Жакыптын каты

Wikibooks дан

1-БӨЛҮМ
1 Кудайдын жана Теңир Ыйса Машайактын кулу Жакыптан Ысрайыл элинин тарап кеткен он эки уруусуна салам!
Ишенимдин сыналышы
2 Бир туугандарым, башыңарга келген ар кандай сыноолорду зор кубаныч менен кабыл алгыла.
3 Анткени сыналган ишенимиңер чыдамкайлыкты жаратарын билесиңер.
4 Бардык жагынан жеткилең, эч кемчиликсиз болушуңар үчүн, чыдамкайлык жеткилең аракетке ээ болушу керек.
5 Кимиңерге акылмандык жетишпей жатса, баарына берешендик менен, жемелебестен берген Кудайдан сурасын, ага берилет.
6 Бирок эч шектенбестен, ишеним менен сурасын. Анткени шектенген адам шамал айдаган деңиз толкунуна окшош.
7 Мындай адам Теңирден бир нерсе алам деп ойлобой эле койсун.
8 Эки ойлуу адам өзүнүн бардык жолдорунда туруксуз.
9 Басынтылган бир тууган өзүнүн бийиктиги менен сыймыктансын.
10 Ал эми бай бир тууган өзүнүн басынтылгандыгы менен сыймыктансын, анткени ал чөптүн гүлүнө окшоп тез эле соолуп калат.
11 Күн чыгып, аптап болуп турганда, чөп куурап, гүлү күбүлүп түшүп, кооздугу кетет. Ошол сыяктуу эле бай адам да өзүнүн жолдорунда куурайт.
12 Сыноолорду башынан өткөрүп жаткан адам бактылуу. Анткени сыноодон өткөндөн кийин, ал адам Теңир Өзүн сүйгөндөргө убада кылган өмүр таажысын алат.
Азгырыктар жөнүндө
13 Азгырылып жатканда, эч ким: «Кудай мени азгырып жатат», – деп айтпасын. Анткени Кудай жамандыкка азгырылбайт жана эч кимди азгырбайт.
14 Тескерисинче, ар ким өзүнүн кумарына берилип, алданып азгырылат.
15 Кумар түйүлүп, күнөө туулат. Ал эми кылынган күнөө өлүмгө дуушар кылат.
16 Сүйүктүү бир туугандарым, алданбагыла!
17 Ар кандай жакшы нерсе, ар кандай жеткилең белек жогорудан, жарыктын Атасынан келет. Анда эч кандай өзгөрүлүү жок, өзгөрүлүүнүн көлөкөсү да жок.
18 Жараткандарынын ичинен биринчилери болуубуз үчүн, Ал бизди Өз каалоосу боюнча чындык сөзү аркылуу жаратты.
Кудай сөзүн угуу жана аткаруу
19 Сүйүктүү бир туугандарым, ар бир адам укканга даяр болсун, ойлонуп сүйлөсүн, ачууга алдырбасын.
20 Анткени ачууланган адам Кудайга жаккан ишти жасабайт.
21 Ошондуктан ар кандай ыпыластыкты жана калган жаман адаттарыңарды таштап, жүрөгүңөргө себилип жаткан, жаныңарды куткара ала турган сөздү момундук менен кабыл алгыла.
22 Сөздү угуучулар гана болуп, өзүңөрдү алдабастан, сөздү аткаруучулар болгула.
23-24 Сөздү угуп, бирок аткарбаган адамды күзгүгө каранып, ары басары менен өзүнүн кандай экенин унутуп койгон адамга окшоштурса болот.
25 Жеткилең мыйзамга, эркиндиктин мыйзамына, дитин коюп, ошол мыйзам боюнча жашаган адам унутчаак угуучу эмес, аткаруучу болуп, өз иш-аракетинен бакыт табат.
26 Ким өзүн такыбаа эсептесе, бирок тилин тартпаса, анда ал өзүн өзү алдап жатат, анын такыбаалыгы – курулай такыбаалык.
27 Кудай Атанын алдындагы таза жана кемчиликсиз такыбаалык – бул жетим-жесирлерге кам көрүү жана өзүн бул дүйнөдө таза сактоо.

2-БӨЛҮМ
Эки жүздүүлүк кылуудан сактануу
1 Бир туугандарым, даңктуу Теңирибиз Ыйса Машайакка ишенгендер катары бет карамалык кылуудан сак болгула.
2 Чогулушуңарга алтын шакек тагынган, кымбат баалуу кийим кийген адам жана жупуну кийинген жарды адам келсе,
3 силер кымбат баалуу кийим кийген адамды карап: «Сен бул жерге отурсаң болот», – деп, ал эми жарды адамга: «Сен тигил жерге тур же менин ылдый жагыма отур», – десеңер,
4 анда адамдарды алакчылаган адилетсиз сот болуп жаткан жоксуңарбы?
5 Кулак салгылачы, сүйүктүү бир туугандарым! Ишенимге бай болушсун, Өзүн сүйгөндөргө убада кылган Падышачылыктын мурасчылары болушсун деп, Кудай бул дүйнөнүн жардыларын тандап алган жок беле?
6 Силер болсо жардыны кемсинтип жатасыңар. Силерди кысымга алып, сотторго сүйрөп барып жаткандар байлар эмеспи?!
7 Силер алып жүргөн жакшы атты жаманатты кылып жаткандар ошолор эмеспи?!
8 Эгерде силер Падышанын Ыйык Жазуудагы «Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй» деген мыйзамын аткарып жатсаңар, анда жакшы кылып жатасыңар.
9 Эгерде бет карамалык кылып жатсаңар, анда күнөө кылып жатасыңар жана мыйзам алдында кылмышкерсиңер.
10 Ким мыйзамдын баарын аткарып жүрүп, алардын бирин эле бузса, бүт мыйзамды бузган болот.
11 Анткени «Ойноштук кылба» деген Кудай «Киши өлтүрбө» деп да айткан. Эгерде сен ойноштук кылбасаң, бирок киши өлтүрсөң, баары бир мыйзамды бузуучу болосуң.
12 Силер эркиндик мыйзамы боюнча соттолуучуларсыңар, ошондуктан сүйлөгөн сөзүңөр менен кылган ишиңер ошого ылайык болсун.
13 Анткени ырайым кылбаган адам ырайымсыздык менен соттолот. Ырайым соттон жогору.

Ишсиз ишеним чыныгы ишеним эмес
14 Бир туугандарым, ким ишенем десе, бирок ишенимине ылайык иштерди кылбаса, андан эмне пайда? Ошондой ишеним аны куткара алабы?
15 Эгерде бир туугандарыңардын киер кийими, ичер тамагы жок болсо,
16 араңардан бирөө аларга: «Тынчтык менен баргыла. Жылуу кийингиле, курсагыңарды тойгузгула», – десе, бирок алардын денесине керектүүнү бербесе, андан эмне пайда?
17 Ошол сыяктуу эле ишсиз ишеним – өлүк ишеним.
18 Бирок кимдир бирөө минтип айтышы мүмкүн: «Сенин ишенимиң бар, ал эми менин иштерим бар. Мага ишсиз ишенимиңди көрсөт, мен болсо сага иштерим аркылуу ишенимимди көрсөтөйүн».
19 Сен Кудайдын бирөө экендигине ишенесиң, мунуң жакшы. Бирок жиндер да ишенип, титиреп турушат.
20 Акылсыз адам, ишсиз ишеним өлүк экенин билгиң келеби?

Ишеним иштер аркылуу жеткилеңдикке жетет
21 Өз уулу Ыскакты курмандыкка чалмакчы болгон атабыз Ыбрайым иши менен акталган жок беле?
22 Көрдүңбү, анын ишеними иштери менен коштолгон. Ишеним иштер аркылуу жеткилеңдикке жетти.
23 Ошентип, Ыйык Жазуудагы «Ыбрайым Теңирге ишенди. Ишеними ага адилдик катары эсептелди» деген сөз аткарылып, Ыбрайым Кудайдын досу аталды.
24 Көрдүңөрбү, адам ишеними менен гана эмес, иштери менен да акталат.
25 Чалгынчыларды үйүнө кабыл алып, андан кийин башка жол менен узатып жиберген бузулган аял Рахап да иши менен акталган жок беле?
26 Демек, рухсуз дене өлүк болгон сыяктуу эле, ишсиз ишеним да өлүк.

3-БӨЛҮМ
Тил менен күнөө кетирүүдөн сак болуу
1 Бир туугандарым, бизге, окутуучуларга, сурак катуураак болорун билесиңер, ошондуктан баарыңар эле окутуучу боло бербегиле.
2 Анткени баарыбыз көп жаңылабыз. Оозунан жаңылбаган адам – бүт денесин ооздуктай алган жеткилең адам.
3 Баш ийдириш үчүн, биз атты ооздуктап, анын бүт денесин башкарабыз.
4 Кеме канчалык чоң болсо да, канчалык катуу шамалдар менен жүрсө да, кемечи аны кичинекей эле бургуч менен каалаган жагына бурат.
5 Ошол сыяктуу тил да дененин кичинекей эле мүчөсү, бирок көп нерсе кылат. Оттун кичинекей эле учкуну чоң токойду өрттөп жок кылат.
6 Тил да – от, адилетсиз дүйнө. Денебиздин кичинекей эле жеринен орун алса да, ал бүт денебизди булгайт. Оттуу көлдүн оту менен тутангандыктан, бүт жашообузду өрттөп жок кылат.
7 Бардык жырткычтар, канаттуулар, сойлоочулар, деңиз жаныбарлары адам баласы тарабынан багындырылган жана багындырылып жатат.
8 Ал эми тилди эч бир адам багындыра албайт. Тил – ээ-жаа бербеген жамандык. Ал өлтүрүүчү ууга толгон.
9 Тилибиз менен Кудайды, Атаны, даңктайбыз, тилибиз менен Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган адамдарды каргайбыз.
10 Бир эле ооздон даңктоо да, каргоо да чыгат. Бир туугандарым, мындай болбошу керек.
11 Бир эле булактан таза суу да, шор суу да чыгышы мүмкүнбү?
12 Бир туугандарым, анжыр дарагы зайтун, жүзүм багы анжыр бере албайт. Ошол сыяктуу эле шор булактан таза суу чыкпайт!

Чыныгы акылмандык
13 Араңарда ким акылдуу жана эстүү? Ал өзүнүн ошондой экендигин жакшы жүрүм-туруму менен, акылдуу момундугу менен көрсөтсүн.
14 Эгерде жүрөгүңөрдө ачуу ичи тарлык жана өзүмчүлдүк бар болсо, анда мактанбагыла жана чындыкты бурмалабагыла.
15 Бул асмандан келген акылмандык эмес, жердеги, табигый, шайтандан келген акылмандык.
16 Анткени кайсы жерде ичи тарлык жана менменсинген өзүмчүлдүк бар болсо, ал жерде тартипсиздик жана ар кандай жаман нерселер бар.
17 Ал эми асмандан келген акылмандык баарынан мурун таза, андан кийин тынчтыкты сүйүүчү, момун, тил алчаак, боорукер, жакшы жемиштүү, калыс, эки жүздүү эмес.
18 Ал эми адилеттиктин уругу тынчтыкты сактагандарга тынчтык менен себилет.

4-БӨЛҮМ
Дүйнө менен болгон достук – Кудайга каршы кастык
1 Ортоңордогу чыр-чатак, талаш-тартыш кайдан чыгат? Дене мүчөлөрүңөрдө согушуп жаткан кумарларыңардан эмеспи?
2 Каалап жатасыңар, бирок ала албай жатасыңар; киши өлтүрүп, көрө албастык кылып жатасыңар, бирок эч нерсеге жете албай жатасыңар; талашып-тартышып, чатакташып жатасыңар, бирок ала албай жатасыңар, анткени сураган жоксуңар.
3 Сурасаңар да, ала албай жатасыңар, анткени жакшы нерсе үчүн эмес, өзүңөрдүн кумарларыңарды канааттандыруу үчүн сурап жатасыңар.
4 Бузуктук кылуучулар, бул дүйнө менен болгон достук Кудайга каршы кастык экенин билбейсиңерби? Бул дүйнө менен дос болууну каалаган адам Кудайдын душманы болуп калат.
5 Же силер Ыйык Жазуудагы «Кудай ичибизге салган Рух кызганчаактык менен сүйөт» деген сөз жөн эле айтылган деп ойлойсуңарбы?
6 Бирок Ал көп ырайым кылат, Ыйык Жазууда: «Кудай текеберлерге каршы турат, ал эми момундарга ырайым кылат», – деп айтылган.
7 Ошондуктан Кудайга моюн сунгула. Шайтанга каршы тургула, ошондо ал силерден качат.
8 Кудайга жакындагыла, ошондо Ал силерге жакындайт. Күнөөкөрлөр, колуңарды тазалагыла. Эки ойлуулар, жүрөгүңөрдү тазалагыла!
9 Кайгыргыла, ыйлагыла, боздогула. Күлгөндүн ордуна ыйлагыла, кубангандын ордуна кайгыргыла.
10 Теңирдин алдында моюн сунгула, ошондо Ал силерди көтөрөт.
11 Бир туугандарым, бири-бириңерди жамандабагыла. Ким бир тууганын жамандаса же соттосо, ал мыйзамды жамандап, мыйзамды соттогон болот. Эгерде сен мыйзамды соттоп жатсаң, анда мыйзамды аткаруучу эмес эле, соттоочусуң.
12 Мыйзам чыгаруучу да, Соттоочу да бирөө. Ал куткара да, жок кыла да алат. Жакыныңды соттогудай сен кимсиң?
13 «Бүгүн же эртең баланча шаарга барып, ал жерде бир жыл жашап, соода кылып пайда табабыз», – дегендер, кулак салгыла,
14 силер, эртең эмне болорун билбегендер, силердин өмүрүңөр эмне? Пайда болуп, кайра тез эле жок болуп кеткен буу.
15 Анын ордуна «Кудай буюрса, аман болсок, тигини же муну кылабыз» дешиңер керек эле.
16 Бирок силер текебер болгондуктан, курулай мактанып жатасыңар. Мындай курулай мактанчаактыктын баары – жаман нерсе.
17 Демек, ким жакшылык кылуу керек экендигин билип туруп, жакшылык кылбаса, ал күнөө кылган болот.

5-БӨЛҮМ
Байларга эскертүү
1 Байлар, кулак салгыла, башыңарга келе турган оор күндөр үчүн боздоп ыйлагыла.
2 Байлыгыңар чириди, кийимиңерди күбө жеди.
3 Алтын-күмүшүңөр карарды. Алардын карарганы силерге каршы күбө болуп, денеңерди оттой жалмайт. Силер байлыкты акыркы күндөргө жыйнадыңар.
4 Эгиниңерди жыйнаган жумушчуларга төлөнбөгөн эмгек акы өзүңөргө каршы айгак болуп, боздоп жатат, орокчулардын боздогон үнү Себайот Теңирге жетти.
5 Силер жер үстүндө доорон сүрүп, ыракат алып жашадыңар. Өзүңөрдү бордоп, союлчу күнүңөргө даярдадыңар.
6 Силер адил адамды айыптап, аны өлтүрдүңөр. Ал силерге каршылык көрсөткөн жок.
Теңирдин келер убагы жакындады
7 Ошентип, бир туугандар, Теңирдин келишин чыдамдуулук менен күткүлө. Дыйканды карагылачы, ал жерден жакшы түшүм алыш үчүн, эрте жаздагы жана кеч күздөгү жамгырды чыдамдуулук менен күтөт.
8 Силер да чыдамдуулук менен күткүлө, бекем болгула, анткени Теңирдин келер убагы жакындап калды.
9 Бир туугандар, соттолбош үчүн, бири-бириңердин үстүңөрдөн арызданбагыла. Соттоочу босогодо турат.
10 Бир туугандар, Теңирдин атынан сүйлөгөн пайгамбарлардан үлгү алгыла, алар кыйынчылыктарга чыдамдуу болушкан.
11 Чыдамдуулук көрсөткөндөрдү бактылуу дейбиз. Аюб пайгамбардын чыдамдуулугу жөнүндө уккансыңар, акырында Теңирдин ага эмне кылганын да билесиңер. Анткени Теңир аябай ырайымдуу жана боорукер.
Ант бербөө жөнүндө
12 Бир туугандарым, баарынан мурун айтарым: асманды да, жерди да, башка нерселерди да оозанып ант бербегиле. Соттолбошуңар үчүн, «ооба» деп айтуу керек болсо, «ооба» дегиле; «жок» деп айтуу керек болсо, «жок» дегиле.
Адил адамдын сыйынуусу
13 Ким кыйналып жатса, ал сыйынсын. Ким кубанып жатса, ал Кудайды даңктап ырдасын.
14 Ким ооруп жатса, ал Жыйын башчыларын чакыртсын. Алар аны Теңирдин атынан зайтун майы менен майлап, ал үчүн сыйынышсын.
15 Ишеним менен сыйынганда, оорулуу айыгат, Теңир аны бутуна тургузат. Эгерде оорулуу күнөө кылган болсо, күнөөлөрү кечирилет.
16 Ошондуктан айыгышыңар үчүн, бири-бириңерге күнөөлөрүңөрдү ачык айтып, бири-бириңер үчүн сыйынгыла. Адил адамдын күчтүү сыйынуусу көп нерсени аткара алат.
17 Илияс пайгамбар бизге окшогон эле адам болгон. Ал жамгыр жаабасын деп сыйынганда, үч жыл, алты ай бою жамгыр жааган эмес.
18 Ал кайра сыйынганда, жамгыр жаап, жер түшүм берген.
Адашкан бир туугандарды сүйүү
19 Бир туугандарым, ким чындык жолунан четтеген адамды кайра туура жолго салса, ал билип койсун:
20 күнөөкөрдү туура жолго салуу менен ал анын жанын өлүмдөн алып калат жана көп күнөөлөрүн жаап коёт.