Мухаммед пайгамбардын баяны

Wikibooks дан

Мухаммеддин сыпаты[оңдоо]

Кудайдын кулу, Пайгамбар жашына келген Түгөлбаев Орозобек мусулманчылык парызын өтөп, Аллах элчисине арнап ушуну кагаз бетине чиймеледи. Кең пейилдик менен, катасы болсо кечирип, окуп койгула.

Бет ачар[оңдоо]


Дин мусулман калкына,
Айткым келди саламды.
Алланын туткан амирин,
Азис достор аманбы?

Алладан жарлык болбосо,
Адам кайдан жаралды?
Ажыратып таанып ал,
Адал менен арамды.

Арабдын жери чөл болот,
Куюлуп куму эшилген.
Анда жургєн адамдын,
Аптапта эрди кесилген.

Аз да болсо кезигет,
Мөмөлүү багы, дарагы.
Эмгектенип жан багат,
Мээнеткеч араб балдары.

Куйкалап күнү күндүзү,
Кууратат суугу түн ичи.
Тушумсуз болот чыйрыгып,
Өстүргөн эгин - үлүшү.

Өстүрүп курма – бал-дарак,
Төөсүн саап, сүтун жалмалап.
Жүн ийрип, согуп өрмөгүн,
Кой-эчки күтүп жан багат.

Кызыл деңиз жзэгинде,
Куттуу Хижаз аймагы.
Макка менен Мадина,
Ааламга маалым шаарлары.

Кумсарган чөлдө турса да,
Кут тушкөнүн карачы.
Зыяратка келишет,
Бүт мусулман баласы.

Бекаа чөлдүн Маккада,
Дуйнөгө келген ыйык жан.
Анын ысмын сурасак:
Түбөлүк тынчтык жарчысы,
Мухаммад алейхи – с - салам!

Соодагерлик кылганда,
Арам ишке баспаган.
Мээрман Бүлө башчысы,
Аталык парзын актаган,
Азис ислам дини учун,
Азапка башы малынган.
Артынан кууган душманы,
Акыры ага багынган.

Адилет ислам иши үчүн,
Арабды баштап казатка.
Алланын эркин аткарып,
Атайын барган азапка.

Ыбрайым пайгамбар – биринчи ажы[оңдоо]

Мадинат – ан -Набиде,
Орноткон бейпил заманды,
Оңолтуп адам пейилин,
Жойдурган ичте арамды.

Кызыл дениз жээгинде,
Макканын турган жеринде,
Адам Ата жарыктык,
Курган экен имарат.

Касиет толгон ыйык жай,
Кадимки Кааба мына ушу!
Кыйраган экен бузулуп,
Каптаган кезде Топон Суу.

Арадан мезгил зуулдап,
Өтүптүр жылдар кербендей.
Кызыл деңиз жээгине.
Кызыл кум Бекаа чөлүнө,
Ыбрайым менен Ысмайыл,
Пайгамбарлар келген дейт.

Каабаны кайра кур деген,
Жарлыгы келет Алланын.
Бирок Ыбрайым билбептир,
Уранды кайда калганын.
Бир үзүм булут жол баштап,
Көрсөтөт ордун Каабанын.

Таш кесип, ташып жөө чыдап,
Курушат төрт бурч имарат.
Куйкалап чөлдүн аптабы,
Чекеден терлер тамчылап.

Зыярат кылган кезинде,
Пенделерим көрсүн деп,
Ырайым кылып Жараткан,
Асмандан бир таш түшүрөт!

Каухардай жанган Кара Таш,
Акырын алып Ыбрайым.
Жарык берип турсун деп,
Бурчуна коет дубалдын.

Балкыткан нурга чөлкөмдү,
Касиеттуу Кара Таш.
Араб эли айткандай,
Аль-Хажар - ул-Асвад!

Жалбарат Алла-Таалага,
Халилуллах Ыбрайым:
"Кабыл кыл Эгем Каабаны,
Өзүңдөн күтөм ырайым!
БОЛБО деп бекер убайым,
Билдирет эркин Кудайым:

"Сыйынып мага таазим кыл,
Жүрөккө толтур сүйүүңдү.
Зыярат кылып келгенге,
Кармагын таза Үйүмдү."

"Тоо-таштан өтүп, бел ашып,
Дайра-көл кечип, жол басып.
Адамдар келсин Үйүмө,
Төө минип же жөө басып."

Алланын туткан амирин,
Биринчи ажы Ыбрайым:
Каабадан таштап кадамын –
Сафо менен Махвого,
Жети ирет чыккан атайын.

Арафат чөлүн кыдырып,
Жети ирет жүргөн сапарын.
Ыбрайымдын бул иши –
Мусулмандын үлгүсү!

Пейилдин бузулушу[оңдоо]

Бул дуйнөдөн ким өткөн,
Пайгамбар өткөн, сааба өткөн,
Ыбрайым, Ысмайыл,
Азирети дагы өткөн.
Муса, Иса, Дауттар,
Закария, Сулайман,
Ушулардын баары өткөн.

Көп заман өтүп арадан,
Унутту араб Кудайды.
Кудайдан качкан өлкөнүн,
Кунары качат турбайбы!

Ар жерге куруп буткана,
Ар уруу турду сыйынып.
Ар жерден чыгып уруштар,
Адамдын өмүрү кыйылып.

Баланы курман чалышып,
Кул сатып, сатып алышып.
Кыздарды кыйнап ар түрдүү,
Ыпластык ишке барышып.

Ыйыкго эрки Кудайдын,
Ар кимдин берет энчисин.
Пейлин элдин оңдошко,
Жибермек болду Элчисин.

Мухаммад туулаар учурга,
Кырк беш күн калган учурда,
Талкалайм деп Каабаны,
Абраха калды кусурга.

Йемендин зөөкүр өкүмдар,
Маккага келген кол баштап.
Пилинен чочуп арабдар,
Каабаны тосот алдастап.

Жар болуп өзү Алланын,
От каптап уруш майданын.
Өрттөнүп душман кырылат,
Арабдар согот калганын

Өткөндө беш күн ошондон.
Амина бойдон бошонгон.
Мухаммад келген дүйнөгө,
Алланын эркин которгон.

Элчи[оңдоо]

Арабдын түпкү бабасы,
Ысмайыл, Нух пайгамбар
Курайшы деген уругу,
Ысмайылдан таралган.

Чоң ата Абдул Муталиб,
Эки уулдун экен атасы.
Курайшыны башкарып,
Кудайдын эркин аткарчу.

Абдулла деген уулуна,
Бериптир Кудай акыл-эс.
Мээримин төккөн адамга,
Сымбаттуу зкен кагелес.

Ар бир уруу башчысы,
Аңсаптыр мындай күйөөнү.
Аларга болбой Абдулла,
Акылы, бою келишкен,
Амина кызга үйлөндү!

Күндөрдүн бир күнүндө,
Алладан келип периште,
Аминага билдирет:
"Сен табасың уул келишкен,
Ага Мухаммад деген ысым бер!"


Эзелки Шамга жумуштап,
Эми эле чыгып сапарга.
Энеси уккан кабарды,
Эшитпей калды Абдулла.
Сапардан кайра кайтканда,
Жабышып илдет жаш жанга.

Абдулла өткөн дүйнөдөн,
Баласын көрбөй арманда.
Дүйнөгө келген балага,
Канаттар айдап шапата.
Периштелер чогулуп,
Айтышат сано Аллага!

Угулат буйрук Алладан,
Наристеге дит койгон:
"Ущуга чейин дүйнөгө,
Пайгамбарлар бут койгон -
Ээ болгон бардык касиет,
Балага өтсүн бүт бойдон!

Пайгамбарлар сыпаты[оңдоо]

Бабабыз Адам Атанын,
Өзгөчө экен мүнөзү.
Пайгамбар Сиф - даанышман,
Билимге толгон бир өзү.

Өсүмдүк, жандык, адамды,
Нух сактаган ташкындан.
Ыбрайым пайгамбар,
Айкөлдүк менен иш кылган.
Мээнеткеч экен Ысмайыл,
Сылыктык калган Ысаактан.
Луттун сезимталдыгын,
Адамдар келген ызааттап.

Тапкычтык мурас Жакыптан,
Өң-чырай мурас Жусуптан.
Чубуттун багы чон зкен,
Мусадай башчы тушуккан.
Сыпайылык - Жунустан,
Кайрымдуулук - Дауттан.
Мээримдүү экен Даниял,
Белгилүү баары байыртан.

Жөнөкөйлүк - Иляста,
Адал-ак жүргөн Яхья.
Чыдамкайлык жагынан,
Бар бекен теңдеш Исага.
Пайгамбарлар сыпаты.
Санасам келет тилиме.
Ошонун баары орноптур,
Мухаммаддын дилине.

Жаш Мухаммаддын тагдыры[оңдоо]

Жетимдин ойлоп тагдырын,
Оюнан кетпей Абдулла.
Ойноок болуп жүрөгү,
Оорукчан болот Амина.
О дүйнө кетет айыкпай,
Мухаммад жети жашында.

Томолой жетим кайгырган,
Канаты эрте кайрылган.
Өтпөстөн бир жыл арадан,
Чоң атадан айрылган.

Бирок, Абу Талиб бар экен,
Атасы менен бир тууган.
Абасынын колунда,
Мухаммад жетим багылган.


Көп санаа кетпей башынан,
Ойчул болот жашынан,
Кой кайтарып жүргенде,
Алланы ойлойт жаш улан.

Жөн кылбай окат-жумушун,
Койбоптур араб урушун.
Токтобос ырбап чатагы,
Топуксуз заман курусун.
Келишим-бүтүм түздүрүп,
Арага жүрүп тымызын.
Он бештеги жаш улан,
Токтоткон экен урушун.

Калыс, чынчыл, тайманбас,
Ишеничтүү болуптур.
Арамдык ишке барбаган.
Аль-Амин атка конуптур.
Акыл-эс, сыймык жалгашып,
Кадыр-барк тапкан кезинде,
Жыйырма үч жашка толуптур,

Бай жесир угуп атагын,
Тапшырган экен мал-башын.
Оңолуп жүрөт соодасы,
Мухаммад кайда барбасын.
Тосчу экен күндөн калкалап,
Бир үзүм булут калласын.

Арадан эки жыл етүп,
Ашыглык батпай денине.
Тахира деп аталып, -
Кырк жашка келген кезинде,
Сөз айткан зкен Хадича,
Баш кошуп алуу жөнүндө.
Болуптур макул Мухаммад,
Махабат кирип көөнүнө.

Жетилип дени, акылы,
Отузга толду акыры.
Туулган экен ошондо,
Фатима менен Талибден,
Алидей досу, жакыны.
Тарбия берил өстүрдү,
Артында ордун басчуну.

Көөнөрүп үстү тешилип,
Дубалы урап эcкирип.
Жыландар толуп уялап,
Каабага жетти эскилик.
Таш ташып, жыгач даярдап,
Дубалын коюп аярдап.
Курушту кайра Каабаны,
Курайшылар бажандап.
Ким коет Кара Ташты деп,
Ортодон чыгат чыр-чатак,
Өз колу менен орнотуп,
Чатакты басат Мухаммад.
Камдалган экен ошентип,
Кылуучу орун зыярат.

Пайгамбарлык[оңдоо]

Разаман айы тушунда,
Үңкүрдө, Хира тоосунда.
Олтурган экен Мухаммад,
Жете албай ойдун учуна.
Жетилген кези ушу экен,
Аллага Расул болушка.
Кыркка жашы чыгыптыр,
Жебрейил келген учурда.

Кулагына капыстан,
"Оку" деп добуш угулган.
Окуй албайм десе да,
Мажбурлайт буйрук добуштан,
“Окуу" нун эмки мааниси,
Баарыга маалым аль-Куран.


Эмне айтам дейт Мухаммад,
Аргасыз болуп ыктыяр,
Угулат вахмий кайрадан:
"Алланын ысмын данктагын,
Расулга сени тандаган.
Адамды жасап ылайдан,
Ааламда жокту бар кылган”.


Алланын эркин аткарып,
Түйшүккө түштү кейиштүү.
Алгач динге киргизди,
Хадича, Али, Зайитти.

Зайиттин жайын сурасак.
Кул болуптур жашынан.
Каракчы чыгып астынан,
Туткунга тушуп сатылган.
Мухаммадга туш келип,
Кайрадан багы ачылган.
Атасы келип жүр десе,
Эрчибей койгон артынан.

Агайын-тууган чогултуп,
Алдына коёт тамагын.
Айтмакчы болот тууганга,
Алланын берген сабагын.
Биринчи айтат кырааттап:
"Бисмиллахир-рахманир-рахиим "
Түгөнбөй коёт тамагы,
Касиетин карагын.
Арадан мезгил өткөрүп,
Аларга коёт талабын:
"Мусаны Арон ээрчиптир,
Ким ээрчийт мени агайын?"

Алиден башка тууганы,
Шылдындап тилин албаптыр.
Абу Талиб абасы,
Андан соң дилин арнаптыр.
Арадан өтүп аз убак,
Абу Бакр ислам тандаптыр.

Андан соң болгон мусулман,
Жакын дос, тууган-туушкан.
Бирок, кошулбай жалпы уругу,
Кайырдин бойдон турушкан.

Кайырдиндерден кутурган,
Азапты көрду мусулман.
Ар кандай кыйнап буларды,
Курайшы пейли бузулган.
Артыкча ыдык көргөндөр,
Ар кайда качып кутулган.

Айтпай кантип коёмун,
Хамза, Омор, Осмонду.
Жол тосконго карабай,
Аллага дилин кошконду,

Үч асыл чөлдө тутулуп,
Мусулмандар кор болду.
Азабынан таакиктин, <
br>Абу Талиб, Хадича,.
Алдан тайып жок болду.
Ажырап эки тирөөчтөн,
Расул күйүп чок болду.

Абу Жахл — жакыны,
Абу Суфйон - тууганы.
Башында туруп душмандын,
Мухаммаддын артынан,
Кесиктей тушуп кууганы:
“Акылынан айныган
Эл бузар” - деп жалаа жаап.
Өлтүрмөккө муунтуп,
Мойнуна салып сыйыртмак.
Ылай шыбап боюна,
Ташбараңга алышат.
Каршылык кылбай Расул,
Алладан сурайт күч-кубат.

Мээраж[оңдоо]

Тайыган алдан арыктап.
Түш көрөт бир күн Мухаммад;
Каабанын турса алдында,
Жебрейил периште,
Жетелеп келет Бурак ат.

Расул минип Буракты,
Көтөрүлдү асманга.
Көрүшүп салам узатты,
Пайгамбардын баарына.
Алланын укту амирин,
Тактынын жетип алдына.

Ойгонуп айткан сөздөрүн,
Кайталап айта кетемин:
"Ата-энеге мээрим төк,
Аллага сыйын бир гана.
Тирек бол мусапырларга,
Туугандан жардам аяба."

"Зыкымдык кылба карышып,
Ысырап кылба сапырып,
Кан төкпө бекер салышып.
Жоготпо уят-сыйытты,
Адепсиз ишке барышып.
Бирөөнүн малы-мүлкүнө,
Суук колду салбагын.
Ибадаттан четтебей,
Диниңди бекем кармагын."
"Соодагерлик кесипте,
Ак ченеп, туура тандагын,
Жакырчылык айынан,
Балаңа зыян кылбагын."

"Текебер болбо керкейип,
Мансапкор болбо керсейип,
Мактанбагын дердейип.
Калаарсың бир кун темтейип,

"Окугун намаз беш убак,
Бейнамаздан алыс кач.
Жылына тутуп орозо,
Отуз кун болгун кушубак.”

Чыкканда Расул мээражга,
Келиптир кырк үч жашына.
Көтөрүлгөн асманга,
Алладан буйрук алышка.

Айша[оңдоо]

Хадича каза болгону,
Жалгыздык түштү башына.
Эңкейген кары боло элек,
Элүү зки жашында.

Эже-сиңди, эне жок,
Эрте-кеч үйдө болгондо,
Эркелетээр бала жок,
Эрмек болоор караан жок,
Эч ким келбейт кашына.

Кат жаза билген сабаттуу,
Сактаган динди набаттуу.
Абу Бакр кызы Айша жан,
Мухаммадга болду жар.

Аял заты тууралуу,
Осуят кылган Мухаммад:
"Урмат кыл алган жарыңды,
Үйүңө толот ынтымак."

Пайгамбардын эки уулу,
Наристе кезде чарчаган.
Артынан тапкан төрт кызды,
Ажарлуу Айша ападан.

Айша энебиз болбосо,
Жазылбайт эле көп дастан.
Кенжеси экен Фатима,
Мээримдүү толук акылы.
Он бешке толгон кезинде,
Алинин болгон катыны.
Асан-Үсөн эгиз уул,
Алиден тапкан алтыны.

Айтайын куттуу үй-бүлө:
Мухаммад, Али, Фатима,
Үсөн менен Асанды.
"Ахли байт" деп аталып,
Данктады дини исламды.

Xижра[оңдоо]

Зордугу күчөп күн сайын,
Кордуктап күндө атайын.
Өлтүрмөк болду курайшы,
Мухаммед айтты: "Качайын”.

Ясрибден келип элчилер,
Пайгамбарды чакырган,
Маккалык жалпы мусулман,
Мурдатан барып жашынган.

Абу Бакр менен Мухаммад,
Жөнөшөт качып түнүндө.
Тоосуна жетип Тахурдун,
Жашынышты үңкүргө.

Душмандар кууп зтектеп,
Келишет жетип артынан,
Үңкүрдүн оозун карашса,
Желе дейт туташ тартылган:
Уяда жатат бир Бактек,
Жумуртка баскан жаңыдан.

Теңирдин тийип жардамы,
Ошентип душман адашат.
Качкындар жетип максатка,
Кадимки Хижра ишке ашат.

Жаңылык туулган күнүнөн
Жылдарды өткөн санасак:
Алты жүз жыйырма экисин,
Арттагы мезгил талашат.

Тарыхый мындай учурду,
Тагыраак айтсак жарашат:
Кулжа айы, жыйырма экиси,
Башталат жаңы жыл санак.

Күрөш[оңдоо]


Маккадан келген качкындар,
Мухожирлер аталды.
Калкалаган аларды,
Ясрибдик мусулман,
Ансорий деп макталды.
Дин өрчүгөн асыл шаар,
Мадинат аль-Ясриб -
АН-Наби деп данкталды.

Жашаган түрдүү уруулар,
Баш ийбей бири-бирине.
Мухаммад башчы болгон соң,
Ынтымак кирди дилине.

Мадина турган жерлердин,
Түшүмдүү экен кыртышы.
Тойгузмакка курсакты,
Иштеди эл-журт жай-кышы.
Токчулук менен биримдик,
Мадина коомун бай кылды.

Артынан түшкөн душманы,
Баштады уруш кол салып.
Мухожирлер, ансорлор,
Кармашты мизин кайтарып.
Бадрда эрдик көрсөткөн.
Хамза, Алини айталык.
Абу Жахл ыймансыз,
Ушунда өлдү тамтайып.
Кайырдинден мусулман,
Артыктыгы байкалып.
Куралы күчтүү, саны көп,
Женилген экен Маккалык.


Арадан өтпөй эки жыл,
Абу Суфйон баштап чыр.
Үч миң кошуун кол алып,
Кайрадан согуш баштаптыр,


Мухаммад колун санаса,
Жети жүздөн ашпаган.
Ухурда бол гон урушта,
Аскерге кылып жарыя,
Олжо алба деп таштаган.
Олжо учүн змес, дин үчүн,
Газаватты баштаган.


Олжо алып көнгөн жоокерлер,
Азгырылат шайтанга.
Макканын аскер башчысы -
(Кийинки Ислам шамшары, Көзөл Халид ибн Валид),
Күргүштөйт колун майданга
Алдастайт ислам аскери,
Мухаммад жараат алганда,
Жапырат кайра душманды,
Алдынан Али барганда.


Жеңилип душман качса да,
Жеңиштин болду төлөмү:
Жетимиш баатыр шейиттер,
Жер алдына жөнөдү.
Мусааб менен Хамза өлдү,
Мухаммаддын жөлөгү.


Үч жылдан соң Маккалык,
Кол салыптыр кайрадан.
Аң каздырып Эр Салман,
Мадина шаарын курчаган.

Эл менен кошо иштешип,
Метисин ташка чапканда.
Дилине ишенч киргизип,
Аян берет бир Алла:
“Багынтып Шамды, Иранды,
Жетесин басып Яманга(Йеменге)!"

Мол экен колу душмандын,
Жыйырма терт миңди чапчыган,
Бир айча шаарды камаптыр,
Өтө албай аңдан казылган.


Башталып бороон капыстан,
Азыгын, мүлкүн учурган.
Чегинет душман аргасыз,
Мал-мүлкүнөн айрылган.
Кайырдин шаар Макканы,
Ачкалык каптайт астыртан.

Күчү кетип турганда,
Көңүлгө кекти сактабай.
Маккага уруш баштаган -
Жиберет Расул кербенди,
Алсыздан жардам аябай.

Ишеним кирип дилине:
Башында душман кутурган,
Кошун башчы атактуу,
Халид болду мусулман!
Исламды кордоп ыр жазчу,
Амир да болду мусулман!

Арылтпай башын уруштан,
Кылса да нечен жамандык.
Маккага тынчтык апкелип,
Келишим түзөт амандык.

Жеңиш[оңдоо]

Он эки жыл өткөндө,
Душманы ойлоп арамдык.
Бир уруу элди бүт кырып,
Акырын барып басканы.
Алдыртан жөнөйт жыйылып,
Алмакка ээлеп Макканы.

Аскерин жыйып кол баштап,
Аттанат Расул чапканы.
Арадан аскер кошулуп.
Он миңге жетет кол саны.

Ар бир аскер от жагып,
Түнүнде курчайт Макканы,
Келгендей каптап жүз мин кол,
Калтырайт коркуп душманы,
Каршылыксыз багынат,
Кан төкпөй, көрбөй зыянды.

Расулдун өзүнө,
Нечен жыл зыян иштеген.
Кабылтып азап-тозокко,
Жамандыкты издеген,
Маккалык эми титиреп,
Таазим кылып баш ийген.

Билгизип Расул кендигин:
Жаштарын көрдү баладай,
Карысын көрдү агадай.
Баарына берди кечирим,
Күнөөсүнө карабай.

Каабаны ачып жуудурат,
Айлана басып кыдырат.
Кызыл түркүк артында,
Кылыптыр таат-ибадат.
Окуду намаз олтуруп,
Ар бурчуна тууралап.

Касиеттуу Кара Таш,
Тийгизип таяк-асасын:
"Жоголсун жалган, арамдык,
Акыйкат келди, жашасын!"

Ордуна келип тилеги.
Арамдан Бекаа арылды.
Кара Таш нуру төгүлүп,
Кайрадан Кааба жаңырды.
Бузуку ишти жасоого,
Маккада тыюу салынды.
Чакырып азан турууга,
Билалдай инсан табылды.

Мухаммаддын сыпаты[оңдоо]

Өтсө да Макка колуна,
Жетсе да бийлик чоңуна.
Өзгөргөн жок Мухаммад,
Текебер күтүп боюна.
Маккада калган байлыгы,
Өтүптүр казна колуна,
Адилдигин карачы,
Үй-мүлкүн кайрып алууну,
Жолотподу оюна.

Жатканда төшөп чапанын,
Кум салган баштык жазданып,
Жаңы кийим кийбесген,
Байкушка берчү тапканын.

Кебетесин карасан,
Жазы кабак, өткүр көз,
Кылыч мурун, кара каш.
Мзэримдүү тиктеп адамга,
Жүзүнөн нуру чачырап.

Матадан кийчү кийимди,
Ичпеген тамак сиңимдүү.
Ойлонуп сүйлөп, бетке айткан,
Адил жан эле билимдүү.
Тагдырын элдин ойлогон,
Боорукер эле күйүмдүү.

Тең карап ар бир адамга,
Кунт коюп укчу пикирин.
Жети өлчөп, бир кесип,
Чыгарчу анан бүтүмүн.

Салдырды мечит, мектепти,
Мадина менен Маккага.
Чарбаны тактап жүргүзүп,
Тартипти койду базарга.
“Байтул мал” деп бергизди,
Бечарага садага.

Мамлекеттик иштерди,
Ирети менен бүтүрүп.
Ак кагазга жаздырып,
Мөөрүн басып түшүрүп.

Мамилени арттырып,
Сырт жакка злчи жиберип.
Ислам динин таратты,
Туш тарапты имерип.

Мусулман парзын аныктап,
Аллага баарын табыштап.
Дүйнөдөн өтөт Мухаммад,
Алтымыш эки жыл жашап.

Алланын сүйгөн элчиси,
Кайтканда калктын тобунан.
Ант берет жалпы мусулман,
Чыкпаска Расул жолунан.

Асыл сөөгү Расулдун,
Мадинага коюлган.
Нур чачкан жашыл күмбөздүн,
Жыпар жыт аңкыйт боюнан.

Зыяратка аттанып,
Кабырга барган мусулман.
Айтат салам Расулга:
"Ассалоому алейкум,
Расулиллах кабыл ал."
Ошондо пайгамбар руху башбагып,
Кайтарат жооп шаттанып:
"Ва алейкум ас-салам."