Карылардан калган сөз

Wikibooks дан

Түгөлбаев Орозобек, Кыргыз билим берүү академиясынын окутуучусу

Төмөндөгү “Тептегерек желмогуз”, «Бир душман”, «Качан сөгөсүңөр?”, «Илипбай дыйкан болгондо”, «Арпа кайда өсөт”, «Мүрөктүн ташы” аңгемелеринин окуялары биздин айылдагы болмуштар.

Тептегерек желмогуз[түзөтүү]


Түгөлбай – кой фермасынын башчысы, Эрназар болсо – койчу. Окуя 1940-жылдардын аягында болуптур. Жаз мезгили, туут убагы экен. Күндөрдүн биринде мал тейлеп, сыртта жүргөн Түгөлбайга өң-алеттен кетип шашкан Эрназар энтеңдеп жүгүрүп келет: - Айланайын Түкө! Желмогуз, тим эле тептегерек желмогуз! Чочуп кеткен Түгөлбай: - Кайдагы желмогуз? Эмне болду? – дейт. Өпкөсү көпкөн Эрназар болсо: «Желмогуз, тим эле тептегерек желмогуз!» - дегенден башканы айтпайт. Эрназардын апыртмасын билген Түгөлбай: - Көрсөтчү, ал желмогузду. Каякта аның?», - дейт. - Алдыга бас, Түкө. Мен артыңдан жүрөйүн, - деп Эрназар аны сарайдын түпкүрүнө алып барып, жаткан эчкини көрсөтөт. Көрсө, эчки тууп, улагынын каканагы жарылбай, көлкүлдөп турган экен. Эрназар ошону көрүп коркуп, жанагинтип кыйкырып барыптыр.
Түгөлбай Эрназарга ачууланып: «Кудай урган, ушу жашка келгенче каканагы менен түшкөн улакты көрө элек белең», - деп каканакты жарып, улактын тумшугун сыгат. Эрназардын жоругу Мантыштын элине жайылып кетет.

Бир душман[түзөтүү]


Жай саратан мезгили. Колхоз башкармасы Эрназарды жайлоодон колхозчуларга айран-кымыз алып келүүгө жиберет. Балбан кара өгүздү минген Эрназар жайлоого келип, алчу айран-кымызын артынып алып, кайра жолуна түшөт. Жакада жумушу бар Кадаңбай чогуу аттанат. Жолду карата саратанда кычап турган чымын-чиркей жолоочулардын тынчын кетирет. Салкын жайлоодон калың кийинип алган Кадаңбай чымын-чиркейди анча тоготпойт. Жакадагы ысыкта жалаң көйнөкчөн жүргөн Эрназар коломочтонуп, көйнөгүнүн жеңин түрүп алган экен. Эрназарды чымын-чиркей тажатат, ар кайсы жерине конуп канын сорот, ачуусун аябай келтирет.
Бир убакта сол каруусуна көгөн коно калып, кан сормокчу болот. Ошондо Эрназар жанында үргүлөп келаткан жолдошун капталга түртүп: «Карачы, Кадаң! Бир душман» - дейт. Чочуп кеткен Кадаңбай: «Ой, кана душман? Каякта?» - десе, анда Эрназар оң колундагы саканак камчысы менен сол каруусундагы көгөндү жаңсап көрсөтөт. «Эми муну сойлотом» - деп өзүн-өзү сол карууга көгөндү далдап туруп чаап калат. Саканак көгөнгө балааны тийсинби. Көгөн учуп кетет, эсинен танган Эрназар аке болсо өгүздөн ооп түшүп калат. Күлүп жатып атынан ооп түшкөн Кадаңбай Эрназарды эптеп эсине келтирген экен. Эрназардын бул жоругу да элге бат эле тарап кетиптир.

Качан сөгөсүңөр?[түзөтүү]


Мергенчи Илипбай аң терилерин тапшыруу планын аткара албай калып, райондук жыйналышта сөгүш алыптыр. Дайыма элден обочо жүрүп баёо өскөн жана башынан момун Илипбай аке элден уялып «эми качан сөгөт» - деп башын жерге салып олтура берет. Бир убакта чогулуш бүтүп эл тарай баштайт. Илипбай жанараак өзүнө сөгүш берген чогулуш баштыгын токтотуп: «Ээ балам, мени качан сөгөсүңөр? Сөксөңөр сөгүп, мени эртерээк бошоткула. Эртерээк айылга жетип алайын» - дептир. Анда чогулуш баштыгы: «Жарыктык, сизди эч ким сөкпөйт. Ал кагаз бетинде эле кала берүүчү нерсе. Эми мындан ары жакшы иштеңиз» - деп түшүндүрөт. Анда Илипбай: « Ой тобо! Эмкинин сөккөнү да бир башкача сылык болот тура. Илгери кызыл чоктор сөккөндө адамдын азат бою дүркүрөчү эле» -деп жолуна түшүптүр.

Илипбай дыйкан болгондо[түзөтүү]


Айлыбызда Ашыраалы деген сөзмөр, бирөөлөрдү сөзгө жыкканды жакшы көргөн киши болгон. Мантышта биринчи болуп картөшкө, капуста айдаган ошо киши.
Күндөрдүн биринде Илипбай аке дыйканчылык кылмакчы болуп Ашыраалыдан картөшкө сурап келиптир. Күздүн күнү экен. Ашыраалы сураганын берет. Эми «муну кандайча тигем» - деген Иликемдин суроосуна «ороону терең казып, картөшкөнү салгын, анан көмө электе да, көмгөндөн кийин да сууну аябай куя бер. Жазында ороону ачып, түшүмдү жыйнап аласың» - дептир. Илипбай аке жазында ороону ачса, картөшкө чирип калыптыр.

Арпа кайда өсөт[түзөтүү]


Илипбай аке дайыма тоодо жүрүп, дан эгиндери кандайча өсөөрүн билчү эмес экен. Бир күнү жакада Ашыраалынын үйүнүн жанынан өтүп бара жатса, а киши шырдак-таардын бетине арпадан алган азгантай түшүмүн жайып кургатып жатыптыр. «Ашыке, эмне кылып жатасың» - деген суроого, Ашыкем «арпа өстүрүп жатам, бышып калды» - деп, көжөлүк арпа салып берет. Кийин тоодогулардын «арпа кайда, кандайча өсөт» - деген талашында Илипбай аке «арпа шырдактын бетине эле өсөт» - деп жеңип койгон экен.

Мүрөктүн ташы[түзөтүү]


Илипбай акедей эле, анын атасы Мүрөк да мергенчилик-капканчылыкты кесип кылып, тоо арасында жүрчү экен. Ошол себептенби, ал киши да өтө момун адам болгон дешет. Мүрөктүн көп жоруктары эл оозунда.
Сүйөк жайлоосу менен жаканы байланыштырган жол капчыгайдын таманы аркылуу өтөт. Үч-Эмчектин тушунда күңгөйдөгү тик беттин кылда чокусундагы салаңдаган чоң таш төмөндөн караган адамга азыр эле кулап келип басып калуучудай сезилет. Мүрөк аке ушул тушка келгенде дайыма обочо токтоп, өзүнүн, бала-бакырасынын аттарынын жана башка унаасынын басмайылын бекемдеп, көмөлдүрүк-куюшканын ырастап алып, анан "кудай колдой көр" деп чаап өтчү экен. Эмне болду деп сураган адамга, "кокус тигил таш кулап келип басып калабы деп чаап өттүм" дечү экен. Ошондон улам ал таш "Мүрөктүн ташы" деп аталып калыптыр. Өйдө-төмөн өткөн жолоочулар азыр да козголбой турган ташты көрүп, Мүрөктүн жоруктарын кеп кылып күлүп өтүшөт.