Жоел

Wikibooks дан

1-БӨЛҮМ[түзөтүү]

1 Петуел уулу Жоелге болгон Теңирдин сөзү.
2 «Карыялар, муну уккула, бул жердин бардык тургундары, кулак салгыла: силердин тушуңарда же ата-бабаңардын тушунда ушундай болду беле?
3 Муну балдарыңарга айткыла, ал эми балдарыңар өз балдарына айтышсын, алардын балдары болсо кийинки муунга айтышсын:
4 кырк аяктан калганды чегиртке жеди, чегирткеден калганды курт жеди, ал эми курттан калганды коңуз жеди.
5 Ойгонгула, ичкичтер, ыйлагыла, шарап ичкендердин баары, жүзүм ширесин жоктоп, боздоп ыйлагыла. Анткени ал силердин оозуңардан тартылып алынды!
6 Анткени менин жериме күчтүү, сан жеткис бир эл келди. Анын тиштери арстандын тиштериндей, азуулары ургаачы арстандыкындай.
7 Ал менин жүзүм сабагымды кыйратты, менин анжыр дарагымды сындырды, аны жылаңачтап сыйрып ыргытып жиберди, ошондо анын бутактары агарып калды».
8 Жаш кезинде тийген күйөөсүн жоктогон жаш аялдай зумбал жамынып ыйла!
9 Теңир үйүнө алып келинүүчү нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктар токтоду. Ыйык кызмат кылуучулар, Теңирдин кызматчылары, ыйлап жатышат.
10 Талаа ээн калып, жер кайгырып жатат, анткени дан жок болду, жүзүм сабагы куурады, зайтун дарагы соолуду.
11 Дыйкандар, уяттан бетиңер кызарсын, жүзүмчүлөр, ыйлагыла, буудай менен арпаны жоктоп ыйлагыла, анткени талаадагы түшүм жок болду.
12 Жүзүм сабагы куурады, анжыр дарагы соолуду. Анар, курма жана алма бактары - талаадагы бүт дарактар куурап калды. Ошондуктан адам баласынан кубаныч жоголду.
13 Ыйык кызмат кылуучулар, белиңерди курчагыла, ыйлагыла, курмандык чалынуучу жайдын кызматчылары, боздоп ыйлагыла! Менин Кудайымдын кызматчылары, келгиле, зумбал кийип түн өткөргүлө. Анткени силердин Кудайыңардын үйүнө алып келинүүчү нан курмандыктары менен куюлуучу курмандыктар токтоду.
14 Орозо белгилегиле, жыйын жарыялагыла, бул өлкөнүн карыяларын, бардык тургундарын Кудай-Теңириңердин үйүнө чакыргыла, Теңирге жалынгыла.
15 Оо, эмне деген күн! Анткени Теңирдин күнү жакын! Ал Кудуреттүүдөн кыйратуучу катары келет.
16 Тамак биздин көз алдыбызда тартылып алынып жаткан жокпу? Шаттык менен кубаныч биздин Кудайдын үйүнөн тартылып алынып жаткан жокпу?
17 Уруктар топурактын катмарында чирип калды, дан сактагычтар бош калды, кампалар талкаланды, анткени эгин болбой калды.
18 Мал кандай онтоп жатат! Өгүздөр тентип жүрүшөт, анткени аларга жайыт жок, койлор да жапа чегип жатышат.
19 Теңир, Сага жалынам, анткени талаадагы оттуу жайыттарды от жалмап салды, талаадагы дарактардын бардыгын жалын куйкалап кетти.
20 Атүгүл, талаадагы жаныбарлар да Сени чакырып жатышат, анткени агын суулар соолуду, талаадагы жайыттарды от жалмап салды.

2-БӨЛҮМ[түзөтүү]

1 «Сиондо сурнай тарткыла, Менин ыйык тоомдо чуу көтөргүлө. Жердин бардык тургундары титиресин, анткени Теңирдин күнү келе жатат, анткени ал жакын.
2 Ал - караңгылыктын жана караңгынын күнү, ал - булуттуу жана тумандуу күн. Тоолордун үстүнө чачыраган таңкы жарыктай болуп, сансыз көп жана күчтүү бир эл келе жатат, мындай эл кылымдардан бери болгон эмес, мындан ары да, укумдан-тукумга болбойт.
3 Анын алдындагы от жалмап жатат, ал эми артындагы жалын куйкалап жатат. Жер анын алдында Эйден багы сыяктуу, ал эми анын артында ээн калган талаа сыяктуу, андан качып кутулган эч ким жок.
4 Анын көрүнүшү аттардын көрүнүшүндөй, алар атчан аскерлердей чаап келе жатышат.
5 Алар тоолордун чокусундагы арабалардын дүңгүрөгөн добушундай, саманды жалмаган жалындаган оттун чартылдагындай, согушка тизилген күчтүү элдей чаап келе жатышат.
6 Аны көргөндө, элдер титиреп жатышат, бардыгынын өңү кумсарып жатат.
7 Алар жоокерлерге окшоп жүгүрүп келе жатышат, эр жүрөк аскерлерге окшоп дубалдарга чыгып жатышат, ар бири өз жолу менен келе жатат, өз жолунан адашпай келе жатат.
8 Алар бири-бирин жөөлөбөй, ар бири өз жолу менен келе жатат, найзаларга жыгылып жатышат, бирок эч кандай зыянга учурашкан жок.
9 Шаарды аралап чуркап жүрүшөт, дубалдарга чыгып жатышат, үйлөрдүн үстүнө чыгып жатышат, ууруларга окшоп терезелерден кирип жатышат.
10 Алардын алдында жер титиреп жатат, асман солкулдап жатат, күн менен ай күңүрттөнүп жатат, жылдыздар да өз жарыгын жоготуп жатат».
11 Теңир Өз аскерлеринин алдында үн салып жатат, анткени Анын кошууну сансыз, Анын сөзүн аткаруучу өтө кубаттуу. Анткени Теңирдин күнү улуу жана өтө коркунучтуу, ага ким туруштук бере алат?
12 Бирок Теңир азыр да: «Мага бүт жүрөгүңөр менен, орозо менен, ый менен, өкүрүк менен кайрылгыла», - деп жатат.
13 Кийимиңерди эмес, жүрөгүңөрдү тыткыла, Кудай-Теңириңерге кайрылгыла, анткени Ал жакшы жана боорукер, чыдамдуу жана абдан ырайымдуу, Ал алаамат жибергени үчүн өкүнөт.
14 Ким билет, балким, Ал боор ооруп, силердин Кудай-Теңирге арнаган нан курмандыгыңарды, куюлуучу курмандыгыңарды - батасын калтырар.
15 Сиондо сурнай тарткыла, орозо белгилегиле, жыйын жарыя кылгыла.
16 Элди чогулткула, жыйын чакыргыла, карыяларды чакыргыла, жаш уландарды, эмчектеги наристелерди чогулткула. Күйөө өз үйүнөн, колукту өз бөлмөсүнөн чыгып келсин.
17 Теңир үйүнүн кире бериш бөлмөсү менен курмандык чалынуучу жайдын ортосунда ыйык кызмат кылуучулар, Теңирдин кызматчылары: «Теңир, Өз элиңди ая, Өз мурасыңды шылдыңга калтырба, башка элдер аны кордошпосун! Элдер арасында “Булардын Кудайы кайда?” деп айтылган сөздүн эмне кереги бар?» - деп ыйлашсын.
18 Ошондо Теңир Өз жерине жан тартты, Өз элин аяды.
19 Теңир Өз элине мындай деп жооп берди: «Мына, Мен силерге дан, шарап жана зайтун майын жиберем, аларга тоёсуңар, мындан ары силерди башка элдерге шылдың кылдырбайм.
20 Түндүктөн келген душманды силерден алыстатып, суусуз, ээн жерге кууп жиберем, анын алды жактагы аскерин чыгыш деңизине, арт жактагы аскерин батыш деңизине кууп жиберем, ошондо андан өтө сасык жыт чыгат, андан каңырсыган жыт көтөрүлөт, анткени ал көп жамандык жасады.
21 Жер, коркпо! Кубан, шаттан, анткени улуу Теңир муну кыла алат!
22 Коркпогула, жаныбарлар, анткени чөлдөгү жайыттар көгөрөт, дарак өз мөмөсүн берет, анжыр менен жүзүм сабагы өз күчүн көрсөтөт.
23 Силер да, Сион уулдары, Кудай-Теңириңер жөнүндө кубангыла, шаттангыла, анткени Ал Өзүнүн ырайымы менен силерге жамгыр берет, силерге эрте жамгыр менен кеч жамгырды мурункудай жаадырат.
24 Кырмандар данга толот, жүзүм сыгылуучу жай жүзүмгө, май сыккыч майга толот.
25 Силерге каршы жиберген Өзүмдүн калың аскерим болгон чегиртке, курт, коңуз жана кырк аяк ошол жылдары жеп койгон бардык нерсенин ордун толтурам.
26 Тойгончо жейсиңер, тоёсуңар, силерге керемет көрсөткөн Кудай-Теңириңердин ысымын даңктайсыңар, Менин элим түбөлүккө шылдың болбойт.
27 Ошондо Менин Ысрайылдын арасында экенимди, силердин Кудай-Теңириңер экенимди, Менден башка Кудай жок экенин билесиңер, Менин элим түбөлүккө шылдың болбойт.
28 Ошондон кийин мындай болот: Мен ар бир адамдын үстүнө Өз Рухумду төгөм, ошондо уулдарыңар менен кыздарыңар пайгамбарчылык кылышат, карыяларыңар түш көрүшөт, жаш балдарыңар көрүнүш көрүшөт.
29 Ошол күндөрү Мен кулдардын үстүнө да, күңдөрдүн үстүнө да Өз Рухумду төгөм.
30 Асманда да, жерде да жышаандарды көрсөтөм, алар: кан, от жана көтөрүлгөн түтүн.
31 Теңирдин улуу, коркунучтуу күнү келер алдында күн караңгылайт, ай кандай болуп кызарат.
32 Ошондо мындай болот: Теңирдин ысымын чакырган ар бир адам куткарылат, анткени Теңир айткандай, Сион тоосунда жана Иерусалимде куткарылуу болот, Теңир Өзү чакырган адамдар да куткарылышат.

3-БӨЛҮМ[түзөтүү]

1 Анткени мына, ошол күндөрдө жана дал ошол мезгилде, Жүйүт менен Иерусалимдин туткундарын кайра алып келгенде,
2 Мен бардык элдерди чогултам, аларды Жошапаттын өрөөнүнө алып келем. Менин элимди, Менин мурасым Ысрайылды, башка элдердин арасына чачыратып жиберишкени үчүн, Менин жеримди бөлүп алышканы үчүн, ошол жерде Мен аларды сотттойм.
3 Алар Менин элим үчүн өкчөмө таш ыргытышты, уландарды берип, бузулган аялдарды сатып алышты, кыздарды сатып, шарап алып ичишти.
4 Тир, Сидон, Пелиштинин бүт аймагы, силерге Менден эмне керек? Мени жазалагыңар келеби? Менден өч алгыңар келеби? Мен силердин жазаңарды оңой эле, тез эле өз башыңарга салам,
5 анткени силер Менин күмүшүмдү, Менин алтынымды алдыңар, Менин эң кымбат асыл буюмдарымды бутканаларыңарга киргизип алдыңар.
6 Жүйүт жана Иерусалим уулдарын өз жеринен алыстатыш үчүн, эллин уулдарына саттыңар.
7 Мына, силер аларды кайсы жерге сатып жиберсеңер, Мен аларды ошол жерден алып чыгам, аларга кылганыңарды өз башыңарга салам.
8 Уулдарыңар менен кыздарыңарды Жүйүт уулдарынын колуна салып берем, Жүйүт уулдары аларды алыста жашаган Шеба элине сатып жиберишет. Теңир ушинтип айтты.
9 Муну элдер арасында жар салгыла, согушка даярдангыла, эр жүрөк жоокерлерди козгогула. Бүт аскерлер көтөрүлүп, согушка чыгышсын.
10 Соколоруңарды кылыч кылып, орокторуңарды найза кылып кайра согуп чыккыла. Алсыз “Мен күчтүүмүн!”» десин.
11 Тездегиле, келгиле, тегеректеги бардык элдер, чогулгула. Теңир, Өз баатырларыңды ошол жерге баштап бар.
12 «Бардык элдер көтөрүлүп, Жошапаттын өрөөнүнө түшүшсүн, анткени ар тараптан келген бардык элдерди соттош үчүн, Мен ошол жерде отурам.
13 Орогуңарды алып, оро баштагыла, анткени түшүм жыйноо убагы келди. Келгиле, тебелегиле, анткени жүзүм сыгылуучу жай толду, шарап куйган идиштер ашып-ташып турат, анткени алардын жаман иштери көп.
14 Калың эл, сот боло турган өрөөндө калың эл! Анткени сот боло турган өрөөнгө Теңирдин күнү жакын!
15 Күн менен ай күңүрттөнөт, жылдыздар өз жарыгын жоготушат».
16 Теңир Сиондон күркүрөйт, Иерусалимден үн салат. Асман менен жер солкулдайт. Бирок Теңир Өз элине коргонуч болот, Ысрайыл уулдарына калканыч болот.
17 «Ошондо Өзүмдүн ыйык тоом Сиондо жашаган Кудай-Теңириңер Мен экенимди билесиңер. Иерусалим ыйык жай болот, ошондон кийин ал аркылуу бөтөн уруулар өтүшпөйт.
18 Ошол күнү тоолордон шарап тамат, адырлардан сүт агат, Жүйүттүн бардык сайлары сууга толот, ал эми Теңир үйүнөн булак суусу агып чыгып, Шитим өрөөнүн сугарат.
19 Мисир чөлгө айланат, Эдом ээн талаага айланат, анткени алар Жүйүт уулдарын кысымга алышкан, алардын жеринде жазыксыз кан төгүшкөн.
20 Жүйүт болсо түбөлүк жашайт, Иерусалим кылымдан кылымга жашайт.
21 Мен алардын каны үчүн буга чейин албаган өчүмдү алам, анткени Теңир Сиондо жашайт».