Малахия

Wikibooks дан

Малахия 1

ЙХВХдин Ысрайылга болгон сүйүүсү


1. ЙХВХдин Малахия аркылуу Ысрайылга айткан пайгамбарчылык сөзү. 2. «Мен силерди сүйдүм, – дейт ЙХВХ, – силер болсо: “Сен бизге болгон сүйүүңдү эмне менен көрсөттүң?” – деп айтып жатасыңар. Эйсап Жакыптын бир тууганы эмеспи? – дейт ЙХВХ. – Бирок Мен Жакыпты сүйдүм. 3. Эйсапты болсо жек көрдүм, анын тоолорун чөлгө айланттым, ал ээлеген жерлерди чөлдүн чөөлөрүнө бердим. 4. Эгерде Эдом: “Биз кыйрадык, бирок кайрылып келип, кыйраганды калыбына келтиребиз”, – десе, анда Себайот ЙХВХ мындай дейт: “Алар курушат, Мен кыйратам. Алардын жерин мыйзамсыздардын жери, элин түбөлүккө ЙХВХдин каарына калган эл деп аташат”. 5. Муну силер өз көзүңөр менен көрүп: “ЙХВХ Ысрайыл жеринен сырткаркы жерлерде даңкталды!” – дейсиңер.

Кудайдын ыйык кызмат кылуучуларды жемелеши


6. Уул өз атасын, кул өз кожоюнун урматтайт. Менин ысымымды булгаган ыйык кызмат кылуучулар, эгерде Мен ата болсом, анда кана Мени сыйлаганыңар? Эгерде Мен ЙХВХ болсом, анда кана Менин алдымда коркуп турганыңар? – дейт Себайот ЙХВХ силерге. Силер болсо: “Биз Сенин ысымыңды эмне кылып булгап жатабыз?” – дейсиңер. 7. Силер Менин курмандык чалынуучу жайыма таза эмес нанды алып келесиңер да, анан: “Биз Сенин ысымыңды эмне кылып булгап жатабыз?” – дейсиңер. “ЙХВХдин дасторкону сыйга татыктуу эмес”, – дегениңер менен булгап жатасыңар. 8. Курмандыкка сокур малды чалып жатасыңар, ушунуңар жакшыбы? Же болбосо аксаган, оорулуу малды чалып жатасыңар, ушунуңар жакшыбы? Ошону өзүңдүн төрөңө тартуу кылып көрчү! Ал сага ыраазы болор бекен? Сени жакшы кабыл алар бекен? – дейт Себайот ЙХВХ. 9. Ошондуктан Кудайга сыйынгыла, Ал бизге ырайым кылсын. Бирок силердин колуңардан ушундай нерсе чыгып жатканда, Ал силерди ырайымдуулук менен кабыл ала алабы? – дейт Себайот ЙХВХ. 10. Менин курмандык чалынуучу жайымда отту бекер эле күйгүзбөш үчүн, силердин араңардан кимдир бирөө эшикти кулпулап койсо жакшы болмок. Мен силерге ыраазы эмесмин, – дейт Себайот ЙХВХ, – силердин колуңардан чыккан тартуулар Мага жакпайт. 11. Анткени чыгыштан батышка чейин Менин ысымым элдер арасында улуу болот, бардык жерде Менин ысымыма жыпар жыттуу зат түтөтүшөт, таза курмандык чалышат. Анткени Менин ысымым элдер арасында улуу болот, – дейт Себайот ЙХВХ. 12. Силер болсо аны “ЙХВХдин дасторкону сыйга татыктуу эмес, анын үстүндөгү жемиш – эч нерсеге арзыбаган тамак” дегениңер менен булгап жатасыңар. 13. “Канча мээнет кетти!” дейсиңер, аны барктабайсыңар, – дейт Себайот ЙХВХ, – уурдалган, аксаган, оорулуу малды курмандыкка чалып жатасыңар, ошондой эле сапаттагы нан курмандыгын тартуулап жатасыңар. Мен буларды силердин колуңардан ыраазычылык менен кабыл ала аламбы? – дейт ЙХВХ. 14. Убада берип коюп, короосунда кемчиликсиз эркек малы бар болсо да, ЙХВХге арнап курмандыкка майып малды чалган алдамчыга каргыш! Анткени Мен улуу Падышамын, Менин ысымым элдер арасында коркунучтуу».


Малахия 2


1. «Ошондуктан бул осуят силер үчүн, ыйык кызмат кылуучулар: 2. Эгерде силер тил албасаңар, Менин ысымымды даңктоону жүрөгүңөргө кабыл албасаңар, – дейт Себайот ЙХВХ, – анда Мен силерге каргыш жиберем, силердин батаңарды каргышка айландырам, азыр эле каргай баштадым, анткени силер буга жүрөгүңөрдү бургуңар келбей жатат. 3. Мына, Мен силердин тукумуңарды каргайм, бетиңерге кык чачам, бетиңерге майрамдарда чалган курмандыктарыңардын кыгын чачам, силерди ошолор менен кошо ыргытышат. 4. Мен бул осуятты силерге Өзүмдүн Леби менен түзгөн келишимимди сакташ үчүн бергенимди ошондо билесиңер, – дейт Себайот ЙХВХ. 5. Менин аны менен түзгөн келишимим өмүр жана тынчтык келишими эле. Мен аны ага Менден коркуп жүрсүн деп бергем. Ал Менден коркчу, Менин ысымымдын алдында титиреп турчу. 6. Чындыктын мыйзамы анын оозунда эле, анын тилинде жалганчылык болгон эмес. Ал Мени менен тынчтыкта жана чындыкта жүрдү жана көп адамдарды күнөөдөн бурду. 7. Анткени ыйык кызмат кылуучунун оозу билимди сакташ керек, мыйзамды анын оозунан издешет, анткени ал – Себайот ЙХВХдин кабарчысы. 8. Бирок силер жолдон чыгып кеттиңер, мыйзамды үйрөтүүдө көп адамдарды адаштырдыңар, Леби менен түзүлгөн келишимди буздуңар, – дейт Себайот ЙХВХ. 9. Ошондуктан Мен да силерди бардык элдердин алдында жек көрүндү, кемсинтилген эл кылам, анткени силер Менин жолдорумду сактабай жатасыңар, мыйзам иштеринде бет карамалык кылып жатасыңар».

Элди жемелөө


10. Бардыгыбыздын Атабыз бир эмеспи? Бардыгыбызды бир эле Кудай жараткан эмеспи? Анда эмне үчүн ата-бабаларыбыздын келишимин бузуп, бири-бирибизге ишенимсиз болуп жатабыз? 11. Жүйүт ишенимсиздик кылып жатат, Ысрайыл менен Иерусалимде жийиркеничтүү иштер болуп жатат. Анткени Жүйүт өзү сүйгөн ыйык мыйзамды – ЙХВХдин мыйзамын бузду, чоочун кудайдын кызына үйлөндү. 12. Жакыптын чатырларынан ушундай кылган адамды, ал сакчы болобу, жооп берүүчү адам болобу, Себайот ЙХВХге курмандык чалуучу адам болобу, ЙХВХ жок кылат. 13. Силер муну да кылып жатасыңар: ЙХВХдин курмандык чалынуучу жайына ый жана зар-муң менен көз жаш төгүп жатасыңар, бирок Ал мындан ары тартууңарды карабайт, силердин колуңардан курмандыктарды кабыл албайт. 14. Силер: «Эмне үчүн?» – деп сурап жатасыңар. Анткени жаш чагыңда алган аялың экөөңөрдүн ортоңордо ЙХВХ күбө болгон, ал сенин өмүрлүк жолдошуң жана никелүү аялың болгонуна карабастан, сен ага ишенимсиздик кылдың. 15. Бирок ичинде өзгөчө руху бар бир адам ушундай кылган эмес беле? Ал адам эмне кылды эле? Ал Кудайдан тукум алууну каалаган. Ошондуктан рухуңарды сактагыла, эч кимиңер жаш чагыңарда алган аялыңарга ишенимсиздик кылбагыла. 16. Ким аны жек көрүп, кетирип жиберсе, – дейт Ысрайылдын Кудай-ЙХВХи, – ал өзүнүн кийимин булгайт, – дейт Себайот ЙХВХ. Ошондуктан өз рухуңарды сактагыла жана ишенимсиздик кылбагыла. 17. Силер ЙХВХди сөзүңөр менен каардантып жатасыңар да, анан: “Биз Аны эмне кылып каардантып жатабыз?” – дейсиңер. Силер Аны: “Кыянаттык кылган ар бир адам ЙХВХдин көз алдында жакшы, Ага ушундайлар жагат”, же болбосо: “Акыйкаттыктын Кудайы кана?” дегениңер менен каардантып жатасыңар.


Малахия 3

ЙХВХдин келиши жөнүндө


1. «Мына, Мен Өзүмдүн периштемди жиберип жатам, ал Менин алдымда жол даярдап коёт, силер издеп жаткан ЙХВХ Өз ийбадатканасына күтүлбөгөн жерден келет, силер каалаган келишим периштеси келет. Мына, Ал келе жатат, – дейт Себайот ЙХВХ. 2. Ал келген күнү ким чыдай алат? Ал келгенде, ким туруштук бере алат? Анткени Ал – эритүүчү оттой, тазалоочу шакардай. 3. Ал күмүштү кайрадан эритип тазалоо үчүн отурат, Леби уулдарын тазалайт, алтын менен күмүштү эриткендей, аларды кайрадан эритет, ошондо алар ЙХВХге адилдик менен курмандык чалышат. 4. Ошондо Жүйүт менен Иерусалимдин курмандыгы ЙХВХге байыркы күндөрдөгүдөй, мурунку жылдардагыдай жагымдуу болот. 5. Мен силерге жазалаш үчүн келем, сыйкырчылардын, ойноштук кылгандардын, калп каргангандардын, жалчылардын акысын бербегендердин, жетим менен жесирге кысым көрсөткөндөрдүн, келгинге туура эмес мамиле кылгандардын тез ашкерелөөчүсү болом. Алар Менден коркушпайт, – дейт Себайот ЙХВХ.

Элди ашкерелөө


6. Анткени Мен ЙХВХмин, Мен өзгөрбөйм. Ошондуктан силер, Жакып уулдары, тукум курут болгон жоксуңар. 7. Силер ата-бабаларыңардын күндөрүнөн бери Менин мыйзамдарымдан баш тартып, аларды аткарбай келе жатасыңар. Мага кайрылып келгиле, ошондо Мен да силерге кайрылып келем, – дейт Себайот ЙХВХ. Силер: “Эмне кылып кайрылып келебиз?” – дейсиңер. 8. Адамга Кудайдыкын уурдаганга болобу? Силер Меникин уурдап жатасыңар. «Биз Сеникин эмне кылып уурдап жатабыз?» – дейсиңер. Ондук бербей, тартуу алып келбей уурдап жатасыңар. 9. Силер катуу каргышка калдыңар, анткени силер, бүт эл, Меникин уурдап жатасыңар. 10. Менин үйүмдө тамак болуш үчүн, ондуктардын баарын казына үйүнө алып келгиле. Мени ушул аркылуу сынап көргүлө, – дейт Себайот ЙХВХ, – силер үчүн Мен асман терезелерин ачпайт бекем? Силерге батамды ашыгы менен төкпөйт бекем? 11. Силер үчүн Мен бардыгын жалмоочуларга тыюу салам, ошондо алар силердин түшүмүңөрдү кыйратпайт, талаадагы жүзүм сабагыңар өз жемишинен ажырабайт, – дейт Себайот ЙХВХ. 12. Бардык элдер силерди бактылуу деп айтышат, анткени силер суктанарлык өлкө болосуңар, – дейт Себайот ЙХВХ. 13. Силер Мага каршы тайманбай сүйлөп жатасыңар, – дейт ЙХВХ. Силер: “Биз Сага каршы эмнени сүйлөп жатабыз?” – дейсиңер. 14. Силер: “Кудайга кызмат кылуу – курулай убаракерчилик, Анын буйруктарын сактап жүргөнүбүздөн, Себайот ЙХВХдин алдында кайгырып жүргөнүбүздөн кандай пайда болду?” – деп жатасыңар. 15. Азыр биз текеберлерди бактылуу деп эсептейбиз: мыйзамсыз иштерди кылгандар жашоосунда ийгиликке жетип жатышат. Алар Кудайды сынашса да, аман калып жатышат. 16. Бирок Кудайдан корккондор бири-бирине: “ЙХВХ кулак салып жатат, Ал угуп жатат, ЙХВХден коркуп, Анын ысымын урматтагандар тууралуу Анын алдында эстелик китеп жазылып жатат”, – дешет. 17. «Алар Меники болот, – дейт Себайот ЙХВХ, – Мен белгилеген күнү алар Менин менчигим болушат, адам өзүнө кызмат кылган уулуна кандай ырайым кылса, Мен да аларга ошондой ырайым кылам. 18. Ошондо адил адам менен мыйзамсыз адамдын, Кудайга кызмат кылган адам менен кызмат кылбаган адамдын ортосундагы айырманы кайрадан көрөсүңөр».


Малахия 4

ЙХВХдин күнү


1. «Анткени мына, мештей алоолонгон күн келе жатат. Ошондо бардык текеберлер менен мыйзамсыз иш кылгандар саман сыяктуу болушат, аларды келе жаткан күн өрттөп кетет, – дейт Себайот ЙХВХ, – алардын тамырын да, бутагын да калтырбайт. 2. Силер үчүн болсо, Менин ысымымдын алдында коркуп тургандар, чындыктын Күнү чыгат, Анын нурларында айыгуу бар, силер чыгып, семиз букачарлардай оюн саласыңар. 3. Мыйзамсыздарды тебелеп-тепсейсиңер, анткени алар Мен белгилеген ошол күнү силердин бутуңардын астында топурак болуп калышат, – дейт Себайот ЙХВХ. 4. Менин кулум Мусанын мыйзамын унутпагыла. Мен ага ал мыйзамды, ошондой эле буйруктар менен көрсөтмөлөрдү Хореп тоосунда бүт Ысрайыл үчүн бергем. 5. ЙХВХдин улуу жана коркунучтуу күнү келер алдында Мен силерге Илияс пайгамбарды жиберем. 6. Мен келип, жер жүзүн каргыш менен жок кылбашым үчүн, ал аталарынын жүрөгүн уулдарына, уулдарынын жүрөгүн аталарына бурат».