Кыргыз тилинин азыркы абалы

Wikibooks дан

Өнөр алды кызыл тилби же кор болгон кайран кыргыз тилиби?

О.Түгөлбаев, Кыргыз билим берүү академиясынын окутуучусу

Алгы сөз[түзөтүү]

Сөз баккан, сөздү урматтаган байыркы элбиз дейбиз. Каадаланып улуу сөздөн кеп кылып калабыз. «Өнөр алды - кызыл тил» деп өрөпкүйбүз. Ушунубуз бүгүн чындыкка туура келеби? Туура болсо, анда кыргыз тили азыркысындай адам ыйлагыдай абалда болбойт элего.

Туура болсо, кыргыз тили мамлекеттик деңгээлде өз ордун таап, расмий иш кагаздарынын баары ушул тилде жазылмак. Мамлекеттик бардык мекемелерде иш кыргыз тилинде жүргүзүлмөк, мекемелер арасындагы маалымат алмашуу кыргызча жүрмөк. Кыргызстандын мамлекет жана өкмөт башчылары менен ар кандай расмий делегациялардын ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдө тилибиз эки расмий тилдин бири болмок. Мамлекеттин президентинин алдында, кыргыз өкмөтүндө, жогорку кеңеште, мамлекеттик ар кандай мекемелерде өткөрүлүүчү иш чаралар, чогулуштар, жыйындар, жыйналыштар нукура кыргыз тилинде өткөрүлмөк.

Балдар бакчасында, башталгыч, орто жана жогорку мектепте окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлмөк. Окуу жана усулдук китептер, окуучулар жана мугалимдер үчүн ар кандай колдонмолор, кошумча окуу үчүн адабияттар, ар кандай курактагы (эмгектеген баладан эңкейген карыга чейинки) окурмандар үчүн адабияттар жетиштүү санда, сапаттуу кагазга, кооздолуп, түркүн түс берилип басылып чыкмак. Кыргыз тилинде терминдерди түзүү, калыптандыруу жана ырааттуу байытып туруу иши дайыма көңүлдүн чордонунда болмок.

Кыргызча көрнөктөрдү (вывеска) туура жазып илүүгө, жарнама (реклама) ишин туура жүргүзүүгө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулмак. КТРда, башка телеканалдарда кыргыз тилинин туура, так жана мазмундуу сүйлөнүшү, алып баруучулардын сөз байлыгынын деңгээли дайыма көңүлдүн борборунда болмок. Коомдук транспортто аялдамалар кыргызча туура жарыяланып турмак.

Кыргыз тили жана адабияты боюнча адистерди, анын ичинде мугалимдерди, даярдоо иши көңүлдүн чордонунда турмак. Мындай адистерди башка окуу жайларга өтпөй калгандардын арасынан эмес, мыкты бүтүрүүчүлөрдүн арасынан тандап алып даярдамакбыз.

Жогорку төрт абзацтын ар бир сүйлөмүндө токтоосуз чечилишти талап кылган олчойгон маселелер жатат. Буларды чечмелесек, ар бири олуттуу бир нече макалага материал болмокчу. Биз азыр жүрөктү өйүгөн, кой десең болбой оркоюп турган айрым бир нерселерге токтолмокчубуз.

Кыргыз тилинин тарыхына кайрылуу[түзөтүү]

Кылымдарды карыткан, мамлекет куруп жашап келе жатканына бир нече миң жыл болгон байыркы кыргыз элинин тили дүйнөдөгү бай тилдердин бири экендиги талашсыз. Демек, кыргыз тили азыркыдай 4 миллиончо адамдын үйүндө өз ара пикир алмашуунун гана тили болбостон, илгери көөнө кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына кызмат кылып келген, эл аралык деңгээлдеги тил болгондугуна ой чабыты кеңири ар бир адам түшүнөт. Ушул маселеге кыскача кайрылып коёлу..

Орто кылымдарда, монгол жапырыгына чейин эле, түркий тилдерде сүйлөгөн элдер чыгыштан батышка карай Тынч океандан тартып Атлантика океанына чейин, түштүктөн түндүккө карай Инд океанынан тартып Түндүк Муз океанына чейин жайгашып жашап, же болбосо үстөмдүк кылып келген. Түркий тил, тактап айтканда, кыргыз-кыпчак тили, ошол мезгилде эл аралык катнаштын тили болгон. Ошол учурда билимдүү ар бир адам эреже катары бул тилди билген. Мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөрдө, соода-сатыкта, дегэле ар башка элдердин өкүлдөрү катышкан ушул сыяктуу алака-катнаштарда бул тил негизги ролду ойногон. Ал эми монгол жапырыгынан кийин, айрыкча Алтын ордо мамлекети орногондон кийин, кыргыз-кыпчак тилинин бул ролу ого бетер күчөгөндүгү белгилүү. Кичинекей бир мисал. Азыркы Дагестанда жашаган 6 негизги элдин бири болгон кумуктардын тили (кумук тили тигил кыргыз-кыпчак тилинин бир варианты) бардык тоолуктар үчүн, ал эмес бүткүл Кавказ үчүн кийинки мезгилдерге чейин эле эл аралык тил болуп кызмат кылып келген.

Кыргыз тилине азыркы мамиле[түзөтүү]

Ушул орчундуу нерсени билбеген, же билгиси келбеген айрым кыргыздар эне тилибиз дайым эле азыркыдай адам ыйлагандай абалда болуп келген экен деп ойлошот. Андай болсо бул тилдин эмне кереги бар, тезирээк орусча, англисче тилдерге өтүп кетиш керек деп эсептешет окшойт. Бишкекти эле мисалга алалы. Азыр Бишкекте мейли көчөдө болсун, мейли коомдук транспортто болсун, мейли башка коомдук жайларда болсун, орус тили өкүм сүрүп калды. Биздин эгемен абалыбыз кыргыз тилинин бардык тармактарда активдүү колдонулушуна алып келет деген өрөпкүгөн сезимдерибиз көпкө созулган жок. Бишкектин өңү кыргыз болгону менен тили, айрыкча расмий тили, орусча. Көпчүлүк, жарымын орусча, жарымын чала-була кыргызча кылып тантыраган бир «атала» тилде сүйлөшөт. Баарынан өкүнүчтүүсү, так ушу «атала» тилде депутаттарыбыз мамлекеттик маанилүү маселелер тууралуу кеп урушат. Улуттук 1-телеканалдан баштап, башка каналдарда дагы ушул тил басымдуулук кылат. Бир эки мисал келтирели.

Бир-эки мисал[түзөтүү]

Бир нече жыл мурда КООРТ өзгөрүп, 5-канал болгон учурда бир алып баруучу кыз депутаттардын кайсы уруудан экенине сереп салмакчы болуп жатат. Айтып жатпайбы: «сарбагыш уурусунан мынча, азык уурусунан мынча» - деп. Уруу менен уурунун айырмасын билбеген неме элдин туура сүйлөшүнө кандай таасир берет? Уруучулдукту мамлекеттик деңгээлде кайра ойготуп жатканын айтпай эле коёлу. 1-каналда балдарыбыз жактырып көргөн «Керемет көч» берүүсү бар. Мурда алып баруучу балдар менен учурашканда «Саламатсыңарбы балдар жана кыздар» -дечү. Азыр кудай жалгап антпей калды. Бул сүйлөмдү орусчаласак: «Здравствуйте мальчики и девочки» - болот. Өзүңөр ойлонуп көргүлө. Уул да бала, кыз да бала, «балдар» деген термин өз ичине уландарды да, кыздарды да камтыйт. Демек, «Саламатсыңарбы балдар» - деп гана салам айтуу жетиштүү.

Ушул берүүдөгү бир орчундуу маселеге назар салалычы. Берүүнүн каармандары Акылай, Актан жана эшектин такайы (коделеги) экенин баарыңар билесиңер. Кыргыз баласы өз турмушунда байыртадан козу-улак, кулун-тай, музоо-торпок, бото-тайлак, күчүк менен ойноп келген эмеспи. Кыргыз баласы эч качан эшектин такайы менен ойногон эмес. Эшек биздин турмушка кечөө эле, советтик-партиялык жетекчилер кыргызды аттан ажыратып койгон кезде кирди. Ал эми «Керемет көч» берүүсү, өз аты айтып тургандай, жаш муундарды кыргыздын өткөндөгү керемет көчүнө, керемет жашоосуна сүңгүтүп, аны менен тааныштырышы керек болуп жатпайбы. Эмне үчүн эшектин такайынын ордуна эркелеген бото же кумайык, же учкаяк тай коюлган эмес? Балдарыбызда «кыргыз байыртадан эшек минип, эшек арабага түшүп жүргөн, балдары эшектин такайы менен ойногон» - деген түшүнүк алдыртадан калыптанып жатпайбы? Бирок, адилеттик үчүн белгилей кетсек, жакында, бул берүүдөгү такайдын ордуна күчүк келди. Бирок, анын аты Кумайык болгондун ордуна, Барбос болуп жүргөнүнө жол болсун.

Расмий жазылыштар жана айтылыштар[түзөтүү]

Расмий жазылыштар жана айтылыштар - албетте биринчи кезекте мектеп, ата-эне дагы, - адамдын кеп маданиятын калыптандырат, анын сөз корун түзүп берет. Ушул жаатта кетирилген кемчиликтер өтө эле көп! Биз бир-экөөнү көрсөтүп коелу. Мына, көчөлөрдүн аты жазылган көрнөктөрдү алалычы. Акчаны үнөмдөшкөнүго, бир эле тактага орусчасын дагы, кыргызчасын дагы жазышат. Жөн жазбай, бири-бирине улап, учкаштырып жазышат. Мисалы, «Улица Лермонтова көчөсү», «Улица Баха көчөсү», «улица Московская көчөсү». Ушундан улам азыркы кыргыздар «Лермонтова көчөсү», «Баха көчөсү», «Московская көчөсү» деп тантырап калды. Лермонтов көчөсү, Москва көчөсү же Бах көчөсү деп туура сүйлөгөн бир да кыргызды жолуктура элекмин.

"Жеке нотариус" деген көрнөктү баарыбыз эле көрүп туруп, анын натуура экенине көңүл бурбайбыз. "Жеке" деген сөз кыргызча илгертеден эле "жалгыз" дегенди түшүндүрөт. Анда, "жеке нотариус" дегенибиз "жалгыз нотариус" болуп калбайбы! Буга мисал катары "жеке таз менен жети таз" тууралуу кыргыз жомогун келтирели. Жомокто акылсыз жети бир тууган таздар менен акылдуу жалгыз таздын ортосундагы окуялар баяндалат. Демек, "частный нотариус" - "жеке нотариус" эмес, "менчик нотариус" же "жеке менчик нотариус" болот. "Жеке менчик нотариус" десек, анда жалгыз нотариусту эмес, бул нотариустун карамагындагы мекеменин жеке менчик экенин түшүнөбүз.

Кечиримсиз каталыктар[түзөтүү]

Бир нече жыл мурдагы «Эмнемди жесем?» - деген күлкү келтирген жарнама эсиңерде бар чыгар. Азыр абал жарнама маселесинде мурдагыдан болор-болбос оңолгонсуп калды. Ошентсе да, кемчиликтер дагы эле толтура. Бир кичинекей мисал. Азыр бардык жердеги жарнамалардан «саркеч» деген терминдин "модалуу" дегендей мааниде туура эмес колдонулушун жолуктуруп жүрөбүз. Муну Токтогулдун «Алымкан» деген ырынан алышкан окшойт. Ырда «Саркечтеп сайган жоолугуң,…Көккечтеп сайган жоолугуң» деген саптар бар. Бул терминди чечмелеп көрөлү. Жоолукту кештелеп саймалайт. Сайманын сары кеште, көк кеште ж.б. деген түрлөрү бар. Демек так айтсак: «Сары кештелеп сайган жоолугуң» - болот. Бирок, бул сап ырдалганда жогоркудай кыскартылып калат. Демек, "саркеч" деген модалуу деген маанини бербейт. Моданы кыргызча "жарашык" десек туура болчудай. Ал эми "Уюлдук телефон" эмес, "уюк телефон" деген туура. Сөздүн маанисин унутпайлы жана туура колдонолу.

Юдахинден бери чубалган ката[түзөтүү]

Биздин гимнибиздеги «бейкут» термини тууралуу айтпай коё албайбыз. Фарси тилинен кирген «бей» мүчөсү кыргызча «сыз» мүчөсүнө туура келип, "жок" дегенди билдирет. Алсак, бейбаш – башсыз, башы жок, бейбак – бактысыз, багы жок, бейтаалай – таалайсыз, таалайы жок. Демек, бейкут – кутсуз, куту жок дегенди билдирет турбайбы. «Бейкут» жакшылыкты билдирген сөз деген тараптагылар К.Юдахиндин сөздүгүнө таянышат экен. Юдахин жаңылбас болуптурбу. «Бей» мүчөсү башка бардык учурда «сыз» мүчөсүн, жок дегенди туюндуруп, жалгыз эле ушул учурда жакшылыкты билдирип калыптырбы? Эгер ошондой болсо, анда бул фактыны чечмелеп берүү керек эле. Мындай түшүндүрмө Юдахинде жок. 10 чакты жыл Кыргызстанда жашаса эле, кыргыз тилин ийне-жибине чейин мыкты билип калабы? К.Юдахиндин эмгегин эч ким жокко чыгарбайт, бирок бул жерде ката кетиргенин моюнга алышыбыз керек. Өзүңөр калыс болгулачы. Гимнибизди баарыбыз ырдаганда эл-жерибизге куту жок, кутсуз жашоону тилеп жатпайбызбы. Ал эми жогорку жаманчылыкты тилеген сөздүн ордуна «бейпил» сөзүн алсак туура болот. Анткени «фил» деген фарсиден кирген кыргыз сөзү «чыр-чатак», «жаңжал» дегенди билдирет. Демек, бейпил – чыр-чатаксыз, тынч жашоонун синоними.

Бул сөз уят эмес![түзөтүү]

Биздин тилибизде туура эмес колдонулуп келаткан бир сөз, «кулакка» тартылып, дээрлик колдонулбай калган дагы бир сөз тууралуу айтпай коё албайм. Булардын 1-си – «киши», 2-си – «катын». «Киши» деп жынысы эркек жана турмушта өз ордун тапкан, чыныгы адамгерчилик касиеттерге ээ болгон адамды айтабыз. Демек, 25-30 жаш курагынан мурда эркектер да «киши» деген ардактуу атка коно албайт. Албетте, жынысы ургаачы адам дагы «киши» боло албайт. «Тоок куш эмес, аял киши эмес» - дейтго акылман кыргыз эли. Бул макалдын маңызы - кээ бирөөлөр ойлогондой аялды кемсинтүү эмес, фактыны гана баяндоо. Макалдын орусчасы: «Курица – не птица, женщина – не мужчина». Буга эч кимдин талашы жокго. Эми «катын» термини тууралуу. Кыргыздан айырмаланып, башка түркий элдерде, мисалы, өзбектерде (хотин), азербайжандарда (гадын), бул термин активдүү колдонулуп келе жатат. Азербайжанда совет мезгилинде эле "Азербайжан гадыны" деген журнал чыкчу. Тактап айтсак, "катын" – "киши"нин жубайы. Байы экөө тең кадыр-баркка ээ болгон, өзү болсо ак уул-кызыл кыз төрөп, очор-бачар болгон аялды гана «катын» дешкен. Бул кемсинтүү эмес, тескерисинче – урматтоо. Эмне үчүн «катын» уят, одоно сөз болуп калды? Муну мындайча түшүндүрүүгө болот.

Совет бийлигинин алгачкы жылдарында аялдын абалын жакшыртуу үчүн аёсуз күрөш жүргөнүн билебиз. Кыргыз турмушунда аялды кем туткан фактылар жокко эсе экен. Айрым учурларда жолуккан эки аял алуу фактыларын мындай койгондо, аялдарга паранжы жаппайт экенбиз, аларды ичкериге камабайт экенбиз, аялдар коомдук турмушка, ал эмес эл башкарууга, элди жоодон коргоого, илгертен эле активдүү катышып келген экен. Бул жерде ар кайсы доордо жашаган жана ар бир кыргыз баласына аттын кашкасындай белгилүү [[Кыз Сайкал|Кыз Сайкал, Каныкей, Жаңыл Мырза, Курманжан датка, Бурулча, Апар байбиче, Сайкал эжелердин]] атын атап коюу жетиштүү болотго. Ошентип, кыргыз коомунда илгертен эле иш жүзүндө эркек-аял тең укукта болуптур. Анан биздин туура чабарларыбыз башка эчнерсе табалбай «катын» сөзүн жаманга, одоного чыгарып койбойт бекен. Ошентип, бул сөздү 70-80 жыл бою тепкилеп келбедикпи. Бүгүн бул сөздү актап чыгып, активдүү сөзгө айландырып алганыбыз оң.

Кыргыз тилинин байлыгын пайдалануу керек![түзөтүү]

Кыргыз тилинин байлыгы турмушубуздун ар кандай тармактарында жаңы терминдерди жарата аларына же мурдагыларды жаңыртып сунуш эте аларына кичине бир мисал катары «учак», «сыналгы», «үналгы», «ажо», «буйрутма», «аким» сыяктуу сөздөрдү (самолет, телевизор, радио, президент, заказ, губернатор же мэр) атасак болот. Сочинениени жазуучулар жазса «чыгарма» болот, ал эми балдар жазса «дилбаян» болот дедик. Жакшы. Эми биздин тилчилерибиз тердеп-тепчип эле кыргызчалата албай келаткан «скидка» терминин алалы. Муну «арзандатуу» деп туура эмес берилип жүргөнүнө эки далил келтирейин. Биринчиден, «арзандатуу» - этиш, бизге болсо зат атооч керек. Экинчиден, анда «распродажа» кандайча кыргызчаланат? Скидкага туура келүүчү сөз кыргыз тилинде барбы? Базарга барып, соодалашып жатканда баарыбыз эле «түшүр, түшүрүп бер» - дейбизго. Демек, «скидка» - «түшүрүм» болот турбайбы. Түрктөр бул сөздү «индирим» дейт экен. Тилибиздеги ушуга уйкаш сөздөрдөн мисал келтирип коёлучу: сындырым, ынаным, чабым, көтөрүм, ыйгарым, келим, кетим ж.у.с.

Эми, биздин «чоңдорубуз» колдонууга киргизип таштап, биз баш тарта албай келе жаткан айрым терминдерге токтололу. Мисалы, «губернатор», «мэр» терминдери. Россиянын артынан ээрчүүнүн дагы чеги барго. Эч ким бизди мааниси «сатрап» дегенди билдирген, кыргыз элин 1916-жылы кыргынга учураткан орус падышасын эстетип турган «губернатор» деген сөздү киргизип алгыла деп мидеттендирген эмес чыгар. Кошуналарыбыз колдонуп жаткан «аким» терминин эмнеге колдонбойбуз? Область дебей эле, элибиз илгертен колдонуп келген «дуван» терминин эмнеге албайбыз? Тиешелүү башкаруу мекемелерин дуван, район же шаар акимчилиги десек, жетекчилерин дуван акими, район акими, шаар акими, айыл акими десек эмне жаман угулабы? Батыштын ар кандай нерсесине келиндей жүгүнүү – биздин айыкпаган оорубуз окшойт. Балким, аймактык реформалар жүргүзүлсө, "губернатор" термини өзү эле жок болуп кетер. «Мэр», «департамент» деп койсок эле баары өзүнөн-өзү өзгөрүп калчудай көрөбүз. Менимче, адегенде мекеменин же уюмдун, кайсы бир кубулуштун атын эмес, затын өзгөртүү керек болсо керек.

Макул, бул көрүнүштү «эми мурда орун алып калыптыр, атааңдын көрү, өзгөртө албай жатпайбызбы» - деп коёлу. Аз эле убактан бери, «айыл өкмөтү» дештин ордуна «айыл округу» деп калганыбызга жол болсун. Тили келбеген чал-кемпир муну «айыл өкүрүгү» деп алыптыр. Ушул сөз айкашын өзүңөр айтып туруп, өзүнөр кулак салып көргүлөчү. Кандай угумсуз, кандай жаман сөз? «Округ» деген терминди колдонуш эле керек болсо, анын кыргызча вариантын эмнеге колдонбойбуз? Таштаган эле жерден «аймак», «чөлкөм» деген эки сөздү көрүп турам. Эми «айыл аймагы» же «айыл чөлкөмү» деп үн чыгарып окуп, аны жогорудагы «өкүрүк» менен салыштырып көргүлөчү.b

Жер-суу аталыштарынын бурмаланышы[түзөтүү]

Жер-суу аталыштарынын бурмаланышы тууралуу да эки ооз кеп айта кетели. 1-ден, бизде жер-суунун атын орусчалап коюп алуу көрүнүшү орун алган. Биз бул жерде Лебединовка, Гавриловка, Покровка, Теплоключенко сыяктуу орустар курган орус кыштактарынын аталышын азыр эле өзгөртүү керек деп жаткан жокпуз. Ал өзүнчө маселе. Эгемендик алгандан кийин эле Тёплые Ключи деп өзгөрүп калган Ала-Арча капчыгайындагы Жылуу-Булакты айтып жатабыз. Буга себепти өзүбүздүн эле белибиздин артыкча ийилгичтигинен издеш керек. 2-бир орун алган көрүнүш: жер-суу аттарын бурмалап туура эмес колдонуу. Мисалы, Боом капчыгайынан бери чыга бериштеги кыштактын туура аты Жел-Арык эмес, Жел-Аргы. Себеби, бул кыштактын жанындагы чоң колоттун аты Жел-Аргы. Колоттон дайыма шамал согуп, б.а. жел аргып турат. Эл кыштагына Жел-Аргы деп ошол жердин атын коюп алган.

Дагы бир мисал. Аламүдүн капчыгайынын баш жагынан орун алган белгилүү жайлоонун аты Чуңкурчак. Аны бурмалашып, Чоң-Курчак деп жазышканын көрүп жүрөбүз. Ошентип, Чуңкурчак жайлоосу чоң куурчакка айланып калды. Кызыл-Бирлик, Бирлик сыяктуу кыштактардын аттары Кызыл-Берлик, Берлик болуп өзгөрүп кетти. Маршруттук автобустардын биринде "Кун-Туу 8-сом" деген кулактандырууну окудум. Айдоочуга "Кун-Туу" эмес Күнтуу, бул адамдын атынан келип чыккан, туура жаздырып ал деп түшүндүрдүм. Айдоочу болсо, чоңдорубуз ушинтип жаздырып берген деп камырабайт. Мындай көрүнүштөр биздин маңкурт болуп калганыбыздын дагы бир далили. Айтсаң – айыптуу күн, айтпасаң – кокуй күн.

Кыргыздардын өз кебине орусча сөздөрдү шыкап сүйлөгөнүнө жол болсун. Алсак, "үй-бүлө" дебей "семья" дейбиз, "мектеп" дебей "үшкөл" дейбиз, "жарык" дебей, "свет" дейбиз, "басым" дебей "давление" дейбиз. Ушундай отоо сөздөр биздин оозеки кебибизде толтура. "Дажы", "ужу", "тожу", "сапсем", "астанөпкө", "ладна", "дабай" сыяктуу отоо сөздөрдү айтпай эле, эне тилибизде так, туура жана мазмундуу кеп сүйлөшкө аракет кылсак болбойбу?

2018-жылдын октябрынан бери орун алып келаткан бир өкүнүчтүү нерсеге назар салгылачы! Троллейбус-автобустарда кыргыз тилине кызыктай "жаңылык" киргизген жарыялар айтылат! "Аялдама" деген буга чейин колдонулуп, кулакка сиңген алгылыктуу сөздүн ордуна "аярлама" деген жасалма термин айтыла баштады. "Аярда" же "аярла" деген сөз илгертен эле "абайла", "чеберде" же "этиятта" дегенди билдирип келген. Демекчи, "аярлама" деген сөз "абайлама", "чебердеме" дегенди түшүндүрөт! Ал эми "аялда" деген сөз элибизде "токтой тур" маанисинде колдонулат. Андай болсо, аялдаманын чечмелениши - "токтой турма" болот, "аялды бирдеме кылма" эмес!. Анткени, аялдамада коомдук транспорт токтой турат, анан кайра жүрүп кетет. Демек, "остановка" кыргызча "аярлама" эмес, "аялдама" болушу туура! Ошондой эле, "аялдама" менен "аял" экөө эки башка сөз экенин айтып коелу.

Ырчы-аткаруучулардын ырдын текстин бурмалап ырдаган фактылары толтура. Бурмаланган сөздөр өздөрү туура болсо да жакшы эмеспи Мисалы,(М.Аликеев, “Мөлмөлүм”дүн текстинде, “...өлбөсө кимге керек деп...” эмес, “...өлсө кимге керек деп...” болушу керек. Айгерим Расул кызы, “18 жаш” деген ырында “...өзүң черик...” деп ырдайт, туурасы “...өзүң шерик...”.

Кыргызча термин жаратууда адегенде өз тилибиздин казынасына, анан тектеш тилдерге, андан кийин ошол терминдин эл аралык даражасына (эгер өзгөртпөй алмакчы болуп жатсак) караганыбыз туура. Өз тилибиздин корунан жаралган мыкты терминдерге мисал катары кайран Касымалы Жантөшев агабыз жараткан математикалык терминдерди айткым келет (бөлчөк, буруш бөлчөк, дурус бөлчөк ж.б.). Өздөштүрүлгөндөргө мисалдар: самоор, керебет, үстөл (орус тилинен), машине, автомобиль, комбайн, компьютер (жалпы эр аралык тилден).

"Ири мүйүздүү мал" (орусчасы - "крупный рогатый скот"), "майда мүйүздүү мал" ("орусчасы - "мелкий рогатый скот" деп калдык. Муну сөзмө-сөз которуу деп коёт. Мал менен өскөн кыргыздар булардын биринчисин -"бодо" же "кара мал", 2-син - "майда жандык" деп эле коёт.

Унутулуп кеткен сөздөрдү термин катары киргизсек. Мисалы, коолу, дагды. Булардын 1-си орусча "указ", 2-си - "опыт" болот(кара: 1-син А.Чоробаевдин "Тайлак баатыр" китебинен, 2-син - И.Арабаевдын "Эл дөөлөтү - эне тил" деген китептеги макаласынан).

Бирок, өздөштүрүлгөн сөздөр төл сөздөрүбүздү сүрүп чыгарбашын байкаш керек. Мисалы, "дос" сөзү "тамыр" созүн, "душман" сөзү "кас" сөзүн, "тажрыйба" "магды" сөзүн сүрүп салган.

Кайсы бир түшүнүктүн жалпы аталышы менен айрым аталыштарын чаташтырбай колдонсок. Мисалы, жалпы аталышыбыз "адам", чоң адамдын эркеги - "киши", ургаачысы - "аял" же "катын". "Тоок" жалпы аталышы, "мекиян" - ургаачысы, "короз" - эркеги. "Уй" жалпы аталышы, эркеги -"бука" (бычылганы "өгүз"), ургаачысы - "инек". "Төө" - жалпы аталышы, ургаачысы - "инген", эркеги -"буура" (бычылганы - "атан"). "Жылкы" - жалпы аталышы, эркеги - "айгыр" (бычылганы -"ат"), ургаачысы - "бээ". Биз бул жерде жогорку жаныбарлардын балдары эмес, чоңдору гана тууралуу кеп кылдык.

Кыргыз тили азыр мурда болуп көрбөгөндөй коргоого муктаж. Батыш серепчилери болжолдогондой, жер бетинен жок болуп кеткибиз келбесе ар кимибиз өз деңгээлибизде козголушубуз зарыл. Момун, мокок кыргыз эли барбыз, чакан болсо да өз алдынча территориясы, мамлекеттик символдорубуз бар, эгер кыргыз дөөлөтү жок болуп кетсе, анда кимди ары-бери калчап башкарарын атка минерлерибиз чоңунан кичинесине чейин акылы менен да, жүрөгү менен да, чөнтөгү менен да түшүнүшү зарыл. Ошол эле учурда, кыргыз тилине камкордук көрүү, аны бардык тараптан өз алына ылайык коргоо - ар бир кыргыздын ыйык милдети. Орус мамлекети 130 миллиондой адамдын эне тили болгон орус тилин коргоо маселесин колго алып олтурат, Франция парламенти француз тилин коргоо маселесин көтөрүп жатканын билебиз. А биздин башчыларыбыздын, депутаттарыбыздын кыргыз тилинин абалына баш оорутушканын эч кимибиз көрө элекпиз. Мамлекеттик тил тууралуу кабыл алынган шалтурук мыйзамды бул жерде оозго алуунун деле кажаты жок.. Ошондуктан, ар бир «мен кыргызмын» деген адамды өз тилинде таза, так жана мазмундуу сүйлөй билүүгө, жана бул ишти өзүнөн жана өз үй-бүлөсүнөн баштоого чакырар элек. Бала ыйлабаса, эмчек кайда?

Адабияттар[түзөтүү]




  • ISBN

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү]