Матайдын Жакшы Кабары

Wikibooks дан

1-БӨЛҮМ

Исанын санжырасы

1 Иса Машаяктын санжырасы: Ал – Дөөттүн Уулу, Ал – Ыбрайымдын Уулу.

2 Ибрайымдан Ыскак, Ыскактан Жакып, Жакыптан Жүйүт жана дагы башка балдар төрөлгөн.

3 Жүйүт менен Тамардан Перес менен Зерак төрөлгөн. Перестен Хесрон, Хесрондон Рам төрөлгөн.

4 Рамдан Аминадап, Аминадаптан Нахшон, Нахшондон Салмон төрөлгөн.

5 Салмон менен Рахаптан Бууз төрөлгөн. Бууз менен Руттан Обейт төрөлгөн. Обейттен Жышай төрөлгөн.

6 Жышайдан Дөөт падыша төрөлгөн. Дөөттөн Сулайман төрөлгөн. Сулаймандын энеси мурун Урийдин аялы болчу.

7 Сулаймандан Рехабам, Рехабамдан Абиям, Абиямдан Аса,

8 Асадан Жошапат, Жошапаттан Жорам, Жорамдан Узия,

9 Узиядан Жотам, Жотамдан Ахаз, Ахаздан Хиския,

10 Хискиядан Менаше, Менашеден Амон, Амондон Жошия төрөлгөн.

11 Бабыл өлкөсүнө туткундалып бара жатканда, Жошиядан Жайаким, Жайакимден Жайахин жана дагы башка балдар төрөлгөн.

12 Бабыл өлкөсүнө туткундалып баргандан кийин, Жайахинден Шалем төрөлгөн. Шалемден Зоробабыл,

13 Зоробабылдан Абыйут, Абыйуттан Элийаким, Элийакимден Адзор,

14 Адзордон Садок, Садоктон Аким, Акимден Элийут,

15 Элийуттан Элазар, Элазардан Матан, Матандан Жакып төрөлгөн.

16 Жакыптан Мариямдын күйөөсү Жусуп төрөлгөн. Мариямдан Машайак деп аталган Ыйса төрөлдү.

17 Ошентип, Ыбрайымдан Дөөткө чейин бардыгы болуп он төрт муун, Дөөттөн Бабыл туткундугу убагына чейин он төрт муун, Бабыл туткундугу убагынан Машайак төрөлгөнгө чейин он төрт муун.

Ыйса Машайактын төрөлүшү

18 Ыйса Машайактын төрөлүшү мындай болду: Анын энеси Мариям Жусуп менен убадалашып койгон. Бирок алардын никеси кыйыла электе эле, Мариямдын Ыйык Рухтан кош бойлуу болгону белгилүү болду.

19 Анын болочок күйөөсү Жусуп адил адам болгондуктан, Мариямды эл алдында уятка калтыргысы келген жок. Ошондуктан ал Мариям менен бекиткен убадасын жашыруун бузууну ойлоду.

20 Ушундай ойго келген кезде, Теңирдин периштеси ага түшүндө көрүнүп, мындай деди: «Жусуп, Дөөттүн уулу! Мариямды аялдыкка алуудан коркпо, анткени анын боюна бүткөн бала Ыйык Рухтан.

21 Ал Уул төрөйт, Анын ысымын Ыйса деп койгун. Анткени Ал Өз элин күнөөлөрүнөн куткарат».

22-23 Булардын баары Теңирдин Ышайа пайгамбар аркылуу «Кыз кош бойлуу болуп, Уул төрөйт, анын ысымын Эмануел деп коюшат» деп айткан сөзүнүн аткарылышы үчүн болду. Бул ысым «Кудай биз менен» деп которулат.

24 Жусуп ойгонгондон кийин, Теңирдин периштеси буйругандай кылды. Ал Мариямды аялдыкка алды.

25 Бирок Мариям Уулун төрөгүчө, Жусуп ага жакындаган жок. Уул төрөлгөндө, Жусуп Анын ысымын Ыйса деп койду.

2-БӨЛҮМ

Даанышмандардын Бейт-Лехемге келиши

1 Ирод падышанын убагында, Жүйүт жеринин Бейт-Лехем деген шаарында, Ыйса төрөлгөндө, чыгыштан Иерусалим шаарына даанышмандар келип:

2 «Жүйүттөрдүн жаңы төрөлгөн Падышасы кайда? Чыгыштан биз Анын жылдызын көрүп, Ага таазим кылганы келдик», – дешти.

3 Муну укканда, Ирод падышанын тынчы кетти, аны менен бирге бүт Иерусалим эли да дүрбөлөңгө түштү.

4 Ошондо Ирод башкы ыйык кызмат кылуучулар менен элдик мыйзам окутуучулардын баарын чогултуп алып, алардан: «Машайак кайсы жерде төрөлүшү керек эле?» – деп сурады.

5 Алар ага мындай деп жооп беришти: «Жүйүттүн Бейт-Лехем деген шаарында төрөлүшү керек. Анткени бир пайгамбар аркылуу мындай деп жазылган:

6 “Бирок сен, Бейт-Лехем, Жүйүт жери, Жүйүттүн башка шаарларынан эч бир нерсең менен кем эмессиң, анткени сенден Менин элим Ысрайылды жетектеп жүрө турган Жол башчы чыгат”».

7 Ошондо Ирод даанышмандарды өзүнө жашыруун чакыртып алып, жылдыздын пайда болгон убактысын астыртадан сурап билип алды.

8 Анан аларды Бейт-Лехемге жөнөтүп жатып: «Баргыла да, ошол Наристе жөнүндө жакшылап сураштырып билгиле. Аны табарыңар менен, мага кабарлагыла. Мен да барып, Ага таазим кылайын», – деди.

9 Падыша муну айткандан кийин, алар жөнөп кетишти. Чыгышта көрүнгөн жылдыз алардын алдында жылып жүрүп отуруп, Наристе жаткан жерге келип токтоду.

10 Жылдыздын токтогонун көргөндө, даанышмандар аябай сүйүнүп кетишти.

11 Анан алар үйгө кирип, Наристени жана Анын энеси Мариямды көрүштү. Ошондо алар жүзтөмөндөп жыгылып, Ага таазим кылышты. Сандыкчаларын ачып, Ага ладан, смирна деген жыпар жыттуу заттарды жана алтын тартуу кылышты.

12 Алар Иродго кайтып барбоо керектиги жөнүндө түштөрүндө аян алып, өз өлкөсүнө башка жол менен жөнөп кетишти.

Мисирге качуу

13 Даанышмандар жөнөп кетишкенден кийин, Теңирдин периштеси Жусупка түшүндө көрүнүп: «Тур, Наристени жана Анын энесин алып, Мисирге кач. Мен айтканга чейин, ошол жерде бол. Анткени Ирод Наристени өлтүртүү үчүн издеткени жатат», – деди.

14 Ошондо Жусуп ордунан туруп, Наристени жана Анын энесин алып, түн ичинде Мисирди карай жол тартты.

15 Ошентип, алар Ироддун көзү өткөнчө, ошол жерде болушту. Теңирдин бир пайгамбар аркылуу «Уулумду Мисирден чакырып алдым» деп айткан сөзүнүн аткарылышы үчүн ушундай болду.

Наристелердин өлтүрүлүшү

16 Ирод өзүнүн даанышмандарга алданып калганын билгенде, аябай каарданып, Бейт-Лехемдеги жана анын тегерек-четиндеги эки жаштагы жана эки жашка чейинки эркек балдарды кырып салууга аскерлерди жөнөттү. Ал Анын жашын даанышмандардан сурап билип алган убакыт боюнча аныктады.

17-18 Ошондо Жеремия пайгамбар аркылуу «Рама шаарынан зар какшап, боздоп ыйлагандын үнү угулат. Бул – өзүнүн балдарын жоктоп ыйлаган Рахел. Ал сооронгусу келбей жатат, анткени алар эми жок» деп айтылган сөз аткарылды.

Назаретке кайтып келүү

19 Ироддун көзү өткөндөн кийин, Мисирде Теңирдин периштеси Жусупка түшүндө көрүнүп:

20 «Тур! Наристени жана Анын энесин алып, Ысрайыл жерине жөнө. Анткени Наристени өлтүрүүнү каалагандардын көзү өтүп кетти», – деди.

21 Ошондо Жусуп ордунан туруп, Наристени жана Анын энесин алып, Ысрайыл жерине келди.

22 Жүйүт аймагында атасы Ироддун ордуна уулу Архелай падышачылык кылып жатканын угуп, Жусуп ал жакка баруудан коркту. Бирок түшүндө аян алып, Галилея аймагын көздөй жол тартты.

23 Ал жерге келип, Назарет деген шаарга жайланышты. Пайгамбарлар аркылуу «Ал “назареттик” деп аталат» деп айтылган сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду.

3-БӨЛҮМ

Чөмүлдүрүүчү Жакандын кызматы,анын Ыйса жөнүндө күбөлөндүрүүсү

1 Бир нече жылдан кийин чөмүлдүрүүчү Жакан келип, Жүйүт жериндеги ээн талаада мындай деп жар сала баштады:

2 «Тобо кылгыла! Анткени Асман Падышачылыгы жакындап калды».

3 Жакан жөнүндө Ышайа пайгамбар: «Теңирге жол даярдагыла, Ал үчүн жолду түздөгүлө деп, ээн талаада жар салган үн угулат», – деп айткан.

4 Жакан болсо төөнүн жүнүнөн кийим кийип, белине кайыш кур курчанып жүрчү. Жегени чегиртке менен жапайы бал эле.

5 Ошондо Иерусалимдеги, Жүйүт аймагындагы жана Иордан дарыясынын айланасындагы элдин баары ага келип,

6 күнөөлөрүн моюндарына алып, ачык айтып жатышты. Жакан аларды Иордан дарыясында сууга чөмүлдүрүп жатты.

7 Чөмүлдүрүлүү үчүн келе жаткан бир топ фарисейлер менен садукейлерди көргөндө, Жакан мындай деди: «Жылан тукумдары! Кудайдын келечектеги каарынан качып кутулууну силерге ким айтты?

8 Тобо кылганыңарды иштериңер аркылуу көрсөткүлө!

9 “Биздин атабыз – Ыбрайым”, – деп ойлобой эле койгула. Силерге айтып коёюн, Кудай Ыбрайымга мына бул таштардан да балдарды жаратып бере алат.

10 Балта дарактардын тамырынын жанына коюлган. Демек, жакшы жемиш бербеген ар бир дарак кыйылып, отко ыргытылат.

11 Мен силерди тобо кылуу чөмүлдүрүүсү менен сууга чөмүлдүрүп жатам, бирок менин артымдан Келе Жаткан менден күчтүү. Мен Анын бут кийимин көтөрүп жүрүүгө да татыксызмын. Ал силерди Ыйык Рухка жана отко чөмүлдүрөт.

12 Анын күрөгү Өз колунда, Ал Өз кырманын тазалап, буудайын кампага жыйнайт, ал эми саманды өчпөс отко салат».

Ыйсанын чөмүлдүрүлүшү

13 Ошондо Ыйса Жакан тарабынан сууга чөмүлдүрүлүү үчүн, Галилеядан Иорданга келди.

14 Жакан Аны токтотуп: «Мени Сен чөмүлдүрүшүң керек эле. А Сен болсо мага келе жатасыңбы?» – деди.

15 Бирок Ыйса ага: «Азыр ушундай кылууга жол бер, анткени ар бир адилеттүү ишти ушундайча аткарышыбыз керек», – деп жооп берди. Ошондо Жакан Ага жол берди.

16 Чөмүлдүрүлөрү менен Ыйса суудан чыкты. Ошол учурда (Жакан) асмандын ачылганын жана Кудайдын Рухунун көгүчкөн сыяктуу Ага түшүп келе жатканын, Анын үстүнө түшкөнүн көрдү.

17 Ошондо асмандан «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын» деген үн угулду.

4-БӨЛҮМ

Ыйсанын сыналуусу

1 Ошондон кийин Ыйса шайтан тарабынан сыналуу үчүн, Рух аркылуу чөлгө алынып барылды.

2 Ал кырк күн, кырк түн орозо кармап, акырында ачка болду.

3 Ошондо азгыруучу Ага жакын келип: «Эгерде Сен Кудайдын Уулу болсоң, анда мына бул таштарга нанга айланууну буйру!» – деди.

4 Ыйса ага: «“Адам нан менен гана эмес, Кудайдын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт”, – деп, Ыйык Жазууда жазылып турат», – деп жооп берди.

5 Ошондо шайтан Аны ыйык шаарга алып барып, ийбадаткананын төбөсүнө тургузуп, мындай деди:

6 «Эгерде Сен Кудайдын Уулу болсоң, анда боюңду таштап жибер. Анткени Ыйык Жазууда: “Ал Өзүнүн периштелерине буйрук берет. Сен бутуңду ташка уруп албашың үчүн, алар Сени колдоруна көтөрүп кетишет”, – деп жазылып турат».

7 Ыйса ага: «Ыйык Жазууда: “Кудай-Теңириңди сынаба”, – деп да жазылып турат», – деп жооп берди.

8 Шайтан кайрадан Аны алып, абдан бийик тоого чыгарды да, дүйнөдөгү бардык падышачылыктарды жана алардын атак-даңкын көрсөттү.

9 Анан Ага: «Алдыма жыгылып, мага таазим кылсаң, ушунун баарын Сага берем», – деди.

10 Ошондо Ыйса ага: «Кет жанымдан, шайтан! Анткени: “Кудай-Теңириңе табын жана бир гана Ага кызмат кыл”, – деп жазылып турат», – деп жооп берди.

11 Ошондо шайтан Ыйсанын жанынан кетти. Периштелер келип, Ыйсага кызмат кыла башташты.

Ыйсанын Капернаум шаарына келип, кызматын баштоосу

12 Ыйса Жакандын камакка алынганын угуп, Галилеяга кетти.

13 Ал Назарет шаарында калбастан, Забулун жана Напталы дубандарына, Галилея көлүнүн жээгиндеги Капернаум шаарына жайланышты.

14-15 Бул Ышайа пайгамбар аркылуу «Деңизди карай кеткен жолдогу Забулун жана Напталы жери, Иордандын наркы өйүзүндө жашаган бутпарастардын Галилеясы,

16 караңгычылыкта жашаган эл улуу жарыкты көрдү, өлүм көлөкөсү баскан өлкөдө жашагандарга жарык жаркырады» деп айтылган сөздүн аткарылышы үчүн болду.

17 Ошол убакыттан тартып, Ыйса мындай деп жар сала баштады: «Тобо кылгыла! Анткени Асман Падышачылыгы жакындап калды».

Петир менен Андрейдин кызматка чакырылышы

18 Ал Галилея көлүнүн жанынан өтүп бара жатып, Петир деген да ысым коюлган Шымонду жана анын бир тууганы Андрейди көрдү. Бул эки бир тууган көлгө тор ыргытып жатышкан, анткени алар балыкчылар эле.

19 Ыйса аларга: «Менин артымдан ээрчигиле, силерди Мен адам кармоочу кыламын», – деди.

20 Алар ошол замат торлорун таштап, Аны ээрчип жөнөштү.

Жакып менен Жакандын Ыйсанын артынан ээрчүүсү

21 Ыйса андан ары кетип бара жатып, башка эки бир тууганды, Зебедейдин уулдары Жакып менен Жаканды көрдү. Алар атасы Зебедей менен бирге кайыкта торлорун оңдоп жатышкан. Ыйса аларды да чакырды.

22 Алар ошол замат кайыкты да, атасын да таштап, Аны ээрчип жөнөштү.

23 Ыйса бүт Галилеяны аралап, синагогаларда элди окутуп, Асман Падышачылыгы жөнүндө Жакшы Кабар таратып, адамдардын ар кандай ооруларын жана кеселдерин айыктырып жүрдү.

24 Ошондо Ал жөнүндө бүт Сирия эли угуп, Ага бардык оорулууларды: ар түрдүү кеселге жана дартка чалдыгып кыйналгандарды, жин оорулууларды, элирме оорулууларды, шал оорулууларды алып келип жатышты. Ыйса болсо аларды айыктырып жатты.

25 Галилеядан, Декапол дубандарынан, Иерусалим шаарынан, Жүйүт аймагынан жана Иордан дарыясынын наркы өйүзүнөн келген топ эл Ыйсанын артынан ээрчип жүрдү.

5-БӨЛҮМ

Тоодо айтылган насаат. Кимдер бактылуу

1 Ыйса элди көргөндө, тоого чыкты. Ал отургандан кийин, шакирттери жанына келишти.

2 Ошондо Ыйса аларга мындай насаат айта баштады:

3 «Руху жакырлар бактылуу, анткени Асман Падышачылыгы алардыкы.

4 Ыйлагандар бактылуу, анткени алар сооронушат.

5 Момундар бактылуу, анткени алар жерди мурасташат.

6 Адилеттикке ачыккандар жана суусагандар бактылуу, анткени алар тоюшат.

7 Ырайымдуулар бактылуу, анткени аларга да ырайым кылынат.

8 Жүрөгү таза адамдар бактылуу, анткени алар Кудайды көрүшөт.

9 Тынчтык орнотуучулар бактылуу, анткени алар “Кудайдын уулдары” деп аталышат.

10 Чындык үчүн куугунтукталгандар бактылуу, анткени Асман Падышачылыгы алардыкы.

11 Мен үчүн кордук көрсөңөр, Мен үчүн куугунтукталсаңар, Мен үчүн жалган жалаага калсаңар, бактылуусуңар.

12 Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң! Силерден мурунку пайгамбарларды да ушинтип куугунтукташкан.

Ыйсага ишенгендердин бул дүйнөдөгү милдети

13 Силер жердин тузусуңар. Эгерде туз өз даамын жоготсо, аны кайра кантип калыбына келтиресиң? Ал адамдардын тепсендисине ыргытылуудан башка эч нерсеге жарабайт.

14 Силер дүйнөнүн жарыгысыңар. Тоо үстүндөгү шаар жашырына албайт.

15 Чыракты жандырып, анын үстүнө идишти көмкөрүп койбойт. Үйдөгүлөрдүн баарына жарык берсин деп, аны чыракпаяга коёт.

16 Силердин жарыгыңар да адамдардын алдында так ошондой жаркырап турсун. Алар силердин жакшы иштериңерди көрүп, Асмандагы Атаңарды даңкташсын.

Ыйсанын мыйзамга карата мамилеси

17 Мени мыйзамды же пайгамбарлардын сөзүн жокко чыгаруу үчүн келди деп ойлобогула. Жокко чыгаруу үчүн эмес, аткаруу үчүн келдим.

18 Мен силерге чындыкты айтып коёюн, асман менен жер жок болмоюнча, бардыгы аткарылмайынча, мыйзамдын бир да тамгасы, бир да белгиси жок болбойт.

19 Ошондуктан ким бул осуяттардын эң кичинесин аткарбаса жана башкаларга да ошентип үйрөтсө, ал Асман Падышачылыгында “эң кичинекей” деп аталат. Ал эми ким аткарса жана үйрөтсө, ал Асман Падышачылыгында “улуу” деп аталат.

20 Силерге айтып коёюн, эгерде силер мыйзам окутуучулар менен фарисейлерден да адилеттүү болбосоңор, анда Асман Падышачылыгына кирбейсиңер.

Алтынчы осуят

21 Байыркы мезгилде жашагандарга: “Киши өлтүрбө. Ким киши өлтүрсө, ал жазага тартылат”, – деп айтылганын уккансыңар.

22 Мен болсо силерге мындай деп айтамын: бир тууганына жөнү жок ачууланган ар бир адам жоопко тартылат. Бир тууганын “келесоо” деген адам синедрион алдында жоопко тартылат, “акылсыз” деген адам болсо оттуу көлгө түшөт.

23 Ошондуктан сен курмандык чалынуучу жайга курмандыгыңды алып келгениңде, бир тууганыңдын сага каршы бир нерсеси бар экени ошол жерден эсиңе түшсө,

24 анда курмандыгыңды курмандык чалынуучу жайдын алдына таштагын да, барып, адегенде бир тууганың менен элдеш. Ошондон кийин гана курмандыгыңды алып кел.

25 Жолдо бара жатканыңда эле, каршылашың менен элдешип алганга шаш. Болбосо каршылашың сени сотко берет, сот болсо сакчыга тапшырат, ошентип, сени түрмөгө отургузуп коюшат.

26 Сага чындыкты айтып коёюн, акыркы кодрантыңды бермейинче, ал жерден чыкпайсың.

Жетинчи осуят

27 Байыркы мезгилде жашагандарга: “Ойноштук кылба”, – деп айтылганын уккансыңар.

28 Мен болсо силерге мындай деп айтамын: аял кишиге кумарлануу менен караган адам өз жүрөгүндө ойноштук кылган болот.

29 Эгерде оң көзүң сени күнөөгө түртсө, аны оюп алып, ыргытып жибер. Он эки мүчөң бүт бойдон оттуу көлгө түшкөндөн көрө, мүчөлөрүңдүн биринен гана ажыраганың жакшы.

30 Эгерде оң колуң сени күнөөгө түртсө, аны кесе чаап, ыргытып жибер. Он эки мүчөң бүт бойдон оттуу көлгө түшкөндөн көрө, мүчөлөрүңдүн биринен гана ажыраганың жакшы.

Ажырашуу жөнүндө

31 Дагы мындай деп айтылган: “Ким аялын кетире турган болсо, ага талак кат жазып берсин”.

32 Мен болсо силерге мындай деп айтамын: ойноштук кылуу себеби менен эмес, башка бир себеп менен аялын кетирген адам аялынын ойноштук кылуусуна себепкер болот; күйөөсү кетирип жиберген аялды алган адам да ойноштук кылган болот.

Ант жөнүндө

33 Байыркы мезгилде жашагандарга: “Антты бузба. Теңирдин алдында берген антыңды аткар”, – деп айтылганын да уккансыңар.

34 Мен болсо силерге мындай деп айтамын: эч качан ант бербе; асманды оозанып ант бербе, анткени ал – Кудайдын тактысы.

35 Жерди оозанып да ант бербе, анткени ал – Анын бут коёр жери. Иерусалимди оозанып да ант бербе, анткени ал – улуу Падышанын шаары.

36 Башыңды оозанып да ант бербе, анткени бир да тал чачыңды ак же кара кыла албайсың.

37 “Ооба” деп айтуу керек болсо, “ооба” дегиле; “жок” деп айтуу керек болсо, “жок” дегиле. Ал эми булардан башкасы амалкөйдөн.

Душманды сүйүү менен жеңүү

38 Силер: “Көзгө көз, тишке тиш”, – деп айтылганын уккансыңар.

39 Мен болсо силерге мындай деп айтамын: жамандык кылган адам менен каршылашпа; оң жаагыңа чапкан адамга сол жаагыңды тосуп бер.

40 Сени менен соттошуп, көйнөгүңдү алгысы келген адамга сырт кийимиңди да бер.

41 Сени өзү менен бирге бир чакырым жол жүрүүгө мажбурлаган адам менен эки чакырым жол жүр.

42 Сураганга бер, карыз сураган адамга тескери караба.

43 “Жакыныңды сүй, душманыңды жек көр”, – деп айтылганын уккансыңар.

44 Ал эми Мен силерге мындай демекчимин: душманыңарды сүйгүлө, силерди каргагандарга батаңарды бергиле. Силерди жек көргөндөргө жакшылык кылгыла. Силерди таарынткандар үчүн жана куугунтуктагандар үчүн сыйынгыла.

45 Ошондо силер асмандагы Атаңардын уулдары болосуңар. Анткени Ал Өз күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилеттүүгө да, адилетсизге да жаадырат.

46 Силерди жакшы көргөндөрдү гана жакшы көрсөңөр, силерге кайдагы сыйлык? Салык жыйноочулар деле ошентишет эмеспи.

47 Эгерде бир туугандарыңар менен гана саламдашсаңар, анда эмне өзгөчөлүгүңөр бар? Бутпарастар деле ошентишет эмеспи.

48 Ошондуктан асмандагы Атаңар кандай жеткилең болсо, силер да ошондой жеткилең болгула.

6-БӨЛҮМ

Тоодогу насааттын уландысы.Динчилдикти айыптоо

1 Адилеттүү иштериңерди адамдарга көрүнүш үчүн кылуудан сак болгула. Болбосо асмандагы Атаңардан сыйлык албайсыңар.

2 Ошондуктан кайыр берип жатканыңда, элге жарыялаш үчүн, сурнай тартпа. Эки жүздүү адамдар элден атак алыш үчүн, синагогаларда, көчөлөрдө ушундай кылышат. Силерге чындыкты айтып коёюн, алар өз сыйлыгын алышты.

3 Ал эми сен кайыр берип жатканыңда, оң колуң сол колуңдун эмне кылып жатканын билбесин.

4 Кайырды жашыруун бер. Жашыруун кылынганын көргөн Атаң сага тиешелүүнү ачык эле берет.

5 Эки жүздүүлөргө окшоп сыйынбагын. Алар адамдарга көрүнүш үчүн, синагогаларда жана көчөлөрдүн бурч-бурчтарында туруп алып сыйынганды жакшы көрүшөт. Силерге чындыкты айтып коёюн, алар өз сыйлыгын алышты.

6 Ал эми сен сыйынарда, бөлмөңө кирип, эшигиңди жап да, көрүнбөгөн Атаңа сыйын. Жашыруун сыйынганыңды көргөн Атаң сага тиешелүүнү ачык эле берет.

7 Бутпарастарга окшоп ашык сөздөрдү айтып сыйынбагыла. Себеби алар: “Көп сүйлөсөк, сыйынуубуз угулат”, – деп ойлошот.

Сыйынуу жөнүндө

8 Ошондуктан алардай болбогула, анткени эмнеге муктаж экениңерди Атаңар сурай элегиңерде эле билет.

9 Силер болсо мындай сыйынгыла: “Асмандагы Атабыз! Сенин ысымың ыйык тутулсун.

10 Сенин Падышачылыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң аткарылсын.

11 Бизге күнүмдүк наныбызды бер.

12 Бизге жамандык кылгандарды кечиргенибиздей, Сен да биздин күнөөлөрүбүздү кечире көр.

13 Азгырылышыбызга жол бербе, бизди жамандыктан сакта. Анткени Падышачылык да, күч да, даңк да түбөлүккө Сага таандык. Оомийин”.

14 Эгерде силер башкалардын күнөөлөрүн кечирсеңер, анда асмандагы Атаңар да силерди кечирет.

15 Эгерде башкалардын күнөөлөрүн кечирбесеңер, анда Атаңар да силердин күнөөлөрүңөрдү кечирбейт.

Орозо жөнүндө

16 Ошондой эле орозо кармаганыңарда, эки жүздүүлөргө окшоп кабагыңарды салбагыла. Алар өздөрүнүн орозо кармап жатканын адамдарга көрсөтүш үчүн, кабагын бүркөп алышат. Силерге чындыкты айтып коёюн, алар өз сыйлыгын алышты.

17 Ошентип, сен өзүңдүн орозо кармап жатканыңды адамдарга эмес, көрүнбөгөн Атаңа көрсөтүш үчүн,

18 башыңды майлап, бетиңди жуу. Жашыруун орозо кармаганыңды көргөн Атаң сага тиешелүүнү ачык эле берет.

Байлык жөнүндө

19 Жер үстүндө байлык жыйнабагыла. Жерде аларды күбө жейт, дат басат, уурулар үйдүн түбүн казып кирип, уурдап кетишет.

20 Андан көрө байлыкты асманга жыйнагыла. Асманда аларды күбө жебейт, дат баспайт, уурулар үйдүн түбүн казып киришпейт да, уурдап кетишпейт.

21 Байлыгыңар кайсы жерде болсо, жүрөгүңөр да ошол жерде болот.

22 Дененин чырагы – көз. Эгерде көзүң таза болсо, анда бүт денең жарык болот.

23 Эгерде көзүң жаман болсо, анда бүт денең караңгы болот. Эгерде сендеги жарык караңгы болсо, анда ал кандай коркунучтуу караңгылык!

24 Эч ким эки кожоюнга кул боло албайт. Бирин жаман көрүп, бирин жакшы көрөт; бирине жан-дили менен берилип, экинчисин барк албайт. Бир эле учурда Кудайга да, байлыкка да кызмат кыла албайсыңар.

Түйшүк тартпоо жөнүндө

25 Ошондуктан силерге айтарым: “Эмне ичип, эмне жейбиз?” – деп, жаныңар үчүн; “Эмне киебиз?” – деп, денеңер үчүн түйшүк тартпагыла. Тамакка караганда жан, кийимге караганда дене кымбат эмеспи!

26 Асмандагы канаттууларды карагылачы! Алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт, кампага жыйнабайт, бирок Асмандагы Атаңар аларды азыктандырат. Алардан силер канча эсе артыксыңар!

27 Кимиңер түйшүк тартуу менен боюңарды бир чыканак өстүрө аласыңар?

28 Кийим үчүн эмнеге түйшүк тартасыңар? Талаадагы лилия гүлдөрүнүн кантип өсүп жатканын карагылачы! Алар эмгектенбейт, жип ийрибейт.

29 Бирок силерге айтып коёюн, атүгүл, атак-даңктуу Сулайман да булардын бириндей кийинген эмес.

30 Бүгүн талаада өсүп турган, эртең болсо отко ыргытыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди алардан артык кийиндирбейби, ишеними аздар!

31 Ошондуктан: “Эмне жейбиз, эмне ичебиз?” же “Эмне киебиз?” – деп түйшүк тартпагыла.

32 Анткени бутпарастар булардын баары үчүн түйшүк тартышат. Ал эми силердин ушунун баарына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет.

33 Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет.

34 Ошондуктан эртеңки күн үчүн түйшүк тартпагыла. Эртеңки күн өзү үчүн өзү түйшүк тартат. Ар бир күндүн өз түйшүгү өзүнө жетиштүү.

7-БӨЛҮМ

Тоодогу насааттын уландысы. Башка бирөөлөрдү айыптабоо жөнүндө

1 Айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар.

2 Кандай айыптасаңар, силер да ошондой айыпталынасыңар. Кандай өлчөм менен өлчөсөңөр, силерге да ошондой өлчөм менен өлчөнөт.

3 Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөйсүң да, бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды көрөсүң?

4 Өз көзүңдө дөңгөч турса, бир тууганыңа: “Кел, көзүңдөгү кыпынды алып салайын”, – деп, кантип айтасың?

5 Эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта, ошондо бир тууганыңдын көзүндөгү кыпынды кантип алып таштоо керектигин билесиң.

6 Ыйык нерсени иттерге бербегиле, берметтериңерди чочколордун алдына таштабагыла. Болбосо алар аны тебелеп-тепсеп, анан кайрылып келип, силерди тытып таштайт.

Сурагыла, издегиле, тыкылдаткыла

7 Сурагыла, ошондо силерге берилет. Издегиле, ошондо табасыңар. Тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат.

8 Анткени сураган адам алат, издеген адам табат жана тыкылдаткан адамга эшик ачылат.

9 Араңарда нан сураган уулуна таш берген адам барбы?

10 Же балык сураган уулуна жылан берген адам барбы?

11 Силер жаман болуп туруп, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билсеңер, анда Асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга жакшы нерсени берери анык.

12 Ошентип, адамдардын силерге кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла. Анткени мыйзам да, пайгамбарлар да ушуну үйрөтөт.

Эки жол

13 Тар дарбаза аркылуу киргиле. Анткени кең дарбаза менен кенен жол өлүмгө алып барат, ал жолдо бара жаткандар көп.

14 Ал эми тар дарбаза менен тар жол өмүргө алып барат, ал жолду тапкандар аз.

Жалган окутуучулардан сак болуу

15 Жалган пайгамбарлардан сак болгула! Алар силерге кой терисин жамынып келишет, бирок, чындыгында, алар – жырткыч карышкырлар.

16 Аларды жемиштеринен билип аласыңар. Тикенектен жүзүм, уйгактан анжыр жыйнабайт да!

17 Ар бир жакшы дарак жакшы жемиш берет, жаман дарак болсо жаман жемиш берет.

18 Жакшы дарак жаман жемиш бербейт, ал эми жаман дарак жакшы жемиш бербейт.

19 Жакшы жемиш бербеген ар бир дарак кыйылып, отко ыргытылат.

20 Демек, аларды жемиштеринен билип аласыңар.

21 Мени “Теңир! Теңир!” дегендин баары эле Асман Падышачылыгына кирбейт, асмандагы Атамдын каалоосун аткаргандар гана кирет.

22 Ошол күнү көп адамдар Мага: “Теңир! Теңир! Биз Сенин атыңдан пайгамбарчылык кылчу эмес белек? Сенин ысымың менен жиндерди куучу эмес белек? Сенин ысымың менен кереметтерди көрсөтчү эмес белек?” – дешет.

23 Ошондо Мен аларга: “Мен силерди эч качан таанычу эмесмин. Менин жанымдан кеткиле, мыйзамсыз иш кылуучулар”, – деп айтамын.

Эки негиз

24 Ким Менин ушул сөздөрүмдү укса жана аткарса, ал үйүн таштын үстүнө курган акылдуу адамга окшош.

25 Шамал согуп, жамгыр төгүп, өзөндөр ташып, ал үйдү каптады. Бирок үй кулаган жок, анткени ал үй таштын үстүнө курулган эле.

26 Ал эми ким Менин ушул сөздөрүмдү укса, бирок аткарбаса, ал үйүн кумдун үстүнө курган акылсыз адамга окшош.

27 Шамал согуп, жамгыр төгүп, өзөндөр ташып, ал үйдү каптады. Ошондо үй кулап, чоң кыйроого учурады».

28 Ыйса бул сөздөрдү айтып бүткөндө, эл Анын окутуусуна таң калды.

29 Анткени Ал мыйзам окутуучулардай эмес, бийлиги бар адамдай окутту.

8-БӨЛҮМ

Пес оорулуу адамдын айыгуусу

1 Ыйса тоодон түшкөндө, көп эл Аны ээрчиди.

2 Ошондо бир пес оорулуу Ага жакын келип, таазим кылды да: «Теңир! Эгерде кааласаң, мени таза кыла аласың», – деди.

3 Ыйса ага колун тийгизип: «Каалайм, таза бол!» – деди. Ал ошол замат пес оорусунан айыгып, таза болуп калды.

4 Анан Ыйса ага: «Эч кимге айтпагын! Баргын да, ыйык кызмат кылуучуга көрүнүп, Муса буйруган курмандыкты чал, бул аларга күбөлөндүрүү болсун», – деди.

Капернаумдук жүз башынын кулунун айыгуусу

5 Ыйса Капернаум шаарына келгенде, бир жүз башы Ага жакын келип:

6 «Теңир! Үйдө менин кулум катуу ооруп, кыйналып жатат», – деп, Андан жардам сурады.

7 Ошондо Ыйса ага: «Мен барып, аны айыктырамын», – деди.

8 Бирок жүз башы мындай деди: «Теңир! Үйүмө кирүүңө мен татыксызмын. Сен бир ооз сөз айтсаң эле, менин кулум айыгат.

9 Анткени мен да бийлик астындагы адаммын, бирок менин кол астымда да аскерлер бар. Алардын бирине: “кет”, – десем, кетет; дагы бирине: “кел”, – десем, келет; кулума: “муну кыл”, – десем, кылат».

10 Муну угуп таң калган Ыйса Өзүнүн артында келе жаткандарга мындай деди: «Мен силерге чындыкты айтып коёюн, Ысрайыл жеринен да мындай ишенимди таппадым.

11 Силерге айтып коёюн, чыгыш менен батыштан көптөр келип, Асман Падышачылыгында Ыбрайым, Ыскак жана Жакып менен бирге болушат.

12 Ал эми Падышачылыктын уулдары сырттагы караңгылыкка ыргытылат. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот».

13 Анан Ыйса жүз башыга: «Бара бер, сен ишенгендей болсун», – деди. Кул ошол замат айыкты.

Ыйсанын Петирдин кайын энесин айыктырышы

14 Ыйса Петирдин үйүнө келип, анын кайын энеси ысытма оорусу менен ооруп жатканын көрдү.

15 Ыйса Өзүнүн колун анын колуна тийгизери менен, ал ысытма оорусунан айыгып калды. Анан ал аял туруп, Ага кызмат кыла баштады.

16 Кеч киргенде, Ыйсага жин оорусуна чалдыккан көп кишини алып келишти. Сөзү менен жиндерди кууп чыгарып, Ал бардык оорулууларды айыктырды.

17 Бул Ышайа пайгамбар аркылуу айтылган төмөнкү сөздүн аткарылышы үчүн болду: «Ал биздин кеселдерибизди Өзүнө алды, ооруларыбызды алып кетти».

18 Ыйса Өзүнүн тегерегиндеги элди көргөндө, шакирттерине көлдүн наркы өйүзүнө сүзүп өтүүнү буйруду.

Ыйсанын артынан ээрчүү

19 Ошондо Ага бир мыйзам окутуучу келип: «Устат! Кайда барсаң да, мен Сенин артыңдан барам», – деди.

20 Ыйса ага: «Түлкүлөрдүн ийини бар, асмандагы канаттуулардын уясы бар. Ал эми Адам Уулунун баш калкалар жери жок», – деди.

21 Шакирттердин бири Ага: «Теңир! Адегенде атамдын сөөгүн коюп келейин, мага уруксат бер», – деди.

22 Бирок Ыйса ага: «Менин артымдан ээрчи. Өлүктөр өлгөн адамдарын өздөрү коюп алышсын», – деди.

Ыйсанын толкунду токтотуусу

23 Ыйса кайыкка түшкөндө, шакирттери кошо түшүштү.

24 Күтүлбөгөн жерден көлдө чоң толкун башталды. Кайыкты толкун ура баштады. Ыйса болсо уктап жаткан эле.

25 Шакирттери Ага келип: «Теңир, бизди сактай көр, чөгүп баратабыз», – деп, Аны ойготушту.

26 Ошондо Ыйса аларга: «Эмне мынча корктуңар, ишеними аздар?!» – деди да, ордунан туруп, шамал менен көлгө тыюу салды. Ошондо улуу тынчтык орноду.

27 Адамдар: «Шамалды да, көлдү да баш ийдирген бул ким?» – деп таң калышты.

Ыйсанын жиндерди кууп чыгуусу

28 Ыйса көлдүн наркы өйүзүндөгү Гадара аймагына келгенде, Аны мүрзөлүк үңкүрлөрдүн ичинен жин оорулуу эки адам тосуп чыкты. Алар аябай жаалдуу болгондуктан, бул жолдон эч ким өтө алчу эмес.

29 Анан алар: «Кудайдын Уулу, бизде эмне ишиң бар? Сен бизди белгиленген убакыт келе электе эле кыйнаганы келдиңби?» – деп кыйкыра башташты.

30 Алардан анча алыс эмес жерде чочколор жайылып жүргөн эле.

31 Жиндер Ыйсадан: «Эгерде Сен бизди кууп чыгара турган болсоң, анда бизди чочколорго жиберчи», – деп өтүнүштү.

32 Ыйса аларга: «Баргыла!» – деди. Алар бул адамдардын ичинен чыгып, чочколорго киришти. Ошондо чочколор тик жардан көлгө кулап, сууга чөгүп өлүштү.

33 Чочко кайтаруучулар болсо качып жөнөштү. Алар шаарга кирип, болгон окуяны айтып беришти, жин оорулуу адамдар жөнүндө да айтышты.

34 Ошондо шаардын бүт эли Ыйсаны утурлап чыкты. Аны көргөндө, алар Андан өздөрүнүн аймагынан чыгып кетүүсүн өтүнүштү.

9-БӨЛҮМ

Ыйсанын шал оорулуу адамды айыктырышы

1 Ошондо Ыйса кайыкка түшүп, кайра Өз шаарына сүзүп келди.

2 Бул жерден Ага төшөктө жаткан шал оорулуу бир адамды алып келишти. Ыйса алардын ишенимин көрүп, шал оорулууга: «Коркпо, балам! Күнөөлөрүң кечирилди», – деди.

3 Ошондо мыйзам окутуучулардын кээ бирөөлөрү: «Бул Кудайга акарат келтирип жатат», – деп ойлошту.

4 Ыйса алардын оюн билип: «Эмне үчүн жаман ойлоп жатасыңар?

5 “Күнөөлөрүң кечирилди” деп айткан оңойбу, же “Ордуңдан туруп, бас” деп айткан оңойбу?

6 Бирок силер Адам Уулунун жер үстүндө күнөөлөрдү кечирүүгө бийлиги бар экенин билишиңер үчүн», – деди да, – шал оорулууга: «Ордуңдан туруп, төшөгүңдү ал да, үйүңө бар», – деди.

7 Ал ордунан туруп, төшөгүн алды да, үйүн көздөй жөнөдү.

8 Муну көргөн эл аябай таң калып, адамдарга ушундай бийлик берген Кудайды даңктады.

Ыйсанын Матайды чакырышы

9 Ыйса ал жерден өтүп бара жатып, бажыкананын жанында отурган Матай деген адамды көрүп, ага: «Менин артымдан ээрчи», – деди. Ал ордунан туруп, Ыйсанын артынан жөнөдү.

Ыйсанын салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен бирге тамактанышы

10 Ыйса Матайдын үйүндө дасторкон үстүндө отурганда, көптөгөн салык жыйноочулар менен күнөөкөрлөр келип, Ыйса жана Анын шакирттери менен бир дасторконго отурушту.

11 Муну көргөн фарисейлер Ыйсанын шакирттерине: «Эмне үчүн силердин Устатыңар салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен бирге тамактанып жатат?» – дешти.

12 Муну уккан Ыйса аларга: «Дарыгер соо адамдарга эмес, оорулууларга керек.

13 Баргыла да, “Мен курмандыктарды эмес, ырайымдуулукту каалайм” деген сөздүн мааниси эмне экенин билип алгыла. Анткени Мен тобо кылууга адилеттүүлөрдү эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келдим», – деди.

Орозо жөнүндө

14 Ошондо Жакандын шакирттери келип, Ыйсадан: «Фарисейлер да, биз да орозону көп кармайбыз, эмне үчүн Сенин шакирттериң орозо кармашпайт?» – деп сурашты.

15 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Күйөө менен чогуу отурганда, тойдогулар капаланышмак беле? Бирок Күйөө алардын жанынан алынып кете турган күндөр да келет, алар ошондо орозо кармашат.

Кийим жана чанач жөнүндө үлгү-насаат аңгемелер

16 Эч ким эски кийимге жаңы кездемеден жамачы салбайт. Анткени жаңы салынган жамачы эски кийимден сөгүлүп, жыртык мурункудан да чоң болуп калат.

17 Ошондой эле жаңы шарапты эски чаначка куйбайт. Болбосо чанач айрылып, шарап төгүлүп, чанач жараксыз болуп калат. Жаңы шарапты жаңы чаначка куят, ошондо экөө тең сакталат».

Ыйсанын оорулуу аялды айыктырышы жана Жайырдын кызын тирилтиши

18 Ыйса аларга ушуну айтып жатканда, бир башчы келип, Ага таазим кылды да: «Менин кызым өлүм алдында жатат. Бирок Сен келип, анын үстүнө колуңду койсоң, ал тирүү калат», – деди.

19 Ошондо Ыйса шакирттери менен бирге анын артынан жөнөдү.

20 Ошол маалда он эки жылдан бери кан агуудан кыйналып жүргөн бир аял арт жагынан келип, Ыйсанын кийиминин этегине колун тийгизди.

21 Ал аял: «Анын кийимине колумду тийгизсем эле айыгып калам», – деп ойлогон эле.

22 Ыйса артына бурулуп, аны көргөндө: «Коркпо, кызым! Сени ишенимиң куткарды», – деди. Аял ошол замат айыгып калды.

23 Башкаруучунун үйүнө келгенде, Ыйса чоор тарткандарды жана дүрбөлөңгө түшкөн элди көрүп, аларга: «Бул жерден чыккыла!

24 Кыз өлгөн жок, уктап жатат», – деди. Эл Аны шылдыңдап күлдү.

25 Элди чыгарып жибергенден кийин, Ыйса кыз жаткан бөлмөгө кирип, аны колунан кармап тургузду. Кыз турду.

26 Ошондо бул кабар ошол аймактагы элдин баарына тарады.

Эки сокурдун жана жин оорулуу дудуктун айыгышы

27 Ыйса ал жерден өтүп бара жатканда, эки сокур Аны: «Ыйса, Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кыл!» – деп кыйкыра ээрчип алышты.

28 Ыйса үйгө киргенде, сокурлар Анын жанына келишти. Ыйса алардан: «Жардам бере аларыма ишенесиңерби?» – деп сурады. Алар Ага: «Ооба, Теңир!» – деп жооп беришти.

29 Ошондо Ыйса алардын көздөрүнө колун тийгизип: «Ишенимиңерге жараша болсун», – деди.

30 Алардын көздөрү көрүп калды. Ыйса аларга: «Бул жөнүндө эч ким билбесин», – деп, катуу эскертти.

31 Алар болсо ал жерден чыгышты да, ошол аймактагылардын баарына Ыйса жөнүндө жайып жиберишти.

32 Алар чыгып бара жатышканда, Ыйсага жин оорулуу бир дудук адамды алып келишти.

33 Ыйса жинди кууп чыгаргандан кийин, дудук сүйлөй баштады. Ошондо эл: «Ысрайыл жеринде мындай нерсе эч качан болгон эмес», – деп, таң калып жатты.

34 Фарисейлер болсо: «Жиндерди Ал жин башчысынын күчү менен кууп чыгарып жатат», – дешти.

Кызматчы сурап сыйынуу

35 Ыйса бардык айыл-кыштактарды жана шаарларды аралап, синагогаларда элди окутуп, Падышачылык жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратып, ар түрдүү оорулардан, ар кандай кеселдерден айыктырып жүрдү.

36 Элди көрүп, Ыйсанын боору ооруду. Анткени алар койчусу жок койлор сыяктуу жүдөп, мүңкүрөп калышкан эле.

37 Ошондо Ыйса шакирттерине мындай деди: «Түшүм көп, бирок жумушчулар аз.

38 Ошондуктан түшүмдүн Кожоюнуна жалынгыла, Ал Өз түшүмүн жыйнаганга жумушчуларды жиберсин».

10-БӨЛҮМ

Ыйсанын он эки шакиртин кызматка жибериши

1 Ыйса он эки шакиртин чакырып алып, аларга ар түрдүү ооруларды, ар кандай кеселдерди айыктырууга жана жиндерди кууп чыгарууга бийлик берди.

2 Он эки элчинин ысымдары мындай: Петир деген да ысым коюлган Шымон жана анын бир тууганы Андрей, Зебедейдин уулдары Жакып менен Жакан,

3 Филип жана Барталамей, Томас жана салык жыйноочу Матай, Алпей уулу Жакып жана Тадай деген да ысымы бар Леби,

4 кааналык Шымон жана Ыйсага чыккынчылык кылган Жүйүт Искариот.

5 Он эки шакиртин жиберип жатып, Ыйса мындай буйрук берди: «Бутпарастардын жерине барбагыла, самариялыктардын шаарларына кирбегиле.

6 Адегенде Ысрайыл элинин адашкан койлоруна баргыла.

7 Барганыңарда, Асман Падышачылыгынын жакындаганын жарыялагыла.

8 Оорулууларды, пес оорулууларды айыктыргыла, өлгөндөрдү тирилткиле, жиндерди кууп чыгаргыла. Бекер алдыңарбы, бекер бергиле.

9 Белиңерге алтын да, күмүш да, жез тыйын да түйүп албагыла.

10 Жолго түйүнчөк да, эки сыйра кийим да, чарык да, таяк да албагыла. Анткени эмгектенген адам ичип-жегенге акылуу.

11 Кайсы гана шаарга же кыштакка барбагыла, ал жерден ылайыктуу бирөөнү сураштырып таап, кеткениңерче, ошонукунда калгыла.

12 Үйгө киргенде, саламдашып: “Бул үйгө тынчтык келсин!” – дегиле.

13 Эгерде ал үйдө тынчтыкты кабыл алууга татыктуулар болсо, тынчтыгыңар аларга келет. Эгерде татыктуулар жок болсо, тынчтыгыңар өзүңөргө кайтып келет.

14 Ал эми ким силерди кабыл албаса жана сөзүңөргө кулак салбаса, ал үйдөн же ал шаардан чыгып бара жатканыңарда, бутуңардагы чаңды күүп койгула.

15 Силерге чындыкты айтып коёюн, сот күнү ал шаарга караганда Содом менен Амор шаарларына жеңилирээк болот.

16 Мен силерди карышкырлардын арасына койлорду коё берген сыяктуу жиберип жатамын. Ошондуктан жыландай акылдуу, көгүчкөндөй жөнөкөй болгула.

17 Адамдардан сак болгула, анткени алар силерди сотко беришет жана синагогаларында уруп-сабашат.

18 Мен үчүн силерди башчылардын жана падышалардын алдына алып барышат. Ошентип, силер аларга жана бутпарастарга Мен жөнүндө күбөлөндүрөсүңөр.

19 Силерди кармап беришкенде, “Эмнени айтабыз, кантип айтабыз?” деп тынчсызданбагыла. Эмнени айтуу керек болсо, ошол учурда силерге берилет.

20 Анткени силер эмес, силер аркылуу Атаңардын Руху сүйлөйт.

21 Бир тууган бир тууганын, атасы баласын өлүмгө кыят. Балдары ата-энелерине каршы чыгып, аларды өлтүрүшөт.

22 Менин ысымым үчүн баарына жек көрүндү болосуңар. Ким акырына чейин чыдаса, ал куткарылат.

23 Силерди бир шаардан кубалашса, башка шаарга качкыла. Силерге чындыкты айтып коёюн, силер Ысрайылдын бардык шаарларын айланып чыкканыңарча эле, Адам Уулу келип калат.

24 Шакирт өз устатынан, кул өз кожоюнунан жогору эмес.

25 Шакиртке өзүнүн устатындай, кулга өзүнүн кожоюнундай болуу жетиштүү. Эгерде үй ээсин Белзебул дешсе, анда үйдөгүлөрүнө андан бетер жаман айтышпайбы!

26 Ошондуктан алардан коркпогула. Анткени ачылбай калчу жашыруун эч нерсе жок, билинбей калчу эч бир сыр жок.

27 Силерге караңгылыкта айтканымды силер жарыкта айткыла. Акырын айтканымды там үстүнөн жарыялагыла.

28 Денени өлтүрүп, бирок жанды өлтүрө албагандардан коркпогула. Жанды да, денени да оттуу көлдө өлтүрө ала тургандан корккула.

29 Эки таранчы бир ассарийге эле сатылат эмеспи. Бирок Атаңардын эркисиз алардын бири да өлбөйт.

30 Ал эми силердин башыңардагы чачыңар да саналуу.

31 Ошондуктан коркпогула, силер топ таранчыдан кымбатсыңар.

32 Ким Мени адамдардын алдында ачык тааныса, Мен да аны асмандагы Атамдын алдында ачык тааныйм.

33 Ким адамдардын алдында Менден баш тартса, Мен да асмандагы Атамдын алдында андан баш тартам.

34 Мени жер үстүнө тынчтык алып келди деп ойлобогула. Мен тынчтык эмес, кылыч алып келдим.

35 Анткени Мен баланы атасынан, кызды энесинен, келинди кайненесинен бөлүү үчүн келдим.

36 Адамдын душманы – өз үйүндөгүлөрү.

37 Ким атасын же энесин Менден артык сүйсө, ал Мага татыктуу эмес. Ким уулун же кызын Менден артык сүйсө, ал Мага татыктуу эмес.

38 Ким Мени өз айкаш жыгачын алып ээрчибесе, ал Мага татыктуу эмес.

39 Ким өз жанын аяса, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким Мен үчүн өз жанынан ажыраса, ал аны сактап калат.

40 Ким силерди кабыл алса, ал Мени кабыл алган болот. Ким Мени кабыл алса, ал Мени жиберген Кудайды кабыл алган болот.

41 Ким пайгамбарды пайгамбар катары кабыл алса, ал пайгамбардыкындай сыйлык алат. Ким такыбааны такыбаа катары кабыл алса, ал такыбааныкындай сыйлык алат.

42 Ким Менин ушул жөнөкөй шакирттеримдин бирине, ал Менин шакиртим болгону үчүн, бир чөйчөк муздак суу берсе, силерге чындыкты айтып коёюн, ал сыйлыксыз калбайт».

11-БӨЛҮМ

Чөмүлдүрүүчүнүн суроосу, Ыйсанын жообу

1 Ыйса Өзүнүн он эки шакиртине акыл-насаат айткандан кийин, элди окутуу үчүн, башка шаарларга жөнөп кетти.

2 Түрмөдө жаткан Жакан Машайактын иштери жөнүндө укканда, шакирттерин жиберип,

3 Андан: «Келиши керек болгон Сенсиңби же башканы күтөлүбү?» – деп суратты.

4 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Баргыла да, уккан-көргөнүңөрдү Жаканга айтып бергиле.

5 Сокурлар көрүп, майыптар басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр тирилип, жакырларга Жакшы Кабар айтылып жатат.

6 Менден шектенбеген адам бактылуу».

Ыйсанын чөмүлдүрүүчү жөнүндө күбөлөндүрүүсү

7 Жакандын шакирттери кеткенден кийин, Ыйса элге Жакан жөнүндө айта баштады: «Ээн талаага эмне көргөнү бардыңар эле? Желге ыргалган камыштыбы?

8 Деги, силер эмнени көргөнү бардыңар эле? Кымбат баалуу кийим кийген адамдыбы? Кымбат баалуу кийим кийгендер хан сарайларда болот эмеспи!

9 Деги, силер эмнени көргөнү бардыңар эле? Пайгамбардыбы? Силерге айтып коёюн, ал пайгамбардан да чоң.

10 Анткени “Мына, Мен Сенден мурун Өзүмдүн периштемди жиберип жатам. Ал Сага жол даярдайт” деген сөз ошол жөнүндө жазылган болчу.

11 Силерге чындыкты айтып коёюн, аял затынан төрөлгөндөрдүн арасында чөмүлдүрүүчү Жакандан чоңу болгон эмес. Бирок Асман Падышачылыгындагылардын эң кичинеси андан чоң.

12 Чөмүлдүрүүчү Жакандын убагынан ушул убакка чейин Асман Падышачылыгы күч менен алынып келе жатат, ага күч жумшагандар ээ болушат.

13 Анткени пайгамбарлардын китептеринде жана мыйзамда Жаканга чейин эле алдын ала айтылып келген.

14 Эгерде кабыл алгыңар келсе, келиши керек болгон Илияс ошол.

15 Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!

16 Бул муунду кимге окшоштурсам экен? Бул муун көчөдө отуруп алып, өздөрүнүн досторуна:

17 “Биз силерге чоор тартып бердик, бирок силер бийлеген жоксуңар. Биз силерге муңдуу ырларды ырдап бердик, бирок силер боздоп ыйлаган жоксуңар”, – деп кайрылган балдарга окшош.

18 Анткени Жакан келди, ал жебейт, ичпейт. Ал жөнүндө: “Анын ичинде жин бар”, – деп айтып жатышат.

19 Адам Уулу келди, Ал жейт, ичет. Ал жөнүндө: “Ал тамак жегенди, шарап ичкенди жакшы көрөт, салык жыйноочулар жана күнөөкөрлөр менен дос”, – деп айтып жатышат. Акылмандуулук өз иштери менен акталды».

Ыйсанын тобо кылбаган шаарларды айыптоосу

20 Ыйса кайсы шаарларда Өзүнүн кереметтерин көп көрсөтсө, ошол шаарларды тобо кылышпагандыгы үчүн айыптай баштады:

21 «Хоразин, сага кайгы! Бетсайида, сага кайгы! Эгерде силерде көрсөтүлгөн кереметтер Тир менен Сидондо көрсөтүлсө, анда алар эчак эле зумбал кийип, күлгө отуруп, тобо кылышмак.

22 Бирок силерге айтып коёюн, сот күнүндө силерге караганда, Тир менен Сидонго жеңилирээк болот.

23 Ал эми сен, Капернаум, асманга көтөрүлмөкчүсүңбү? Сен өлгөндөр жаткан жайга чейин төмөн түшөсүң. Эгерде сенде көрсөтүлгөн кереметтер Содомдо көрсөтүлгөн болсо, анда ал бүгүнкү күнгө чейин бар болмок.

24 Бирок силерге айтып коёюн, сот күнүндө бул шаарга караганда, Содомго жеңилирээк болот».

Атаны даңктоо

25 Ыйса сөзүн андан ары улантып, мындай деди: «Ата, асман менен жердин Теңири! Муну даанышмандар менен акылмандардан жашырып, наристелерге ачып бергениң үчүн Сени даңктайм!

26 Ооба, Ата! Анткени Сенин тилегиң ушундай болчу.

27 Мага бардыгын Атам берген. Уулду Атадан башка эч ким билбейт. Атаны Уулдан башка жана Уул кимдерге ачып бергиси келсе, ошол адамдардан башка эч ким билбейт.

Ыйсанын чарчап-чаалыккандар менен түйшүк тарткандарды Өзүнө чакыруусу

28 Чарчап-чаалыккандар жана түйшүк тарткандар, баарыңар Мага келгиле, Мен силерге тынчтык берем.

29 Менин моюнтуругумду алып, Менден үйрөнгүлө, анткени Мен жоошмун жана момунмун. Ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар.

30 Анткени Менин моюнтуругум жакшы, жүгүм жеңил».

12-БӨЛҮМ

Жүйүттөрдүн ишемби күн жөнүндөгү мыйзамдары

1 Ишемби күндөрүнүн биринде Ыйса эгин талаасы менен кетип бара жаткан. Ачка болгон шакирттери буудайдын баштарын үзүп жей башташты.

2 Муну көргөн фарисейлер Ыйсага: «Мына, Сенин шакирттериң ишемби күнү кылууга болбой турган ишти кылып жатышат», – дешти.

3 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Өзү жана жанындагылар ачка болгондо, Дөөттүн эмне кылганы жөнүндө окуган жок белеңер?

4 Дөөт Кудай үйүнө кирип, ыйык кызмат кылуучулардан башка эч кимге жегенге болбой турган нан курмандыгын жеген.

5 Ишемби күндөрү ийбадатканада ыйык кызмат кылуучулар ишемби күндү бузушса да, күнөөлүү болбостугу жөнүндө мыйзамдан окуган жок белеңер?

6 Силерге айтып коёюн, бул жерде ийбадатканадан чоң Бирөө бар.

7 Эгерде силер “Мен курмандыктарды эмес, ырайымдуулукту каалайм” деген сөздү түшүнсөңөр, айыпсыздарды айыптабас элеңер.

8 Анткени Адам Уулу – ишемби күндүн да кожоюну».

Бир колу шал болуп калган адамдын ишемби күнү айыктырылуусу

9 Ал жерден кетип бара жатып, Ыйса алардын синагогасына кирди.

10 Ошол жерде бир колу шал болуп калган адам бар эле. Фарисейлер Аны айыптоо үчүн: «Ишемби күнү оорулууну айыктырууга болобу?» – деп сурашты.

11 Ыйса аларга мындай деди: «Ишемби күнү бирөөңөрдүн жалгыз коюңар чуңкурга түшүп кетсе, барып, аны чыгарып албайт белеңер?

12 Койго караганда, адам канча эсе баалуу! Демек, ишемби күнү жакшылык кылууга болот».

13 Анан тиги адамга: «Колуңду сунчу!» – деди. Ал колун сунду. Ошондо анын колу айыгып, экинчи колундай болуп калды.

14 Фарисейлер болсо сыртка чыгып, Ыйсаны өлтүрүү жөнүндө кеңешишти. Ыйса муну билип, ал жерден кетип калды.

Ыйса – Кудайдын момун кулу

15 Ошондо Ыйсаны көп адам ээрчип алды. Ыйса алардын баарын айыктырып,

16 Өзү жөнүндө башкаларга жарыялоого катуу тыюу салды.

17 Ышайа пайгамбар аркылуу айтылган бул сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду:

18 «Мына, Менин тандап алган Кулум, Менин Сүйүктүүм, Мен Ага ыраазымын. Мен Ага Өзүмдүн Рухумду берем, Ал элдерге акыйкаттыкты жар салат.

19 Ал кыйкырбайт, үнүн көтөрбөйт, көчөдөн Анын үнүн укпайсың.

20 Акыйкаттыкты жеңишке жеткирмейинче, чала сынган камышты сындырып салбайт, түтөп жаткан чырактын билигин өчүрүп салбайт.

21 Анын ысымына элдер үмүттөнүшөт».

Жин оорулуу адамдын айыгышы. Фарисейлердин Кудайга акарат келтириши

22 Андан кийин Ыйсага жин оорулуу, сокур, дудук бир адамды алып келишти. Ыйса ал адамды айыктырды, анын тили сүйлөп, көзү көрүп калды.

23 Элдин баары таң калып: «Дөөттүн Уулу Машайак ушул эмеспи?» – дешти.

24 Муну уккан фарисейлер: «Жиндерди Ал жиндердин башчысы Белзебулдун күчү менен кууп чыгарып жатат», – дешти.

25 Ыйса алардын оюн билип, мындай деди: «Ич ара бөлүнгөн падышачылык кулайт. Ич ара бөлүнгөн шаар кыйрайт, ич ара бөлүнгөн үй-бүлө бузулат.

26 Эгерде шайтан шайтанды кууп чыгарып жатса, анда ал өзүнө өзү каршы чыгып жаткан экен да?! Анда анын падышачылыгы кантип турат?

27 Эгерде Мен жиндерди Белзебулдун күчү менен кууп чыгарып жаткан болсом, анда силердин уулдарыңар кимдин күчү менен кууп чыгарып жатышат? Ошондуктан силерди ошолор айыпташат.

28 Эгерде Мен жиндерди Кудайдын Руху менен кууп чыгарып жаткан болсом, анда силерге Кудайдын Падышачылыгы келди.

29 Күчтүү адамды байлап салмайынча, үйүнө кирип, мал-мүлкүн уурдоо мүмкүнбү? Аны байлап салгандан кийин гана үйүн тоноого болот.

30 Ким Мени менен болбосо, ал Мага каршы. Ким Мени менен бирге жыйнабаса, ал чачат.

Ыйык Рухтун иштерин шайтандыкы деп эсептөө – кечирилгис күнөө

31 Ошондуктан силерге айтып коёюн, ар бир күнөө жана акарат сөздөр кечирилет, бирок Рухка каршы айтылган акарат сөздөр кечирилбейт.

32 Ким Адам Уулуна каршы сөз айтса, анын бул күнөөсү кечирилет. Ал эми ким Ыйык Рухка каршы сөз айтса, анын бул күнөөсү бул кылымда да, келечек кылымда да кечирилбейт.

Ар бир сөз үчүн жооп берүү

33 Даракты да, жемишин да жакшы деп эсептегиле. Же даракты да, жемишин да жаман деп эсептегиле. Анткени дарак жемишинен билинет.

34 Жылан тукумдары! Жаман болуп туруп, жакшы сөздү кантип сүйлөмөк элеңер? Жүрөк эмнеге толсо, ооздон ошол чыгат.

35 Жакшы адам жакшы казынасынан жакшылык алып чыгат. Жаман адам жаман казынасынан жамандык алып чыгат.

36 Силерге айтып коёюн, адамдар ар бир куру сөзү үчүн сот күнү жооп беришет.

37 Анткени өз сөзүң менен акталасың, өз сөзүң менен айыпталасың».

Ыйсанын керемет талап кылган фарисейлерди айыпташы

38 Ошондо мыйзам окутуучулар менен фарисейлердин кээ бирөөлөрү мындай дешти: «Устат, Сенин бизге бир жышаан көрсөтүшүңдү каалайбыз».

39 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Бузулган, жаман муун жышаан көргүсү келет. Бирок ага Жунус пайгамбардын жышаанынан башка жышаан көрсөтүлбөйт.

40 Жунус пайгамбар үч күн, үч түн чоң балыктын ичинде болгондой эле, Адам Уулу да үч күн, үч түн жер ортосунда болот.

41 Нинеби эли сот күнү бул муун менен бирге тирилип, бул муунду айыптайт. Анткени нинебиликтер Жунустун насаат сөзүн угуп тобо кылышкан. Бирок бул жерде Жунустан чоң Бирөө бар.

42 Түштүктүк падыша аял сот күнү бул муун менен бирге тирилип, бул муунду айыптайт. Сулаймандын накыл сөздөрүн угуш үчүн, ал падыша аял дүйнөнүн бир четинен келген. Бирок бул жерде Сулаймандан чоң Бирөө бар.

Жыгылуудан сак болуу

43 Жин адамдын ичинен чыккандан кийин, тынчтык издеп, кургак жерлерди кыдырат, бирок таппайт.

44 Ошондо: “Чыккан жериме, өз үйүмө кайтайын”, – дейт. Үйүнө келип, анын бош экенин, шыпырылып, жыйналганын көрөт.

45 Анан барат да, өзүнөн да ашынган жети жинди ээрчитип келет. Бардыгы ал үйгө кирип, жашай башташат. Ошондо ал адамдын абалы мурункусунан да жаман болот. Бул жаман муунга да ошондой болот».

Ыйсанын чыныгы туугандары ким?

46 Ыйса элге сүйлөп жаткан маалда, энеси менен бир туугандары Аны менен сүйлөшүш үчүн, сыртта күтүп турушту.

47 Ошондо кимдир бирөө: «Энең менен бир туугандарың Сени менен сүйлөшүш үчүн, сыртта турушат», – деди.

48 Ыйса муну айткан адамга: «Менин энем ким? Бир туугандарым ким?» – деди да,

49 шакирттерин көрсөтүп: «Мына, Менин энем, Менин бир туугандарым.

50 Ким Менин Асмандагы Атамдын эркин аткарса, ошол Менин иним, карындашым, энем», – деп жооп берди.

13-БӨЛҮМ

Асман Падышачылыгы жөнүндө жети үлгү-насаат аңгеме. Үрөн себүүчү

1 Ошол күнү Ыйса үйдөн чыгып, көлдүн жээгине барып отурду.

2 Жанына көп эл чогулуп калгандыктан, Ал кайыкка түштү. Эл болсо жээкте турду.

3 Ошондо Ыйса аларга үлгү-насаат аңгемелер менен көп насаат айтты. Ал мындай деди: «Себүүчү үрөн себүү үчүн чыкты.

4 Ал сээп жатканда, кээ бир үрөндөр жол боюна түштү. Канаттуулар учуп келип, аларды терип жеп кетишти.

5 Кээ бир үрөндөр топурагы аз, таштак жерге түштү. Жердин кыртышы жука болгондуктан, алар тез эле өнүп чыкты.

6 Бирок күн чыкканда, соолуп, терең тамырлай албай, куурап калды.

7 Кээ бир үрөндөр тикенектин арасына түштү. Тикенектер өсүп, аларды басып салды.

8 Кээ бир үрөндөр жакшы топуракка түшүп, бири жүз эсе, бири алтымыш эсе, бири отуз эсе түшүм берди.

9 Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!»

10 Шакирттери жакын келип, Ыйсадан: «Эмне үчүн Сен аларга үлгү-насаат аңгемелер менен сүйлөп жатасың?» – деп сурашты.

11 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силерге Асман Падышачылыгынын сырларын таанып билүү мүмкүнчүлүгү берилди, аларга болсо берилген жок.

12 Анткени кимде бар болсо, ага дагы берилет, анда мол болот. Ал эми кимде жок болсо, андан бар нерсеси да тартылып алынат.

13 Аларга үлгү-насаат аңгемелер менен сүйлөгөнүмдүн себеби: алар карап турушса да көрүшпөйт, угуп турушса да угушпайт жана түшүнүшпөйт.

14 Ышайанын алар жөнүндө айткан бул пайгамбарчылыгы аткарылып жатат: “Кулагыңар менен угуп турасыңар, бирок түшүнбөйсүңөр; көзүңөр менен карап турасыңар, бирок көрбөйсүңөр.

15 Анткени бул элдин көкүрөгү сокур болуп калган, кулагын жаап, көзүн жуумп алган, ошондуктан алардын көздөрү көрбөйт, кулактары укпайт, түшүнүшпөйт жана айыгыш үчүн Мага кайрылышпайт”.

16 Ал эми силер көзүңөр менен көрүп, кулагыңар менен угуп турганыңар үчүн бактылуусуңар.

17 Силерге чындыкты айтып коёюн, көп пайгамбарлар жана адил адамдар силер көргөндү көрүүнү каалашкан, бирок көрүшкөн жок. Силер укканды угууну каалашкан, бирок угушкан жок.

18 Эмесе, себүүчү жөнүндөгү үлгү-насаат аңгеменин маанисин угуп алгыла.

19 Асман Падышачылыгы жөнүндөгү сөздү угуп, бирок түшүнбөгөн адамга амалкөй келет да, анын жүрөгүнө себилгенди уурдап кетет. Жол боюна түшкөн үрөн мына ушуну билдирет.

20 Таштак жерге түшкөн үрөн муну билдирет: адам сөздү угат да, дароо кубаныч менен кабыл алат.

21 Бирок сөз анын жүрөгүндө терең тамырлай албагандыктан, ал адам туруксуз болот. Сөз үчүн кайгы же куугунтук болгондо, ал дароо баш тартып кетет.

22 Тикенектин арасына түшкөн үрөн муну билдирет: адам сөздү угат, бирок бул дүйнөнүн түйшүгү жана байлыкка азгырылуу сөздү басып салат да, сөз жемиш бербей калат.

23 Жакшы жерге түшкөн үрөн сөздү угуп, түшүнгөн адамды билдирет. Ал жүз эсе, же алтымыш эсе, же отуз эсе түшүм берет».

Буудайдын арасындагы кара сойлок

24 Ыйса аларга дагы башка үлгү-насаат аңгеме айтты: «Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырууга болот: бир адам өз талаасына жакшы үрөн септи.

25 Эл уйкуда жатканда, анын душманы келип, буудай арасына кара сойлоктун уругун сээп кетти.

26 Буудай баш алып калганда, кара сойлоктор да өсүп чыкты.

27 Ошондо үй ээсинин кулдары келип: “Кожоюн, сен талааңа жакшы үрөн сеппедиң беле? Бул кара сойлоктор кайдан пайда болду?” – деп сурашты.

28 “Муну душман кылды”, – деп жооп берди үй ээси. Кулдары: “Эгерде кааласаң, биз барып, аларды жулуп таштайбыз”, – дешти.

29 Бирок үй ээси: “Жок. Кара сойлокторду жулам деп, буудайды кошо жулуп аласыңар.

30 Тим койгула, орок маалына чейин экөө чогуу өсө берсин. Орок маалы келгенде, мен орокчуларга: "Адегенде кара сойлокторду оргула да, боо-боо кылып байлап, өрттөп жибергиле. Буудайды болсо менин кампама жыйнагыла", – деп айтам”, – деди».

Сары кычы даны

31 Ыйса аларга дагы мындай үлгү-насаат аңгеме айтты: «Асман Падышачылыгы талаага себилген сары кычы данына окшош.

32 Ал уруктардын ичинен эң кичинекейи болсо да, өсүп чыкканда, бардык өсүмдүктөрдөн чоң болуп, даракка айланат. Канаттуу куштар учуп келип, анын бутактарына корголошот».

Ачыткы

33 Ыйса аларга дагы мындай үлгү-насаат аңгеме айтты: «Асман Падышачылыгы камыр ачытыш үчүн, үч ченем унга салынган ачыткыга окшош».

34 Ыйса булардын баарын элге үлгү-насаат аңгемелер менен айтты. Ал үлгү-насаат аңгемесиз сүйлөчү эмес.

35 Пайгамбар аркылуу айтылган сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду: «Менин оозумдан накыл сөздөр чыгат. Дүйнө жаратылгандан бери жашыруун болуп келе жаткан сырларды айтып берем».

Кара сойлок жөнүндөгү үлгү-насаат аңгеменин чечмелениши

36 Ыйса элди таратып жиберип, үйгө кирди. Ошондо шакирттери жанына келип: «Талаадагы кара сойлоктор жөнүндөгү үлгү-насаат аңгеменин маанисин бизге түшүндүрүп берчи», – дешти.

37 Ыйса мындай деп жооп берди: «Жакшы үрөн сепкен адам – бул Адам Уулу.

38 Талаа болсо – дүйнө. Жакшы үрөн – Асман Падышачылыгынын уулдары, кара сойлоктор – шайтандын уулдары.

39 Кара сойлокторду сепкен душман – бул шайтан. Орок маалы – дүйнөнүн акыры, орокчулар болсо – периштелер.

40 Кара сойлоктор орулуп, өрттөлгөндөй эле, бул дүйнөнүн акырында да ушундай болот.

41 Адам Уулу Өз периштелерин жиберет. Алар күнөөгө түрткөн бардык нерсени жана мыйзамсыздык кылгандарды Анын Падышачылыгынан алып,

42 жалындап күйүп турган отко ыргытат. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот.

43 Ошондо адил адамдар өздөрүнүн Атасынын Падышачылыгында күн сыяктуу жаркырашат. Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун!

Жашырылган казына

44 Асман Падышачылыгы талаада жашырылган казынага да окшош: бир адам аны таап алып, кайра жашырып койду. Барып, кубанганынан колунда болгондун баарын сатты да, ал талааны сатып алды.

Бермет

45 Асман Падышачылыгы асыл бермет издеген соодагерге да окшош:

46 күндөрдүн биринде ал кымбат баалуу берметти тапты. Анан барып, колунда болгондун баарын сатты да, ал берметти сатып алды.

Тор

47 Асман Падышачылыгы ар кандай балыктарды кармаган чоң торго да окшош.

48 Тор балыкка толгондо, аны жээкке тартып чыгарышат да, отуруп алып, жакшы балыктарды идиштерге салып алышат, ал эми жамандарын ыргытып жиберишет.

49 Дүйнөнүн акырында да ушундай болот: периштелер келип, адилетсиздерди адилеттүүлөрдөн бөлүп алып,

50 жалындап күйүп турган отко ыргытышат. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот».

51 Ыйса шакирттеринен: «Булардын баарын түшүндүңөрбү?» – деп сурады. Алар Ага: «Түшүндүк», – деп жооп беришти.

52 Ошондо Ал шакирттерине: «Ошондуктан Асман Падышачылыгы жөнүндө насаат алган ар бир мыйзам окутуучу өз казынасынан жаңыны да, эскини да алып чыккан үй ээсине окшош», – деди.

Ыйсанын Назаретке кайтып келиши

53 Ыйса бул үлгү-насаат аңгемелерди айтып бүткөндөн кийин, ал жерден кетти.

54 Өз жерине келип, синагогаларда элди окута баштады. Эл таң калып, мындай деп айтып жатты: «Мындай акыл менен мындай күчтү Ал кайдан алган?

55 Бул жыгач устанын эле уулу эмеспи? Мунун энесинин ысымы Мариям, бир туугандары болсо Жакып, Жусуп, Шымон жана Жүйүт эмеспи.

56 Карындаштарынын баары биздин арабызда эле жүрүшөт го. Ал мындай акыл менен мындай күчтү кайдан алган?»

57 Ошентип, алар Ыйсаны кабыл алгылары келген жок. Ыйса болсо аларга: «Пайгамбар өз жеринен, өз үйүнөн башка жерде урматталат», – деди.

58 Алардын ишенбестигинен улам, Ыйса ал жерде кереметтерди көп көрсөткөн жок.

14-БӨЛҮМ

Чөмүлдүрүүчү Жакандын өлтүрүлүшү

1 Ошол күндөрү дубан акими Ирод Ыйса жөнүндө угуп,

2 өз карамагындагы адамдарына: «Бул – чөмүлдүрүүчү Жакан. Ал тирилиптир, ошондуктан кереметтерди көрсөтүп жатат», – деди.

3 Ирод өзүнүн бир тууганы Филиптин аялы Иродия үчүн Жаканды байлатып, түрмөгө отургуздурган эле.

4 Анткени Жакан ага: «Бул аялды албашың керек болчу», – деп айткан.

5 Ирод Жаканды өлтүргүсү келген, бирок элден корккон. Анткени эл аны пайгамбар деп эсептечү.

6 Ироддун туулган күнү белгиленип жатканда, Иродиянын кызы ортого чыгып бийлеп берди. Анын бийлегени Иродго жагып калгандыктан,

7 ал эмнени гана сурабасын, берерин айтып, ант берди.

8 Кыз болсо энесинин үйрөтүүсү боюнча: «Мага азыр чөмүлдүрүүчү Жакандын башын идишке салдырып келип бер», – деди.

9 Буга падыша капа болду. Бирок конокторунун алдында ант берип койгондугу үчүн, анын сураганын орундатууну буйруду.

10 Жакандын башын алууга түрмөгө киши жиберди.

11 Идишке салынган башты кызга алып келип беришти, кыз болсо аны энесине алып барып берди.

12 Шакирттери келип, анын сөөгүн коюшту. Андан кийин алар барып, Ыйсага кабарлашты.

13 Ыйса муну укканда, Өзү жалгыз кайыкка түшүп, ээн жерге сүзүп кетти. Бул жөнүндө уккан адамдар өз шаарларынан чыгып, Анын артынан жөө ээрчишти.

14 Жээкке чыгып, Ыйса чогулган көп элди көрдү. Аларга боору ооруп, оорулууларын айыктырды.

Беш миң адамды тойгузуу

15 Кеч киргенде, шакирттери Ыйсанын жанына келип: «Бул ээн жер экен, кеч да болуп кетти. Элди тарат, айылдарга барып, өздөрүнө тамак-аш сатып алышсын», – дешти.

16 Ошондо Ыйса аларга: «Элди таратуунун кереги жок, аларга тамак-ашты силер бергиле», – деди.

17 Алар Ага: «Бизде беш нан, эки балык эле бар», – дешти.

18 Ошондо Ыйса: «Аларды бул жерге, Мага алып келгиле», – деди.

19 Элге чөпкө отурууну буйругандан кийин, Ал беш нан менен эки балыкты алды да, асманды карап, Кудайга ыраазычылык билдирди. Нандарды сындырып, шакирттерине берди, алар болсо элге таратышты.

20 Бардыгы тоё жешти. Артып калган нандарды чогултканда, он эки себет толду.

21 Аялдар менен бала-бакыраны эсептебегенде, тамактангандардын саны беш миңге жакын эле.

Ыйсанын суу үстүндө басышы

22 Ошондон кийин Ыйса Өзүнүн шакирттерине: «Кайыкка түшүп, Менден мурун наркы өйүзгө өтө бергиле», – деп буйруду. Өзү болсо элди таратыш үчүн калып калды.

23 Элди таратып жибергенден кийин, Өзү жалгыз сыйынуу үчүн, тоого чыкты. Түн ортосуна чейин Ыйса ал жерде жалгыз болду.

24 Ал убакта кайык көлдүн ортосуна жетип калган эле. Карама-каршы тараптан шамал соккондуктан, толкун кайыкты ары-бери чайпап жатты.

25 Түнкү төртүнчү күзөт убагында Ыйса көлдүн үстү менен басып, аларга келди.

26 Көлдүн үстүндө басып келе жаткан Ыйсаны көргөн шакирттер коркуп кетип: «Бул – элес!» – деп кыйкырып жиберишти.

27 Бирок Ыйса ошол замат аларга: «Кайраттангыла! Бул Менмин, коркпогула!» – деди.

28 Петир Ага: «Теңир! Эгерде бул Сен болсоң, буйрук бер, мен Сага суу үстү менен басып барайын», – деди.

29 Ыйса ага: «Кел», – деди. Петир кайыктан түшүп, суу үстү менен басып, Ыйсага жакын барды.

30 Бирок катуу шамалды көргөндө, коркуп кетип, чөгө баштады. Ошондо ал: «Теңир! Мени сакта!» – деп кыйкырды.

31 Ыйса колун сунуп, аны дароо кармап калды. Анан ага: «Ишеними аз, эмнеге шектендиң?» – деди.

32 Алар кайыкка түшкөндөн кийин, шамал басылып калды.

33 Кайыктагылар болсо: «Сен чын эле Кудайдын Уулу экенсиң», – деп, Ага таазим кылышты.

Генисарет жериндеги оорулуулардын айыгышы

34 Наркы өйүзгө, Генисарет жерине сүзүп өтүштү.

35 Ал жердин тургундары Ыйсаны таанып, тегерек-четтегилердин баарына киши жиберишти. Ошондо Ыйсага оорулуулардын баарын алып келишип,

36 Андан: «Кийимиңдин этегине эле колубузду тийгизүүгө уруксат бер», – деп өтүнүп жатышты. Анын кийимине колун тийгизгендер айыгып жатышты.

15-БӨЛҮМ

Кудайдын осуяттары адамдардын салттарынан жогору

1 Ошол убакта Иерусалимден мыйзам окутуучулар менен фарисейлер Ыйсага келип:

2 «Эмне үчүн Сенин шакирттериң ата-бабалардын салтын бузуп жатышат? Алар тамактанардын алдында кол жуу салтын аткарышпайт», – дешти.

3 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Анда эмне үчүн өзүңөр салттарыңардын айынан Кудайдын осуятын бузуп жатасыңар?

4 Кудай мындай деп осуят кылган: “Ата-энеңди сыйла”, “Ким атасына же энесине тил тийгизсе, ал өлүм жазасына тартылсын”.

5 Силер болсо: “Эгерде ким атасына же энесине: "Сенин менден алчу нерсеңдин баары Кудайга багышталган", – десе,

6 ал адам атасына же энесине сый көрсөтпөй койсо да болот”, – дейсиңер. Ошентип, силер өз салттарыңар үчүн Кудайдын осуятын четке кагып койдуңар.

7 Эки жүздүүлөр! Ышайа силер жөнүндө туура пайгамбарчылык кылган:

8 “Бул эл Мага оозу менен жакындайт, Мени тили менен урматтайт, бирок жүрөгү Менден алыс.

9 Алардын Мени урматтаганы – бекер, анткени алардын үйрөткөнү – адамдык эрежелер”».

Адамды арам кыла турган нерсе

10 Анан элди жанына чакырып, аларга мындай деди: «Жакшылап угуп, түшүнүп алгыла.

11 Адамды оозуна кирген нерсе арам кылбайт, оозунан чыккан нерсе арам кылат».

12 Ошондо шакирттери келип, Ага: «Билесиңби, фарисейлер бул сөздү укканда кыжырданышты», – дешти.

13 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Асмандагы Атам тикпеген ар бир өсүмдүк түп-тамыры менен жок кылынат.

14 Аларды жайына койгула. Алар – сокурлардын сокур жол башчылары. Сокурду сокур жетелесе, экөө тең аңга түшөт».

15 Петир Ага: «Бул үлгү-насаат аңгемеңди бизге түшүндүрүп берчи!» – деди.

16 Ошондо Ыйса: «Силер да алиге чейин түшүнө элексиңерби?

17 Оозго кирген нерсенин баары ашказанга келип, анан тышка чыгып кетерин билбейсиңерби?

18 Ооздон чыкканы жүрөктөн чыгат, адамды арам кылган мына ушу.

19 Анткени жаман ойлор, киши өлтүрүү, нике бузуу, ойноштук кылуу, уурулук, жалаа жабуу, ушак жүрөктө пайда болот.

20 Мына ушулар адамды арам кылат. Ал эми кол жуу расмисин аткарбай тамактануу адамды арам кылбайт».

Канаандык аялдын кызынын айыгышы

21 Ыйса ал жерден чыгып, Тир жана Сидон аймактарына келди.

22 Ошол аймактардан канаандык бир аял чыгып, Ыйсага: «Мага ырайым кылчы, Теңир, Дөөттүн Уулу! Кызым жин оорусунан катуу кыйналып жатат», – деп кыйкырды.

23 Бирок Ыйса аялга жооп берген жок. Ошондо шакирттери Ага жакын келип: «Аркабыздан калбай кыйкырып келе жатат, аны кетирип жиберчи», – дешти.

24 Ыйса болсо: «Мен Ысрайыл элинин гана жоголгон койлоруна жиберилгем», – деп жооп берди.

25 Аял жакын келип, Анын алдына чөгөлөп: «Теңир! Мага жардам бере көр», – деп өтүндү.

26 Ыйса ага: «Балдардын нанын тартып алып, иттерге ыргыткан жакшы эмес», – деди.

27 Аял Ага: «Ооба, ошондой, Теңир! Бирок иттер да кожоюндарынын үстөлүнөн түшкөн күкүмдөрдү жешет эмеспи», – деди.

28 Ыйса аялга: «Оо аял! Ишенимиң зор экен, тилегениңдей болсун», – деп жооп берди. Ошондо анын кызы дароо айыгып калды.

Көп оорулуулардын айыгышы

29 Ыйса ал жерден кетип, Галилея көлү тарапка келди. Бир тоого чыгып отурду.

30 Ошондо Анын жанына көп эл келди. Алар чолок, сокур, дудук, майып жана башка оорулуу адамдарды Ыйсанын алдына алып келишти. Ыйса аларды айыктырды.

31 Дудуктар сүйлөп, буту баспагандар басып, сокурлар көрүп калышты. Муну көргөн эл таң калып, Ысрайылдын Кудайын даңктады.

Төрт миң адамды тойгузуу

32 Ыйса шакирттерин жанына чакырып алып, мындай деди: «Элди аяп жатам. Үч күндөн бери жанымда жүрүшөт, жегенге эч нерселери жок. Ачка кетиргим келбей турат, жолдо алсырап калышат го».

33 Шакирттери Ага: «Ушундай ээн жерде ушунча эл тоё турган нанды кайдан табабыз?» – дешти.

34 Ыйса алардан: «Канча наныңар бар?» – деп сурады. «Жети наныбыз, бир аз майда балыгыбыз бар», – дешти алар.

35 Ошондо Ал элге жерге отурууну буйруду.

36 Анан жети нан менен балыктарды алды да, асманды карап, Кудайга ыраазычылык билдирди. Нандарды сындырып, шакирттерине берди, алар болсо элге таратышты.

37 Бардыгы тоё жешти. Артып калган нандарды чогултканда, жети себет толду.

38 Аялдар менен бала-бакыраны эсептебегенде, тамактангандардын саны төрт миң эле.

39 Элди таратып жибергенден кийин, Ыйса кайыкка түшүп, Магдала аймагына келди.

16-БӨЛҮМ

Жышаан көрүүнү каалаган фарисейлер

1 Фарисейлер менен садукейлер Ыйсанын жанына келишти да, Аны сынаш үчүн, асмандан жышаан көрсөтүшүн суранышты.

2 Ыйса болсо аларга: «Кеч киргенде, силер: “Күн кызарып батып бара жатат, эртең күн ачык болот”, – дейсиңер.

3 Эртең менен болсо: “Асман түнөрүп турат, күн бузулат окшойт”, – дейсиңер. Анткорлор! Асманды карап, аба ырайын аныктай аласыңар да, анан убакытка байланыштуу жышаандарды айырмалап биле албайсыңар.

4 Бузулган, жаман муун жышаан көргүсү келет. Бирок ага Жунус пайгамбардын жышаанынан башка жышаан көрсөтүлбөйт», – деди да, ал жерден кетип калды.

5 Алар наркы өйүзгө сүзүп өтүштү. Шакирттер болсо нан алып алууну унутуп калышкан эле.

Фарисейлердин жана садукейлердин окутуусунан сак болуу

6 Ыйса аларга: «Фарисейлердин жана садукейлердин ачыткысынан сак болгула», – деди.

7 Алар болсо: «Нан албаганыбыз үчүн ушинтип айтып жатат го», – деп ойлошту.

8 Ыйса алардын оюн билип, мындай деди: «Ишеними аздар! Эмнеге нан алып албаганыңар жөнүндө ойлоп жатасыңар?

9 Дагы эле түшүнө элексиңерби? Беш нанга беш миң киши тойгону, канча себет ашып калганы эсиңерден чыгып кеттиби?

10 Жети нанга төрт миң киши тойгону, канча себет ашып калганы эсиңерден чыгып кеттиби?

11 Кантип түшүнгөн жоксуңар? Мен силерге: “Фарисейлер менен садукейлердин ачыткысынан сак болгула”, – дегенимде, нан жөнүндө айткан жокмун».

12 Анын нандын ачыткысынан эмес, фарисейлер менен садукейлердин окутуусунан сактандырганын шакирттер ошондо түшүнүштү.

Петирдин Ыйсаны Машайак катары таанышы

13 Ыйса Филиптин шаары Кейсареяга келгенде, шакирттеринен: «Адамдар Мени, Адам Уулун, ким деп эсептешет?» – деп сурады.

14 Алар Ага: «Бирөөлөр: “Чөмүлдүрүүчү Жакан”, – деп, бирөөлөр: “Илияс”, – деп, дагы бирөөлөр: “Жеремия же пайгамбарлардын бири”, – деп эсептешет», – деп жооп беришти.

15 Ыйса алардан: «А силер Мени ким деп эсептейсиңер?» – деп сурады.

16 Шымон Петир Ага: «Сен тирүү Кудайдын Уулу Машайаксың», – деп жооп берди.

Жыйын жөнүндөгү биринчи Жакшы Кабар

17 Ошондо Ыйса ага мындай деди: «Бактылуусуң сен, Жунус уулу Шымон! Муну сага адам эмес, Асмандагы Атам ачып берди.

18 Мен да сага айтып коёюн, сен Петирсиң. Мен Өз Жыйынымды ушул таштын үстүнө курам, аны өлүм да жеңе албайт.

19 Сага Асман Падышачылыгынын ачкычтарын берем. Жер үстүндө эмнени байласаң, асманда да ошол байлануу болот. Жер үстүндө эмнени чечсең, асманда да ошол чечилүү болот».

20 Анан Ыйса Өзүнүн Машайак экендигин эч кимге айтпоону шакирттерине эскертти.

Ыйсанын Өзүнүн өлөрүн жана тирилерин шакирттерине айтышы

21 Ошол мезгилден тартып, Ыйса Өзүнүн Иерусалимге баруусу, аксакалдар, башкы ыйык кызмат кылуучулар жана мыйзам окутуучулардын колунан көп азап чегүүсү, өлтүрүлүүсү, үчүнчү күнү тирилүүсү керектигин шакирттерине айта баштады.

22 Петир Аны четке алып чыгып: «Өзүңдү ая, Теңир! Бул Сенин башыңа түшпөсүн», – деп, каршы боло баштады.

23 Ыйса болсо Петирди карап: «Кет жанымдан, шайтан! Сен Мага тузак коюп жатасың. Анткени сенин ойлоруң – Кудайдын эмес, адамдын ойлору», – деди.

24 Анан Ыйса шакирттерине мындай деди: «Ким Мени ээрчигиси келсе, ал өзүнөн баш тартсын жана өз айкаш жыгачын алып, Менин артымдан ээрчисин.

25 Ким өз жанын сактап калгысы келсе, ал андан түбөлүккө ажырайт. Ал эми ким Мен үчүн өз жанынан ажыраса, ал аны сактап калат.

26 Эгерде адам бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок өз жанына зыян келтирсе, андан ага эмне пайда? Адам өз жанын куткарып алуу үчүн кандай кун төлөй алат?

27 Адам Уулу периштелери менен бирге Өз Атасынын даңкы менен келет, ошондо ар кимге ишине жараша тиешелүүсүн берет.

28 Силерге чындыкты айтып коёюн, бул жерде тургандардын кээ бирөөлөрү Өз Падышачылыгы менен келген Адам Уулун көрмөйүнчө, өлүшпөйт».

17-БӨЛҮМ

Теңирдин көрүнүшүнүн өзгөрүлүшү

1 Алты күн өткөндөн кийин, Ыйса Петирди, Жакыпты жана анын бир тууганы Жаканды ээрчитип, бир бийик тоого чыкты.

2 Ошол жерде алардын көз алдында Ыйсанын көрүнүшү өзгөрүлдү: Анын жүзү күндөй жаркырап, кийими аппак болуп калды.

3 Анан аларга Ыйса менен сүйлөшүп жаткан Муса менен Илияс көрүндү.

4 Ошондо Петир Ыйсага мындай деди: «Теңир! Бул жерде болгонубуз жакшы экен. Эгерде кааласаң, бул жерге үч алачык тургузалы: Сага бирди, Мусага бирди, Илияска бирди».

5 Петир сүйлөп жаткан учурда, жаркыраган бир булут аларды каптап калды. Анан булут ичинен «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын. Аны уккула!» деген үн чыкты.

6 Муну укканда, шакирттер коркуп кетишип, жүзтөмөндөп жыгылышты.

7 Ыйса аларга жакын келип, колун тийгизип: «Тургула, коркпогула!» – деди.

8 Алар баштарын көтөрүп, Ыйсадан башка эч кимди көрүшкөн жок.

9 Тоодон түшүп келе жатышканда, Ыйса аларга: «Адам Уулу өлүп, кайра тирилгенге чейин, бул көрүнүш жөнүндө эч кимге айтпагыла», – деди.

10 Шакирттери Андан: «Эмне үчүн мыйзам окутуучулар: “Илияс пайгамбар Машайактан мурун келиши керек”, – деп айтышат?» – деп сурашты.

11 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Туура, адегенде Илияс келип, бардык нерсени өз ордуна коюшу керек.

12 Бирок силерге айтып коёюн, Илияс келген. Бирок аны таанышпай, ага ойлоруна келгендей мамиле кылышты. Ошол сыяктуу эле Адам Уулу да алардын колунан азап чегет».

13 Ошондо шакирттер Анын чөмүлдүрүүчү Жакан жөнүндө айтып жатканын түшүнүштү.

Жин оорулуунун айыгышы

14 Алар элдин арасына келишкенде, бир адам Ыйсанын алдына келип, чөгөлөп:

15 «Теңир! Менин уулума ырайым кыла көр! Анын элирмеси бар, аябай кыйналат. Бирде отко, бирде сууга боюн таштап жиберет.

16 Аны Сенин шакирттериңе алып келсем, алар айыктыра албай коюшту», – деди.

17 Ошондо Ыйса: «Оо ишенимсиз, бузулган муун! Качанга чейин силер менен болом? Качанга чейин силерге чыдайм? Баланы бул жерге, Мага алып келгиле», – деди.

18 Ыйса буйрук берери менен, баладан жин чыгып кетти. Бала ошол замат айыгып калды.

19 Ыйса жалгыз калганда, шакирттер келип: «Эмне үчүн биз жинди кууп чыгара албай койдук?», – деп сурашты.

20 Ыйса аларга: «Ишенимиңердин аздыгынан улам! Силерге чындыкты айтып коёюн, эгерде силердин сары кычы данындай эле ишенимиңер болсо, бул тоого: “Бул жерден тиги жерге жыл”, – десеңер, ал жылат. Силер үчүн мүмкүн болбогон эч нерсе болбойт.

21 Жиндерди сыйынуу жана орозо менен гана кууп чыгарууга болот», – деди.

Ыйсанын Өзүнүн өлөрүн жана тирилерин дагы бир жолу айтышы

22 Галилеяда жүрүшкөн кезде, Ыйса аларга: «Адам Уулун адамдардын колуна салып беришет.

23 Аны өлтүрүшөт. Бирок Ал үчүнчү күнү тирилет», – деди. Шакирттер буга абдан капа болушту.

Ийбадаткана салыгы

24 Капернаумга келишкенде, дидрахма жыйнаган салык жыйноочулар Петирге келип: «Силердин Устатыңар дидрахма береби?» – деп сурашты.

25 «Берет», – деп жооп берип, Петир үйгө кирди. Ал эч нерсе айта электе эле, Ыйса андан: «Кандай деп ойлойсуң, Шымон, бул дүйнөдөгү падышалар алык-салыкты кимден алышат: өз уулдарынанбы же бөтөн кишилерденби?» – деп сурады.

26 «Бөтөн кишилерден», – деди Петир. Ыйса ага: «Демек, уулдары салык төлөшпөйт экен да.

27 Бирок салык жыйноочулар кыжырланбашы үчүн, көлгө барып, кайырмак сал. Кармаган биринчи балыгыңды тартып алып, оозун ачсаң, статирди көрөсүң. Аны алып, экөөбүз үчүн берип кой», – деди.

18-БӨЛҮМ

Ким баарынан чоң?

1 Ошол мезгилде шакирттер Ыйсанын жанына келип: «Асман Падышачылыгында ким баарынан чоң?» – деп сурашты.

2 Ыйса бир кичинекей баланы чакырып алып, ортого тургузду да, мындай деди:

3 «Силерге чындыкты айтып коёюн, эгерде жаман жолуңардан кайтып, кичинекей балдардай болбосоңор, Асман Падышачылыгына кирбейсиңер.

4 Ошондуктан ким өзүн басынтып, ушул бала сыяктуу болсо, ал Асман Падышачылыгында чоң болот.

5 Ким ушул сыяктуу баланы Менин ысымым үчүн кабыл алса, ал Мени кабыл алган болот.

6 Мага ишенген бул кичинелердин бирин күнөөгө түрткөн адамды мойнуна тегирмен ташын илип, деңиздин түбүнө чөктүрүп жиберсе, ал үчүн жакшы болмок.

Азгырыктарга каршы күрөшүү

7 Бул дүйнө өзүнүн азгырыктары үчүн кайгыга кабылат! Анткени азгырыктар келбей койбойт, бирок ким аркылуу келсе, ошол адам кайгыга кабылат!

8 Эгерде колуң же бутуң сени күнөөгө түртсө, анда аны кесе чаап, ыргытып жибер. Эки колуң, эки бутуң менен түбөлүк отко ыргытылгандан көрө, колуңдан же бутуңдан ажырап, өмүргө ээ болгонуң жакшы.

9 Эгерде көзүң сени күнөөгө түртсө, анда аны оюп алып, ыргытып жибер. Эки көзүң менен оттуу көлгө ыргытылгандан көрө, жалгыз көзүң менен өмүргө ээ болгонуң жакшы.

10 Байкагыла, бул кичинелердин бирин да кордобогула. Силерге айтып коёюн, алардын асмандагы периштелери Асмандагы Атамдын жүзүн дайыма көрүп турушат.

Жоголгон кой. Жоголгонду издеген Теңир

11 Анткени Адам Уулу жоголгонду издеп таап, куткаруу үчүн келди.

12 Кандай деп ойлойсуңар, эгерде жүз кою бар бир адамдын бир кою жоголуп кетсе, эмне, ал токсон тогузун тоого калтырып, жоголуп кеткенин издебейби?

13 Эгерде аны тапса, силерге чындыкты айтып коёюн, жоголбогон токсон тогузуна караганда, ал үчүн көбүрөөк сүйүнөт.

14 Ошол сыяктуу эле Асмандагы Атаңар да бул кичинелердин биринин да жоголушун каалабайт.

Келечектеги Жыйындын тартиби

15 Эгерде бир тууганың сага каршы күнөө кылса, баргын да, жекече сүйлөшүп, анын айыбын ач. Эгерде сага кулак салса, бир тууганыңды кайтарып алган болосуң.

16 Эгерде сага кулак салбаса, жаныңа бир же эки кишини ээрчитип ал. Айтылган ар бир сөз эки же үч күбөнүн сөзү менен ырасталсын.

17 Эгерде аларга кулак салбаса, Жыйынга билдир. Эгерде Жыйынга да кулак салбай койсо, аны бутпарас жана салык жыйноочу катары эсепте.

18 Силерге чындыкты айтып коёюн, жер үстүндө эмнени байласаңар, асманда да ошол байлануу болот. Жер үстүндө эмнени чечсеңер, асманда да ошол чечилүү болот.

19 Дагы силерге айтарым, жер үстүндө араңардан экөөңөр макулдашып алып, асмандагы Атамдан бир нерсе жөнүндө сурасаңар, сураганыңарды аласыңар.

20 Кайсы жерде Менин ысымым үчүн эки же андан көп адам чогулса, Мен да ошол жерде, алардын арасындамын».

Ырайымдуу падыша жана ырайымсыз кул жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

21 Ошондо Петир Ыйсанын жанына келип: «Теңир, мага каршы күнөө кылган бир тууганымды канча жолу кечиришим керек? Жети жолубу?» – деп сурады.

22 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Сага айтып коёюн, жети жолу эмес, жетимиштен жети жолу.

23 Ошондуктан Асман Падышачылыгын кулдары менен эсептешмекчи болгон падышага салыштырса болот.

24 Эсептеше баштаганда, падышанын алдына он миң талант карыз болгон бир кулду алып келишти.

25 Карызынан кутулууга анын эч нерсеси жок болгондуктан, падыша анын өзү, аялы, балдары жана колунда болгону сатылып, карызы төлөнүүсүн буйруду.

26 Ошондо ал кул падышанын алдына жыгылып: “Падышам, күтө тур, бардыгын төлөп берем”, – деди.

27 Падыша кулуна ырайым кылып, анын карызын кечирди да, аны бошотуп жиберди.

28 Ал кул болсо тышка чыгып, өзүнө жүз динарий карыз болгон башка кулду кармап алып: “Карызыңды бер”, – деп муунтту.

29 Ал кул болсо бутуна жыгылып: “Күтө тур, баарын төлөп берем”, – деп жалынды.

30 Бирок ал күткүсү келген жок. Барды да, карызын бергенче, аны түрмөгө каматып салды.

31 Муну көргөн кулдар аябай капа болушту да, падышага келип, болгон окуяны айтып беришти.

32 Ошондо падыша кулун чакыртты да: “Эй, жаман кул! Жалынып-жалбарганыңдан улам, бүт карызыңды кечирдим эле.

33 Мен сага ырайым кылгандай, сен да тиги кулга ырайым кылсаң болбойт беле?” – деди.

34 Падыша каарданып, бүт карызын бергенче, аны жазалоочулардын колуна тапшырды.

35 Эгерде ар бириңер өз бир тууганыңардын күнөөсүн чын жүрөктөн кечирбесеңер, асмандагы Атам да силерге так ушундай мамиле кылат».

19-БӨЛҮМ

1 Ыйса бул сөздөрдү айтып бүткөндөн кийин, Галилеядан чыгып, Иордан дарыясынын наркы өйүзүнө, Жүйүт аймагына келди.

2 Аны көп эл ээрчип алды. Ыйса ал жерде оорулууларды айыктырды.

Ажырашуу жөнүндө

3 Ыйсанын жанына фарисейлер келишти да, Аны сынап: «Эркек ар кандай себептен улам аялы менен ажырашса болобу?» – деп сурашты.

4 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Жаратуучу эң башында эле адамдарды эркек-аял кылып жаратканын окуган жок белеңер?

5 Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот.

6 Эми алар эки эмес, бир дене. Ошондуктан Кудай кошконду адам ажыратпасын».

7 Алар Ыйсага: «Анда эмне үчүн Муса талак кат берип, аялын кетирсе боло тургандыгы жөнүндө айтты эле?» – дешти.

8 Ыйса аларга: «Таш боор болгонуңардан улам, Муса аялыңарды кетирүүгө уруксат берген. Бирок башында мындай эмес болчу.

9 Бирок Мен силерге айтып коёюн, ойноштук кылуу себеби менен эмес, башка бир себеп менен аялын кетирип, башка аял алган адам ойноштук кылган болот. Күйөөсү кетирип жиберген аялды алган адам да ойноштук кылган болот», – деди.

10 Шакирттери Ыйсага: «Эгерде эркектин аялынын алдындагы милдети ушундай болсо, анда үйлөнбөй эле койгон жакшы», – дешти.

11 Ыйса болсо аларга мындай деди: «Бул сөздү ар бир эле адам кабыл ала албайт. Кимге берилсе, ошол гана кабыл ала алат.

12 Анткени жыныстык байланышка тубаса жараксыз адамдар бар. Адамдар тарабынан бычылгандар да бар, Асман Падышачылыгы үчүн өздөрүн өздөрү ошондой кылгандар да бар. Кабыл ала алган адам кабыл алсын».

Ыйсанын балдарга бата бериши

13 Колун коюп сыйынсын деп, кээ бирөөлөр Ыйсанын жанына балдарын алып келишти. Шакирттер болсо аларга тоскоолдук кылышты.

14 Ыйса аларга: «Балдарды коё бергиле, алардын Мага келүүсүнө тоскоолдук кылбагыла. Анткени Асман Падышачылыгы ушундайлардыкы», – деди.

15 Балдардын үстүнө колун коюп сыйынгандан кийин, Ыйса ал жерден кетти.

Ыйса жана бай жигит

16 Бир жигит келип, Ыйсадан: «Жакшы Устат! Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, кандай жакшы иш кылуум керек?» – деп сурады.

17 Ыйса ага: «Мени эмнеге жакшы дейсиң? Кудайдан башка эч ким жакшы эмес. Түбөлүк өмүргө ээ болууну кааласаң, Анын осуяттарын аткар», – деди.

18 «Кайсы осуяттарды?» – деди ал. Ыйса ага мындай деди: «Киши өлтүрбө, ойноштук кылба, уурдаба, бирөөгө жалаа жаппа,

19 ата-энеңди сыйла, өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй».

20 Ошондо жигит Ага: «Мунун баарын мен жаш күнүмдөн бери сактап келем. Мага дагы эмне жетишпейт?» – деди.

21 Ыйса ага: «Эгерде жеткилең болууну кааласаң, бар да, мал-мүлкүңдүн баарын сатып, жардыларга таратып бер. Ошондо асманда казынаң болот. Анан келип, Менин артымдан ээрчи», – деди.

22 Бул сөздү укканда, жигит капаланып кетип калды. Анткени анын мал-мүлкү көп эле.

23 Ыйса шакирттерине мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, бай адамдын Асман Падышачылыгына кириши кыйын.

24 Дагы айтарым, бай адамдын Асман Падышачылыгына кирүүсүнө караганда, ийненин көзүнөн төөнүн өтүүсү оңоюраак».

25 Муну уккан шакирттер аябай таң калышып: «Анда ким куткарылат?» – дешти.

26 Ыйса болсо аларды карап: «Адамдар муну кыла алышпайт, ал эми Кудай бардыгын кыла алат», – деди.

Элчилердин сыйлыгы

27 Ошондо Петир мындай деди: «Мына, биз баарын таштап, Сени ээрчип жүрөбүз. Бул үчүн эмне алабыз?»

28 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, жаңы жашоодо Адам Уулу Өзүнүн улуу тактысына отурганда, Мени ээрчип жүргөн силер да он эки тактыга отуруп, Ысрайылдын он эки уруусуна бийлик жүргүзөсүңөр.

29 Менин ысымым үчүн үй-жайын, ага-инилерин же эже-карындаштарын, атасын же энесин, аялын же балдарын, же өз жерин таштаган адам жүз эсе алат жана түбөлүк өмүрдү мурастайт.

30 Биринчилердин көпчүлүгү акыркы, акыркылардын көпчүлүгү биринчи болот.

20-БӨЛҮМ

Жүзүмдүктөгү жумушчулар жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

1 Анткени Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырууга болот: таң заардан бир кожоюн өзүнүн жүзүмдүгүнө жумушчуларды жалдаганы чыкты.

2 Ал күнүнө бир динарийден төлөп бере турган болуп, жумушчулар менен макулдашкандан кийин, аларды жүзүмдүгүнө жөнөттү.

3 Үчүнчү саат чамасында кайра чыгып, ал базар аянтында жумушсуз жүргөн адамдарды көрдү да,

4 аларга: “Силер да менин жүзүмдүгүмө баргыла, тийиштүү акыңарды төлөп берем”, – деди. Алар жүзүмдүккө кетишти.

5 Ал алтынчы жана тогузунчу саат чамасында кайра чыгып, дагы ошондой кылды.

6 Ал он биринчи саат чамасында кайра чыгып, жумушсуз жүргөн дагы бирөөлөрдү көрүп: “Бир күн бою бул жерде бош турганыңар кандай?” – деди.

7 Алар болсо: “Бизди эч ким ишке жалдаган жок”, – деп жооп беришти. Ошондо ал аларга: “Силер да менин жүзүмдүгүмө баргыла, тийиштүү акыңарды төлөп берем”, – деди.

8 Кеч киргенде, жүзүмдүктүн ээси чарба иштерин башкаруучусуна: “Жумушчуларды чакырып, аларга, акыркыларынан баштап, биринчилерине чейин, эмгек акыларын бер”, – деди.

9 Он биринчи саат чамасында жалданып иштегендер келип, бир динарийден алышты.

10 Биринчи келгендер көбүрөөк алабыз деп ойлошкон, бирок алар да бир динарийден алышты.

11 Алгандан кийин, кожоюнга нааразы боло башташты.

12 Алар кожоюнга: “Бул акыркы келгендер бир эле саат иштешти. Бирок сен аларды керээли-кечке күндүн ысыгында иштеген бизге теңеп койдуң”, – дешти.

13 Ошондо жүзүмдүк ээси алардын бирине мындай деди: “Досум, мен сени алдаган жокмун. Сен мени менен бир динарийге макулдашпадың беле?

14 Өз акыңды алгын да, кете бергин. Сага канча берсем, акыркы келген буга да ошончо бергим келет.

15 Өзүмдүкүн өзүм каалагандай пайдаланууга акым жокпу? Же менин берешендигимди көрө албай жатасыңбы?”

16 Ошентип, акыркылар биринчи, биринчилер акыркы болот. Анткени чакырылгандар көп, бирок тандалгандар аз».

Ыйсанын Өзүнүн өлүмү жана тирилүүсү жөнүндө үчүнчү жолу айтышы

17 Иерусалимге бара жаткан жолдо Ыйса он эки шакиртин четке чыгарып алып, мындай деди:

18 «Мына, биз Иерусалимге бара жатабыз. Адам Уулун башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулардын колуна салып беришет. Алар болсо Аны өлтүрүүгө өкүм чыгарышат.

19 Аны бутпарастардын колуна салып беришет, алар болсо Аны шылдыңдашат, сабашат, айкаш жыгачка кадашат. Үчүнчү күнү Ал тирилет».

Эненин суранычы

20 Ошондо Зебедей уулдарынын энеси уулдары менен Ыйсанын жанына келип таазим кылды да, бир нерсе сурамакчы болду.

21 Ыйса аялдан: «Эмне каалайсың?» – деп сурады. Аял Ага: «Сенин Падышачылыгыңда бул эки уулумдун бири оң жагыңда, бири сол жагыңда отурса экен. Ушундай буйрук берчи», – деди.

22 Ыйса мындай деп жооп берди: «Эмне сурап жатканыңарды өзүңөр билбейсиңер. Мен иче турган чөйчөктөн иче аласыңарбы? Мен чөмүлдүрүлө турган чөмүлдүрүү менен чөмүлдүрүлө аласыңарбы?» «Ошенте алабыз», – дешти алар.

23 Ошондо Ыйса аларга: «Мен иче турган чөйчөктөн ичесиңер. Мен чөмүлдүрүлө турган чөмүлдүрүү менен чөмүлдүрүлөсүңөр. Бирок оң жагыма же сол жагыма отургузуу Менин колумда эмес. Атам кимге даярдаган болсо, ошол отурат», – деди.

24 Муну уккан берки он шакирт эки бир тууганга ачууланды.

25 Ыйса аларды чакырып алып: «Элге башчылар үстөмдүк кылып, төрөлөр бийлик жүргүзөрүн билесиңер.

26 Бирок силердин араңарда мындай болбосун. Араңарда ким чоң болгусу келсе, ал силерге кызматчы болсун.

27 Араңарда ким биринчи болгусу келсе, ал силерге кул болсун.

28 Анткени Адам Уулу да Өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, Өзү кызмат кылуу үчүн, Өз жанын берип, көптөрдү куткаруу үчүн келген», – деди.

Эки сокурдун айыгышы

29 Алар Жериходон чыгып бара жатышканда, Ыйсанын артынан көп эл ээрчиди.

30 Жол боюнда отурган эки сокур адам Ыйсанын өтүп бара жатканын угуп: «Теңир, Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кыла көр!» – деп кыйкыра башташты.

31 Элдин тыйганына болбой, алар ого бетер катуу кыйкырып жатышты: «Теңир, Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кыла көр!»

32 Ыйса токтоп, аларды жанына чакырды да: «Менин эмне кылышымды каалайсыңар?» – деп сурады.

33 Алар Ага: «Теңир, көзүбүз көрсө экен», – дешти.

34 Ыйса боор ооруп, алардын көзүнө колун тийгизди. Ошол замат алардын көзү көрүп калды. Анан алар Ыйсанын артынан ээрчип жөнөштү.

21-БӨЛҮМ

Ыйсанын Иерусалимге салтанаттуу түрдө кириши

1 Иерусалимге жакын жердеги, Зайтун тоосунун этегиндеги Бейтфагия айылына келишкенде, Ыйса эки шакиртин мындай деп жөнөттү:

2 «Айылга кирcеңер, байланып турган бир ургаачы эшекти, кодикти, көрөсүңөр. Чечип алып, Мага алып келгиле.

3 Эгерде бирөө бирдеме десе, “Булар Теңирге керек” дегиле. Ошондо ал дароо берет».

4 Мунун баары пайгамбар аркылуу айтылган бул сөздөрдүн аткарылышы үчүн болду:

5 «Сион кызына: “Сага өзүңдүн момун Падышаң келет. Ал ургаачы эшекке, кодикке, минип келет”, – деп айткыла».

6 Шакирттер барып, Ыйса буйругандай кылышты.

7 Ургаачы эшекти, кодикти, алып келип, үстүнө чапандарын салып, Ыйсаны мингизишти.

8 Элдин көпчүлүгү өздөрүнүн кийимдерин, айрымдары болсо дарактардын бутактарын кесип алып, жолго төшөп жатышты.

9 Ыйсанын алды-артындагы эл: «Дөөттүн Уулуна даңк! Теңирдин атынан Келе Жатканга алкыш! Эң Жогорудагыга даңк!» – деп, кыйкырып келе жатты.

10 Ыйса Иерусалимге киргенде, бүт шаар кыймылга келип: «Бул ким?» – деп сурап жатты.

11 Эл болсо: «Бул – Галилеянын Назарет шаарынан чыккан Ыйса пайгамбар», – деп жооп берип жатты.

Ыйсанын ийбадатканадан сатуучуларды кууп чыгуусу

12 Ыйса ийбадатканага кирип, андагы сатуучулар менен сатып алуучулардын баарын кууп чыкты. Акча алмаштыруучулардын үстөлдөрүн, көгүчкөн сатып отургандардын орундуктарын көңтөрүп таштады.

13 Аларга мындай деди: «Ыйык Жазууда: “Менин үйүм сыйынуу үйү деп аталат”, – деп жазылган. Силер болсо аны каракчылардын уюгуна айландырып жатасыңар».

14 Ийбадатканада Ыйсанын жанына сокурлар жана майыптар келди. Ыйса аларды айыктырды.

15 Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулар Ыйса кылып жаткан ажайып иштерди, ийбадатканада: «Дөөттүн Уулуна даңк!» – деп кыйкырып жаткан балдарды көргөндө, кыжырданышып, Ыйсага:

16 «Булардын эмне деп жатканын угуп жатасыңбы?» – дешти. Ыйса аларга: «Ооба! Эмне, силер “Наристелер менен эмчектеги балдарга Өзүңдү даңктаттың” деген сөздөрдү такыр окуган жок белеңер?» – деди да, ал жерден кетип калды.

17 Шаардан чыгып, Бетанияга келип, түндү ошол жерде өткөрдү.

Куурап калган анжыр дарагы

18 Эртең менен шаарга кайтып келе жатканда, Ыйса ачка болду.

19 Жолдун жээгиндеги анжыр дарагын көрүп, анын жанына келди. Жалбырагынан башка эч нерсеси жок экенин көрүп, даракка мындай деди: «Мындан ары сенде эч качан жемиш болбосун». Анжыр дарагы ошол замат куурап калды.

20 Муну көргөн шакирттер: «Анжыр дарагынын тез эле куурап калганы кандай?» – деп таң калышты.

21 Ыйса болсо аларга мындай деп жооп берди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, эгерде ишенимиңер болсо, шектенбесеңер, анда анжыр дарагына кылынганды гана эмес, мына бул тоого да: “Ордуңан көтөрүлүп, деңизге түш”, – десеңер, айтканыңардай болот.

22 Ишеним менен сыйынсаңар, сураганыңардын баарын аласыңар».

Ыйсанын бийлиги жөнүндө

23 Ыйса ийбадатканага келип, элди окутуп жатканда, башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдар жанына басып келип: «Муну Сен кайсы бийликтин негизинде кылып жатасың? Мындай бийликти Сага ким берди?» – деп сурашты.

24 Ыйса аларга мындай деди: «Мен да силерге бир суроо берейин. Эгерде Мага жооп берсеңер, Мен да силерге муну кайсы бийликтин негизинде кылып жатканымды айтам.

25 Жакандын чөмүлдүрүүсү кимден эле: Кудайданбы же адамданбы?» Алар өз ара акылдашып: «Эгерде Кудайдан десек, анда Ал бизге: “Анда эмне үчүн Жаканга ишенген жоксуңар?” – дейт,

26 “Адамдардан”, – десек, элден коркобуз. Анткени баары Жаканды пайгамбар деп эсептешет», – дешти.

27 Анан Ыйсага: «Билбейбиз», – деп жооп беришти. Ошондо Ыйса аларга: «Кайсы бийликтин негизинде кылып жатканымды Мен да силерге айтпайм», – деди.

Эки уул жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

28 «Кандай деп ойлойсуңар? Бир адамдын эки уулу болгон экен. Ал биринчисине келип: “Уулум, барып, жүзүмдүгүмдө иштегин”, – дейт.

29 Бирок ал: “Барбайм”, – деп коюп, кийин анысына өкүнүп, иштегени барат.

30 Экинчи уулуна келип, ошону эле айтат. Анысы: “Баратам, кожоюн”, – деп коюп, барбай коёт.

31 Экөөнүн кимиси атасынын каалоосун аткарды?» «Биринчиси», – деп жооп беришти. Ыйса аларга мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, салык жыйноочулар менен бузулган аялдар Кудайдын Падышачылыгына силерден мурун барышат.

32 Анткени Жакан силерге туура жолду көрсөткөнү келген, бирок силер ага ишенген жоксуңар. Салык жыйноочулар менен бузулган аялдар ага ишеништи. Муну көргөндөн кийин да өкүнгөн жоксуңар, ишенген жоксуңар.

Жүзүмчүлөр жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

33 Дагы бир үлгү-насаат аңгемени угуп алгыла. Бир кожоюн жүзүм багын отургузат. Аны дубал менен курчап, жүзүм сыгылуучу жай жасап, күзөт мунарасын салат. Анан жүзүмдүгүн жүзүмчүлөргө тапшырып, өзү башка жакка кетет.

34 Түшүм жыйноо убагы жакындаганда, жүзүм жемишинен алдыртыш үчүн, кулдарын жумшайт.

35 Жүзүмчүлөр болсо анын кулдарын кармап алып, бирин сабашат, бирин өлтүрүшөт, бирин таш бараңга алышат.

36 Ошондо ал мурункудан да көп кулун жөнөтөт. Жүзүмчүлөр аларга да ошондой эле мамиле кылышат.

37 Акырында кожоюн: “Уулумдан уялышар”, – деп, уулун жөнөтөт.

38 Бирок жүзүмчүлөр анын уулун көрүшкөндө, өз ара: “Бул – мурасчы. Жүргүлө, аны өлтүрүп, мурасына ээ бололу”, – дешет.

39 Аны кармап алып, жүзүмдүктүн сыртына алып чыгып, өлтүрүп салышат.

40 Жүзүмдүктүн кожоюну кайтып келгенде, бул жүзүмчүлөрдү эмне кылат?»

41 Алар Ага: «Бул зулумдарга ал азаптуу өлүм өкүмүн чыгарат, жүзүмдүктү болсо түшүмүн өз маалында жыйнап бере турган жүзүмчүлөргө тапшырат», – деп жооп беришти.

42 Ошондо Ыйса аларга мындай деди: «Ыйык Жазуудагы “Куруучулар жаратпай койгон таш бурчтун негизи болуп калды. Бул Теңирден, бул биздин көзүбүзгө укмуштуу көрүнөт” деген сөздөрдү такыр окуган жок белеңер?

43 Ошондуктан силерге айтып коёюн, Кудайдын Падышачылыгы силерден тартылып алынып, жемишин бере турган адамдарга берилет.

44 Ал ташка жыгылган адам өлөт. Ал эми ал таш кимдин үстүнө куласа, аны басып өлтүрөт».

45 Бул үлгү-насаат аңгемелерди уккан башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер Ыйсанын өздөрү жөнүндө айтып жатканын түшүнүштү.

46 Алар Ыйсаны колго түшүрүүгө аракет кылышты, бирок элден коркушту. Анткени эл Аны пайгамбар деп эсептечү.

22-БӨЛҮМ

Үйлөнүү тою жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

1 Ыйса үлгү-насаат аңгемелерин улантты:

2 «Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырса болот: бир падыша өзүнүн уулунун үйлөнүү тоюн өткөрмөкчү болот.

3 Ал тойго чакырылгандарды чакырыш үчүн, кулдарын жөнөтөт. Бирок алардын келгиси келбейт.

4 Ошондо ал башка кулдарын жөнөтүп: “Дасторконумду даярдап койдум. Торпокторум, борго байланган малым союлду, баары даяр. Тойго келгиле!” – деп айттырат.

5 Бирок чакырылгандар кайдыгер мамиле кылып, бири талаасына кетсе, бири соода кылганы кетет.

6 Дагы бирөөлөрү кулдарын кармап алып кордоп, өлтүрүп салышат.

7 Муну уккан падыша каарданып, аскерлерин жиберет. Алар канкорлорду өлтүрүп, шаарын күлгө айландырышат.

8 Ошондо падыша кулдарына мындай дейт: “Той даяр, бирок чакырылгандар татыктуу эмес болуп чыкты.

9 Ошондуктан тогуз жолдун тоомуна баргыла да, жолуккандардын баарын тойго чакыргыла”.

10 Кулдар жолго чыгышат да, жолуккандардын баарын – жаманын да, жакшысын да чогултушат. Ошентип, той өткөргөн жай мейманга толот.

11 Падыша меймандарды көрүш үчүн кирип, ал жерден той кийимин кийбеген бир адамды көрөт.

12 Ага: “Досум, той кийимин кийбей, бул жерге кантип кирдиң?” – дейт. Тиги адам унчукпайт.

13 Ошондо падыша кулдарына мындай дейт: “Колу-бутун байлап, муну сырттагы караңгылыкка ыргытып жибергиле. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот”.

14 Анткени чакырылгандар көп, бирок тандалгандар аз».

Ыйсанын салык төлөө жөнүндө берген жообу

15 Ошондон кийин фарисейлер барып, Ыйсаны сөзүнөн кармоо жөнүндө кеңешишти.

16 Анан алар Ироддун адамдарын жана өз шакирттерин Ыйсага жөнөтүштү. Алар келип: «Устат! Сенин адилеттүү адам экениң бизге белгилүү. Кудайдын мыйзамдарын туура окутасың. Эч кимге жагынбайсың, бет карамалык кылбайсың.

17 Оюңду айтчы, Рим падышасына салык төлөө туурабы же туура эмеспи?» – дешти.

18 Ыйса алардын арам оюн билип: «Эки жүздүүлөр! Эмнеге Мени сынап жатасыңар?

19 Мага салыкка төлөнүүчү тыйынды көрсөткүлөчү!» – деди. Ага бир динарий алып келип беришти.

20 Ыйса алардан: «Мына бул сүрөт менен жазуу кимдики?» – деп сурады.

21 «Падышаныкы», – деп жооп беришти алар. Ошондо Ыйса аларга: «Анда падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле», – деди.

22 Алар муну укканда таң калып, Ыйсанын жанынан кетип калышты.

Өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө

23 «Өлгөндөр тирилбейт» деген садукейлер ошол күнү Ыйсанын жанына келип, мындай деп сурашты:

24 «Устат! Муса мындай дебеди беле: “Ким бала көрбөй көз жумса, анда анын аялын бир тууганы алып, анын тукумун уласын”.

25 Арабызда жети бир тууган бар эле. Биринчиси үйлөнүп, бала көрбөй өлүп калды. Аялы инисине калды.

26 Экинчиси, үчүнчүсү, атүгүл, жетинчиси да ошондой болду.

27 Акырында аял да өлдү.

28 Өлгөндөр тирилгенден кийин, ал аял бул жети бир туугандын кимисинин аялы болот? Анткени аны баары аялдыкка алышкан».

29 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силер Ыйык Жазууну жана Кудайдын күчүн билбегендиктен жаңылып жатасыңар.

30 Анткени өлгөндөр тирилгенден кийин, аял алуу, күйөөгө тийүү деген болбойт. Алар асмандагы Кудайдын периштелериндей болуп калышат.

31 Ал эми өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө болсо, Кудайдын

32 “Мен Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайымын” деген сөзүн окуган жок белеңер? Кудай – өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы».

33 Буларды уккан эл Анын окутуусуна таң калды.

Улуу осуят

34 Фарисейлер Ыйсанын садукейлерди сөзгө жыкканын угуп, чогула калышты.

35 Алардын арасындагы бир мыйзам окутуучу Ыйсаны сынап, мындай деп сурады:

36 «Устат! Мыйзамдагы эң маанилүү осуят кайсы?»

37 Ыйса ага мындай деп жооп берди: «Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бүт акылың менен сүй.

38 Биринчи жана эң маанилүү осуят ушул.

39 Экинчиси ушуга эле окшош: “Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды ошондой сүй”.

40 Бүт мыйзам жана пайгамбарчылыктар ушул эки осуятка негизделген».

Машайак – Дөөттүн Уулу жана Теңири

41 Фарисейлер чогулганда, Ыйса алардан:

42 «Машайак жөнүндө кандай ойдосуңар, Ал кимдин Уулу?» – деп сурады. «Дөөттүн», – деп жооп беришти алар.

43 Ыйса аларга: «Дөөт Ыйык Рухтун жетеги менен Машайакты “Теңирим” деп айткандыгын кандай түшүнөсүңөр? Анткени Дөөт мындай дебеди беле:

44 “Теңир менин Теңириме мындай деди: "Мен Сенин душмандарыңды бут алдыңа жыкканга чейин, Менин оң жагыма отур"”.

45 Ошентип, эгерде Дөөт Аны “Теңир” деп атаган болсо, кантип Ал анын Уулу болсун?» – деди.

46 Ошондо эч ким жооп бере алган жок. Ошол күндөн тартып, эч ким Ага суроо берүүгө даабай калды.

23-БӨЛҮМ

Мыйзам окутуучулар менен фарисейлердин эки жүздүүлүгү

1 Андан кийин Ыйса элге жана Өз шакирттерине мындай деди:

2 «Мыйзам окутуучулар менен фарисейлер Муса пайгамбардын ордун басышты.

3 Ошондуктан алардын айткандарынын баарын аткаргыла, сактагыла. Бирок алардын кылганын кылбагыла, анткени алар айткандарын өздөрү аткарышпайт.

4 Көтөрө алгыс оор жүктөрдү таңып, адамдардын ийнине артып коюшат. Өздөрү болсо ага колунун учун тийгизип коюуну да каалашпайт.

5 Бардык иштерин элдин көзүнө көрүнүү үчүн жасашат. Чекелери менен колдоруна байлаган мыйзам жазылган кайыш кутучаларынын көлөмүн чоңойтушуп, кийимдерине таккан чачыларын узартышат.

6 Ошондой эле тойлордо төрдө отурууну, синагогаларда алдыңкы орундарда отурууну,

7 эл чогулган жайларда алик алууну жана адамдардын аларга “Устат! Устат!” деп кайрылып турганын жакшы көрүшөт.

8 Ал эми силер “Устат” деп аталбагыла, анткени силердин бир гана Устатыңар бар, Ал – Машайак, силер болсо бир туугансыңар.

9 Жер үстүндө эч кимди “Ата” дебегиле, анткени силердин бир гана Атаңар бар, Ал – асмандагы Атаңар.

10 “Жол башчы” деп да аталбагыла, анткени силердин бир гана Жол башчыңар бар, Ал – Машайак.

11 Араңарда ким чоң болсо, ал силерге кызматчы болсун.

12 Анткени ким өзүн көтөрсө, ал басынтылат; ким өзүн басынтса, ал көтөрүлөт.

Ыйсанын мыйзам окутуучулар менен фарисейлерди ашкерелеши

13 Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Асман Падышачылыгына адамдардын кирүүсүнө тоскоолдук кыласыңар. Өзүңөр кирбейсиңер, киргиси келгендерди да киргизбейсиңер.

14 Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Жесирлердин үй-жайын тонойсуңар, эки жүздүүлөнүп узакка сыйынасыңар. Ошого жараша алчу жазаңар да оор болот.

15 Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Ишенимиңерди бир адам болсо да кабыл алышы үчүн, жер-сууну айланып чыгасыңар. Кабыл алгандан кийин, аны өзүңөрдөн эки эсе ашып түшкөн оттуу көл уулуна айландырасыңар.

16 Сокур жол башчылар, силерге кайгы! Силер: “Ийбадаткананы оозанып ант берген эч нерсе эмес, ийбадаткананын алтынын оозанып ант берген адам антын аткарууга тийиш”, – дейсиңер.

17 Акылсыздар, сокурлар! Кайсынысы маанилүү, алтынбы же алтынды ыйык кылган ийбадатканабы?

18 “Курмандык чалынуучу жайды оозанып ант берген эч нерсе эмес, курмандыкты оозанып ант берген адам антын аткарууга тийиш”, – деп да айтасыңар.

19 Акылсыздар, сокурлар! Кайсынысы маанилүү, курмандыкпы же курмандыкты ыйык кылган курмандык чалынуучу жайбы?

20 Курмандык чалынуучу жайды оозанып ант берген адам курмандык чалынуучу жайды жана анын үстүндөгүнүн баарын оозанып ант берген болот.

21 Ийбадаткананы оозанып ант берген адам ийбадаткананы да, ийбадатканада жашаган Кудайды да оозанып ант берген болот.

22 Асманды оозанып ант берген адам Кудайдын тактысын жана тактыда отурган Кудайды оозанып ант берген болот.

23 Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, силерге кайгы! Эки жүздүүлөр! Силер жалбыздан, анистен жана зиреден ондук бергениңер менен, мыйзамдагы эң негизги нерселерди: акыйкаттыкты, ырайымдуулукту жана ишенимди таштап койдуңар. Тигини да кылыш керек, бирок муну калтырбаш керек эле!

24 Сокур жол башчылар! Чиркейди чыпкалап саласыңар, төөнү болсо жутуп коёсуңар!

25 Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Чөйчөгүңөр менен табагыңардын сыртын тазалайсыңар, бирок алардын ичи талап-тоноочулук менен адилетсиздикке толгон.

26 Сокур фарисей! Адегенде чөйчөгүң менен табагыңдын ичин тазала, ошондо алардын сырты да таза болот.

27 Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Силер сыртынан кооз көрүнгөн, бирок ичи өлүктөрдүн сөөктөрүнө жана ар кандай ыпылас нерселерге толгон, акталган мүрзөлөргө окшошсуңар.

28 Сыртыңардан адамдарга адил көрүнгөнүңөр менен, ичиңер эки жүздүүлүк менен мыйзамсыздыкка толгон.

29 Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Пайгамбарларга күмбөз тургузуп, адил адамдардын эстелигин жасалгалайсыңар.

30 “Ата-бабаларыбыздын заманында жашаган болсок, аларга окшоп пайгамбарлардын канын төкмөк эмеспиз”, – дейсиңер.

31 Пайгамбарларды өлтүргөндөрдүн уулдары экениңерди өзүңөр эле ушинтип күбөлөндүрүп жатпайсыңарбы.

32 Ата-бабаларыңардын кыянат иштерин чегине жеткиргиле.

33 Жыландар, жылан тукумдары! Оттуу көлдөн кантип качып кутуласыңар?

34 Ошон үчүн Мен силерге пайгамбарларды, даанышмандарды жана мыйзам окутуучуларды жиберип жатам. Силер болсо алардын кээ бирөөлөрүн өлтүрөсүңөр жана айкаш жыгачка кадайсыңар, кээ бирөөлөрүн синагогаларыңарда уруп-сабап, шаардан шаарга кууйсуңар.

35 Адилеттүү Абылдын канынан тартып, ийбадаткана менен курмандык чалынуучу жайдын ортосунда силер өлтүргөн Берехия уулу Захариянын канына чейинки адил адамдардын төгүлгөн каны силердин мойнуңарда!

36 Силерге чындыкты айтып коёюн, мунун баары ушул муундун башына келет.

Ыйсанын Иерусалим үчүн кайгыруусу

37 Иерусалим! Пайгамбарларды өлтүргөн, өзүңө жиберилгендерди таш бараңга алган Иерусалим! Канаттуу өз балапандарын канатынын астына чогулткандай, Мен да канча ирет сенин балдарыңды чогултууну кааладым, бирок сен каалаган жоксуң.

38 Мына, үйүң ээн калат!

39 Сага айтып коёюн, “Теңирдин атынан Келе Жатканга даңк!” деп айтканыңа чейин, Мени көрбөйсүң».

24-БӨЛҮМ

Ыйса Зайтун тоосунда

1 Ыйса ийбадатканадан чыгып кетип бара жатканда, ийбадаткананын имараттарын көрсөтүш үчүн, шакирттери жанына келишти.

2 Ыйса аларга: «Булардын баарын көрүп турасыңарбы? Силерге чындыкты айтып коёюн, бул жерде таш үстүндө таш калбайт, баары кыйратылат», – деди.

Теңирдин экинчи жолку келүүсү

3 Ыйса Зайтун тоосунда отурганда, шакирттери жанына келип: «Бизге айтып берчи, бул качан болот? Сенин келер убактыңды жана дүйнөнүн акыры келип калганын кандай белгилер аркылуу билсе болот?» – деп сурашты.

4 Ыйса аларга мындай деп жооп берди: «Силерди бирөө адаштырып кетпес үчүн, сак болгула.

5 Анткени: “Машайак Менмин”, – деп, Менин ысымымды жамынып көптөр келип, көп адамдарды адаштырышат.

6 Ошондой эле алыс жана жакын жерде болуп жаткан согуштар жөнүндө угасыңар. Бирок коркпогула! Анткени булардын баары болушу керек, бирок бул дүйнөнүн акыры эмес!

7 Бир элге бир эл, бир падышачылыкка бир падышачылык каршы көтөрүлөт. Жер-жерлерде ачарчылык, жугуштуу оорулар жана жер титирөөлөр болот.

8 Булардын баары кыйынчылыктардын башталышы гана.

9 Ошондо силерди кыйнашат, өлтүрүшөт. Менин ысымым үчүн бардык элдерге жек көрүндү болосуңар.

10 Ошондо көптөр азгырылышат, бири-бирине чыккынчылык кылышат, бири-бирин жек көрүшөт.

11 Көптөгөн жалган пайгамбарлар чыгып, көптөрдү адаштырат.

12 Тартипсиздиктин көбөйүү себебинен көбүндө сүйүүнүн ысыгы кайтат.

13 Акырына чейин чыдаган адам куткарылат.

14 Асман Падышачылыгы жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат, ошондон кийин дүйнөнүн акыры келет.

Келе турган улуу кайгы

15 Окуган адам түшүнүп алсын: ошентип, Даниел пайгамбар аркылуу айтылган кыйратуучу жийиркенич ыйык жайда турганын көргөнүңөрдө,

16 Жүйүт аймагындагылар тоолорго качып кетишсин.

17 Ким үйдүн үстүндө болсо, ал үйүнөн бир нерсе алуу үчүн түшпөсүн.

18 Ким талаада болсо, ал кийимдерин алуу үчүн, артка кайтпасын.

19 Ошол күндөрү кош бойлуу жана эмчекте баласы бар аялдарга кыйын болот.

20 Качууңар кышка же ишемби күнүнө туура келип калбас үчүн, сыйынгыла.

21 Анткени ошондо жер жаралгандан тартып, азыркыга чейин болбогон жана андан кийин да болбой турган чоң алаамат болот.

22 Эгерде ал күндөр кыскартылбаса, эч бир адам куткарылмак эмес. Ал күндөр тандалгандар үчүн гана кыскартылат.

23 Эгерде ошондо кимдир бирөө силерге: “Машайак мына, бул жерде” же “Тигине, тигил жерде”, – десе, ишенбегиле.

24 Анткени жалган машайактар, жалган пайгамбарлар чыгат. Мүмкүн болсо тандалгандарды да адаштыруу үчүн, чоң жышаандарды жана ажайыптарды көрсөтүшөт.

25 Мына, Мен силерге алдын ала айттым.

26 Ошондуктан, эгерде силерге: “Мына, Ал ээн талаада”, – дешсе, чыкпагыла; “Мына, Ал ички бөлмөдө”, – дешсе, ишенбегиле.

Ыйса Теңирдин даңк менен келүүсү

27 Анткени Адам Уулу чыгыштан батышка чейин жарк этип көрүнгөн чагылган сыяктуу келет.

28 Өлүк кайсы жерде болсо, жору-кузгун ошол жерге чогулат.

29 Ошол күндөрдөгү алааматтан кийин күн караңгылап, ай өз жарыгын бербей калат. Асмандан жылдыздар түшүп, асман күчтөрү кыймылдайт.

30 Ошондо асмандан Адам Уулунун жышааны көрүнөт. Жер үстүндөгү бардык элдер боздошот жана Адам Уулунун асмандагы булуттар үстүндө улуу күч жана даңк менен келе жатканын көрүшөт.

31 Ал чоң сурнай тарткан периштелерин жиберет, алар Кудай тандап алган адамдарды төгөрөктүн төрт бурчунан чогултушат.

Анжыр дарагына салыштыруу

32 Анжыр дарагынан сабак алгыла: анын бутактары көөп, бүчүр байлап калганда, жай келерине аз калганын билесиңер.

33 Ошол сыяктуу эле силер да мунун баарын көргөнүңөрдө, аз убакыт калганын, босогодо турганын билсеңер болот.

34 Силерге чындыкты айтып коёюн, мунун баары болмоюнча, бул муун жок болуп кетпейт.

35 Асман менен жер жок болуп кетет, Менин сөздөрүм болсо жок болбойт.

36 Ал күн жана саат жөнүндө Атамдан башка эч ким билбейт, асмандагы периштелер да билбейт.

37 Адам Уулу келген убакта Нухтун убагындагыдай болот.

38 Топон сууга чейин, Нух кемеге кирген күнгө чейин, адамдар ичип-жешкен, аял алышкан, күйөөгө тийишкен.

39 Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин ойлонушкан эмес. Адам Уулу келгенде да ошондой болот.

40 Ошондо талаада жүргөн эки кишинин бири алынат, бири калтырылат.

41 Жаргылчак тартып отурган эки аялдын бири алынат, бири калтырылат.

Ыйсанын экинчи жолку келүүсүн күтүү жөнүндө

42 Ошондуктан сергек болгула, анткени Теңириңердин кайсы убакта келерин билбейсиңер.

43 Ууру түндүн кайсы убагында келерин үй ээси билсе, сак болуп, ууруга үйүнүн түбүн каздыртмак эместигин билесиңер.

44 Ошондуктан силер да даяр болгула. Анткени Адам Уулу силер күтпөгөн убакта келет.

45 Кулдардын тамагын өз убагында берип турсун деп, кожоюн дайындаган ишенимдүү жана акылдуу кул ким?

46 Кожоюну кайтып келгенде, иштеп жаткан кул бактылуу.

47 Силерге чындыкты айтып коёюн, кожоюн өзүнүн бүт мал-мүлкүн ал кулга ишенип тапшырат.

48 Кулу жаман чыгып, “Кожоюнум жакында келбейт”, – деп ойлоп,

49 жолдошторун уруп-сабап, шарапкорлор менен ичип-жей баштаса,

50 кулдун кожоюну ал күтпөгөн күнү, ал ойлобогон убакта келет да,

51 аны бөлө чаап, эки жүздүүлөргө тиешелүү жаза менен жазалайт. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот.

25-БӨЛҮМ

Он кыз жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

1 Ошондо Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырса болот: он кыз колдоруна чырактарын алып, күйөөнү утурлап чыгышат.

2 Алардын бешөө акылдуу, бешөө акылсыз эле.

3 Акылсыздары чырактарын ала чыгышканы менен, майын албай чыгышат.

4 Акылдуулары болсо чырактары менен кошо идиштерине май да ала чыгышат.

5-6 Күйөө кечиккенинен улам, баары үргүлөп, уктап калышат. Бирок түн ортосунда “Күйөө келе жатат, аны тосуп чыккыла” деген кыйкырык чыгат.

7 Ошондо кыздар тура калып, чырактарын оңдошот.

8 Акылсыздары акылдууларга: “Чырактарыбыз өчүп баратат, бизге майыңардан кайрылышкылачы”, – дешет.

9 Акылдуулар: “Бизге да, силерге да жетпей калбашы үчүн, сатуучуларга барып, сатып алгыла”, – дешет.

10 Алар май сатып алганы кеткенде, күйөө келип калат. Даяр турган кыздар аны менен бирге үйлөнүү тоюна киришет, алардын артынан эшиктер жабылат.

11 Андан кийин берки кыздар келип: “Кожоюн! Кожоюн! Эшикти ач!” – дешет.

12 Ал: “Силерге чындыкты айтып коёюн, Мен силерди тааныбайм”, – деп жооп берет.

13 Ошондуктан сергек болгула, себеби Адам Уулунун келер күнүн да, саатын да билбейсиңер.

Таланттар жөнүндө үлгү-насаат аңгеме

14 Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырса болот: бир адам бөтөн жерге кетип жатып, кулдарын чакырып, аларга акча-каражатын тапшырат:

15 ар бирөөнүн алына жараша: бирине беш, бирине эки, бирине бир талант берип, жолго чыгат.

16 Беш талант алганы дароо барып, акчаны айландырып, беш талант пайда табат.

17 Эки талант алганы да эки талант пайда табат.

18 Бир талант алганы болсо барат да, кожоюнунун акчасын жерге көөмп коёт.

19 Арадан көп убакыт өткөндөн кийин, кожоюн келип, кулдардан эсеп-кысап талап кылат.

20 Беш талант алганы дагы беш талант алып келип: “Кожоюн! Сен мага беш талант бердиң эле, мына, беш талант пайда таптым”, – дейт.

21 Кожоюну ага: “Жарайсың, ишенимдүү, жакшы кул! Кичинекей иште ишенимдүүлүк көрсөттүң, сени чоң ишке коём. Кожоюнуңдун кубанычына ортоктош бол”, – дейт.

22 Эки талант алганы да келип: “Кожоюн! Сен мага эки талант бердиң эле, мына, эки талант пайда таптым”, – дейт.

23 Кожоюну ага: “Жарайсың, ишенимдүү, жакшы кул! Кичинекей иште ишенимдүүлүк көрсөттүң, сени чоң ишке коём. Кожоюнуңдун кубанычына ортоктош бол”, – дейт.

24 Бир талант алганы келип: “Кожоюн! Сенин экпеген жерден оруп, сеппеген жерден жыйнаган ырайымсыз адам экениңди билгем.

25 Коркконумдан, берген талантыңды жерге көөмп койгом. Мына, бергениңди ал!” – дейт.

26 Кожоюну ага мындай деп жооп берет: “Жаман, жалкоо кул! Экпеген жерден оруп, сеппеген жерден жыйнаган адам экенимди билесиң.

27 Ошон үчүн менин күмүшүмдү пайызга берип коюшуң керек эле. Мен келип, кирешеси менен алат элем.

28 Мунун колунан талантты алгыла да, он таланты бар кулга бергиле.

29 Анткени кимде бар болсо, ага дагы берилет, аныкы мол болот. Ал эми кимде жок болсо, андан колунда болгон нерсеси да тартылып алынат.

30 Бул пайдасыз кулду сырттагы караңгылыкка ыргытып жибергиле. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот”». Ыйса муну айткандан кийин: «Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун», – деди.

Ыйса Теңирдин сот жүргүзүүсү

31 Адам Уулу Өз атак-даңкы менен, Өзүнүн бардык периштелери менен келгенде, Өзүнүн даңктуу тактысына отурат.

32 Бардык эл Анын алдына чогулат. Койчу койлорду эчкилерден бөлүп алгандай эле, Ал адамдарды экиге бөлөт.

33 Койлорду Өзүнүн оң жагына, эчкилерди сол жагына коёт.

34 Анан Падыша Өзүнүн оң жагында тургандарга мындай дейт: “Атамдын батасын алгандар, келгиле. Дүйнө жарала электе эле силер үчүн даярдалган Падышачылыкты мураска алгыла.

35 Анткени Мен ачка болгондо, тамак, суусаганда, суу бердиңер. Жолоочу болгонумда, силер Мени кабыл алдыңар.

36 Жылаңач болгонумда, силер Мени кийинттиңер. Ооруганымда, силер Мага келдиңер. Түрмөдө отурганымда, силер Мага келдиңер”.

37 Ошондо адил адамдар Ага мындай деп жооп беришет: “Теңир! Качан биз Сенин ачка болгонуңду көрүп, тамак бердик эле? Качан биз Сенин суусаганыңды көрүп, суу бердик эле?

38 Качан биз Сенин жолоочу болгонуңду көрүп, кабыл алдык эле? Качан биз Сенин жылаңач болгонуңду көрүп, кийинттик эле?

39 Качан биз Сенин ооруп жатканыңды же түрмөдө отурганыңды көрүп, Сага келдик эле?”

40 Падыша аларга мындай деп жооп берет: “Силерге чындыкты айтып коёюн, Менин бул кичине бир туугандарымдын бирине жакшылык кылганыңар, Мага кылганыңар”.

41 Анан сол жагындагыларга мындай дейт: “Каргышка калгандар, Менин жанымдан кеткиле! Шайтан менен анын жиндери үчүн даярдалган түбөлүк отко түшкүлө.

42 Анткени Мен ачка болгондо, силер Мага тамак берген эмессиңер. Суусаганымда, суу берген эмессиңер.

43 Жолоочу болгонумда, силер Мени кабыл алган эмессиңер. Жылаңач болгонумда, кийинткен эмессиңер. Ооруганымда, түрмөдө отурганымда, силер Мага келген эмессиңер”.

44 Ошондо алар Андан: “Теңир! Сенин ачка болгонуңду, суусаганыңды, ооруганыңды, түрмөдө отурганыңды биз качан көрдүк эле, качан Сага кызмат кылбай койдук эле?” – деп сурашат.

45 Ал болсо аларга мындай деп жооп берет: “Силерге чындыкты айтып коёюн, Менин бул кичине бир туугандарымдын бирине жакшылык кылбаганыңар, Мага кылбаганыңар”.

46 Булар түбөлүккө азап чегишет, адил адамдар болсо түбөлүк өмүргө ээ болушат».

26-БӨЛҮМ

Ыйсаны өлтүрүү жөнүндө чыгарылган чечим

1 Бул сөздөрдү айткандан кийин, Ыйса шакирттерине мындай деди:

2 «Эки күндөн кийин Пасах майрамы болорун билесиңер. Адам Уулун айкаш жыгачка кадаш үчүн, адамдардын колуна салып беришет».

3 Ошол убакта башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдар Кайапа деген башкы ыйык кызматчынын үйүнө чогулуп,

4 Ыйсаны амалкөйлүк менен колго түшүрүп, өлтүрүү жөнүндө кеңешишти.

5 Бирок алар: «Эл козголоң чыгарбашы үчүн, муну майрам күндөрү ишке ашырууга болбойт», – дешти.

Мариям Ыйсанын башына жыпар жыттуу майды куят

6 Ыйса Бетаниядагы пес оорулуу Шымондун үйүндө эле.

7 Бир аял айнек идишке кымбат баалуу жыпар жыттуу май алып келип, дасторкондо отурган Ыйсанын башына куйду.

8 Шакирттери муну көргөндө: «Мындай ысырапчылыктын эмне кереги бар.

9 Муну кымбат баада сатып, акчасын жакырларга таратып берсе болот эле да», – деп, нааразы болушту.

10 Ыйса муну билип, аларга мындай деди: «Эмнеге аялды оңтойсуздандырып жатасыңар? Ал Мен үчүн жакшы иш кылды.

11 Анткени Мен силер менен дайыма эле боло бербейм, жардылар болсо дайыма жаныңарда болот.

12 Жыпар жыттуу майды денеме куюу менен, ал Мени көргө коюуга даярдады.

13 Силерге чындыкты айтып коёюн, бул Жакшы Кабар дүйнөнүн кайсы гана жеринде таратылбасын, бул аял эске алынып, анын кылганы жөнүндө да айтылат».

Жүйүт Искариоттун Ыйсага чыккынчылык кылышы

14 Ошондо он эки шакирттин бири Жүйүт Искариот башкы ыйык кызмат кылуучуларга барып:

15 «Аны колуңарга салып берсем, мага эмне бересиңер?» – деди. Алар ага отуз күмүш тыйын сунуш кылышты.

16 Ошол убакыттан тартып, Жүйүт Ыйсаны алардын колуна салып берүү үчүн, ыңгайлуу учурду күтүп жүрдү.

Пасах тамагын даярдоо

17 Ачыткысыз нан майрамынын биринчи күнү шакирттер Ыйсанын жанына келип: «Пасах тамагын Сага кайсы жерге даярдап берүүбүздү каалайсың?» – деп сурашты.

18 Ыйса аларга мындай деди: «Шаардагы баланчаныкына баргыла да: “Устат мындай дейт дегиле: "Менин убактым келип калды. Шакирттерим менен чогуу сеникинде Пасах майрамын өткөрөм"”».

19 Шакирттер Ыйса буйругандай кылып, Пасах тамагын даярдашты.

Акыркы Кечки Тамак

20 Кеч киргенде, Ыйса он эки шакирти менен дасторконго отурду.

21 Тамак ичип отурушканда, Ыйса аларга: «Силерге чындыкты айтып коёюн, араңардан бирөө Мага чыккынчылык кылат», – деди.

22 Буга аябай капа болгон алардын ар бири: «Мен эмесминби, Теңир?» – деп сурай баштады.

23 Ыйса аларга: «Мени менен бирге табакка колун салган адам Мага чыккынчылык кылат, – деп жооп берди.

24 Дегинкиси, Адам Уулу жөнүндө Ыйык Жазууда кандай жазылса, ошондой болуп жатат. Бирок Адам Уулуна чыккынчылык кылган адамга кайгы. Ал адам төрөлбөй эле койсо жакшы болмок».

25 Ошондо чыккынчылык кылган Жүйүт да: «Мен эмесминби, Устат?» – деп сурады. Ыйса ага: «Өзүң айтып жатасың», – деди.

Теңир осуят кылган Кечки Тамак

26 Тамак ичип отурушканда, Ыйса нан алып, Кудайга ыраазычылык билдирди. Андан кийин нанды сындырып, шакирттерине берип жатып: «Алгыла, жегиле. Бул Менин Денем», – деди.

27 Анан чөйчөктү алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аны шакирттерине узатып жатып, мындай деди: «Баарыңар мындан ичкиле.

28 Анткени бул – көптөрдүн күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн төгүлүп, жаңы келишимди беките турган Менин каным.

29 Силерге айтып коёюн, Атамдын Падышачылыгында силер менен жаңы шарап ичер күн келгенге чейин, Мен мындан ары жүзүм ширесинен ичпейм».

Ыйсанын Петирдин баш тартарын алдын ала айтышы

30 Кудайды даңктап ырдашкандан кийин, алар Зайтун тоосуна жөнөштү.

31 Ошондо Ыйса шакирттерине мындай деди: «Ушул түнү баарыңар Менден шектенесиңер. Анткени Ыйык Жазууда: “Койчуну жок кылам, ошондо койлор туш-тушка чачырап кетет”, – деп жазылган.

32 Бирок Мен тирилгенден кийин, силерди Галилеядан тосуп алам».

33 Петир Ага: «Баары Сенден шектенишсе да, Мен эч качан шектенбейм», – деди.

34 Ыйса ага мындай деди: «Сага чындыкты айтып коёюн, ушул түнү, короз кыйкырганга чейин, сен Менден үч ирет баш тартасың».

35 Петир Ага: «Сени менен бирге өлүшүм керек болсо да, мен Сенден баш тартпайм», – деди. Ушундай сөздөрдү башка шакирттер да айтышты.

Ыйса Гетсемани багында

36 Анан Ыйса шакирттери менен Гетсемани деген жерге келип, аларга: «Мен тигил жакка барып сыйынып келгиче, ушул жерде отура тургула», – деди.

37 Ал Петир менен Зебедейдин эки уулун жанына ээрчитип алды. Анын көңүлү чөгүп, жаны кейип турду.

38 Ыйса аларга: «Жаным аябай кыйналып турат. Бул жерде калып, Мени менен бирге сергек болгула», – деди.

Биринчи сыйынуу

39 Анан Ал бир аз нарыраак барып, жүзтөмөндөп жыгылып, сыйына баштады: «Ата! Мүмкүн болсо, ушул чөйчөк Менин жанымдан кыя өтүп кетсинчи. Бирок Мен каалагандай эмес, Сен каалагандай болсун».

40 Кайтып келип, шакирттеринин уктап жатканын көрдү да, Петирге мындай деди: «Жада калса, бир саат Мени менен бирге сергек болуп тура албадыңарбы?

41 Азгырылып кетпеш үчүн, сергек болгула жана сыйынгыла, анткени рух сергек, дене алсыз».

Экинчи сыйынуу

42 Анан четке чыгып, дагы сыйынды: «Ата! Бул чөйчөктүн Менден кыя өтүп кетиши мүмкүн эмес болсо, эгерде Мен андан ичишим керек болсо, анда Сен каалагандай болсун».

43 Кайтып келип, алардын кайра уктап калганын көрдү, анткени аларды уйку басып жаткан эле.

Үчүнчү сыйынуу

44 Нарыраак барып, ошол эле сөздөрдү айтып, үчүнчү ирет сыйынды.

45 Анан шакирттеринин жанына келип, мындай деди: «Силер дагы эле уктап, эс алып жатасыңарбы? Мына, убакыт келип калды, Адам Уулун күнөөкөрлөрдүн колуна салып беришет.

46 Тургула, кетели. Мына, Мага чыккынчылык кыла турган адам жакын келип калды».

Жүйүттүн Ыйсаны кармап бериши

47 Ал сөзүн айтып бүткүчө, он эки шакирттин бири Жүйүт келип калды. Анын жанында башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдар жиберген, кылыч, союл көтөргөн бир топ адам бар эле.

48 Ыйсага чыккынчылык кылуучу болсо: «Мен кимди өпсөм, Ал – Ошол. Ошону кармагыла», – деди да,

49 ошол замат Ыйсанын жанына келип: «Салам, Устат!» – деп, Аны өптү.

50 Ыйса болсо ага: «Досум, эмне үчүн келдиң?» – деди. Ошондо жиберилген адамдар жакын келип, Аны кармап алышты.

51 Ыйсанын жанында жүргөндөрдүн бири кылычын сууруп алып, башкы ыйык кызмат кылуучунун кулунун кулагын шылый чапты.

52 Ошондо Ыйса ага мындай деди: «Кылычыңды кынына сал. Кылыч көтөргөндүн баары кылычтан өлөт.

53 Же, эмне, Атамдан азыр жардам сурап ала албайт деп ойлойсуңбу? Ал Мага он эки түмөндөн көп периштени жиберер.

54 Ушундай болуш керек экендигин билдирген Ыйык Жазуулар анда кантип аткарылмак?»

55 Анан элге кайрылып: «Каракчыны кармачудай болуп, Мени кармаш үчүн, кылыч, союл алып чыктыңарбы? Күн сайын ийбадатканада элди окутуп, силер менен отурганымда, Мени кармаган жок элеңер.

56 Пайгамбарчылыктардын аткарылышы үчүн ушундай болду», – деди. Ошондо шакирттери Аны таштап, качып кетишти.

Ыйса Кайапанын жана аксакалдардын алдында

57 Ыйсаны туткундагандар Аны башкы ыйык кызмат кылуучу Кайапанын алдына алып барышты. Ал жерге башкы ыйык кызмат кылуучулар, аксакалдар чогулушкан эле.

58 Петир Аны алыстан ээрчип, башкы ыйык кызмат кылуучунун короосуна чейин келди. Аягы эмне менен бүтөр экен деп, ичкери кирип, сакчылардын жанына отурду.

59 Ыйсаны өлүм жазасына тартуу үчүн, башкы ыйык кызмат кылуучулар жана синедриондогулардын баары жалган күбөлөндүрүү издешти.

60 Жалаа жабуучулар көп келгени менен, Ыйсага айып коё алышкан жок. Акырында эки адам келип, мындай деди:

61 «Бул Адам: “Мен Кудайдын ийбадатканасын бузуп, аны кайра үч күндүн ичинде тургуза алам”, – деп айткан».

62 Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу ордунан туруп: «Эмне жооп бербейсиң? Булардын Сага каршы айткан айыптоолоруна эмне дейсиң?» – деди.

63 Ыйса үндөгөн жок. Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу Ага: «Тирүү Кудайдын алдында айт, Теңирдин Уулу Машайак Сенсиңби?» – деди.

64 Ыйса Ага: «Өзүң айтып турасың. Бирок Мен айтып коёюн, Адам Уулунун кудуреттүү Кудайдын оң жагында отурганын жана асмандагы булут үстүндө келе жатканын көрөсүңөр», – деди.

65 Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу өзүнүн кийимин айрып жиберип, мындай деди: «Бул Кудайга акарат келтирип жатат! Бизге дагы кандай күбөлөр керек? Мына, Анын Кудайга акарат келтиргенин азыр өзүңөр уктуңар!

66 Буга эмне дейсиңер?» Алар: «Өлүм жазасына татыктуу», – деп жооп беришти.

67 Ошондо Анын бетине түкүрүштү, сабашты. Кээ бирөөлөр жаакка чаап:

68 «Кана, пайгамбарчылык кылчы, Машайак, Сени ким урду?» – дешти.

Петирдин Ыйсаны танып кетиши

69 Сыртта, короодо отурган Петирдин жанына бир күң келип: «Сен да галилеялык Ыйса менен чогуу жүрбөдүң беле», – деди.

70 Бирок Петир баарынын алдында: «Сенин эмнени айтып жатканыңды билбейм», – деп танып койду.

71 Дарбазадан чыкканда, аны башка бир күң көрүп, ошол жерде тургандарга: «Бул да назареттик Ыйса менен чогуу жүргөн болчу», – деди.

72 Петир карганып: «Ал Адамды тааныбайм», – деп, дагы танып койду.

73 Бир аз убакыттан кийин, ошол жерде тургандар Петирге келип: «Чын эле, сен да ошолордон экенсиң. Сүйлөгөнүңөн эле билинип турат», – дешти.

74 Петир ого бетер карганып: «Ал Адамды тааныбайм», – деди. Ошол маалда короз кыйкырды.

75 Ыйсанын «Короз кыйкырганга чейин, сен Менден үч жолу баш тартасың» деген сөзү Петирдин эсине түштү. Ошондо ал сыртка чыгып, өксөп ыйлады.

27-БӨЛҮМ

Ыйса Пилаттын алдында

1 Эртең менен бардык башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдар чогулуп, Ыйсаны өлүм жазасына тартуу үчүн, кеңешме өткөрүштү.

2 Алар Аны байлап алып, башкаруучу Понтий Пилатка алып барышты.

Жүйүттүн өлүмү

3 Ыйсага чыккынчылык кылган Жүйүт Анын айыпталганын көргөндө өкүнүп, отуз күмүш тыйынды башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдарга кайта алып келди да:

4 «Күнөөсүз кандын төгүлүшүнө себепкер болуп, күнөө кетирдим», – деди. Алар: «Биздин ишибиз эмне! Өзүң бил», – деп коюшту.

5 Жүйүт күмүш тыйындарды ийбадатканага ыргытып жиберип, ал жерден чыкты да, барып, асынып өлдү.

6 Башкы ыйык кызмат кылуучулар тыйындарды жыйнап алып: «Бул – кандын наркы. Муну ийбадаткананын казынасына салууга болбойт», – дешти.

7 Өз ара акылдашышты да, бөтөн жерликтердин сөөгүн коюу үчүн, ал тыйынга карапачынын жерин сатып алышты.

8 Ошондон улам ал жер бүгүнкү күнгө чейин «Кандуу талаа» деп аталат.

9 Ошондо Жеремия пайгамбардын «Алар ысрайылдыктардын Аны баалаган баасын – отуз күмүш тыйынды алып,

10 Теңир мага айткандай, карапачынын жерин сатып алышты» деп айткан сөзү аткарылды.

Пилаттын Ыйсаны суракка алышы

11 Ыйса башкаруучунун алдында турду. Пилат Андан: «Сен жүйүттөрдүн Падышасысыңбы?» – деп сурады. «Өзүң айтып турасың», – деди Ыйса.

12 Айыптап жаткан башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдарга Ыйса такыр жооп берген жок.

13 Ошондо Пилат Ага мындай деди: «Сага каршы кандай күбөлөндүрүүлөрдү айтып жатышканын угуп жатасыңбы?»

14 Бирок Ыйса анын бир да сөзүнө жооп берген жок. Пилат буга аябай таң калды.

“Ыйсаныбы же Бараббаныбы?”

15 Пасах майрамы сайын эл каалаган бир туткунду боштондукка чыгарууну башкаруучу адат кылып алган эле.

16 Ошол учурда түрмөдө Барабба деген, атагы чыккан бир туткун бар болчу.

17 Баары чогулганда, Пилат мындай деди: «Кимди бошотушумду каалайсыңар, Бараббаныбы же Машайак аталган Ыйсаныбы?»

18 Анткени Аны көрө албастыктан улам кармап беришкенин Пилат билчү.

19 Пилат сот тагында отурганда, аялынан «Ал адил Адамга тие көрбө, анткени мен түндө түшүмдө Ал үчүн аябай кыйналып чыктым» деген кабар келди.

20 Ошол учурда башкы ыйык кызмат кылуучулар менен аксакалдар: «Бараббаны сурагыла, Ыйса өлүм жазасына тартылсын», – деп, элди көндүрүп жатышты.

21 Пилат алардан: «Экөөнүн кимисин бошотуп берүүмдү каалайсыңар?» – деп сурады. «Бараббаны», – дешти алар.

22 «Анда Машайак аталган Ыйсаны эмне кылайын?» деген Пилатка баары бир ооздон: «Ал айкаш жыгачка кадалсын!» – деп жооп беришти.

23 Башкаруучу: «Ал кандай жаман иш кылды эле?» – десе, алар: «Кадалсын!» – деп, ого бетер катуу кыйкырышты.

24 Эч нерсе жардам бербестигин, тескерисинче, ызы-чуу күчөп баратканын көргөн Пилат суу алып, элдин алдында колун жууду да, мындай деди: «Бул адил Адамдын каны үчүн Мен күнөөлүү эмесмин. Өзүңөр билгиле».

25 Элдин баары: «Анын каны биздин жана биздин балдарыбыздын мойнунда болсун», – деп жооп беришти.

26 Ошондо Пилат аларга Бараббаны бошотуп берди. Ыйсаны болсо камчы менен сабаткандан кийин, айкаш жыгачка кадатуу үчүн, аскерлердин колуна тапшырды.

Ыйсанын кордолушу

27 Башкаруучунун аскерлери Ыйсаны падыша сарайына алып келишти да, бүт аскер бөлүгүн Анын тегерегине чогултушту.

28 Ыйсанын кийимин чечип алып, падышалар кийүүчү кочкул кызыл чапан кийгизишти.

29 Тикенектен таажы өрүп, башына кийгизип, оң колуна таяк карматышты да, алдына тизе бүгүп: «Салам, жүйүттөрдүн Падышасы!» – деп келекелешти.

30 Ага түкүрүштү, чыбык менен башка чапкылашты.

31 Келекелешкенден кийин, Андан падышалар кийүүчү кочкул кызыл чапанды чечип алып, Өз кийимин кийгизишти. Анан Аны айкаш жыгачка кадоо үчүн алып жөнөштү.

32 Жолдо алар киренеялык Шымон деген адамды учуратып, Ыйсанын айкаш жыгачын мажбурлап көтөртүп коюшту.

Ыйсанын айкаш жыгачка кадалышы

33 Ошентип, алар Голгофа деген жерге келишти. Эврей тилиндеги бул сөз «Баш сөөгү» деп которулат.

34 Ага өт кошулган шарап беришти. Ал анын даамын татып көрүп, ичпей койду.

Мыйзамдын Машайак аркылуу аткарылышы

35 Аны айкаш жыгачка кадап коюшкандан кийин, кийимдери үчүн өкчөмө таш ыргытып, өз ара бөлүп алышты.

36 Андан кийин ошол жерге отуруп, Аны күзөтүштү.

37 Баш жагына «Бул – жүйүттөрдүн Падышасы Ыйса» деп жазылган, Анын айыбын көрсөткөн тактайчаны илип коюшту.

38 Ыйсанын жанына эки кылмышкер да айкаш жыгачка кадалды: бири Анын оң жагына, бири сол жагына.

39 Ал жерден өтүп бара жаткандар баштарын чайкап:

40 «Ии, ийбадаткананы бузуп, үч күндө Тургузуучу! Эгерде Кудайдын Уулу болсоң, куткар Өзүңдү! Түш айкаш жыгачтан!» – деп, тилдеп жатышты.

41 Башкы ыйык кызмат кылуучулар да мыйзам окутуучулар жана аксакалдар менен бирге Аны мындай деп шылдыңдашты:

42 «Башкаларды куткарды, Өзүн болсо куткара албайт! Эгерде Ал Ысрайылдын Падышасы болсо, айкаш жыгачтан түшсүн, ошондо биз Ага ишенели.

43 Ал Кудайдан үмүттөнчү эмес беле. Эгерде Ал Кудайга жакса, Кудай Аны куткарып алсын. Анткени Ал: “Кудайдын Уулумун”, – дебеди беле».

44 Анын жанындагы айкаш жыгачтарга кадалган кылмышкерлер да Аны тилдеп жатышты.

Ыйсанын өлүмү

45 Алтынчы сааттан тогузунчу саатка чейин бүт жерди караңгылык басып турду.

46 Тогузунчу саат чамасында Ыйса: «Эли, Эли, лама шабактани?» – деп, катуу кыйкырды. Бул «Кудайым ай, Кудайым ай! Мени эмнеге жалгыз калтырдың?» деп которулат.

47 Ал жерде тургандардын кээ бирөөлөрү муну укканда: «Ал Илиясты чакырып жатат», – дешти.

48 Алардын бири дароо жүгүрүп барып, соргуч алып келди. Аны ачуу ичимдикке малып, таяктын учуна илип, Ыйсанын оозуна жакындатты.

49 Кээ бирөөлөр болсо: «Коё тур, Илияс келип, Аны куткарар бекен, көрөлү», – деп жатышты.

50 Ыйса дагы бир ирет үнүн катуу чыгарып, жан берди.

51 Ошол учурда ийбадаткананын көшөгөсү жогорудан ылдый айрылып, экиге бөлүнүп калды. Жер титиреп, аскалар жарылды.

52 Мүрзөлөр ачылып, ыйык маркумдар тирилишти.

53 Алар мүрзөлөрүнөн чыгып, Ыйса тирилгенден кийин, ыйык шаарга кирип, көп адамдарга көрүнүштү.

54 Жүз башы менен бирге Ыйсаны күзөткөн аскерлер жер титирөөнү, болуп жаткан окуяларды көрүшкөндө, үрөйлөрү учуп: «Бул чын эле Кудайдын Уулу болчу», – дешти.

55 Ал жерде Галилеядан бери Ыйсага кызмат кылып ээрчип келген аялдар да бар эле. Алар алыстан карап турушту.

56 Алардын арасында магдалалык Мариям, Жакып менен Жусуптун энеси Мариям жана Зебедей уулдарынын энеси бар болчу.

Ыйсаны көргө коюу

57 Кеч киргенде, ариматаялык Жусуп деген бир бай адам келди. Ал да Ыйсанын шакирттеринен эле.

58 Ал Пилатка келип, Ыйсанын сөөгүн сурады. Пилат сөөктү берүүнү буйруду.

59 Жусуп сөөктү алып, таза болотнай менен кепиндеди.

60 Анан ал аны асканын бооруна оюлган өзүнүн жаңы мүрзөсүнө алып барып койду. Мүрзөнүн оозун бир чоң ташты тоголотуп келип жапты да, кетип калды.

61 Магдалалык Мариям менен дагы бир Мариям ошол жерде, мүрзөнүн маңдайында отурушкан.

Мүрзөнү кайтаруу

62 Эртеси, ишемби күнү башкы ыйык кызмат кылуучулар менен фарисейлер Пилаттын алдына чогулуп, мындай дешти:

63 «Мырза! Жанагы алдамчынын тирүү кезинде: “Үч күндөн кийин тирилем”, – дегени эсибизге түшүп жатат.

64 Ошондуктан мүрзөнү үч күн кайтарууга буйрук бер. Шакирттери түн жамынып келип, сөөгүн уурдап кетип, элге: “Ал өлүп, кайра тирилди”, – деп айтышпасын. Ошондо бул акыркы калп мурункудан да жаман болот».

65 Пилат аларга: «Сакчыларды алгыла да, барып, каалаганыңардай кайтарып алгыла», – деп койду.

66 Алар барып, ташка мөөр басышты да, мүрзөнүн жанына сакчыларды коюшту.

28-БӨЛҮМ

Ыйса Машайактын тирилүүсү жана ошол күнкү окуялар

1 Ишемби күнү өткөндөн кийин, жуманын биринчи күнү таң заардан магдалалык Мариям менен башка Мариям мүрзөнү көргөнү келишти.

2 Ошол учурда катуу жер титирөө болду, анткени Теңирдин бир периштеси асмандан түшүп келди. Ал мүрзөнүн оозундагы ташты жылдырып, таштын үстүнө отурду.

3 Анын көрүнүшү чагылгандын жарыгындай, кийими кардай аппак эле.

4 Күзөттө тургандардын үрөйү учуп, сенейип катып калышты.

5 Периште болсо аялдарга мындай деп кайрылды: «Коркпогула! Айкаш жыгачка кадалган Ыйсаны издеп жүргөнүңөрдү билем.

6 Ал бул жерде жок. Өзү айткандай, Ал тирилди. Келип, Анын жаткан жерин карап көргүлө.

7 Анан тезирээк барып, Анын шакирттерине: “Ал өлүп, кайра тирилди! Ал силерди Галилеядан тосуп алат, Аны ошол жерден көрөсүңөр”, – деп айткыла. Силерге айтарым ушу».

8 Аялдар мүрзөдөн шашкан бойдон чыгышты да, ары коркуп, ары аябай кубанып, шакирттерге кабарлаганы чуркап жөнөштү.

9 Шакирттерге кабарлаганы бара жатышканда, Ыйса алардын алдынан чыгып: «Салам!» – деди. Алар жакын келип, Ыйсанын бутун кучактай жыгылып, Ага таазим кылышты.

10 Ошондо Ыйса аларга: «Коркпогула. Барып, Менин бир туугандарыма кабар бергиле. Галилеяга барышсын, алар Мени ошол жерден көрүшөт», – деди.

Мүрзө күзөтчүлөрүн акчага сатып алуу

11 Аялдар жолдо бара жатышканда, кээ бир сакчылар шаарга келип, болуп өткөн окуянын баарын башкы ыйык кызмат кылуучуларга айтып беришти.

12 Башкы ыйык кызмат кылуучулар аксакалдар менен кеңешип, аскерлерге көп акча беришти да,

13 мындай дешти: «Силер: “Биз уктап жатканда, шакирттери келип, Анын сөөгүн уурдап кетишти”, – деп айткыла.

14 Эгерде бул кабар башкаруучуга жетсе, биз аны ынандырып, силерди чатактан куткарып алабыз».

15 Аскерлер акчаны алышты да, алардын айтканындай кылышты. Ошол сөз бүгүнкү күнгө чейин жүйүттөрдүн арасында айтылып келет.

Улуу тапшырма

16 Он бир шакирт Ыйса буйругандай, Галилеяга барып, тоого чыкты.

17 Алар Ыйсаны көргөндө, Ага таазим кылышты. Кээ бирөөлөрү болсо шектеништи.

18 Ошондо Ыйса аларга жакын келип, мындай деди: «Асмандагы жана жер үстүндөгү бардык бийлик Мага берилди.

19 Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла. Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүргүлө.

20 Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө. Бул дүйнөнүн акырына чейин, бардык убакта Мен силер менен болом». Оомийин.