Жеңижок ырлар жыйнагы

Wikibooks дан

Жеңижок ырлар жыйнагы

Жеңижокту жоктоо[түзөтүү]

Ак тулпар элең желеде,

Ак шумкар элең чегеде,

Ак тулпар кетти желеден,

Ак шумкар учту чегеден

Эми, туулбайт сендей пендеден!

Көк тулпар элең желеде,

Көк шумкар элең чегеде,

Көк тулпар кетти желеден,

Көк шумкар учту чегеден

Эми, жаралбайт сендей энеден!

Бедеси белден кара жер,

Медерим эле кайран эр,

Тулады белден кара жер,

Туйгунум эле кайран эр!

Асылым Өтө өткөн соң

Ай тийген тоолор кылайып,

Армандуу турам муңайып.

Күн тийген тоолор кылайып,

Күлүстөн Өтө кеткен соң

Күйүттүү турам муңайып.

Күмүштөн сомум бар эле,

Күйгөнүмчө бар эле,

Алтындан сомум зар* эле,

Айтканымча бар эле!

Тобурчак аттын дулдулу,

Топ жыйындын булбулу,

Аргымак аттын дулдулу,

Ак калпак элдин булбулу!

Долононун учунан

Толгонуп чыккан уюлу,

Түптүү кыргыз журтунан

Таңшып чыккан булбулу.

Карагайдын учунан

Кайрылып чыккан уюлу,

Калың кыргыз калкынан

Какшап чыккан булбулу.

Телегейи тегизим,

Теңтушумдай эгизим,

Атка минсе тизгиндеш,

Аттан түшсө тизелеш,

Кеп сүйлөсө сабакташ,

Табак тартса табакташ.

Акындар менен бир жүргөн,

Акындар туруп не деген?

Ак таңдай акын сиз деген!

Чечендер менен бир жүргөн,

Чечендер туруп не деген?

Белгилүү чечен сиз деген!


Карчыга кушту качырдым,

Кара бир белди ашырдым,

Кадырман Өтө досумду

Кара бир жерге жашырдым.

Турумтай кушту качырдым,

Туура бир белди ашырдым,

Туйгунум Өтө досумду

Топуракка жашырдым.

Орошон акын Өтө эле,

Оң менен Солго тең эле,

Арыстан акын Өтө эле,

Агылган ырдын кени эле!

Айтканымча бар эле

Алтын, дилде, зар эле.

Күйгөнүмчө бар эле

Күмүш, дилде, зар эле!

Алтыным күйсө күйсөчү,

Асылым Өтө жүрсөчү.

Күмүшүм күйсө күйсүнчү,

Күкүгүм Өтө жүрсүнчү!..

Аргымакка жем берген,

Ар акынга дем берген,

Тобурчакка жем берген,

Топ акынга дем берген.

Кашкардын тоосун күн чалды,

Кайберен чыгып үн салды,

Кайрылгыс кетип Жеңижок,

Кайманалуу күн калды.

Букардын тоосун күн чалды,

Буудайык чыгып үн салды,

Бурулгус кетип Жеңижок,

Муңга толгон күн калды!

Толгонуш тоону айланып

Тоо жаркырап күн чыгат.

Туйгунум, Өтө, жан досум

Топ элден сендей ким чыгат?

Айланыш тоону айланып

Ай батканда күн чыгат.

Асылым, Өтө, жан досум

Эми, аймактан сендей ким чыгат?!

Калкка барса кадырлуу,

Капшытка төшөк салынуу.

Элге келсе кадырлуу,

Энчилеп төшөк салынуу.

Караны минсе дабыштуу,

Калкка кеби жагыштуу.

Эликсур минсе дабыштуу,

Элине кеби жагыштуу.

Саралалуу сан жылкы

Сайга айдаса, келиш жок.

Сардалым Өтө өтүптүр,

Сан какшасам, келиш жок.

Көк алалуу көп жылкы

Көлгө айдаса, келиш жок.

Көкжалым Өтө өлүптүр

Көп какшасам, келиш жок.

Аргымак минип бел ашкан,

Ар акынга сын айткан,

Тобурчак минип бел ашкан,

Топ акынга сын айткан!

Карайган тоонун боорунан

Карчыга учат бой салып,

Жашырылган жерине

Бара албаймын жол салып,

Кара жердин алдынан,

Жан досум, ала албаймын кол салып!.

Керегелүү кең үйдү

Кең чалдыбар дедиңби?

Керегесиз кара жер

Кең сарай үйүм дедиңби?

Босоголуу боз үйдү

Боз чалдыбар дедиңби?

Босогосуз кара жер

Боз сарай үйүм дедиңби?


Карарган тоонун арасын

Кулжалар оттоп жол кылган.

Калк акыны Өтөнү

Кайгылуу өлүм жок кылган.

Агарган тоонун арасын

Аркарлар оттоп жол кылган.

Асылым акын Өтөнү

Армандуу өлүм жок кылган.

Кер жорго миндиң сулуу деп,

Кер ичик кийдиң жылуу деп,

Кайран жаның өткөн соң

Кер жоргоң оозу тыйылды,

Кер ичик жүккө жыйылды,

Сур жорго миндиң сулуу деп,

Сур ичик кийдиң жылуу деп,

Асыл жаның өткөн соң

Сур жорго оозу тыйылды.

Сур ичик жүккө жыйылды,

Эми кер ичик калды кийилбей,

Кер жорго калды минилбей,

Кейишке салып кетти деп

Көпчүлүк калды түңүлбөй.


Сур ичик калды кийилбей,

Сур жорго калды минилбей,

Сумсайтып бизди кетти деп

Көксулуу калды түңүлбөй.


Чаппай атым чаалыгат,

Чакырбай доошум карыгат,

Арманым айтып болгуча

Келген мейман зарыгат.

Куш келиптир мейманың,

Жан досум, кушубак болсун арбагың!

Ат куйругу кыл экен,

Акыры пенде шул экен,

Туу куйругу кыл экен,

Түбөлүк пенде шул экен!

Кеткендер анда, биз мында,

Кейисек келбейт миң жылда!

Кайткандар анда, биз мында,

Эми, кайгырсак келбейт миң жылда!

Токтогул Сатылганов

Көксулуу[түзөтүү]

Белеске чыгып, тор түйдүм,

Бек кызындай Көксулуу,

Бейпайда сизден көп күйдүм.

Бетегелүү адырда,

Бирге басып, бир күлдүм.

Бейопалуу дүйнөдө

Бет келип, доор бир сүрдүм!

Капталга чыгып, тор түйдүм,

Кан кызындай Көксулуу,

Какшап бир сизден зор күйдүм.

Капталдагы булакта,

Каткырып ойноп, бир жүрдүм.

Катарлаш айыл конгондо

Каттап бир, доор бир сүрдүм.

Ашыкмын сиздей периге,

Айталбайм сырым демиге.

Алтындан артык баркыңа,

Ашыгам ырас жетүүгө.

Адамды мынча кыйнабай

Айттырбай билсең эмине?

Кызыгам сиздей периге,

Күмүштөн артык баркыңа,

Күчүмдү жумшайм жетүүгө.

Кишини мынча кыйнабай,

Кымбатым, келсең эмине?!

Күлгөндө күлкүң күмүш үн,

Күлгүндөй кыздын Күнүсүң.

Күйүттү тартып жүрүшүм,

Күндөйүм, айтчы, ким үчүн?

Күдөрүм үзбөйм түбөлүк

Күйгүзүп сүйүү үмүтүн.

Жарк этсең күлкүң күмүш үй,

Жароокер кыздын күнүсүң.

Жалынга түшүп, күйүшүм,

Жалжалым, айтчы, ким үчүн?

Жаныңдан асты чыккым жок

Жандырып сүйүү үмүтүн.

Ай жүздүү бетиң нур чайып,

Азилиңди ойлосом,

Айылда жатпайм тынч алып.

Алтыным чачкан жарыктан,

Айланам көрккө курчалып.

Ашыктык иштин айынан

Азапты тарттым, мынчалык!

Күн жүздүү бетиң нур чалып,

Кылыгың эске түшкөндө,

Күнүгө жатпайм, тынч алып.

Күмүшүм чачкан жарыктан,

Күнгөйлөр көрккө курчалып.

Кызыктык иши курусун

Кыйноону тарттым, мынчалык!

Көрүшкөн күнүм салтанат,

Көркүңдөн Ай, Күн жалтанат,

Көркөмүң жанды көксөтүп,

Көмөкөйдөн бал тамат.

Көрүнбөй кетсең, Көксулуум

Көнөктөп көздөн жаш агат!

Жолуккан күнүм салтанат,

Жоодураган келбетиң,

Жогортон Ай, Күн жалтанат.

Жол карап тарттым, көп азап,

Жолукпай калсам, Көксулуум

Жоругуң эстеп, жаш агат!

Аксынын жери бийик жер,

Антташкан жерге өзүң кел.

Айылымдан чыккан перизат,

Ар дайым кылдың, үмүткөр.

Айтылган жерге келбесең

Антташкан жарың күйүткөр.

Бордунун жери бийик жер,

Болжошкон жерге өзүң кел.

Бозбудан чыккан асылзат,

Боздоп бир болдум үмүткөр.

Болжошкон жерге келбесең

Боз улан жарың күйүткөр!

Көркөмүң жанды суусаткан,

Көргөнү келдим узактан.

Көргөнү келсем чыкпайсың,

Көрө албас айткан ушактан,

Көксулуум, туура түшүнүп,

Көңүлүң менен узатсаң?

Ажары жанды суусаткан,

Атайын келдим узактан.

Атайлап келсем чыкпайсың,

Ар кимдер айткан ушактан.

Айперим, мени түшүнүп

Акылың менен узатсаң?

Бетегелүү белдейим,

Белги берип чакырсаң,

Белгиңе кантип келбейин.

Бел байладым алууга

Перизаттай телдейим!

Көбүргөндүү жердейим,

Көңүлүң менен чакырсаң,

Көргөнү кантип келбейин.

Көксөтпөчү көп эле

Көксулуудай телдейим?

Жайлоодо белес, кырдайым,

Жаштардан чыккан Көксулуум,

Жамалың кошуп ырдайын.

Жарашкан пери экенсиң

Жаңшабай кантип турайын.

Кымыздыктуу кырдайым,

Кыздан бир чыккан Көксулуу,

Кылыгың кошуп ырдайын.

Кынтыксыз сулуу экенсиң

Кыңырылып турбайын.

Аргымак аттын басыгы,

Аксыдан чыккан Көксулуу

Ай тамак кыздын асылы.

Ашык бир болгон өзүңө,

Акындын кайсы жазыгы?

Ар түркүн ойго көп салчу

Ай пери кыздын назыбы?

Күлүк бир аттын басыгы,

Күйүмдүү көркөм Көксулуу,

Күн тамак кыздын асылы,

Кызыккан кызыл гүлүнө,

Күкүктүн кайсы жазыгы?

Көп ойлонтуп кыйнаган

Күн пери кыздын назыбы?

Калкымдан чыкса көп сулуу,

Калем каш, кара чачтуунун,

Калтары сенсиң, Көксулуу.

Каалап берген табийхат,

Казактан чыкпас төп сулуу.

Кара жаак акынга

Канчалык айтса эп сулуу!

Эшимден чыкса көп сулуу,

Эндиксиз сулуу кыздардын,

Эркеси сенсиң, Көксулуу,

Энчилеп берген табийхат,

Эс-акылы төп сулуу.

Эптеп айткан акынга

Эки күн айтса эп сулуу!

Айтканда сөздү чын гана,

Абыдан сага жарашкан,

Ак седеп таккан чыптама.

Атайлап сага тиккендей,

Акери өтүк бутта да.

Ак көйнөкчөн келатсаң

Ак куудай көлдө куп гана.

Аябай сага сулуулук,

Арнаган экен кудурет

Атайлап берип бүт сага!

Козгосок кепти жай гана,

Көп эле сонун жарашкан,

Көк мончок таккан чыптама.

Көркөмү кооз көрүнөт,

Көк өтүк кийген бутта да.

Көк шайы көйнөк кийинсең,

Көк өрдөк көлдө куп гана.

Коштогон экен табийхат

Кош колдоп берип, бүт сага!

Айлыңа барсам, эртелеп,

Алдымдан чыксаң эркелеп.

Алышып ойноп жүргөнгө,

Ага да эркем, эрк керек.

Антташкан шерттен тайбайм деп

Акының Өтө сөз берет!

Кыштооңо барсам эртелеп,

Кыядан тоссоң эркелеп.

Кымбатым, эркем, эрк керек.

Кыйышпас болуп жүрүүгө

Күкүгүң Өтө сөз берет!

Айтаар бир сөздөн шашпайын,

Аксыдан чыккан даткайым.

Ак калпак кыргыз элимдин,

Акыны болом, дап дайын.

Атагың элге чыгарып,

Азыртан неге айтпайын!

Ашыктык иштен зарланттың

Анжиян базар канттайым!

Кыйыткан ойдон шашпайын,

Кыргыздан чыккан даткайым.

Кымбаттуу кыргыз элинин,

Күкүгү болом дап дайын.

Күлпөтүң калкка чыгарып,

Кыйкырып неге айтпайын.

Кызыктык иштен кыйнадың

Кашкардан келген канттайым!

Жайлаган жериң Ойрума,

Жай күнүнөн бер жака, -

Жаш сулуу түштү оюма.

Жашчылык иши жай бербей

Жалынам бирге болууга.

Кыштоонун башы Ойрума,

Кыш жармынан бер жака,

Көксулуу түштү оюма.

Кызыгам бирге болууга.

Казанымды бир кылып,

Ашташ болсом, Көксулуу.

Төшөгүмдү бир салып,

Башташ болсом, Көксулуу.

Айтылган шерт убада,

Кайтпас болсоң, Көксулуу.

Кыйынчылык түшсө да,

Кайтпас болсоң, Көксулуу!

Убададан айнычу,

Болбос болсоң, Көксулуу.

Өмүр бою айрылгыз

Жолдош болсоң, Көксулуу?

Ай көрүнгүс шаардай,

Бакка окшойсуң, Көксулуу.

Күмүш супа, ордолуу

Такка окшойсуң, Көксулуу.

Жыттасам жытың атырдай,

Жигитке баркың алтындай.

Жакындашсаң болбойбу


Жалоорутуп тартынбай.

Кармасам этиң жибектей,

Какшадым сага мен жетпей.

Күйүттүү болуп калбайлык

Күкүк бир менен Зейнептей!

Карайган шакта түнөгөн,

Карчыга деген куш бекен?

Караңгы түндө жүргүзгөн

Ашыктык кыйын иш экен!

Туура бир шакта түнөгөн,

Турумтай деген куш экен.

Түн ойноп, күндүз айрыган

Жашчылык кыйын иш экен!

Жай саратан ысык деп,

Кырга кондуң, Көксулуу.

Жашың он беш чыга элек

Ырга кондуң, Көксулуу.

Кышкы чилде суук деп,

Түзгө кондуң, Көксулуу.

Жашың он беш боло элек

Сөзгө кондуң, Көксулуу!..

Ыргалып үйдөн чыкпайсың,

Ышкы отуна берилип,

Ырдаган ырым укпайсың,

Кылгырып үйдөн чыкпайсың.

Кызыктык иштен кеп козгоп

Кыйкырсам үнүм укпайсың.

Кабарың келбейт биз үчүн,

Какылдаткан Көксулуу,

Кайгыны тарттым, сиз үчүн.

Кайрылып койсоң болбойбу,

Кадимден калган иш үчүн.

Кадалып кара санаба

Калканчың болоор киши үчүн.

Дубайың келбейт биз үчүн,

Дубандан чыкпас Көксулуу,

Дубана болдум сиз үчүн.

Думуктурбай адамды,

Дурус де айткан иш үчүн.

Душмандык кылып жүргөн бар

Дуушар болгон киши үчүн.

Калкыбыз жайлайт Бөктөрдү,

Кайрылбай мага өтөөр деп,

Карыбың Өтө өксөдү.

Калкымдан чыккан Көксулуу,

Көп сулуунун өктөмү.

Казактан чыкпас перизат

Каалап жүрөк көксөдү.

Элибиз жайлайт Бөктөрдү,

Ээликкен жаштык куракта,

Эрмегиң Өтө өксөдү.

Элимден чыккан Көксулуу,

Эстүү бир кыздын өктөмү.

Эч элден чыкпас сулууну

Эңсеп бир көңүл көксөдү.

Кызыл кыр ылдый кыркырап,

Коюн бир түштү, Көксулуу.

Кычыраган чилдеде,

Тоюң бир түштү, Көксулуу.

Кара кыр ылдый чуркурап,

Коюң бир түштү, Көксулуу.

Качыраган чилдеде,

Кайгыны салып башыма

Тоюң бир түштү, Көксулуу.

Белден коён качырып,

Иле албадым, Көксулуу.

Эми тагдыр не болот

Биле албадым, Көксулуу?

Жондон түлкү качырып,

Жете албадым, Көксулуу.

Жеткизбестен душманга,

Кете албадым, Көксулуу.

Алты канат ак үйдүн,

Кериштесиң, Көксулуу.

Алтымыш эки жубандын,

Периштеси Көксулуу.

Арманда калдык кошулбай

Кейиштесиң, Көксулуу.

Жети бир канат боз үйдү,

Кериштесин, Көксулуу.

Жетимиш эки жубандын,

Периштеси Көксулуу.

Жетпей сага калдым деп

Кейиштемин, Көксулуу.

Жылдыздуу түндө ай элен,

Жыбылжып аккан сай элең.

Жылаажын үндүү, жыпар жыт

Жыргаткан жанды пай* элең!

Асмандан тийген ай элең,

Акырын аккан сай элең.

Артыкча сулуу, атыр жыт

Арзыган жанга пай элең!

Алты кулач кыл аркан,

Ак боз аттын мойнуңда.

Арманда калат окшоймун

Алты күн жатпай койнуңда.

Жети кулач кыл аркан,

Жээрде аттын мойнунда.

Жети күнү жатпадым,

Жетигим сенин койнуңда.

Теңтуштан тагдыр кошподу.

Телтору тандап ат чапсам

Телторум аттан озбоду.

Теңирим салды бул кайгы,

Тек жаткан дартым козгоду.

Тепкедей чактан бир жүргөн

Теңибиз кыйнайт окшоду.

Курдаштан жазмыш кошподу.

Куландан тандап ат чапсам,

Кубантып аттан озбоду.

Кудайым салды бул ишке,

Кусадар дартым козгоду.

Куушуп ойноп, бир жүргөн

Курбулук кыйнайт окшоду.

Көлгө түшкөн өрдөктөй,

Көздөтөсүң, Көксулуу.

Көз жашымды көбөйтүп,

Көлдөтөсүң, Көксулуу!

Көңүлдүн назик ышкы отун,

Козготосуң, Көксулуу.

Көчтөн калган тайлактай

Боздотосуң, Көксулуу.

Саятчы* салган боз куштай,

Саматасың, Көксулуу.

Сагындырып адамды

Саргайтасың, Көксулуу.

Өлүп калсам, калаармын,

Өлбөй тирүү бар болсом

Өзүмдүк кылып алармын!

Аман болсом табармын,

Антташып койгон сөз үчүн

Ажыратып алармын!

Акындык менен алты күн,

Айтып алган, Көксулуу.

Айтканы менен калкымдын,

Алып кеткен эринен,

Алыска кеткен жеринен

Тартып алган, Көксулуу!-1

Чечендик менен жети күн,

Чечип алган, Көксулуу.

Чердеңдеген эринен,

Четке кеткен жеринен

Жетип алган, Көксулуу!

1: Тартып алган Көксулуу Аксынын Авлетим деген жеринде жашаган Ажынын уулу Сулайманкул датканын күчү менен Көксулууну бир жумага жеткизбей Женижокко кайра алып берген экен, акын ошону айтып жатат.


Балалык (Биринчи түрү)[түзөтүү]

Кашкардан алган бөзүм бар,

Эрмектен калган көзүм бар.

Каалап ойдон чыгарган,

Каалап ойноп чуркаган.

Катуу ыйлап чынырган,

Катуу чыңап сугарган,

Эрмек чычаар богу бар,

Карылар угаар сөзүм бар.

Эки кары* бөзүм бар,

Эптеп ойдон чыгарган,

Эки жолу сугарган,

Эскилер угаар сөзүм бар.

Сары таман күлүктү

Сары аястай суутуп,

Саяпкер тапкөй сынчы өткөн.

Сакалын куудай агартып,

Санат ырды көп ырдап,

Саруу, кушчу элинен

Сартбай, Чонду ырчы өткөн.

Саадагын жанга илбептир,

Сайып дөөлөт жаштыктын,

Сап маанисин билбептир.

Эки жааттап ырдаса,

Элдин баары тек турат.

Эл кыдырып ырдаган,

Эсенаман, Бекмурат,

Эргип ырдап жулунган,

Элге жаккан ырлары

Эсенаман мурунтан.

Ээрге тизгин илбептир.

Эркин дөөлөт жаштыктын

Эч маанисин билбептир.

Эки жашар болгондо,

Энесине эркелеп,

Сыйлап өткөн балалык.

Элде жокту тапкын деп,

Кыйнап өткөн балалык.

Алты жашар болгондо,

Атасына эркелеп,

Ыйлап өткөн балалык.

Айылда жокту тапкын деп,

Кыйнап өткөн балалык.

Ачылып калса аркасы

Айып болуп калат деп,

Ата-энесин жетелеп,

Ыйлап өткөн балалык.

Аз ниеттеп ат кармап,

Токубаган балалык.

Алты жашар убакта

Атасы кармап берсе да,

Алда кайда чаркырап,

Аптиек* менен куранды

Окубаган балалык.

Айдап жүрсөң көй дөөлөт,

Айры буттуу пендеге,

Балалык башка зор дөөлөт.

Дөөлөт эмей нимине*

Он бешке жашың барганда,

Оюнга тойбойт көңүлүң.

Орчун дөөлөт балалык,

Жыйырмага барганда,

Кыйкырып ырдап чыкты эле,

Кызыл чеке, Төрөкул.

Кыйла ырчыдан мыкты эле

Көңүлүнө албаптыр,

Көрүнөө дөөлөт жаштыкты

Көп кыргызга жайбаптыр.

Айткан сөздүн макулу

Ташыбек, Майкөт ырчылар

Казактардын акуну.

Асманда булут закымы

Ак селдечен Нурмолдо

Ал ичкиликтин акуну.

Капарына албаптыр

Кайран дөөлөт жаштыкты,

Кураштырып ыр кылып,

Калын журтка жайбаптыр.

Азыркы жүргөн ырчылар

Баш аламан майда ырчы.

Маанисин билбейт баарысы

Бийик жаздык баш жакта,

Бир кыялым жаш чакта.

Табыптын колу дарыда,

Бир кыялым карыда.

Оор чоюн кумганда,

Орто жерде турганда.

Оруста болот кызыл бөз,

Оюма түштү ушул сөз.

Түшкөн эмей эмине,

Эркин дөөлөт балалык,

Жык толгону балалык.

Жыйырма бешке барганда,

Жыла басып жүрөсүң,

Жыгылаарың билбейсиң,

Жылоовуда* балалык.

Отузга жашың барганда.

Оюңда турат балалык.

Оюн менен иш кылсаң,

Колунда турат балалык.

Отуз бешке барганда,

Омбу-домбу жоргодой,

Кирди-чыкты балалык.

Кыркка жашың барганда,

Кыя салып алдынан,

Жылып өткөн балалык.

Өткөн эмей нимине

Кырда болот кызыл таш,

Кырктын өзү кыйла жаш.

Кыйла да болсо азсынат,

Жаш сынган менен болобу.

Жакшы ат камчы чаптырбайт,

Жакындап жашка кеп айтсаң,

Жаман көрүп жактырбайт.

Өз теңтушун болбосо,

Келиндерге кеп айтсаң,

Эч убакта эп келбейт.

Ошондо түшөт оюңа,

Төгүлөт шорпо мойнуна,

Өткөн экен убак деп,

Жатасың тынчып ордуңда.

Чачың буурул болгондо,

Чардап өткөн балалык.

Чаап кетет жолуна,

Чаап кетип калды деп,

Чакырсаң келбейт ордуна,

Эр элүүгө чыкканда,

Эркин дөөлөт балалык.

Кете берет балалык,

Кетип калды жаштык деп,

Кейисең келбейт ордуна.

Алтымышка барганда,

Агарып сакал калганда,

Атаны кайран жаштык деп,

Ар ким кылат арманда.

Кара өзгөй сүйлөп калп айтсаң,

Кара жанга күч келет.

Картайганда адамга,

Өлүмдөн кабар үч келет.

Этиң кетип какаят,

Ээктен сакал агарат,

Ал өлүмдүн белгиси.

Эңкейсең белден күч кетет,

Эки колдон иш кетет,

Ооздон отуз эки тиш кетет,

А да өлүмдүн белгиси.

Ак бото белден кур кетет,

Айдай беттен сур кетет,

Айнектей көздөн нур кетет,


Маңдайда чырак көз кетет,

Балдарга жакпай сөз кетет.

Баары өлүмдүн белгиси.

Өз башыңа келгенде,

Өйдөлөтпөйт карылык.

Өмүрүң адаа болгончо

Жүрөт экен зарылып.

Керт башыңа келгенде,

Кетпейт экен карылык

Качан ажал жеткенче,

Жүрөт экен зарыгып,

Басып жетсек алалык,

Баралбасак калалык,

Баткан күндөй ылдыйлап,

Барган сайын кыялап,

Өтүп барат балалык.

Өткөн эмей нимине

Балалык колдон кеткен соң.

Кишиликтүү немедей,

Кичи пейил сөз сүйлөп,

Сиз десең келбейт балалык,

Жоо-жарагын асынып,

Жолоочу жүрсөң шашылып,

Бир колуңдан кеткен соң,

Издесең келбейт балалык.

Алыстан келген меймандай,


Аксарбашыл кой союп,

Сыйласаң келбейт балалык.

Бир колуңдан кеткен соң,

Атасы өлгөн немедей,

Ыйласаң келбейт балалык.

Эртеден кечке кыдырып,

Кырдасаң келбейт балалык.

Ээгиңди көтөрүп,

Ырдасаң келбейт балалык.

Жаш элүүдөн ашканда,

Агарып чыгат кара чач

Жаш кезде ойноп күлмөктүк

Каерде калбайт алтын баш

Дүнүйө жалган илинбейт.

Жүзгө чыккан менен да

Бир күнүңчө билинбейт.

Калганда кара жер калат

Кара боюң суналат.

Артыңда калса катының

Кара кийип тул калат.

Дүнүйө жалган илинбей,

Өтүп кетет билинбей,

Дүнүйө жалган ушундай,


Өтүп кетет зымырап,

Колуңдан качкан кушундай.

Балалык (Экинчи түрү)[түзөтүү]

Ойлонтту мени балалык,

-Олжосу арбын жаштыкты,

Оодарып обон салалык.

Ой, тилегим калсын дейм

Оң менен Солго таралып.


Эстетти мени балалык,

Эсил алтын жаштыкты,

Эскерип ырга салалык,

Эки келбес болгон соң

Элимде калсын таралып.


Эки кары бөзүм бар,

Эрикпестен угарга,

Эскирбеген сөзүм бар.

Элим айтып жүрсүн деп

Эскертип койчу кезим бар.


Кашкардан алган бөзүм бар,

Канааттанып тыңшаарга.

Карк алтындай сөзүм бар.

Кайран жандын барында

Калкыма айтчу кезим бар.


Сары таман күлүктү,

Сары аязга суутуп,

Саяпкөй, тапкөй сынчы өткөн.

Сакалын куудай-агартып,

Санат ырды көп, айтып,

Кушчудан Сартпай, Чонду ырчы өткөн.

Салаага камчы илбептир,

Санжыргалуу жаштыктын

Булар салтанатын билбептир.


Араба жүрөт кең жолдо,

Акын чыккан Нурмолдо

Аралаш болуп башынан,


Айтышып келдик ар жолдо.

Аксы, Талас жеринен

Анча ырчыны беттептир.

Асыл дөөлөт жаштыкты

Аңдап айтып кетпептир!


Байлоодо күлүк жулкунчаак,

Бар алынча ырдашты

Майлыкожо, Кулунчак.

Байгеден калган күлүктөй,

Баштарын эми чайкаптыр,

Мааниси терең жаштыкты

Булар байкаштырып айтпаптыр!


Калыс кептин макулу,

Казакта Майкөт, Иренчек

Кара жаак акыны.

Кайран дөөлөт жаштыкты,

Капарына албаптыр

Булар калың журтка жайбаптыр!


Катындар ийрип кап токуур,

Карыганча ырдаган

Кайран Айдыраалы, Аттокур.

Капталга камчы илбептир.

Кайраты артык жаштыктын

Булар кадырын жакшы билбептир.

Кызылчеке, Төрөкул,

Кыйкырып ырдап чыкты эле.

Кызып ырдай келгенде

Кыйла ырчыдан мыкты эле.

Көрүнөө дөөлөт жаштыкты

Көңүлүнө албаптыр,

Булар көп кыргызга жайбаптыр!


Азыркы жүргөн майда ырчы,

Алтын дөөлөт жаштыктын,

Асылын билбейт баарысы,

Акын Өтө абаңдын

Айтып турган чагы ушу!


Бир жашында билбеген,

Эки жашар болгондо,

Энесине эркелеп,

Ыйлап жүргөн балалык.

Элде жокту тапкын деп,

Кыйнап жүргөн балалык.

Атасына эркелеп,

Ыйлап жүргөн балалык.

Айылда жокту тапкын деп,

Кыйнап жүргөн балалык.


Үчкө жашы толгондо,

Үй-бүлөдө тили бал.

Үйдүн ичин чаңытып,

Үч көтөрчү жини бар.


Төрткө жашы барганда,

Таңга маал торгойдой,

Сайрап турган балалык.

Жоогазындай жайлоодо,

Жайнап турган балалык.

Бешке жашы барганда,

Агын сууну бойлошот.

Кой дегенге болбостон,

Балчык кечип ойношот.

Тетири кийип чапанын,

Үркүтмөккө жол тосот!


Аспиеттеп* ат кармап,

Токубаган балалык.

Алты жашар убакта,

Атасы кармап берсе да,

Аптиек* менен куранды,

Окубаган балалык!..

Жеңе менен эжеден,

Уялбаган балалык.

Оюн кызык көрүнүп,

Зарыгып жумшап жатсаң да,

Тил албаган балалык.

Ак сакалдуу кишини,

Сиз дебеген балалык.

Оокат үчүн умтулуп,

Иштебеген балалык.

Алдап айткан кебиңдин,

Калпын билбейт балалык.

Ата менен эненин,

Баркын билбейт балалык.

Алган менен саткандын,

Наркын билбейт балалык!

Жети жашка барганда,

Айылдагы иттерди,

Кууштурган балалык.

Тезек терип, суу ташып,

Бир аз, жумуш кылган балалык!


Сегиз жашка барганда,

Оюнга такыр тойбогон.

Оромпой тээп, чики атып,

Ок жыландай сойлогон.

Торпокту минип жүдөткөн,


Тотугуп бетин түлөткөн.

Кубалап кулун, тайларды,

Кубарып чарчап күнү өткөн.

Жар боорунан балапан,

Алып жүргөн балалык.

Чегирткеге куш кылып,

Салып жүргөн балалык.

Балалыктын кылыгы,

Айтылсын бирден саналып.

Ыпылас жерди бейлебей*,

Басып жүргөн балалык.

Күчүгүн байлап мойнунан,

Карышкырга салам деп,

Топучак издеп шиш менен,

Казып жүргөн балалык.

Оокат ичпей маалында,

Кер сары болуп өңүнөн,

Азып жүргөн балалык!


Тогуз жашка чыкканда,

Дөбөт менен мышыкты,

Кабыштырган балалык.

Кимиси кыйын экен деп,

Салыштырган балалык.

Эки айылдын жылкысын,

Айгыр менен айгырын,

Алыштырган балалык.

Чокуга чыгып барышып,

Таш омкоруп алышып,

«Менин атым күлүк» деп,

Жарыштырган балалык.


Онго жашы барганда,

Так секирип улактай,

Кутуруп турган балалык.

Оюнга мооку канбастан,

Жутунуп турган балалык.

Айлына мейман келгенде,

«Алакүш» деп иттерди,

Тукуруп турган балалык.

Он бир жашка келгенде,

Чыйрак болсо ат чабат,

Аты чыгып байге алса,

Аздыр көптүр мал табат.


Он үчкө жашы чыкканда,

Кыраңдын терет гүлдөрүн.

Карагат издеп кетишет,

Калтырып алыс үйлөрүн.

Кымыздык, ышкын теришет,

Кызыгын көрүп дүйнөнүн.

Куулук менен иши жок,

Кубанып айтат билгенин.

Көчүгүн күндө жоорутуп,

Көрөсүң тайды мингенин.

Күлкү менен өткөрөт,

Күнгө бет тоонун түндөрүн!..

Кекире жагып үйлөгөн,

Кесир сөздү сүйлөгөн,

Кезектүү сөзгө көнбөгөн,

Кетет дөөлөт балалык.

Арча жагып үйлөгөн,

Ашык сөздү сүйлөгөн,

Айтылган кепке күйбөгөн,

Анык дөөлөт балалык!..


Он төрткө жашы келгенде,

Дердейип калат кичине.

Каранып калат бой башын,

Келин-кыз кирип түшүнө.

Далбас урат делөөрүп,

Жанашып бирге жүрүүгө.


Он бешке жашы барганда,

Оюнга тойбойт көңүлү,

Орчун дөөлөт балалык.

Ойлоп жолго салалык.


Он алтыга барганда,

Оюн салган кунандай,

Окторулган жыландай,

Ордунда турбас балалык!


Он жетиге барганда,

Ой, тоону кезип ышкырат.

Ой, санаасы жок болот,

Оюндан көөнү ток болот,

Ойлонуп бир аз иш кылат.

Он сегизге барганда,

Ооматы жүргөн кез экен.

Он тогузга өткөндө,

Омоктуу жаштын өзү экен.


Жыйырмага барганда,

Жыла басып жүрөсүң,

Жыгылаарың билбейсиң.

Жиндилик менен делбелик,

Жылоосунда балалык,

Жыйынды көзгө илбейсиң.


Кайкая басып жүрөсүң,

Каткырып доор сүрөсүң.

Коштоп жүргөн балалык,

Кой десе кайдан билесиң.

Кара көз көркөм перини,

Карчыга куштай илесиң.


Жыйырма бирге барганда,

Жылаажын болот добушуң,

Жылдыздуу кыздын жанынан,

Жыргайсың таап конушуң.

Жыргалы артык жаштык ай,

Жылдырбай койсо толушун.

Керилген жигит чагыңда,

Көркөмдүү чыгат добушуң.

Көрүнүктүү бир кыздын,

Көрөсүң басып конушун.

Көрүнөө дөөлөт жаштык ай,

Кемитпей койсо толушун.


Жыйырма экиге барганда,

Боз жорго болсо мингениң,

Боз өргө болсо киргениң,

Болжогон жерде жоолугар,

Ботогөз болсо сүйгөнүң.

Боздобой жыргап өткөрсөң,

Боруму кызык дүйнөнүн!

Карадан болсо мингениң,

Кара бөрк болсо кийгениң.

Каалаган жерден табышаар,

Кара көз болсо сүйгөнүң.

Какшабай жыргап өткөрсөң,

Кадырын билип дүйнөнүн.


Жыйырма үчкө барганда,

Кызыктуу жаштык барында.

Кыргый мүчө, кара көз,

Кылыгы менен айтып сөз,

Кыздар турат жаныңда.

Кайраттуу жаштын барында,

Калкыңа дайын чагыңда.

Карчыга мүчө, кыргый көз,

Кадырын салып айтып сөз,

Кара көз турат жаныңда.


Жыйырма төрттүн өзүндө,

Боз туйгундай жаштык кез,

Бозосу жок мастык кез,

Бой тирешкен душманга,

Бой бербеген курчтук кез.

Ак туйгундай жаштык кез,

Алчактатып ат минсе,

Арагы жок мастык кез.

Алдуусунган душманга,

Алдырбаган курчтук кез.


Жыйырма бешке барганда;

Жылкыдай туйлайт жүрөгүң,

Жыландай сойлойт билегиң.

Жылытат музду илебиң.

Жымыңдап турат жаныңда,

Жылдызы көркөм кыз-келин!

Эргиген куштай жүрөгүң,

Эңишсең жыгат билегиң.

Эритет музду илебиң,

Эрикпей жүрөт жаныңда,

Эндиксиз сулуу кыз-келин!


Жыйырма бешке отуз жыл,

Жашатып койсо эмине?

Жаңылантып өмүрдү,

Жасатып койсо эмине?

Жыйырма бешке кырк жылы,

Кондуруп койсо эмине?

Жаратканы чын болсо,

Каалаганын адамдын,

Болдуруп койсо эмине?

Кайран өмүр жыйырма беш, Өтпөй турган болсочу! Жок дегенде он жылга, Кетпей турган болсочу!..

Кайран гана жыйырма беш,

Кайраты толук арткан кез.

Кайпактабай олтуруп,

Каймагын ырдын тапкан кез.

Карайган түндү аткарып,

Казак, кыргыз элиме,

Кадырым менен жаккан кез.


Асыл бир гана жыйырма беш,

Айбаты жандан ашкан кез.

Айтышка түшсөң талыбай,

Алтынын ырдын тапкан кез.

Агартып таңды аткарып,

Ак калпак кыргыз элиме,

Акындык менен жаккан кез.


Ачып көздү жумгуча,

Өтүп кетет балалык.

Кайра келгиз сапарга,

Көчүп кетет балалык.

Аркыраган шар суудай,

Агып кетет балалык.

Жалбырттатып жалынын,

Жагып кетет балалык.


Отуз жаштын өзүндө,

Ойлонуп билген кезиңде.

Оң менен Солго сүйлөсөң,

Оомат болот сөзүңдө.

Бирде бар да бирде жок,

Кирди-чыкты балалык,

Бир азы калат эсиңде.

Омбу-домбу жер кайда,

Оолактап өзүң каласың,

От кечип жүрчү топтордон.


Кыркка жашың барганда,

Кыйкырып турган чагыңда.

Кыя салып алдыңдан,

Өтүп кетет балалык.

Өткөн эмей эмине?

Кырда болот кызыл таш,

Кырктын өзү кыйла жаш.

Кыйла да болсо азсынат,

Кыялында жашсынат.


Жашсынган менен болобу,

Жакшы ат камчы чаптырбайт.

Жакындап жашка кеп урсаң,

Жакшы көрүп жактырбайт.

Жашынып калган балалык,

Жалынган менен таптырбайт.


Кыйынды билбес жаштык кез,

Кыйлага чейин бөлүнбөйт,

Кыйытып аста кеп айтсаң,

Кыйкымдап сени бөлүн дейт.

Кыз-келин менен жүрчү убак,

Кыр ашып кеткен карасаң,

Кыйкырган менен көрүнбөйт!


Кесирлүүдөн кыз алсаң,

Өз теңтушуң болбосо,

Келиндерге кеп айтсаң,

Эч убакта жактырбайт.


Ошондо түшөт оюңа,

Орой сөз уксаң жаштардан,

Төккөндөй шорпо мойнуңа.

«Өткөн экен убак» деп,

Жатасың тынчып ордуңа.

Чачың буурул болгондо,

Чардап өткөн балалык.

Чаап кетет жолуна,

Чакырсаң келбейт ордуна.


Эр элүүгө келгенде,

Эрк бербей түшөт жолуна,

Эсил кайран жаштык деп,

Эртели-кеч дайыма,

Эстесең келбейт ордуна!


Акбараң мылтык асынып,

Кырдасаң келбейт балалык.

Обонуңду көтөрүп,

Ырдасаң келбейт балалык.

Карылыкты «кеткин» деп,

Балалыкты «келгин» деп,

Чырдасаң келбейт балалык.

Көкбараң мылтык көтөрүп,

Кырдасаң келбейт балалык.

Көңүлүңдү көтөрүп,

Ырдасаң келбейт балалык!

Карылыкка бакырып,

Балалыкты чакырып,

Ошо, чырдасаң келбейт балалык.

Балалык колдон кеткен соң,

Ак сакалдуу кишидей,

«Сиз» десең келбейт балалык.

Мээнет тартып кыйналып,

Иштесең келбейт балалык.

Жоо жарагың байланып,

Жолоочу болсоң шайланып,

Бир колуңдан кеткен соң,

Ошо, издесең келбейт балалык.


Балалык колдон кеткен соң,

Дөбөгө чыгып оштонуп,

Төгөрөктү козголтуп,

Бакырсаң келбейт балалык.


Ак боз бээ союп бүлүнүп,

Алдынан өтүп жүгүнүп,

«Айланайын, жаштык» деп,

Ошо, чакырсаң келбейт балалык.


Алтымыштын өзүндө,

Ак ала болот сакалың,

Абалкыдай алың жок,

Арманын айтып жатамын.

Ашыкча дөөлөт жаштыкты,

Арбыныраак кылбаган,

Ар дайым эстеп капамын.

Көк ала болот сакалың,

Көкүрөк дадил дарман жок,

Көйгөйүн айтып жатамын.

Көрүнөө дөөлөт жаштыкты,

Көбүрөөк эле созбогон,

Көп эстеп, ойго батамын.


Батаар күндөй ылдыйлап,

Барган сайын кыялап,

Өтүп барат өмүрүң.

Кайра келгиз жагына,

Көчүп барат өмүрүң.


Кара-Сууну кыдырып,

Бойлосоң келбейт балалык.

Кара жаның куш кылып,

Ойносоң келбейт балалык.

Көркөмдөп үйдү тиктирип,

Көп малдын бирин сойдуруп.

Түпсүз ойго сен батып,

Көңүлүң коюп түн бою,

Ойлосоң келбейт балалык.

Аккан сууну айланып,

Бойлосоң келбейт балалык.

Аманат жанды куш кылып,

Ойносоң келбейт балалык.

Дөбөгө боз үй тиктирип,

Төөнүн бирин сойдуруп,

Түпсүз ойго сен батып,

Ошо, ойлосоң келбейт балалык!

Кара өзгөй, калп айтсаң,

Карып жанга күч келет.

Картайганда пендеге,

Өлүмдөн кабар үч келет.


Келген эмей эмине?

Жетимиштин өзүндө,

Этиң качып какаят,

Ээкте сакал агарат.

Эринчеек болуп кайран жан,

Эңиштеп кетет талаалап.

Ээликме кыял, жаштык кез,

Эстесең келбейт сабалап.

Эшикте басып жүрөсүң,

Эрмектеп малың каралап.


Жетимиштин өзүндө,

Кара сакал ак болот,

Калп айткан менен болобу,

Кайта турган чак болот.

Каңырыш угуп кулагың,

Катындар сенден жат болот.


Өз башыңа келгенде,

Өйдөлөтпөй мойнуңдан,

Минет экен карылык.

Өз өкүмүн эң кыйын,

Билет экен карылык.

Өмүрүң ада болгуча,

Жүрөт экен зарыгып!


Керт башыңа келгенде,

Келтектебей жонуңа,

Минет экен карылык.


Токсон түрдүү амалын,

Билет экен карылык.

Качан ажал жеткенче,

Жүрөт экен зарыгып!


Кер мурутуң ак болот,

Кейиген менен болобу,

Кете турган чак болот.

Кейитип укпай кулагың,

Келиндер сенден жат болот.


Сексен жаштын өзүндө,

Сенделип жеткен кезиңде,

Сер сакалың сербейтип,

Сереп салып турасың,

Эрте кеч малдын четинде.

Эки тизең ийрейип,

Эпке келбейт кечинде.

Эңкейсең белден күч кетет,

Эки колдон иш кетет.

Эмшеңдеп комсоо жарашпай,

Ээктен кашка тиш кетет.

Эндиксиз кызыл бет кетет.

Ээндетип өзүңдү,

Эл ичинен четтетет.

Эриктүү жаштык түгөнүп,

Эрме чөлгө беттетет.

Ак бото белден кур кетет,

Айнектей жүздөн нур кетет.

«Кейикчээл болбой отур» деп,

Кемпириңе тилдетет.

Көркүнөн кеткен карылык,

Көңүлүңдү зилдетет.

Маңдайда чырак көз кетет,

Балдарга жакпай сөз кетет.

Адаштырып оюңдан,

Акылың менен эс кетет.

Карчыгадай жигиттик,

Катаал кез менен кездешет.

Калжаңдатып текедей,

Карылык түбү жеп кетет.


Токсонго барсаң тосоорсуң,

Толукшуган өмүрдү,

Токтобостон жокторсуң.

Арыбасаң жүзгө чыгарсың,

Асыл жан менен коштошуп,

А дүйнө көздөй жылаарсың.


Карып кетет кайран жан,

Караанын деги көрсөтпөй,

Каякка кетет зирек жан?

Эскирип кетет эсил жан,

Элесин деги көрсөтпөй,

Эмине болот зирек жан?


Ак боз аттай зуулдап,

Аккан суудай шуулдап,

Кирип кетет турбайбы.

Ааламда жайы белгисиз,

Акылың деги жеткисиз,

Эрип кетет турбайбы.


Көк жоргодой зуулдап,

Көктөмдө суудай шуулдап.

Кирип кетет турбайбы.

Кабары деги белгисиз,

Кармап кууп жеткисиз,

Житип кетет турбайбы!


Кайгырасың, каласың,

Кайтканды кайдан табасың?

Карылык кууп жеткенде,

Кайран жаш өтүп кеткенде,

Карыз деп кимге барасың?


Өкүнөсүң, каласың,

Өткөндү кайдан табасың?

Өмүр өтүп кеткенде,

Өлүм кууп жеткенде,

Өпкөлөп кимге барасың?


Кекенесиң, каласың,

Кеткенди кайдан табасың?

Кезектүү өмүр өткөндө,

Кесирлүү өлүм жеткенде,

Келе деп кимге барасың?..


Азбы-көппү көрөөр күн,

Ар кимиңе бөлүнгөн.

Саламат болсоң көрөөрсүң,

Сактасын кудай өлүмдөн...


Дүнүйө (Биринчи түрү)[түзөтүү]

Асман, Ай, жылдыз бүткөндө,

Улангансың, дүнүйө.

Жер титиреп бүткөндө,

Куралгансың, дүнүйө.


Он сегиз миң Ааламды,

Бир жараттың, дүнүйө.

Кемтиги жок эч жерде,

Куп жараттың, дүнүйө.

Аял менен эркекти,

Жуп жараттың, дүнүйө.

Адамзаттын ичине,

Кут жараттың, дүнүйө!


Жан-жаныбар, бүлөнү,

Бүт жараттың, дүнүйө.

Көбөйттүрүп ар жакка,

Шүк тараттың, дүнүйө.


Булбул менен чымчыкты,

Бакта кылдың, дүнүйө.

Баардагы пашааны,

Такта кылдың, дүнүйө.


Аркар менен кийикти,

Ташта кылдың, дүнүйө.

Жетип алар ажалды,

Башта кылдың, дүнүйө.


Бир-бирине окшотпой,

Башка кылдың, дүнүйө.

Эки беттин албырган,

Нурун алдың, дүнүйө,

Атасынан баласын,

Мурун алдың, дүнүйө!


Сайдагы жолду карачы:

Сары килем жаптырып,

Сары аркан менен тарттырып,

Санжырга менен төө өткөн.

Саймалуу калпак кийгенден,

Сайышып жоого киргенден,

Санатсыз нечен эр өткөн.

Адамдан артык туулган,

Ааламга салган чуулган.

Атабыз Манас шер да өткөн!


Капталда жолду карачы:

Карагер жылкы бээ өткөн,

Калың килем жаптырып,

Кара аркан менен тарттырып,

Көркөмдүгүн арттырып.

Калкайып каймал төө өткөн,

Кайрылбай жоого тийгенден,

Кармашып жоону сүргөндөн.

Көкчө менен Алмамбет,

Кошой, Сыргак, Чубактай,

Көк жалдардай шер да өткөн!


Тоо бузулуп, түз болду,

Токтоп айтар иш болду.

Түз бузулуп, тоо болду,

Түзүктөп айтар иш болду.

Бел бузулуп, жер болду,

Белгилеп айтар кен болду.


Эгини менен жер өттү,

Эрдемсинген эр өттү.

Жер каптаган сел өткөн,

Жаңырган далай эл да өткөн!..

Буга күбө ким болду?


Асмандагы жайнаган,

Ай, жылдыз менен Күн болду.

Көрбөгөн да билбеген,

Канча жан өлүп тим болду!

Дагы күбө ким болду?


Чарчаганды билбеген,

Чатак салып жиндеген,

Төгөрөктүн төрт бурчун,

Төрт айланып желдеген.

Кармасаң колго келбеген,

Же көрүнбөгөн көзүңө.

Же келбеген эсине.

Булутту айдап түрүлтүп,

Бир ачуусу келгенде,

Белди ашыра сүрүлтүп.

Шамал күбө бул болду!


Байыстабай бир азга,

Өткөнүн көрчү, дүйнөнүн.

Артынан жоо куугансып,

Көчкөнүн көрчү дүйнөнүн.

Бир жалбырттап, бир жерде,

Өчкөнүн көрчү, дүйнөнүн!


Кирген суудай шаркырап,

Акканын көрчү, дүйнөнүн.

Жерден берип ырыскы,

Бакканын көрчү дүйнөнүн.

Түгөнбөгөн мезгилден,

Ашканын көрчү, дүйнөнүн.

Чакырып тойго жаткансып,

Шашканын көрчү, дүйнөнүн!


Күн менен түндү камчылап,

Өтүп жаткан, дүнүйө.

Журттан-журтка ташынып,

Көчүп жаткан дүнүйө.

Бири күйсө, бирөөбү,

Өчүп жаткан дүнүйө!


Түшпөсүн деп Ай, жылдыз,

Бышык кылган дүнүйө.

Таң калтырып, адамды,

Кызык кылган дүнүйө!..

Өлүм менен коркутуп,

Сызык кылган дүнүйө!


Баш учуна күлүк ой,

Учуп жеткис дүнүйө.

Ойлоп-ойлоп отурсаң,

Түбү чексиз дүнүйө.

Керемети дүйнөнүн

Эстен кеткис дүнүйө!..


Күндүн нуру сыяктуу,

Күйүп турган дүнүйө.

Бадасындай алпештеп,

Сүйүп турган дүнүйө.

Кайра баштап, кайгыны,

Үйүп турган дүнүйө!


Башчы болуп жүрсүн деп,

Баш жараткан, дүнүйө.

Ооз, мурун, көз үстү,

Каш жараткан, дүнүйө.

Кемтиги жок эч жерде,

Саз жараткан, дүнүйө.

Акылманды ар элде,

Аз жараткан, дүнүйө!

Кор болбостон жүрсүн деп,

Акыл берген дүнүйө.

Жердин үстүн тепсетип,

Бакыр берген дүнүйө.

Кээ бир жерге чөп бербей,

Такыр берген дүнүйө!

Кыдырсын деп Ааламды,

Шамал кылган дүнүйө.

Оргон буудай өзөгүн,

Саман кылган дүнүйө.

Түрдөн-түргө өткөрүп,

Амал кылган, дүнүйө!

Жарык кылган Ааламды,

Күнү сонун дүнүйө.

Асмандагы Ай, жылдыз,

Түнү сонун дүнүйө.

Жаз чыкканда жайнаган,

Гүлү сонун дүнүйө.

Булбулдардын сайраган,

Үнү сонун дүнүйө.

Төрт түлүгү жайлаган,

Төрү сонун дүнүйө.

Төрлөрүндө жайнаган,

Чөбү сонун дүнүйө.

Каз-өрдөгү калкыган,

Көлү сонун дүнүйө.

Айта берсем ыр менен,

Көбү сонун дүнүйө.


Дүнүйө (Экинчи түрү)[түзөтүү]

Чыгыштан күндү Батышка,

Жүргүзгөнүн карачы.

Ааламдын шам чырагын,

Күйгүзгөнүн карачы.

Кудуретин жараткан,

Билгизгенин карачы!


Күн кыдырып көк менен,

Жөнөгөнүн карачы.

Жарык нурга балкытып,

Бөлөгөнүн карачы.

Канча жанды жаратып,

Төрөгөнүн карачы!..


Ай айланып асмандан,

Каттаганын карачы.

Бир орунда тынч алып,

Жатпаганын карачы.

«Саманчынын жолу» дейт,

Бүт жылдыздар чачырап,


Батпаганын карачы!..

Канаты жок Ай, Күндү,

Учурганын карачы.

Адаштырбай жолу жок,

Туш кылганын карачы.

Айтып бүткүс сооптуу

Иш кылганын карачы!


Жылдызды көккө толтуруп,

Ай кылганын карачы.

Жасаганын жараткан,

Шан кылганын карачы.

Жалгыз жарым койбостон,

Пай* кылганын карачы!..


Өткөн мезгил артына,

Кайтпаганын карачы.

Бүгүн көргөн эртең жок,

Кубулганын баяндап,

Айтпаганын карачы.

Улукман аке баш болуп,

Канча акылман табып өттү,

Өлүм сырын эч бири,

Таппаганын карачы!


Асман, жердин арасын,

Кең кылганын карачы.

Жерден берип ырыскы,

Эл кылганын карачы.

Жетиштирбей бир жерин,

Дайыма кем кылганын карачы!

Кезектешип төрт мезгил,

Келгендигин карачы.

Керектүүсүн жандууга,

Бергендигин карачы.

Караңгыны жарыктык,


== Аккан Суу (Биринчи түрү) ==

Жер титиреп бүткөндө,

Көктөн иман толкуп түшкөндө.

Жылдыз көккө толгондо,

Дүнүйө пинаа* болгондо.

Ай асмандан букканда,

Күн кызарып чыкканда,

Адам-Ата, Обо-эне,

Оозунан чыккан лапеси,*

Кудайга дайын болгондо,

Суу атасы Сулайман,*

Жардам сурап кудайдан

Суу бергин деп муңайган.

Кудурети кудайдын,

Кубат берип түбөлүк,

Орун берди бу жайдан.

Ошондо он сегиз Ааламдан,

Коркуп чыккан аккан суу.

Жер жүзүнө чайпалып,

Толкуп чыккан аккан суу!..

Жети кабат Жер астын,

Жарып чыккан аккан суу.

Жер, Ааламдын баарысын,

Багып чыккан аккан суу.

Алты кабат Жер астын,

Атып чыккан аккан суу.

Адам-Ата, Обону,

Багып чыккан аккан суу.

Ала-Тоонун боорунан,

Жарып чыккан аккан суу.

Алтын канат жез куйрук,

Балык чыккан аккан суу.


Кара-Тоонун боорунан,

Жарып чыккан аккан суу.

Күмүш канат, жез куйрук,

Балык чыккан аккан суу.


Кара жердин астынан,

Жылып чыккан аккан суу.

Жаамы күнөө кылганды,

Билип жаткан аккан суу.


Кара таштан жаркырап,

Түшүп жаткан аккан суу.

Жан-жаныбар шимирип,

Ичип жаткан аккан суу.


Ак кыянын боорунан,

Канаат алган аккан суу.

Карып, мискин, бечера,

Даарат алган аккан суу.

Ылай, чопо, киринен,

Арылдырган аккан суу.

Ай тийгенде шооладай,

Жарык чыккан аккан суу.


Алып кетсе жетелеп,

Кете берген аккан суу.

Бөлгөн жерге токтобой,

Жете келген аккан суу.

Түбү жумшак, үстү бек,

Саздан чыккан аккан суу.

Тиктеген менен көз жетпес,

Таштан чыккан аккан суу.


Көк жалкаяк асканы,

Тешип чыккан аккан суу.

Көк торпулуу көк жарды,

Эшип чыккан аккан суу.

Нечен жерди аралап,

Кезип чыккан аккан суу,

Керектигин адамга,

Жандуу менен жансызга,

Сезип чыккан аккан суу!..


Зоодон сынбай бир жери,

Кулап түшкөн аккан суу.

Аяк, башын үзүлтпөй,

Улап түшкөн аккан суу.

Өзүн-өзү көбөйтүп,

Курап түшкөн аккан суу!..


Ташка тийип чачырап,

Быркыраган аккан суу.

Далай жерге токтобой,

Шыркыраган аккан суу.

Кууш жерге келгенде,

Күркүрөгөн аккан суу.

Үрөйүңдү учуруп,

Үн сүрөгөн аккан суу.

Барган сайын күч алып,

Дүркүрөгөн аккан суу!..

Жайык жерге барганда,

Жаркыраган аккан суу.

Алды эңкейиш жар келсе,

Аркыраган аккан суу.

Кулагыңды тундуруп,

Капчыгайды чуу кылып,

Шаркыраган аккан суу!

Коркок адам сүрүнөн,

Калтыраган аккан суу!


Сурап-сурап отурсаң,

Кайда болот аккан суу?

Башы туюк капчыгай,

Сайда болот аккан суу.

Издегенде табылбас,

Жайда болот аккан суу.

Тескейи бийик, терең сай,

Коодо болот аккан суу.

Ак асаба мелжиген,

Зоодо болот аккан суу.

Бетегеси кулпунган,

Төрдө болот аккан суу.

Жаратылыш жасаган,

Каз-өрдөгү калкыган,

Көлдө болот аккан суу.

Бопбоз болуп кор болгон,

Тамчы сууга зар болгон,

Элге келген аккан суу.

Мурда болуп көрбөгөн,

Жерге келген аккан суу.

Элге келген аккан суу.

Өз тулкусун жоготпой,

Бир тамчысын коротпой,

Кармап келген аккан суу.

Курмандыкка денесин,

Арнап келген аккан суу!

Аягы жок, колу жок,

Токтойм деген ою жок,

Жүрүп келген аккан суу.

Бара турган жерине,

Кире турган көрүнө,

Күлүп келген аккан суу.

Бир жагына көгөртүп,

Дарбыз кылган аккан суу.

Эч кимди шерик кылбастан,

Жалгыз кылган аккан суу.

Алабата, көк беде,

Жалбыз кылат аккан суу.

Аюу чачы, ак сокто,

Андыз кылат аккан суу!

Жүргөн жерин аңдатып,

Кыя кылат аккан суу.

Түлкү куурай, чытыры,

Мыя кылат аккан суу.

Тоого чыккан кемпир чач,

Дагы кылган аккан суу.

Жанузактай бир чөбүн,

Дары кылган аккан суу.

Сазык тана, шорону,

Сазык матар, согону,

Айтпасак болбойт ошону.

Тогуз төбө, тенге чөп,

Топчу куурай, ак кодол,

Төө куйрук, камгагын,

Төө таман, жер чайын.

Уу коргошун, сары куурай,

Улар пыяз, ак куурай,

Арпа менен ак буудай,

Жылтыркаиы, шыбагы,

Тегерек баш, уйтана,

Адырашман, ыкшары.

Чачыраткы, жөрмөгү,

Келиндерднн өрмөгү.

Меңдубана, ажырык,

Уйтана, көдөө, мийбеги,

Ушунун баарын айтпасак,

Уккандар калар таарынып.


Кара кыяк, шибери,

Кызгалдагы, эрмепи,

Кызыл от чыккан берсги,

Көөдөк менен чийбеги,

Көйкөлгөн көк шибери,

Кымыздык, ышкын, балтыркан,

Кийик оту, калдыркан,

Айтып бери жылдырсам,

Аны кылган аккан суу!..

Үстүнө кийип жүрүшкө,

Кийим кылат аккан суу.

Өз өнөрүн билбестен,

Кыйын кылат аккан суу.

Чайга салып ичишке,

Нават кылат аккан суу.

Барган жерин кулпунтуп,

Абад кылат аккан суу.

Айтып жана кеткендей:

Чөп жаратат аккан суу.

Төрт-түлүктү семиртип,

Эт жаратат аккан суу.

Алма, жүзүм, алмурут,

Алча кылат аккан суу.

Четин, шилби, карагай,

Арча кылат аккан суу.

Биз билбеген дүйнөдөн,

Канча кылат аккан суу,

Ай жаныбар, аккан суу!..

Жердин үстүн тепсеген,

Малга келген аккан суу.

Ай, Ааламда жашаган,

Жанга келген аккан суу.

Арык казып төтөлөп,

Алып кетсе жетелеп,

Кете берген аккан суу.

Бурган жерден токтобой,

Жете келген аккан суу.

Ак жектенин жеңине,

Кир койбогон аккан суу.

Көңүлүңдү калтырып,

Ай, аккан суу, аккан суу,

Ай, Ааламды баккан суу.

Сыр-Дайрадан чоң туруп,

Сыр аякка баткан суу.

Жандын баарын баккан суу,

Жазда кирип, ташкан суу.

Тартынбастан баскан суу,

Тар арыктан ашкан суу.

Жабыркатпай жай, кышы,

Жандын баарын баккан суу!.

Агыны катуу болгон суу,

Ар өзөнгө толгон суу.

Жаз келгенде кирген суу,

Жандын баары сүйгөн суу.

Эки өркөчү баладай,

Төө келген аккан суу.

Аюу, каман, илбирси,

Чөө келген аккан суу.

Биз көрбөгөн жин-пери,

Дөө келген аккан суу!

Бөкөн менен элиги,

Бугу, марал, кийиги,

Дагы келген аккан суу,

Бали, ыракмат аккан суу!..


Аккуу, өрдөк, чүрөгү,

Анда болгон түнөгү.

Безбелдек менен ак чардак,

Кара кашка кашкалдак.

Чөкө таан, бөктөргө,

Четинен айтам көп элге.

Кызыл тумшук чар карга,

Кетишпей конот ак жарга.

Булбул куштун акыны,

Торгой жээн жакыны.

Сары жаман, күйкөсү,

Салпылдаган бакылы.

Канаттуунун жаамысы,

Күн көрүшкөн баарысы,

Булар сенсиз жашабайт,

Бали, ыракмат, аккан суу!..

Кара шибер көк майдан,

Саздуу болот аккан суу.

Аккан жери дайыма,

Эңиш болот аккан суу.

Ай чапчыган толкуну,

Эч билбеген коркууну,

Деңиз болгон аккан суу!..

А, жаныбар, аккан суу,

Деңизиңде сойлогон,

Алышканын мойсогон,

Арыстан баштуу мурду шиш,

Канаты бар учканга,

Бул дүнүйө жалганды,

Кайраты бар жутканга.

Алтымыш кулач, беш баштуу,

Ажыдаарың дагы бар.

Жарык кылган түндөсү,

Кулагынын түбүндө,

Күйүп турган шамы бар.

Сырларың көп катылган,

Көк өгүздөй балыгың,

Көктү көздөй атылган.

Жаркыратып түн ичин,

Кайра сууга сайылган,

Балыктарың дагы бар!..

Тоодон аккан жеринен,

Жаралганда тегинен,

Тунук болгон аккан суу.

Тазалыгы жагынан,

Карап турсаң баарынан,

Улук болгон аккан суу.

Кемеринин ичине,

Алтын канат, жез куйрук,

Балык толгон аккан суу.

Керектиги Ааламга,

Анык болгон аккан суу!..

Алдына шайтан жуутпай,

Кууп турган аккан суу.

Ак кепиндеп, аруулап,

Жууп турган аккан суу!..

Арам менен адалды,

Ылгабайсың, аккан суу.

Бир адамдан жамандап,

Булгабайсың, аккан суу.

Жайы-кышы барабар,

Саан алган аккан суу.

Асмандан булут кубулуп,

Жаан алган аккан суу.

Алты айчылык жол кетсе,

Арасынан үзүлбөй,

Созуласың аккан суу.

Алтымыш бөлөк баш жагың,

Аягың келип бир жерден,

Кошуласың аккан суу!

Дыйкан-чарба адамды,

Бүт тындырып мудааңды,

Жабыркатпай баккан суу.

Кызматы менен кишиге,

Мына ушундай жаккан суу!..

Челек менен көтөрсө,

Түгөнөм деп шашпаган.

Тиктеп туруп байкасак,

Калыбынан жазбаган,

Кандай молсуң, аккан суу!

Тоо боорунан оргуштап,

Булак болгон аккан суу.

Катын менен балага,

Ынак болгон аккан суу.

Жоодураган ботогөз,

Моймолжуган ширин сөз,

Күмүш үндүү күн жүздүү,

Жан эриткен бал тилдүү,

Шыбырашып сүйлөшүп,

Бирин-бири жүр дешип,

Аста күлүп шыңк этип,

Алтындан иймек сөйкөсү,

Кулагында жылт этип.

Муну көргөн жигиттин,

Эт жүрөгү зырп этип,

Эки челек көтөрүп,

Күймөнсө атыр жыттанган,

Көркүнө киши суктанган.

Кыраңда гүлдөй бөлүнгөн,

Кирпиктери төгүлгөн,

Кош-коштоп чачы өрүлгөн,

Кундуз бөрк кийген башына,

Көлдөгү куудай көрүнгөн,

Кыздар келген, аккан суу!..

Ай тамагын кылайтып,

Ак көйнөгүн булайтып,

Ак элечек кайкайтып,

Ак маралдай маңкайып,

Аста басып жөнөсө,

Асмандан түшкөн жел кайып.

Күлкүсү күмүш үндөнгөн,

Сүйлөөдөн жигит сүрдөнгөн.

Ачылган кызыл гүлдөнгөн,

Абыдан кооз түрдөнгөн

«Секетпай» деп ыр айтып,

Секин сууга сыр айтып.

Жанаша басып кыналып,

Жадабай күндө суу алып.

Карыяны көргөндө,

Каада сактап уялып.

Өңүн суудан каранып,

Тотукуштай таранып,

Келиндер келген аккан суу!..

Булактын башын болжошуп,

Муңайып күтүп, жол тосуп.

Жашчылык менен каңгышып,

Жанынан булак аңдышып.

Чылбырдап атын кармашып,

Чын перидей сулууга,

Чын дилден сөзүн арнашып.

Чыңыртып күлүк минишип,

Чийбаркыт тандап кийишип,

Чымчылашып тийишип,

Далбас уруп жаштыкта,

(Алдастаткан адамды,

Арагы жок мастык да).

Бир көз салып калууга,

Ынактыгын билгизип,

Учуру келсе айтууга.

Жеңесин салып ортого,

Желдирип эрте кайтууга

Жашчылык иштин айынан,

Башын да сайып тартууга

Булактан көзү өтүшүп,

Жигиттер келген аккан суу!..

Белдемчисин байланып,

Балдарына айланып,

Бирин жонго көтөрүп,

Бирин алган ээрчитип.

Бирин жүргөн телчитип.


Секин басып чайпалып,

Отурганда «белим» деп,

Чоочуганда «эрим» деп,

Карылык мени жеди деп,

Жаңы келген жылдары,

Буралган келин кезим деп.

Кайдагыны козготкон,

Карылык сенин кезиң деп.

Кемпирлер келген аккан суу!.

Ак сакалын жайкалтып,

Аста сүйлөп, нарк айтып,

Жолдун ташын теришип,

Булак оңдоп беришип,

Жигит чагын эстешип,

Өткөн экен убак деп,

Кеткен экен курак деп,

Атаңдын көрү дүнүйө,

Өзгөрүлбөй турат деп,

Санжыра, кебин чуурутуп,

Чалдар келген аккан суу!..

Божурашып сүйлөшүп,

Бир күндө он беш суу кечип.

Суу боюна барышып,

Балтыркандан кесишип,

Суу мылтык жасап алышып,

Бирин-бири атышып,

Бир кумардан канышып,

Ит балдакты тебишип,

Мен кыйын деп жарышып,

Балдар келген аккан суу!..

Ай туяктан арнашып,

Ак боз бээ союшуп,

Ак кымызга тоюшуп.

Көпкө арча чыдайт деп,

Каржыгачка коюшуп.

Карагай кесип кынашып,

Карылар менен сынашып.

Чеңгек менен бекитип,

Чечилип сырга келишип.

Суу кечпей малы өтсүн деп,

Семирип тез кетсин деп.

Эл катташып оңсун деп,

Эбин таап жасаарга,

Эпчил уста болсун деп.

Эптеп салып көпүрө,

Элдер келген аккан суу!..

А, жаныбар, аккан суу,

Таң кашкайып сүргөндө,

Булутту шамал түргөндө,

Катуулап суу киргенде,

Тараза жылдыз бөлүнүп,

Тоо, таштын баары көрүнүп.

Сүрүлүп жылдыз качканда,

Сары Чолпон жылдыз батканда,

Өзөндөн ак шамал жүрүп ыркырап,

Суудан, кара буу чыгып буркурап,


Асмандын, жылдызы качып дыркырап.

Токойдо гүлдөр гүлбурап,

Бутакта булбул ыр курап,

Шыбакта торгой чулдурап.

Жылгадан алты миң булак шылдырап,

Жарашкансың, аккан суу!..

Күн жайылып келгенде:

Күңгүрөнүп күч алып,

Күмүш комуз күү чалып. . Аркыраган күч алып,

Алтын комуз күү чалып.

Күн келбетин бетине,

Жаркыратып түшүрүп.

Чаңкап келген мал, жанга,

Тартынбастан ичирип.

Күмүштөй болуп жалтылдап

Берекесин арттырып,

Ийип берген балкылдап!..

Бири консо, бири учуп,

Бири кетсе, бири келип.

Эки жагын карашып,

Канаттарын тарашып.

Мукам-мукам сайрашып,

Бутагында жарашып.

Уядагы күтүшкөн,

Балапанга суу берип.

Кужурашып отуруп,

Коркунуч болсо дуу кетип,

Куштар келген аккан суу!..

Куйрук жалы бир карыш,

Кулан келген аккан суу.

Аягы жок, колу жок,

Жылан келген аккан суу!

Чымын менен чиркейи,

Буда келген аккан суу.

Бөгөнөгү, бүргөсү,

Жуда келген аккан суу.

Ийнелиги, көгөөнү,

Ал да келген аккан суу.

Жөргөмүшү, сайгагы,

Бул да келген аккан суу.

Сары тампыз, саратан,

Санап айтып баратам,

Буда келген аккан суу.

Кумурскадан пилге чейин,

Жуда келген аккан суу!

А жаныбар, аккан суу,

Түш мезгили маалында,

Күкүктөнүп күүлөнгөн,

Күкүк болуп сүйлөнгөн.

Шамал чыгып өзүнөн,

Шапатасы жыргаткан.

Шайырланып шар агып,

Шаңшыттырып ырдаткан.

Жандап барган мал ичип,

Суусап барган жан ичип,

Боору менен сойлогон,

Буту менен басканда,

Асман менен учкан да,

Баары өзүңө келишкен,

Асилденсиң, аккан суу!..


Бешим убак болгондо,

Бир аз калган тартылып,

Тандырбаган адамды,

Тамашасы артылып.

Башбалдак атса өрдөгү,

Байкалат балык көлдөгү.

Койкоюп сүзсө каздары,

Калбай ээрчип балдары.

Ылаачын, көк куш келе албай,

Ыкыс берип тебе албай,

Ичинде калат арманы,

А жаныбар, аккан суу,

Көпкө тийген жардамы!..

Кечке маал болгондо;

Керимсел жүрүп ойногон.

Кара суучул, чулдук куш,

Кыялай учуп тойлогон.

Кыбыланын кызыл шамалы,

Кыдырып дүйнө жойлогон.

Кылкылдап күн батаарда,

Кыялды жайга койбогон.

Күндүн нурун сүртүнүп,

Күлүңдөп көркүн жойбогон.

Карагай менен канчалык,

Көркүнө көзүң тойбогон!..

Түн ичинде карасаң:

Өзөндүн ичи шуулдап,

Көктүн жайнап жылдызы,

Өз өңүн карап жымыңдап.

Көк жылдызын батырып,

Табактай Айды калкытып,

Аттай ак боор балыгын,

Асманды көздөй атылтып.

Күкүмдөлгөн тамчысын,

Күргүштөп жээкке чачылтып.

Чарадагы кымыздай,

Чачыратып сапыртып,

Кереметиң бир сонун,

Көргөндүн оозун ачылтып!..

Агыласың жулунуп,

Алда кайдан сайраган,

Күкүк менен Зейнептин,

Сайраганы угулуп.

Жалбыздын жыты буркурап,

Көңүлүңдү сергитип.

Ыргагыңды келтирет,

Ылаачындай эргитип!

Жаз келгенде токтобой,

Өрдөн чыккан аккан суу.

Кайык сүзүп өтө албас,

Кара тоонун боорунан,

Көлдөн чыккан аккан суу!

Жер үстүндө мелмилдеп,

Дарыя болгон аккан суу.

Жеңижок төккөн ыр менен,

Жарыя болгон аккан суу.

Желип өткөн жерине,

Жемиш өсүп, бак болгон.

Келип кеткен жерине,

Шаар орноп эл толгон.

Пейли кенен, тар эмес,

Бир калыпта бузулбай,

Агып жаткан аккан суу

Дүнүйөнүн баарына,

Балдан таттуу шипширин,

Жагып жаткан аккан суу!..

А жаныбар, аккан суу,

Ылдыйды карап жүргөн суу,

Ылайланып кирген суу.

Эңишти карап жүргөн суу,

Эрки менен кирген суу.

Шамалдай үнүң шуулдап,


Тирилигин өтөгөн,

Топ паренде чуулдап.

Жээгиңде сайраган,

Күкүк менен булбул бар.

Көлүндө киши көрбөгөн,

Кара Кашка дулдул бар.

Жүнү сеңсел, ак куйрук,

Кундузу бар аккан суу.

Көзгө жылуу көрүнгөн,

Жылдызы бар аккан суу.

Жүнү түркүн кубулган,

Суусары бар аккан суу.

Дүйнөдө түркүн сонунду,

Мына ушинтип баккан суу.

Кимге болсо баары бир,

Мумуядай жаккан суу!..

Суусуз чөлдө жашап көр,

Өтөр суунун азабы.

Айта берсем түгөнбөйт,

Аккан суунун казалы.

Керүүдөн кыян кошулуп,

Сел болосуң аккан суу.

Этек жагың буулса,

Көл болосуң аккан суу.

Чөлдүү жерге барганда,

Алтын менен күмүшкө,

Тең болосуң аккан суу!..

Кыртыш байлап бетине,

Жүн чыкпаган аккан суу.

Айбанатпы, адамбы,

Башын салса: «Тур, кет!» деп,

Унчукпагаи аккан суу!

Ирик менен чирикти,

Таза кылган аккан суу.

Эл жайлоого конгондо,

Эртерээк ичсем дедиртип,

Эки агайин кишини,

Ача кылган аккан суу.

Жүргөн жерин гүлдөтүп,


Жумуш кылган аккан суу.

Нөөбөтү мага келбейт деп,

Коңшу отурган адамды,

Уруштурган аккан суу.

Жаздын айы келгенде:

Байчечекей башбагып,

Булак ийип таш жарып.

Тоо башынан мөңгү эрип,

Токсон Миң булак бир келип,

Асмандан булут бүркөлүп,

Жамгырын төксө ал көрүп!

Жекендин башы желпилдеп,

Камыштын башы калкылдап.

Ааламга булут оролуп,

Айдын башы тоголуп.

Чагылганы чартылдап,

Ай караңгы түнүндө,

Күндүзгүдөй жаркылдап.

Жердин жүзүн термелтип,

Каарданып киргенде,

Каптап сел ылдый сүргөндө,

Капчыгайга толгондо,

Жандап барган мал жанды,

Ажыдаардай жалмап соргондо

Алачыктай таш агып,

Аюу жолборс, сүлөөсүн,

Алдынан чыкса баары агып.

Байлап койгон сал агып,

Байкабаган жан агып.

Көпүрөлөр дагы агып,

Кечип кирген мал агып!

Бузуп өткөн кыяны,

Бул аккан суунун зыяны!..

Ташка тийген жеринен,

Таамай жалын, от жанып.

Жарга тийген жеринен,

Жолум үйдөй из калып!

Ортосунан карасаң,

Оргуган кара кап агып!

Түптүү терек токтобой,

Бир куурайга окшобой.

Карагайы, арчасы,

Карайган токой канчасы,

Бир токтошко жарабай,

Агып барат даң салып.

Ташка тийсе чачырап,

Таамай жанды качырат.

Күкүктөнүп, сүйлөнүп,

Күчү ташып, жинденип.

Тамдай болгон таштары,

Тоголонгон калдырап.

Аны көргөн пенденин,

Акылы калат дабдырап.

Аскага тийсе жанчылып,

Айбатынан жан чыгып.

Кирип барат аккан суу!..

Буда аккан суунун зыяны!..


А, жаныбар, аккан суу,

Жаз келгенде күрпүлдөп,

Ээ жаа бербей ташкан суу.

Тоодон чөлгө жеткенче,

Далай жолду баскан суу.

Жан-жаныбар күйөнү,

Жаамы ушул дүйнөнү,

Жаркыратып баккан суу!

Жиктеп журтка бөлбөгөн,

Жанында адам болбосо,

Жакын көрүп чөлдөгөн.

Арык кайрып байласа,

Пайдасы бар аккан суу.

Жашап турса түгөнбөс,

Жайрасы бар аккан суу.

Жандуу менен жансызга,

Өмүр отун күйгүзгөн,

Айласы бар аккан суу!

Ташкыны бийик дүйнөнүн,

Таалайындай жаралган.

Түрдүү чөпкө, мивага,

Каны болуп таралган,

Тегеренип жанынан,

Карып мискин кетпеген,

Кандай молсуң, аккан суу,

Жердин үстүн тепсеген!..

А, жаныбар, аккан, суу,

Аккан суунун белгиси:

Камчыланбай тез кеткен,

Мудаасына бат жеткен,

Жийиркенбей ичине,

Кырк аяктуу курт күткөн,

Камыш чыгып көлүнө,

Кара бээ оттогон.

Балырынын ичине,

Бака чардап токтогон.

Келишкенсиң аккан суу!..

Көрүп адам жыргаган,

Бейиштенсиң аккан суу.

Арам, адал дебеген,

Асылдансың аккан суу.

Өз башыңдан күнөөнү,

Арыткансың аккан суу.

Кимге болсо «макул» деп,

Баш ургансың аккан суу.

Туш тарапка бет алып,

Агып өттүң аккан суу.

Адашпастан өз жолуң,

Табып өттүң аккан суу.

Кыялданып кыйшайып,

Шоокумданып, үн салып,

Желип өттүң аккан суу.

Аласасын адамга,

Берип өттүң аккан суу.

Кышын-жайын барабар,

Коргошундай көлтүлдөп,

Тунук болуп мөлтүлдөп,

Эрип өттүң аккан суу.

Келин менен кыздарга,

Керектүүн алгын деп,

Челегине толтуруп,

Берип өттүң аккан суу!

Өмүр шерик адамга,

Болуп өттүң аккан суу.

Бул дүнүйө жарыктан,

Толуп өттүң аккан суу.

Кара жерге жымылдап,

Кирип өттүң аккан суу.

Бара турган жериңди,

Билип өттүң аккан суу.

Киши баргыз чуңкурга,

Кирип өттүң аккан суу.

Касиеттүү аккан суу,

Күз мезгилде карасаң:

Калыбынан тартылган,

Кубатынан айрылган.

Мөңгүсү аздап эриген,

Булагы ийбей кемиген.

Каркылдап учкан каз кеткен,

Куркулдап жүргөн куу кеткен.

Өрдөк, чүрөк калбастан,

Жылуу жакка дуу кеткен.

Жинин каккан бакшыдай,

Жарым болуп суу кеткен.

Эртең менен кечинде,

Буркурап чыккан буу кеткен.

Кыш чилдеде карасаң,

Көрүнүшүн байкасаң,

Көк муз карга оронуп,

Көнүлдүү ыры жоголуп,

Туңгуюкта чулдурап,

Агып жатыр булдурап.

Алкынган алы жок болуп,

Араңжандай токтолуп,

А бирок моюн бербестен,

Аяз суукка көнбөстөн,

Агып жатат аккан суу!..

А жаныбар, аккан суу,

Күнү-түнү аксаң да,

Кызмат этип жатсаң да,

Кадырыңды билбейбиз.

Көңүлүңдү кир кылып,

Кайра өзүңдү тилдейбиз.

Жок дегенде бир жылда,

Зыярат кылып жүрбөйбүз.

Суу сыйлаган зор болор,

Суу кордогон кор болор,

Өзүнө өзү жоо болор.

Акыл менен ойлоп ал,

Айткан жокмун тим гана!..

А, жаныбар, аккан суу,

Жок дегенде бир күнгө,

Келбей койсоң таарынып,

Кесирленип жүргөндөр,

Чуркайт эле ак уруп!

Барктабастан жүргөндөр,

Айчылык жерде болсоң да,

Бир ууртап сени алганга,

Жетет эле жалынып.

Колунда болгон дүйнөсүн,

Берет эле жабылып!..

Бирок сен андай эмессиң,

Чалкып жаткан кененсиң.

Керектеген жандуунун,

Кызматына беленсиң.

Байыртадан бер жакка,

Керектелип келгенсиң,

Бали, ыракмат, аккан суу!

Толкуп, ташып ага бер.

Тегеренип Жер жүзүн,

Турмуш отун жага бер!..

Мөңгү болуп ашууда,

Үнөмдөлгөн аккан суу.

Жети күн, бир түн айтсам да,

Түгөнбөгөн аккан суу.

Аккан, аккан, аккан суу,

Аманат жанга жаккан суу! .

Аккан суу (Экинчи түрү)[түзөтүү]

Кара тоонун боорунан,

Кайнап чыккан аккан суу.

Жайнап чыккан аккан суу.

Кара таштын боорунан

Жарып чыккан аккан суу,

Жер үстүнөн күнөөдөн

Арып чыккан аккан суу.

Кара таштан жаркырап,

Түшүп жаткан аккан суу,

Жан-жаныбар шимирип,

Ичип жаткан аккан суу.

Кара жердин астынан,

Жылып жаткан аккан суу.

Жаамы күнөө кылганды,

Билип жаткан аккан суу.

Ак кыянын боорунан,

Канаат алган аккан суу.


Карып, мискин* бечара

Даарат алган аккан суу.

Он сегиз миң ааламды,

Багып чыккан аккан суу.

Тарбия күтүп таалайга,

Барып чыккан аккан суу.

Ылай, чопо киринен

Арып чыккан аккан суу.

Алтын куйрук жез канат

Балык чыккан аккан суу,

Ай тийгенде шооладай

Жарык чыккан аккан суу.

Алып кетсе жетелеп,

Кете берген аккан суу.

Бөлгөн жерге токтолбой

Жете берген аккан суу.

Дыйкан, чарба адамды,

Чөлдөп келген адамды,

Суусун берип баккан суу.

Кызматы менен кишиге,

Мына ушундай жаккан суу.

Түгөнөм деп шашпаган,

Тиктеп туруп байкасам,

Калыбынан жазбаган,

Канаты бар аккан суу.

Таза кылган аккан суу.

Дүнүйөнүн баарына

Кереги бар аккан суу.

Жүнүн сеңсел ак куйрук,

Кундузу бар аккан суу.

Киргенде адам кече албас.

Сүрү кыйын аккан суу.

Ташка тийсе оорубас,

Жаны кыйын аккан суу

Жан-жаныбар киени-1

Жаркыратып баккан суу.

Карайгандын баарысын,

Кашат кылган аккан суу.

Аккан суунун баарысы,

Башат болгон аккан суу,

Түбү жумшак, үстү бек,

Саздан чыккан аккан суу.

Тиктеген менен көз жетпес,

Таштан чыккан аккан суу.

Эңкейиштен оргуштап,

Булак болот аккан суу.

Катын менен балага,

Ынак болот аккан суу.

Арам менен адалды,

Ылгабайсың аккан суу.

Бир адамды жамандап,

Булгабайсың аккан суу.

Чыккан дарак баарысы

Даам алган аккан суу.

Бей-бечара карыптар,

Жайы-кышы барабар,

Саан алган аккан суу.

Асмандан булут кубулуп,

Жаан алган аккан суу.

Кез келгенде токтолбой,

Жерден чыккан аккан суу.

Кайык жүрүп өтө албас,

Кара тоонун боорунда,

Көлдөн чыккан аккан суу,

Акканын адам билбеген,

Караанын көрүп зилдеген

Жер үстүнө мелмилдеп,

Дария болгон аккан суу.

Өтүп кеткен жериңе,

Дарак тигип бак болгон,

Шаар орноп эл толгон.

Жууса кирин кетирген,

Түгөнбөй түшүп жол салган,

Кечип кетсең ылайылап,

Так билбеген аккан суу.

Бейли кенен, тар эмес

Бир калыпта бурулбай

Агып жатат аккан суу.

Дүнүйөнүн баарына,

Балдан таттуу шипширин

Жагып жаткан аккан суу.

Жазга маал өркөчтөп

Күүлдөгөн аккан суу.

Ак куу, өрдөк каз конуп

Чуулдаган аккан суу.

Жан жаныбар суу ичип

Тарап турган аккан суу,

Керегине дүйнөнүн

Жарап турган аккан суу.

Улутка журтту бөлбөгөн,

Көрбөсө адам чөлдөгөн,

Арык кайрып байласа,

Шооласа абдан көлдөгөн,

Пайдасы бар аккан суу.

Өмүрүндө түгөнбөс,

Дайрасы бар аккан суу.

Сөөк ысып ооруса,

Чалгандайсың аккан суу.

Чөлдөп келген адамга.

Алтындайсың аккан суу.

Шамалдай үнүң шуулдап,

Шаңшыган кундуз чуулдап,

Жээгинде сайраган,

Күкүк, булбул дагы бар

Көлүндө киши көрбөгөн,

Кара кашка дулдул бар,

Жетпеген адам кылат зар

Мына мындай аккан суу.

Кимге болсо барабар,

Маңгиликке жаткан суу,

Айта берсем түгөнбөйт,

Аккан суунун казалы.

Ташкыны бийик дүйнөдөн,

Далай жанды арыткан,

Өзү кылган күнөөдөн

Тегеренип жанынан,

Карып, мискин кетпеген,

Бу жаныбар аккан суу.

Өзөндүү булак сайдасың,

Алыста жүрүп чөлдөсө,

Жетүүгө таппай айласын,

Кыбыраган бүткүл жан,

Суунун көргөн пайдасын.

Аккан суунун белгиси,

Мудаасына бат жеткен.

Жийиркенбей ичине,

Кырк аяктуу курт күткөн.

Камыш чыгып көлүнө,

Кара бээ токтогон,

Балырынын ичине

Бака чардап жайкалган,

Келишкенсиң аккан суу.

Көрүп адам жыргаган,

Бейиштенсиң аккан суу.

Арам адал дебеген,

Асылдансың аккан суу.

Өз башыңан күнөөнү

Арыткансың аккан суу.

Кимге болсо макул деп,

Баш ургансың аккан суу.

Бирдей болдуң баарыга

Агып барып токтодуң,

Океандын шарына,

Узун өмүр шай болуп,

Агып өттүң аккан суу.

Он сегиз миң ааламды,

Багып өттүң аккан суу.

Кыялданып кыйшайып,

Желип өттүң аккан суу.

Аласасын адамга,

Берип өттүң аккан суу.

Дүнүйөнүн бүт жүзүн,

Көрүп өттүң аккан суу.

Кышын-жайын барабар,

Коргошунча көйкөлүп,

Эрип өттүң аккан суу.

Келин менен кыздарга,

Керектүүн алгын деп,

Челегине толтуруп,

Берип өттүң аккан суу.

Бул дүнүйө жарыкта,

Толуп өттүң аккан суу.

жети кабат жер астын, жпрып чыкан аккансуу Адамдын баарын баккан суу.

Дайра болуп ташкан суу,

Тар арыктан ашкан суу.

Агын дайра болгон суу.

Ар өзөнгө толгон суу.

Сурап, сурап отурса,

Кайда болот аккан суу?

Ылайыктуу кең өзөн,

Жайда болот аккан суу.

Аяк-башы туюк жар,

Сайда болот аккан суу.

Тескейи бийик, терең сай,

Коодо болот аккан суу.

Тегирменге байласаң,

Ноодо болот аккан суу.

Ашса кетет талаага,

Кара шибер, көк майдан

Саздуу болот аккан суу.

Кайрысаң келет арыкка,

Баштуу болот аккан суу.

Кемеринин баарысы,

Балык болот аккан суу.

Керектиги адамга

Анык болгон аккан суу.

Кетмен чаап байласа,

Арык толгон аккан суу.

Алты айчылык жолго аксаң,

Арасынан үзүлбөй,

Созуласың аккан суу.

Аягың келип бир жерден

Кошуласың аккан суу.

Ылдый карап жүргөн суу.

Ылайланып кирген суу.

Эңишти көздөй жүргөн суу,

Эрки менен кирген суу.

Ыйманы бар адамды,

Даргөйүндө билген суу.

Колуң менен бутуңа,

Даарат болгон аккан суу.

Кожо менен молдого,

Даарат болгон аккан суу.

Кыртыш байлап бетине,

Жүн чыкпаган аккан суу.

Мусулмандыр, капырдыр,

Башын салса тур кет деп,

Үн чыкпаган аккан суу.

Кара жерди жууруп,

Камыр кылган аккан суу.

Кас санаган душманды,

Каттама кылып нан берсе,

Тамыр кылган аккан суу.

Акпай турсаң бир жерде,

Чөл болосуң аккан суу.

Айлана тунук көк ирим,

Көл болосуң аккан суу.

Жайык жерге келгенде,

Алтын менен күмүшкө

Тең болосуң аккан суу.

Кериден кыян кошулса,

Ташыбайсың аккан суу.

Жалаң куйса идишке

Сасыбайсың аккан суу.

Эл жайлоого конгондо

Эгин маалы болгондо,

Эртерээк ичсем экен деп,

Эки агайын кишини

Ачы1 кылган аккан суу.

Ирик менен чирикти

Таза кылган аккан суу.

Арамдын баарын тазалап,

Маза кылган аккан суу.

Арам менен адалды,

Бир койбогон аккан суу.

Ак көйнөктүн жеңине,

Кир койбогон аккан суу.

Күнү-түнү жылган суу.

Жуунбаган адамды

Жуунса, таза кылган суу.

Алдына шайтан жуутпай,

Кууп турат аккан суу.

Ажалы жеткен адамды,

Ак кепиндеп, аруулап,

Жууп турат аккан суу.

Айт, айт десе[түзөтүү]

Айт, айт десе токтолбой,

Ашуудан шамал соккондой,

Аксы менен Таласты айт.

Көкчө менен Манасты айт,

Күн жүгүрүк канатты айт,

Күйгөн элде санатты айт.

Өтө кызыл манатты айт,

Өткөн элде санатты айт.

Ат үстүндө китепти айт,

Муну окуган молдону айт,

Кууганды айтпай, жыкканды айт.

Болуп өткөн тарыхты ант,

Жалганды айтпай аныкты айт.

Акындардын ырын айт,

Акылмандын сырын айт.

Кедейлердин муңун айт,

Балбандардын күчүн айт.

Арыстандын сүрүн айт,

Булбул торгой үнүн айт,

Чөбүн айтпай гүлүн айт,

Туулуп өскөн жериңди айт,

Куттуу кыргыз элиңди айт.

Тоскоолдун көлүн айт,

Суусамырдын төрүн айт,

Атан төөдөй эрди айт,

Аргымак тууган бээни айт.

Жүк көтөргөн төөнү айт.

Конодон чыккан күлүктү айт,

Карышкыр алган бүркүттү айт.

Алганды айтпай, бергенди айт,

Душманды жеңип келгенди айт.

Бурма темир, сом темир,

Бурбай соккон устаны айт.

Буркурап жааган булутту айт.

Кырга капкан салганды айт,

Кызыл түлкү алганды айт.

Жонго капкан салганды айт,

Жолборс атып алганды айт.

Көз мелжиген бийикти айт,

Анда жүргөн кийикти айт.

Керилип кетмен чапканды айт,

Адал дүйнө тапканды айт.

Таттуу болгон өмүрдү айт,

Өзгөрүлгөн көңүлдү айт.

Мергенчинин көзүн айт,

Карыянын сөзүн айт.

Күмүштү айтпай, алтынды айт.

Азамат тууган катыңды айт.

Ашкебини сөгүп айт,

Акын болсоң төгүп айт.

Ак караны ылгап айт,

Жүрөк менен жыргап айт,

Эмгекчини мактап айт,

Жатып ичеер бузукту

Какшык сөзгө кактап айт.

Адилетти коргоп айт,

Арамзаны кордоп айт,

Ак болоттун бөркүн айт,

Ала-Тоонун көркүн айт.

Ач албарстын курчун айт,

Ата-бабаң журтун айт.


Жалгыз тал[түзөтүү]

  Жеңижокту 1875-жылы, 15 жаш кезегинде, ала болуп кеттиң, элге жолобо  деп, Ташкара бий Аксыга кубалаган. Ошондо качып бара жатып, Бакайыр деген жерде жалгыз талды көрүп, элин-жерин кыялбай жалгыз талды кошуп ырдаган:  

Бакайырда жалгыз тал,

Баласы жок байкуш тал,

Жол боюнда жалгыз тал,

Жолдошу жок байкуш тал,

Кайрылып келип конгондой,

Каргага түнөк болгондой.

Канаты жок жалгыз тал,

Кайгысы көп байкуш тал.

Бурулуп келип конгондой,

Булбулга түнөк болгондой.

Бутагы жок жалгыз тал,

Муңдуу болгон байкуш тал.

Сен бу жерде жок элең,

Жериң кана жалгыз тал?

Аймактуу чогуу жамагат

Элиң гана жалгыз тал?

Көрүнбөйсүң ыраактан

Караң кана жалгыз тал?

Тегеренип ойногон

Балаң кана жалгыз тал?

Ичке тартып кетипсиң,

Денең кана жалгыз тал?

Көтөрүп жүрүп чоңойткон

Энең кана жалгыз тал?

Ала бакан болгондой,

Ачаң гана жалгыз тал?

Аркалап жүрүп чоңойткон

Атаң гана жалгыз тал?

Өзүң жалгыз турусуң,

Бириң гана жалгыз тал?

Өзүң менен бир тууган

Иниң кана жалгыз тал?

Карайган талдын бирисиң,

Калың топтон ажырап,

Кандай жалгыз жүрүсүң?

Эки талдын бирисиң,

Эл-журтуңан ажырап,

Эмине жалгыз жүрүсүң?

Жеңижокко Жалгыз талдын айткан жообу:[түзөтүү]

Беш-алты ооз сөз кылып,

Аңгеме кылып курадың

Аңырып турган жалгыздын

Ал-абалын сурадың.

Тең тушуңа ээ кылып,

Терип-тепчип курадың.

Телмирип турган жалгыздын

Теги-жайын сурадың.

Кара жердин боорунда

Калганың бар шөкүлдү.

Кайгырасың жалгызга,

Арманың бар шөкүлдү.

Кызыл күнгөй кыштоонун,

Туштаның бар шөкүлдү.

Кызыл өңүң кер сары,

Бушманың бар шөкүлдү.

Башка чаап жаралап,

Пас болгонум ал үчүн

Тизилип чыккан бурагым,

Түндүкчү келип кести эле,

Түгөнөмүн ал үчүн,

Ача чыккан бутагым

Ала бакан кылам деп,

Ашканага курам деп,

Ар ким келип кести эле

Ал себептен түгөндүм.

Менин ушул турганым,

Бендеге болсун убалым.

Аңырып жалгыз турганым,

Адамга болсун убалым.


Жеңижок:[түзөтүү]

Талда болсоң далайдан,

Тегин эмес экенсиң.

Бериштелүү адамдан

Бегине эмес экенсиң.

Төрт түлүктүү малымды,

Толгосуз билдиң алымды.

Ак таноо тору тайымды,

Айттырбай билдиң жайымды.

Балам жок[түзөтүү]

Ак сайдан аккан дарыя,

Арманым айтам жарыя.

Көк сайдан аккан дарыя,

Күйүтүм айтам жарыя.

Аргымак оозун бурайын,

Ай, айланып жыл келет,

Айтпай бир кантип турайын.

Күлүктүн оозун бурайын,

Күн айланып жыл келет,

Күйбөй бир кантип турайын.

Күмүшүн ырдын терейин,

Күйүтүм айтып берейин.

Алтынын ырдын терейин,

Арманым айтып берейин:

Сарыны кийдим тогунан,

Саргайдым бала жогунан

Караны кийдим тогунан,

Кайгырдым бала жогунан.

Кымыздык терген кең колот,

Кырына барып эл конот.

Кымбатым, элим, келипсиң,

Кыйытып айтсам, не болот?!..

Балдыркан чыккан чоң колот,

Башына барып эл конот.

Башымда турган арманды,

Байкатып айтсам, не болот?!.

Алтынды жезге өткөрбөйт,

Айтпасам дартым бөксөрбөйт

Күмүштү жезге өткөрбөйт,

Күйбөсөм дартым бөксөрбөйт.

Алтындын жайы гүлбакта,

Алган жарым Көксулуу,

Айтып турам бул чакта.,

Арманга батпа бул тапта!

Күмүштүн жайы гүлбакта,

Кошулган, жарым, Көксулуу,

Какшанып турам бул чакта,

Эми күйүткө түшпө бул тапта!.

Кошулган, жарым, Көксулуу,

Килемди согуп түр кылдың,

Кирген үйүң гүл кылдың.

Кажары согуп түр кылдың,

Кармаган үйүң гүл кылдың.

Сандык жыйдың жүгүңө,

Сарамжал кирди үйүңө.

Беш кеште жыйдың жүгүңө,

Береке кирди үйүңө.

Чырмап чийиң каладың,

Чырайлап үйүң кармадың.

Оролтуп чийиң каладың,

Окшотуп үйүң кармадың.

Алдын сылап жүк жыйдың,

Аркасын карап үй тиктиң.

Керегесин кынадың,

Керүүдөн туруп сынадың.

Кайтар куштан үлгү алдың,

Кайчылабай тон бычтың.

Учаар куштан үлгү алдың,

Үлгүлөбөй тон бычтың.

Шакегиңдин жүлгүсү,

Шаарга кетти үлгүсү.

Оймогуңдун жүлгүсү,

Ойротко кетти үлгүсү.

Казы элечек, кара көз,

Калкымдан чыккан бото көз.

Торко элечек, торгой көз,

Тобумдан чыккан бото көз.

Оймогуңа гүл тактың,

Он жубанга сын тактың.

Шакегиңе гүл тактың,

Сан жубанга сын тактың.

Аксыдан чыккан сулуубум,

Арманым айтып турумун:

Тескейге каккан куу казык,

Текенин эти жол азык.

Теңтушумдан кем болдум,

Теңирим менде не жазык?..

Күңгөйгө каккан куу казык,

Кулжанын эти жол азык.

Курдашымдан кем болдум,

Кудайым, менде не жазык?..

Беш колумда муунум жок,

Бел кыла турган уулум жок.

Оң колумда муунум жок,

О дүйнө көздөй жол тартсам,

Ордумду басар уулум жок!

Түндүктүү дүкөн үйүмө,

Түркүк болор уулум жок.

Капшыттуу дүкөн үйүмө,

Карманып оокат кылаарга,

Кадырлап баккан уулум жок!..

Эрте турсам шамал жок,

Эсимде турат амал жок.

Саар турсам шамал жок,

Санаамда турат амал жок.

Өзөндүү булак, Кара-Суу,

Өрөөнүң толсо калаа жок.

Өз журтумду ээлерге,

Өзүмдөн бүткөн бала жок!

Кайыңдуу булак, Кара-Суу,

Каптаса толгон калаа жок.

Кадимки журтум ээлерге,

Кадырлап баккан бала жок.

Аргымак жалы кайрылса,

Тармал эмей, эмине?

Өзүңдөн бала болбосо,

Арман эмей, эмине?

Тобурчак жалы кайрылса,

Тармал эмей, эмине?

Тутунаар балаң болбосо,

Арман эмей, эмине?..

Кайрылышта мүрзөмдү,

Кайрылып барып ким көрөт,

Кайгырып жашын ким төгөт?

Бурулушта мүрзөмдү,

Бурулуп барып ким көрөт?

Буркурап жашын ким төгөт?..

Эгерде уулум болгондо:

Каттаганда кан жолум,

Кармаганда оң колум.

Сүйлөгөндө таңдайым,

Сүйүнгөндө маңдайым!

Ак шумкар кушун чуктамак,

Ак чатыр кирип уктамак.

Көк шумкар кушун чуктамак,

Көк чатыр кирип уктамак.

Жанына бычак бүлөмөк,

Жайында кушу түлөмөк.

Кынына бычак бүлөмөк,

Кышында кушу түлөмөк.

Аргымак минип ойнотмок,

Адырга тайган жойлотмок.

Ак дарыя бойломок,

Ак шумкар салып ойномок.

Көк дарыя бойломок,

Көк шумкар салып ойномок!..

Көл жакалай куш салса,

Көк ала моюн каз алмак.

Сайды бойлоп куш салса,

Сарала моюн каз алмак.

Суксурга кушун ыргытмак,

Сур жорго минип жылжытмак.

Кекиликке кушун ыргытмак,

Кер кашка минип жылжытмак.

Аргымак минип жетектеп,

Алтынды кумдай этектеп.

Күлүктү коштоп, жетектеп,

Күмүштү кумдай этектеп.

Секиртип күлүк мингизип,

Сүлөөсүн ичик кийгизип.

Сымбатын журтка билгизип.

Булкунтуп буудан мингизип,

Букары тонун кийгизип.

Аргымак берип дуулатып,

Адырдан коён уулатып.

Тобурчак берип жыргатып,

Токойдон коён уулатып.

Сар кашка атка мингизип,

Саймалуу калпак кийгизип.

Карагер атка мингизип,

Кайырма калпак кийгизип.

Чыгарбайт белем, жыйынга,

Мен курган жыт кылбайт белем мурунга!...

Сайратсам элдин кашында,

Санаам жок эле башында.

Кулпунтсам калктын кашында,

Кубаныч болмок башымда.

Өзүм бир келсем кырк бешке,

Балам келсе он бешке.

Балам кылса базарды,

Тартпайт элем азарды.

Балам кылса сооданы,

Билбейт элем кооганы.

Аттиң бир гана дүйнө арман күн!.

Ак куурайда муун жок,

Аркамда калган уул жок!

Көк куурайда муун жок,

Көтөрүп баккан уул жок!

Сүт куйган чарам толгон жок,

Сүйөөргө балам болгон жок.

Аш куйган чарам толгон жок,

Аларга балам болгон жок.

Алтындан кемер байланып,

Айчылык келсем айланып.

Айчылык жолдон келгенде,

«Аталап» чыгар балам жок,

Арманды ичтен чыгарып!

Күмүштөн кемер байланып,

Күнчүлүк кетсем айланып,

Күнчүлүк жолдон келгенде,

Күлүп чыгар балам жок,

Күйүттү ичтен чыгарып!

Ак шумкар учат кыр менен,

Ак сарай бүтөт сыр менен.

Артымда калар уулум жок,

Армандуу болдум муң менен.

Көк шумкар учат кыр менен,

Көк сарай бүтөт сыр менен.

Көтөрүп баккан балам жок,

Көңүлүм өспөйт муң менен!

Алтыным барбы, бүчүмдө,

Ардактап уул сүйбөстөн,

Арманым кетти ичимде!

Күмүшүм барбы, бүчүмдө?

Көтөрүп бала көрбөстөн,

Күйүтүм кетти ичимде!..

Ай төбөдөн жаңырат,

Арманым качан арылат?

Күн төбөдөн жаңырат,

Күйүтүм качан арылат?

Ай төбөдөн түш болду,

Арманым кыйын күч болду!

Күн төбөдөн түш болду,

Күйүтүм жаман күч болду!...

Ай тегерек сабы жок,

Акыныңдын табы жок.

Күн тегерек сабы жок,

Күкүгүңдүн табы жок.

Аралга бүткөн тал белем.

Аманат болгон жан белем.

Капталга бүткөн тал белем,

Капыстан болгон жан белем.

Алтынды жезге бургандай,

Арманым айтып отурсам,

Алдыма келип тургандай.

Күмүштү жезге бургандай,

Күйүтүм айтып отурсам,

Күлүп бир келип тургандай.

Таштак бир жерде жүрбөдүм,

Тайтайлап бала сүйбөдүм.

Кумдак бир жерде жүрбөдүм,

Кучактап бала сүйбөдүм.

Көк-Башат менен Бел-Башат,

Көркөмү жанды каратат.

Көтөрүп бала көрбөстөн,

Көп өмүр өтүп баратат!

Айтылбаган ыр калды,

Ачылбаган сыр калды.

Бек байлаган бел калды,

Медер бир кылган эл калды.

Үзөңгү тепкен бут калды,

Үмүт бир кылган журт калды!...

Колдонулган адабияттар[түзөтүү]

  • Бул китеп Bizdin.kg сайтынан алынды.