Колосалыктарга жазган каты

Wikibooks дан

1-БӨЛҮМ

Элчинин саламдашуусу

1 Кудайдын каалоосу менен Ыйса Машайактын элчиси болгон мен – Пабылдан жана бир тууганыбыз Тиметейден

2 Машайак Ыйсага ишенген Колосадагы ыйык жана ишенимдүү бир туугандарга салам! Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

Пабылдын ыраазычылык келтирүүсү

3 Силер үчүн дайыма сыйынып, Кудайга, Теңирибиз Ыйса Машайактын Атасына, ыраазычылык билдирип жатабыз.

4 Анткени силердин Машайак Ыйсага болгон ишенимиңер жана бардык ыйыктарга болгон сүйүүңөр жөнүндө укканбыз.

5 Ишенимиңер менен сүйүүңөр асманда өзүңөр үчүн даярдалган нерсеге болгон үмүтүңөргө негизделген. Ал жөнүндө силер мурун эле чындык сөзүнөн – Жакшы Кабардан уккансыңар.

6 Бүт дүйнөгө тараган ошол Жакшы Кабар силерге да жеткен. Силер Кудайдын ырайымын угуп, аны чыны менен таанып билген күндөн тартып, Жакшы Кабар силердин араңарда да жемиш берип, өсүп жатат.

7 Силер сүйүктүү кызматташыбыз Эпафрастан үйрөнгөнсүңөр, ал – силер үчүн Машайактын ишенимдүү кызматчысы.

8 Рухтун шыктандыруусу менен көрсөтүп жаткан сүйүүңөр жөнүндө да ал бизге айткан.

Пабылдын колосалыктар үчүн сыйынуусу

9 Биз бул жөнүндө уккан күндөн тартып, силер үчүн үзгүлтүксүз сыйынып, Анын каалоосун акылмандуулук жана рухий түшүнүк менен толук таанып билишсин деп,

10 Ага бардык жагынан жагып, бардык иште жакшы жемиш берип, Кудайды таанып билүүсү өсүп,

11 Анын даңкынын кубатынын бардык күчү менен бекемделип, бардык нерседе туруктуулукту жана чыдамдуулукту кубаныч менен көрсөтүп,

12 бизди жарыктагы ыйыктардын мурасына үлүштөш болууга татыктуу кылган Кудай Атага ыраазычылык билдирип, Кудайга татыктуу жашашсын деп суранып жатабыз.

13 Ал бизди караңгылыктын бийлигинен куткарып, сүйүктүү Уулунун падышачылыгына алып кирди.

14 Биз Анын сүйүктүү Уулу аркылуу, Уулунун каны аркылуу куткарылдык жана күнөөлөрүбүз кечирилди.

Машайактын даңкы

15 Ал – көрүнбөс Кудайдын бейнеси, эч нерсе жаратыла электе эле Ал бар болгон.

16 Анткени асмандагы жана жердеги көрүнгөн жана көрүнбөгөн бардык нерселер: тактылар да, үстөмдүк кылуучулар да, башкаруучулар да, бийликтегилер да Ал аркылуу жаратылган, бардык нерсе Ал аркылуу жана Ал үчүн жаратылган.

17 Ал бардык нерседен мурун бар болчу жана бардык нерсе Ал аркылуу бар болуп турат.

18 Ал – Өзүнүн Денеси болуп эсептелген Жыйындын башчысы. Ал – бардыгынын башталышы, бардык нерседе биринчи болуш үчүн, Ал өлгөндөрдүн арасынан биринчи болуп тирилген.

19 Анткени Кудай Анда бүт толуктуктун жашашын,

20 Анын айкаш жыгачта төгүлгөн каны аркылуу тынчтык орнотуп, жердегинин, асмандагынын баарын Ал аркылуу Өзү менен элдештирүүнү туура көрдү.

21 Жаман ойлоруңардын жана жаман иштериңердин айынан бир кезде Кудайга бөтөн жана душман болгон силерди да

22 Кудай Анын денеси, өлүмү аркылуу Өзү менен элдештирди. Ал силерди Өзүнүн алдында ыйык, кемчиликсиз жана айыпсыз кылып тургузуу үчүн ушундай кылды.

23 Эгерде силер ишенимге негизделип, бекем турсаңар жана өзүңөр уккан Жакшы Кабар берген үмүттөн тайбасаңар гана ушундай болот. Мен, Пабыл, асман астындагы бардык жаратылгандарга жарыяланган ушул Жакшы Кабарды тараткан кызматчы болуп калдым.

Пабылдын Жыйында кызмат кылуусу

24 Анын Денеси болгон Жыйын үчүн Машайактын жетишпеген азап тартуусун өзүмдүн денемде силер үчүн азап чегүү менен толуктап жатканыма кубанам.

25 Кудайдын берген тапшырмасы боюнча ошол Жыйындын кызматчысы болуп калдым. Кудайдын Сөзү аткарылышы үчүн, мага бул тапшырма силер үчүн ишеним менен тапшырылган.

26 Кудайдын Сөзү, кылымдан кылымга, муундан муунга жашыруун болуп келген сыр, азыр Анын ыйыктарына ачылып берилди.

27 Кудай бул жашыруун сырдын даңктуу байлыгы бутпарастар үчүн кандай экендигин ыйыктарга ачып берүүнү каалады. Сырдын мааниси даңктуу үмүт болгон Машайактын силердин ичиңерде жашагандыгында.

28 Ар бир адамга акыл айтып, ар бир адамды акылмандык менен үйрөтүп, ар бир адамды Машайак аркылуу Кудай алдына жеткилең кылып алып келүү үчүн, Машайак жөнүндө жар салып жатабыз.

29 Ошондуктан Анын мендеги кудуреттүү күчү менен жан үрөп эмгектенип да, күрөшүп да жатам.

2-БӨЛҮМ

1 Силер үчүн, лаодикеялыктар үчүн жана мени көрбөгөндөрдүн бардыгы үчүн кандай күрөшүп жатканымды билишиңерди каалайм:

2 бул алардын жүрөгүн тынчтандырып, сүйүү менен бириктирсин. Кудай Атанын жана Машайактын сырын билүү үчүн, жеткилең түшүнүктүн бардык байлыгына ээ болушуңарды каалайм.

3 Машайакта акылмандыктын жана билимдин бүт кенчи жашырылган.

4 Мен муну силерге эч ким силерди бал тилге салып, алдап кетпеши үчүн айтып жатам.

5 Анткени өзүм араңарда болбосом да, рухум менен силердин араңардамын. Силердин Машайакка болгон ишенимиңердин бекемдигин жана тартибиңерди көрүп кубанып жатам.

Машайактын ичиндеги толуктук

6 Теңирибиз Машайак Ыйсаны кандай кабыл алсаңар, Анын ичинде ошондой жашай бергиле.

7 Өзүңөргө үйрөтүлгөндөй, Анын ичинде тамырлагыла, бекемделгиле, ишенимиңер бекемделсин, ыраазычылыгыңар артсын.

8 Сак болгула, бир туугандар: эч ким силерди адамдык окутууга жана дүйнөнүн түшүнүктөрүнө негизделген философия менен, жалган түшүнүктөр менен адаштырбасын, анткени булар Машайактын окутуусу эмес.

9 Анткени Машайакта Кудайдын табияты толугу менен жашайт,

10 Анын ичинде силер да толуктукка ээсиңер. Ал – бардык башчылыктын жана бийликтин башчысы.

11 Силер Машайактын ичинде сүннөткө отургузулгансыңар. Бул – адамдын колу менен кылынбаган, күнөөкөр табиятты чечип таштаган Машайактын сүннөтү.

12 Силер сууга чөмүлдүрүлгөндө, Аны менен бирге көргө коюлгансыңар, Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудайдын күчүнө ишенүү аркылуу Аны менен бирге тирилдиңер.

13 Кылмыштарыңардын жана денеңердин сүннөткө отургузулбагандыгынын айынан өлүк болгон силерди да Кудай Аны менен бирге тирилтти, биздин бардык күнөөлөрүбүздү кечирди.

14 Ал бизди айыптаган көрсөтмөлөрдөн турган кол жазманы, бизге каршы жазылган кол жазманы, өчүрүп салды. Ал аны алардын арасынан алып, айкаш жыгачка кадоо менен четтетти.

15 Ал башчыларды жана бийликтегилерди куралсыздандырып, аларды ачык түрдө уятка калтырды, аларды айкаш жыгачта жеңип чыкты.

16 Ошондуктан эч ким силерди тамак үчүн, же суусундук үчүн, же кандайдыр бир майрам үчүн, же жаңырган ай үчүн, же ишемби күн үчүн айыптабасын.

17 Анткени булар – келечектегинин көлөкөсү, дене болсо Машайактыкы.

18 Эч ким силерди жалган момундугу жана периштелерге табынуусу менен азгырбасын. Мындай адамдар өздөрү көрбөгөн нерселерге кызыгышат, Баш менен бирикпей, өздөрүнүн адамдык акылы менен курулай эле текеберденишет.

19 Бүт дене болсо муундар жана булчуңдар аркылуу Баш менен биригет да, бекемделип, Кудай берген өсүш менен өсөт.

20 Эгерде силер дүйнөнүн табигый негиздери үчүн Машайак менен бирге өлсөңөр, анда эмне үчүн бул дүйнөдө жашоочулар сыяктуу:

21 «Муну кармаба», «Аны жебе», «Буга тийбе» деген сыяктуу эрежелерди сактап жатасыңар?

22 Мунун бардыгы пайдаланылып жок боло турган нерселерге тиешелүү. Бул эрежелердин бардыгы – адамдардын буйруктары жана окутуусу.

23 Өз алдынча динчилдик, момундук жана денени кыйноо акылмандык болуп көрүнгөнү менен, күнөөкөр табиятты гана канааттандырат.

3-БӨЛҮМ

Эски жана жаңы адам

1 Эгерде силер Машайак менен кошо тирилсеңер, анда асмандагыга умтулгула, анткени Машайак Кудайдын оң жагында, асманда отурат.

2 Жердеги жөнүндө эмес, асмандагы жөнүндө ойлогула.

3 Анткени силер өлдүңөр, силердин өмүрүңөр Машайак менен бирге Кудайда жашырылган.

4 Силердин өмүрүңөр болгон Машайак келгенде, силер Аны менен бирге даңк менен көрүнөсүңөр.

5 Ошондуктан дене кумарларын: ойноштукту, ыпыластыкты, кумардануучулукту, жаман каалоолорду жана бутка табынуучулук болуп эсептелген дүнүйөкордукту жок кылгыла.

6 Ушундай иштерди кылган баш ийбес адамдар Кудайдын каарына калышат.

7 Силер да бир кезде ошол кумарларыңар боюнча жашачусуңар.

8 Азыр болсо силер мунун баарын: ачууну, каарды, жамандыкты, заар тилди, адепсиз сөздөрдү таштагыла.

9 Бири-бириңерге жалган айтпагыла, анткени эски табиятыңарды жаман иштери менен бирге чечип салып, жаңы табиятты кийгенсиңер.

10 Кудайды таанып билүү аркылуу Жаратуучунун бейнесине окшошуу үчүн жаңыланып турган жаңы табиятты кийгенсиңер.

11 Жаңы табиятта эллин да, жүйүт да, сүннөттүү да, сүннөтсүз да, варвар да, скиф да, кул да, эркин адам да жок, бардыгы жана бардыгында – Машайак.

12 Ошондуктан Кудайдын тандалгандары, ыйыктары жана сүйүктүүлөрү катары боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту, жооштукту, чыдамдуулукту кийгиле.

13 Көтөрүмдүү болгула, бири-бириңерди кечиргиле, эгерде бири-бириңерге нааразычылыгыңар бар болсо, Машайак силерди кечиргендей, силер да кечиргиле.

14 Булардын бардыгынын үстүнөн сүйүүнү курчангыла, ал – жеткилеңдиктин куру.

15 Жүрөгүңөрдө Машайактын тынчтыгы бийлик кылсын, силер бир Дененин мүчөлөрү катары ушул тынчтыкка чакырылгансыңар. Ыраазычылык билдирүүчүлөрдөн болгула.

16 Машайактын сөзү молдугу менен ичиңерде жашасын. Бири-бириңерди акылмандуулук менен үйрөткүлө, бири-бириңерге забурлар, даңктоо ырлары жана рухий ырлар менен насаат айткыла, Кудайга чын жүрөгүңөрдөн ыраазычылык билдирүү менен ырдагыла.

17 Сүйлөсөңөр да, иштесеңер да, бардыгын Теңир Ыйсанын ысымы урматына, Ал аркылуу Кудай Атага ыраазычылык билдирүү менен кылгыла.

Ыйсага ишенгендердин өз ара мамилеси

18 Аялдар, Теңирге тиешелүү болгондорго ылайык келгендей, күйөөңөргө баш ийгиле.

19 Күйөөлөр, аялыңарды сүйгүлө, аларга катаал болбогула.

20 Балдар, бардык нерседе ата-энеңерге баш ийгиле, анткени бул Теңирге жагат.

21 Аталар, балдарыңарды кыжырлантпагыла, алардын көңүлү чөкпөгүдөй болсун.

22 Кулдар, кожоюнуңарга бардык нерседе баш ийгиле, адамга жагынуучулар сыяктуу алардын көзүнө көрүнүш үчүн эмес, чын жүрөктөн, Кудайдан коркуу менен баш ийгиле.

23 Эмне жасасаңар да, бардыгын чын жүрөктөн, адамдар үчүн эмес, Теңир үчүн жасагыла.

24 Анткени сыйлыкка Теңирден мурас аларыңарды билесиңер, силер Теңир Машайакка кызмат кылып жатасыңар.

25 Ким адилетсиздик кылып жатса, адилетсиздигине жараша тиешесин алат, себеби Теңирде бет карамалык жок.

4-БӨЛҮМ

Акыркы акыл-насаат

1 Кожоюндар, асманда Теңириңер бар экенин билип, кулдарыңарга адилеттүү, туура мамиле кылгыла.

2 Туруктуулук менен сыйынгыла, сергектик менен, ыраазычылык билдирүү менен сыйынгыла.

3 Биз үчүн да сыйынып тургула: Кудай бизге Өзүнүн сөзүн таратышыбыз үчүн, Машайактын жашыруун сырын жар салышыбыз үчүн, эшик ачсын. Мен ошол жашыруун сыр үчүн камакта отурам.

4 Бул жашыруун сырды кандай жар салышым керек болсо, ошондой ачып беришим үчүн сыйынып тургула.

5 Убакыттан пайдаланып, сырттагыларга акыл-эстүүлүк менен мамиле кылгыла.

6 Сөзүңөр туз менен татытылгандай, дайыма жагымдуу болсун, ар бир адамга жооп бере билгиле.

Коштошуу

7 Сүйүктүү бир тууганыбыз, ишенимдүү кызматчы жана Теңир жолунда эмгектешим Тихик мен тууралуу силерге баарын айтып берет.

8 Силердин абалыңарды билиши үчүн, силерди сооротушу үчүн, мен аны силерге

9 араңардан келген ишенимдүү жана сүйүктүү бир тууганыбыз Онесим менен бирге жөнөттүм. Алар бул жерде болуп жаткан иштердин баарын силерге айтып беришет.

10 Мени менен бирге камакта отурган Аристарх жана Барнабанын жээни Марк (Марк жөнүндө силер «Эгерде ал силерге келсе, кабыл алгыла» деген буйрук алгансыңар),

11 ошондой эле Жуст деген да ысымы бар Ыйса силерге салам айтып жатышат. Алар – сүннөткө отургузулгандардан. Кудайдын Падышачылыгы үчүн кызмат кылган алар менин сооронучум болуп калышты.

12 Ыйса Машайактын кулу, силердин араңардан келген Эпафрас, силерге салам айтып жатат. Силер жеткилең болушуңар үчүн, Кудайдын эркин таанып билишиңер үчүн, ал дайыма сыйынат.

13 Ал силер үчүн жана лаодикеядагылар менен жераполдогулар үчүн өзгөчө кам көрүп жатат деп күбөлөндүрөм.

14 Сүйүктүү дарыгер Лука менен Демас силерге салам айтып жатышат.

15 Лаодикеядагы бир туугандарга жана Нимпанга, анын үйүндө чогулган Жыйынга салам айтып койгула.

16 Бул катты окуп чыкканыңардан кийин, Лаодикеядагы Жыйын да окугудай кылгыла. Лаодикеядан келген катты силер да окугула.

17 Архипке айтып койгула: Теңирден алган тапшырмасын аягына чыгарсын.

18 Мен, Пабыл, бул саламды өз колум менен жазып жатам. Менин туткунда жүргөнүмдү унутпагыла. Кудай баарыңарга ырайымын төгө берсин! Оомийин.