Жакан алган аян

Wikibooks дан

1-БӨЛҮМ

Кириш сөз

1 Бул – Ыйса Машайактын аяны. Жакында эмне болорун Өзүнүн кулдарына көрсөтүү үчүн, Кудай Ага ушул аянды берди. Кудай бул аянды Өзүнүн периштеси аркылуу Өзүнүн кулу Жаканга көрсөттү.

2 Жакан болсо Кудайдын сөзүн, Ыйса Машайактын күбөлөндүрүүсүн жана өзүнүн көргөндөрүн күбөлөндүрдү.

3 Ушул пайгамбарчылыктарды окугандар жана уккандар, ошондой эле аянда жазылганды кармангандар бактылуу, анткени убакыт жакындап калды.

Жети Жыйынга айтылган салам

4 Асиядагы жети Жыйынга Жакан мындай деп жазат: Азыр бар болуп турган, башынан бери эле бар болгон жана келе жаткан Кудай, Анын тактысынын алдында турган жети рух,

5 ошондой эле ишенимдүү күбө, өлгөндөрдүн арасынан биринчи болуп тирилген, жер үстүндөгү падышалардын падышасы болгон Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин! Бизди сүйгөндүктөн, күнөөлөрүбүздү Өзүнүн каны менен жууган,

6 бизди Өзүнүн Атасы Кудайга таандык падышалар жана ыйык кызмат кылуучулар кылган Ал түбөлүккө даңкталып, бийлик кыла берсин! Оомийин!

7 Мына, Ал булуттар менен келе жатат, Аны бардык көздөр көрөт, Аны найза менен сайгандар да көрүшөт. Жер үстүндөгү бардык элдер Анын алдында боздоп ыйлашат. Ооба, ошондой болот, оомийин.

8 Азыр бар болуп турган, башынан бери эле бар болгон жана келе жаткан, бардыгын кармап туруучу Теңир мындай дейт: «Мен Альфамын жана Омегамын, башымын жана аягымын».

Жакандын Патмос аралында көргөн көрүнүшү

9 Ыйса Машайактын азап чегүүсүнө, падышачылык кылуусуна жана чыдамкайлык көрсөтүүсүнө ортоктош болгон силердин бир тууганыңар мен, Жакан, Кудайдын сөзү үчүн жана Ыйса Машайак жөнүндө күбөлөндүргөнүм үчүн, Патмос аралында болдум.

10 Теңирдин күнүндө мен Рухка толдум. Ошондо мен арка жагымдан сурнайдын үнүндөй болгон катуу үндү уктум, ал үн мындай деп айтты: «Мен Альфамын жана Омегамын, биринчимин жана акыркымын.

11 Эмнени көрүп турсаң, ошону китепке жазып, аны Асиядагы Эфес, Смирна, Пергам, Тиатира, Сардес, Филаделфия жана Лаодикея Жыйындарына жибер».

12 Мага сүйлөгөн үн кимдин үнү экенин көрөйүн деп, артымды карадым. Ошондо мен жети алтын чыракты көрдүм.

13 Жети чырактын ортосунда Адам Уулуна окшогон бирөө туруптур. Ал узун кийим кийип, көкүрөгүн алтын кемер менен курчап алыптыр.

14 Анын башы менен чачы ак жүндөй жана кардай аппак, көздөрү оттун жалынындай,

15 буттары меште кызып жаркыраган жездей, үнү суулардын шаркыраган үнүндөй эле.

16 Анын оң колунда жети жылдыз бар экен, Анын оозунан эки миздүү кылыч чыгып туруптур. Анын жүзү болсо жаркырап тийип турган күндөй эле.

17 Мен Аны көргөндө, Анын бут алдына өлүк сыяктуу жыгылдым. Ошондо Ал менин үстүмө оң колун коюп, мындай деди: «Коркпо! Мен биринчимин жана акыркымын.

18 Мен тирүүмүн. Өлгөн элем, азыр болсо түбөлүккө тирүүмүн, оомийин. Өлгөндөр жаткан жай менен өлүмдүн ачкычтары Менде.

19 Ошондуктан эмнени көрсөң, азыр эмне болуп жатса, мындан кийин эмне боло турган болсо, ошонун баарын жаз.

20 Менин оң колумдагы сен көргөн жети жылдыздын жана жети алтын чырактын жашыруун сыры мындай: жети жылдыз – жети Жыйындын периштелери, ал эми сен көргөн жети чырак – жети Жыйындын өзү.

2-БӨЛҮМ

Эфес шаарындагы Жыйынга жазылган кат

1 Эфестеги Жыйындын периштесине мындай деп жаз: Оң колунда жети жылдыз кармап турган жана жети алтын чырактын арасында басып жүргөн Теңир мындай дейт:

2 “Мен сенин иштериңди, эмгегиңди, чыдамкайлыгыңды, бузулгандарга чыдай албастыгыңды, элчи эмес болушса да, өздөрүн элчибиз деп эсептегендерди сынап көрүп, алардын жалганчы экенин аныктаганыңды билем.

3 Сен көп нерсени башыңдан өткөрдүң, сенде чыдамкайлык бар, Менин ысымым үчүн иштедиң, чарчаган жоксуң.

4 Бирок Менин сага айта турган бир нааразычылыгым бар: сен биринчи сүйүүңдү таштап койгонсуң.

5 Ошондуктан кайсы жерден жыгылганыңды эстеп, тобо кыл да, мурун жасап жүргөн иштериңди жасай бер. Эгерде андай кылбасаң, тобо кылбасаң, анда Мен сага жакын арада келем да, чырагыңды ордунан алып таштайм.

6 Бирок сенин Николайдын окутуусун жолдоочулардын иштерин жек көргөнүң жакшы, алардын иштерин Мен да жек көрөм.

7 Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун: жеңген адамга Кудайдын бейишинин ортосундагы өмүр дарагынын жемишинен даам таттырам”.

Смирна шаарындагы Жыйынга жазылган кат

8 Смирнадагы Жыйындын периштесине мындай деп жаз: Өлүп кайра тирилген Биринчи жана Акыркы мындай дейт:

9 “Мен сенин иштериңди, тарткан азаптарыңды жана жакырдыгыңды билем (бирок сен байсың). Өздөрүн жүйүтпүз деп эсептеп жүргөндөрдөн жаман сөздөрдү укканыңды билем, бирок алар – жүйүттөр эмес, шайтанга таандык адамдардын тобу.

10 Башыңдан өтө турган кыйынчылыктардан коркпо. Сыналышыңар үчүн, шайтан силердин араңардан кээ бирөөлөрүңөрдү зынданга салат, он күн кыйналасыңар. Өмүрүңдүн акырына чейин ишенимдүү бол, ошондо Мен сага өмүр таажысын берем.

11 Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун: жеңген адам экинчи өлүмдөн зыян тартпайт”.

Пергам шаарындагы Жыйынга жазылган кат

12 Пергамдагы Жыйындын периштесине мындай деп жаз: эки миздүү кылычы бар Теңир мындай дейт:

13 “Сенин иштериңди билем, сен шайтандын тактысы турган жерде жашайсың, Менин ысымымды бек тутуп жүрөсүң, Менин ишенимдүү күбөм Антипа силердин араңарда, шайтан жашаган жерде өлтүрүлгөн күндөрдө да Мага болгон ишенимиңден баш тарткан жоксуң.

14 Бирок Менин сага айта турган бир аз нааразычылыгым бар: сенде Биламдын окутуусун жолдогондор бар. Ошол Билам Балакты Ысрайыл уулдарын азгырууга: аларды буркандарга чалынган курмандыктан жегенге, бузуктук кылууга үйрөткөн.

15 Ошондой эле сенде Николайдын окутуусун жолдогондор бар, Мен ал окутууну жек көрөм.

16 Тобо кыл. Эгерде антпесең, Мен сага жакында келип, ошол окутууну жолдогондорго каршы оозумдагы кылыч менен согушам.

17 Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун: жеңген адамга жашыруун маннадан даам таттырам жана ага бир ак таш берем. Ал таштын бетинде жаңы ысым жазылуу болот, алган адамдан башка эч ким ал ысымды билбейт”.

Тиатира шаарындагы Жыйынга жазылган кат

18 Тиатирадагы Жыйындын периштесине мындай деп жаз: көздөрү оттун жалынындай күйүп турган, буттары жездей жаркырап турган Кудайдын Уулу мындай дейт:

19 “Сенин иштериңди да, сүйүүңдү да, ишенимиңди да, кызматыңды да, чыдамкайлыгыңды да, кийинки иштериң мурунку иштериңден көп экенин да билем.

20 Бирок Менин сага айта турган бир аз нааразычылыгым бар: сен өзүн пайгамбар эсептеген Изебел деген аялдын Менин кулдарымды бузуктук кылууга, буркандарга чалынган курмандыктан жегенге үйрөтүүсүнө, адаштыруусуна жол берип жатасың.

21 Мен ал аялга бузуктугу үчүн тобо кылууга убакыт бергем, бирок ал тобо кылгысы келген жок.

22 Ошондуктан Мен аны оорутуп, төшөккө жаткырам. Эгерде өздөрүнүн иштери үчүн өкүнүп тобо кылышпаса, аны менен бирге бузуктук кылгандарды оор кайгыга салам.

23 Анын балдарын өлтүрөм, ошондо Жыйындардын баары Менин адамдын ички дүйнөсүн жана жүрөгүн Сыноочу экенимди билишет. Ар бириңерге иштериңерге жараша тиешеңерди берем.

24 Ал эми силерге, бул окутууну жолдобогон жана «шайтандын терең сырлары» деп аталган нерселерди билбеген Тиатиранын калган тургундарына, мындай демекчимин: Мен силердин башыңарга башка кыйынчылык салбайм.

25 Эмнеңер бар болсо, ошону гана Мен келгенче, бекем кармап тургула.

26 Ким жеңип чыгып, Менин иштеримди аягына чейин аткарса, Өзүмдүн Атамдан бийлик алганымдай эле, аны бутпарастардын үстүнөн бийликке коём.

27 Ал аларды темир таяк менен кайтарат, алар чопо идиш талкалангандай талкаланышат.

28 Ага таң жылдызын берем.

29 Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун”.

3-БӨЛҮМ

Сардес шаарындагы Жыйынга жазылган кат

1 Сардестеги Жыйындын периштесине мындай деп жаз: Колунда Кудайдын жети Руху жана жети жылдыз бар Теңир мындай дейт: “Мен сенин иштериңди билем. Сен тирүү болуп аталып жүргөнүң менен өлүксүң.

2 Сергек бол, өлүм алдында турган нерселериңди бекемде, анткени Мен сенин иштериңди Кудайымдын алдында жеткилең деп таппадым.

3 Эмнени кабыл алганыңды, эмнени укканыңды эстеп, ошону сакта, тобо кыл. Эгерде сен сергек болбосоң, анда Мен сага ууру сыяктуу келем, Менин кайсы саатта келеримди билбей каласың.

4 Бирок сенин Сардесте бир нече кишиң бар, алар кийимдерин кирдетишкен жок. Алар ак кийимдерин кийип, Мени менен жүрүшөт, анткени алар ошого татыктуу.

5 Жеңген адам ак кийим киет. Мен анын ысымын өмүр китебинен өчүрбөйм, анын ысымын Атамдын алдында жана Анын периштелеринин алдында ачык тааныйм.

6 Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун”.

Филаделфия шаарындагы Жыйынга жазылган кат

7 Филаделфиядагы Жыйындын периштесине мындай деп жаз: Ыйык, Чыныгы, Дөөттүн ачкычын алып жүрүүчү Теңир (Ал ачса, эч ким жаба албайт; Ал жапса, эч ким ача албайт) мындай дейт:

8 “Мен сенин иштериңди билем. Мына, Мен сенин алдыңда эшикти ачып койдум, аны эч ким жаба албайт. Анткени сен күчүң аз болгонуна карабастан, Менин сөзүмдү сактадың, Менин ысымымдан баш тарткан жоксуң.

9 Мына, Мен шайтанга таандык топтогу адамдардын кээ бирөөлөрүн, жүйүт эмес болушса да, жүйүтпүз деп калп айткандарды, сенин алдыңа алып келип, таазим кылдырам, ошондо алар Менин сени сүйгөндүгүмдү билишет.

10 Сен Менин чыдамкайлык жөнүндөгү сөзүмдү сактадың, ошондуктан Мен да сени жер үстүндө жашагандардын сыналуусу үчүн бүт дүйнөдө боло турган сыноо убагынан сактап калам.

11 Мен жакында келем. Бирөө сенин таажыңды тартып албаш үчүн, эмнең бар болсо, ошону бекем карма.

12 Жеңип чыккан адамды Мен Кудайымдын ийбадатканасынын тирөөчү кылам, ал ошол жерден эч качан чыкпайт. Тирөөчтүн бетине Мен Кудайымдын ысымын жана Кудайымдын шаарынын атын, Кудайымдан, асмандан түшкөн жаңы Иерусалимдин атын жана Өзүмдүн жаңы ысымымды жазып коём.

13 Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун”.

Лаодикея шаарындагы Жыйынга жазылган кат

14 Лаодикеядагы Жыйындын периштесине мындай деп жаз: Ысымы Оомийин, ишенимдүү жана чыныгы күбө, Кудайдын жаратуусунун башталышы, мындай дейт:

15 “Сенин иштериңди билем. Сен муздак да, ысык да эмессиң. Атаганат, сен муздак же ысык болсоң эмне!

16 Сен ысык да, муздак да эмес, жылуу болгонуң үчүн, Мен сени оозумдан бүркүп чыгарып салам.

17 Анткени сен: "Мен баймын, байып калдым, эч нерсеге муктаж эмесмин", – деп айтып жатасың. Бирок сен өзүңдүн бактысыз, аянычтуу, жакыр, сокур жана жылаңач экендигиңди билбейсиң.

18 Мен сага мындай кеңеш берем: байышың үчүн, сен Менден отко тазаланган алтын сатып алгын; жылаңач этиң көрүнбөш үчүн, Менден ак кийим сатып алып кий; көзүң көрүш үчүн, Менден көздүн майын сатып алып, көзүңө сыйпа.

19 Мен кимди сүйсөм, ошолорду ашкерелеп, жазалайм. Ошондуктан тырышчаак бол жана тобо кыл.

20 Мына, Мен эшиктин алдында туруп, эшикти чертип жатам. Ким Менин үнүмдү угуп, эшигин ачса, Мен аныкына кирип, аны менен бирге тамак ичем, ал да Мени менен бирге тамак ичет.

21 Мен жеңип чыгып, Атамдын жанына, Анын тактысына отурганымдай эле, жеңип чыккан адамды Өзүмдүн жаныма, тактыма отургузам.

22 Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга эмне деп айтып жатканын уксун”».

4-БӨЛҮМ

Асмандагы тактыда отурган Кудай

1 Ошондон кийин мен өйдө карап, асмандын эшиги ачылганын көрдүм. Мен мурун уккан, сурнайдын үнүндөй болгон, мага сүйлөгөн үн мындай деди: «Бул жакка чык, Мен сага мындан кийин эмне болушу керек экендигин көрсөтөм».

2 Ошол замат мен Рухка толдум. Ошондо мен асманда такты турганын, тактыда Бирөө отурганын көрдүм.

3 Анын көрүнүшү яспис жана акак таштарындай экен. Ал эми тактыны көрүнүшү зымырыт ташындай болгон жаа тегерете курчап турат экен.

Тактыларда отурган аксакалдар

4 Ал тактынын тегерегинде жыйырма төрт такты бар экен. Ал тактыларда үстүлөрүнө ак кийим, баштарына алтын таажы кийген жыйырма төрт аксакал отурганын көрдүм.

5 Такты тараптан чагылган чартылдап, күн күркүрөп, катуу дабыштар чыгып жатты. Ал эми тактынын алдында Кудайдын жети руху болгон жети чырак жалындап күйүп туруптур.

6 Тактынын алдында кристаллга окшогон, тунук айнектей болгон деңиз, тактынын ортосунда жана тегерегинде алды-арты бүт көз болгон төрт тирүү жандык бар экен.

7 Биринчи жандык арстанга, экинчиси торпокко, үчүнчүсүнүн бети адамдыкына, төртүнчүсү болсо учуп бара жаткан бүркүткө окшош экен.

8 Төрт тирүү жандыктын ар биринин алтыдан канаты бар эле, ал эми алардын тула бою көзгө толо эле. Алар күнү-түнү тыным албастан: «Башынан бери эле бар болгон, азыр да бар болуп турган, келе жаткан, бардыгын кармап туруучу Кудай-Теңир ыйык, ыйык, ыйык!» – деп жатышты.

9 Бул тирүү жандыктар тактыда отурган, түбөлүк жашоочу Кудайды даңктап, Ага урмат көрсөтүп, ыраазычылык билдиришкен сайын,

10 жыйырма төрт аксакал тактыда Отургандын алдына жыгылып, түбөлүк Жашоочуга таазим кылып, таажыларын тактынын алдына коюп, мындай деп жатышты:

11 «Теңир, Сен даңкталууга, урматталууга жана бийлик кылууга татыктуусуң, анткени бардыгын Сен жараттың, бардыгы Сенин каалооң менен жаратылып, бар болуп турат».

5-БӨЛҮМ

Жети мөөр басылган китеп

1 Анан мен тактыда Отургандын оң колунан эки бетине тең жазылган, жети мөөр басылган түрмөк китепти көрдүм.

2 Ошондой эле күчтүү периштени көрдүм, ал: «Мөөрлөрдү алып таштап, китепти ачууга ким татыктуу?» – деп, катуу үн менен сурап жатты.

3 Бирок асманда да, жерде да, жер астында да ал китепти ачууга, анын ичин кароого эч ким табылган жок.

4 Ошондо мен ал китепти ачып окууга, атүгүл, анын ичин кароого татыктуу эч ким табылбагандыгы үчүн аябай ыйладым.

5 Ошондо аксакалдардын бири мага мындай деди: «Ыйлаба, мына, Жүйүт уруусунан, Дөөттүн тукумунан чыккан Арстан жеңип чыкты. Мына Ошол жети мөөрдү алып таштап, китепти ача алат».

6 Анан мен тактынын, төрт тирүү жандыктын жана аксакалдардын ортосунда мууздалган сыяктуу Козу турганын көрдүм. Анын жети мүйүзү жана жети көзү бар экен. Алар – Кудайдын бүт дүйнөгө жиберген жети руху.

7 Ошол Козу келип, тактыда Отургандын оң колунан китепти алды.

8 Ал китепти алганда, төрт тирүү жандык жана жыйырма төрт аксакал Козунун алдына жыгылышты. Алардын ар биринде гусли жана жыпар жыттуу затка толгон алтын чөйчөктөр бар эле. Ал чөйчөктөрдөгү жыпар жыттуу зат – ыйыктардын сыйынуусу.

9 Анан алар мындай жаңы ыр ырдашты: «Сен китепти алууга, анын мөөрлөрүн ачууга татыктуусуң, анткени Сен мууздалдың, Өз каның менен ар бир уруудан, ар бир тилден, ар бир элден жана ар бир улуттан бизди Кудайга сатып бердиң.

10 Бизди Кудайыбызга падышалар жана ыйык кызмат кылуучулар кылдың. Биз жер үстүндө падышачылык кылабыз».

11 Анан мен тактынын, тирүү жандыктардын жана аксакалдардын тегерегинен көптөгөн периштелерди көрдүм, алардын үндөрүн уктум. Алар миң-миңдеп, миң-түмөндөп саналат экен.

12 Алар катуу үн менен: «Мууздалган Козу бийликке жана байлыкка, даанышмандыкка жана кудуретке ээ болууга, урматталууга, даңкталууга жана макталууга татыктуу», – деп айтып жатышты.

13 Ошондо мен асмандагы жана жердеги, жер астындагы жана деңиздеги, бүт дүйнө жүзүндөгү тирүү жандыктардын баарынын: «Тактыда Отурган жана Козу түбөлүккө макталсын, урматталсын, даңкталсын жана бийлик кыла берсин!» – деп айтышканын уктум.

14 Ошондо төрт тирүү жандык: «Оомийин», – дешти. Жыйырма төрт аксакал болсо жерге жыгылып, түбөлүк Жашоочуга таазим кылды.

6-БӨЛҮМ

Биринчи мөөр – ак атчан

1 Анан мен Козунун жети мөөрдүн биринчисин ачканын көрдүм. Андан кийин төрт тирүү жандыктын биринин күндүн күркүрөгөнүндөй болгон үн менен: «Келип кара», – дегенин уктум.

2 Мен барып карап, ак ат чыкканын көрдүм. Аны минип тургандын жаасы бар экен. Ага таажы берилди. Ал жеңүүчү катары жеңүү үчүн чыкты.

Экинчи мөөр – жээрде атчан

3 Ал экинчи мөөрдү ачканда, экинчи тирүү жандыктын: «Келип кара», – дегенин уктум.

4 Ошондо жээрде ат чыкты. Адамдар бири-бирин өлтүрүшү үчүн, ал атты минип турганга жер үстүнөн тынчтыкты алып салуу укугу берилди. Анан ага чоң кылыч берилди.

Үчүнчү мөөр – кара атчан

5 Ал үчүнчү мөөрдү ачканда, мен үчүнчү тирүү жандыктын: «Келип кара», – дегенин уктум. Карасам, кара ат чыкты, аны минип тургандын колунда тараза бар экен.

6 Ошондо мен төрт тирүү жандыктын ортосунан мындай деп сүйлөгөн үндү уктум: «Бир ченем буудай бир динарий, үч ченем арпа бир динарий болсун, ал эми май менен шарапка кол тийгизбе».

Төртүнчү мөөр – боз атчан

7 Ал төртүнчү мөөрдү ачканда, төртүнчү тирүү жандыктын: «Келип кара», – дегенин уктум.

8 Карасам, боз ат чыкты, аны минип тургандын ысымы «Өлүм» экен. Анын артынан өлгөндөр жаткан жай ээрчип алыптыр. Ага жердин төртүнчү бөлүгүн кылыч жана ачкачылык менен, жугуштуу оору жана жырткычтар менен өлтүрүүгө бийлик берилди.

Бешинчи мөөр – курмандык чалынуучу жайдын алдындагы азап тарткан адамдар

9 Ал бешинчи мөөрдү ачканда, мен курмандык чалынуучу жайдын алдынан Кудайдын сөзү үчүн жана өздөрүнүн күбөлөндүрүүсү үчүн өлтүрүлгөн адамдардын жандарын көрдүм.

10 Алар үндөрүн бийик чыгарып, мындай деп кыйкырып жатышты: «Ыйык жана чыныгы Эгедер, качанкыга чейин сот жүргүзбөйсүң, качанкыга чейин биздин каныбыз үчүн жер үстүндө жашагандардан өч албайсың?»

11 Ошондо алардын ар бирине ак кийим берилди жана аларга: «Кызматташтарыңар менен бир туугандарыңар да силердей болуп өлтүрүлүп, белгиленген санды толуктаганга чейин, дагы бир аз убакыт тынчтана тургула», – деп айтылды.

Алтынчы мөөр – Козунун каары

12 Ал алтынчы мөөрдү ачканда, карасам, катуу жер титирөө болду, күн зумбал сыяктуу карарды, ай кан сыяктуу кызарды.

13 Катуу шамалдан анжыр дарагынын быша элек мөмөлөрү күбүлүп түшкөн сыяктуу, асмандагы жылдыздар жерге түштү.

14 Асман да түрүлгөн кагаз сыяктуу түрүлүп жок болду. Бардык тоолор, бардык аралдар ордунан жылды.

15 Жер үстүндөгү падышалар да, башчылар да, байлар да, миң башылар да, күчтүүлөр да, кулдар да, эркин адамдар да үңкүрлөргө жана капчыгайларга жашынып,

16 тоолорго жана аскаларга: «Yстүбүзгө кулап, бизди тактыда Отургандын жүзүнөн жана Козунун каарынан жашыра көргүлө.

17 Анткени Анын каары төгүлө турган улуу күн келди, ага ким туруштук бере алат?» – дешти.

7-БӨЛҮМ

Мөөрлөнгөндөрдүн саны

1 Андан кийин мен жердин төрт бурчунда турган төрт периштени көрдүм. Алар жерге, деңизге, бир да даракка шамал тийбесин деп, жердин төрт тарабынын шамалын кармап турушуптур.

2 Анан мен чыгыштан көтөрүлүп келе жаткан, колунда тирүү Кудайдын мөөрү бар башка периштени көрдүм. Ал жерге жана деңизге зыян келтирүүгө буйрук алган төрт периштеге катуу үн менен мындай деди:

3 «Кудайыбыздын кулдарынын чекелерине биз мөөр басканга чейин, жерге да, деңизге да, дарактарга да зыян келтирбегиле».

4 Анан мен мөөрлөнгөндөрдүн санын уктум: Ысрайылдын бардык урууларынан мөөрлөнгөндөрдүн саны жүз кырк төрт миң экен.

5 Жүйүт уруусунан он эки миң адамга, Рубейин уруусунан он эки миң адамга, Гат уруусунан он эки миң адамга,

6 Ашыр уруусунан он эки миң адамга, Напталы уруусунан он эки миң адамга, Менаше уруусунан он эки миң адамга,

7 Шымон уруусунан он эки миң адамга, Леби уруусунан он эки миң адамга, Исахар уруусунан он эки миң адамга,

8 Забулун уруусунан он эки миң адамга, Жусуп уруусунан он эки миң адамга, Бенжемин уруусунан он эки миң адамга мөөр басылыптыр.

Ар кайсы элдердин арасынан куткарылгандар

9 Ошондон кийин карасам, ар бир уруудан, ар бир улуттан, ар бир элден, ар бир тилден эч ким санай алгыс, эбегейсиз көп адамдар тактынын жана Козунун алдында ак кийим кийип, колдоруна курма пальмасынын бутагын кармап турушуптур.

10 Алар үндөрүн бийик чыгарып: «Тактыда отурган биздин Кудайдан жана Козудан куткарылуу келет!» – деп айтып жатышты.

11 Бардык периштелер тактыны, аксакалдарды жана төрт тирүү жандыкты тегеректеп алып, тактынын алдына жүзтөмөндөп жыгылып, Кудайга мындай деп табынып жатышты:

12 «Оомийин! Алкыш, даңк, даанышмандык, ыраазычылык, урмат-сый, күч-кубат жана кудурет түбөлүккө биздин Кудайыбызга таандык! Оомийин».

13 Анан аксакалдардын бири сөз баштап, менден: «Бул ак кийимчендер кимдер, булар кайдан келишкен?» – деп сурады.

14 Мен ага: «Сен аны билесиң, мырза», – деп жооп бердим. Ошондо ал мага мындай деди: «Булар – улуу кайгыдан келгендер. Алар өздөрүнүн кийимдерин жуушкан, алар өздөрүнүн кийимдерин Козунун канына агартышкан.

15 Ошон үчүн алар азыр Кудайдын тактысынын алдында туруп, Анын ийбадатканасында Ага күнү-түнү кызмат кылып жатышат. Тактыда Отурган алардын арасында жашайт.

16 Алар эми эч качан ачка болушпайт, суусашпайт, аларды күн жана эч кандай ысык куйкалабайт.

17 Анткени аларды тактынын ортосундагы Козу кайтарып, тирүү суунун башатына алып барат. Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт».

8-БӨЛҮМ

Жетинчи мөөр – тынчтыктын өкүм сүрүүсү

1 Козу жетинчи мөөрдү ачканда, асманда жарым саатча тынчтык өкүм сүрдү.

2 Андан кийин мен Кудайдын алдында турган жети периштени көрдүм, аларга жети сурнай берилди.

3 Анан башка бир периште келип, курмандык чалынуучу жайдын алдына турду. Анын колунда жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү алтын чөйчөк бар экен. Ага көп жыпар жыттуу зат берилди. Анткени ал аны бардык ыйыктардын сыйынуулары менен бирге тактынын алдында турган, алтындан жасалган курмандык чалынуучу жайдын үстүнө коюшу керек эле.

4 Жыпар жыттуу заттардын түтүнү ыйыктардын сыйынуулары менен бирге периштенин колунан Кудайдын алдына көтөрүлдү.

5 Анан периште жыпар жыттуу заттар түтөтүлүүчү чөйчөктү алды да, аны курмандык чалынуучу жайдагы от менен толтуруп, жерге ыргытып жиберди. Ошондо катуу дабыштар чыгып, күн күркүрөп, чагылган чартылдап, жер титиреди.

6 Анан жети сурнайы бар жети периште сурнай тартууга даярданды.

Биринчи сурнай – кан аралаш түшкөн мөндүр жана от

7 Биринчи периште сурнай тартканда, жерге кан аралаш мөндүр жана от түштү. Ошондо дарактардын үчтөн бир бөлүгү өрттөндү, көк чөптүн баары күйүп кетти.

Экинчи сурнай – жалындап күйүп жаткан тоонун деңизге кулашы

8 Экинчи периште сурнай тартканда, жалындап күйүп жаткан чоң тоо сыяктуу бир нерсе деңизге кулады. Ошондо деңиздин үчтөн бир бөлүгү канга айланды.

9 Деңизде жашаган тирүү жандыктардын үчтөн бир бөлүгү өлүп, кемелердин үчтөн бир бөлүгү кыйрады.

Үчүнчү сурнай – «Эрмен» жылдызы

10 Yчүнчү периште сурнай тартканда, асмандан шам чырактай күйгөн чоң жылдыз түштү. Ал дарыялардын үчтөн бир бөлүгүн жана булактарды басып калды.

11 Бул жылдыздын аты «Эрмен» эле. Ошондо суунун үчтөн бир бөлүгү уулуу болуп калды. Бул суудан көп адамдар өлүштү, анткени суу ачуу болуп калган эле.

Төртүнчү сурнай – күндүн, айдын жана жылдыздардын үчтөн бир бөлүгүнүн кыйрашы

12 Төртүнчү периште сурнай тартканда, күндүн, айдын жана жылдыздардын үчтөн бир бөлүгү кыйрады. Ошондо алардын үчтөн бир бөлүгү караңгыланып, күндүзгү убактын да, түнкү убактын да үчтөн бир бөлүгү жарыгы жок болуп калды.

13 Анан мен асмандын ортосунда учуп келе жаткан бүркүттү көрдүм жана анын катуу үн менен мындай дегенин уктум: «Жер үстүндө жашап жаткандарга кайгы, кайгы! Үч периште тарта турган калган сурнайлардын үнү чыкканда, алардын башына кайгы түшөт!»

9-БӨЛҮМ

Бешинчи сурнай – чегиртке жана туңгуюктун периштелери

1 Бешинчи периште сурнай тартканда, мен асмандан жерге түшкөн жылдызды көрдүм. Ал жылдызга түпсүз туңгуюктун ачкычы берилди.

2 Ал түпсүз туңгуюкту ачканда, чоң мештен түтүн чыккансып, андан түтүн чыкты. Түпсүз туңгуюктан чыккан түтүндөн улам, аба карарып, күн көрүнбөй калды.

3 Ошондо түтүндөн жер үстүнө чегиртке чыкты, ага жер үстүндөгү чаяндыкындай бийлик берилди.

4 Ал чегирткеге мындай деп айтылды: «Жер үстүндөгү чөпкө, эч бир өсүмдүккө, эч бир даракка зыян келтирбе, чекесинде Кудайдын мөөрү жок адамдарга гана зыян келтир».

5 Ага аларды өлтүрүүгө эмес, беш ай кыйноого гана уруксат берилди. Чаян чакканда адам кандай кыйналса, анын кыйноосу да ошондой эле.

6 Ошол күндөрдө адамдар өлүмдү издешет, бирок таба алышпайт; алар өлүмдү каалашат, бирок өлүм алардан качып кетет.

7 Чегирткенин сырткы көрүнүшү согушка даярдалган аттардай эле. Анын баштарында алтын таажыларга окшогон нерселер бар эле, анын беттери болсо адам баласынын бетиндей эле.

8 Чачтары аялдын чачындай, тиштери арстандын тишиндей эле.

9 Анын кийгени темир соотко окшогон сооттор эле, ал эми канаттарынын шуулдоосу согушка бара жаткан, көп атка чегилген арабалардын калдыраганына окшош эле.

10 Анын чаяндыкындай куйруктары, куйруктарында болсо уусу бар эле. Ага адамдарды беш ай кыйноого бийлик берилди.

11 Анын падышасы туңгуюктун периштеси эле. Ал периштенин аты эврейче Абадон, ал эми грекче Аполион экен.

12 Биринчи кайгы өтүп кетти. Мына, анын артынан дагы эки кайгы келе жатат.

Алтынчы сурнай – кыйратуучу төрт периште

13 Алтынчы периште сурнай тартканда, мен Кудайдын алдында турган, алтындан жасалган курмандык чалынуучу жайдын төрт мүйүзүнөн чыккан бир үндү уктум.

14 Ал үн сурнай кармап турган алтынчы периштеге: «Улуу Эфрат дарыясынын боюнда байланып турган төрт периштени бошот», – деди.

15 Ушул жылга, ушул айга, ушул күнгө жана ушул саатка даярдалган төрт периште адамдардын үчтөн бир бөлүгүн өлтүрүү үчүн бошотулду.

16 Атчан аскерлердин саны эки жүз миллион экенин уктум.

17 Ошентип, мен көрүнүштө аттарды жана аларга мингендерди көрдүм. Атчандардын оттой кызыл, кара көк жана күкүрттөй сары сооттору бар эле. Аттардын баштары арстандын башындай эле. Алардын ооздорунан от, түтүн жана күкүрт чыгып турду.

18 Алардын ооздорунан чыккан бул үч жазадан – оттон, түтүндөн жана күкүрттөн адамдардын үчтөн бир бөлүгү кырылды.

19 Анткени бул аттардын күчү ооздорунда жана куйруктарында эле. Алардын куйруктары жыландарга окшош эле. Жыландардын баштары бар болчу, ошолор менен зыян келтиришчү.

20 Бул үч жазадан өлбөгөн адамдар болсо жиндерге жана өздөрүнүн колу менен алтындан, күмүштөн, жезден, таштан, жыгачтан жасалган, көрбөгөн, укпаган, баспаган кудайларга табынышканы үчүн өкүнүп тобо кылышкан жок.

21 Алар өздөрүнүн киши өлтүрүшкөнү үчүн да, сыйкырчылык кылышканы үчүн да, ойноштук кылып нике бузушканы үчүн да, уурулук кылышканы үчүн да өкүнүп тобо кылышкан жок.

10-БӨЛҮМ

Колунда ачылган китепчеси бар периште

1 Анан мен асмандан булут жамынып түшүп келе жаткан күчтүү, башка периштени көрдүм. Анын башынан жогору жакта көк желе бар эле. Анын жүзү күндөй жаркырап, буттары оттуу тирөөчтөрдөй болуп турду.

2 Анын колунда ачылган китепче бар экен. Ал оң бутун деңизге, ал эми сол бутун кургак жерге коюп,

3 арстандын айкырыгындай болгон катуу үн менен кыйкырды. Ал кыйкырганда, жети күн күркүрөө өздөрүнүн үнү менен сүйлөй баштады.

4 Жети күн күркүрөө өздөрүнүн үндөрү менен сүйлөп жатканда, мен жазып алмакчы болдум. Бирок асмандан мага: «Жети күн күркүрөөнүн эмне деп сүйлөгөнүн жазба, аны жашырып кой», – деп айткан үндү уктум.

5 Бир буту менен деңизде, экинчи буту менен кургак жерде турган, мен көргөн периште оң колун асманга көтөрүп,

6 асманды жана андагы бардык нерсени, жерди жана анын үстүндөгү бардык нерсени, деңизди жана анын ичиндеги бардык нерсени жараткан түбөлүк Жашоочунун ысымы менен мындай деп ант берди: «Мындан ары создуктурулбайт.

7 Жетинчи периште сүйлөп, сурнай тарткан күндөрдө Кудайдын Өз кулдарына – пайгамбарларына айткан жашыруун сыры ишке ашат».

8 Мен асмандан уккан үн мага кайрадан мындай деп сүйлөй баштады: «Бар, бир буту деңизде, экинчи буту кургак жерде турган периштенин колундагы ачылган китепчени ал».

9 Ошондо мен периштеге барып: «Мага китепчени бер», – дедим. Ал мага: «Алгын да жегин. Ал сенин карыныңа барганда, ачуу, бирок оозуңда балдай таттуу болот», – деди.

10 Мен периштенин колунан китепчени алдым да жедим. Ал менин оозумда балдай таттуу болду, бирок жегенден кийин, карынымда ачуу болуп калды.

11 Анан ал мага: «Сен элдер, уруулар, тилдер жана падышалар жөнүндө кайрадан пайгамбарчылык кылууң керек», – деди.

11-БӨЛҮМ

Ийбадаткананы ченөө

1 Анан мага ченегич камыш таяк берилип, мындай деп айтылды: «Ордуңдан туруп, Кудайдын ийбадатканасын жана курмандык чалынуучу жайды чене, ал жерде табынып жаткандардын санын эсепте.

2 Ал эми ийбадаткананын сырткы короосун ченебей эле кой, анткени ал бутпарастарга берилген: алар ыйык шаарды кырк эки ай тебелеп-тепсешет.

3 Мен Өзүмдүн эки күбөмө бийлик берем, алар зумбал кийип алып, бир миң эки жүз алтымыш күн пайгамбарчылык кылышат».

4 Алар – бүт дүйнө жүзүнүн Кудайынын алдында турган эки зайтун дарагы жана эки шам чырак.

5 Эгерде аларга кимдир бирөө зыян келтирүүнү кааласа, анда алардын ооздорунан от чыгып, душмандарын жалмап коёт. Ким аларга зыян келтирүүнү кааласа, ал өлтүрүлүшү керек.

6 Пайгамбарчылык кылып жаткан күндөрүндө жер бетине жамгыр жаабашы үчүн, аларда асманды жаап коюу бийлиги бар. Аларда сууларды канга айландыруу жана каалаган убактыларында жерди ар кандай жазалар менен кыйратуу бийлиги бар.

7 Күбөлөндүрүп бүтүшкөндөн кийин, түпсүз туңгуюктан чыккан жырткыч алар менен согушуп, аларды жеңет, аларды өлтүрөт.

8 Алардын өлүктөрүн каймана мааниде Содом жана Мисир деп аталган улуу шаардын көчөсүнө ташташат. Алардын Теңири да ошол шаарда айкаш жыгачка кадалган.

9 Ар бир элден, ар бир уруудан, ар бир тилден жана ар бир улуттан көптөгөн адамдар үч жарым күн алардын өлүктөрүн мүрзөгө коюуга жол бербей, карап тура беришет.

10 Жер үстүндө жашап жаткан адамдар алардын өлтүрүлгөнүнө кубанып, шаттанып, бири-бирине белектерди жиберишет, анткени бул эки пайгамбар аларды кыйнашкан эле.

11 Бирок үч жарым күндөн кийин аларга Кудайдан өмүр руху кирип, экөө тең орундарынан турушту. Ошондо аларды карап тургандарды чоң коркунуч басты.

12 Анан ал экөө асмандан катуу үндү угушту, ал үн аларга: «Бул жакка чыккыла», – деди. Ошондо алар булут менен асманга көтөрүлүп кетишти, душмандары болсо аларды карап турушту.

13 Ошол учурда катуу жер титирөө болуп, шаардын ондон бир бөлүгү кулап калды. Жер титирөөдөн жети миң адам өлдү. Калган адамдарды коркунуч басып, асмандагы Кудайды даңкташты.

14 Экинчи кайгы өтүп кетти. Мына, үчүнчү кайгы жакындап келе жатат.

Жетинчи сурнай

15 Жетинчи периште сурнай тартканда, асмандан «Бул дүйнөнүн үстүнөн болгон падышачылык биздин Теңирдин жана Анын Машайагынын колуна өттү, Ал түбөлүккө падышачылык кылат» деген катуу үндөр чыкты.

16 Кудайдын алдында, өздөрүнүн тактыларында отурган жыйырма төрт аксакал жүзтөмөндөп жыгылып, Кудайга мындай деп табынып жатышты:

17 «Азыр бар болуп турган, башынан бери эле бар болгон жана келе жаткан, бардыгын кармап туруучу Кудай-Теңир, биз Сага ыраазычылыгыбызды билдиребиз, анткени Сен Өзүңдүн улуу бийлигиңди колуңа алып, падышачылык тактыңа отурдуң.

18 Бутпарастар ачууланышты. Ошон үчүн Сенин Өз каарыңды төгө турган, өлгөндөрдү соттой турган, Өзүңдүн кулдарыңа – пайгамбарларыңа, ыйыктарыңа жана Өзүңдүн ысымыңдан корккондорго, чоңдорго да, кичинелерге да өздөрүнүн тиешесин бере турган, жерди кыйраткандарды жок кыла турган убагың келди».

19 Ошондо Кудайдын асмандагы ийбадатканасы ачылып, андан Анын келишим сандыгы көрүндү. Чагылган чартылдап, катуу добуштар чыгып, күн күркүрөп, жер титиреп, мөндүр төктү.

12-БӨЛҮМ

Аял жана ажыдаар

1 Асмандан улуу жышаан: күн жамынган аял көрүндү. Анын бутунун астында ай, башында он эки жылдыздуу таажы бар экен.

2 Ал кош бойлуу болгондуктан, төрөт азабынан кыйналып, кыйкырып жатты.

3 Асмандан дагы бир жышаан: жети башы, он мүйүзү, жети таажысы бар чоң кызыл ажыдаар көрүндү.

4 Ал өзүнүн куйругу менен асмандагы жылдыздардын үчтөн бир бөлүгүн жерге шыпырып түштү. Ажыдаар наристени төрөлөрү менен жеп салуу үчүн, төрөр маалы келип калган аялдын алдына келип турду.

5 Аял бардык элдерди темир таяк менен кайтара турган эркек бала төрөдү. Бала Кудайдын жана Анын тактысынын жанына көтөрүлүп кетти.

6 Аял болсо чөлгө, Кудай даярдап койгон жерге, качып кетти. Анткени ал жерде ал бир миң эки жүз алтымыш күн багылышы керек эле.

7 Анан асманда согуш чыкты: Михаел жана анын периштелери ажыдаарга каршы согушушту, ажыдаар жана анын жин-перилери тигилерге каршы согушушту,

8 бирок жеңилип калышты, аларга андан ары асманда орун жок эле.

9 Ошентип, чоң ажыдаар – бүткүл ааламды азгырган, шайтан жана ибилис деп аталган байыркы жылан жерге кулатылды, аны менен кошо жин-перилери да кулатылды.

10 Анан мен асмандан мындай деп сүйлөгөн катуу үндү уктум: «Биздин Кудайыбыздын куткаруу иши иш жүзүнө ашты, Анын күчү көрүндү, Анын падышачылыгы орноду, Анын Машайагы бийликти колуна алды, анткени биздин бир туугандарыбызды Кудайдын алдында күндүр-түндүр жамандаган ушакчы жерге кулатылды.

11 Алар аны Козунун каны менен, өздөрүнүн күбөлөндүрүүсү менен жеңишти. Алар өз өмүрлөрүн аяшкан эмес, өлүмгө баш байлашкан.

12 Ошондуктан, асман жана анда жашагандар, кубангыла! Бирок жер үстүндө жана деңизде жашагандарга кайгы! Анткени шайтан өз убагынын аз калганын билип, силерге катуу каары менен түштү!»

13 Ажыдаар өзүнүн жерге кулатылганын көргөндө, эркек бала төрөгөн аялдын артынан сая түштү.

14 Ошондо чөлдөгү ордуна качып кетиши үчүн, аялга чоң бүркүттүн эки канаты берилди. Ага жыландан алыс жерде бир мезгил, мезгилдер жана жарым мезгил кам көрүлдү.

15 Аялды агызып кетиши үчүн, анын артынан жылан өзүнүн оозунан чоң суу коё берди.

16 Бирок аялга жер жардам берди. Ал өзүнүн оозун ачып, ажыдаар коё берген сууну жутуп алды.

17 Ошондо ажыдаар аялга аябай ачууланып, аялдын башка балдары менен – Кудайдын осуяттарын аткарган, Ыйса Машайактын күбөлөндүрүүсүнө ээ балдары менен согушууга жөнөдү.

13-БӨЛҮМ

Эки жырткыч

1 Мен деңиздин жээгиндеги кум үстүндө туруп, деңизден чыгып келе жаткан жырткычты көрдүм. Анын жети башы, он мүйүзү, мүйүздөрүндө болсо он таажы, ал эми баштарында Кудайды жамандаган ысымдар бар эле.

2 Мен көргөн ал жырткыч илбирске окшош экен. Анын буттары аюунукундай, оозу арстандыкындай экен. Ажыдаар ага өзүнүн күчүн, тактысын жана улуу бийлик берди.

3 Мен ал жырткычтын бир башынын оор жарадар экенин көрдүм, бирок ал оор жаракат айыгып калды. Бүт жер жүзү таң калып, жырткычтын артынан ээрчиди. Алар жырткычка бийлик берген ажыдаарга таазим кылып жатышты.

4 «Бул жырткычка ким тең келе алат? Аны менен ким салгылаша алат?» – деп, алар жырткычка табынып жатышты.

5 Ага текеберденип сүйлөгөн жана Кудайды жамандаган ооз берилди, ошондой эле ага өз бийлигин колдонууга кырк эки ай берилди.

6 Ошондо ал Кудайды, Анын ысымын, Анын жашаган жайын жана асманда жашагандарды жамандоо үчүн оозун ачты.

7 Ага ыйыктар менен согушуп, аларды жеңүүгө жол берилди. Ага бардык уруулардын, элдердин, тилдердин, улуттардын үстүнөн бийлик берилди.

8 Жер үстүндө жашагандардын бардыгы, ысымдары дүйнө жаралганда эле союлган Козунун өмүр китебине жазылбаган адамдар ага таазим кылышат.

9 Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун.

10 Ким бирөөнү туткундаса, ал өзү туткундалат. Ким кылыч менен бирөөнү өлтүрсө, ал өзү да кылычтан өлөт. Бул жерде ыйыктардын чыдамкайлыгы жана ишеними керек.

11 Анан мен жерден чыгып келе жаткан башка жырткычты көрдүм. Анын козунукундай эки мүйүзү бар экен, бирок ал ажыдаардай сүйлөйт экен.

12 Ал биринчи жырткычтын алдында анын бүт бийлиги менен иш жүргүзүп, бүт жер жүзүн жана анда жашагандардын баарын оор жаракаты айыккан биринчи жырткычка таазим кылууга мажбурлайт.

13 Ал улуу кереметтерди көрсөтөт. Атүгүл, адамдардын көз алдында асмандан жер үстүнө от да түшүрөт.

14 Ага жырткычтын алдында кереметтерди жасоого бийлик берилген. Ал ошол кереметтери менен жер үстүндө жашагандарды азгырып, аларга: «Кылычтан жаракат алып, бирок тирүү калган жырткычтын айкелин жасагыла», – деп айтат.

15 Жырткычтын айкели сүйлөшү үчүн, өз ишин жүргүзүп, өзүнүн айкелине табынбаган ар бир адамды өлтүрүшү үчүн, ага анын айкелине рух киргизүүгө бийлик берилди.

16 Ал чоңго да, кичинеге да, байга да, жакырга да, эркин адамга да, кулга да – бардыгынын оң колуна же чекесине белги салдырат.

17 Ошондо ушул белги: же жырткычтын ысымы, же анын ысымын билдирген сан коюлбаган адамга сатууга же сатып алууга болбойт.

18 Бул жерде акылмандык керек. Кимдин акылы бар болсо, ал жырткычтын санын эсептеп алсын, анткени бул – адамдын саны. Бул сан – алты жүз алтымыш алты.

14-БӨЛҮМ

Козу жана жүз кырк төрт миң адам

1 Анан мен Козунун Сион тоосунда турганын көрдүм. Анын жанында чекелерине Анын жана Атасынын ысымы жазылган жүз кырк төрт миң адам туруптур.

2 Анан мен асмандан суулардын шаркыраганындай, күндүн катуу күркүрөгөнүндөй болгон үндү уктум. Мен уккан үн гусли чертип ырдагандардын гуслисинин үнүндөй эле.

3 Алар тактынын алдында, төрт тирүү жандыктын жана аксакалдардын алдында жаңы ыр ырдап жатышкандай болду. Ал ырды жер үстүнөн сатылып алынган бул жүз кырк төрт миң адамдан башка эч ким үйрөнө алган жок.

4 Булар – аял заты менен булганбагандар, анткени алар аял затына жакындашкан эмес. Алар – Козу кайда гана барбасын, Анын артынан ээрчигендер. Алар – Кудайга жана Козуга арналган, адамдардын арасынан сатылып алынган туңгучтар.

5 Алардын оозунан эч кандай жалган сөз чыккан эмес, алар кемчиликсиз.

Түбөлүк Жакшы Кабары бар периште

6 Анан мен асмандын ортосунда учуп келе жаткан периштени көрдүм. Ал периштеде жер үстүндө жашаган бардык урууларга жана улуттарга, тилдерге жана элдерге таратыла турган түбөлүктүү Жакшы Кабар бар эле.

7 Ал катуу үн менен мындай деди: «Кудайдан корккула, Аны даңктагыла, анткени Анын соттой турган убагы келди. Асман менен жерди, деңиз менен булактарды Жаратканга табынгыла».

8 Анын артынан дагы бир периште келе жатты. Ал мындай деди: «Кулады! Улуу шаар Бабыл кулады, анткени ал өзүнүн бузуктугунун ачуу шарабы менен бардык элдерди мас кылган».

9 Бул периштенин артынан дагы бир периште келе жатты. Ал катуу үн менен мындай деди: «Ким жырткычка жана анын айкелине табынса, анын белгисин чекесине же колуна койдурса,

10 ал Кудайдын каарынын шарабын – Анын каары толтурулган чөйчөктөгү таза шарапты ичет. Ал ыйык периштелердин жана Козунун алдында отко жана күкүрткө күйүп кыйналат.

11 Алардын кыйналуусунан чыккан түтүн түбөлүккө көтөрүлүп турат. Жырткычка жана анын айкелине табынгандар, анын ысымынын белгисин койдургандар күн да, түн да тынч ала алышпайт.

12 Бул жерде Кудайдын осуяттарын аткарган жана Ыйсага болгон ишенимди сактаган ыйыктардын чыдамкайлыгы талап кылынат».

13 Анан мен асмандан сүйлөгөн үндү уктум, ал үн мага мындай деди: «Жаз: “Ушул учурдан баштап, Теңирге таандык болуп өлгөндөр бактылуу. Ооба, – дейт Рух, – алар өздөрүнүн иштеринен эс алышат, иштери алардын артынан барат”».

Түшүм жыйноо

14 Анан мен ак булутту көрдүм. Анын үстүндө Адам Уулуна окшогон бирөө отуруптур. Анын башында алтын таажы, колунда курч орок бар экен.

15 Ийбадатканадан бир периште чыгып, булуттун үстүндө отурганга катуу үн менен мындай деди: «Орогуңду шилтеп, оро башта, анткени түшүм жыйноо убагы келди, себеби жер үстүндө эгин бышты».

16 Ошондо булуттун үстүндө отурган колундагы орогун жерге шилтеди эле, жер орулуп калды.

17 Асмандагы ийбадатканадан дагы бир периште чыкты. Анын колунда да курч орок бар экен.

18 Оттун үстүнөн бийлиги бар бир периште курмандык чалынуучу жайдан чыгып, курч ороктууга катуу үн менен мындай деп кыйкырды: «Курч орогуңду ал да, жер үстүндөгү жүзүм шиңгилдерин кес, анткени жүзүм бышты».

19 Ошондо периште орогун жерге шилтеди да, жер үстүндөгү жүзүмдү кесип, Кудайдын каары толтурулган жүзүм сыгылуучу жайга ыргытты.

20 Жүзүм шаардын сыртындагы жүзүм сыгылуучу жайда тебеленди. Ошондо жүзүм сыгылуучу жайдан аккан кан аттын жүгөнүнчөлүк бийиктикке чейин көтөрүлүп, бир миң алты жүз стадий аралыкка чейин жетти.

15-БӨЛҮМ

Жети периште жана жети алаамат

1 Анан мен асмандан башка жышаанды, улуу жана таң каларлык жышаанды, көрдүм: акыркы жети алааматты алып жүргөн жети периште көрүндү. Бул алааматтар менен Кудайдын каары басылат экен.

2 Анан мен от менен аралашкан, айнектей болгон деңизди көрдүм. Жырткыч жана анын бейнеси менен, анын белгиси жана анын ысымын билдирген сан менен болгон күрөштө жеңип чыккандар ушул айнек деңиздин үстүндө Кудайдын гуслисин кармап турушуптур.

3 Алар Кудайдын кулу Мусанын жана Козунун ырын ырдап жатышты: «Бардыгын кармап туруучу Кудай-Теңир, Сенин иштериң улуу жана кереметтүү! Элдердин Падышасы, Сенин жолдоруң туура жана адилеттүү!

4 О, Теңир, Сенден коркпогон ким бар, Сенин ысымыңды даңктабаган ким бар? Анткени бир гана Сен ыйыксың. Бардык элдер Сенин алдыңа келип, баш ийип таазим кылышат, анткени Сенин адилеттүү иштериң айкын болду».

5 Андан кийин мен асмандагы ийбадаткананын – күбөлүк чатырынын ачылганын көрдүм.

6 Ийбадатканадан жети алааматты алып жүргөн жети периште чыкты. Алар зыгыр кездемеден тигилген, таза жана жаркыраган кийим кийип, көкүрөгүн алтын кур менен курчап алышыптыр.

7 Төрт тирүү жандыктын бири жети периштеге түбөлүк жашоочу Кудайдын каары толтурулган жети алтын чөйчөктү берди.

8 Ошондо ийбадаткана Кудайдын даңкы менен күчүнөн улам түтүнгө толду. Жети периштенин жети алааматы бүткөнгө чейин, ийбадатканага эч ким кире алган жок.

16-БӨЛҮМ

Кудайдын каары толтурулган жети чөйчөк

1 Анан мен ийбадатканадан чыккан катуу үндү уктум, ал үн жети периштеге: «Баргыла, Кудайдын жети чөйчөктөгү каарын жерге төккүлө», – деди.

2 Биринчи периште барып, өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн жерге төктү. Ошондо жырткычтын белгисин койдурган, анын бейнесине табынган адамдарга жугуштуу жана жийиркеничтүү ириңдүү жаралар чыкты.

3 Экинчи периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн деңизге төктү. Ошондо деңиз суусу өлгөн адамдын канындай болуп калды, деңиздеги тирүү жандыктын бардыгы өлдү.

4 Yчүнчү периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн дарыяларга жана булактарга төктү. Ошондо алар канга айланды.

5 Анан мен суулардын периштесинин мындай деп сүйлөгөнүн уктум: «Азыр бар болуп турган, башынан бери эле бар болгон Теңир, Сен адилетсиң жана ыйыксың, анткени Сен туура өкүм чыгардың.

6 Алар ыйыктардын жана пайгамбарлардын канын төгүштү. Ошон үчүн Сен аларга кан ичирдиң, алар ошого татыктуу».

7 Анан мен курмандык чалынуучу жайдан мындай деп сүйлөгөн үндү уктум: «Ооба, бардыгын кармап туруучу Кудай-Теңир, Сенин өкүмдөрүң туура жана адилет».

8 Төртүнчү периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн күнгө төктү. Ошондо күнгө адамдарды от менен күйгүзүүгө бийлик берилди.

9 Адамдар катуу ысыкка күйүп, ушул алааматтардын үстүнөн бийлиги бар Кудайдын ысымына тил тийгизип жатышты. Алар тобо кылышкан жок, Аны даңкташкан жок.

10 Бешинчи периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн жырткычтын тактысына төктү. Ошондо анын падышачылыгын караңгылык каптады. Адамдар оор азаптан кыйналып, тилдерин тиштешти,

11 өздөрүнүн тарткан азабы жана жаралары үчүн асмандагы Кудайга тил тийгизип жатышты. Алар өздөрүнүн иштери үчүн өкүнүп тобо кылышкан жок.

12 Алтынчы периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн улуу Эфрат дарыясына төктү. Ошондо күн чыгыштан келе турган падышаларга жол даяр болуш үчүн, дарыя соолуп калды.

13 Анан мен ажыдаардын, жырткычтын жана жалган пайгамбардын оозунан курбакага окшогон үч таза эмес рух чыкканын көрдүм.

14 Бул рухтар – жышаандарды көрсөткөн жиндердин рухтары. Алар бүт дүйнөнүн падышаларына барып, аларды бардыгын кармап туруучу Кудайдын улуу күнүндө боло турган согушка чогултуп келишет.

15 «Мен ууру сыяктуу күтүлбөгөн жерден келем. Сергек жүргөн жана жылаңач калып уят болбош үчүн, өзүнүн кийимдерин сактап жүргөн адам бактылуу».

16 Ал рухтар падышаларды эврейче Армагедон деп аталган жерге чогултушту.

17 Жетинчи периште өзүнүн чөйчөгүндөгүсүн абага төктү. Ошондо асмандагы ийбадатканадагы тактыдан «Аткарылды!» деген катуу үн чыкты.

18 Чагылган чартылдап, күн күркүрөп, дабыштар чыгып, катуу жер титирөө болду. Адамдар жер үстүндө жашагандан бери мындай катуу жер титирөө болуп көргөн эмес. Бул ушунчалык катуу жер титирөө эле.

19 Ошондо улуу шаар үч бөлүккө бөлүндү, бутпарастардын шаарлары кулады. Өзүнүн каары толтурулган шарап чөйчөгүн берүү үчүн, Кудай улуу Бабылды эсине алды.

20 Ошондо аралдардын баары жок болуп кетти, тоолор да жер менен жексен болду.

21 Асмандан адамдардын үстүнө салмагы бир талант болгон мөндүр жаады. Ошондо адамдар мөндүр алааматы үчүн Кудайга тил тийгизишти, анткени мөндүр алааматы аябай оор эле.

17-БӨЛҮМ

Бабылдын соттолушу

1 Жети чөйчөк кармаган жети периштенин бири келип, мага мындай деди: «Бери жакын кел, мен сага көптөгөн суулардын үстүндө отурган өтө бузулган аялдын үстүнөн болгон сотту көрсөтөм.

2 Ал аял менен жер үстүндөгү падышалар бузуктук кылышкан, ал аялдын бузуктугунун шарабына жер үстүндө жашагандар мас болушкан».

3 Анан ал мени Рух аркылуу чөлгө алып барды. Ошондо мен кыпкызыл жырткычтын үстүндө отурган аялды көрдүм. Жети башы, он мүйүзү бар ал жырткыч Кудайды жамандаган ысымдарга толо эле.

4 Аялдын кийими кочкул кызыл жана ачык кызыл кездемеден, жасалгасы алтындан, кымбат баалуу таштардан жана берметтен эле. Ал колуна жийиркеничтүү нерселерге жана өзүнүн бузуктугунун ыпылас иштерине толгон алтын чөйчөк кармап алыптыр.

5 Анын чекесинде бир ысым жазылуу эле, жашыруун сыр: «Улуу Бабыл – жер үстүндөгү бузулган аялдардын жана жийиркеничтүү нерселердин энеси».

6 Мен бул аялдын ыйыктардын жана Ыйсанын күбөлөрүнүн канына тойгонун көрдүм. Аялды көрүп, мен аябай таң калдым.

7 Ошондо периште мага мындай деди: «Эмнеге таң калып жатасың? Мен сага бул аялдын жана аны көтөрүп жүргөн жети баштуу, он мүйүздүү жырткычтын жашыруун сырын айтып берем.

8 Сен көргөн жырткыч мурун бар болчу, азыр жок. Ал түпсүз туңгуюктан чыгып, кыйроого учурайт. Жер үстүндө жашагандардын ичинен ысымдары дүйнө жаралгандан тартып эле өмүр китебине жазылбагандар мурун бар болуп, азыр жок болуп кеткен жана келе турган бул жырткычты көрүп таң калышат.

9 Бул жерде акылмандык керек. Жети баш – аял отурган жети тоо, ошондой эле жети падыша.

10 Алардын бешөө кулаган, бирөө турат, бирөө али келе элек. Ал келгенде, көпкө турбайт.

11 Мурун бар болгон, азыр жок болгон жырткыч – сегизинчиси. Ал жетөөнүн бири болуп, кыйроого учурайт.

12 Сен көргөн он мүйүз – он падыша. Алар өздөрүнүн падышачылык бийлигин алыша элек, бирок алар падыша катары падышачылык бийликти жырткыч менен бирге бир саатка алышат.

13 Алардын ой-максаты бир, алар өздөрүнүн күчүн жана бийлигин жырткычка өткөрүп беришет.

14 Алар Козу менен согушушат, бирок Козу аларды жеңет, анткени Ал – теңирлердин Теңири, падышалардын Падышасы. Анын жанындагылар – чакырылгандар, тандалгандар жана ишенимдүүлөр».

15 Анан периште мага мындай деди: «Сен көргөн, бузулган аял отурган суулар – адамдар, элдер, уруулар жана тилдер.

16 Сен көргөн он мүйүз жана жырткыч бузулган аялды жек көрүп, талап-тонойт, жылаңачтайт. Анын этин жеп, өзүн өрттөп жиберет.

17 Анткени Кудай алардын жүрөгүнө Өзүнүн каалоосун аткарууну, Өзүнүн ушул каалоосун аткарууну, Кудайдын сөзү аткарылганга чейин, алардын падышачылыгын жырткычка өткөрүп берүүнү салган.

18 Сен көргөн аял болсо – жер үстүндөгү падышалардын үстүнөн бийлик жүргүзгөн улуу шаар».

18-БӨЛҮМ

Бабылдын кулашы

1 Ошондон кийин мен асмандан түшүп келе жаткан, улуу бийлиги бар периштени көрдүм. Жер анын даңкы менен жарык болуп турду.

2 Ал катуу үн менен мындай деди: «Кулады! Улуу шаар, бузуктук кылуучу Бабыл кулады, ал жиндердин турак жайы, таза эмес рухтардын баш калкалар жайы, бардык арам жана жийиркеничтүү канаттуулардын жашай турган жайы болду. Анткени анын бузуктук кумарынын шарабынан бардык элдер ичип мас болушкан.

3 Жер үстүндөгү падышалар аны менен бузуктук кылышкан, анын байлыгы менен бүт жер жүзүндөгү көпөстөр байышкан».

4 Анан мен асмандан мындай деп сүйлөгөн башка үндү уктум: «Менин элим, анын күнөөлөрүнө ортоктошуп, анын башына түшө турган алааматтарга кабылып калбашың үчүн, андан чык!

5 Анткени анын күнөөлөрү асманга чейин жетти, Кудай анын адилетсиздиктерин эсине алды.

6 Ага силерге кылган иштерине жараша тиешесин бергиле, анын кылган иштерине жараша эки эсе тиешесин бергиле. Анын шарап даярдаган чөйчөгүнө аныкынан эки эсе көп шарап даярдап бергиле.

7 Ал өзүн канчалык даңктаса, канчалык сайран курса, ага ошончолук азап, ошончолук кайгы тарттыргыла. Анткени ал өз ичинен: “Мен тактыда отурган ханышамын, мен жесир эмесмин. Мен кайгы тартпайм!” – деп айтып жатат.

8 Ошон үчүн ага бир күндүн ичинде алааматтар – өлүм, кайгы жана ачарчылык келет. Ал өрттөлөт, анткени аны соттогон Кудай-Теңир күчтүү.

9 Аны менен бирге бузуктук кылып жыргалчылык көргөн жер үстүндөгү падышалар анын өртүнөн чыккан түтүндү көрүшкөндө, аны жоктоп, боздоп ыйлашат.

10 Анын кыйналганын көрүп үрөйлөрү учкан алар алыста туруп алып мындай дешет: “Башыңа каран түн түштү, улуу шаар, бекем шаар Бабыл! Анткени сенин үстүңөн бир сааттын ичинде өкүм чыгарылды”.

11 Бүт жер жүзүндөгү көпөстөр аны жоктоп ыйлашат, анткени алардын дүнүйө-мүлктөрүн:

12 алтын менен күмүштөн жасалган буюмдарын, асыл таштарын, берметин, зыгыр буласын, кочкул кызыл жана ачык кызыл кездемелерин, жибектерин, ар кандай жыпар жыттуу жыгачтарын, пилдин сөөгүнөн, эң кымбат жыгачтан, жезден, темирден жана мармардан жасалган ар кандай буюмдарын,

13 дарчиндерин, жыпар жыттуу заттарын, миросун, ладанын, шарабын, зайтун майын, ак унун, буудайын, малын, койлорун, аттарын жана арабаларын, кулдарын, адамдардын жандарын эми эч ким сатып албайт.

14 “Өзүң жактырган жемиштериң калбай калды, баалуу жана жаркыраган нерселериңдин баарынан ажырадың, эми сен аларды таба албайсың”.

15 Ушулардын баары менен соода кылгандар, ушул шаардын аркасы менен байыгандар анын кыйналганын көрүп, корккондорунан жакын бара албай, жоктоп ыйлап, мындай дешет:

16 “Башыңа каран түн түштү, зыгыр буласынан, кочкул кызыл жана ачык кызыл кездемеден кийим кийип, алтын менен, асыл таштар жана бермет менен жасалгаланган улуу шаар, башыңа каран түн түштү!

17 Анткени ушундай байлык бир сааттын ичинде жок болду”. Кеме башкаруучулар менен кеме жүргүнчүлөрүнүн бардыгы, кемечилер жана деңиз аркылуу соода кылган соодагерлер алыста туруп алып,

18 анын өртүнөн чыккан түтүндү карап: “Ушул улуу шаарга тең келген шаар бар беле!” – деп боздошот.

19 Алар баштарына күл чачып, боздоп ыйлап: “Башыңа каран түн түштү, улуу шаар! Деңизде кемеси барлардын бардыгы сенин байлыктарың менен байышчу эле! Бир сааттын ичинде кыйрадың”, – дешет.

20 Асман, ыйыктар, элчилер жана пайгамбарлар, буга кубангыла, анткени Кудай алардын үстүнөн сот жүргүзүп, силер үчүн өч алды».

21 Анан бир күчтүү периште тегирмендин ташындай болгон чоң ташты алып, деңизге ыргытты да: «Улуу шаар Бабыл да ушундай күч менен кулатылат, ал таптакыр жок болот.

22 Сенде мындан ары гусли черткендердин, ырчылардын, чоорчулардын жана сурнайчылардын үнү угулбайт. Мындан ары сенде эч кандай уста, эч кандай устачылык болбойт, мындан ары жаргылчактын үнү угулбайт.

23 Мындан ары сенде шам чырактын жарыгы жаркырабайт, күйөө менен колуктунун үнү угулбайт, анткени сенин көпөстөрүң бул дүйнөнүн төрөлөрү эле, сенин сыйкырчылыгың менен бардык элдер адашкан.

24 Бул шаардан пайгамбарлардын, ыйыктардын жана жер үстүндөгү бардык өлтүрүлгөн адамдардын каны табылган», – деди.

19-БӨЛҮМ

Бабыл кулагандагы асманда болгон кубаныч

1 Ошондон кийин мен асмандан көп кишинин үнүндөй болгон катуу үн уктум, ал үн мындай деди: «Кудайды даңктагыла! Куткаруу иши, даңк, урмат-сый жана күч биздин Кудай-Теңирибизге таандык.

2 Анткени Анын өкүмдөрү адилет жана акыйкат! Анткени Ал бузуктугу ашынган аялды соттоду. Ал аял жер жүзүн өзүнүн бузуктугу менен бузган. Кудай Өзүнүн кулдарынын каны үчүн андан өч алды».

3 Экинчи жолу: «Кудайды даңктагыла! Ал шаардын түтүнү түбөлүк көтөрүлүп турат», – деп айтышты.

4 Ошондо жыйырма төрт аксакал жана төрт тирүү жандык жыгылып, тактыда отурган Кудайга таазим кылып: «Оомийин! Кудайды даңктагыла!» – дешти.

Козунун Өз колуктусу менен никелешүүсү

5 Анан тактыдан мындай үн чыкты: «Кудайдын бардык кулдары, Андан корккондор, чоңдор да, кичинелер да, биздин Кудайды мактагыла!»

6 Анан мен топ элдикиндей, суулардын шаркыраганындай жана күндүн катуу күркүрөгөнүндөй болгон үндү уктум. Ал үн мындай деп жатты: «Кудайды даңктагыла! Анткени бардыгын кармап туруучу Кудай-Теңир падышачылык бийликти колуна алды.

7 Сүйүнөлү, кубаналы жана Аны даңктайлы, анткени Козунун никелешүү убагы келди, Анын колуктусу өзүн даярдады».

8 Ага таза жана жаркыраган зыгыр буласынан кийим кийүүгө укук берилди. Анткени зыгыр кийим – ыйыктардын адилдиги.

9 Анан периште мага: «Жаз: Козунун нике тоюна чакырылгандар бактылуу», – деди. Анан ал мага дагы мындай деди: «Бул сөздөр – Кудайдын чындык сөздөрү».

10 Ошондо мен ага таазим кылуу үчүн, бутуна жыгылдым. Бирок ал мага: «Мындай кылба. Мен Ыйса Машайактын күбөлөндүрүүсүнө ээ болгон сенин жана сенин бир туугандарыңдын кызматташымын. Кудайга таазим кыл. Анткени Ыйса Машайактын күбөлөндүрүүсү – пайгамбарчылыктын руху», – деди.

Ак атчан

11 Анан мен ачылган асманды жана ак аттын үстүндө Отурганды көрдүм. Анын ысымы – Ишенимдүү жана Чындык. Ал адилеттүүлүк менен сот жүргүзөт жана адилеттүүлүк менен согушат.

12 Анын көздөрү оттун жалынындай, Анын башында болсо көп таажы бар. Анын Өзүнөн башка эч ким билбеген, жазылган ысымы бар.

13 Анын кийген кийими канга боёлгон. Анын ысымы – Кудайдын Сөзү.

14 Анын аркасынан ак ат минген, ак жана таза зыгыр буласынан кийим кийген асман кошуундары ээрчиди.

15 Анын оозунан элдерди кыра турган курч кылыч чыгып туруптур. Ал элдерди темир таяк менен кайтарат. Ал бардыгын кармап туруучу Кудайдын каарынын жана ачуусунун шарабы толтурулган жүзүм сыгылуучу жайды тебелеп жатат.

16 Анын кийиминде жана санында Өзүнүн ысымы жазылган: «Падышалардын Падышасы жана теңирлердин Теңири».

17 Анан мен күндүн үстүндө турган бир периштени көрдүм. Ал бийик асманда учуп жүргөн бардык канаттууларга мындай деп кыйкырды: «Кудайдын улуу Кечки Тамагына чогулуп келгиле.

18 Падышалардын, миң башылардын жана күчтүүлөрдүн этин, аттардын жана аларды мингендердин этин, эркин адамдардын жана кулдардын, чоңдордун жана кичинелердин этин жеш үчүн чогулгула».

19 Анан мен жырткычты, жер үстүндөгү падышаларды жана алардын чогулган аскерлерин көрдүм. Алар ат үстүндө Отурган менен, Анын аскерлери менен согушууга чогулушкан эле.

20 Ошондо жырткыч жана аны менен бирге жалган пайгамбар колго түшүрүлдү. Ал жалган пайгамбар жырткычтын алдында көрсөткөн кереметтери менен жырткычтын белгисин кабыл алгандарды жана анын бейнесине табынгандарды азгырчу. Ал экөө тең күйүп жаткан күкүрттүү көлгө тирүүлөй ыргытылды.

21 Ал эми калгандары ат үстүндө Отургандын оозунан чыккан кылыч менен өлтүрүлүштү. Бардык канаттуулар алардын өлүгүн жеп тоюшту.

20-БӨЛҮМ

Миң жылдык падышачылык

1 Анан мен асмандан түшүп келе жаткан периштени көрдүм. Анын колунда түпсүз туңгуюктун ачкычы жана чоң чынжыр бар эле.

2 Ал шайтан жана ибилис болуп эсептелген байыркы жыланды – ажыдаарды кармап алып, миң жылга чынжырлап койду.

3 Миң жыл өткөнгө чейин элдерди азгырбасын деп, ал аны түпсүз туңгуюкка кулатып түшүрүп, камап салды, анан үстүнөн мөөр басып койду. Ал ошондон кийин гана бир аз убакытка бошотулууга тийиш эле.

4 Анан мен тактыларды жана аларда отургандарды көрдүм. Аларга сот жүргүзүүгө укук берилди. Ошондой эле мен Ыйсаны күбөлөндүрүшкөнү үчүн жана Кудайдын сөзү үчүн башы алынгандардын жандарын – жырткычка жана анын бейнесине табынбаган, өздөрүнүн чекесине да, колуна да белги койдурбагандарды көрдүм. Алар тирилип, Машайак менен бирге миң жыл падышачылык кылышты.

5 Калган өлгөндөр миң жыл өткөнгө чейин тирилишкен жок. Бул – биринчи тирилүү.

6 Биринчи тирилүүгө катышкан адамдар – бактылуу жана ыйык адамдар: экинчи өлүм алардын үстүнөн бийлик кыла албайт, алар Кудайдын жана Машайактын ыйык кызмат кылуучулары болушат жана Аны менен бирге миң жыл падышачылык кылышат.

Шайтандын жазаланышы

7 Миң жыл өткөндөн кийин шайтан камалган жеринен бошотулуп, жердин төрт тарабында жашаган элдерди, Гок менен Магокту азгыруу үчүн чыгат, аларды согушка чогултат. Алардын саны деңиз кумундай көп.

8 Алар дүйнөнүн төрт тарабына чыгып, ыйыктардын кошуунун жана Кудайдын сүйүктүү шаарын курчап алышты.

9 Ошондо асмандан, Кудайдан от түшүп, аларды өрттөп жиберди.

10 Ал эми аларды азгырган шайтан күйүп жаткан күкүрттүү көлгө ыргытылды. Ал жерде жырткыч жана жалган пайгамбар бар. Алар күнү-түнү, түбөлүк кыйналышат.

Акыркы сот

11 Анан мен чоң ак тактыны жана анда Отурганды көрдүм. Анын жүзүнөн асман менен жер качты: аларга орун табылбай калды.

12 Ошондо мен тактынын алдында турган өлгөндөрдү – чоңдорду да, кичинелерди да көрдүм. Китептер ачылды. Дагы бир китеп ачылды, ал өмүр китеби эле. Өлгөн адамдар китептерде жазылган өздөрүнүн иштерине жараша соттолушту.

13 Ошондо деңиз өзүндөгү өлгөн адамдарды кайрып берди, өлүм жана өлгөндөр жаткан жай да өздөрүндөгү өлгөн адамдарды кайрып беришти. Ар бир адам өз иштерине жараша соттолду.

14 Анан өлүм жана өлгөндөр жаткан жай күйүп турган көлгө ыргытылды. Күйүп турган көл – экинчи өлүм.

15 Ал эми ким өмүр китебине жазылбаган болсо, ал күйүп турган көлгө ыргытылды.

21-БӨЛҮМ

Жаңы асман жана жаңы жер

1 Анан мен жаңы асманды жана жаңы жерди көрдүм. Анткени мурунку асман менен мурунку жер жок болгон эле, деңиз да жок болгон.

2 Мен, Жакан, ыйык шаарды – жаңы Иерусалимди көрдүм. Ал күйөөсү үчүн жасанган колуктудай даярдалып, асмандан, Кудайдан түштү.

3 Анан мен асмандан мындай деген катуу үндү уктум: «Мына, Кудайдын жыйын чатыры адамдар менен бирге. Кудай алар менен жашайт, алар Анын эли болушат. Кудай Өзү алар менен болуп, алардын Кудайы болот.

4 Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт. Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт, анткени мурункунун баары өтүп кеткен».

5 Анан тактыда Отурган мындай деди: «Мына, Мен бардыгын жаңы жаратып жатам». Анан мага мындай деди: «Жаз, анткени бул сөздөр туура жана чындык».

6 Анан мага мындай деди: «Аткарылды! Мен Альфамын жана Омегамын, башымын жана аягымын. Суусаганга тирүү суунун башатынан сууну бекер берем.

7 Жеңип чыккан адам бардыгын мураска алат, Мен анын Кудайы болом, ал Менин уулум болот.

8 Коркоктор жана ишенбегендер, кара ниеттер жана киши өлтүргүчтөр, бузулгандар жана сыйкырчылар, бутка табынуучулар жана бардык жалганчылар күйүп жаткан күкүрттүү көлгө ыргытылышат: бул – экинчи өлүм».

9 Акыркы жети алаамат толтурулган жети чөйчөк кармаган жети периштенин бири мага келип: «Жүр, мен сага колуктуну – Козунун үйлөнө турган аялын көрсөтөм», – деди.

10 Анан ал мени Рух аркылуу чоң жана бийик тоого алып чыгып, асмандан, Кудайдан түшкөн улуу, ыйык Иерусалим шаарын көрсөттү.

11 Ал Кудайдын даңкына толуп турган эле. Анын шам чырагы асыл ташка, кристалл сыяктуу тунук яспис ташына окшош экен.

12 Анын чоң жана бийик дубалы, он эки дарбазасы бар эле. Дарбазалардын үстүндө он эки периште, дарбазалардын бетинде Ысрайыл уулдарынын он эки уруусунун аттары жазылыптыр:

13 чыгыш тарапта үч дарбаза, түндүк тарапта үч дарбаза, түштүк тарапта үч дарбаза, батыш тарапта үч дарбаза бар экен.

14 Шаардын дубалынын пайдубалы он эки таштан турат экен, алардын бетине Козунун он эки элчисинин ысымы жазылыптыр.

15 Мени менен сүйлөшкөндүн колунда шаарды, анын дарбазаларын жана дубалын ченей турган алтын таягы бар экен.

16 Шаар төрт бурчтук түрүндө эле, анын узундугу менен туурасы бирдей экен. Ал шаарды таяк менен ченегенде, он эки миң стадий болду: узундугу, туурасы жана бийиктиги бирдей.

17 Ал анын дубалын да ченеди: периште адамдар колдонгон чен менен ченегенде, бир жүз кырк төрт чыканак болду.

18 Анын дубалы яспис ташынан тургузулуптур, шаар болсо тунук айнекке окшош таза алтындан эле.

19 Шаардын дубалынын пайдубалы ар кандай асыл таштардан экен: биринчи негизги таш – яспис, экинчиси – сапфир, үчүнчүсү – халкидон, төртүнчүсү – зымырыт,

20 бешинчиси – сардоникс, алтынчысы – кызыл агат, жетинчиси – хризолит, сегизинчиси – берилл, тогузунчусу – топаз, онунчусу – сары зымырыт, он биринчиси – гиацинт, он экинчиси – аметист.

21 Он эки дарбазасы – он эки бермет. Ар бир дарбазасы өзүнчө берметтен жасалган эле. Шаардын көчөсү – тунук айнек сыяктуу таза алтын.

22 Мен ал шаардан ийбадаткананы көргөн жокмун, анткени бардыгын кармап туруучу Кудай-Теңир жана Козу анын ийбадатканасы экен.

23 Шаар күндүн да, айдын да жарык кылып туруусуна муктаж эмес экен, анткени аны Кудайдын даңкы жарык кылып турду, анын шам чырагы – Козу Өзү.

24 Куткарылган элдер анын жарыгы астында басып жүрүшөт, жер үстүндөгү падышалар өздөрүнүн атак-даңкын шаарга алып келишет.

25 Анын дарбазалары күндүз бекитилбейт, анткени ал шаарда түн болбойт.

26 Ал шаарга элдердин атак-даңкын жана урмат-сыйын алып келишет.

27 Ал шаарга эч бир таза эмес нерсе кирбейт, жийиркеничтүү жана жалган иштерди жасаган эч бир адам кирбейт, ысымы Козунун өмүр китебине жазылгандар гана киришет.

22-БӨЛҮМ

1 Анан ал мага Кудайдын жана Козунун тактысынан агып чыгып жаткан өмүр суусунун кристаллдай тунук дарыясын көрсөттү.

2 Анын көчөсүнүн ортосунда, дарыянын аркы тарабында да, берки тарабында да өмүр дарагы өсүп туруптур. Ал ай сайын, бир жылда он эки жолу жемиш берет экен. Анын жалбырактары элдерди айыктырууга арналыптыр.

3 Ал шаарда каргышка калган эч нерсе болбойт. Ал жерде Кудайдын жана Козунун тактысы болот, Ага Өзүнүн кулдары кызмат кылышат.

4 Алар Анын жүзүн көрүп турушат, алардын чекесинде Анын ысымы жазылуу болот.

5 Ал жерде түн болбойт, алар шам чырактын жарыгына же күндүн жарыгына муктаж болушпайт, анткени Кудай-Теңир Өзү алардын үстүнөн жаркырап турат. Алар түбөлүккө падышачылык кылышат.

Машайактын келиши

6 Анан ал мага мындай деди: «Бул сөздөр туура жана чындык, ыйык пайгамбарлардын Кудай-Теңири жакында эмне боло тургандыгын Өзүнүн кулдарына көрсөтүү үчүн, Өзүнүн периштесин жиберди».

7 Ыйса мындай дейт: «Мына, Мен жакында келем. Бул китептеги пайгамбарчылыктарды карманган адам бактылуу».

8 Мен, Жакан, ушуну көрдүм жана уктум. Мен муну уккандан кийин жана көргөндөн кийин, мага ушуну көрсөткөн периштеге таазим кылуу үчүн, бутуна жыгылдым.

9 Бирок ал мага мындай деди: «Мындай кылба, анткени мен сенин, сенин бир туугандарың болгон пайгамбарлардын жана ушул китептеги сөздөрдү сактагандардын кызматташымын. Кудайга таазим кыл».

10 Анан ал мага мындай деди: «Бул китептеги пайгамбарчылыктарга мөөр басып бекитпе, анткени убакыт жакындап калды.

11 Адилетсиз иштерди жасаган адам адилетсиз иштерин жасай берсин, ыпылас адам ыпылас иштерин жасай берсин. Ал эми адил адам адил иштерин жасай берсин, ыйык адам ыйыктала берсин».

12 Ыйса мындай дейт: «Мына, Мен жакында келем. Ар бир адамга иштерине жараша бере турган сыйлыгымды ала келем.

13 Мен Альфамын жана Омегамын, биринчимин жана акыркымын, башымын жана аягымын.

14 Өмүр дарагынын жемишинен жегенге жана шаарга дарбаза аркылуу кирүүгө укук алуу үчүн кийимдерин жуугандар бактылуу.

15 Шаардын сыртында болсо – иттер жана сыйкырчылар, бузулгандар жана киши өлтүргүчтөр, бутка табынуучулар, жалганды сүйүүчүлөр жана адилетсиз иштерди кылуучулар.

16 Мен, Ыйса, ушуну силерге Жыйындарда күбөлөндүрүшү үчүн, Өзүмдүн периштемди жибердим. Мен Дөөттүн тукумунан чыккан таңкы жарык жылдызмын».

17 Рух менен колукту: «Кел!» – дешет. Муну уккан да: «Кел!» – десин. Суусаган келсин, каалоочу өмүр суусун бекер эле алсын.

18 Мен, Жакан, бул китептеги пайгамбарчылыктарды уккан ар бир адамга эскертемин: ким аларга бир нерсе кошо турган болсо, Кудай ага бул китепте жазылган алааматтарды кошуп берет.

19 Ким бул пайгамбарчылыктар жазылган китептеги сөздөрдөн бир нерсе алып салса, Кудай андан өмүр дарагындагы жана ыйык шаардагы үлүшүн, ошондой эле бул китепте жазылган үлүшүн алып коёт.

20 Муну күбөлөндүрүүчү мындай дейт: «Ооба, Мен жакында келем!» Оомийин. Ооба, кел, Теңир Ыйса!

21 Биздин Теңирибиз Ыйса Машайак бардыгыңарга ырайымын төгө берсин!

Оомийин.