыктар гана бар.
Отто БИСМАРК.


Тынчтыкты кааласаң - ага кара жаныңды карч уруп, өмүрүңдүн ар бир күнүн арна, ар бир күнүңдүн ар бир саатын арна.
Арнольд ЦВЕЙТ.


Убакыт - улуу мугалим.
Эдмунд БЁРК.


Чынчылдык - чыныгы күч, аны митаамдар гана түшүнүшпөйт.
Артуро ГРАФ.


Шайы ооздук - бары бир ооздук.
Колли СИББЕР.


Эгерде Кудай теңчиликти сүйсө, жакшы адамдарга жакшылыкты, жаман адамдарга - жаманчылыкты ыйгарбайбы. Бирок таптакыр андай эмес.
Квинт ЭННИЙ.


Эгерде "меники", "сеники" деген түшүнүктөр жок болсо, жер жүзүндө санжыргалуу бейпилчилик орнойт эле.
Генри ФИЛДИНГ.


Эки гана нерсе адамга Кудай тариздүү касиет берет: коомдун жыргалчылыгы үчүн жашоо жана чынчылдык.
ПИФАГОР.


Элге цивилизациядан акыйкат артык.
Пьетро КОЛЛЕТТА.


Элди кээде алдаса болот, бирок сатып алуу мүмкүн эмес.
Жан Жак РУССО.


Эркиндик менен ден соолук окшош: алардан ажыраганда гана "аттиң!" дейсиң.
Анри БЕК.


Эркиндиктин дарагы кез-кез патриоттор менен тирандардын канына сугарылып турушу керек. Бул - ал үчүн табигый азык зат.
Томас ДЖЕФФЕРСОН.


Адабият жонундо улуу адамдардын айткандары[түзөтүү]

Адабият - бул күнкор эмес, эркин өнөр, эгер ал сатылгыч болсо - баасы сокур тыйын.
Никола ФОСКОЛО.


Адабият - коомдук кубулуш.
Генрих МАНИ.


Адамдын акылдуулугу берген жообунан эмес, берген суроосунан билинет.
Гостон де ЛЕВИС.


Акын менен сүрөткердин мейкини чексиз.
Виктор ГЮГО.


Акындар таманын соргон аюуга окшош.
Иоганн ГЁТЕ.


Акынды түшүнөм деген анын туулган жерине барсын.
Иоганн ГЁТЕ.


Аккуунун көркү - сууда. Суусуз жерде - казга тең.
Жильбер СЕСРОН.


Акылдуу ойлор унутулат, бирок өлбөйт.
Публилий СИР.


Америкада президент төрт жыл бийлик кылат, а журнализм - түбөлүк.
Оскар УАЙЛД.


Ар бир өрттөлгөн китеп дүйнөнү жарык кылат.
Ральф ЭМЕРСОН.


Архитектура - сенип калган музыка.
Фридрих ШЕЛЛИНГ.


Асыл ташка кир жукпайт.
Даниель ЗАНДЕРС.


Атак-даңк - мыскалдап ичкен уу.
Оноре де БАЛЬЗАК.


Бар мүмкүнчүлүгүн жумшап, бирок жеңишке жетпегенди айыпташ - бекер.
Джордж ВАШИНГТОН.


Бирдеме айтам деген эмес, айтар сөзү бар адам жазуучу болот.
ФИЦДЖЕРАЛЬД.


Жазуучу не бир шумдук кереметтерди жаратып салып, бирок, көрүнбөй жүргөн Кудай сыңары жупуну болуш керек.
Густав ФЛОБЕР.


Живопись - бул көз менен көрчү поэзия, а поэзия - бул кулак менен укчу живопись.
Леонардо да ВИНЧИ.


Издегенге - адашуу парз.
Иоганн ГЁТЕ.


Келдим, көрдүм, жеңдим.
Гай СВЕТОНИЙ.


Келесоолор жазганды келесоолор окуйт.
Марк ТВЕН.


Келесоолор - өз жаңылыштыгынан, акылдуулар - өңгөлөрдүн жаңылыштыгынан таалим алат.
Отто БИСМАРК.


Кол чабуулар - акылдууларга камчы, кем акылдарга - сөөлөт.
Чарльз КОЛТОН.


Композитор - бул да акын.
Людвиг ван БЕТХОВЕН.


Көп учурда кооз уйкаштар чолок ойлорго балдак катары кызмат кылышат.
Генрих ГЕЙНЕ.


Кээде көрүүчүнү ыйлаткан драматургду макташат, андай талант пиязда да бар.
Генрих ГЕЙНЕ.


Мактанчаак суроолор болбойт, мактанчаак жооптор болот.
Оскар УАЙЛД.


Менин китептерим - суу, генийлердики - шарап. Сууну болсо - ар бир адам ичет.
Марк ТВЕН.


Мыкты сынчы - мыкты жазуучу.
Абель ВИЛЬМЕН.


Падышалардын кулаганы - тыйынчалык, мен үчүн накты алаамат - дыйкандын өрткө кеткен үй-жайы.
Иоганн ГЁТЕ.


Сөз түгөнгөн жерде - музыка башталат.
Эрнест ГОФМАН.


Тоо үстүндө кумурскага да канат бүтөт.
Мигель де СЕРВАНТЕС.


Туруктуу болгондун кажети аз, чынчыл болуш керек.
Ральф ЭМЕРСОН.


Уксун десең - кыйкырып айт, тыңшасын десең - шыбырап айт.
Франсуа де ЛАРОШФУКО.


Ушакка унчукпасаң - өзү эле жаагы жап болот.
Публий ТАЦИТ.


Фашизм - бандиттер ойлоп тапкан алдамчылык, ага жан тарткан жазуучу кысыр калган дарактай.
Эрнест ХЕМИНГУЭЙ.


Чоң акындар чыгыш үчүн чоң аудитория керек.
Уолт УИТМЕН.


Чындык асыл таш сыңары, аны кооздоп, нурдантып сонундоонун эч кажети жок.
Джордж САНТАЯНА.


Чындык - ашыкпайт, анткени, анын басар жолу алыс.
Артур ШОПЕНГАУЭР.


Чындык - дайыма энеден туума жылаңач болот.
Томас ФУЛЛЕР.


Чындыктан коркпогон адам - калптан да коркпойт.
Томас ДЖЕФФЕРСОН.


Чыныгы акындар - пайгамбарлар.
Пьер ЛЕРУ.


Ыйлактаба, ырсаңдаба, түшүн.
СПИНОЗА.


Ыр - гүлдөн жасалган терезе.
Иоганн ГЁТЕ.


Эгер сен бактысыз болсоң - аныңды окурманыңа айтпа.
Исидор ЛОТРЕАМОН.


Эгерде китепте жазылгандардын сексен гана проценти чындык болсо, ал китеп жүз процент жалганчы.
Жак РОСТАН.


Экинчи ирет окулбай турган китеп бир жолу окулгандан айлансын.
Карл ВЕБЕР.


Эң коркунучтуу калп - бурмалап айтылган чындык.
Георг ЛИХТЕНБЕРГ.


ДОСТУК, ЭРДИК, АР-НАМЫС[түзөтүү]

Адамды жалаң гана аткарган ишинен эмес, умтулуусунан да баалаш керек.
ДЕМОКРИТ.


Адамды өлтүрүүгө болот, бирок, жеңүүгө болбойт.
Эрнест ХЕМИНГУЭЙ.


Азезилди алдаган - күнөө эмес.
Даниель ДЕФО.


Айкөл жүрөк мухит сыңары. Ал эч качан тоңбойт.
Карл БЁРНЕ.


Акылдуу адам - кечиримдүү.
Адам МИЦКЕВИЧ.


Акын менен аргымакка семирген жарашпайт.
Карл IX


Ар адамдын жүрөгүндө өз элинин кичинекей сүрөтү жүрөт.
Густав ФРЕЙТАГ.


Ата болуш - оңой. Атанын милдетин аткарыш кыйын.
Вильгельм БУШ.


... баатырлардын өлүмү Күн баткандай.
Карл МАРКС.


Байлыгың - досуң эмес, досуң - байлыгың.
Иоанн СТОБЕЙ.


Балдарыңдан күткөн мамилени ата-энеңе өзүң жаса.
Джакомо ЛЕОПАРДИ.


Бийликке жеткен досуңдан ажырадым дей бер.
Генри АДАМС.


Билимдүүлүк - көп билгенде эмес, колдоно билгенде.
Адольф ДИСТЕРВЕТ.


Бирөөнүн сырын айтыш - чыккынчылык, өз сырыңды айтыш - макоолук.
ВОЛЬТЕР.


Гений - бир процент шык жана токсон тогуз процент аракет.
Томас ЭДИСОН.


Дипломат - аял кишинин туулган күнүн унутпай, бирок, жашын билбеген адам.
Роберт ФРОСТ.


Душмандан арылыш үчүн - аларды дос кылып тын.
ГЕНРИХ IV


Жакшы нерсе - дайыма сейрек.
Марк ЦИЦЕРОН.


Жакшы хирургдун көзү - бүркүттүкүндөй, жүрөгү - арстандыкындай, колу аялдыкындай болуш керек.
Джон РЕЙ.


Жалган докторуңдан өзүң сактан, душмандарыңды мага кой. (Поляк королу Ян Собескийдин кылычындагы жазуу).


Жаман дос - душмандын мыктысы.
Жан Батист МОЛЬЕР.


Жек көрүүнү жашырса болот, сүйүүнү жашырса болот, асты көңүл коштукту жашырыш кыйын.
Карл БЁРНЕ.


Жүз мугалимден жалгыз ата артык.
Джордж ГЕРБЕРТ.


Жүздүн кызарганы - адам баласындагы касиеттердин эң мыктысы.
Чальз ДАРВИН.


Жыргап уктайм десең - төшөккө таза абийириң менен жат.
Бенджамин ФРАНКЛИН.


Ит менен мышык достошсо - ашпозду Кудай сактай гөр!
Стефан ЦВЕЙГ.


Ичи жарык адамдын - жүзү да жарык.
Иоганн ШИЛЛЕР.


Калптын канчалык пайдалуу экенин аялдар менен врачтар гана билет.
Анатоль ФРАНС.


Кармашка башты байладык, калганын көрө жатарбыз.
НАПОЛЕОН I.


Карт дарак жакшы күйөт, картаң аттын жүрүшү тынч, эски китепти окуган кызык, эски шарапты ичсең - жагымдуу, эски досторуң - ишенимдүү.
Леонард РАЙТ.


Качкан душманга алтын көпүрө сал.
Публий СЦИПИОН.


Ким аз ойлонсо - көп жаңылат.
Леонардо да ВИНЧИ.


Ким убада берсе - ал карыздар.
Фридрих ГАГЕДОРН.


Көп адамга бакыт тартуулаган адам - бактылуу.
Дени ДИДРО.


Курман болгондорго эңкейген адам - бардыгынан бийик.
Роберт ИНГЕРСОЛЛ.


Мен адаммын. Адамдагы бардык касиет мага жат эмес.
Публий ТЕРЕНЦИЙ.


Нан, тузсуз жашоо жок,
Ата журтсуз жашоо жок.
Виктор ГЮГО.


Начар досуң болгуча, начар душманың болсун.
Генри ШОУ.


Өз абийириңдин алдында таза бол, эл эмне десе ошо десин.
Мигель де СЕРВАНТЕС.


Өзгөнүкүнө көз арткан - өзүнүкүнөн ажырайт.
ФЕДР.


Өз ишенимин коргой алган - мыкты жоокер.
Александр ГУЛБОЛЬДТ.


Өзүн сүйгөн - өңгөлөрдү жек көрөт.
Фелисите ЛАМЕННЕ.


Өзүңдү өтө сүйсөң - өзүңө өзүң душмансың.
Эбнер - ЭШЕНБАХ.


Өңгөлөр сени сүйбөсө да, кадырлоого тийиш.
Бернар ФОНТЕНЕЛЬ.


Өңгөнү басынтсаң, мени да басынтканың.
Уолт УИТМЕН.


Сандырак ойлор ар адамдын башына келет, бирок, акылдуу адам гана аны тишинен чыгарбайт.
Вильгельм БУШ.


Сени аяган - дос эмес, сага жардам берген - дос.
Томас ФУЛЛЕР.


Соргоктун өзүн тойгузсаң да, көзүн тойгуза албайсың.
Уильям КЭМДЕН.


Толтура аякты аяр көрөт.
Томас ФУЛЛЕР.


Топугу жок бай - кедейдин кедейи.
Эразм РОТТЕРДАМСКИЙ.


Улуу адамдар эч бир ишти чалагайым жасашпайт.
Христофор ВИЛАНД.


Улуулардын өмүрү өлөр замат башталат.
Жан Люсьен АРРЕА.


Улуу нерсе менен күлкү болчу нерсенин ортосу - бир атам.
НАПОЛЕОН I.


Үн-сөзү жок эң мыкты үгүтчү - кумурска.
Бенджамин ФРАНКЛИН.


Үч адам билген нерсени - жүз адам билет.
Иоганн АГРИКОЛА.


Чоң жакшылык үчүн кичинекей да жамандык жасаба.
Блез ПАСКАЛЬ.


Чындыкты укаанды жакшы көрсөң, чындыкты сүйлөй бил.
Юзеф КРАШЕВСКИЙ.


Экинчиси билбеген сырды экөөлөп жашырса болот.
Уильям ШЕКСПИР.


Эне тилиң менен Ата журтуңдун кадырын чет жерден билесиң.
Густав ФРЕЙТАГ.


НААДАНДЫК, ПАСТЫК, ТҮРКӨЙЛҮК[түзөтүү]

Азга ыраазы болбогон - көптөн ажырайт.
МЕНАНДР.


Айтар эчтемеси жоктордун сөздөрү - маанисиз.
ВОЛЬТЕР.


Акмактарды бактылуу кылган - Кудайлардын чыккынчылыгы.
Андре ШЕНЬЕ.


Акчадан башка эч нерсеси жок адам - бечара.
Артуро ГРАФ.


Акылдуу ой жүгүртүп, акылсыз иш жасагандар аз эмес.
Анатоль ФРАНС.


Аялды сүйлөткөнгө миң амал бар, бирок, оозун тыйганга бир да амал жок.
Гийом де БУШЕ.


Баарын мактаган адам - бир адамдын да кадырына жете албайт.
Самюэл ДЖОНСОН.


Баарын мактаган адамга - ишенбе.
Джон КОЛЛИНЗ.


Байлык деген - деңиз суусундай, ичкен сайын суусунуң канбайт.
Артур ШОПЕНГАУЭР.


Билген жасайт, жасай албаган - үйрөтөт.
Бернард ШОУ.


Бирөөгө сылык ийилип жатып, бирөөгө аркабызды салабыз.
Иоганн ГАМАН.


Душмандан да өрнөк ал.
ОВИДИЙ.


Жалган тарыхчыларды жалган акча жасагычтарча өлүм жазасына тартыш керек.
Мигель де СЕРВАНТЕС.


Жалганчынын чын сөзү да сая кетет.
Марк ЦИЦЕРОН.


Жалкоого жиниң келбесе - сен да анын түгөйүсүң.
Эдгар ХОУ.


Жамандарды колдогондук - жакшыларды кордогондук.
Публилий СИР.


Жамандыкты көргөн адам - унутат, жамандыкты жасаган адам - унутпайт.
Анри МАРЕ.


Жер үстүндө алдамчыларга караганда аңкоолор көп, андай болбосо, алдамчылар кантип күн көрөт?
Сэмюэл БАТЛЕР.


Жоокерлер кармашта эмес, качканда көп кырылат.
Сельма ЛАГЕРЛЁФ.


Жүздөгөн кой чогулуп, бир карышкырча жок.
Иоганн ГЁТЕ.


Жүзү каралардын ичинен чечендер да чыгат.
ДЕМОКРИТ.


Келесоо жамгырдан сууга кирип жашынат.
Ромен РОЛЛАН.


Келесоолорго Кудайдын да алы жетпейт.
Иоганн ШИЛЛЕР.


Коммерсанттын Мекени - анын чөнтөгү.
Шарль ШЕНШОЛЬ.


Консерватор - эки саны соо, бирок, баса албаган адам.
Франклин РУЗВЕЛЬТ.


Коркок адам эр жүрөк адамга караганда чырга жакын.
Томас ДЖЕФФЕРСОН.


Кошомат жасай билген адам каралаганды да билет.
НАПОЛЕОН I.


Кошоматчылардан корккула, алар - чүмбөт тартынган уурулар.
Уильям ПЕНН.


Көзү туруп көрө билбеген адам - даана сокур.
Джонатан СВИФТ.


Көп сүйүнгөн пенделер макоо болуп тынышат.
Оноре де БАЛЬЗАК.


Кулаалынын уясынан шумкарды күтпө.
Вальтер СКОТТ.


Кумарга берилген адам аярлыктан ажырайт.
Андре МОРУА.


Кумар - эс-акылдын мастыгы.
Роберт САУТИ.


Куу кекиртек үйрөтпөгөн кесип жок.
Генри БОН.


Кээ бир адамдар ойлонбой туруп иш жасайт, кээ бирөөлөр - ойлонот, бирок, ищти жасабайт.
Николо ФОСКОЛО.


Кээ бир жандар убадасын аткарбагандан жа ыракат алат.
Уильям ГЭЗЛИТТ.


Кээ бир кишилерди жакшылык кылгандыгы үчүн эмес, жамандык кылбагандыгы үчүн сыйлаш керек.
Клод ГЕЛЬВЕЦИЙ.


Макоонун тили - макиден курч.
Генри ШОУ.


Мактанар эчтемеси жоктор көргөн кордугун айтып мактанат.
Артуро ГРАФ.


Мактоону ким сүйбөйм десе - ал аны дайыма уккусу келген адам.
Франсуа де ЛАРОШФУКО.


Митайымдык караңгылыктын кампасы.
Филип ЧЕСТЕРФИЛЬД.


Намыянга түкөндүн баары - киреше эмес.
Лоренс СТЕРН.


Олдоксон колго розанын тикени өч.
Генрих ГЕЙНЕ.


Эрки менен кул болгондон артык кордук жок.
Кенже СЕНЕКА.


Өзүн башкара албаган адам - өңгөлөрдү башкара албайт.
Уильям ПЕНН.


Өзүнө өтө ыраазы адам - өтө таарынчаак келет.
Юзеф КРАШЕВСКИЙ.


Өтө сыйчылдык - кошоматчылыктын өтө купуя, өтө сыпайы түрү.
Уильям ШЕНСТОН.


Сага бирөөнү жамандаган, эртең сени жамандайт.
Дени ДИДРО.


Сенин мушуңа жооп бербеген адамдан сактан.
Бернард ШОУ.


Соргоктон өздөрүнө тиши менен көр казат.
Анри ЭТЬЕН.


Сүйлөй албасаң - укканды үйрөн.
Марцелл ПОМПОНИЙ.


Тез жыйнаган дүнүйө - тез жоголот.
Шарлотта БРОНТЕ.


Түлкү терисин жамынган мактоодон корк.
ГОРАЦИЙ.


Убада - макоолор түшкөн тор.
ГРАСИАН.


Унчукпагандык - келесоолордун кеменгерлиги.
Публилий СИР.


Үйдөн чыкпас конокко - карыз акча бере сал.
Бенджамин ФРАНКЛИН.


Үйүндө - арстан, сыртта түлкү.
Гай ПЕТРОНИЙ.


Үйүндө зөөкүр адам көпчүлүк алдында кул кейпин кийет.
Публилий СИР.


Ширин сүйлөнгөн сөздө уу да болот.
Публилий СИР.


Эгерде келесоолор базарга барбаса, жараксыз товарларды ким алат эле?
Рэндл КОТГРЕЙВ.


Эркекти - бычмалга айлантса болот, бирок, бычмалды - эркекке айланта албайсың.
АРКЕСИЛАЙ.


Эскирип айтар эчтемеси жок адам - башы кара, буту айры жан.
Арман САЛАКРУ.


Эч нерсе жасабагандык - жумуштун эң эле кыйыны.
Оскар УАЙЛД.


ӨМҮР, ӨЛҮМ, СҮЙҮҮ, БАКЫТ[түзөтүү]

Адам Ай сыңары. Анын да караңгы жагы болот.
Марк ТВЕН.


Адам баласы жарыкта - караңгыны, кубанычта - кайгыны, токчулукта - жокчулукту ойлонбойт. Бирок, караңгыда - жарыкты, кайгыда - кубанычты, жокчулукта - токчулукту дайыма ойлойт.
Иммануил КАНТ.


Адамдын өмүрүнүн биринчи жарымын экинчи жарымын бүлдүргөндөй жашашат.
Жан ЛАБРЮЙЕР.


Ажырашкан сүйүүлөр шамал тийген отко окшош: үлпүлдөгөнүн өчүрөт, өчө элегин - жалбырттатат.
Бюсси - РАБЮТЕН.


Акыл-эсти дарылабай туруп, ооруган дене-бойду айыктырыш кыйын.
СОКРАТ.


Аялдар кызганычты кечирет, бирок кызганычсыз сүйүүнү кечирбейт.
Поль Жан ТУЛЕ.


Аялдыкы туура эмес болсо, биринчи иретте, андан кечирим сураш керек.
Франсис де КРУАССЕ.


Баарына жагам десең - бирине да жакпайсың.
Артуро ГРАФ.


Бактылуу өмүр жок, бактылуу күндөр гана болот.
Андре ТЕРЬЕ.


Бакыт кайдан жараларын айтыш кыйын. Буга байлык да, кедейлик да себеп боло албайт.
Кин ХАББАРД.


Бакытка маарыган адам - акылынан ажырайт.
Публилий СИР.


Бакыттын Кудайы - Фортуна эле сокур эмес, кээде ал бактылуу кылган адамдар да сокур.
Марк Тулий ЦИЦЕРОН.


Баладай эч ким сыр катпайт.
Виктор ГЮГО.


Бирөөнүн бактысы бирөөгө жугушу мүмкүн. Бирок, бакыттын эпидемиясы жок.
Жорж НЕВЁ.


Бирөөнүн бактысы бирөөгө ополтоодой сезилет.
Шарль Луи МОНТЕСКЬЕ.


Дени соо адам - табияттын асыл баа чыгармасы.
Томас КАРЛЕЙЛЬ.


Дени соо кайырчы - оорулуу падышадан бактылуу.
Артур ШОПЕНГАУЭР.


Дон Кихотко эч бир жери окшобогон адам - бактысыз.
Анатоль ФРАНС.


Жакшы күйөө балага жолуксаң - уулдуу болдуң, жаман күйөө балага жолуксаң - кызыңан ажырадың.
ДЕМОКРИТ.


Жарык үйдө - көөнүң да жарык.
Эрнст фон ФЕЙХТЕРСЛЕБЕН.


Жек көрүүнүн да чеги болуш керек.
НАПОЛЕОН I.


Жолоочу кембагал каракчынын атасынан да коркпойт.
ЮВЕНАЛ.


Жүрөккө бырыш түшпөйт, тырык түшөт.
Габриэль КОЛЕТТ.


Кайгыңды шарапка чөктүрөм дебе, ал баары бир калкып чыгат.
Ие МИРАНД.


Канчалык кары болсоң да - бир жыл өмүр сүрө аласың, канчалык жаш болсоң да - ажалдан кача албайсың.
Фернандо де РОХАС.


Карылыкка каршы туруш керек.
Марк ЦИЦЕРОН.


Кечириш оңой, бирок, унутуш кыйын.
Август ПЛАТЕН.


Кеч төрөлгөн балдар - эрте жетимдер.
Бенджамин ФРАНКЛИН.


Көз көрбөгөндү жүрөк самабайт.
Мигель де СЕРВАНТЕС.


Кумара менен ташты урсаң деле, таш менен кумараны урсаң деле - кумара сынат.
Мигель де СЕРВАНТЕС.


Кызганчаактык - сүйгөндүк эмес, жамандык издегендик.
Даниель ЗАНДЕРС.


Оору - миң, ден соолук - жалгыз.
Людвиг БЕРНЕ.


Өмүр - адамга берилген карыз.
Публилий СИР.


Өмүр бою бактылуу болом десең - чынчыл бол.
Томас ФУЛЛЕР.


Өмүрдү узартуунун башкы сыры - аны кыскартпаганга аракет жасоо.
Эрнест фон ФЕЙХТЕРСЛЕБЕН.


Өмүр - өтө кыска нерсе, кыйналып жашаганда гана убакыт өтпөгөндөй сезилет.
Публилий СИР.


Сүйүүдө даанышмандык жок.
Франсис БЭКОН.


Сүйүүнүн көз айнеги жезди алтын кылып көрсөтөт.
Мигель де СЕРВАНТЕС.


Сүйүүсүз эрди-катын - закондошкон ойноштук.
Андре МОРУА.


Сүйүү унчукпай келип, унчукпай кетет.
Ромен РОЛЛАН.


Тамак ичиш үчүн жашабай, жашаш үчүн тамак ич.
СОКРАТ.


Тирүүлөр өлгөндөрдү үйрөтө албайт, бирок, өлгөндөр тирүүлөрдү үйрөтө алат.
Франсуа ШАТОБРИАН.


Түлкүдө амал көп, бирок, кирпинин бир амалы баарынан артык.
ПЛУТАРХ.


Үмүт - кембагалдын наны.
Джордж ГЕРБЕРТ.


Үч нерсе кайра кайрылбайт: атылган ок, айтылган сөз, өткөн күндөр.
Георг ДАУМЕР.


Шамал шамды өчүрөт, бирок, өрт да чыгарат.
Франсуа де ЛАРОШФУКО.


Эски чөптү өрттөш оңой, өчүрүш кыйын.
Мигель де СЕРВАНТЕС.


==МАКАЛ-ЛАКАПТАР== копту корсо кол болот

АКЫЛ, МЭЭНЕТ, АКЫБЕТ[түзөтүү]

Абийирдүү жигитке -
Ажалдуу кийик жолугат.


Аздын азанчысы болгуча,
Көптүн казанчысы бол.


Айдын жарыгында жүргөнчө,
Күндүн көлөкөсүндө жүр.


Айыл башы болгуча,
Суу башы бол.


Акылдуу отко карайт,
Акмак казанга карайт.


Акыркы төөнүн жүгү оор.


Алган эри жарашса,
Кара катын ак болот.
Баккан ээси жарашса,
Күйпүл күчүк сак болот.


Алыстан арабалаганча,
Жакындан дорболо.


Арстандай күчүң болсо,
Түлкүдөй куулукту үйрөн.


Атан төө мас болсо,
Тайлак менен дос болот.


Ат башына күн түшсө,
Ооздугу менен суу ичет.
Эр башына күн түшсө,
Өтүгү менен суу кечет.


Ачтын - тогу,
Арыктын - семизи бар.


Бакылдаган текени
Суу кечкенде көрөбүз.
Такылдаган келинди
Үй чечкенде көрөбүз.


Башка түшсө -
Байтал жорго болот.


Бүткөн ишке - сынчы көп.


Дөөлөт басса - ат басат,
Мээнет басса - бит басат.


Дыйкан өгүздөй күчүн берсе,
Жер инектей сүтүн берет.


Жакшы абысыныңа баргыча,
Жаман сандыгыңды аңтар.


Ичпей-жебей бакыл бол,
Бай болбосоң - мага кел.


Иши алга кеткендин -
Ити чөп жейт.
Иши керине кеткендин -
Келини ууру кылат.


Каман өлсө - тиши калат,
Адам өлсө - иши калат.


Келген жериңден
Кеткен жериң аруу болсун.


Келин жаман эмес,
Келген жери жаман.


Керегем, сага айтам,
Келиним, сен ук.
Уугум, сага айтам,
Уулум, сен ук.


Колуңда жок болсо,
Атаң да жат.


Көйнөкчөндү чапсаң,
Чапанчанга доо кетет.


Көмүрчүгө - темирчи үйүр.


Көп сөз - көмүр,
Аз сөз - алтын.


Кулча иштеп,
Бийче ич.

Куурдактын акесин
Төө сойгондо көрөсүң.

Кызды бала дебегенди
Мухаммед үмөтүм дебейт.

Кыламыктан - бут сынат,
Буламыктан - тиш сынат.

Кыябын тапса - кар күйөт.

Отуз уулуң болгончо,
Осураак чалың болсун.

Өлө жаман болбосоң -
Өлө жарды болбойсуң.

Таранчыны сойсо да,
Касапчы сойсун.

Таңкы суукка калсаң да,
Кечки суукка калба.

Энеден кийин - төркүн жок,
Эрден кийин - урмат жок.

Энесин көрүп, кызын ал,
Эшигин көрүп, төрүнө өт.

Эр азыгы - элден,
Бөрү азыгы - жолдон.

ӨМҮР, ӨЛҮМ, ПЕНДЕЧИЛИК[түзөтүү]


Абышка өлсө - ат бошойт,
Кемпир өлсө - төр бошойт.

Адам ашка тойсо да,
Жашка тойбойт.

Ажыдаардын куйругун баспай,
Башын бас.

Айгыры - ала болсо,
Кулуну - кула болот.

Айран ичкен - кутулат,
Челегин жалаган - тутулат.

Айран сураган -
Аягын жашырбайт.

Айт да болор,
Айттын эртеси да болор.

Айыгар дарттын дабасы -
Өзү табылат.

Алты катын азага барса,
Ар кими өз муңун айтат.

Артыкча дүңгүрөгөн -
Акырында мүңгүрөйт.

Атадан алтоо болсо да,
Ар жалгыздык башта бар.

Атаң өлсө - тайлак бар,
Кому жерде калган жок.
Ага өлсө - ини бар,
Тону жерде калган жок.

Атасы өлгөн - уктайт,
Ач жаткан - уктабайт.

Ат жашарып - кунан болбойт,
Эр жашарып - улан болбойт.

«Ат кечкен суу», - деп,
Аюу ичет.
«Кой кечкен суу», - деп,
Бөрү ичет.

Ат оонаган жерде - түк калат.
Айран төгүлгөн жерде - жук калат.

Атты көрсө - бут талыйт.

Аш койгонго - аш кой,
Таш койгонго - таш кой.

Байдыкы - барман менен,
Кедейдики - дарман менен.

Байлык - не дедирбейт,
Жоктук - не жедирбейт.

Бай мактанса - табылар,
Жок мактанса - чабылар.

Баймын деп, мактанба,
Жокмун деп, суктанба.

Бейиштин ашын көрмөк бар,
Жемек жок.

Берген - март эмес,
Алган - март.

Берип, берен болгуча,
Бербей - сараң бол.

Бирге жүрмөк бар,
Бирге өлмөк жок.

Бирөө жете албай жүрсө,
Бирөө кете албай жүрөт.

Бирөөнүн жамандыгын тилегенче,
Өзүңдүн амандыгыңды тиле.

Бирөөнүн үйүн чечмек бар,
Тикмек жок.

Биттүү конок - жатпайт,
Иттүү конок - батпайт.

Болор кулун - желеде жулкунат,
Болор бала - бешикте жулкунат.

Бөдөнөнүн жатагын көр да,
Этине таарын.

Бөрү арыгын билгизбей,
Итке жүнүн үрпөйтөт.

Дат - темирди жейт,
Дарт - өмүрдү жейт.

Дубана таарынса -
Куржунуна зыян.

Жакшы кыздын башына -
Бермет менен шуру ойнойт.
Жаман кыздын башына -
Какач менен кир ойнойт.

Жорго минген -
Жолдошунан ажырайт.
Көп жашаган -
Курдашынан ажырайт.

Жылкы кишенешкенче,
Адам - сүйлөшкөнчө.

Ит күлүгүн - түлкү сүйбөйт,
Ичи ооруган - күлкү сүйбөйт.

Иттин - ээси болсо,
Карышкырдын - Кудайы бар.

Ичип, арактын көөнүн алган -
Кусуп, Кудайдын көөнүн алат.

Казанга түшкөн - капка түшпөйт.

Кара далы - эр тандабайт,
Жыгылар адам - жер тандабайт.

Кара жерге кар жааса,
Карды көргөн - бир мурат.
Кара жерден кар кетсе,
Жерди көргөн - бир мурат.

Кел демек - бар,
Кет демек - жок.

Келгенче - конок уялат,
Келгенден кийин - үй ээси уялат.

Көчкөндөн отун артат,
Өлгөндөн катын артат.

Киши аты - терчил,
Киши кийими - кирчил.

Кушту жырткыч кылган - тырмагы,
Киши сүрдүү кылган - мансабы.

Кызыктан кызык - кызды көр,
Өзгө эрибей, жатка эрийт.
Кызыктан кызык - тузду көр,
Майга эрибей, сууга эрийт.

Кырк жылы кыргын болсо,
Бейажал чымын өлбөйт.

Мансапка мас болгон -
«Көлгө көпүрө салам», - дейт.

Меймандын тогу - жакшы.

Миң кишинин атын билгенче -
Бир кишинин сырын бил.

Мурунку конок
Кийинки конокту сүйбөйт.

Оозунда келмеси бардын -
Башында селдеси бар.

Оорулуу өлбөйт,
Ажалдуу өлөт.

Өлөт деген - өлгөн жок,
Өгүз минген - калган жок.

Чалдын көркү - сакал,
Сөздүн көркү - макал.

Эрди - карыганда,
Атты - арыганда көр.

Эт көрбөгөн - чоң сугунат,
Ун көрбөгөн - бор сугунат,
Туз көрбөгөн - шор сугунат.

ДОСТУК, ЭРДИК, АР-НАМЫС[түзөтүү]


Ажырашар дос
Ээрдин арткы кашын сурайт.

Айткан сөз - алышкан кол.

Айтпа,
Айткандан соң кайтпа.

Айыл ити ала болсо да,
Бөрү көрсө чогулат.

Акмак достон -
Акылдуу душман артык.

Ак сооттун жакасы бар,
Жеңи жок.
Азаматтын ачуусу бар,
Кеги жок.

Алдыңа келсе -
Атаңдын кунун кеч.

Аңдышкан - айыл конбойт,
Эсептешкен - дос болбойт.

Аргымак аттын жакшысы -
Азыраак оттоп, көп жуушайт.
Азамат эрдин жакшысы -
Азыраак сүйлөп, көп тыңшайт.

Аргымак аттын куйругу -
Бирде жибек, бирде кыл.
Эр жигиттин белгиси -
Сыртта - мырза, үйдө - кул.

Атанын уулу,
Аргымактын кулуну.

Аттан айрылсаң - айрыл,
Ээр токумдан айрылба.

Ат - эриндүү болот,
Эр - мурундуу болот.

Аш жебесем таш жейин,
Этегиң жапчы, кудагый.

Басмайылдын кадырын
Ээси билбей, ат билет.
Эр жигиттин кадырын
Агайын билбей, жат билет.

Бөрү атар уулду бөркүнөн тааны.

Дос - башка,
Душман - бутка карайт.

Досуң берген малдын тишин ачпа.

Досуң миң болсо да - аз,
Душманың бирөө болсо да - көп.

Жакшы деген - бир ат,
Кууса жеткис.
Жаман деген - бир ат,
Жууса кеткис.

Жакшы тилек - жарым ырыс.

Жарды болсоң - ардуу бол.

Жаш чыбыктын ийилгени -
Сынганы.
Жаш жигиттин уялганы -
Өлгөнү.

Жигиттин сөзү өлгөнчө -
Өзү өлсүн.

Жигиттин түсүн айтпай,
Ишин айт.

Жылкычынын бир көргөнүн -
Хан көрбөйт.
Бир көргөнүн -
Ит көрбөйт.

Ийигленге - ийилгин,
Атаңдан калган кул эмес.
Какайганга - какайгын,
Падышанын уулу эмес.

Ийне - көзүнөн,
Уй - мүйүзүнөн,
Адам - сөзүнөн сынат.

Калыңсыз кыз болсо да,
Каадасыз кыз болбойт.

Каниет - карын тойгузат.

Катуу сөз - камчы,
Жылуу сөз - укурук.

Кийиз сатсаң - айылыңа сат,
Бир чекесин салына жат.

Куда болгуча -
Кулундуу бээңди сураш.
Куда болгондон кийин
Кул да болсо сыйлаш.

Өз агасын агалай албаган -
Жат агасын сагалайт.

Өзөктөн чыккан өрт жаман,
Өздөн чыккан жат жаман.

Сулуунун көркү - көзүндө,
Жигиттин көркү - сөзүндө.

Сунулган моюнду
Суурулган кылыч кеспейт.

Тууган - күйдүрүп айтат,
Душман - сүйдүрүп айтат.

Уул - уйгак, кыз - кыроо.

Үйүрүн сагынбас - ат болбойт,
Элин сагынбас - эр болбойт.

Чөбү жок деп - жерден түңүлбө,
Малы жок деп - эрден түңүлбө.

Эки жакшы жайлоого чыкса -
Кудалашып түшөт.
Эки жаман жайлоого чыкса -
Кубалашып түшөт.

Эр жарасыз болбойт.

ЫНТЫМАК, ЫРЫС, БЕРЕКЕ[түзөтүү]


Агайындын азары болсо да,
Безери болбойт.

Агайын таттуу болсо -
Ат көп.
Абысын таттуу болсо -
Аш көп.

Адам курсагынан эмес,
Кулагынан арыктайт.

Адашкандын айыбы жок -
Айланып үйрүн тапкан соң.

Айга жетпес ашыңды -
Айылдаштан аяба.

Алыс жерге куда болсоң -
Артынчактап аш келер.
Жакын жерге куда болсоң -
Түрдүү ушак сөз келер.

Алыстагы туугандан -
Жакынкы коңшу артык.

Барса - базар, келсе - кербен.

Баш айрылса - бөрк ичинде,
Кол сынса - жең ичинде.

Бир күнү уруш болгон үйдөн
Кырк күнү береке кетет.

Битке өчөшүп, көйнөгүңдү отко салба.

Дарак мөмөлөгөн сайын ийилет.

Жакшы кыз - эрден чыкпайт,
Эрден чыкса - элден чыкпайт.

Жакшы сөздү айбан да түшүнөт.

Жакшы таз - башын жашырбайт,
Жакшы аял - ашын жашырбайт.

Жалгыз кыз - жалама туз,
Эки кыз - эрмек кыз,
Үч кыз - ата-энеге күч кыз.

Жалгыз таруу ботко болбойт.

Жашы улуу - жаны курбу.

Жол кууган - казынага жолугат,
Сөз кууган - балаага жолугат.

Жылуу сөз -
Жыланды ийинден чыгарат.

Кеңешип кескен бармак оорубайт.

Конок «бышты» десе,
Ала бакандагы эт да бышат.

Конок койдон жоош.

Коноктун алдына - аш кой,
Эки колун бош кой.

Коңшуң сокур болсо - көзүң кыс.

Көйнөк кири - жууса кетет,
Көңүл кири - айтса кетет.

Көп бергенден - тез берген.

Көч жүрө-жүрө түзүлөт.

Күндө келген - күл ууртайт,
Айда келген - май ууртайт.

Кылыч жарасы бүтөт,
Сөз жарасы бүтпөйт.

Макал атасы - сөз,
Мата атасы - бөз.

Меймандын өзүн бакпай,
Атын бак.

Мейманыңдын көзүнчө
Мышыгыңды «мыш!» дебе!

Оорунун алын сурасаң -
Айыкканга тете.

Отуз тиштен чыккан сөз -
Отуз уруу элге тарайт.

Оң колуңдун ачуусун -
Сол колуң менен бас.

Өгүз өлдү - орток айрылды.

Өзүңө өзүң бек болгун,
Коңшүңду ууру тутпагын.

Өлө жегенче -
бөлө же.

Өткөн өмүр,
Калган көңүл табылбайт.

Өткөн өчү бардын - кетпес кеги бар.

Сөөк - кайрылат, дос - айрылат.

Сөз сөөктөн өтүп, чучукка жетет.

Сөз тапканга - колко жок.

Таш, ташты эриткен - аш.

Тилден бал да, уу да тамат.

Үйүңө келгенге -
Үйдөй таарынычыңды айтпа.

Чакырганда - барбаган,
Ымдаганга зар болор.

Эжелүү кызга - эчки тон.

Эки тоо көрүшпөйт,
Эки адам көрүшөт.

Эрте турган жигиттин -
Ырысы артык.
Эрте турган аялдын -
Бир иши артык.

Ээсин сыйласаң -
Итине сөөк сал.

ЖАЛКООЛУК, САРАҢДЫК, НААДАНДЫК[түзөтүү]


Адам аласы - ичинде,
Мал аласы - тышында.

Адеби жок жигит -
Жүгөнү жок атка окшош.
Адеби жок аял -
Кабанаак итке окшош.

«Айдайкелден» алтоо өлдү,
«Көрөкелден» көп өлдү.

Акмак - иттен илгери,
Кишиден кийин.

Ала койду бөлө кырккан -
Жүнгө жарыбайт.

Аларманга алтоо - аз,
Берерманга - бешөө көп.

Алган - алтоо болбойт,
Жеген - жетөө болбойт.

Алжаке кызга - жалжаке күйөө.

Асырнды баланы
Айылчы катын чыгарат.

Ат сураган - кордук эмес,
Ээр токум сураган - кордук.

Ашыккан - азат,
Тойбогон - тозот.

Бай болбогон - бай болсо,
Корубаган жер калбайт.

Байлык колдун кириндей,
Жукса - турат, жууса - кетет.

Бай менен байбиче - урушта болсо,
Кул менен күң - куймакта.

Балтыр бит башка чыгат.

Бербестин ашы - бышпас.

Бергенин алган - жамандын иши,
Ичкенин кускан - чабалдын иши.

Берээрге бешимде - кымыз,
Бербеске шашкеде - саамал.

Бир теңге берип, айттыра албаганды -
Миң теңге берип, койдура албайсың.

Бозокордун үйү -
Кыйкырык менен өкүрүк.
Өтүкчүнүн үйү -
Апырык менен сапырык.
Насвайчынын үйү -
Түкүрүк менен какырык.

Булуттан чыккан күн - ачуу,
Жамандан чыккан сөз - ачуу.

Бутунан мүдүрүлгөн - турат,
Тилинен мүдүрүлгөн - турбайт.

Бышылуу тамактын - күйүтү жаман.

Жакшы атка - бир камчы,
Жаман атка - миң камчы.

Жакшы катынга жаман катын -
«Айлашмын», - деп теңелет.

Жакшыны - сөз өлтүрөт,
Жаманды - таяк өлтүрөт.

Жакшы - таап сүйлөйт,
Жаман - каап сүйлөйт.

Жакшы тамак калгыча -
Жаман курсак айрылсын.

Жаманга - сый жарашпайт.

Жалкоонун - жаны,
Байдын малы - ардактуу.

Жоктун - бир арманы бар,
Байдын - миң арманы бар.

Жол айры болсо -
Иттин башы каңгы болот.

Жорго - жүрүшүнөн пул болот,
Жаман - жүрүшүнөн кул болот.

Ириген ооздон -
Чириген сөз чыгат.

Ит менен куда болсоң -
Жегени менен той болосуң.

Казандагы кайда качат?
Каптагыга сак болгун.

Кайда болсоң - айда бол,
Аш ичерде пайда бол.

Кайрылып ичер ашыңа
Какырба да, түкүрбө.

Калпты - чындай,
Аксакты - тыңдай кылат.

Карыдан ыйман кетсе,
Жаштан уят кетет.

Көп суур ийин казбайт,
Ийин казса да - кең казбайт.

Көч маанисин билбеген -
Көчкөндө өгүз өлтүрөт.
Сөз маанисин билбеген -
Сөздү өзүнө келтирет.

Кулактан кирген суук сөз -
Жүрөккө барып муз болор.

Күрүчтүн аркасы менен
Күрмөк суу ичет.

Мал арыгын сактасаң -
Ооз майлайт.
Киши арыгын сактасаң -
Төбө кандайт.

Олуя да - жакынын колдойт.

Оозу менен орок оруп,
Буту менен машак терет.

Отко келген катындын
Отуз ооз сөзү бар.

Отун албаганга -
От жактырба.

Сабаасына жараша -
Бишкеги.
Сакалына жараша -
Искеги.

Сойгонуң - улак, теке,
Тартканың - кулак, чеке.

Сокур атка - котур ат үйүр.

Сөз билбеген -
Муштуму менен коркутат.

Темене берип, төө алат.

Өз үйүм деп сөз айтпа,
Үй артында киши бар.

Уурунун бир бети - кара,
Ушакчынын - эки бети кара.

Үйүндө ыракаты жоктун -
Талаада кош баракаты бар.

Чакырылбаган конок
Шыпырылбаган жерге отурат.

Эки арамза - дос болбойт.

Эрдик кылып кой союп,
Иттик кылып төш тартты.

Эски мечитке - күкүк азанчы,
Эси кеткен кишиге - эшек азанчы.

Эшегине жараша - тушагы.

УЛУУ АДАМДАРДЫН ТУРМУШУНАН[түзөтүү]

ЖАЗУУЧУЛУК СЫР


Бернард Шоудон бир аял сураптыр: кантип жазганда атактуу жазуучу боло алам?

- Солдон оңду карай жазганда... - дептир Шоу.


КАЙДАН ЧЫГАТ АНЧА СӨЗ?


Анатоль Франс ойлорун кагазга тез түшүрүш үчүн стенографист аял чакырат.

- Ылдам иштей алат чыгарсыз, - деп сурайт, жазуучу андан.

- Албетте, мүнөтүнө 120 сөз жаза алам.

- 120 сөз?! Катыгүн, анча сөздү мен кайдан табам? - деп муңайыптыр Франс.


БИР КҮН ЖАНА БИР ЖЫЛ


XIX кылымда жашаган белгилүү немис сүрөтчүсү Менцелге бир жаш жигит картинасын көтөрүп келип, наалыйт:

- Ушу да акыйкаттыкпы? Бир эле күндө бүтүргөн картинамды бир жылдан бери сата албайм.

- Картинаңды эгер бир жыл жазсаң, бир эле күндө сатмаксың, - деп жооп бериптир ага, мастер.


ӨКҮНҮЧТӨН КАЧЫП КӨР


Сократтан бир жигит кеңеш сураптыр:

- Акылман Сократ, кандай дейсиз, үйлөнсөмбү, же үйлөнбөй эле койсомбу?

- Кайсынысын жасасаң деле - баары бир өкүнөсүң, - дептир акылман.


ЧЫН - ЧЫЧАЛАК


Марк Твендин бир таанышы жаңы чыккан китебин алып келип, пикирин жашырбай айтуусун өтүнөт.

- Эч анте албайм! - дейт атактуу жазуучу. - Достугубузга шек кеткенин каалабайм.


ЭШЕКТИН БАЛАСЫ КИМ?


Президенттик шайлоонун жүрүшүндө Республикалык партиядан кандидат Теодор Рузвельт бир шаарга барып алып, жалындуу сөз сүйлөйт. Эл ичинен бирөө адеп эле тигинин сөзүн бөлүп, «Мен демократмын! Мен демократмын!» деп кыйкыра берет.

- А эмне үчүн сиз демократсыз? - деген суроо берет, тырчый түшкөн Рузвельт.

- Менин чоң атам да, менин өз атам да демократ болгон. Демек, мен да демократмын! - деп жооп берет ал.

- Болуптур... а эгер сиздин чоң атаңыз да, өз атаңыз да эшек болсо, а сиз ким болот элеңиз?!

- Менби?! Мен албетте, республикалык партиянын өкүлү болмокмун! - деп жооп бериптир ал.


ЗАКАЗ


Тристан Бернард бир жолу ресторанда отурса, оркестр мааниси жок бирдемелерди ойной баштайт. Жини келген Бернард официантты чакырып:

- Бул оркестриңер менин заказымды аткара алабы? - дейт.

- Албетте, эмнени ойносо дейсиз?

- Мен тамак ичип бүткөнчө карта эле ойношсунчу, анда.


АЯЛДАРДЫН ЖАЗАСЫ


Француз комедиографы Ашардан достору сурашат:

- Аялды кантип катуу жазаласа болот?

- Шляпасын көп, бирок, күзгүсү жок бөлмөгө камап коюп... - деп жооп бериптир, атактуу куудул.


ТЕНТЕК ТЕЛЕГРАММА


Нью-Йоркто коюлган пьесасынын премьерасынан соң Бернард Шоу башкы ролду ойногон актрисага төмөндөгүдөй телеграмма жөнөтөт:

«Эмне деген ажайып?! Эмне деген керемет?!» Толкунданган актриса жооп кайтарыптыр: «Ашкере мактап койдуңуз». Бернард Шоу кайрадан телеграмма жиберет:

«Мен пьесаны айтып жатам».

Анда, актрисанын жооп телеграммасы:

«Мен дагы».


ЖОКТОН - БАР БОЛОТ


Витторио Де Сика айтчу экен: аялдар жок нерседен салат жасап, жок нерседен шляпа токуп, жок нерседен... жаңжал чыгарат.


ЧЕРЧИЛЛДИН ЧЕЧИМИ


Англиялык бир департаменттин директору каза болгондо, анын кызмат ордун ээлөөнү каалаган бирөө Уинстон Черчиллге кайрылыптыр:

- Өлгөн адамдын ордуна мени коюуңузду суранам.

- Каршы эмесмин, - деп жооп бериптир, Черчилль. - Бирок, сиз ал үчүн бейиткананын директоруна кайрылыңыз.


ТУКУМ КУУЧУЛУК


Марк Твенге бир тааныш келин арызданыптыр:

- Түшүнсөм өлөйүн: күйөөм кээде - эркектей, кээде - катындай.

- Бул - тукум куучулук, - дейт Марк Твен. - Күйөөңдүн эзелтен келаткан тукумдарынын теңи - эркек, теңи - катын экенин унутпай жүр.


АТАНЫН УУЛУ


Бернард Шоуго бир бейтааныш жигит кайрылыптыр:

- Атактуу юморист жазуучунун дал өзү турбайсызбы! Сиздин атаңыздын тикмечи болгону чынбы?

- Чын, - дейт Шоу.

- Анда, сиз эмне үчүн тикмечи болбой калдыңыз?

- Аны айтыш кыйын... Тукум куубаган учурлар деле болот тура. Мына, сиздин атаңыз сыпайы мырза болушу керек.

- Албетте.

- Бирок, сиз деле атаңызды тартпай калыптырсыз да.


ЭҢ БИР ШУМДУК ЭРИТКИЧ


Эдисон кызматка аларда ойлоп табуучуларды жеке өзү сынап көрчү экен. Бир жолу ага бир жигит келип, пикирин бөлүшөт:

- Менде бир керемет идея бар. Универсал эриткичти жаратсам дейм. Ал эритпеген ааламда эч нерсе болбойт.

- Эң эле кызык идея экен, - деп таңгалат, атактуу окумуштуу. - Бирок, ал эриткичти кандай идишке сактайбыз?


КЫЯЛ


- Сиз канча акча тапсам деп кыялданасыз? - деп сурашат бир жолу, Бернард Шоудон.

- Коңшуларым ойлогондой.


АТАКТАН АКЧА КЫМБАТ БОЛГОНДО


Италиянын улуу композитору Россини отузга чыкканда Милан шаарынын шаардык кеңеши ага эстелик тургузууну чечет.

- Ал эстеликке канча каражат кетет? - деп сурайт композитор.

- Үч жүз миң лир.

- Үч жүз миң лир?! - деп шыпшынат Россини. - Анда мындай кылбайлыбы: бул акчаны мага эле бергиле, мен Миландагы ошол эстеликтин ордуна күн сайын эки-үч сааттан туруп берип жүрөйүн.


ГУНОНУН САБАКТАРЫ


Улуу композитор Шарль Гуно көкүрөгүн урган бир жаш музыкантка акыл айтыптыр дешет:

- Өнөрдүн өрүн улам өрдөгөн сайын эски мастерлерди баалай баштайсың. Мен сендей кезимде «Мен элемин!» дечүмүн. Жыйырма төрткө чыкканда: «Мен жана Моцарт» деп калдым. Кыркка келгенде: «Моцарт жана мен» дей баштадым. А азыр болсо: «Моцарт» дегенден башканы айтпайм.


ЭГЕРДЕ...


Атактуу юморист Стивен Лекок жаш кезинде кичинекей бир колледжге мугалим болуп иштечү экен. Аз гана айлык алып жүрүптүр. Буга нааразы болгон куудул жигит дирекцияга төмөндөгүдөй арыз жазат:

«Төрөлөр! Эгерде менин айлыгымды тезинен көтөрбөсөңөр...»

Ушул жерден арыз үзүлөт, бирок, аягы кагаздын тышында уланыптыр: «...баягыдай эле ыйлап-сыктап иштей берүүгө аргасызмын».


КЕҢЕШ


Белгилүү драматург Саша Гитри жаш кезинде Париждин бир театрынын директоруна пьесасын сунуш кылат.

- Жаман пьеса эмес, - дейт директор, окуп чыгып. - Бирок, диалогдорду жандандырып, сюжетти жөнөкөйлөтүшүңүз керек, антпесеңиз аңкоолор түшүнбөй калышат.

- Андай болсо, - дейт драматург. - Сиз түшүнбөй калган жерлерди көрсөтүп берсеңиз?


КИШЕН


«Эрди-катынга салынган кишен тууралуу оюңуз кандай?» - деп Дюма-атадан сурашат.

- Ал кишен оңбогондой оор, - дейт атактуу жазуучу. - Аны экөөлөп, кээде үчөөлөп көтөрүүгө туура келет.


УНУТЧААКТЫК


Лессинг аябай унутчаак адам экен. Бир жолу кечкурун үйүнө келип эшигин тыкылдатыптыр.

- Профессор мырза үйүндө жок, азыр, - деген үн угулат, жогорку терезеден.

- Жок болсо, ананыраак келейин, анда, - деп кетип калат үй ээси.


КҮЙӨӨДӨН КЫМБАТ АТЫР БАР


Атактуу кино актриса Грета Гарбонун адресине келген жайнаган каттардын ичинде мындай суроо да бар экен:

- «Күйөөм мен куюнган атырды жаман көрөт. Атырды алмаштырганым - туура болобу?»

Актриса жооп бериптир:

«Атырды эмес, күйөөңдү»...


АВТОРДУН АТЫ ЖАНАН ЗАТЫ


Марк Твен тоголок кат алат. Баракта бир гана «Чочко» деген сөз жазылыптыр. Эртеси Марк Твен газетага макала жарыялап, анда минтиптир:

«Мен аягына аты-жөнү жазбаган каттарды көп алам. Кечээ болсо - мага биринчи жолу өтүнүч-суроосу жок эле актай, бирок, автордунун аты-жөнү жазылган кат келди»


КИМИСИ АКЫЛДУУ


Конан Дойль спиритизм (дубакейлик) менен көп машыкчу экен. Бир жолу ал Бернард Шоуго колу-бутун тийгизбей эле тамак ичкен столун нарыга жылдырарын айтат.

- Таңгаларлык эчтеме жок, - дептир Шоу ага. - Акылдуу адам столдон өзү биринчи туруп кетиши керек.


АПЕНДИ АКЕ АЙТЫПТЫР...[түзөтүү]

«МОЙНУМДА КЫТЫГЫМ БАР ЭЛЕ...»

Бир күнү шаар башчысы Апендинин ачуу тилинен айып таап, дарга асмак болот. Аянтта эл додо. Салаңдап турган сыйыртмак жиптин алдындагы Апендиге өкүм ээси: «акыркы өтүнүчүңдү айтып кал», - деп кайрылат.

- Бир ганан суранычым бар, - дейт Апенди. - Мени ассаңар да, белимен ассаңар, анткени, мойнумда кытыгым бар эле...


АНДАН АРЫ КЕТЧҮ ЖОЛ


Мадырабаш балдар Апендинин шакаба чегишип, кепичин ала качмак болушат. Муну туйган Апенди кай жерге барса да, кепичин колуна кармай отурат. «Бактын башындагы уядан таранчынын жумурткасын алып бер дейли. Кепичин чечпей чыга алмак беле, ошондо ала качабыз», - деп кеңешет балдар.

- Макул, алса - алып берейин, - дейт, ак көңүл Апенди. Анан, кепичин бир колуна кармап алып, бак башына чыга баштайт. Балдар жабыла кыйкырышат:

- Апенди аке, кепичиңизди калтырып кетиңиз да!

- Ээ, балакайлар, - дейт ал, төмөндөгү балдарга. - Силерге балапан алып берип, мен андан ары кетем.


«БУТТАП ЖИБЕР»


Апенди бирөөнүн короосунан шагы ийилген алмаларды көрөт да, бийик дубалынан артылып араң түшөт. Мөмөлөрдү койнуна солоп жатканда, үй ээси көрүп калып, кубалайт. Апенди безип качып келатып, дубалга жакындаганда тигиге кыйкырат имиш:

- Буттап жибер, бай болгур! Буттап жибер!


АЖЫДААР


Эмир Темир Апендиден сураптыр:

- Бу сенин жылың кайсы?

- Туулганда жылан эле, азыр ажыдаар болуп калса керек... - дептир Апенди.


КУДУКТАГЫ АЙ


Апенди бир күнү кудуктун суусун эңкейип караса, түбүндө жылтырап Ай жатат. «Чыгарбасам болбос», - деп чаканы түшүрөт. Анан, тырмышып тарта баштайт. Кептелип калган чаканын жиби үзүлүп, Апенди чалкасынан кетет. Бир оокумдан кийин эсин жыйып, көзүн ачса, асманда Ай турат.

«Жарыктыкты эптеп чыгарган экенмин, ээ», - деп кубаныптыр, боорукер Апенди.


САКАЛЧАН ЖЫГАЧ


Апенди жолдо кетип баратып, кийим щётка таап алат. Ары-бери кармалап туруп:

- Капырай, жыгачка да сакал чыгат экен, ээ! - деп таңгалыптыр.


ЖАЗА


Апенди шашкалактап жүрүп кетмендин мизин басып алат. Сабы чабылып келип, чекесине бир тийет. Жаны ачынган Апенди кетменге кыйкырыптыр дейт:

- Ушундайыңан көчүгүңө жыгач тыгып койгон турбайбы!


ЭМНЕ ҮЧҮН ТУЗДУУ?


Апендиден:

- Эмне үчүн көлдүн суусу туздуу? - деп сурашыптыр.

- Туздуу болбосо, балыктар чирип кетпейби?! - деп жооп бериптир ал.


ҮЙ КӨЧҮРГӨН УУРУЛАР


Түн ичинде Апендинин үйүнө ууру кириптир. Алар колуна тийген көр-жерди алып качып баратышса, Апенди да жууркан-төшөгүн көтөрүп, артынан жөнөп калбайбы.

- Ээй! Сен каякка?! - деп кыйкырышат, уурулар.

Анда Апенди:

- Көчүп баратпайбызбы? - деп коёт дейт.


АПЕНДИ АМАН КАЛГАНДА


Апенди түн ичинде ойгонуп, терезени караса, сыртта бирөө турат. Мылтыгын октоп, атып жиберет да, «өлтүрдүм го» - деп, төшөгүнө жатып алат. Таң эртең туруп караса, баканда илинген өзүнүн чапаны. Кемпирин чакырып алып, ыйламсырап айтат имиш:

- Байкуш байбичем, багың бар экен. Ок дал жүрөктүн тушуна тийиптир.


КАЗ-ӨРДӨКТҮН СОРПОСУ


Апенди көл үстүндө сүзүп жүргөн каз-өрдөктөрдү кармайын деп акырын жылып барат. Аңгыча алар «карк-карк» деп, учуп кетишет. Апенди куржунунан нанын алып чыгып, сууга малып жей баштайт.

- Ой, бул эмне кылганың? - дешет көргөндөр.

- Каз-өрдөктөр этин жегизбей качып кетишти, сорпосуна нан малып жеп отурам, - дептир ал, камырабай.


АГАСЫ МЕНЕН ИНИСИ


- Сен улуусуңбу, же агаң улуубу? - деп, бирөөлөр тийишип сураса, Апенди айтат дейт:

- Былтыр агам бир жаш улуу болчу, быйыл - теңбиз.


...КУРСАГЫ АЧКАН УКТАБАЙТ


Апенди жол жүрүп келатып, бир таанышыныкына түнөп калат. «Чарчаган немеге уйку артык чыгар», - деп, түз эле төшөк салып, жаткырып коюшат. Курсагы аябай ачкан Апенди түндүн бир маалында туруп, үй ээсин ойготот:

- Жаздыгым жапыс болуп уктай албай жатам. Бир-эки токочуңар болсо - берсеңер, башыма жаздап алайын...


ЖОГОЛГОН МЕНЕН ТАБЫЛГАН


Апенди базарлап жүрүп, эшегин жоготуп жиберет. Анан, элге жар салат:

- Кимде-ким эшегимди таап берсе - ээр токуму, нокто-жүгөнү менен ошо кишиге берем.

- Кызык экенсиң, тапкан кишиге эшегиңди берсең - аны издеп эмне кыласың? - дейт бирөө.

- Өзүң кызык экенсиң! - дептир Апенди. - Жоголгону - белекке кетсе, табылганы - өзүмдө калат да.


«ТАМДАН ӨЗҮҢ КУЛАП КӨР»


Бир жолу Апенди там үстүнөн кулап кетет. Көчөдөн өтүп бараткан бирөө:

- Ой, Апенди, жерде эмне жатасың? - дейт, эңкейип.

- Эмне үчүн жерде жатканымды билгиң келсе, өзүң тамдан кулап көрбөйсүңбү? - дептир, көзүн араң ачып.


КИМИСИ ТЕТИРИ?


Бир күнү Апенди атын тетири минип келиптир.

- Атка тетири минип, жинди болдуңбу? - дейт аялы, аны аттан түшүрүп жатып.

- Мен тетири минбей эле, ат өзү тетири туруп алса, эмне кылайын? - деп актаныптыр ал.


ДАЛДАЛ


Апенди жалгыз уюн сатмакчы болуп базарга барыптыр. Анан, элге минтип жар салыптыр:

- Ээй, калайык! Кашык сүтү жок, кесим эти жок уйду ким алат! Артына келсе - тебенээк, алдына келсе - сүзөнөөк уйду ким алат?

Муну уккан эл айланып өтүп, эч кардар чыкпай коёт. Акыры далдал жалдайт. Далдал болсо, уйду жерге-сууга тийгизбей мактап кирет:

- Айланайын эл-журт! Сүтү - булактай, жүнү - сымаптай, тогуз айлык бооз, токмоктосоң да - жоош, базарды түрө издетер, баасы - ит бекер уйду ким алат?!

Далдалдын бал тилине балкыган Апенди:

- Ушундай уйду бирөөгө сатып жинди болуптурмунбу?! - деп, үйүнө жетелеп баса бериптир.


«ЭШЕКТИ ЭШЕК КӨРГӨНДӨ»...


Бир дыйкан адам хандын сепилинин жанына келгенде минген эшеги айкырып коё берет. Сепил үстүндө жүргөн хан буга жини келип, дыйканды сабатат.

Бөөдө ыза көрүп келаткан ал адамды Апенди минтип жубатыптыр:

- Эшектердин жоругуна таарынба, эшек эшекти көргөндө ошентип айкыра берет.


ЭСИЛ КАЙРАН ЭНЕКЕ!


Апендинин аялы байкоостон ысык кесмени ууртап алып, көзүнөн жашын азыгып жиберет. Күйөөсүнүн алдында актаныш үчүн:

- Ыраматылык апам эсиме түшүп, жашып кетпедимби? - деп коёт.

Апенди да ысык кесмеден байкабай чоң ууртап алат. Ал да көзүнө жаш тегеретет.

- Ой, сага эмне болду? - дейт аялы.

- Сенин энеден жаш калганыңды эстеп, каңырыгым түтөп кетпедиби? - дептир ал да, шашканынан.


САБАТТУУ СЕЛДЕ


Башына селде чалынып алып, көчөдө кетип баратса, Апендини бир адам токтотот.

- Мынабу катты окуп берчи?

- Мен кат тааныбайм, - дейт Апенди.

- Мына кызык! Башыңда - калдайган селде, анан кат тааныбайм дейт!

Апенди селдесин ала коюп, тиги адамдын башына кийгизе салат да:

- Кептин баары селдеде болсо, кана, катыңды эми өзүң окуй салчы?! - дептир.


АПЕНДИ МЕНЕН ПАДЫША


Эл арасына «Апендинин айтканы - айткандай келет экен. Ар кимдин өлөр күнүн алдын ала билет экен», - деген аңыз кеп тарайт. Буга тырчыган падыша Апендини кашына алдырат да:

- Олуя болсоң, өзүңдүн качан өлөрүңдү айтчы? - деп кекетет.

- Айт десеңиз - айтайын. Тараза жылдыздын төлгөсү боюнча, сизден эки күн мурун өлөт экенмин.

Апендини өлүмгө буйруса, эки күндөн кийин өзү өлөрүнөн корккон падыша аны көзүнүн карегиндей сактап, чаң тийгизбей бапестеп калыптыр.


ЭҢ БАШКЫСЫ


Бирөө Апендиден сураптыр:

- Жаназа окулуп жатканда табыттын кай тарабында турган сооп - оң жагындабы, же сол жагындабы?

- Эки жагы бирдей, - дейт Апенди. - Эң башкысы - ортодогу табыттын ичинде болбосоң эле болду.


ЭМИР ТЕМИРДИН КАДЫР-БАРКЫ


Эмир Темир Апендиден сурайт:

- Жашырбай айт, менин кадыр-баркымдын баасы канча?

- Жүз дилдеден ашпайт, - деп кесе айтат, Апенди.

- Неге мынча төмөн баалайсың? - дейт, ыза боло түшкөн падыша. - Кемеримдин наркы эле жүз дилде эмеспи.

- «Ачуу - душман, акыл - дос» деген, улуу даражалуу падышам, мен ошол үчүн жүз дилде дедим да, - деп жооп бериптир Апенди.


ЖЕ ТЕМИР, ЖЕ ЭШЕК...


«Молдо кылып бересиң», - деп Эмир Темир Апендиге бир эшек тапшырыптыр. Акысына деген миң дилдени сунуп жатып, падыша аны аябай зекийт:

- Эгерде, өзүң айткан он жылдын ичинде молдолукту үйрөтө албасаң, башыңды алам!

Бул кабарды уккан Апендинин аялы күйөөсүн жемелейт.

- Эй, акылсыз катын! - дейт ал, аялын жубатып. - Ага чейин ким бар, ким жок! Он жылдын ичинде же Темир өлөт, же эшек өлөт.


ЖОЛДОН КҮЗГҮ ТАПКАНДА...


Бир жолу Апенди жолдон күзгү таап алат. Караса - сакалчан бирөө. Уяла түшкөн Апенди:

- Апенди, сеники беле?! - деп күзгүнү ыргытып жибериптир.


ЖОГОТКОНДУН ЖАЗАСЫ


Апендинин эшеги оттоп жүрүп, ээрдин үстүнө арта салынган чапанын бир жерге түшүрүп салат. Жоголгон буюмуна ичи ачышкан Апенди эшегинин ээрин шыпырып алып, кыйкырат дейт:

- Чапанды таппасаң, мен да сенин ээриңди бербеймин!


ЧАЧТАН КИЧҮҮ САКАЛ


Апендиден бирөө сураптыр:

- Бу сенин сакалың эмне үчүн кара, чачың эмне үчүн ак?

- Сакалым чачыман он беш жаш кичүү, ошол үчүн да... - дептир.


УУРУНУН КЕЛЕР ЖЕРИ


Бир жолу Апендинин чапанын ууру ала качат. Анын артынан кууп отурбай, түз эле көрүстөнгө келет.

- Ууру башка жакта жүрсө, сенин биерден күтүп отурганың кандай? - деп сурашат, анын жайын уккандар.

- Ал урган кайда жүрбөсүн, акыры келер жери ушу да, - дептир Апенди.


КЕРЭЭЗ


Апенди катуу ооруп калып, бала-чакасына керээзин айтыптыр:

- Мени эски кепинге ороп, эски көргө койгула.

- Эмне үчүн? дешет балдары.

- Кепиним да эски, көрүм да эски болсо, Аңкүр-Маңкүр «эчак өлгөң неме турбайбы» - деп башка жакка кетип калсын.


ЖАГЫМДУУ ТҮШ


Апенди бир күнү түш көрсө, коңшу аялдар чогулуп, өзүнө бир сулуу келинчек алып берип жатышат. Чочуп ойгонот да, аялын капталга түрткүлөйт:

- Тур, катын! Иш чатак!

- Эмне болгон чатак? - дейт аялы, уйкулуу көзү менен.

- Коңшу аялдар мени бир жаш келинге үйлөндүргөнү жатышат. Кууп чык, аларды?

- Дөөдүрөбөй тынч жатчы!

- Айтып коёюн, эгер алар мени зордоп үйлөнтүшсө - таарынба! - дептир Апенди сөзүн бышыктап.


УБАДАГА БЕКЕМДИК


Бир жолу падыша Апендиге ачууланып, «жүзүңдү мага көрсөтпө!» - деп, сарайынан кууп чыгат.

Күндөрдүн биринде эл көчө-көчөнү шыпырып, дүрбөлөңгө түшүп калат.

- Эмне болду? - деп сураса, падышанын бул көчөдөн өтөөрүн айтышат. Аңгыча, алчыланта аргымак ат мингендер көрүндү. Эл бүгүлүп, таазим этип жатышат. Апенди болсо, тетири карап калат. Өтүп бараткан падыша увазирлерине жаңсады:

- Мага көчүгүн салган тетиги кайсы урган?!

- Менмин, таксыр, - деди Апенди, бурулбаган калыбында. - «Мага жүзүңдү көрсөтпө!» - деп өзүңүз айткансыз. Өтүнүчүңүздү эки кылбайын деп...


ЭКИ ЭШЕКТИН ЖҮГҮ


Падыша, увазири жана Апенди болуп ууга чыгышат. Ысыганынан падыша чапанын чечип, көтөрүп жүрсүн деп Апендиге берет. Аздан соң увазири да ошентет. Муну көргөн падыша ага шылдыңдаган кеп узатат:

- Апенди, бу сенин көтөргөнүң бир эшектин жүгү болду го?

- Жок, даражалуу падышам, - деп жооп кайтарат, Апенди. - Жаңылышасыз. Эми эки эшектин жүгү болду.


АРТЫНАН МЫШЫКТЫ ЖУТ


Апендинин бир обу жок таанышы ага минтип кайрылып калат:

- Кеңешиң айтпасаң болбой калды. Көзүм илинип кетсе - оозума чычкан кирип кетиптир. Эмне кылышым керек?

- Артынан мышыкты жутуп жибер...


КАРАҢГЫНЫН КӨЗҮ ЖОК


Апендинин үлпүлдөгөн чырагын шамал өчүрүп салат.

- Сол жагыңда ширеңке жатат. Шамды жандыр, - дейт аялы.

- Караңгы үйдөн оң-солду кантип ажыратам? - дептир анда Апенди.


БАЛТАНЫН КЫНЫ


Апенди жолдон өтүп баратса, тапан балдар сыңар өтүктү көрсөтүп:

- Бул эмне, Апенди аке! - деп сурашат.

- Булбу? Бул - балтанын кыны, - дептир ал, жубарымбек балдарга.


БООЗ КАЗАН


Апенди бир байдын казанын сурайт. Бай ыңгыранып отуруп, араң берет. Аз күндөн кийин байдын казанына дагы бир кичине казан кошуп алпарат.

- Апей, бир казан алып, эки казан бергениң кандай? - деп чочуйт, бай.

- Таңгалбаңыз, бай аке! Казаныңыз эрте бооз экен, тууп койбодубу.

- Баракел-де, баракел-дее, - дейт бай, аябай ыраазы болуп.

Күндөрдүн биринде байдын баягы казанын Апенди дагы сурайт. Ач көз неме бу жолу эпилдеп-жепилдеп бере салат. Арадан күндөр өтөт. Казанын ойлоп, байдын тынчы кетет. Акыры чыдай албай өзү барат.

Апенди байды көрө сала кучактап жыгылып, улуп-уңшүп ыйлай баштайт.

- Сабыр эт, Апенди, эмне кырсык болду? - дейт бай, окуяга түшүнбөй.

- Баягы казаныңыз өлүп, ошону жоктоп ыйлап жатпаймбы.

- Ок! Казан да өлчү беле? - деп ачууланат бай.

- Тууганды билген казан, өлбөй койчу беле?! - деп көзүнүн жашын сүрткөн болот, Апенди.


АКЫРЕТ


Апендинин эшеги өлүп, башын жерге салып отурса, коңшусу келет:

- Кой, көп кайгырба, - деп сооротот ал. - Өлүм деген ар жандыктын башына келет турбайбы. Акыретке эшек тургай, биз да барабыз.

- Ошо акыретке кантип жөө барам деп кайгырып отурбаймбы, - дептип ал, коңшусуна.


КАЧАНААК УЙКУ


Апенди түн ортосунда көчөдө ары-бери басып жүрсө, кароолчу адам андан сураптыр:

- Караңгы түндө эмне кылып жүрөсүз?

- Уйкум качып кетип, ошону издеп жүрөм.


ӨЗҮНӨН КӨРСҮН


Апенди бак ичинен отун кыркып жүрсө, бир кабанаак ит качырып сала берет. Коркуп кетип балтасын шилтеп ийсе, аттин башына дал тийип, ит өүп калат. Нарытан чуркап келген ээси Апендиге доо коёт:

- Балтанын мизи менен таппай, сабы менен урсаң, бирдеме болот белең?!

- Итиң өзүнөн көрсүн. Эгерде, ал мени тиши менен эмес, куйругу менен капса, мен деле балтанын сабы менен урат элем... - дептир Апенди.


АЛЖЫГАН АШЫК


Бир алжыган бай Апендинин кызына тийишиптир:

- Жан эркем, сага деген ашыктыктын айынан тирүүлөй өлмөй болдум. Сен отко кир десең - отко, сууга кир десең - сууга кирем...

- А жерге кир десемчи? - дептир, тиги кыз.


САРАҢ БАЙ


Бир сараң бай өзүнүн атын аяп, Апендинин эшегин сурап келет.

- Эшегим үйдө жок эле... - дейт Апенди.

Аңгыча, эшеги айкырып коё берет.

- О ыйманы жок, үйүңдө турбайбы. Эмне мынча жалган айтасың?! - дейт бай, ага нааразы болуп.

- Бу сен адамга ишенесиңби, же эшекке ишенесиңби?! - деп демитиптир Апенди, тигини.


АЛАКАН ЧАПМАЙ ОЮНУ


Апенди теңтуштары менен бир үйдө палоо жеп отурса, шамал шамды өчүрүп салат. Отургандардын бирөө минтет:

- Чырак жанганча палоого кол салмай жок. Ар ким алаканын чаап турсун.

- Жарайт, - дейт Апенди. Анан, багалегин түрө салып, бир колу менен жылаңач этин чапкылап, бир колу менен палоодон сугуна берет.


САКАЛЫҢ ӨРТТӨНГҮР...


Бир күнү Апендинин уулу «наным кудукка түшүп кетти», - деп ыйлап келет.

Апенди уулун сооротмокчу болуп, кудукка эңкейсе, сакалчан бирөө карап турат.

- Ээй, сакалың өрттөнгүр, - деп кыйкырат ага. - Ушу тырмактай баланын нанын тартып жегенден уялсаң боло!


ЭС АЛСЫН ДЕП ЭШЕКТИ...


Эки көзү толо куржунун эшегине артып алып, жол жүрүп баратса, Апендиге бирөө кыйкырат:

- Эшектин убалынан коркпогон кандай таш боор жан элең?! Очоюп минип алып, оор куржунду жонуна артып...

Тиги кишинин сөзүн туура көргөн Апенди куржунду өз ийнине арта салып, эшегин минген бойдон жолун улаптыр...


МЕН ЫЙЛАБАЙ, КИМ ЫЙЛАЙТ?


Бир эле айдын ичинде Апендинин аялы, анан эшеги өлөт. Аялы өлгөндө анча ыйлабай, бирок, эшеги өлгөндө шолоктой бериптир. Сооротмокчу болгон коңшусу:

- Апенди аке, аялыңыз өлгөндө мынчалык ыйлабай, эшегиңиздин өлүмүнө катуу кейидиңиз го? - дейт.

- Аялым өлгөндө коңшу-колоң чогулуп, көңүл айттыңар. «Көп кайгырбаңыз, катын алып беребиз», - дедиңер. Ал эми, азыр «эшек алып беребиз», - деген бир жан жок. Анан, кантип ыйлабайм, - деп жооп бериптир ал.


БИР СӨЗДҮҮЛҮК


Бирөөлөр Апендинин жашын сурашат.

- Быйыл кыркка чыктым, - дейт ал.

- Мындан он жыл илгери деле ушуну айтпадың беле?

- Анын эмнеси бар экен, - дептир Апенди. - Адам бир сөздүү болуш керек.


АВТОРЛОРДУН АТЫ-ЖӨНҮ[түзөтүү]

Агрикола Иоганн (1494-1566) - немис фольклор жыйноочусу

Аркесилай (315-241 б.э) - байыркы грек философу

Арреа Жан Люсьен (1841-1922) - француз жазуучусу

Бальзак Оноре де (1799-1850) - француз жазуучусу

Батлер Сэмюэл (1835-1902) - англис жазуучусу

Бек Анри Франсуа (1837-1899) - француз драматургу

Бетховен Людвиг (1770-1827) - немис композитору

Бёрк Эдмунд (1729-1797) - англис саясий ишмери

Бёрнс Карл (1786-1837) - немис публицисти

Бирс Амброз (1842-1914) - америкалык жазуучу

Бисмарк Отто (1815-1898) - немис мамлекеттик ишмери

Бичер Генри (1813-1887) - америкалык коомдук ишмер

Бовуар Симона де (1908) - француз жазуучусу

Бон Генри (1796-1844) - англис китеп соодагери

Брехт Бертольд (1898-1956) - немис жазуучусу

Бронте Шарлотта (1816-1855) - англис жазуучусу

Буш Вильгельм (1832-1908) - немис юморист акыны

Буше Гийом (1513-1593) - француз аскер ишмери

Вашингтон Джордж (1732-1799) - АКШнын биринчи президенти

Вебер Карл (1767-1832) - немис жазуучусу

Виланд Христофер (1733-1813) - немис жазуучусу

Вильмен Абель (1790-1870) - француз тарыхчысы

Вольтер Мари (1794-1878) - француз жазуучусу

Гагедорн Фридрих (1708-1754) - немис акыны

Гаман Иоганн (1730-1788) - немис жазуучусу

Гейне Генрих (1797-1856) - немис акыны

Гельвеций Клод (1715-1771) - француз философу

Генри Адамс (1838-1918) - америкалык тарыхчы

Генрих IV (1594-1610) - француз королу

Герберт Джордж (1593-1633) - англис акыны

Гёте Иоганн (1749-1832) - немис акыны

Гораций Квинт (65-8 б.з.ч.) - рим акыны

Гофман Эрнст (1776-1822) - немис жазуучусу, композитору

Грасиан Бальтасар (1601-1658) - испан жазуучусу

Граф Артуро (1848-1913) - италия жазуучусу

Гумбольдт Александр (1769-1859) - немис табият таануучусу, саякатчысы

Гэзлитт Уильям (1778-1830) - англис публицисти

Гюго Виктор (1802-1885) - француз жазуучусу

Дарвин Чарльз (1809-1882) - англис табият таануучусу

Даумер Георг (1800-1875) - немис акыны

Демокрит Абдералык (б.з.ч. 460-370) - байыркы грек философу

Дефо Даниель (1660-1731) - англис жазуучусу

Джефферсон Томас (1743-1826) - АКШнын президенти

Джонсон Сэмюэл (1709-1784) - англис сынчысы

Дидро Дени (1713-1784) - француз жазуучусу

Дистервет Адольф (1790-1866) - немис педагогу

Зандерс Даниель (1819-1885) - немис окумуштуусу

Зейме Иоганн (1763-1810) - немис акыны

Ингерсолл Роберт (1833-1899) - америкалык юрист

Кант Иммануил (1724-1804) - немис философу

Карл IX (1550-1574) - француз королу

Карлейль Томас (1795-1881) - англис тарыхчысы

Кин Хаббард (1868-1930) - америкалык юморист жазуучу

Колетт Габриэль (1873-1954) - француз жазуучусу

Коллетта Пьетро (1775-1833) - италия тарыхчысы

Коллинз Джон (1848-1908) - англис адабият изилдөөчүсү

Колтон Чарльз (1780-1832) - англис адабиятчысы

Котгрейв Рэндл (1634-ж. өлгөн) - англис филологу

Крашевский Юзеф (1812-1887) - поляк жазуучусу

Круассе Франсис (1877-1937) - француз жазуучусу

Кэмден Уильям (1551-1623) - англис тарыхчысы

Лабрюйер Жан (1646-1696) - француз жазуучусу

Лагерлёф Сельма (1856-1940) - швед жазуучусу

Ламенне Фелисите (1782-1854) - француз жазуучусу

Ларошфуко Франсуа (1613-1680) - француз жазуучусу

Левис Гастон (1764-1830) - француз жазуучусу

Леонардо да Винчи (1452-1519) - италия окумуштуусу, сүрөтчүсү, инженери

Леопарди Джакомо (1798-1837) - италия акыны

Лопе де Вега (1562-1635) - испан драматургу

Лотреамон Исидор (1846-1870) - француз акыны

Лери Пьер (1793-1871) - француз философу

Линкольн Авраам (1809-1865) - АКШнын президенти

Лихтенберг Георг (1742-1799) - немис жазуучусу

Манн Генрих (1871-1950) - немис жазуучусу

Маре Анри (1838-1917) - француз жазуучусу

Марк Твен (1835-1910) - америкалык жазуучу

Маркс Карл (1818-1883) - илимий коммунизмдин негиз салуучусу

Менандр (б.з.ч. 343-291) - байыркы грек комедиографы

Местр Жозеф (1753-1821) - француз жазуучусу

Миранд Ив (1875-1957) - француз драматургу

Мицкевич Адам (1798-1855) - поляк акыны

Мольер Жан Батист (1622-1673) - француз драматургу

Монтескье Шарль (1689-1755) - француз философу

Моруа Андре (1885-1967) - француз жазуучусу

Наполеон I Бонапарт (1769-1821) - француз колбашчысы

Невё Жорж (1900) - француз акыны

Нодье Шарль (1780-1844) - француз жазуучусу

Ньютон Исаак (1643-1727) - англис физиги, астороному

Овидий (б.з.ч. 43 - б.з. 17) - рим акыны

Олстон Вашингтон (1779-1843) - америкалык сүрөтчү

Паскаль Блез (1623-1662) - француз окумуштуусу

Пеле да ла Лозер (1785-1871) - француз саясий ишмери

Пенн Уильям (1644-1718) - англис саясий ишмери

Петроний Гай (66-ж. өлгөн) - рим жазуучусу

Пифагор (б.з.ч. 580-500) - байыркы грек математиги

Платен Август (1796-1835) - немис акыны

Плутарх (46-127-ж. өлгөн) - байыркы грек тарыхчысы

Плиний Кенжеси (62-114-ж. өлгөн) - рим жазуучусу

Помпоний Марк (б.з.ч. I - б.з. I) - латин грамматиги

Публилий Сир (б.з.ч. I к.) - рим акын-мимографы

Райт Леонард (1591-ж.) - англис адабиятчысы

Рей Джон (1628-1705) - англия натуралисти

Ривароль Антуан (1753-1801) - француз жазуучусу

Роллан Ромен (1866-1944) - француз жазуучусу

Ронсар Пьер (1525-1585) - француз жазуучусу

Ростан Жак (1894-1977) - француз жазуучусу

Рохас Фернандо (1465-1541) - испан жазуучусу

Рузвельт Франклин (1882-1945) - АКШнын президенти

Руссо Жан Жак (1712-1778) - француз философу, жазуучусу

Салакру Арман (1899) - француз драматургу

Сантаяна Джордж (1863-1952) - америкалык философ, акын

Саути Роберт (1774-1843) - англис акыны

Светоний Гай (70-140) - рим тарыхчысы

Свифт Джонатан (1667-1745) - англис жазуучусу

Сен-Жон-Перс (1887-1975) - француз дипломаты, акыны

Сенека (кенжеси) (б.з.ч.4-65) - рим философу, жазуучусу

Сервантес Мигель (1547-1616) - испан жазуучусу

Сесброн Жильбер (1913) - француз жазуучусу

Сиббер Колли (1671-1757) - англис актеру, акыны

Скотт Вальтер (1771-1832) - англис жазуучусу

Сократ (б.з.ч. 469-399) - байыркы грек философу

Спиноза Бенедикт (1632-1677) - нидерланд философу

Стенр Лоренс (1713-1768) - англис жазуучусу

Стобей Иоганн (V к.) - византия жазуучусу

Сципион Публий (божомол 55-120) - рим тарыхчысы

Теренций Публий (б.з.ч. 195-159) рим комедиографы

Терье Андре (1833-1907) - француз жазуучусу

Туле Поль Жан (1867-1920) - француз акыны

Уайлд Оскар (1856-1900) - англис жазуучусу

Уитмен Уолт (1819-1892) - америкалык акын

Франклин Бенджамин (1706-1790) - америкалык саясий ишмер, физик

Флобер Густав (1821-1880) - француз жазуучусу

Франс Анатоль (1844-1924) - француз жазуучусу

Федр (I к.) - рим тамсилчиси

Фрейтаг Густав (1816-1895) - немис жазуучусу

Фрост Роберт (1875-1963) - америкалык акын

Фейхтерслебен Эрнст (1806-1846) - австралиялык врач жана жазуучу

Филдинг Генри (1707-1754) - англис жазуучусу

Фицджеральд Фрэнсис (1896-1940) - америкалык жазуучу

Фонтенель Бернар (1657-1757) - француз жазуучусу

Фосколо Николо (1778-1827) - италия жазуучусу

Фуллер Томас (1608-1661) - англис тарыхчысы

Хемингуэй Эрнест (1899-1961) - америкалык жазуучу

Хоу Эдгар (1853-1937) - америкалык жазуучу

Цвейг Арнольд (1887-1969) - немис жазуучусу

Цвейг Стефан (1881-1942) - римдик мамлекеттик ишмер, жазуучу

Цицерон Марк (б.з.ч. 106-43) - римдик мамлекеттик ишмер, дипломат

Шатобриан Франсуа (1768-1848) - француз жазуучусу

Шекспир Уильям (1564-1616) - англис акыны, драматург

Шеллинг Фридрих (1775-1854) - немис философу

Шенстон Уильям (1714-1763) - англис акыны

Шеншоль Шарль (1845-1902) - француз жазуучусу

Шенье Андре (1762-1784) - француз акыны

Шиллер Иоганн (1759-1805) - немис акыны, драматургу

Шопенгауэр Артур (1788-1860) - немис философу

Шоу Бернард (1856-1950) - англис драматургу

Шоу Генри (1818-1885) - америкалык юморист жана сатирачы

Эрнер-Эшенбах Мария (1830-1916) - австралиялык жазуучу

Эдисон Томас (1847-1931) - америкалык ойлоп табуучу

Эмерсон Ралф (1803-1882) - америкалык акын

Энний Квинт (б.з.ч. 239-169) - рим жазуучусу

Эразм Роттердамский (1469-1536) - Кайра жаралуу доорунун жазуучусу

Этьен Анри (1531-1598) - француз жазуучусу

Ювенал Децим (божомол 60-127) - римдик акын-сатирачы