Мыйзамды кайталоо

Wikibooks дан

1-БӨЛҮМ

Мусанын сөзү

1 Иордандын аркы өйүзүндөгү Паран менен Топелдин, Лабан менен Хатсейроттун жана Ди-Забамдын аралыгында жайгашкан Суфтун каршысындагы түзөң чөлдө Мусанын Ысрайыл элине айткан сөздөрү.

2 Хорептен Сеир тоосу аркылуу Кадеш-Барнейиге чейин он бир күндүк жол.

3 Ысрайыл элинин Мисирден чыкканына кырк жыл болгондо, он биринчи айдын биринчи күнү Теңир эмнени буйруса, ошонун бардыгын Муса Ысрайыл уулдарына айтты.

4 Муса бул мыйзамды Кешпондо жашаган Амор падышасы Сихонду жана Эдрейдеги Аштаротто жашаган Башан падышасы Огду өлтүргөндөн кийин,

5 Иордандын аркы өйүзүндө, Маап жеринде мындай деп түшүндүрө баштады:

6 «Кудай-Теңирибиз Хорепте бизге мындай деп айткан эле: “Бул тоодо жетишерлик жашадыңар.

7 Жолго чыккыла, аморлуктар жашаган тоого, аларга коңшулаш жаткан түздүккө, тоолорго, ойдуң жерлерге, түштүк аймагына, деңиз жээгине, Канаан жерине, Лебанонго, атүгүл, улуу Эфрат дарыясына чейин баргыла.

8 Мен силердин ата-бабаларыңар Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка жана алардын укум-тукумуна берем деп убада кылган жерди силерге бердим. Барып, ал жерди мураска алгыла”.

9 Мен силерге ошол учурда: “Мен силерди өзүм жалгыз алып бара албайм.

10 Кудай-Теңириңер силерди көбөйттү. Силер азыр асмандагы жылдыздардай көбөйдүңөр.

11 Ата-бабаларыңардын Кудай-Теңири силерди азыркыдан миң эсе көбөйтсүн. Ал Өзү айткандай, силерге батасын берсин.

12 Силердин кыйынчылыктарыңарды, түйшүктөрүңөрдү, чыр-чатактарыңарды өзүм жалгыз кантип көтөрөм?

13 Ар бир уруудан акылдуу, эстүү, сындан өткөн адамдарды тандап алгыла, мен аларды силерге эл башчы кылып коёюн”, – дегем.

14 Ошондо силер мага: “Жакшы нерсени айтып жатасың”, – дегенсиңер.

15 Мен силердин ар бир урууңардан акылдуу, сындан өткөн, белгилүү адамдарды алып, урууларыңарга миң башы, жүз башы, элүү башы, он башы, көзөмөлчү кылып койгом.

16 Мен ошондо силердин башкаруучуларыңарга мындай буйрук бергем: “Бир туугандарыңардын талаш-тартыштарын угуп, бир тууганыңар менен бир тууганыңардын ортосунда, бир тууганыңар менен келгиндин ортосунда адилет сот жүргүзгүлө.

17 Сот ишинде бет карамалык кылбагыла, чоң-кичине дебей, бирдей уга билгиле. Эч кимден коркпогула, анткени сот жүргүзүү – Кудайдын иши. Силер үчүн оор болгон ишти мага айткыла, аны мен угайын”.

18 Мен ошондо силерге аткарышыңар керек болгон бардык ишиңер жөнүндө буйрук бергем.

19 Ошентип, биз Кудай-Теңирибиз буйругандай, Хорептен чыгып, аморлуктардын тоосун көздөй, силер көргөн ушул эбегейсиз чоң, коркунучтуу чөлдү басып, Кадеш-Барнейиге келдик.

20 Ошондо мен силерге мындай дегем: “Силер Кудай-Теңирибиз берип жаткан аморлуктардын тоосуна келдиңер.

21 Кудай-Теңириң бул жерди сага берди, ата-бабаларыңардын Кудай-Теңири айткандай, бар да, ал жерди ээлеп ал. Коркпо да үрөйүңдү учурба”.

22 Бирок баарыңар мага келип: “Ал жерди байкап келе турган, биз жүрө турган жолдорду, биз бара турган шаарларды көрүп, алар тууралуу маалымат алып келе турган адамдарды өзүбүздөн мурда жөнөтөлү”, – дегенсиңер.

23 Бул сөз мага жагып, ар бир уруудан бирден адам – он эки адам тандагам.

24 Алар жөнөп кетишти. Тоого чыгып, Эшкол өрөөнүнө барып, ал жерди карап чыгышты.

25 Ал жердин түшүмүнөн бизге алып келишти. Маалымат беришти да: “Кудай-Теңирибиз бизге берип жаткан жер жакшы жер экен”, – деп айтышты.

26 Бирок силер баргыңар келбей, Кудай-Теңириңердин буйругуна каршы болдуңар.

27 Чатырларыңарда отуруп алып, минтип наалыдыңар: “Теңир бизди жек көргөндүктөн, аморлуктардын колуна салып берип, кырып салуу үчүн, Мисир жеринен алып чыгыптыр.

28 Эми биз кайда барабыз? Бир туугандарыбыз жүрөктү түшүрүп: «Ал эл бизден көп да, чоң да экен. Алардын шаарлары чоң, бийик дубалдар менен курчалган экен. Биз ал жерден Анактын алп уулдарын да көрдүк», – дешти”.

29 Ошондо мен силерге мындай дегем: “Жүрөгүңөр түшпөсүн, алардан коркпогула.

30 Кудай-Теңириңер силердин алдыңарда бара жатат. Анын Мисир жеринде силер үчүн кандай күрөшкөнүн көрдүңөр, эми да так ошондой күрөшөт.

31 Сен чөлдөн бул жерге жеткенге чейин, жолду катар Кудай-Теңириң сени атасы баласын көтөргөндөй көтөрүп келгенин көрдүң”.

32 Бирок силер ошондо да Кудай-Теңириңерге ишенген жоксуңар.

33 Ал силерге токтогонго жай таап, түн ичинде от болуп, күндүз булут болуп жол көрсөтүп, силердин алдыңарда жүрдү.

34 Теңир силердин сөздөрүңөрдү укканда, каарданып, мындай деп ант берген:

35 “Мен силердин ата-бабаларыңарга берем деп убада кылган жер соорусун бул элдин ичинен, бул ниети жаман тукумдун ичинен эч ким көрбөйт.

36 Аны Жепундун уулу Калеп гана көрөт. Теңирге баш ийгендиги үчүн, басып өткөн жерин ага жана балдарына берем”.

37 Силердин айыңардан Теңир мага да каарданып, мындай деди: “Ал жерге сен да кирбейсиң.

38 Ал жерге сенин жаныңдагы Нундун уулу Жашыя кирет. Аны дайында, анткени ал Ысрайылды ошол жерди ээлеткени алып барат.

39 Ал жерге душманга олжо болуп калат деген балдарыңар, жаман-жакшыны ажырата билбеген уулдарыңар барат. Ал жерди аларга берем, ал жерди ошолор ээлешет.

40 Силер болсо артыңарга кайрылып, Кызыл деңизди карай кеткен жол менен чөлгө жөнөгүлө”.

41 Ошондо силер мага: “Биз Теңирдин алдында күнөөгө баттык, Кудай-Теңирибиз бизге буйругандай, барабыз да салгылашабыз”, – деп, ар кимиңер согуш куралын асындыңар, тоого чыкканды оңой көрдүңөр.

42 Бирок Теңир мага мындай деди: “Аларга мындай деп айт: «Тоого чыкпагыла, салгылашпагыла, анткени Мен силер менен болбойм, душманыңар силерди кыйратып салат»”.

43 Мен силерге айткам, бирок силер мени укпай, Теңирдин буйругуна каршы чыктыңар, өжөрлүк кылып тоого чыктыңар.

44 Ошондо ошол тоодо жашаган аморлуктар силерге каршы чыгып, силерди Сеир тоосунан Хорманын өзүнө чейин аары талагандай артыңардан кууп барып талкалады.

45 Силер кайрылып келип, Теңирдин алдында ыйладыңар, бирок Теңир силердин ыйыңарды уккан жок, силерге көңүл бурган жок.

46 Ошентип, силер Кадеште көп убакыт туруп калдыңар.

2-БӨЛҮМ

1 Биз кайра артка кайрылып, Теңирдин мага айтканы боюнча Кызыл деңизди карай кеткен жол менен чөлгө жөнөдүк. Ошентип, биз Сеир тоосунун тегерегинде көпкө жүрдүк.

2 Анан Теңир мага мындай деди:

3 “Бул тоонун тегерегинде жетишерлик эле жүрдүңөр, түндүктү карай кеткиле.

4 Элге мындай буйрук бер: «Силер Сеирде жашаган бир тууганыңар Эйсаптын уулдары жашаган жерлерден өтөсүңөр. Алар силерден коркушат, бирок алар менен согушпагыла, сак болгула.

5 Мен силерге алардын жеринен алакандай да жер бербейм, анткени Сеир тоосун Эйсаптын карамагына бергем.

6 Тамакты алардан күмүшкө сатып алып жегиле, сууну алардан күмүшкө сатып алып ичкиле.

7 Анткени Кудай-Теңириң сенин бардык ишиңе батасын берип, ушул эбегейсиз чоң чөлдө жер кезип жүргөнүңдө калкалап келген. Кудай-Теңириң сени менен кырк жыл бирге болду. Сен эч нерседен кем болгон жоксуң»”.

8 Ошентип, биз Эйлат менен Этсион-Геберден чыгып, Сеир тоосунда жашаган бир тууганыбыз Эйсаптын уулдарынын жанынан түздүк менен Маап чөлүнө бет алдык.

9 Теңир мага мындай деди: “Мааптыктар менен касташпа да согушпа. Мен сенин карамагыңа анын жеринен бербейм, анткени Ар шаарын Лот уулдарынын энчисине бергем.

10 Мурун ал жерде Анактын уулдарындай алп, узун бойлуу, көп сандаган эймимдер жашаган.

11 Алар репалыктардын арасында Анактын уулдары болуп эсептелишчү. Мааптыктар болсо аларды эймимдер дешет.

12 Сеирде болсо мурун хориликтер жашачу, бирок Эйсаптын уулдары ал жерди тартып алышкан. Ысрайыл эли Теңир мураска берген жерди кантип ээлеп алса, Эйсаптын уулдары да аларды жок кылып, алардын жерин ошентип ээлеп алышкан”.

13 Теңир мага: “Жыйналып, Зерет өрөөнүнөн өткүлө”, – деди. Ошондо биз Зерет өрөөнүнөн өттүк.

14 Биз Кадеш-Барнейиден чыгып, Зерет өрөөнүнөн өткөнгө чейин отуз сегиз жыл өттү. Биздин арабыздагы согушка жараган эркек аттуунун баары кырылды, анткени Теңир аларга ушундай убада берген.

15 Биздин арабыздан аларды жок кылыш үчүн, алар кырылып жок болгончо, Теңир Өз колун алардын үстүнөн алган жок.

16 Согушка жараган эркек аттуунун баары өлгөндөн кийин,

17 Теңир мага мындай деди:

18 “Сен азыр Маап чек арасы Ардын жанынан өтүп,

19 амондуктарга жакындап калдың. Алар менен касташпа да согушпа. Мен сенин энчиңе амондуктардын жеринен бербейм, анткени ал жерди Лоттун уулдарынын энчисине бергем”.

20 Ал жер репалыктардын да жери болуп эсептелчү. Мурун ал жерде репалыктар жашачу. Амондуктар болсо аларды зумзумдуктар дешет.

21 Алар Анактын уулдарындай алп, узун бойлуу, көп сандаган эл болгон. Теңир аларды амондуктардын көз алдында кырып салган. Амондуктар алардын жерин ээлеп алып, ошол жерге отурукташып калышкан.

22 Теңир Сеирде жашаган Эйсаптын уулдарынын көз алдында хориликтерди кырып салгандай эле, амондуктар да аларды кууп, алардын жерине отурукташып, бүгүнкү күнгө чейин жашап калышты.

23 Каптордон чыккан капторлуктар да Азанын тегерегиндеги айыл-кыштактарда жашаган абахтыктарды кырып, алардын ордуна отурукташып алышты.

24 Теңир мага: “Жыйналып, жолго чыккыла да, Арнон суусунан өткүлө. Эми Мен Кешпон падышасы аморлук Сихонду жери менен кошо колуңа берем. Ал жерди ээлей башта, аларга каршы согуш ач.

25 Мен бүгүндөн баштап жер үстүндөгү элдерди сенден коркуп, үрөйү уча тургандай кылам. Сен жөнүндө уккандар сенден коркуп, үрөйү уча турган болушат”, – деген.

26 Анан мен Кедемот чөлүнөн Кешпон падышасы Сихонго тынчтык жөнүндө сүйлөшкөнү элчилерди жөнөттүм. Алар ага мындай деп айтышты:

27 “Сенин жериңен өтүүгө уруксат эт. Мен жол менен өтөм, оңго да, солго да кайрылбайм.

28 Тамак-ашты мага күмүшкө сат, сатып алып жейин; сууну да күмүшкө сат, сатып алып ичейин да, бутум баскан жер менен гана өтүп кете берейин.

29 Сеирде жашаган Эйсаптын уулдары менен Арда жашаган мааптыктар мага кандай кылышса, Кудай-Теңирибиз берип жаткан жерге Иордан аркылуу өтүп кеткенче, сен да ошондой кыл”.

30 Бирок Кешпон падышасы Сихон бизди өз жеринен өткөрүүгө макул болгон жок, анткени Кудай-Теңир аны сенин колуңа салып бериш үчүн, өзүң көрүп тургандай, аны катаалдантып, өжөрлөнтүп салган.

31 Анан Теңир мага мындай деди: “Эми Мен сага Сихонду жери менен кошо колуңа салып бере баштайм, анын жерин ээлей башта”.

32 Ошондо Сихон бүт эли менен бизге каршы Жааста согуш ачты.

33 Кудай-Теңирибиз аны биздин колубузга салып берди, биз анын өзүн да, балдарын да, бүт элин кырып салдык.

34 Биз ошол учурда анын бардык шаарларын басып алып талкалап салдык, эркектерин да, аялдарын да, балдарын да тирүү калтырган жокпуз.

35 Бирок биз басып алган шаарлардагы алардын мал-мүлкүн олжолоп алдык.

36 Арнон суусунун жээгиндеги Аройер шаарынан тартып өрөөндө жайгашкан шаардан тартып Гилатка чейин биз басып албаган бир да шаар калган жок. Бардыгын Кудай-Теңирибиз биздин колубузга салып берди.

37 Кудай-Теңирибиз бизге тыюу салган амондуктардын жерине, Жабок суусунун тегерегиндеги жерлерге, тоо койнундагы шаарларга гана жакындаган жоксуң.

3-БӨЛҮМ

1 Биз ал жерден бурулуп, Башанга бет алдык. Башан падышасы Ог өз эли менен Эдрейдин жанында бизге каршы согуш ачты.

2 Ошондо Теңир мага: “Андан коркпо, анткени аны бүт эли-жери менен кошо сенин колуңа салып берем. Сен Кешпондо жашаган Амор падышасы Сихонду кандай кылсаң, аны да ошондой кыласың”, – деди.

3 Анан Кудай-Теңирибиз Башан падышасы Огду бардык эли менен биздин колубузга салып берди. Биз алардын эч кимисин тирүү калтырбай кырып салдык.

4 Биз ошол учурда анын бардык шаарларын басып алдык. Алардын биз басып албаган бир да шаары калган жок. Алтымыш шаарды, аргоптуктардын бүт аймагын, Башан падышасы Огдун падышачылыгын басып алдык.

5 Бул шаарлардын бардыгы бийик дубалдар менен курчалган, дарбазалары бекем кулпулар менен бекитилген шаарлар экен. Булардан сырткары дубал менен курчалбаган көптөгөн шаарларды басып алдык.

6 Кешпон падышасы Сихондун бүт шаарларын талкалап, эркектерин, аялдарын, балдарын кырып салгандай, аларды да талкалап, элин кырып салдык.

7 Ал эми алардын шаарларындагы мал-мүлкүн олжолоп алдык.

8 Биз ошол учурда аморлук эки падышанын колунан Иордандын берки өйүзүндөгү Арнон суусунан Хермон тоосуна чейинки жерлерди тартып алдык.

9 Сидондуктар Хермонду Сирион дешет, аморлуктар болсо аны Сенир дешет.

10 Түздүктөгү бардык шаарларды, бүткүл Гилат жерин, Салха менен Эдрейге чейинки бүткүл Башан жерин, Башан падышасы Огдун шаарларынын бардыгын басып алдык.

11 Репалыктардын ичинен Башан падышасы Ог гана калды. Анын жаткан орду темирден, ал азыр амондуктар жашаган Рабеде турат. Эркектердин чыканагы менен ченегенде, анын узундугу тогуз чыканак, туурасы төрт чыканак.

12 Биз ошол учурда Арнон суусунун жээгиндеги Аройерден тартып Гилат тоолоруна чейинки шаарларды басып алдык. Гилат тоосунун жарымын шаарлары менен Рубейин, Гат урууларына бердим.

13 Ал эми Гилаттын калган жарымын, Ог падышачылык кылган бүт Башан жерин, Башан жериндеги Аргоп аймагын Менашенин жарым уруусуна бердим.

14 Менашенин уулу Жайыр Гешур менен Маах чегине чейин жаткан бүткүл Аргоп аймагын басып алып, Башан аймагын өз аты менен Жайыр кыштактары деп атады. Ал азыр да ушундай аталат.

15 Махирге мен Гилатты бердим.

16 Ал эми Рубейин менен Гат уруусуна Гилаттан Арнон суусуна чейин, Арнондон Амон уулдарынын чек арасы болгон Жабок суусуна чейин бердим.

17 Ошондой эле Кинереттен тартып чыгышты карай кеткен Пизги тоосунун этегинде жаткан Туздуу деңизге чейинки түздүктү жана батыш чек арасы болуп эсептелген Иорданды бердим.

18 Мен ошол учурда силерге мындай буйрук бергем: “Кудай-Теңириңер ушул жерлерди бүт бойдон силердин энчиңерге берди. Согушка жараганыңардын баары куралданып, бир тууганыңар болгон Ысрайыл уулдарынын алдында жөнөгүлө.

19-20 Теңир силерге берген тынчтыкты бир туугандарыңарга да бермейинче жана алар Кудай-Теңириңер берип жаткан Иордандын аркы өйүзүндөгү жерлерди ээлеп алышмайынча, аялдарыңар, балдарыңар, малыңар гана мен берген шаарларда калышсын. Ээлеп алышкандан кийин гана ар бириңер мен берген өз энчиңерге кайтып келесиңер”.

21 Ошол учурда Жашыяга да мындай осуят бергем: “Кудай-Теңириңер ушул эки падышаны эмне кылганын өз көзүң менен көрдүң. Теңир сен басып өтө турган падышачылыктарды да ошондой кылат.

22 Алардан коркпогула, анткени силердин Кудай-Теңириңер силер үчүн Өзү күрөшөт”.

23 Мен ошол учурда Теңирге мындай деп сыйынгам:

24 “О Эгедер Теңирим, Сен Өз кулуңа Өзүңдүн улуулугуң менен күчтүү колуңду көрсөтө баштадың, анткени асманда да, жерде да Сен кылган иштерди кыла ала турган, Сенин кудуретиңди көрсөтө ала турган кудай жок!

25 Мени Иордандын аркы өйүзүнө өткөрүп, жер соорусун, эң кооз тоону жана Лебанонду көрсөт”.

26 Бирок Теңир силердин айыңардан мага каарданып, мени укпай, мага мындай деди: “Болду, жетишет, мындан ары Мага ал тууралуу айтпа.

27 Пизги тоосунун чокусуна чыгып, деңиз жакка, түндүккө, түштүккө, чыгышка көз чаптырып, өз көзүң менен көрүп ал, анткени сен мына бул Иордандан ары өтпөйсүң.

28 Жашыяга акыл-насаат айтып, дем-күч берип бекемде, анткени ал элди жетектеп, сен көз чаптырып көрө турган жерди аларга энчилеп бөлүп берет”.

29 Ошентип, биз Бейт-Пейордун каршысындагы өрөөнгө келип токтодук.

4-БӨЛҮМ

Мусанын элге акыл-насаат айтышы

1 Ошондуктан, Ысрайыл, өлүп калбашыңар үчүн жана ата-бабаларыңардын Кудай-Теңири берип жаткан жерге барып, аны мурастап алышыңар үчүн, мен силерге аткарууну үйрөтүп жаткан көрсөтмөлөр менен мыйзамдарды ук.

2 Мен силерге эмнени осуяттасам, ага эч нерсе кошпогула да, андан эч нерсе албагыла. Кудай-Теңириңер берген осуяттарды аткаргыла.

3 Теңирдин Баал-Пейорду эмне кылганын өз көзүңөр менен көрдүңөр. Баал-Пейорду ээрчиген адамдарды Кудай-Теңириң силердин араңардан кырып жок кылды.

4 Силердин араңардан Кудай-Теңириңерге жабышкандары азыркыга чейин тирүү.

5 Мен силерге Кудай-Теңирим берген мыйзамдар менен көрсөтмөлөрдү үйрөттүм. Ээлегени бара жаткан жерге барганыңарда, ушуларды аткаргыла.

6 Ушуларды сактагыла жана аткаргыла, анткени башка элдердин алдындагы силердин акылдуулугуңар менен эстүүлүгүңөр ушунда. Алар бул мыйзамдарды угуп: “Ушул улуу эл гана даанышман да, акылман да экен”, – деп айтышат.

7 Качан чакырса да, ушунчалык жакын болгон биздин Кудай-Теңирибиздей кудайы бар улуу эл барбы?

8 Мен бүгүн силерге берип жаткан мыйзамдай ушунчалык адилеттүү мыйзамдары менен көрсөтмөлөрү бар улуу эл барбы?

9 Сак бол, жаныңды бек сакта, өз көзүң менен көргөн иштерди унутпа, аларды өмүрүң өткөнчө жүрөгүңдөн чыгарба. Аларды балдарыңа, балдарыңдын балдарына үйрөт.

10 Сен Хорепте Кудай-Теңириңдин алдында турган күн тууралуу, ошондо Теңирдин мага: “Элди Мага жыйнап кел, Мен аларга сөзүмдү айтам, ал сөздөн алар жер үстүндөгү бүт өмүрүндө Менден коркуп жүрүүнү үйрөнүшөт, аны балдарына да үйрөтүшөт”, – дегенин айт.

11 Ошондо силер чогулуп келип, тоонун этегинде турдуңар. Тоо болсо асманга жете жалындап күйүп, булут жана караңгылык каптап турган.

12 Ошондо Теңир силерге от ичинен сүйлөгөн. Силер Анын сөздөрүн уктуңар, бирок бейнесин көргөн жоксуңар, силер Анын үнүн гана уктуңар.

13 Ал силер аткара турган он осуяттан турган Өзүнүн келишимин жарыялап, эки таш лоокко жазган.

14 Теңир мага ошол учурда ушул мыйзамдар менен көрсөтмөлөрдү силерге үйрөтүүнү буйруду. Аларды өзүңөр барып ээлеп ала турган жерде аткарышыңар керек.

15 Хорепте Теңир силерге от ичинен сүйлөгөн күнү Анын бейнесин көрбөгөнүңөр эсиңерден чыкпасын.

16 Бузуктук кылып, балбалдарды, эркектин же аялдын түспөлүндөгү жалган кудайларды,

17 жер үстүндө жашаган кандайдыр бир жаныбардын, асман астында учкан кандайдыр бир канаттуунун,

18 жерде сойлоп жүрүүчү кандайдыр бир сойлоочу жаныбардын, жерден төмөн жаткан суулардагы кандайдыр бир балыктын түспөлүн жасабагыла.

19 Асманды карап, күндү, айды, жылдыздарды жана асман кошуунун көрүп, аларга азгырылып, таазим кылып кызмат кылба, анткени Кудай-Теңириң аларды жер үстүндө жашаган бардык элдер үчүн жараткан.

20 Силерди болсо Теңир Өзүнүн эли кылып алыш үчүн, темир эритүүчү мештен, Мисирден, алып чыкканын өзүңөр көрүп турасыңар.

21 Теңир силердин айыңардан мага каарданып, мени Иордандын аркы өйүзүнө өткөрбөйм деп убада бергендиктен, мен эми Кудай-Теңириң сенин энчиңе берип жаткан жер соорусуна кирбейм.

22 Мен эми Иордандан ары өтпөй, ушул жерде өлөм. Силер болсо андан ары өтүп, ошол жер соорусун ээлейсиңер.

23 Кудай-Теңириңердин силер менен түзгөн келишимин унутуп, Кудай-Теңириңер буйругандай, бир нерсенин түспөлүндөгү жалган кудай жасагандан сак болгула.

24 Анткени Кудай-Теңириң – жалмап салуучу от, кызганчаак Кудай.

25 Балалуу, неберелүү болуп, жер үстүндө узак жашап калганда, бузуктук кылып, бир нерсенин түспөлүн кудай кылып алып, Кудай-Теңириңердин алдында ушундай кыянаттык кылып, Аны каардантсаңар,

26 анда силерге асман менен жерди күбө кылып айтып коёюн: Иордандан өтүп мураска ала турган жериңерден көп узабай айрыласыңар, ал жерде көпкө турбайсыңар, кырыласыңар.

27 Теңир силерди башка элдердин арасына таратып жиберет. Теңир силерди алып барган элдердин арасында азыңар гана каласыңар.

28 Ал жерде адамдардын колу менен жасалган, көрбөгөн, укпаган, тамак жебеген, жыт сезбеген, жыгачтан жана таштан жасалган кудайларга табынып каласыңар.

29 Бирок сен ал жерде Кудай-Теңириңди издесең, Аны табасың. Эгерде Аны чын жүрөгүңдөн, жан-дилиң менен издей турган болсоң, анда табасың!

30 Башыңа мүшкүл түшкөндө, айтылгандардын баары башыңа түшкөндө, акыркы күндөрдө Кудай-Теңириңе кайрылып, Ага моюн сунасың.

31 Кудай-Теңириң – боорукер Кудай, Ал сени таштабайт да өлтүрбөйт, Ал сенин ата-бабаларың менен түзгөн, анты менен бекемдеген келишимин унутпайт.

32 Кудай адамды жараткан күндөн тартып сенин убагыңа чейинки байыркы мезгилдер жөнүндө сура, асмандын бир четинен экинчи четине чейин сура: ушундай улуу иш болду беле же ушундай ишти бирөө укту беле?

33 От ичинен сүйлөгөн Кудайдын үнүн сендей болуп угуп тирүү калган эл барбы?

34 Же болбосо өзүңөр көргөндөй, силерди Мисирден жазалары, жышаандары, кереметтери, согуштары, күчтүү колу, зор коркунучу менен алып чыккан Кудай-Теңириңерге окшоп кайсы элдин кудайы өзүнүн элин башка элдин арасынан алып чыкты эле?

35 Теңир гана Кудай экенин жана Андан башка Кудай жок экенин билишиң үчүн, сага ушуларды көрсөттү.

36 Сени үйрөтүш үчүн, асмандан үнүн угузду, жерде Өзүнүн улуу отун көрсөттү, сен Анын үнүн от ичинен уктуң.

37 Ал сенин ата-бабаларыңды сүйгөндүктөн, алардын кийинки укум-тукумун – силерди тандап алып, Өзүнүн улуу күчү менен Мисирден Өзү алып чыкты.

38 Азыр көрүп турганыңдай, сенден көп, сенден күчтүү элди сенин алдыңан кууп чыгып, сени ал жерге алып барып, алардын жерин сага энчилеп берген.

39 Ошондуктан азыр Теңир гана Кудай экенин, жогорку асманда, төмөнкү жер бетинде Андан бөлөк Кудай жок экенин билип, көңүлүңө түйүп ал.

40 Кудай-Теңириң түбөлүккө берип жаткан жерде көпкө жашашың үчүн, сага да, сенден кийинки балдарыңа да жакшы болуш үчүн, азыр мен сага берип жаткан Анын мыйзамдары менен осуяттарын бек сакта».

Баш калкалай турган үч шаар жөнүндө

41 Ошондо Муса Иордандын берки өйүзүндө, күн чыгыш тарапта жайгашкан үч шаарды бөлүп койду.

42 Ал шаарларга өз жакынын мурун кас болбой туруп, кокустан өлтүрүп алган киши качып барсын. Ал төмөнкү шаарлардын бирине качып барып, тирүү калсын:

43 Рубейин уруусу жашаган түздүктөгү Бетсер шаары, Гат уруусу жашаган Гилат тоосундагы Рамот шаары, Менаше уруусу жашаган Башандагы Голан шаары.

44 Мусанын Ысрайыл уулдарына берген мыйзамы ушул.

45 Ысрайыл уулдары Мисирден чыккандан кийин, Мусанын аларга берген буйруктары, мыйзамдары, көрсөтмөлөрү ушулар.

46 Буларды Муса Мисирден чыккандан кийин, Иордандын берки өйүзүндөгү, Бейт-Пейордун каршысындагы өрөөндө Ысрайыл уулдары менен бирге Кешпондо жашаган аморлук Сихондун жерин басып алгандан кийин айткан.

47 Ошентип, алар Иордандын берки өйүзүндөгү күн чыгыш тарапта жайгашкан аморлуктардын эки падышасынын – Кешпон падышасы Сихондун жана Башан падышасы Огдун жерлерин,

48 Арнон суусунун жээгиндеги Аройерден Хермон деп аталган Сион тоосуна чейинки жерлерди,

49 Иордандын берки өйүзүндөгү чыгышты карай кеткен түздүктү Пизги тоосунун этегинде жаткан деңизге чейин ээлеп алышты.

5-БӨЛҮМ

Он осуяттын кайталанышы

1 Муса бүткүл Ысрайыл элин чакырып алып, аларга мындай деди: «Ук, Ысрайыл эли, мен бүгүн силерге айта турган көрсөтмөлөр менен мыйзамдарды уккула, аларды жаттап алгыла, аткарганга аракет кылгыла.

2 Кудай-Теңирибиз биз менен Хорепте келишим түздү.

3 Теңир ал келишимди биздин ата-бабаларыбыз менен эмес, бүгүн ушул жерде тирүү турган биз менен түздү.

4 Теңир силер менен тоодо от ичинен бетме-бет сүйлөшкөн.

5 Мен болсо ошол учурда Теңирдин сөзүн силерге жеткириш үчүн, Теңир менен силердин ортоңордо турдум, анткени силер оттон коркуп, тоого чыккан жоксуңар. Ошондо Ал мындай деген:

6 “Сени Мисир жеринен алып чыккан, кулчулуктан бошоткон Кудай-Теңириң Менмин.

7 Сенин Менден башка кудайларың болбосун.

8 Жогорку асмандагы, төмөнкү жердеги, жерден төмөн суудагы нерселерди сүрөттөп, жасалма кудай жасаба.

9 Аларга табынып кызмат кылба, анткени сенин Кудай-Теңириң Мен кызганчаак Кудаймын. Мени жек көргөндөрдүн балдарын ата-бабаларынын күнөөсү үчүн үчүнчү, төртүнчү тукумуна чейин жазалаган Кудаймын.

10 Мени сүйгөндөрдүн, Менин осуяттарымды аткаргандардын миңинчи тукумуна чейин ырайым кылган Кудаймын.

11 Кудай-Теңириңдин ысымын курулай эле айта бербе, анткени Анын ысымын курулай эле айта бергенди Теңир жазасыз калтырбайт.

12 Ишемби күндү дайыма ыйык тут, Кудай-Теңириң сага осуяттагандай, аны ыйык сакта.

13 Алты күн иштеп, ар кандай жумушуңду кыл.

14 Ал эми жетинчи күн – Кудай-Теңириңдин ишемби күнү. Ал күнү өзүң да, уулуң да, кызың да, кулуң да, күңүң да, өгүзүң да, эшегиң да, башка малың да, үйүңдөгү келгин да эч кандай жумуш кылбасын, өзүң эс алгандай, кулдарың да, күңдөрүң да эс алсын.

15 Мисир жеринде кул болгонуңду, бирок Кудай-Теңириң ал жерден сени сунулган колу, күчтүү билеги менен алып чыкканын эсиңден чыгарба, ошондуктан Кудай-Теңириң сага ишемби күндү ыйык тутууну буйруган.

16 Кудай-Теңириң берип жаткан жерде өзүңө жакшы болсун десең, өмүрүң узун болсун десең, Кудай-Теңириң сага буйругандай, атаң менен энеңди сыйла.

17 Киши өлтүрбө.

18 Ойноштук кылба.

19 Уурдаба.

20 Бирөө жөнүндө жалган ушак айтпа.

21 Жакыныңдын аялына да, үйүнө да, жерине да, кулуна да, күңүнө да, өгүзүнө да, эшегине да, эч бир нерсесине көз артпа”.

22 Бул сөздөрдү Теңир тоодо, от ичинен, булут ичинен, караңгылык ичинен катуу үн чыгара бүткүл жамаатыңарга айткан, андан башка эч нерсе айткан эмес. Ал сөздөрдү эки таш лоокко жазып, мага берген.

23 Силер караңгылык ичинен үндү укканда, тоо жалындап күйүп турган, ошондо силер уруу башчыларыңар, аксакалдарыңар менен мага келип, мындай дегенсиңер:

24 “Кудай-Теңирибиз бизге Өзүнүн даңкы менен улуулугун көрсөттү. Биз от ичинен Анын үнүн уктук. Бүгүн биз Кудайдын адам менен сүйлөшкөнүн көрдүк, ал адам тирүү калды.

25 Биз, эмне, өлүшүбүз керекпи? Эми бул коркунучтуу от бизди жалмап салат. Эгерде Кудай-Теңирибиздин үнүн дагы бир жолу уксак, өлүп калабыз.

26 От ичинен сүйлөгөн тирүү Кудайдын үнүн биздей болуп угуп тирүү калган адам барбы?

27 Сен барып, Кудай-Теңирибиз эмнени айтса, ошонун бардыгын угуп кел. Кудай-Теңирибиз сага эмнени айтса, ошонун бардыгын бизге айтып бер, биз аны угабыз жана аткарабыз”.

28 Теңир силердин мени менен сүйлөшкөндө айткан сөздөрүңөрдү угуп, мага мындай деди: “Мен бул элдин сага айткан сөздөрүн уктум, алардын айткандарынын баары жакшы.

29 Бирок алардын жүрөгү ушундай болсо кана! Менден коркуп, өмүрлөрү өткөнчө Менин осуяттарымды аткарышса, аларга да, алардын балдарына да түбөлүккө жакшы болор эле.

30 Аларга барып: «Өз чатырларыңарга кайткыла», – деп айт.

31 Сен болсо бул жерде Мени менен кал, Мен сага мыйзамдар менен көрсөтмөлөрдү айтам, сен ошол мыйзамдар менен көрсөтмөлөрдү аларга үйрөтүшүң керек. Мен аларга энчилеп берип жаткан жерде ушуларды аткарышсын”.

32 Байкагыла, Кудай-Теңириңер кандай буйрук кылса, так ошондой кылгыла. Андан оңго да, солго да бурулбагыла.

33 Кудай-Теңириңер көрсөткөн жол менен жүргүлө, ошондо тирүү калып, өз энчиңерге алган жерде жакшы жашап, узак өмүр сүрөсүңөр.

6-БӨЛҮМ

Улуу осуят

1 Силерге үйрөтүш үчүн берген Кудай-Теңириңердин осуяттары, мыйзамдары, көрсөтмөлөрү ушулар. Аларды өзүңөр ээлегени бара жаткан жерде аткаргыла.

2 Кудай-Теңириңден корккун жана узак өмүр сүрүш үчүн, мен сага осуяттап жаткан Анын мыйзамдары менен осуяттарын өзүң, балдарың, балдарыңдын балдары өмүрүңөр өткөнчө аткаргыла.

3 Ошентип, кулак сал, Ысрайыл, сенин ата-бабаларыңдын Кудай-Теңири сага берем деген, сүт менен бал аккан жерде жакшы жашап, укумдап-тукумдап көбөйүшүң үчүн, ушуларды аткарууга аракет кыл.

4 Кулак сал, Ысрайыл: силердин Кудай-Теңириңер – бир Кудай.

5 Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бардык күч-кубатың менен сүй.

6 Мен бүгүн осуяттап жаткан ушул сөздөрдү жүрөгүңдө сакта.

7 Аларды үйдө отурганыңда да, жолдо бара жатканыңда да, жатканыңда да, турганыңда да балдарыңа кайра-кайра айтып үйрөт.

8 Аларды эсиңден чыгарбаш үчүн, колуңа байлап, маңдайыңа таңып ал.

9 Аларды эшигиңдин кашектерине, дарбазаңа жазып кой.

10 Кудай-Теңириң ата-бабаларың Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка берем деп убада кылган жерге сени алып барганда, сен курбаган чоң жана кооз шаарларды,

11 сен жыйнабаган байлыкка толгон үйлөрдү, сен казбаган кудуктарды, сен тикпеген жүзүмзарларды, сен отургузбаган зайтун дарактарын берет. Сен алардан тойгончо жейсиң.

12 Ошондо байкагын, сени Мисир жеринен, кулчулуктан алып чыккан Теңирди унутпа.

13 Кудай-Теңириңден корккун, Ага гана кызмат кыл, Анын ысымы менен ант бер.

14 Башка кудайларды ээрчибегиле, тегерегиңерде жашаган башка элдердин кудайларын ээрчибегиле.

15 Анткени араңарда жашаган Кудай-Теңириңер – кызганчаак Кудай. Кудай-Теңириң сага каарданып, сени жер бетинен жок кылып салбасын.

16 Кудай-Теңириңерди Масада сынагандай сынабагыла.

17 Кудай-Теңириңдин сага берген осуяттарын, көрсөтмөлөрүн, мыйзамдарын бек сакта.

18 Теңириң ата-бабаларыңа убада кылган жер соорусуна барып, аны ээлеп алышың үчүн жана ал жерде сага жакшы болуш үчүн, Теңирге жаккан, адилеттүү, жакшы иштерди кыл.

19 Ошондо Теңир Өзү айткандай, сенин алдыңан бардык душмандарыңды кууп жиберет.

20 Эгерде сенин балаң кийин сенден: “Кудай-Теңириң берген осуяттар, мыйзамдар, көрсөтмөлөр эмнени билдирет?” – деп сураса,

21 балаңа мындай деп айт: “Биз Мисирде фараонго кул болгонбуз, бирок Теңир бизди Өзүнүн күчтүү колу менен Мисирден алып чыккан.

22 Теңир биздин көз алдыбызда Мисир жерине, фараонго, анын үйлөрүнө жышаандарды, чоң кереметтерди, көрсөткөнүн, аларды жазалаганын көрдүк.

23 Ата-бабаларыбызга убада кылган жерге бизди алып барып, ал жерди бизге бериш үчүн, бизди Мисирден алып чыкты.

24 Ошондо Кудай-Теңирибизден коркушубуз үчүн, өмүрүбүз өткөнчө бизге жакшы болуш үчүн, өмүрүбүз бүгүнкүдөй сакталып калышы үчүн, ушул мыйзамдардын баарын аткарууну буйруган.

25 Эгерде биз ушул мыйзамдардын баарын Кудай-Теңир буйругандай, Анын алдында аткарууга аракет кылсак, биздин адилеттигибиз ушунда”.

7-БӨЛҮМ

1 Кудай-Теңириң сени ээлегени бара жаткан жерге алып барганда, сенден алда канча көп жана күчтүү мына бул жети элди: хеттиктерди, гиргештиктерди, аморлуктарды, канаандыктарды, перездиктерди, хибиликтерди, жебустуктарды сенин алдыңан кууп чыгып,

2 аларды колуңа салып берет, сен аларды кырып саласың. Ошондо алардын бирин да калтырбай кырып сал, алар менен келишим түзбө, аларды аяба.

3 Алар менен куда-сөөк да болбо: кыз алышып, кыз беришпе.

4 Анткени алар сенин уулдарыңды Менден алыстатат, уулдарың башка кудайларга кызмат кылып калышат. Ошондо Теңир каарданып, силерди тез эле кырып салат.

5 Аларга мындай кылгыла: курмандык чалынуучу жайларын талкалагыла, мамыларын кулаткыла, токойчолорун кыйгыла, балбалдарын отко ыргытып, өрттөп жибергиле.

Кудайдын эли

6 Анткени сен Кудай-Теңириңдин ыйык элисиң. Жер бетиндеги бардык элдердин ичинен сен Анын Өз эли болушуң үчүн, сени Кудай-Теңириң тандап алган.

7 Теңир силерди башка элдерден көп болгонуңар үчүн тандап алган жок, силер башка элдерге караганда аз сандагы элсиңер.

8 Теңир силерди сүйгөндүктөн, силердин ата-бабаларыңарга берген убадасын аткарыш үчүн, силерди Өзүнүн күчтүү колу менен алып чыкты. Ал сени кулчулуктан, Мисир падышасы фараондун колунан куткарып алды.

9 Ошондуктан билип жүр: сенин Кудай-Теңириң – Кудай, Өзүнүн келишимин сактаган ишенимдүү Кудай. Ал Өзүн сүйгөндөрдүн жана Өзүнүн осуяттарын аткаргандардын миңинчи тукумуна чейин Өзүнүн ырайымын көрсөтөт.

10 Ал Өзүн жек көргөндөрдүн ар бирин өзүнчө жазалайт. Ал Өзүн жек көргөндүн жеке өзүн кечиктирбестен жазалайт.

11 Ошондуктан мен бүгүн сага берип жаткан осуяттарды, көрсөтмөлөрдү, мыйзамдарды аткар.

Теңирдин жеңиш убада кылышы

12 Эгерде сен ушул мыйзамдарга баш ийсең, аларды сактасаң, аткарсаң, анда Кудай-Теңириң ата-бабаларыңа убада кылгандай, Өзүнүн келишимин бек сактап, сага ырайым кылат.

13 Ал ата-бабаларыңа убада кылып, сага берген жерде сени сүйүп, сага батасын берип, укумдатып-тукумдатып көбөйтөт. Балдарыңа, жерден алган түшүмүңө, эгиниңе, жүзүмүңдүн ширесине, зайтун майыңа батасын берет, бодо малың менен майда малыңды төлдөтөт.

14 Башка элдерге караганда баталуу болосуң. Сенде тукумсуз эркек, төрөбөс аял, төлдөбөс мал болбойт.

15 Сени ар кандай оорудан алыс кылат жана Мисирдеги сен билген оор дарттардын эч бирин жолотпойт, бирок аларды сени жек көргөндөрдүн баарына жиберет.

16 Кудай-Теңириң колуңа салып берип жаткан элдерди жок кыласың. Аларды аяба, алардын кудайларына табынба, анткени алар сага жайылган тор болот.

17 Эгерде сага “Бул элдер менден алда канча көптүк кылат, аларды мен кантип кууп чыгам?” деген ой келсе,

18 алардан коркпо, Кудай-Теңириңдин фараонго жана бүткүл Мисир жерине эмне кылганын эсте.

19 Өз көзүң менен көргөн ошол улуу сыноолорду, жышаандарды, кереметтерди, Кудай-Теңириңдин сунулган колу, күчтүү билеги менен алып чыкканын эсте. Сен коркуп жаткан ал элдерге Кудай-Теңириң так ошондой кылат.

20 Тирүү калгандарды, качып кеткендерди жок кылмайынча, Кудай-Теңириң аларга чоң аарыларды жиберет.

21 Алардан коркпо, анткени сенин Кудай-Теңириң – улуу жана коркунучтуу Кудай.

22 Кудай-Теңириң ал элдерди сенин жериңден акырындык менен кууп чыгат. Талаа жырткычтары көбөйүп, сага кол салбашы үчүн, сен ал элдерди тез аранын ичинде жок кылбайсың.

23 Бирок аларды сенин колуңа Кудай-Теңириң Өзү салып берет. Аларга дүрбөлөң түшүрөт, ошондо алар кырылып жок болушат.

24 Алардын падышаларын да колуңа салып берет, сен алардын атын жер үстүнөн өчүрөсүң. Сен аларды жок кылмайынча, сенин алдыңда эч ким туруштук бере албайт.

25 Алардын жасалма кудайларын өрттөп жибергиле. Ал жасалма кудайлардагы алтын-күмүштү алам деп ойлобо, болбосо торго түшүп каласың. Бул сенин Кудай-Теңириң үчүн жийиркеничтүү.

26 Ага окшоп каргышка калбашың үчүн, андай жийиркеничтүү нерсени үйүңө жолотпо. Аны жек көр, андан жийиркен, анткени ал – каргышка калган нерсе.

8-БӨЛҮМ

Убада кылынган жер жөнүндө

1 Теңир ата-бабаларыңарга убада кылган жерге барып, аны ээлеп, тирүү калышыңар үчүн жана укумдап-тукумдап көбөйүшүңөр үчүн, мен бүгүн силерге берип жаткан осуяттардын баарын аткарууга аракет кылгыла.

2 Кудай-Теңириң сени чөлдө алып жүргөндөгү бүт жолуңду эсиңден чыгарба. Анын осуяттарын сактарыңды же сактабарыңды, жүрөгүңдө эмне бар экенин билиш үчүн, сени сынаш үчүн, сени жоошутуу үчүн алып жүргөнүнө кырк жыл болду.

3 Ал сага адам нан менен гана эмес, Теңирдин оозунан чыккан сөз менен жашарын көрсөтүш үчүн, сени жоошутту, ачкачылык менен алсыратты жана сен билбеген, сенин ата-бабаларың билбеген манна менен азыктантты.

4 Ошол кырк жылдын ичинде кийимиң жыртылган жок, бутуң шишиген жок.

5 Атасы баласын үйрөткөндөй, Кудай-Теңириң сени үйрөтүп жатканын эсиңден чыгарба.

6 Ошондуктан Кудай-Теңириңдин жолу менен жүр, Андан корк, Анын осуяттарын аткар.

7 Анткени Кудай-Теңириң сени өрөөндөрү менен тоолорунан дарыялар, булактар жана көлдөр агып чыккан,

8 буудай, арпа, жүзүм, анар жана анжыр дарактары, зайтун дарактары өскөн, бал аккан жерге алып бара жатат.

9 Ал жерде сен нанды тойгончо жеп, эч нерседен кем болбойсуң, ал жердин таштары – темир, ал жердин тоолорунан жез кенин аласың.

10 Жеп-ичип тойгонуңда, сага берген асыл жери үчүн Кудай-Теңириңе алкыш айт.

11 Байкагын, бүгүн мен сага берип жаткан Анын осуяттарын, мыйзамдарын, көрсөтмөлөрүн аткарбай койбо, Кудай-Теңириңди унутуп калба.

12 Жеп-ичип тойгонуңда жана заңгыраган үйлөрдү салып жашап жатканыңда,

13 бодо малың менен майда малың, алтының менен күмүшүң көбөйгөндө, сенде бардыгы жетиштүү болгондо,

14 байкагын, жүрөгүң текеберденип кетпесин, сени Мисир жеринен, кулчулуктан алып чыккан Кудай-Теңириңди унутуп калба.

15 Ал сени уулуу жылан, кара курт жашаган коркунучтуу ээн кара чөл менен, бир тамчы суусу жок жерлер менен алып өткөн. Ал сага аска таштан суу чыгарып берген.

16 Акырында сага жакшылык кылыш үчүн, сени жоошутуш үчүн, сыноодон өткөрүш үчүн, сени ошол чөлдө ата-бабаң билбеген манна менен азыктанткан.

17 Ичиңден: “Ушул байлыкты өз колум менен, өз күчүм менен таптым”, – деп айтпа,

18 Кудай-Теңириңди эсиңден чыгарба, сенин ата-бабаларыңа ант берип түзгөн Өзүнүн келишимин аткарыш үчүн, байлык тапканга күч-кубатты сага Ал берип жатат.

19 Эгерде сен Кудай-Теңириңди унутуп, башка кудайларды ээрчип кетсең, аларга табынып, кызмат кылсаң, мен азыр эле айтып коёюн: сен кырылып жок болосуң.

20 Кудай-Теңириңдин үнүн укпаганың үчүн, Теңир сенин алдыңда жок кылып жаткан элдерге окшоп, сен да жок болосуң.

9-БӨЛҮМ

1 Кулак сал, Ысрайыл, көк тиреген чептүү чоң шаарлары бар, сенден алда канча көп жана күчтүү элди басып алыш үчүн, сен азыр Иордандын аркы өйүзүнө өтүп бара жатасың.

2 Ал эл – саны көп, узун бойлуу Анактын уулдары. Сен алар жөнүндө билесиң жана “Анактын уулдарына ким каршы тура алат?” деген сөздү угуп жүрөсүң.

3 Билип кой азыр, Кудай-Теңириң бардыгын жалмап жиберүүчү оттой болуп, сенин алдыңда бара жатат. Теңир аларды кырат, сага багынтып берет; Теңир сага айткандай, сен аларды кууп жибересиң, тез эле кырып саласың.

4 Кудай-Теңириң аларды сен үчүн кууп чыкканда, өз жүрөгүңдө: “Адил болгонум үчүн Теңир мени бул жерге ээ кылды, мыйзамсыз болгону үчүн Теңир бул элди менин алдыман кууп чыгарып жатат”, – деп айтпа.

5 Сен алардын жерин адил болгонуң үчүн, жүрөгүң таза болгону үчүн мурастаганы бара жаткан жоксуң. Бирок сенин Кудай-Теңириң ал элдерди мыйзамсыз иштери үчүн жана сенин ата-бабаң Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка берген убадасын аткарыш үчүн, сенин алдыңан кууп жатат.

6 Ошондуктан билип кой, Кудай-Теңириң бул жер соорусун сага адил болгондугуң үчүн берип жаткан жок, сен тоң моюн элсиң.

7 Кудай-Теңириңди чөлдө канча жолу каардантканыңды эсиңден чыгарба, Мисир жеринен чыккан күндөн тартып, дал ушул жерге келгенге чейин, Теңирге моюн сунган жоксуң.

8 Хорепте да силер Теңирди каарданткансыңар, ошондо Ал каарданып, силерди кырып салгысы келген.

9 Мен Теңирдин силер менен түзгөн келишими жазылган лоокторун, таш лоокторду, алганы тоого чыгып, нан жебей, суу ичпей, ал тоодо кырк күн, кырк түн болдум.

10 Ошондо Теңир мага Өз сөөмөйү менен жазган эки таш лоокту берди. Алардын бетине силер тоого чогулуп келген күнү Теңирдин силерге от ичинен айткан сөздөрү жазылган.

11 Кырк күн, кырк түн өткөндөн кийин, Теңир мага келишим жазылган эки таш лоокту берди.

12 Анан Теңир мага: “Тоодон тезирээк түш, анткени Мисирден алып чыккан элиң бузулду. Ал Мен көрсөткөн жолдон тез эле бурулуп кетти, ал өзүнө буркан жасап алды”, – деди.

13 Анан Теңир мага дагы мындай деди: “Мен бул элди билем, ал – тоң моюн эл.

14 Мени токтотпо, Мен аны жок кылам, анын атын жер үстүнөн өчүрөм. Сенден болсо андан алда канча көп, күчтүү эл чыгарам”.

15 Ошондо мен тоодон кайтып келдим. Тоо болсо жалындап күйүп жатты. Келишим жазылган эки таш лоок эки колумда эле.

16 Мен силердин алтындан музоо куюп, Теңир көрсөткөн жолдон тез эле бурулуп, Кудай-Теңириңерге каршы күнөө кылганыңарды көрдүм.

17 Ошондо мен эки колумдагы эки таш лоокту силердин көзүңөрчө жерге ыргытып, талкалап салдым.

18 Анан Теңирдин алдына жыгылып, силердин Теңирге жакпаган иш кылып, Аны каардантып, күнөөгө батканыңар үчүн, мен нан жебей, суу ичпей, мурункудай эле кырк күн, кырк түн сыйындым.

19 Анткени Теңирдин каарданып, силерди жок кылып салгысы келгенинен корктум. Теңир мени бул жолу да укту.

20 Теңир Арунга да каарданып, аны өлтүргүсү келди, бирок мен ошол учурда Арун үчүн да сыйындым.

21 Силердин күнөөңөрдү – силер жасаган музоону алып, отко өрттөп салдым. Мен аны талкалап, топурактай майдалап, тоодон түшкөн сууга чачып жибердим.

22 Силер Теңирди Табейрада да, Масада да, Киброт-Атаапта да каарданттыңар.

23 Теңир силерди Кадеш-Барнейиден: “Баргыла да, Мен силерге берген жерди ээлеп алгыла”, – деп жөнөткөндө, силер Кудай-Теңириңердин буйругуна каршы болдуңар, Ага ишенген жоксуңар, Анын үнүн укпай койдуңар.

24 Мен силерди билген күндөн бери силер Теңирге баш ийбей келе жатасыңар.

25 Ошондо мен Теңирдин алдына жыгылып, кырк күн, кырк түн жалынып сыйындым, анткени Теңир силерди кырып салгысы келген.

26 Мен Теңирге мындай деп сыйындым: “О Эгедер Теңирим, Өз элиңди, Өз энчиңди жок кыла көрбө, Сен ал элди улуу кудуретиң менен куткарып, Мисирден күчтүү колуң менен алып чыккансың.

27 Өзүңдүн кулдарың Ыбрайым, Ыскак, Жакыпты эстегин. Бул элдин тоң моюндугуна, бузулгандыгына, күнөөсүнө караба.

28 Сен бизди алып чыккан жерде жашагандар: «Теңир Өзү убада кылган жерге алып бара алган жок, аны жек көргөндүктөн, чөлдө өлтүрүп салыш үчүн алып чыккан», – деп айтпасын.

29 Алар Сенин элиң, Сенин энчиң, Сен аларды Өзүңдүн сунулган колуң, күчтүү билегиң менен Мисир жеринен алып чыккансың”.

10-БӨЛҮМ

Жаңы таш лооктор

1 Ошол учурда Теңир мага мындай деди: “Мурунку таш лоокторго окшош эки таш лоок жасагын да, тоого чыгып, Мага кел. Жыгачтан сандык жаса.

2 Ал таш лоокторго сен сындырган мурунку таш лоокторго жазылган сөздөрдү жазып берем. Сен аларды сандыкка салып кой”.

3 Ошондо мен акация жыгачынан сандык жасадым да, мурункудай эки таш лоок жасап алып, тоого чыктым. Ал эки таш лоок менин колумда эле.

4 Теңир ал таш лоокторго силер чогулуп келген күнү тоодо от ичинен айткан, мурунку таш лоокторго жазылган он осуятты жазып, аларды мага берди.

5 Анан мен артка кайрылып, тоодон түшүп келдим да, Теңир мага буйругандай, таш лооктор сандыкта болушу үчүн, аларды өзүм жасаган сандыкка салдым.

6 Анан Ысрайыл уулдары Бейрот-Беней-Жаакандан чыгып, Мосейрага жөнөштү. Арун ошол жерде көз жумуп, ошол жерге коюлду. Анын ордуна уулу Элазар ыйык кызмат кылуучу болду.

7 Ал жерден Гуткотко жөнөштү, Гуткоттон Жотпатка, дарыялуу жерге келишти.

8 Теңир ошол учурда Леби уруусун Өзүнүн келишим сандыгын көтөрүп жүрүшү үчүн, Өзүнүн алдына келип турушу үчүн, Өзүнө кызмат кылып, Өзүнүн атынан бата берип турушу үчүн бөлүп койду, бул ушул күнгө чейин ошондой.

9 Ошондуктан лебилерге бир туугандары менен кошо үлүш тийген жок. Кудай-Теңириң ага Өзү убада кылгандай, анын энчиси – Өзү.

10 Мен тоодо мурункудай эле кырк күн, кырк түн болдум, Теңир мени бул жолу да укту. Ошентип, Теңир сени жок кылбай турган болду.

11 Ошондо Теңир мага мындай деди: “Тур, бул элдин алдына түшүп, жолго чык. Алар барып, Мен ата-бабаларына берем деп убада кылган жерди ээлеп алышсын”.

12 Ошентип, Ысрайыл, Кудай-Теңириң сенден эмнени талап кылып жатат? Теңир сенден, болгону, Кудай-Теңириңден коркушуңду, Анын жолдору менен жүрүшүңдү, Аны сүйүшүңдү, Ага чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен кызмат кылышыңды,

13 өзүңө жакшы болуш үчүн, мен бүгүн берип жаткан Анын мыйзамдары менен осуяттарын сакташыңды талап кылып жатат.

14 Анткени асман жана асмандардын асманы, жер жана андагынын бардыгы Кудай-Теңириңдин колунда.

15 Азыр өзүңөр көрүп тургандай, Теңир башка элдердин ичинен силердин ата-бабаларыңарды гана сүйүп, алардын тукуму болгон силерди тандап алган.

16 Ошондуктан жүрөгүңөрдү сүннөткө отургузгула, мындан ары тоң моюн болбогула.

17 Анткени силердин Кудай-Теңириңер – кудайлардын Кудайы, эгедерлердин Эгедери, улуу, кудуреттүү, коркунучтуу Кудай. Ал адамдын жүзүнө карабайт, белек албайт.

18 Ал жетим менен жесирге калыс карайт, келгинди жакшы көрүп, ага нан берип, кийим кийгизет.

19 Силер да келгинди сүйгүлө, анткени өзүңөр да Мисир жеринде келгин болгонсуңар.

20 Кудай-Теңириңден корк, жалгыз Ага кызмат кыл. Ага жабышып, Анын аты менен ант бер.

21 Ал сенин даңазаң, Ал – өз көзүң менен көргөн ошол улуу жана коркунучтуу иштерди сен үчүн кылган Кудай.

22 Сенин ата-бабаларың Мисирге жетимиш жан болуп барган, азыр болсо Кудай-Теңириң сени асмандагы жылдыздардай сансыз кылып көбөйттү.

11-БӨЛҮМ

Кудайдын сөзүн аткаргандарга бата, аткарбагандарга каргыш

1 Кудай-Теңириңди сүй, Анын аткар деп берген көрсөтмөлөрүн, мыйзамдарын, осуяттарын өмүрүң өткөнчө аткар.

2 Бүгүн билип койгула, силердин балдарыңар Кудай-Теңириңердин жазаларын, улуулугун, сунулган колу менен күчтүү билегин,

3 Мисирде Мисир падышасы фараонго, анын бүт жерине көрсөткөн кереметтери менен иштерин,

4 Мисир аскерлери силердин артыңардан кууп келгенде, аларды аттары, майдан арабалары менен кошо Кызыл деңизге чөктүрүп, толугу менен жок кылганын,

5 силер бул жерге жеткиче, чөлдө силер үчүн эмне кылганын,

6 Рубейин уулу Элийаптын уулдары Датан менен Абырамды эмне кылганын, аларды жана алардын үй-бүлөлөрүн чатырлары, болгон мал-мүлктөрү менен кошо Ысрайыл элинин көз алдында жер араанын ачып жутуп алганын билишкен эмес, көрүшкөн эмес.

7 Силер болсо Теңирдин бардык улуу иштерин өз көзүңөр менен көргөнсүңөр.

8 Күч алып, ээлегени бара жаткан жериңерди ээлеп алышыңар үчүн,

9 Теңир ата-бабаларыңарга жана алардын укум-тукумуна берем деп убада кылган, сүт менен бал аккан жерде узак жашашыңар үчүн, мен бүгүн силерге берип жаткан Анын бардык осуяттарын аткаргыла.

10 Анткени сен ээлегени бара жаткан жер сен чыккан Мисир жериндей эмес. Мисирде сен үрөн сээп, аны бутуңду тындырбай, зайтун багын сугаргандай сугарчусуң.

11 Ал эми силер ээлегени бара жаткан жер – тоолуу, өрөөндүү, жамгыр менен сугарылган жер.

12 Ал жер – Кудай-Теңириң кам көргөн жер. Кудай-Теңириңдин көзү жылдын башынан аягына чейин ошол жерде.

13 Эгерде силер Мен бүгүн берип жаткан осуяттарды уксаңар, Кудай-Теңириңерди сүйсөңөр, Ага чын жүрөгүңөр менен, жан-дилиңер менен кызмат кылсаңар,

14 анда жериңерге кеч күздөгү, эрте жаздагы жамгырды өз учурунда жаадырып турам. Ошондо сен түшүм жыйнап, жүзүм ширесин, зайтун майын алып турасың.

15 Талааңа малың үчүн чөп өстүрөм. Тамак-ашың мол болот.

16 Сак болгула, жүрөгүңөр азгырылып, четтеп кетпегиле, башка кудайларга кызмат кылып, аларга табынып кетпегиле.

17 Ошондо Теңир силерге каарданып, асманды бекитип салат да, жамгыр жаабай калат. Жер түшүм бербей калат, Теңир берип жаткан асыл жерде тез эле кырылып каласыңар.

18 Ошондуктан Менин бул сөздөрүмдү көңүлүңөргө түйүп, эсиңерден чыгарбагыла. Унутпаш үчүн, аларды колуңарга жана чекеңерге байлап алгыла.

19 Аларды балдарыңа үйрөт, аларды үйдө отурганыңда да, жолдо баратканыңда да, жатканыңда да, турганыңда да айт.

20 Аларды эшигиңдин кашектерине жана үйүңдүн дарбазасына жазып кой.

21 Ошондо асман жер үстүндө канча күн турса, Кудай-Теңириңер ата-бабаларыңарга берем деп убада кылган жерде силердин өмүрүңөр жана балдарыңардын өмүрү ошончо көп күн болот.

22 Эгерде мен силерге аткар деп берген ушул осуяттардын баарын аткарсаңар, Кудай-Теңириңерди сүйсөңөр, Анын жолдору менен жүрсөңөр жана Ага жабышсаңар,

23 анда Теңир ушул элдердин баарын силердин алдыңардан кууп чыгат. Ошондо силер өзүңөрдөн алда канча көп жана күчтүү элди басып аласыңар.

24 Таманыңар баскан жердин баары силердики болот. Чөлдөн Лебанонго чейин, Эфрат дарыясынан Жер ортолук деңизине чейин силердин жериңер болот.

25 Силерге эч ким каршы тура албайт. Кудай-Теңириңер таманыңар баскан жердин баарына Өзү айткандай коркунуч каптатат.

26 Мына, мен силерге бүгүн батаны жана каргышты сунуш кылып жатам:

27 эгерде Кудай-Теңириңердин мен бүгүн берип жаткан осуяттарын аткарсаңар, бата аласыңар;

28 эгерде Кудай-Теңириңердин мен бүгүн берип жаткан осуяттарын аткарбасаңар, жолдон чыгып, өзүңөр билбеген башка кудайларды ээрчисеңер, каргышка каласыңар.

29 Ээлеп алыш үчүн бара жаткан жериңе Кудай-Теңириң алып барганда, Гаризим тоосунда бата сөздөрүн айт, ал эми Эйбал тоосунда каргыш сөздөрүн айт.

30 Ал тоолор Иордандын аркы өйүзүндө, күн батыш тарапта, Море токоюна жакын Гилгалдын каршысындагы түздүктө жашаган канаандыктардын жеринде.

31 Анткени Кудай-Теңириңер берип жаткан жерге барып, аны ээлеп алыш үчүн, Иордандан өтөсүңөр, анан ал жерди ээлеп, анда жашап каласыңар.

32 Ошондуктан Анын мен бүгүн силерге берип жаткан көрсөтмөлөрү менен мыйзамдарын аткарганга аракет кылгыла.

12-БӨЛҮМ

Кудайга табынуучу жер

1 Ата-бабаларыңдын Кудай-Теңири энчиңе берген жерде жашап жатканыңда, өмүрүң өткөнчө аткарууга аракет кыла турган көрсөтмөлөр менен мыйзамдар мына булар:

2 силер ээлей турган жердеги элдердин бийик тоолордогу, дөңсөөлөрдөгү жана жашыл дарактардын түбүндөгү кудайларына сыйынган жерлерин жок кылгыла.

3 Алардын курмандык чалынуучу жайларын кыйраткыла, мамыларын талкалагыла, мазар теректерин өрттөгүлө, жасалма кудайларын талкалагыла, ал жерлерден алардын атын өчүргүлө.

4 Силер өзүңөрдүн Кудай-Теңириңерге алардай табынбашыңар керек.

5 Бирок Кудай-Теңириңер бардык урууларыңдын ичинен тандап алган, Анын ысымы бар болуп турган жерге кайрылгыла, ошол жерге келгиле.

6 Ошол жерге бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңарды, курмандыктарыңарды, ондуктарыңарды, өйдө көтөрө турган курмандыктарыңарды, убада боюнча алып келүүчү курмандыктарыңарды, өз каалооңор боюнча алып келүүчү курмандыктарыңарды, бодо жана майда малыңардын биринчи төлүн алып келгиле.

7 Аларды ошол жерде, Кудай-Теңириңердин алдында жегиле, колуңар менен кылган, Кудай-Теңириңер батасын берген иштериңердин жемишине өз үй-бүлөңөр менен бирге кубангыла.

8 Азыр бул жерде ар бирибиз өзүбүзгө эмне туура көрүнсө, ошону кылып жатабыз, бирок силер ал жерде андай кылбашыңар керек.

9 Анткени Кудай-Теңириңер берип жаткан бейпил жерге кире элексиңер.

10 Бирок Иордандан өтүп, Кудай-Теңириңер энчиңерге берип жаткан жерге отурукташканыңарда, Теңир тегерегиңерде жашаган бардык душмандарыңардан куткарып, силерге тынчтык бергенде, бейкут жашайсыңар.

11 Ошондо Кудай-Теңириңер Өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн кайсы жерди тандап алса, ошол жерге мен силерге осуяттагандардын бардыгын: бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыңарды, курмандыктарыңарды, ондуктарыңарды, өйдө көтөрө турган курмандыгыңарды, Теңирге убада кылган, убада боюнча алып келүүчү курмандыктарыңардын тандалмаларын алып келгиле.

12 Ошол жерде, Кудай-Теңириңердин алдында балдарыңар, кыздарыңар, кулдарыңар, күңдөрүңөр жана силердин араңарда жашаган лебилер менен бирге көңүл ачкыла, анткени лебилерге силер менен кошо үлүш бөлүнгөн эмес.

13 Байкагын, көрүнгөн жерге эле бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңды алып келе бербе.

14 Урууларыңдын ичинен Теңир Өзү кайсы жерди тандап алса, ошол жерге гана алып кел. Ошол жерге бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңды алып келип, мен сага осуяттагандын бардыгын жаса.

15 Бирок кайсы жерде жашасаң да, Кудай-Теңириң берген малды каалашыңча Кудай-Теңириңдин батасы менен союп жесең болот. Ал мал жейрен болобу, бугу болобу, аны таза да, таза эмес да адам жесе болот.

16 Канын гана жебегиле, аны суу төккөндөй эле жерге төгүп салгыла.

17 Эгиниңдин, шарабыңдын, зайтун майыңдын ондон бир бөлүгүн, бодо жана майда малыңдын биринчи төлүн, убада кылган, убада боюнча алып келүүчү курмандыктарыңды, өз каалооң боюнча алып келүүчү курмандыктарыңды, өйдө көтөрө турган курмандыктарыңды үйүңдө жебе.

18 Аларды Кудай-Теңириң тандап алган жерде – Теңирдин алдында балдарың, кыздарың, кулдарың, күңдөрүң жана шаарыңда жашаган лебилер менен жеп, Кудай-Теңириңдин алдында өз колуңдун эмгеги үчүн көңүл ач.

19 Байка, өзүң жашаган жерде лебилерди өмүрүң өткөнчө таштаба.

20 Кудай-Теңириң Өзү айткандай, жериңди кеңейткенде, эт жегиң келип: “Эт жегим келип жатат”, – десең, анда каалашыңча же.

21 Кудай-Теңириң Өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн тандап алган жер сенден алыс болсо, анда мен буйругандай, Теңир берген бодо жана майда малыңдан союп, каалашыңча үйүңдө жей бер.

22 Бирок аларды жейрен менен бугуну союп жегендей же. Аны таза да, таза эмес да адам жесе болот.

23 Бирок канын жебе, себеби кан – бул жан. Жанын эти менен кошо жебе.

24 Канын жебе, аны суу төккөндөй эле жерге төгүп сал.

25 Теңирге жаккан иш кылгың келсе, аны жебе, ошондо өзүңө да, өзүңдөн кийинки балдарыңа да жакшы болот.

26 Теңир тандап алган жерге өзүңдүн ыйык нерселериңди жана убада боюнча алып келүүчү курмандыктарыңды гана алып келсең болот.

27 Ошол жерде бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыгыңды чал. Анын каны менен этин Кудай-Теңириңе, курмандык чалынуучу жайга алып кел. Бирок башка курмандыктарыңдын канын Кудай-Теңириңе курмандык чалынуучу жайдын жанына төгүп сал, этин болсо же.

28 Кудай-Теңириңе жаккан жакшы иштерди кылам десең, өзүңө жана өзүңдөн кийинки балдарыңа түбөлүккө жакшы болсун десең, анда мен айтып жаткан ушул сөздөрдүн баарын угуп, аткар.

29 Сен ээлегени бара жаткан жердеги элдерди Кудай-Теңириң сенин алдыңдан жок кылганда, ал жерлерди ээлеп алып, отурукташып каласың.

30 Ошондо сак бол, аларды жок кылгандан кийин, алардын жолун жолдоп, торго түшүп калба, алардын кудайларын издеп, “Бул элдер өз кудайларына кандай табынышса, мен да ошондой табынам” дебе.

31 Кудай-Теңириңе андай кылба, анткени алар өз кудайларына Теңир жийиркенген, жек көргөн нерселерди кылышат. Алар кудайларына арнап балдары менен кыздарын отко өрттөшөт.

32 Мен осуяттагандардын бардыгын аткарганга аракет кылгыла. Аларга эч нерсе кошпогула да, алардан эч нерсе албагыла.

13-БӨЛҮМ

Жалган пайгамбарларды айырмалай билүү жана аларды жазалоо

1 Эгерде силердин араңардан пайгамбар же түш жоругуч чыгып, силерге жышаан же керемет көрсөтө турган болсо,

2 ал айткан жышаан же керемет аткарылса, анан ал: “Жүр, сен билбеген башка кудайларга барабыз, ошолорго табынабыз”, – дей турган болсо,

3 анда ал пайгамбардын же ал түш жоругуч адамдын сөздөрүн укпа, анткени Кудай-Теңириңер Өзүн чын жүрөгүңөр, жан-дилиңер менен сүйөр-сүйбөсүңөрдү билиш үчүн, силерди ушул аркылуу сынап жатат.

4 Кудай-Теңириңердин жолу менен жүргүлө, Андан корккула. Анын осуяттарын аткаргыла, Анын үнүн уккула, Ага кызмат кылгыла, Ага жабышкыла.

5 Силерди Мисир жеринен алып чыгып, кулчулуктан куткарган Кудай-Теңириңерден четтөөгө үндөгөнү үчүн, Кудай-Теңириң осуяттаган жолдон чыгарууга аракет кылганы үчүн, ал пайгамбарды же түш жоругучту өлүм жазасына тартуу керек. Өз ичиңдеги жамандыкты ушинтип жок кыл.

6 Эгерде сени бир тууганың, энеңдин уулу, же уулуң, же кызың, же жаныңда жаткан аялың, же жаныңдай көргөн жан досуң: “Жүр, сен да, ата-бабаларың да билбеген башка кудайларга табынабыз”, – деп,

7 сенин тегерегиңдеги, жакын же алыс жашаган, жердин бир четинен экинчи четине чейин жашаган элдердин кудайларына жашыруун азгырса,

8 анда ага макул болбо, анын сөзүн укпа. Аны кечирбе, аяба, жашырып койбо.

9 Аны өлтүрүп сал. Аны өлтүрүүгө баарынан мурун сен кол көтөрүшүң керек, андан кийин бүт эл кол көтөрсүн.

10 Аны таш бараңга алып өлтүр, анткени ал сени Мисир жеринен, кулчулуктан алып чыккан Кудай-Теңириңден алыстатууга аракет кылды.

11 Муну бүткүл Ысрайыл эли угуп, коркуп калат да, ошондон кийин сенин ичиңде андай жамандыкты кылбай калат.

12 Эгерде Кудай-Теңириң сага жашаганга берип жаткан шаарлардын биринен,

13 сенин элиңдин ичинен бузулган адамдар чыгып, шаардын тургундарын азгырып: “Жүргүлө, силер билбеген башка кудайларга табынабыз”, – дегенин уксаң,

14 анда издеп, иликтеп, жакшылап сура. Эгерде бул жийиркеничтүү иш араңарда чыны менен болсо,

15 анда ал шаардын тургундарын кылычтап кырып сал, малын, эмнеси болсо, ошонун бардыгын жок кыл.

16 Бардык олжону аянттын ортосуна чогулт, шаарды бардык олжо менен кошо Кудай-Теңириңе арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык катары өрттөп сал. Ал шаар түбөлүккө урандыга айлансын, эч качан кайрадан курулбасын.

17 Каргышка калган нерселерден эч нерсе алба, ошондо Теңир Өзүнүн каарын токтотуп, ата-бабаларыңа убада кылгандай, сага ырайым кылып, укумдатып-тукумдатып көбөйтөт.

18 Эгерде Кудай-Теңириңди уксаң, мен бүгүн сага берип жаткан осуяттардын бардыгын аткарсаң, Теңирге жаккан иштерди кылсаң, Ал ушул айткандарын аткарат.

14-БӨЛҮМ

Бутпарастардын аза күтүү салттарын туурабоо жөнүндө

1 Силер Кудай-Теңириңердин балдарысыңар. Өлгөндөр үчүн аза күткөнүңөрдү билдирип, денеңерге так салбагыла, чачыңарды кыркпагыла.

2 Анткени сен Кудай-Теңириңдин ыйык элисиң. Сени Теңир жер үстүндөгү бардык элдердин ичинен Өз эли болушуң үчүн тандап алган.

Тамак жөнүндө мыйзам

3 Эч кандай арам нерсе жебегиле.

4 Силер жей турган мал мына булар: уй, кой, эчки,

5 бугу, жейрен, топоз, элик, зубр, багыш, тоо теке.

6 Ача туяктуу, салаасы терең, кепшеген жаныбарларды жесеңер болот.

7 Бирок кепшеген, ача туяктуу, салаасы терең жаныбарлардын ичинен төөнү, коёнду, суурду жебегиле, анткени алар кепшегени менен, ача туяктуу эмес, силер үчүн алар арам болуп эсептелет.

8 Чочкону да жебегиле, анткени ал ача туяктуу болгону менен кепшебейт. Ал силер үчүн арам. Алардын этин жебегиле, өлүгүнө колуңарды тийгизбегиле.

9 Сууда жашаган жаныбарлардын ичинен сүзө турган канаты жана кабырчыгы бар жаныбарлардын бардыгын жесеңер болот.

10 Ал эми канаты менен кабырчыгы жок жаныбарларды жебегиле. Алар силер үчүн арам.

11 Адал канаттуулардын баарын жегиле.

12 Бирок алардын ичинен буларды жебешиңер керек: бүркүт, жору, суу бүркүтү,

13 кулаалы, шумкар, ылаачын жана анын түрлөрү,

14 карга жана анын түрлөрү,

15 төө куш, үкү, чардак, туйгун жана анын түрлөрү,

16 чекир көз үкү, ибис, ак куу,

17 биргазан, ак кажыр, балыкчы куш,

18 көк кытан, илегилек жана анын түрлөрү, сасык үпүп, жарганат.

19 Канаты бар курт-кумурскалардын баары силер үчүн арам. Аларды жебегиле.

20 Адал канаттуулардын баарын жегиле.

21 Эч бир жаныбардын өлүгүн жебегиле. Аны силердин араңарда жашаган бөтөн жерликке бер, ошол жесин, же ошого сат, анткени сен Кудай-Теңириңдин ыйык элисиң. Улакты энесинин сүтүнө бышырба.

Ондук жөнүндө мыйзам

22 Жыл сайын алган түшүмүңдүн ондон бир бөлүгүн бөлүп кой.

23 Кудай-Теңириң Өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн тандап алган жерде эгиниңдин, жүзүмүңдүн ширесинин, зайтун майыңдын ондон бир бөлүгүн, бодо жана майда малыңдын биринчи төлүн же, Кудай-Теңириңден өмүрүң өткөнчө коркуп жүрүүнү ошентип үйрөнөсүң.

24 Кудай-Теңириң Өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн, сага батасын бериш үчүн тандап алган жер сенден алыс болуп, ушуларды алып бара албасаң, сен үчүн жол алыс болсо,

25 анда аларды күмүшкө алмаштырып, Кудай-Теңириң тандап алган жерге алып кел.

26 Ал жерден күмүштөрүңө эмне кааласаң, ошону: өгүз болобу, кой болобу, шарап болобу, күчтүү ичимдик болобу, сатып ал. Аларды Кудай-Теңириңдин алдында үй-бүлөң менен бирге ичип-жеп көңүл ач.

27 Сени менен жашаган лебилерди таштаба, анткени алар сени менен бирге үлүш алышкан жок.

28 Yч жыл өткөндөн кийин, ошол жылы алган түшүмүңдүн ондон бир бөлүгүн кампаларыңа сал.

29 Аны лебилер келип алсын, анткени аларга сени менен кошо үлүш бөлүнгөн жок. Сенин жаныңда жашаган келгиндер, жетимдер, жесирлер тойгончо жешсин, ошондо Кудай-Теңириң ар бир ишиңе батасын берет.

15-БӨЛҮМ

Жетинчи жыл

1 Жетинчи жылы кечирим кыл.

2 Кечирим төмөнкүлөрдү камтыйт: жакынына же бир тууганына карыз берген ар бир адам карызын кечирсин, төлөтүп албасын, анткени ал кечирим Теңир үчүн жарыяланган.

3 Бөтөн жерликтен төлөтүп ал, ал эми бир тууганыңа берген карызыңды кечир.

4 Сен жашаган жерде жакырлар болбойт, анткени мурастап алышың үчүн энчиңе берип жаткан жерге Кудай-Теңириң батасын берет.

5 Эгерде бүгүн мен сага берип жаткан осуяттардын бардыгын аткарып, Кудай-Теңириңдин үнүн уга турган болсоң,

6 Кудай-Теңириң Өзү айткандай, батасын берет, ошондо сен көп элдерге карыз бересиң, өзүң карыз албайсың. Көп элдерге үстөмдүк кыласың, алар сага үстөмдүк кылышпайт.

7 Эгерде Кудай-Теңириң сага берип жаткан жерде сага жакын жашаган бир туугандарыңдын ичинен кимдир бирөө жакыр болсо, анда жакыр бир тууганыңа таш боор болбо, колуңду жумба.

8 Колуңду ачып, анын муктаждыгына жараша карыз бер.

9 Сак бол, сага “Жетинчи жыл жакындап келе жатат, ал – кечирим жылы” деген жаман ой келип, жакыр бир тууганыңа кайрымсыз болуп, кечирим кылбай койбо, болбосо ал сага нааразы болуп, Теңирге боздоп жиберет, ошондо сен күнөөкөр болуп каласың.

10 Ага карыз бер, карыз берип жатканда, ичиң оорубасын. Ошондо Кудай-Теңир сенин бардык иштериңе, кыла турган иштериңе батасын берет.

11 Анткени жардылар сенин жериңде дайыма болот, ошондуктан мен сага буйрук кылам: өз жериңдеги бир тууганыңа, жакырга колуң дайыма ачык болсун.

12 Эгерде сенин бир тууганың эврей же эврей аял өзүн сага сата турган болсо, анда ал сага алты жыл кул болсун, ал эми жетинчи жылы аны боштондукка чыгар.

Кулдар жөнүндө

13 Сен аны боштондукка чыгарганыңда, куру кол чыгарба.

14 Ага Кудай-Теңириң батасын берген малыңдан, эгиниңден, жүзүмүңдүн ширесинен бер.

15 Сен да Мисир жеринде кул болгонуңду, Кудай-Теңириң сени куткарып алганын эсиңден чыгарба. Ошондуктан мен ушуну бүгүн сага осуяттап жатам.

16 Ал кул сенин үйүңдө жакшы жашагандыктан, сага: “Сеникинен кетпейм, себеби мен сени жана сенин үйүңдү жакшы көрөм”, – десе,

17 анда шибеге алып, ал кулду эшиктин кашегине алып барып, кулагын көзөп кой. Ошондо ал түбөлүккө сенин кулуң болуп калат. Күңүңдү да ошондой кыл.

18 Аны боштондукка чыгаруу сен үчүн оор болбосун, анткени ал сага алты жылдын ичинде жалданма жумушчудан эки эсе көп иштеп берди. Ошондо сенин кыла турган ишиңдин бардыгына Кудай-Теңириң батасын берет.

Биринчи төл жөнүндө

19 Бодо жана майда малыңдын биринчи эркек төлүнүн бардыгын Кудай-Теңириңе арна. Өгүздүн биринчи төлүн жумушка чекпе, майда малыңдын биринчи төлүн кыркпа.

20 Аларды Теңир тандап алган жерде жыл сайын үй-бүлөң менен союп же.

21 Эгерде алардын кемчилиги болсо, аксак же сокур болсо, же башка кемчилиги болсо, анда андай малды Кудай-Теңириңе курмандыкка чалба.

22 Аны өз үйүңдө же. Жейрендин же бугунун этин жегендей эле, аны таза эмес да, таза да адам жей берсе болот.

23 Анын канын гана жебе, аны суу төккөндөй эле жерге төгүп сал.

16-БӨЛҮМ

Пасах майрамын өткөрүү жөнүндө

1 Абыт айын эсиңден чыгарба, ушул айда Кудай-Теңириңе арнап Пасах майрамын өткөр, себеби Кудай-Теңириң сени Мисирден Абыт айында, түн ичинде алып чыккан.

2 Теңириң Өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн тандап алган жерде Кудай-Теңириңе арнап, Пасах курмандыгына бодо же майда малдан сой.

3 Аны ачыган нерсе менен жебе, аны “оор күндүн наны” деп аталган ачыткысыз нан менен жети күн же, анткени сен Мисир жеринен шашылыш чыккансың, Мисир жеринен чыккан күндү өмүрүң өткөнчө эсиңден чыгарба.

4 Жети күн бою сенин жериңде эч кимдин үйүндө ачыган нерсе болбосун, биринчи күнү кечинде алып келген курмандыгыңдын этинен эртең мененкиге калбасын.

5 Теңириң берген жерде жашап жатканыңда, Пасах курмандыгын өзүң каалаган жерде сойбо.

6 Пасах курмандыгын күн батканда, Мисирден кайсы убакта чыксаң, так ошол убакта, Кудай-Теңириң Өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн тандап алган жерде гана сой.

7 Аны бышырып, Кудай-Теңириң тандап алган жерде же, эртеси үйүңө кайтып кел.

8 Алты күн бою ачыткысыз нан же, ал эми жетинчи күндү Кудай-Теңириңе арнап майрамда. Эч кандай жумуш кылба.

Жумалар майрамы жана Алачыктар майрамы жөнүндө

9 Түшүм жыйнай баштаган күндөн тартып жети жума эсепте.

10 Анан Кудай-Теңириңе арнап Жети күндүк майрам өткөр. Кудай-Теңириңдин бергенине жараша, Ага өз каалооң менен бер.

11 Кудай-Теңириң Өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн тандап алган жерде балаң, кызың, кулуң, күңүң менен, силер менен жашаган лебилер менен, араңарда жашаган келгиндер, жетимдер, жесирлер менен бирге көңүл ачкыла.

12 Мисирде кул болгонуңду эсиңден чыгарба жана бул мыйзамдарды аткар.

13 Эгиниңди жыйнап, жүзүмүңдүн ширесин алганда, жети күн Алачыктар майрамын өткөр.

14 Бул майрамда балаң, кызың, кулуң, күңүң, сени менен жашаган лебилер, келгиндер, жетимдер, жесирлер менен бирге көңүл ач.

15 Кудай-Теңириң Өзү тандап алган жерде Кудайыңа арнап жети күн майрам өткөр, ошондо сенин ала турган түшүмүңө, бардык иштериңе Кудай-Теңириң батасын берет, сен болсо көңүл ачасың.

16 Жылына үч жолу эркек аттуунун баары Кудай-Теңириң Өзү тандап алган жерге келиши керек. Ачыткысыз нан майрамында, Жумалар майрамында жана Алачыктар майрамында Теңирдин алдына эч ким куру кол келбесин.

17 Ар кимиңер Кудай-Теңириңердин берген батасына жараша алып келгиле.

18 Элге адилет өкүм чыгарып турушу үчүн, Кудай-Теңир берген жерлерге ар бир уруудан башкаруучулар менен көзөмөлдөөчүлөрдү дайында.

19 Мыйзамды бурмалаба, адамдын жүзүнө караба, пара алба, анткени пара акылдуулардын көзүн тунартат, адилеттүүлөрдүн ишин бурмалайт.

20 Адилет болууга, адилет болууга умтул, ошондо Кудай-Теңириң берип жаткан жерди ээлеп жашайсың.

21 Кудай-Теңириңе арнап курган курмандык чалынуучу жайдын жанына мазар теректерди отургузба.

22 Кудай-Теңириң жек көргөн мамыларды орнотпо.

17-БӨЛҮМ

Кудайга кемчилиги бар курмандыктарды алып келбөө жөнүндө

1 Кудай-Теңириңе кемчилиги бар, же болбосо бир жаман нерсеси бар малды, өгүз болобу, кой болобу, курмандыкка алып келбегиле, анткени бул Кудай-Теңириң үчүн жийиркеничтүү.

2 Эгерде Кудай-Теңириң берип жаткан жерлердин биринде силердин араңардан эркек же аял Кудай-Теңириңдин келишимин бузуп, Ага жакпаган ишти кыла турган болсо,

3 же мен тыюу салган башка кудайларды ээрчип, ага табына турган болсо, же күнгө, же айга, же асман күчтөрүнө таазим кыла турган болсо,

4 сага ушинтип айтып келишсе, ушундайды уксаң, анда оболу жакшылап иликте. Эгерде Ысрайылда ушундай жийиркеничтүү иштин болгону чын болсо,

5 анда ушундай жийиркеничтүү ишти кылган эркекти же аялды дарбазанын алдына алып чыгып, таш бараңга алып өлтүр.

6 Ал эки же үч күбөнүн сөзү менен өлүм жазасына тартылууга тийиш. Өлүм жазасына бир күбөнүн сөзү менен тартылбасын.

7 Аны өлтүрүүгө күбөлөр биринчи кол көтөрүшсүн, анан бардык эл кол көтөрүшү керек. Өз ичиңдеги жийиркеничтүү ишти мына ушинтип жок кыл.

Бийлик башындагыларга баш ийүү жөнүндө

8 Бирөөнү бирөө өлтүрүп койгондо, бирөө менен бирөө чатакташа кеткенде, бирөөнү бирөө сабап, денесине зыян келтиргенде, ал ишти чечүү сен үчүн кыйын болсо, дарбазаңдын алдында пикир келишпестик болсо, анда Кудай-Теңириң тандап алган жерге барып,

9 ошол убактагы ыйык кызмат кылуучу лебилерге жана башкаруучуларга кайрыл, алар сага эмне кылууну айтып беришет.

10 Теңир тандап алган жерде алар кандай айтса, ошондой кыл, алар кандай буйрук берсе, ошонун баарын аткарууга аракет кыл.

11 Алар үйрөткөн мыйзам боюнча, алар берген көрсөтмө боюнча кыл, алардын айтканынан оңго да, солго да бурулба.

12 Ким Кудай-Теңириңдин алдында кызмат кылып жаткан ыйык кызмат кылуучуну же башкаруучуну текеберденип укпай койсо, ал өлүшү керек. Ысрайыл элиндеги жамандыкты ушинтип жой.

13 Муну бардык эл угуп, коркуп калат. Ошондон кийин текеберденбей калышат.

14 Кудай-Теңириң берип жаткан жерге барып, аны ээлеп, ага отурукташканыңда: “Тегерегимде жашаган башка элдер сыяктуу эле өзүмө падыша коём”, – дей турган болсоң,

15 анда өзүңө Кудай-Теңириң тандаган падышаны кой, падышаны бир туугандарыңдын арасынан танда. Падышаны сенин бир тууганың болбогон, бөтөн жерликтен койбо.

16 Бирок ал падыша өзүнө жылкы көбөйтүп албасын, өзүнө жылкы көбөйтүш үчүн, элди Мисирге жибербесин, анткени Теңир силерге: “Мындан ары ал жол менен баспагыла”, – деген.

17 Ал падыша көп аял алып жүрөгү бузулбасын. Алтын-күмүштү ашык жыйнабасын.

18 Ал падышачылык тактыга отурганда, ыйык кызмат кылуучу лебилердин китебинен мыйзамдарды көчүрүп алсын.

19 Ал китеп анын колунда болсун, өмүрү өткөнчө окусун. Кудай-Теңиринен коркууга үйрөнсүн, ошол мыйзамдар менен көрсөтмөлөрдүн бардыгын аткарууга аракеттенсин.

20 Өзүн бир туугандарынан жогору койбосун. Мыйзамдан оңго да, солго да бурулбасын, ошондо ал өзү да, анын уулдары да Ысрайылда көп жыл падышачылык кылышат.

18-БӨЛҮМ

Ыйык кызмат кылуучулардын үлүшү жөнүндө

1 Ыйык кызмат кылуучу лебилерге, Лебинин бардык укум-тукумуна Ысрайыл менен бирге үлүш бөлүнгөн эмес. Алар Теңирге арналган курмандыктардан жана Анын үлүшүнөн азыктанышсын.

2 Бир туугандарынын арасынан аларга үлүш тийбейт. Теңир Өзү айткандай, алардын үлүшү – Теңирдин Өзү.

3 Элдин курмандыкка алып келген өгүздөрү менен койлорунун этинен ыйык кызмат кылуучуларга мына булар тиешелүү: далы, жаак, карын.

4 Ошондой эле эгинден, жүзүмдөн, зайтун майынан алган биринчи түшүмүңдү жана койлоруңдун алгачкы кырккан жүнүн ыйык кызмат кылуучуга алып кел.

5 Анткени Кудай-Теңириң бардык урууларыңдын ичинен аны жана анын уулдарын Кудай-Теңирдин алдында өмүрү өткөнчө кызмат кылышы үчүн тандап алган.

6 Эгерде бир леби Ысрайылдагы шаарларыңдын биринен, өзү жашаган жерден Теңир тандап алган жерге өз каалоосу менен келип,

7 ал жерде, Теңирдин алдында кызмат кылып жаткан леби бир туугандарына окшоп, Кудай-Теңирине кызмат кылса,

8 анда атасынан калган мал-мүлктү сатканда түшкөн акчасы бар болгонуна карабастан, алар сыяктуу эле өз тиешесин алсын.

Жалган кудайларга табынууга тыюу салуу

9 Кудай-Теңириң берип жаткан жерге барганда, ошол жердеги элдер кылган жийиркеничтүү иштерди кылба.

10 Сенин элиңде уулун же кызын отко салгандар, көзү ачыктар, төлгөчүлөр, көз боочулар, бүбү-бакшылар,

11 эмчи-домчулар, өлгөндөрдүн рухун чакыруучулар, сыйкырчылар, өлгөндөрдүн руху менен сүйлөшкөндөр болбосун.

12 Анткени муну кылгандар Теңирдин алдында жийиркеничтүү. Ошондуктан бул жийиркеничтүү иштер үчүн Кудай-Теңириң аларды сенин алдыңдан кууп чыгып жатат.

13 Кудай-Теңириңдин алдында кемчиликсиз бол.

14 Анткени сен кууп чыгып жаткан бул элдер көзү ачыктардын, сыйкырчылардын сөзүн угушат. Сага болсо Кудай-Теңириң алардын кылганын кылууга уруксат берген эмес.

Машайак жөнүндөгү пайгамбарчылык

15 Кудай-Теңириң сенин элиңден, сенин бир туугандарыңдын ичинен мендей пайгамбар чыгарат. Ошону уккула.

16 Силер Хорепке чогулуп келген күнү: “Өлүп калбашыбыз үчүн Кудай-Теңирибиздин үнүн мындан ары укпайлы, Анын бул улуу отун мындан ары көрбөйлү”, – деп, Кудай-Теңириңерден өтүнгөндүктөн,

17 Теңир мага мындай деди: “Алардын айткан сөзү жакшы.

18 Мен алардын бир туугандарынын ичинен сендей пайгамбар чыгарам. Анын оозуна Өзүмдүн сөздөрүмдү салам, ошондо ал Мен буйрук кылгандардын баарын аларга айтып берет.

19 Менин атымдан сүйлөгөн ошол пайгамбар айткан Менин сөздөрүмдү укпаган адамды Мен жазалайм.

Пайгамбарларды айырмалай билүү

20 Мен буйрук кылбаганды Менин атымдан сүйлөөгө батынган, башка кудайлардын атынан сүйлөгөн пайгамбарды өлүм жазасына тарткыла”.

21 Эгерде ичиңден: “Ал сөздөрдү Теңир айтпаганын кантип билебиз?” – десең, анда мындан бил:

22 эгерде бир пайгамбар Кудайдын атынан сүйлөсө, бирок ал сөз ордунан чыкпаса, аткарылбаса, анда ал сөздү Теңир айткан эмес, аны пайгамбар текебердигинен улам айткан. Анда андан коркпо.

19-БӨЛҮМ

Баш калкалай турган шаарлар жөнүндө

1 Кудай-Теңириң сага берип жаткан жердеги элдерди жок кылганда, сен алардын жерлерин ээлеп, алардын шаарларына, үйлөрүнө отурукташканыңда,

2 Кудай-Теңириң сага ээлик кылышың үчүн берип жаткан жердин ортосунан үч шаарды бөлүп кой.

3 Ошол шаарларга барчу жол салып, Кудай-Теңириң энчиңе берип жаткан жерди үчкө бөл. Алар киши өлтүргөн адамдар баш калкалай турган шаарлар болот.

4 Ал шаарларга төмөнкүдөй шартта киши өлтүргөн адамдар качып барып тирүү калышат: ким мурун кас болбой туруп, өз жакынын кокусунан өлтүрүп алса,

5 ким өз жакыны менен отун кыюуга токойго барып, карагайга шилтеген балтанын башы чыгып кетип, жакынына тийип, ал өлүп калса, анда ал киши тирүү калыш үчүн, баш калкалоочу шаарлардын бирине качып барсын.

6 Эгерде ал шаарларга жол алыс болсо, кан кууган адам киши өлтүргөн адамдын артынан кууп жетип, ачууга алдырып, аны өлтүрүп койбосун. Анткени ал өлүм жазасына тартылбашы керек, себеби өлтүрүп алган адамына мурун кас болгон эмес.

7 Ошондуктан мен сага: “Yч шаарды бөлүп кой”, – деп буйрук кылып жатам.

8 Кудай-Теңириң сенин ата-бабаларыңа убада кылгандай, сенин жериңди кеңейтип, ата-бабаларыңа убада кылган жерлердин бардыгын колуңа бергенде,

9 өмүрүң өткөнчө Кудай-Теңириңди сүйүп, Анын жолунда жүрүп, мен бүгүн сага берип жаткан ушул осуяттарды аткарууга аракеттене турган болсоң, анда бул үч шаарга дагы үч шаар кошуп ал.

10 Кудай-Теңириң сенин энчиңе берип жаткан жерде сенин мойнуңда кан калбас үчүн, сенин жериңде айыпсыз адамдардын каны төгүлбөсүн.

11 Ким өз жакынына кас болуп, жашырынып барып, атайылап кол салып аны өлтүрүп, баш калкалоочу шаарлардын бирине качып барса,

12 анда шаар аксакалдары аны ал шаардан алып келүүгө кишилерин жөнөтүп, аны кан кууган адамдын колуна салып беришсин, ал өлүм жазасына тартылсын.

13 Ага ырайым кылба. Ысрайылдан айыпсыздын канын жууп сал, ошондо сага жакшы болот.

14 Кудай-Теңириң сага ээлик кылышың үчүн берген, сага тийген жерде ата-бабаларың койгон жакыныңдын чегин бузба.

15 Айыпка жыгылган адамга, же кылмыш кылган адамга, же күнөө кылган адамга бир күбө жетишсиз. Иш эки же үч күбөнүн сөзү боюнча каралышы керек.

16 Ким бирөөнү кылмыш кылды деп айыптап, жалган күбө болсо,

17 анда ортосунда талаш-тартышы бар эки киши тең Теңирдин алдына, ошол убактагы ыйык кызмат кылуучулар менен башкаруучулардын алдына келсин.

18 Башкаруучулар жакшылап териштиришсин. Эгерде ал күбө өз бир тууганына жалган жалаа жапкан болсо,

19 анда өз бир тууганына ойлогон жамандыкты анын өзүнө жасагыла. Өз ичиңдеги жамандыкты ушинтип жок кыл.

20 Ошондо башкалар угуп, коркуп калышат да, ошондон кийин сенин ичиңде ошондой жамандыкты кылышпайт.

21 Ага бооруң ачыбасын. Жанга жан, көзгө көз, тишке тиш, колго кол, бутка бут болсун.

20-БӨЛҮМ

Согуш жөнүндө

1 Душманга каршы согушка чыкканыңда, алардын аттары менен майдан арабалары, эли сеникинен алда канча көп экенин көргөнүңдө, алардан коркпо, анткени сени Мисир жеринен алып чыккан Кудай-Теңириң сени менен.

2 Согушка кирериңерде, ыйык кызмат кылуучу келип, элге кайрылып, мындай десин:

3 “Кулак сал, Ысрайыл! Силер бүгүн душмандарыңар менен согушасыңар. Жүрөгүңөр опколжубасын, тынчсызданбагыла, коркпогула.

4 Анткени Кудай-Теңириңер силердин душмандарыңар менен салгылашыш үчүн, силерди сакташ үчүн, силер менен бара жатат”.

5 Көзөмөлдөөчүлөрүңөр болсо элге мындай деп айтышсын: “Ким үй салып, ага кире элек болсо, ал үйүнө кайтсын, себеби ал согушта өлүп калса, башка бирөө кирип алат.

6 Ким жүзүмзар отургузуп, анын түшүмүн жыйнай элек болсо, ал үйүнө кайтсын, себеби ал согушта өлүп калса, башка бирөө анын түшүмүн жыйнап алат.

7 Ким убадалашып коюп үйлөнө элек болсо, согушта өлүп калбашы үчүн, колуктусун башка бирөө алып албашы үчүн, үйүнө кайтсын”.

8 Көзөмөлдөөчүлөр элге дагы мындай деп айтышсын: “Ким коркок, суу жүрөк болсо, ал бир туугандарын майтарылтпаш үчүн, үйүнө кайтсын”.

9 Көзөмөлдөөчүлөр булардын баарын элге айтып бүткөндөн кийин, элге аскер башчыларды дайындашы керек.

10 Шаарды басып алганы жакындаганыңда, ага тынчтык сунуш кыл.

11 Эгерде ал сени менен тынчтык келишимин түзүүгө макул болуп, сага дарбазасын ачып берсе, анда шаарда жашаган бардык эл сага салык төлөп, кызмат кылсын.

12 Эгерде ал тынчтык келишимин түзүүгө макул болбой, сени менен согуша турган болсо, анда шаарды курча.

13 Кудай-Теңириң аны сенин колуңа салып бергенде, ал жердеги эркек аттуунун баарын кылычтап кырып сал.

14 Кудай-Теңириң колуңа салып берген душманыңдын шаарындагы аялдарды, балдарды, малды, болгон дүнүйөсүн алып пайдалан.

15 Ал элдерге караштуу эмес, сенден өтө алыс жайгашкан шаарларды да так ушундай кыл.

16 Ал эми Кудай-Теңириң сенин энчиңе берип жаткан мына бул элдердин шаарларында жашаган адамдардын бирин да тирүү калтырба.

17 Кудай-Теңириң буйругандай, хеттиктерди, аморлуктарды, канаандыктарды, перездиктерди, хибиликтерди, жебустуктарды кырып сал.

18 Алар силерди өз кудайларына табынуу учурунда кылган жийиркеничтүү иштерине үйрөтпөшү үчүн, Кудай-Теңириңердин алдында күнөө кылбашыңар үчүн, аларды кырып салгыла.

19 Эгерде бир шаарды басып алыш үчүн, курчоодо көпкө кармап турсаң, анда жемиши желе турган дарактарына тийбе, аларды кыйба, анткени талаадагы дарактар сенден качып жашынгыдай, адам эмес.

20 Өзүң билген, жемиши жегенге жарабаган дарактарды гана кыйып, кулатсаң болот. Алардан сени менен салгылашып жаткан шаарларга каршы чептерди курсаң болот.

21-БӨЛҮМ

Киши колдуу болуп өлгөн адам жөнүндө

1 Эгерде Кудай-Теңириң энчиңе берип жаткан жерде талаадан ким өлтүргөнү белгисиз адам табылса,

2 анда аксакалдар менен башкаруучулар барып, өлтүрүлгөн кишинин тегерегиндеги шаарларга чейинки аралыкты өлчөп чыгышсын.

3 Өлтүрүлгөн кишиге жакын жайгашкан шаардын аксакалдары мойнуна моюнтурук салына элек, жумушка чегиле элек кунажынды алып келишсин.

4 Ал шаардын аксакалдары ал кунажынды айдалбаган, үрөн себилбеген ээн талаага жетелеп барып, ошол жерде союшсун.

5 Ал жерге Лебинин ыйык кызмат кылуучу уулдары келишсин.

6 Өлтүрүлгөн кишиге жакын жайгашкан шаардын бардык аксакалдары талаада союлган, мойну сындырылган кунажындын үстүнө колдорун жуушсун.

7 Анан мындай деп жарыялашсын: “Бул канды биздин колубуз төккөн жок жана биздин көзүбүз көргөн жок.

8 Теңир, Өзүң куткарып алган Ысрайыл элиңди тазала. Айыпсыз бирөөнүн канын Өз элиң Ысрайылдын мойнуна жүктөбө”. Ошондо алар төгүлгөн кандын кунунан кутулушат.

9 Теңирдин алдында ак ниет жана адилет болгуң келсе, айыпсыздын канын өзүңдөн ушундай кылып жуушуң керек.

Туткундалып келген аялдар жөнүндө

10 Душмандарыңа каршы согушка чыкканыңда, Кудай-Теңириң аларды сенин колуңа салып берип, аларды туткунга алганыңда,

11 туткундардын арасынан сулуу аялды көрүп жактырып калып, аны алгың келсе,

12 анда аны үйүңө алып кел. Ал чачын кырдырып, тырмактарын алсын.

13 Туткунга түшкөндөгү кийимдерин чечип, сенин үйүңдө жашап калсын. Анан бир ай бою атасы менен энесин жоктоп ыйласын. Ошондон кийин гана сен ага жакындап, күйөөсү боло аласың, ал сенин аялың болуп калат.

14 Эгерде ошондон кийин ал сага жакпай калса, каалаган жагына коё бер, бирок күмүшкө сатпа, күң кылып салба, себеби сен ага зордук менен жакындагансың.

Тунгучтук жөнүндө

15 Кимдин эки аялы болсо, алардын бири сүйгөн аялы, экинчиси сүйбөгөн аялы болсо, сүйгөн аялы да, сүйбөгөн аялы да ага эркек балдарды төрөп беришсе, тун уулу сүйбөгөн аялынан болсо,

16 анда ал өз уулдарына энчи бөлүштүргөндө, сүйбөгөн аялынын тун уулунун алдында сүйгөн аялынын уулуна тунгучтукту бере албайт.

17 Бирок сүйбөгөн аялы төрөгөн уулду тун уулум деп эсептеп, колунда болгон мал-мүлкүнөн ага сүйгөн аялынын тун уулуна бергенинен эки эсе көп берсин, анткени ал – анын күч-кубатынын башаты, туну.

Ээнбаш балдар жөнүндө

18 Кимдин уулу ээнбаш, тентек чыкса, атасынын да, энесинин да тилин албаса, алар аны жазаласа да тил албаса,

19 анда атасы менен энеси аны кармап, шаар аксакалдарына, дарбаза алдына алып келип,

20 өздөрүнүн шаарынын аксакалдарына мындай дешсин: “Биздин бул балабыз тентек, ээнбаш чыкты, сөзүбүздү укпайт, жатып ичер, аракеч”.

21 Ошондо шаардын эли аны таш бараңга алып өлтүрсүн. Өз ичиңен жамандыкты ушинтип жок кыл, муну ысрайылдыктар угуп, коркуп калышат.

Адеп-ахлак мыйзамдары

22 Эгерде кимдир бирөө өлүмгө татыктуу күнөө кылса, аны өлтүргөндөн кийин, жыгачка асып ташта.

23 Бирок анын өлүгүн жыгачка түнөтпөй, ошол эле күнү көмүп сал, анткени жыгачка асылган ар бир адам Кудайдын алдында каргышка калган. Кудай-Теңириң энчиңе берип жаткан жерди булгаба.

22-БӨЛҮМ

1 Бир тууганыңдын жоголуп кеткен өгүзүн же коюн таап алсаң, аны таштап салбай, бир тууганыңа кайтарып бер.

2 Эгерде малдын ээси алыс жашаса, же анын ким экенин билбесең, анда ал малды өз үйүңө алып кел. Малдын ээси өзү издеп келгиче, үйүңдө кармап тур, анан кайтарып бер.

3 Жакыныңдын жоготуп алган эшегин таап алсаң да, кийимин таап алсаң да, буюмун таап алсаң да, ошондой кыл. Бул айтылгандан четтебе.

4 Жакыныңдын эшеги же өгүзү жолдо жыгылып калганын көрсөң, таштап кетпе, ага аларды тургузууга жардам бер.

5 Аял эркектин, эркек аялдын кийимин кийбеши керек, анткени ушундай кылган ар бир адам Кудай-Теңириңдин алдында жийиркеничтүү.

6 Эгерде жолдон даракка же жерге салынган канаттуунун уясын көрсөң, ал уяда энеси балапандарын же жумурткаларын басып жатса, анда энесин балапандары менен кошо алба.

7 Өзүңө жакшы болушу үчүн, өмүрүң узун болушу үчүн, энесин коё берип, балапандарын ал.

8 Кимдир бирөө үйүңдүн үстүнөн кулап түшпөшү үчүн, айыптуу болуп калбашың үчүн, үй кура турган болсоң, үйүңдүн үстүнө тегерете тосмо жасап кой.

9 Жүзүмзарыңа эки түрдүү үрөн сеппе, болбосо сепкен үрөнүңдүн түшүмү да, алган жүзүмүң да ыйык болуп калат.

10 Өгүз менен эшекти кошуп жер айдаба.

11 Жүн менен зыгыр буласы аралаш токулган кездемеден кийим кийбе.

12 Yстүңө жамына турган жамынчыңдын төрт бурчуна чачы жасап ал.

Аялды күйөөсүнүн жалган айыптоолорунан коргоо

13 Ким аял алып, ага жакындагандан кийин, аны жек көрүп калса,

14 анан: “Мен үйлөнүп, ага жакындаганда, кыздыгы жок болуп чыкты”, – деп, жалган жерден айыптап, жаман сөз таратса,

15 анда кыздын атасы менен энеси шаар аксакалдарына, дарбаза алдына кызды алып келсин да, кызынын кыздык белгисин далилдесин.

16 Кыздын атасы шаар аксакалдарына: “Мен кызымды бул кишиге аялдыкка бергем, ал азыр кызымды жек көрүп калды.

17 Аны жаманатты кылып: «Мен сенин кызыңдын кыздыгын көргөн жокмун», – деп жатат. Бирок менин кызымдын кыздык белгиси мына”, – деп, кызынын кыздык белгиси калган кийимин шаар аксакалдарынын алдына жайсын.

18 Ошондо шаардын аксакалдары күйөөсүн алып келип жазага тартсын.

19 Ал Ысрайыл кызын жаманатты кылып, ушак таратканы үчүн, анын мойнуна жүз шекел күмүш салышсын, күмүштү кыздын атасына беришсин. Кызы анын аялы болуп кала берсин. Ал өмүр бою аны менен ажыраша албайт.

Ойноштук кылып нике бузгандыгы үчүн жазалоо

20 Эгерде анын айтканы чындык болуп, кыздын кыздыгы жок болуп чыкса,

21 анда кызды атасынын үйүнө алып барышсын, аны шаардын эли таш бараңга алып өлтүрсүн, анткени ал атасынын төрүндө ойноштук кылып, Ысрайыл элинин арасында жийиркеничтүү иш кылды. Өз элиңдин ичинен жамандыкты ушинтип жок кыл.

22 Эгерде күйөөсү бар аял менен жаткан бирөө кармалса, анда экөө тең: аял менен жаткан эркек да, эркек менен жаткан аял да өлтүрүлсүн. Ысрайыл элинин ичинен жамандыкты ушинтип жок кыл.

23 Бойго жеткен кыз жигити менен убадалашып койгондон кийин, шаардан бирөө жолугуп калып, аны менен жатса,

24 анда экөөнү тең ошол шаардын дарбазасынын алдына алып келип, таш бараңга алып өлтүрүшсүн. Кызды кыйкырып жардамга чакырбаганы үчүн, эркекти жакынынын аялын булгагандыгы үчүн өлтүрүшсүн. Өз элиңдин ичиндеги жамандыкты ушинтип жок кыл.

25 Эгерде кимдир бирөө убадалашып койгон кызга талаадан жолугуп калып, аны кармап алып зордуктап койсо, анда аны зордуктап койгон эркек гана өлүм жазасына тартылсын.

26 Кызга болсо тийбегиле, анын өлүмгө тете күнөөсү жок. Эгерде аны өлүм жазасына тартсаңар, анда бул өз жакынына кол көтөрүп өлтүргөнгө барабар болуп калат.

27 Анткени ал убадалашып койгон кызга ээн талаадан жолугуп калган, кыз жардам сурап кыйкырса да, куткара турган эч ким болгон эмес.

28 Эгерде кимдир бирөө убадалашпаган кызга жолугуп калып, аны зордуктап жатканда, үстүнөн бирөөлөр чыгып калса,

29 анда аны менен жаткан эркек кыздын атасына элүү шекел күмүш берсин. Ал аны аялдыкка алсын, анткени аны зордуктап койду. Ал аны менен өмүр бою ажыраша албайт.

30 Эч ким атасынын аялын албасын, атасынын төшөгүн ачпасын.

23-БӨЛҮМ

Жүрүм-турум жөнүндө ар кандай мыйзамдар

1 Кимдин энеги зыянга учураган болсо же бала төрөтө турган мүчөсү бычылып калса, ал Теңирдин жамаатына кирбесин.

2 Никесиз төрөлгөн бала да Теңирдин жамаатына кирбесин, анын онунчу мууну да Теңирдин жамаатына кирбесин.

3 Амондуктар менен мааптыктар да Теңирдин жамаатына кирбесин, алардын онунчу мууну да Теңирдин жамаатына кирбесин.

4 Анткени силер Мисирден чыкканда, алар силерди нан, суу менен тосуп алышкан эмес, сени каргаш үчүн, Месопотамиянын Пыторунан Бейор уулу Биламды алар сага каршы жалдашкан.

5 Бирок Кудай-Теңириң Биламды уккусу келген жок. Кудай-Теңириң анын каргышын батага айлантты, анткени Кудай-Теңириң сени сүйөт.

6 Өмүрүң өткөнчө аларга тынчтык да, ийгилик да каалаба.

7 Эдомдуктарды жек көрбө, анткени алар сенин бир туугандарың. Мисирликтерди да жек көрбө, анткени сен алардын жеринде келгин болгонсуң.

8 Алардын үчүнчү муунунан төрөлгөн балдар Теңирдин жамаатына кире алат.

9 Душманыңа каршы согушка бет алганыңда, бардык жаман нерселерден сактан.

10 Эгерде түнкү окуядан улам кимдир бирөө таза эмес болуп калса, анда ал стандын сыртына чыксын, станга кирбесин.

11 Кеч киргенде денесин сууга жуусун. Станга күн батканда кирсин.

12 Чыга турган жериң стандын сыртында болсун.

13 Куралыңдан тышкары күрөгүң да болсун. Стандын сыртына чыкканыңда, чуңкур казып отур да, чыккан нерсени көмүп сал.

14 Анткени Кудай-Теңириң сени куткарыш үчүн жана душмандарыңды колуңа салып бериш үчүн, станыңды аралап жүрөт, ошондуктан Ал сенин таза эмес бир нерсеңди көрүп, сенден кетип калбашы үчүн, станың ыйык болсун.

15 Кожоюнунан качып келген кулду кожоюнуна кармап бербе.

16 Ал сен жашаган жердин кайсы жерин жактырып тандап алса, ошол жерде, силердин араңарда жашай берсин, аны кысымга алба.

17 Ысрайыл кыздарынын арасында бузулган кыз, Ысрайыл уулдарынын арасында бузулган уул болбосун.

18 Бузулган аялдын же бузулган эркектин кайсы убада боюнча болбосун алып келген нерсесин Кудай-Теңириңдин үйүнө киргизбе, анткени Кудай-Теңириңдин алдында экөөнүкү тең жийиркеничтүү.

19 Бир тууганыңа карызга күмүш же дан берсең, үстөк кошуп алба.

20 Сен ээлегени бара жаткан жерде Кудай-Теңириң бардык иштериңе батасын бериши үчүн, бөтөн жерликтен үстөк алсаң ал, бирок бир тууганыңдан алба.

21 Эгерде Кудай-Теңириңе убада берсең, аны кечиктирбей аткар, анткени Кудай-Теңириң аны сенден төлөтүп алат, сенин мойнуңда күнөө калат.

22 Эгерде убада бербесең, анда күнөөлүү болбойсуң.

23 Оозуңдан чыкканды бек кармап, так аткар, анткени Кудай-Теңириңе өз каалооң менен тартуу берем деп, өз оозуң менен убада бергенсиң.

24 Бирөөнүн жүзүмзарына кирсең, анын мөмөсүнөн каалашынча же, бирок идишиңе салып алба.

25 Бирөөнүн эгин талаасына барсаң, машактарынан колуң менен үзүп ал, бирок орок менен оруп алба.

24-БӨЛҮМ

Мусанын ажырашуу жөнүндө берген мыйзамы

1 Ким аял алып, анан аялынын бир жаман жагын көрүп калып, аны жактырбай калса, анда ага талак кат жазып, колуна берип, үйүнөн чыгарып жиберсин.

2 Аялы анын үйүнөн кетип, башка күйөөгө тийип алса,

3 бирок кийинки күйөөсү да аны жаман көрүп, талак кат жазып, колуна берип, үйүнөн чыгарып салса же өлүп калса,

4 анда аны коё берген биринчи күйөөсү булганып калган аялын кайра албасын, анткени бул Теңирдин алдында жийиркеничтүү. Кудай-Теңириң энчиңе берип жаткан жерди булгаба.

5 Ким жакында эле үйлөнсө, анда ал согушка барбасын, анын мойнуна эч нерсе жүктөлбөсүн. Ал өз үйүндө бир жыл бош болуп, алган аялынын көңүлүн ачсын.

6 Эч ким жаргылчактын үстүнкү же астынкы ташын күрөөгө албасын, анткени ал жанды күрөөгө алган болуп калат.

7 Ким өз бир тууганы болгон Ысрайыл уулдарынын ичинен бирөөнү уурдап алып, аны кул кылып алса, же сатып жиберсе, анда андай ууруну өлтүрүш керек. Өз элиңдин ичиндеги жамандыкты ушинтип жок кыл.

8 Байкагын, ыйык кызмат кылуучу лебилер үйрөткөн пес оорусу жөнүндөгү мыйзамдын баарын так аткар. Мен аларга буйруганды так аткаргыла.

9 Силер Мисирден чыгып келе жатканда, Кудай-Теңириңер Мириямды эмне кылганын эсиңерден чыгарбагыла.

10 Эгерде сен жакыныңа карызга бир нерсе берсең, анын үйүнө күрөө алыш үчүн кирбе.

11 Сыртта тура турсаң, сен карыз берген киши күрөөсүн сыртка алып чыгып берет.

12 Эгерде ал жарды болсо, анын күрөөсүн таң атканга чейин калтырба.

13 Ал өз кийими менен жатып, сага батасын бериши үчүн, күрөөсүн күн батканча кайтарып бер. Кудай-Теңириң муну сага адилеттик катары эсептейт.

14 Сенин жериңде жашаган келгиндердин же бир туугандарыңдын арасындагы жалчыны, жардыны, жакырды кысымга алба.

15 Анын акысын ошол эле күнү, күн батканча бер, анткени ал жарды, ал акыга зар болуп турат. Ал сен үчүн Теңирге зарлап жибербесин, сен күнөөкөр болуп калба.

16 Балдары үчүн атасы, атасы үчүн балдары өлүм жазасына тартылбасын. Өлүм жазасына ар ким өз күнөөсү үчүн тартылсын.

17 Келгин менен жетимдин ишин бурмалап соттобо, жесирдин кийимин күрөөгө алба.

18 Сен да Мисирде кул болгонуңду, ал жерден сени Теңир алып чыкканын эсиңден чыгарба. Ошон үчүн мен сага ушуларды кылууну буйруп жатам.

19 Талаадан эгин оруп, боологон бооңду унутуп калсаң, аны алууга кайрылып барба. Кудай-Теңириң бардык иштериңе батасын бериши үчүн, аны келгинге, жетимге, жесирге калтыр.

20 Зайтун дарактарыңдын жемишин жыйнаганда, калгандарын кайра терип алба. Ал келгинге, жетимге, жесирге калсын.

21 Жүзүм тергенде, калып калгандарын кайра терип алба. Ал келгинге, жетимге, жесирге калсын.

22 Өзүңдүн Мисир жеринде кул болгонуңду эсиңден чыгарба, ошондуктан мен сага ушуларды буйруп жатам.

25-БӨЛҮМ

Ар кандай мыйзамдар

1 Эгерде эки адамдын ортосунда чатак болсо, алардын ишин башкаруучулар териштиришсин. Алар иши акты актап, иши караны айыпташсын.

2 Эгерде айыпкер балак алууга татыктуу болсо, анда башкаруучу өзүнүн көзүнчө андан айыбына жараша балак алдырсын.

3 Андан кырктан ашык балак алынбасын. Эгерде ашык балак алынса, сенин алдыңда бир тууганың кемсинтилген болот.

4 Эгин бастырып жаткан өгүзүңдүн оозун таңба.

5 Эгерде эки бир тууган бирге жашап, анын бири бала көрбөй өлүп калса, анда өлгөндүн аялы бөтөн кишиге турмушка чыкпасын. Кайын агасы болобу, кайын иниси болобу, аны алып, аны менен жашасын.

6 Өлгөн бир тууганынын аты Ысрайыл элинин арасынан өчпөшү үчүн, анын тун баласы өлгөн бир тууганынын баласы болуп эсептелсин.

7 Эгерде ал жесир келинин же жеңесин алгысы келбесе, жесир жеңеси же келини дарбаза алдына, аксакалдарга барып: “Кайним (кайнагам) менден баш тартып, өз бир тууганынын атын Ысрайыл арасынан өчүргөнү жатат, мени алгысы келбей жатат”, – десин.

8 Ошондо шаардын аксакалдары аны чакыртып алып, көндүрүшү керек. Эгерде ал: “Аны алгым келбейт”, – деп туруп алса,

9 анда жеңеси (келини) аксакалдардын көзүнчө ага басып барып, өтүгүн чечип алып, бетине жаба түкүрүп: “Өз бир тууганынын тукумун улантпаган кишини ушундай кылат”, – десин.

10 Ысрайылда ага “Жылаңаяктын үйү” деген ат коюшат.

11 Эркектер өз ара мушташып жатканда, биринин аялы уруп жаткандын колунан өз күйөөсүн чыгарып алыш үчүн, тигинин жан жерин кармап алса,

12 анда аялдын колун кесип сал. Ага бооруң ачыбасын.

13 Баштыгыңа эки башка салмактагы, чоң жана кичинекей тараза таштарын салба.

14 Сенин үйүңдө сыйымдуулугу эки башка, чоң жана кичине болгон эйфа болбосун.

15 Кудай-Теңир берип жаткан жерде узак өмүр сүрүшүң үчүн, тараза ташың да, эйфаң да так жана туура болсун.

16 Анткени ушундай жалган иш кылган адам Кудай-Теңириңдин алдында жийиркеничтүү.

17 Силер Мисирден чыгып келе жатканда, амалыктыктардын силерге эмне кылганын эсиңерден чыгарбагыла.

18 Ал сени жолдо кандай тосконун, чарчап-чаалыгып келе жатканыңда, Кудайдан коркпой, сенин артыңда алсырап калгандарды өлтүргөнүн эсиңден чыгарба.

19 Ошондуктан Кудай-Теңириң берип жаткан жерди ээлеп алганыңда, Кудай-Теңириң сени тегерегиңдеги бардык душмандарыңдан куткарып, сага тынчтык бергенде, амалыктыктарды жер үстүнөн жок кыл, унутпа.

26-БӨЛҮМ

Биринчи түшүмдү алып келүү жөнүндө

1 Кудай-Теңириң энчиңе берип жаткан жерге барып, аны ээлеп, ага отурукташканыңда,

2 Кудай-Теңириң берип жаткан жерден алган бардык түшүмүңдүн алгачкыларын алып, себетиңе салып, Кудай-Теңириң Өзүнүн ысымы бар болуп турушу үчүн тандап алган жерге барып,

3 ошол убактагы ыйык кызмат кылуучуга мындай деп айт: “Мен бүгүн Теңир биздин ата-бабаларыбызга убада кылган жерге келгенимди Кудай-Теңириңдин алдында билдиремин”.

4 Ошондо ыйык кызмат кылуучу колуңдан себетти алып, Кудай-Теңириңе арналган курмандык чалынуучу жайдын алдына коёт.

5 Сен болсо Кудай-Теңириңдин алдында мындай дегин: “Менин атам жер кезген арамейлик киши болгон. Ал Мисирге барып, ал жерге бир нече киши менен отурукташып калган. Ошол жерде андан эң күчтүү, эң кубаттуу, сансыз көп эл тараган.

6 Бирок мисирликтер бизге жаман мамиле кылып, кысымга алып, оор жумушка салышкан.

7 Ошондо биз ата-бабаларыбыздын Кудай-Теңирине боздоп кайрылдык. Теңир биздин боздогон үнүбүздү укту, башыбызга түшкөн мүшкүлдү, жумушубуздун оордугун, эзилгенибизди көрдү.

8 Теңир бизди Мисирден сунулган колу, күчтүү билеги менен, зор коркунучтары менен, жышаандары менен, кереметтери менен алып чыгып,

9 ушул жерге алып келип, мына ушул сүт менен бал аккан жерди берди.

10 Мына эми, Теңир, Өзүң берген жердин түшүмүнүн алгачкыларын алып келдим”. Анан аларды Кудай-Теңириңдин алдына коюп, Ага таазим кыл.

11 Кудай-Теңириң сага жана үй-бүлөңө берген бардык жакшы нерселерге кубанып, элиңдин арасында жашаган лебилер жана келгиндер менен бирге көңүл ач.

12 Жериңден алган түшүмдүн ондон бир бөлүгүн ондуктун жылы болгон үчүнчү жылы бөлүп алып, лебилерге, келгиндерге, жетимдерге, жесирлерге бер. Алар сенин жериңде тойгончо ичип-жешсин.

13 Анан Кудай-Теңириңдин алдында мындай деп айт: “Мен Сенин мага берген буйруктарың боюнча үйүмдө болгон нерселердин ыйык бөлүгүн алып, лебилерге, келгиндерге, жетимдерге, жесирлерге бердим. Мен Сенин осуяттарыңдын бардыгын аткардым, аларды унуткан жокмун.

14 Кайгыга батканымда андан жеген жокмун, аны таза эмес болуп турганымда жыйнаган жокмун, андан өлгөндөр үчүн берген жокмун. Кудай-Теңиримдин тилин алып, Сенин мага берген осуяттарыңдын бардыгын аткардым.

15 Ыйык жайыңдан, асмандан бизге назар салып, Өз элиң Ысрайылга жана ата-бабаларыбызга убада кылып, бизге берген сүт менен бал аккан жерге батаңды бер”.

16 Бүгүн Кудай-Теңириң сага ушул көрсөтмөлөр менен мыйзамдарды аткарууну буйруйт. Аларды чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен аткарганга аракет кыл.

17 Сен бүгүн Теңирге Ал сенин Кудайың экенин, Анын жолу менен жүрөрүңдү, Анын көрсөтмөлөрү менен мыйзамдарын, осуяттарын аткарарыңды жана Анын айтканын угарыңды айттың.

18 Теңир да бүгүн сага, Өзү айткандай, эгерде сен Анын бардык осуяттарын аткара турган болсоң, Анын Өз эли болоруңду,

19 ошондой эле Өзү жараткан элдердин ичинен сени баарынан жогору коёрун, сен урмат-сыйга, даңкка, улуулукка бөлөнөрүңдү, Өзү айткандай, Кудай-Теңириңдин ыйык эли болоруңду убада кылды».

27-БӨЛҮМ

Мусанын буйруктары

1 Муса Ысрайыл аксакалдары менен бирге элге кайрылып, мындай деди: «Мен бүгүн силерге берип жаткан осуяттардын бардыгын аткаргыла.

2 Кудай-Теңириңер берип жаткан жерге Иордан аркылуу өткөн күнү чоң-чоң таштарды коюп, акиташ менен актагыла.

3 Кудай-Теңириң сенин ата-бабаларыңа убада кылган, сүт менен бал аккан жерге кириш үчүн, Иордан суусунан өткөн күнү ал таштарга ушул мыйзамдарды жазып кой.

4 Иордандан өткөндөн кийин, мен бүгүн силерге буйругандай, ал таштарды Эйбал тоосуна коюп, акиташ менен актагыла.

5 Ошол жерге Кудай-Теңириңе арнап, темирдин учун тийгизбей, таштан курмандык чалынуучу жай кур.

6 Кудай-Теңириңерге курмандык чалынуучу жайды бүтүн таштардан кургула. Анан Кудай-Теңириңерге арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалгыла.

7 Ошол жерге тынчтык курмандыктарын алып келип жеп, Кудай-Теңириңердин алдында көңүл ачкыла.

8 Андан кийин ал таштарга ушул мыйзамдын бардык сөздөрүн даана кылып жазып койгула».

9 Анан Муса менен ыйык кызмат кылуучу лебилер бүткүл Ысрайыл элине мындай деп айтышты: «Көңүл буруп, кулак сал, Ысрайыл, бүгүн сен Кудай-Теңирдин Өз эли болдуң.

10 Ошондуктан Кудай-Теңириңдин сөзүнө кулак салып, мен бүгүн берип жаткан Анын осуяттары менен буйруктарын аткар».

11 Ошол күнү Муса элге мындай деп буйрук берди:

12 «Иордандан өткөндөн кийин, мына бул уруулар элге бата берип туруш үчүн, Гаризим тоосуна чыгып турушу керек: Шымон, Леби, Жүйүт, Исахар, Жусуп жана Бенжемин.

13 Ал эми мына бул уруулар каргаш үчүн Эйбал тоосуна чыгып турушу керек: Рубейин, Гат, Ашыр, Забулун, Дан жана Напталы.

14 Лебилер катуу үн менен бүт ысрайылдыктарга мындай деп айтышсын:

15 “Оюп же куюп буркан жасап, аны жашыруун жерге катып койгон кишиге каргыш тийсин! Анткени сүрөтчүнүн колунан чыккан чыгарма Теңирдин алдында жийиркеничтүү”. Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.

16 “Атасына же энесине тил тийгизгенге каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.

17 “Жакынынын чек арасын бузганга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.

18 “Сокурду жолдон адаштырганга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!”  – десин.

19 “Келгинге, жетимге жана жесирге адилетсиз өкүм чыгарганга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.

20 “Атасынын аялы менен бир төшөккө жатканга каргыш, анткени ал атасынын төшөгүн ачты”. Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.

21 “Жаныбар менен жатканга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.

22 “Өз карындашы же эжеси менен, атасынын же энесинин кызы менен жатканга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.

23 “Кайын энеси менен жатканга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.

24 “Өз жакынын жашыруун өлтүргөнгө каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.

25 “Айыпсыз адамды өлтүрүш үчүн акы алганга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.

26 “Бул мыйзамды аткарбаганга, бул мыйзам боюнча жашабаганга каргыш!” Бүт эл катуу үн менен: “Оомийин!” – десин.

28-БӨЛҮМ

Батанын убада кылынышы

1 Эгерде сен мен бүгүн берип жаткан Анын осуяттарынын бардыгын так аткарып, Кудай-Теңириңдин үнүн угуп, тил ала турган болсоң, Кудай-Теңириң сени бардык элдерден жогору коёт.

2 Эгерде Кудай-Теңириңди уксаң, анда Ал сага мына бул баталарды берет, сен ушул баталарды аласың.

3 Теңир сага шаарда да, талаада да батасын берет.

4 Теңир сенин укумдап-тукумдап көбөйүшүңө, түшүмүңө, малыңдын, бодо малыңдын, койлоруңдун төлүнө батасын берет.

5 Теңир сенин кырмандарың менен кампаларыңа батасын берет.

6 Теңир сага киргениңде да, чыкканыңда да батасын берет.

7 Теңир сага каршы чыккан душманды кырып жок кылат. Алар сага каршы бир жол менен келип, сенден жети жол менен качып кетет.

8 Теңир сенин кампаларыңа, бардык иштериңе батасын берет. Кудай-Теңириң Өзү берип жаткан жерде сага батасын берет.

9 Эгерде сен Кудай-Теңириңдин осуяттарын аткарсаң, Анын жолу менен жүрсөң, Өзү сага убада бергендей, сени Өзүнүн ыйык эли кылып алат.

10 Сен Теңирдин ысымы менен аталып жатканыңды жер жүзүндөгү бардык элдер көрүп, сенден коркуп калышат.

11 Теңириң Өзү ата-бабаларыңа убада кылып, сага берген жерде сени укумдатып-тукумдатып көбөйтөт, малыңдын төлүн, жериңдин түшүмүн – бардыгын мол кылат.

12 Теңир сенин жериңе өз убагында жамгыр берип туруш үчүн, сенин иштериңе батасын берип туруш үчүн, Өзүнүн берекелүү казынасы болгон асманын ачат. Ошондо сен көп элге карыз бересиң, өзүң карыз албайсың.

13 Эгерде сактагыла жана аткаргыла деп, мен бүгүн берип жаткан Кудай-Теңириңдин осуяттарын аткарсаң, Теңир сени куйрук эмес, баш кылат, төмөн жакта эмес, жогору жакта болосуң,

14 бөлөк кудайлардын артынан ээрчип, ага табынбашың үчүн, мен бүгүн силерге берип жаткан осуяттардан оңго да, солго да бурулба.

Каргышка калбаш үчүн эскертүү

15 Эгерде мен бүгүн сага берип жаткан Кудай-Теңириңдин осуяттарын, мыйзамдарын аткарууга аракет кылбасаң, Анын үнүн укпасаң, анда Теңирдин мына бул каргыштары тиет.

16 Шаарда да, талаада да Теңирдин каргышы тиет.

17 Кырмандарың менен кампаларыңа Теңирдин каргышы тиет.

18 Укум-тукумуңа да, жериңдин түшүмүнө да, бодо малыңдын, койлоруңдун төлүнө да Теңирдин каргышы тиет.

19 Киргениңде да, чыкканыңда да Теңирдин каргышы тиет.

20 Мени таштап кеткениң үчүн, жаман иштериң үчүн Теңирдин каргышы тийип, башыңа мүшкүл түшөт. Кырылып жок болмоюнча, кандай иш кылсаң да, андан баар таппайсың, кыска убакыттын ичинде кырылып жок болосуң.

21 Ээлегени бара жаткан жерде сени кырып жок кылмайынча, Теңир сага жугуштуу оору жиберет.

22 Теңир сага кургак учук, безгек, кулгуна жиберет, жериңди кургакчылык, ысык шамал менен күйгүзөт, кырылып жок болмоюнча, алардан арылбайсың.

23 Yстүңдөгү асман жез болот, астыңдагы жер темир болот.

24 Теңир жамгырдын ордуна чаң жаадырат, сен кырылып жок болмоюнча, асмандан сага топурак жаай берет.

25 Теңир сени душмандарыңдын колуна салып берет. Бир жол менен ага каршы барасың да, жети жол менен качасың. Жер жүзүндөгү бүт падышачылыктарга тарайсың.

26 Сенин өлүгүң асмандагы жырткыч куштарга, жердеги жырткыч айбандарга жем болот, аларды кубалай турган жан болбойт.

27 Теңир сага Мисирдин айыккыс пес оорусун, чечек оорусун, ириңдүү жарасын, котурун жиберет.

28 Теңир сени акылыңдан адаштырат, сокур, коркок кылат.

29 Ошондо сен чак түштө сокурга окшоп жер сыйпалап каласың, ишиңдин ийгилигин көрбөйсүң, өмүрүң өткөнчө сени кысымга алып кордошот, сага эч ким болушпайт.

30 Аял аласың, бирок аны менен башка бирөө жатат. Yй курасың, бирок ал үйдө өзүң жашабайсың. Жүзүмзар тигесиң, бирок мөмөсүн өзүң жебейсиң.

31 Өгүзүңдү сенин көзүңчө союп алышат, анын этинен жебейсиң. Эшегиңди жетелеп кетишет, кайтарып беришпейт. Койлоруңду кас душмандарыңа айдап барып беришет, сени эч ким коргобойт.

32 Балдарың менен кыздарыңды башка элдер алып кеткенин өз көзүң менен көрөсүң. Өмүрүң өткөнчө аларды күтүп жол карайсың, бирок эч нерсе кыла албайсың.

33 Сен айдаган жердин түшүмүн, сенин эмгегиңди сен тааныбаган башка эл жейт. Өмүрүң өткөнчө куугунтукталасың жана эзилесиң.

34 Ушуларды өз көзүң менен көрүп, акылдан ажырайсың.

35 Теңир сенин тизең менен шыйрагыңа, таманыңдан төбөңө чейин айыккыс пес оорусун каптатат.

36 Теңир сени жана сен такка отургузган падышаны өзүң да, ата-бабаң да билбеген элге алып барат. Ал жерде сен жыгачтан жана таштан жасалган кудайларга табынып каласың.

37 Теңир алып барган жердеги элдер сени көрүп үрөйү учат, аларга шылдың, ылакап болосуң.

38 Талааңа көп үрөн сээп, аз түшүм аласың, анткени аны чегиртке жеп кетет.

39 Жүзүмзар тигип өстүрөсүң, бирок мөмөсүн жыйнап, шарап ичпейсиң, анткени аны курт жеп салат.

40 Бардык жериңде зайтун дарагы болот, бирок майы менен майланбайсың, анткени мөмөлөрү жерге түшүп калат.

41 Уулдарың, кыздарың төрөлөт, бирок алардын бири да колуңда болбойт, анткени туткундалып кетишет.

42 Бак-дарактарың менен жериңдин түшүмүн чегиртке жеп жок кылат.

43 Араңда жашаган келгин сенден жогору көтөрүлгөндөн көтөрүлөт, сен төмөндөгөндөн төмөндөйсүң.

44 Ал сага карыз бере баштайт, сен ага карыз бере албай каласың. Ал баш болот, сен болсо куйрук болосуң.

45 Кудай-Теңириң берген осуяттарды жана мыйзамдарды аткарбагандыгың үчүн, Анын үнүн укпай койгондугуң үчүн, сага ушул каргыштардын баары тийип, кырып жок кылмайынча, артыңдан түшүп, акыры түбүңө жетет.

46 Сага жана сенин укум-тукумуңа тийген ал каргыштар башкаларга түбөлүккө жышаан жана эскертүү болот.

47 Бардыгы ашып-ташып турганда Кудай-Теңириңе кубаныч менен, чын жүрөгүң менен кызмат кылбаганың үчүн,

48 ачарчылык, кургакчылык, ач-жылаңачтык, жокчулук учурунда Кудай Өзү сага каршы жиберген душманыңа кызмат кыласың. Ал сени кырып жок кылмайынча, мойнуңдан темир моюнтурукту түшүрбөйт.

49 Теңир сага алыстан, жердин бир бурчунан эл жөнөтөт. Сен тилин түшүнбөгөн эл сага бүркүттөй шукшурулуп тиет.

50 Ал эл улуусун сыйлабаган, кичүүсүн аябаган таш боор эл болот.

51 Ал эл сени түгөтүп бүтмөйүнчө, малыңды да, түшүмүңдү да жейт, сени кырып жок кылмайынча, эгиниңди да, шарабыңды да, майыңды да, бодо малың менен койлоруңдун төлүн да калтырбайт.

52 Сенин жериңдеги сен таянган бийик, бекем дубалдарыңды уратып бүтмөйүнчө, бардык жагыңдан курчап алып кысымга алат. Кудай-Теңириң берген жерлерди бардык жагынан курчап алып кысымга алат.

53 Душманың сени курчап алып кысымга алганда, Кудай-Теңириң берген уул-кыздарыңды, өз балдарыңдын этин жейсиң.

54 Араңардагы жыргалчылыкка, байлыкка көнгөн адам өз бир тууганына, аялына, колунда калган балдарына ырайымсыздык менен карайт,

55 сенин бардык шаарларыңды душман курчап алып кысымга алганда, жегенге эч нерсеси калбагандыктан, балдарынын этин эч кимге бербей жейт.

56 Жыргал турмушка, байлыкка көнгөн, байлыгына чиренген, эркелигинен жерге бутун койбогон аял күйөөсүнө, баласына, кызына ырайымсыздык менен карайт.

57 Сенин бардык шаарларыңды душманың курчап алып кысымга алганда, жокчулук болгондуктан, эки бутунун ортосунан чыгып келаткан баланын тонун жана жатынынан чыккан ымыркайды, жаңы төрөгөн баласынын этин эч кимге бербей, жашыруун жейт.

58 Эгерде бул китепке жазылган мыйзамдын бардык сөздөрүн аткарууга аракет кылбасаң, даңктуу, коркунучтуу Кудай-Теңириңдин ысымынан коркпосоң,

59 анда Теңир сага жана сенин укум-тукумуңа мурун болуп көрбөгөн, узакка созулган оор күндөрдү, айыккыс, жугуштуу ооруларды жиберет.

60 Өзүң корккон Мисирдин бардык ооруларын жиберет, алардан арыла албайсың.

61 Кырылып жок болмоюнча, Теңир сага мыйзам китепте жазылбаган ар кандай жугуштуу ооруларды, оор күндөрдү жибере берет.

62 Ошондо асмандагы жылдыздардай жайнаган сансыз элиңен аз эле эл калат, анткени сен Кудай-Теңириңдин үнүн укпай койдуң.

63 Теңир силерге жакшылык кылганда, тукумуңарды көбөйткөндө кандай кубанса, силерди кырып жок кылганына так ошондой кубанат. Сен ээлегени бара жаткан жерден кайра куулуп чыгасың.

64 Теңир силерди жердин бир четинен экинчи четине чейин, башка элдердин арасына чачыратып жиберет. Ал жерде силер да, ата-бабаларыңар да билбеген башка кудайларга, жыгачтарга жана таштарга табынып каласыңар.

65 Бирок ал элдердин арасында да силерге тынчтык болбойт, аягыңар жай таппайт, Теңир ал жерде да жүрөгүңөрдү титиретип, көзүңөрдү талытып, жаныңарды сыздатат.

66 Өмүрүң кылдын учунда асылып, күнү-түнү титиреп, тирүү каларыңа көзүң жетпейт.

67 Сени каптаган коркунучтан улам, өз көзүң менен көргөн нерселерден улам, эртең менен: “О, кеч кирсе экен!” – дейсиң, кечинде: “О, таң атса экен!” – дейсиң.

68 Мен сага: “Экинчи ал жерди көрбөйсүң”, – деген Мисир жерине Теңир сени кемеге салып кайра жиберет. Ал жерде силер душмандарыңарга кулдукка жана күңдүккө сатыласыңар, бирок сатып алууга эч ким чыкпайт».

29-БӨЛҮМ

Теңирдин Өз эли менен кайрадан келишим түзүшү

1 Теңир Ысрайыл уулдары менен Хорепте түзгөн келишимин Маап жеринде кайрадан кайталоо жөнүндө Мусага мындай буйрук берген:

2 Муса Ысрайыл уулдарын чакырып алып, аларга мындай деди: «Теңир силердин көз алдыңарда Мисир жеринде фараонду, анын кулдарын, анын бүт жерлерин эмне кылганын баарыңар көрдүңөр.

3 Ошондогу катуу жазаларды, укмуштуудай жышаандар менен кереметтерди өз көзүңөр менен көрдүңөр.

4 Бирок бүгүнкү күнгө чейин Теңир силерге туюнганга жүрөк, көргөнгө көз, укканга кулак берген жок.

5 Кырк жыл силерди чөлдө алып жүрдү, үстүңөрдөгү кийимиңер эскирген жок, бутуңардагы бут кийимиңер жыртылган жок.

6 Силердин Кудай-Теңириңер Мен экенимди билишиңер үчүн, силер нан жеген жоксуңар, шарап жана күчтүү ичимдик ичкен жоксуңар.

7 Силер бул жерге келгениңерде, Кешпон падышасы Сихон менен Башан падышасы Ог биз менен салгылашканы чыкты, биз аларды жеңдик.

8 Алардын жерин басып алып, Рубейин менен Гат уруусуна жана Менашенин жарым уруусуна бердик.

9 Бардык ишиңердин ийгилигин көрүшүңөр үчүн, бул келишимдеги осуяттарды аткаргыла.

10 Бүгүн силер, ысрайылдыктар, Кудай-Теңириңердин алдында уруу башчыларыңар, аксакалдарыңар, көзөмөлдөөчүлөрүңөр,

11 балдарыңар, аялдарыңар, араңарда жашаган келгиндериңер, отун жарып, суу ташыгандарыңар менен турасыңар.

12 Бүгүн силер Кудай-Теңириңердин келишимине, Кудай-Теңириңер менен түзүлгөн анттуу келишимге кириш үчүн турасыңар.

13 Теңир Өзү сага жана сенин ата-бабаларың Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка убада кылгандай, Ал бул келишимди сенин Кудайың болуп, сени Өз эли кылып алыш үчүн түзөт.

14 Бул келишимди жана анттуу келишимди мен силер менен гана эмес,

15 бүгүн Кудай-Теңирибиздин алдында биздин арабызда тургандар менен, ошондой эле бүгүн биздин арабызда турбагандар менен түзүп жатам.

16 Анткени Мисир жеринде кандай жашаганыбызды, башка элдердин арасынан кандай өткөнүбүздү өзүңөр билесиңер.

17 Алардын жийиркеничтүү иштерин, жыгачтан, таштан, күмүштөн, алтындан жасап алган кудайларын да көрдүңөр.

18 Бүгүн силердин араңарда ошол элдердин кудайларына кызмат кылуу үчүн барган, жүрөгү Кудай-Теңирибизден алыстаган эркек, же аял, же уруу, же үй-бүлө болбосун. Силердин араңарда уулуу жана ачуу жемиш бере турган тамыр болбосун.

19 Ушул каргыштарды угуп туруп, өз ичинен: “Өзүм каалагандай жашасам деле бактылуу болом”, – деп мактанган адам болбосун. Анын айынан айыпсыз да жок болот.

20 Теңир андай адамды кечирбейт, Теңир ага ошол замат каарданат. Ага бул китепте жазылган келишимдин бүт каргыштары тиет, Теңир анын атын жер үстүнөн өчүрөт.

21 Бул мыйзам китебинде жазылган келишимдин каргыштарына ылайык, Теңир аны жок кылуу үчүн, Ысрайылдын бардык урууларынын арасынан бөлүп коёт.

22 Теңир Өзү кыйроолор менен, оорулар менен жабыркаткан бул жерди силердин тукумуңар жана алыс жактан келген бөтөн жерликтер көрүп, мындай деп айтышат:

23 “Бүт жер өрттөнүп, жерди күкүрт менен туз каптап калыптыр. Теңир каарданып, астын-үстүн кылып, күлүн сапырып салган Содом, Амор, Адма жана Себоим сыяктуу, бул жер да айдалбайт, эч нерсе өспөйт, чөп да чыкпайт”.

24 Ошондо бүт элдер мындай деп сурашат: “Эмне үчүн Теңир бул жерди ушундай кылды? Ал эмне үчүн ушунчалык каарданды?”

25 Аларга: “Теңир алардын ата-бабаларын Мисир жеринен алып чыккандан кийин, алар менен түзгөн келишимин таштап салышканы үчүн,

26 Кудай тыюу салган башка кудайларга, өздөрү билбеген кудайларга барып кызмат кылып, табына башташканы үчүн ушундай болду.

27 Мына ошондуктан бул жерге Теңир каарданып, аны ушул китепте жазылган келишимдин каргыштарына калтырды.

28 Теңир аларга ачууланып, жаалданып, катуу каарданып, өздөрүнүн жеринен кууп чыгып, азыр биз көрүп турганыбыздай, башка жерге таштап салды”, – деп жооп беришет.

29 Жашыруун нерселер Кудай-Теңирибизге таандык. Ушул мыйзамдын бардык сөздөрүн аткарышыбыз үчүн, ачык нерселер түбөлүккө бизге жана биздин балдарыбызга таандык.

30-БӨЛҮМ

Кечирим жана бата алуунун шарттары

1 Мен сага айткан бардык сөздөр – баталар менен каргыштар аткарылганда, Кудай-Теңириң башка элдердин арасына чачыратып жиберген жерде аларды жүрөгүңө кабыл алсаң,

2 Кудай-Теңириңе кайрылсаң жана мен сага бүгүн берип жаткан осуяттарды укум-тукумуң менен кошо чын жүрөгүң, жан-дилиң менен аткарсаң,

3 Кудай-Теңириң сага ырайым кылып, туткундагыларыңды кайра алып келет, Кудай-Теңир сени чачыратып жиберген элдердин арасынан кайрадан чогултат.

4 Сен жердин түбүнө чейин чачырасаң да, Кудай-Теңириң сени ошол жактан чогултуп, ошол жактан алып келет.

5 Кудай-Теңириң сени ата-бабаларың ээлеген жерге алып келет. Сен ал жерди өз энчиңе аласың. Сага жакшылык кылат, укум-тукумуңду ата-бабаларыңдан да көп кылат.

6 Өмүр сүрүшүң үчүн, Кудай-Теңириң сенин жүрөгүңдү жана укум-тукумуңдун жүрөгүн Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң, жан-дилиң менен сүйө турган кылып өзгөртөт.

7 Ошондо Кудай-Теңириң бул каргыштардын баарын сенин душмандарыңа, сени жек көрүп кубалагандарга жиберет.

8 Сен болсо кайрадан Теңирдин үнүн угуп, мен бүгүн берип жаткан Анын бардык осуяттарын аткарасың.

9 Кудай-Теңириң иштериңе ийгилик берет, укумдатып-тукумдатып көбөйтөт, малыңдын төлүнө, жериңдин түшүмүнө батасын берет, Теңир сенин ата-бабаларыңа жакшылык кылып кубангандай, сага да жакшылык кылып, кайрадан кубанат.

10 Кудай-Теңириңдин бул мыйзам китепте жазылган осуяттары менен мыйзамдарын аткарып, Анын үнүн уксаң, Кудай-Теңириңе чын жүрөгүң, жан-дилиң менен кайрылсаң, Ал ошондой кылат.

11 Анткени мен бүгүн сага берип жаткан осуят сен үчүн түшүнө алгыс да, алыс да эмес.

12 “Биз үчүн ким асманга чыгып, аны алып келип берет. Бизге аны ким айтып берет, ошондо биз аны аткарар элек”, – деп айткыдай, ал асманда да эмес.

13 “Биз үчүн ким деңиздин ары жагына барып, аны алып келип берет. Бизге аны ким айтып берет, ошондо биз аны аткарар элек”, – деп айткыдай, ал деңиздин ары жагында да эмес.

14 Ал сөз сага өтө жакын жерде. Сен аткара турган сөз сенин оозуңда жана жүрөгүңдө.

15 Мен сага бүгүн өмүр менен жакшылыкты, өлүм менен жамандыкты сунуш кылдым.

16 Мен сага бүгүн: “Кудай-Теңириңди сүй, Анын жолу менен жүр, Анын осуяттарын, мыйзамдарын аткар”, – деп осуяттап жатам. Ошондо өмүр сүрөсүң да, укумдап-тукумдап көбөйөсүң. Сен ээлегени бара жаткан жерде Кудай-Теңириң сага батасын берет.

17 Эгерде Кудайдан алыстап, Аны укпай турган болсоң, жолдон чыгып, башка кудайларга табынып, кызмат кыла турган болсоң,

18 анда ээлеш үчүн Иордандан өткөн жериңде көпкө турбай өлөрүңдү бүгүн мен сага айтып коёюн.

19 Бүгүн силердин алдыңарда асман менен жерди күбөгө тартам. Мен сага өмүр менен өлүмдү, алкыш менен каргышты сунуш кылдым. Өзүң жана укум-тукумуң өмүр сүрүшү үчүн, өмүрдү тандап ал.

20 Кудай-Теңириңди сүй, Аны ук, Ага жабыш. Анткени Ал сенин өмүрүң. Ал сенин ата-бабаларың Ыбрайымга, Ыскакка жана Жакыпка берем деп убада кылган жерде сага узун өмүр берет».

31-БӨЛҮМ

Мусанын ыйык кызмат кылуучуларга, лебилерге жана Нундун уулу Жашыяга берген көрсөтмөлөрү

1 Муса Ысрайыл уулдарына мына бул сөздөрдү айтты:

2 «Азыр мен жүз жыйырма жашка чыктым, мындан ары силерди баштап жүрө албайм. Теңир Өзү да мага: “Сен бул Иордандан өтпөйсүң”, – деген.

3 Кудай-Теңириң сенин алдыңда Өзү барат. Ал бул элдерди сенин алдыңан жок кылат, сен аларды кууп чыгасың. Теңир айткандай, Жашыя сенин алдыңда барат.

4 Теңир аморлуктардын падышалары Сихон менен Огду жана алардын жерлерин кандай кылса, буларды да так ошондой кыйратат.

5 Теңир аларды силердин колуңарга салып берет, аларга мен буйругандай кылгыла.

6 Бекем, кайраттуу болгула, алардан коркпогула, үрөйүңөрдү учурбагыла, анткени Кудай-Теңириңер Өзү силер менен барат, силерден алыстабайт, силерди таштабайт».

7 Анан Муса Жашыяны чакырып алып, ысрайылдыктардын көзүнчө ага мындай деди: «Бекем, кайраттуу бол, анткени сен бул эл менен Теңир ата-бабаларына убада кылган жерге барып, ал жерди ага бөлүп бересиң.

8 Теңир Өзү сенин алдыңда барат, Өзү сени менен болот, сенден алыстабайт, сени таштабайт, коркпогун жана үрөйүң учпасын».

9 Анан Муса бул мыйзамды жазып, аны ыйык кызмат кылуучуларга, Теңирдин келишим сандыгын көтөрүп жүргөн Леби уулдарына жана Ысрайыл аксакалдарына берди.

10 Муса аларга мындай деп осуяттады: «Жети жылда бир болуучу кечирим жылында, Алачыктар майрамында,

11 бүткүл Ысрайыл эли Кудай-Теңириңдин алдына, Ал Өзү тандап алган жерге келгенде, бүткүл Ысрайыл элине бул мыйзамды угуза окуп бер.

12 Элиңди: эркектер менен аялдарды, балдарды, араңарда жашаган келгиндерди чогултуп кел. Алар бул мыйзамды угуп, Кудай-Теңирден коркууну үйрөнүшсүн, мыйзамдын бардык сөздөрүн аткарууга аракет кылышсын.

13 Бул мыйзамды билбеген алардын балдары да силер ээлеш үчүн Иордандан өтүп бара жаткан жерде жашап жатканыңарда, аны угуп, Теңирден коркууну үйрөнүшсүн».

Теңирдин Мусага жана Нундун уулу Жашыяга берген көрсөтмөлөрү

14 Анан Теңир Мусага: «Сенин өлө турган күнүң жакындап калды. Жашыяны чакыр, экөөң жыйын чатырынын алдына келгиле, Мен ага көрсөтмө берем», – деди. Муса менен Жашыя жыйын чатырынын алдына келип турушту.

15 Ошондо Теңир жыйын чатырына булут ичинде келди. Булут мамысы жыйын чатырынын алдына туруп калды.

16 Анан Теңир Мусага мындай деди: «Сен эми ата-бабаларыңа кошуласың, бул эл барган жеринде бузулуп, башка кудайларды ээрчип, өзү менен түзгөн келишимимди бузуп, Мени таштап кетет.

17 Ошол күнү Мен бул элге каарданып, аны таштап салам, андан Өз жүзүмдү жашырам. Ошондо ал кырылат, көп кырсыкка учурап, кайгыга батат, ошол күнү: “Арабызда Кудай-Теңирибиз жок болгондуктан, ушундай кырсыкка учурап жатабыз”, – деп айтат.

18 Алар башка кудайларга кайрылып, кылган мыйзамсыздыктары үчүн, ошол күнү Мен алардан Өз жүзүмдү жашырам.

19 Ошондуктан бул ырды жазып алып, Ысрайыл уулдарына үйрөткүлө. Ысрайыл уулдарынын алдында Мага күбө болуп турушу үчүн, бул ырды Ысрайыл уулдарына жаттаткыла.

20 Анткени Мен аларды сүт менен бал аккан жерге, алардын ата-бабаларына убада кылган жерге алып барам. Алар ичип-жеп тоюп, семиргенден кийин, башка кудайларга кайрылып, аларга табынып калышат. Менден баш тартып, Менин келишимимди бузушат.

21 Алар көп кырсыктарга учурап, кайгыга батышканда, бул ыр аларга каршы күбө болсун, себеби бул ыр алардын укум-тукумунун оозунан түшпөйт. Азыр эмнени ойлоп жатышканын Мен аларды убада кылган жерге алып бара электе эле билип турам».

22 Муса ал ырды ошол күнү жазып алып, Ысрайыл уулдарына үйрөттү.

23 Анан Теңир Нундун уулу Жашыяга мындай деди: «Бекем, кайраттуу бол, анткени сен Ысрайыл уулдарын Мен аларга убада кылган жерге алып барасың, Мен сени менен болом».

Мусанын лебилерге берген көрсөтмөлөрү

24 Муса бул мыйзамдын баарын китепке жазып бүткөндө,

25 Теңирдин келишим сандыгын көтөрүп жүргөн лебилерге мындай буйрук берди:

26 «Бул мыйзам китебин алып, Кудай-Теңириңердин, келишим сандыгынын оң жагына салып койгула, ал ошол жерде сага каршы күбө болот.

27 Анткени мен сенин өжөр жана тоң моюн экениңди билем. Азыр мен силер менен бирге жашап жатканда да, силер Теңирдин алдында өжөрсүңөр. Мен өлгөндөн кийин, силер ого бетер күчөйсүңөр.

28 Мага уруу аксакалдарыңарды, көзөмөлдөөчүлөрүңөрдү чогултуп келгиле. Мен бул сөздөрдү аларга угуза айтып берейин, аларга каршы асман менен жерди күбөгө тартайын.

29 Анткени мен өлгөндөн кийин, көрсөткөн жолдон чыгып бузуларыңарды билем. Теңирге жакпаган иштерди кылып, Аны каардантканыңар үчүн, акыркы күндөрү башыңарга мүшкүл түшөт».

30 Муса бүткүл Ысрайыл элине ал ырды аягына чейин ырдап берди:

32-БӨЛҮМ

Мусанын ыры

1 «Кулак сал, асман, мен сүйлөйм. Кулак сал, жер, менин сөзүмө.

2 Жамгыр болуп куюлат үйрөткөнүм, шүүдүрүмдөй тунук менин сөздөрүм, өсүмдүккө жааган майда тамчыдай, кээде чөпкө жаба жааган нөшөрдөй.

3 Теңирдин ысымын мактаймын, даңктагыла биздин Кудайды.

4 Ал – таяныч. Анын иштери жеткилең, Анын жолдору – чындык. Кудай ишенимдүү, Анда адилетсиздик жок. Ал – акыйкат, Ал – чындык.

5 Бирок алар Теңирдин алдында бузулушту, алар – кежир, бузулган тукум, ошондуктан Анын балдары эмес.

6 О акылсыз, түшүнүгү жок эл, Теңирге кыларыңар ушубу? Сени тапкан, сени жараткан, сени жайгаштырган Атаң Ошол эмеспи?

7 Байыркы күндөрдү эстегин, өтүп кеткен уруулар жөнүндө ойлон. Атаңдан сура, ал сага айтып берет; карыяларыңдан сура, алар сага айтып беришет.

8 Бардыгынан Жогору Турган элдерди бөлүп, аларга жер бөлүп жатканда, Ысрайыл уулдарынын санына жараша чек араларды койгон.

9 Анткени Теңирдин үлүшү – Өз эли. Жакып – Анын мурастай турган энчиси.

10 Ал аны ээн талаа, эрме чөлдөн таап алган. Аны коргоп, багып, көзүнүн карегиндей сактаган.

11 Уясын коруп, балапандарынын үстүнөн айланып учкан, канатын жайып тосуп алып, канатынын үстүндө көтөрүп жүргөн бүркүттөй болуп,

12 Теңир аны жалгыз Өзү алып жүрдү, Анын жанында башка кудай болгон эмес.

13 Теңир аны бийик жерге алып чыгып, жердин жемиши менен багып, таштын арасынан бал чыгарып, аска-зоо арасынан май сыдырып,

14 уйдун майы менен, койдун сүтү менен, козулардын майлары менен, Башандын койлору, текелери менен, дандуу буудайлар менен бакты, жүзүм ширесинен ичирди.

15 Ошондо Ысрайыл эли семирип, кежир тартты. Толуп, жооноюп, көкүрөгүн май басты. Өзүн жараткан Кудайды таштады, өзүнүн куткарар таянычын жек көрө баштады.

16 Алар Аны башка кудайлары менен, жийиркеничтүү иштери менен каардантышты.

17 Кудайга эмес, жиндерге, өздөрү билбеген, ата-бабаларынын да оюна келбеген кошуна элдердин кудайларына, жаңы кудайларга курмандыктарды чалышты.

18 Сен өзүңдү жараткан Коргоочуңду, өзүңдү жараткан Теңирди унуттуң.

19 Теңир муну көрүп каарданып, Өз балдары менен кыздарынан баш тартып, мындай деди:

20 “Мен булардан жүзүмдү жашырам, ошондо булардын арты кандай болорун көрөм, анткени булар – бузулуп бүткөн тукум, ишенимсиз балдар.

21 Алар Мени эч нерсеге жарабаган жалган кудайлары менен каардантышты. Мен да буларды эл катары эсептелбеген акылсыз адамдар менен капа кылам.

22 Анткени Менин каарымдан от чыгып, өлгөндөр жаткан жайдын түбүнө чейин күйгүзүп жатат, жерди үстүндөгү өсүмдүктөрү менен кошо жалмап, тоонун түбүн өрттөп жатат.

23 Аларга мүшкүл түшүрөм, бүт жебелеримди коё берем.

24 Ачкачылыктан арыктап, жугуштуу оорудан кырылып өлүшөт. Жырткыч айбандар менен уулуу жыландарды жиберем.

25 Алардын сырттагылары кылычтан, үйүндөгү уландары, кыздары, эмчектеги балдары, ак чач баскан карылары коркунучтан өлүшөт.

26 Мен: «Аларды чачыратып, алардын атын адамдар арасынан өчүрөм», – деп айткам.

27 Бирок душман аларды: «Мунун баарын Теңир эмес, биздин күчтүү колубуз кылды», – деп табалап, басынтпашы үчүн, Мен айтканымды кылган жокмун.

28 Анткени алар – акылын жоготкон эл, аларда түшүнүк жок.

29 Оо, алар бул тууралуу ойлонуп, эмне болорун баамдаса кана!

30 Эгерде Коргоочусу салып бербесе, Теңири салып бербесе, анда бир киши миң кишини, эки киши түмөндү кантип кууп чыкмак эле!

31 Анткени алардын коргоочусу биздин Коргоочубуздай эмес. Буга душмандардын өздөрү калыс.

32 Анткени алардын жүзүмү Содом менен Амордун жүзүмүнөн. Алардын мөмөсү – уу, сабагы ачуу.

33 Шарабы – ажыдаардын уусу, уулуу жыландын мүрт өлтүрүүчү уусу.

34 Бул Менде катылып турат, Менин кампамда бекитилип турат.

35 Алар жыгылганда, Мен аларды жазалап, алардан өчүмдү алам, анткени алардын өлөр күнү жакын калды, аларга дайындалган жаза жакын калды”.

36 Бирок алардын күчү кетип, туткундагылары да, сырттагылары да калбай калганда, Теңир Өз элине Өзү өкүм чыгарып, Өз кулдарына Өзү ырайым кылат.

37 Ошондо Теңир мындай деп айтат: “Алардын таянган тиреги, үмүт кылган кудайлары кайда?

38 Алардын курмандыктарынын майын жеп, куюлуучу курмандыктарын ичкен кудайлары кайда? Кана, алар козголуп, орундарынан туруп, силерге жардам беришсинчи, силерге калканыч болушсунчу!

39 Өзүңөр көрүп турасыңар, бул – Мен, Кудаймын, Менден башка Кудай жок. Өлтүргөн да, тирилткен да Менмин, ооруткан да, айыктырган да Менмин. Менин колумдан эч ким куткарып ала албайт.

40 Мен колумду асманга көтөрүп, мындай дейм: «Мен түбөлүк тирүүмүн!»

41 Мен жаркылдаган кылычымды кайрап, өкүм чыгарам, душмандарымдан өч алам, Мени жек көргөндөрдү жазага тартам.

42 Жебелерим канга тоёт, кылычым денелерге, өлтүрүлгөндөр менен туткундардын канына, душмандын аскер башчыларынын башына тоёт”.

43 Элдер, Анын элин даңктагыла, анткени Ал кулдарынын каны үчүн өч алат, душмандарын жазалап, Өз жерин, Өз элин тазалайт!»

44 Муса Нундун уулу Жашыя менен элдин алдында туруп, ушул ырды элге угуза ырдап берди.

Мусанын элге кайрылышы

45 Муса бүткүл Ысрайыл элине ушул сөздөрдүн баарын айтып бүткөндөн кийин, мындай деди:

46 «Мен бүгүн силерге айткан сөздөрдүн баарын көңүлүңөргө түйүп, балдарыңарга айткыла. Бул мыйзамдын баарын аткарууга аракеттениши үчүн, балдарыңарга үйрөткүлө.

47 Анткени бул силерге айтылган курулай сөз эмес, бул силердин өмүрүңөр. Силер ээлеп алыш үчүн Иордандан өтүп барган жерде бул аркылуу узак өмүр сүрөсүңөр».

48 Ошол эле күнү Теңир Мусага мындай деди:

49 «Жерихонун каршысындагы Маап жериндеги бул Абарым тоолорунан Ныбо тоосуна чыгып, Мен Ысрайыл уулдарынын энчисине берген Канаан жерин карап көр.

50 Бир тууганың Арун Ор тоосунда көз жумуп, өз элине кошулгандай эле, сен да өзүң чыккан тоодо көз жумуп, өз элиңе кошуласың.

51 Анткени Син чөлүндө, Кадештеги Мериба суусунун боюнда, Ысрайыл уулдарынын алдында Мага каршы күнөө кылгансыңар, Ысрайыл уулдарынын алдында Менин ыйыктыгымды көрсөткөн эмессиңер.

52 Ысрайыл уулдарына берип жаткан жерди сен алыстан көрөсүң, бирок ал жерге кирбейсиң».

33-БӨЛҮМ

Ысрайыл урууларына бата берүү

1 Кудайдын кишиси Мусанын Ысрайыл уулдарына өлөр алдында берген батасы мындай:

2 «Теңир Синайдан келди, аларга Сеирден жаркырап көрүндү, Паран тоосунан көрүндү, сансыз ыйыктар менен келди. Анын оң жагында мыйзам оту жалындап турат.

3 Чынында, Ал Өз элин сүйөт. Анын ыйыктары Өз колунда, Сенин сөздөрүңдү угуш үчүн, алар бутуңа жыгылышты.

4 Муса бизге мыйзам берди, Жакыптын жамаатына мурас калтырды.

5 Ысрайыл уруулары менен бирге элдин башчылары чогулганда, ал Ысрайылга падыша болду.

6 Жашасын Рубейин, ал өлбөсүн, тукуму аз болбосун!»

7 Ал эми Жүйүт жөнүндө мындай деди: «Теңир, Жүйүттүн үнүн ук, аны өз элине алып кел. Ал өзүн өз колу менен коргой алсын, Сен ага душмандарына каршы күрөштө жардам бер».

8 Леби жөнүндө мындай деди: «Сенин уримиң менен тумимиң Сен Масада сынаган, Мериба суусунун боюнда Сени менен тирешкен ыйык адамыңдын үстүндө.

9 Ал атасы менен энеси жөнүндө: “Мен аларды карабайм”, – деп айтат. Ал өз бир туугандарын да тааныбайт, өз балдарын да билбейт. Анткени алар – Сенин сөзүңдү аткарган, Сенин келишимиңди сактаган лебилер.

10 Алар Жакыпка Сенин мыйзамыңды, Ысрайылга Сенин осуяттарыңды үйрөтүшөт, Сенин алдыңда жыпар жыттуу зат түтөтүп, Сага арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалышат.

11 Анын күч-кубатына батаңды бер, Теңир, анын иштерине ийгилик бер, анын алдында туруштук бере албашы үчүн, ага каршы чыккандардын, аны жек көргөндөрдүн белин сындыр».

12 Бенжемин жөнүндө мындай деди: «Теңир сүйгөн адам Анын алдында бейкапар жашайт, ар күнү аны Кудай калкалайт, ал Кудайдын жеринде коопсуз жашайт».

13 Жусуп жөнүндө мындай деди: «Теңир анын жерин асман байлыктары менен, шүүдүрүм менен, жердин түпкүрүндө жаткан байлыктар менен,

14 күн менен айдын астында өскөн эң жакшы жемиштер менен,

15 байыркы тоолордо, түбөлүктүү дөбөлөрдө өскөн эң сонун мөмөлөр менен,

16 жерди толтурган эң жакшы түшүм менен жалгасын. Тикенектүү бадалга Келгендин батасы Жусупка тийсин, бир туугандарынын ичинен эң жакшысына тийсин.

17 Анын күчү биринчи туулган буканыкындай, мүйүзү буйволдун мүйүзүндөй. Ал мүйүзү менен бүт элдерди жердин түбүнө чейин сүзө качырсын. Бул – Эпрайымдын түмөндөгөн тукуму, бул – Менашенин миңдеген тукуму».

18 Забулун жөнүндө мындай деди: «Өз жолуңда ойноп-күл, Забулун. Өз чатырыңда көңүл ач, Исахар.

19 Алар тоого эл чакырып, ал жерде ыраазычылык курмандыктарын чалышат, анткени алар деңиз байлыктары менен азыктанып, кумдун ичинде жаткан кенчке бөлөнүшөт».

20 Гат жөнүндө мындай деди: «Гат тукумун Таратканга даңк! Ал арстандай болуп жатат, колду да, башты да талкалайт.

21 Ал жердин жакшысын тандап алды, ошол жерде ал башчынын энчисин алып урматка бөлөндү. Ал эл башчылары менен келип, Теңирдин адилеттигин жана өкүмдөрүн Ысрайыл менен бирге ишке ашырды».

22 Дан жөнүндө мындай деди: «Башандан чуркап чыккан Дан – жаш арстан».

23 Напталы жөнүндө мындай деди: «Напталы жакшылыкка тунган, Теңирдин батасын мол алган. Деңиз менен түштүк тарап ага таандык».

24 Ашыр жөнүндө мындай деди: «Башка уулдарынын ичинен Ашырга көбүрөөк бата тийген, ал бир туугандарынын арасында кадырлуу, бутун майга малат.

25 Дарбазаларың темир менен жезден болот, байлыгың күн санап көбөйөт.

26 Булуттардын үстүндө атак-даңкы менен асмандан сага жардамга келген Ысрайылдын Кудайындай Кудай жок.

27 Сенин баш паанаң – байыркы Кудай, сени түбөлүктүү колдор коргойт. Ал сенин алдыңдан душмандарыңды кууп чыгып: “Кыргыла!” – дейт.

28 Ысрайыл коопсуз жашайт, ал жалгыз. Жакып данга бай, шарабы мол, асмандан шүүдүрүм тамчылаган жерди көрүп турат.

29 Бактылуусуң сен, Ысрайыл! Теңир сактаган сендей эл барбы? Ал сенин коргоочу калканың, даңктуу кылычың! Душмандарың сага жасакерленишет, сен алардын бийик жерлерин тебелеп-тепсейсиң».

34-БӨЛҮМ

Мусанын жерлерди көрүшү жана көз жумушу

1 Муса Маап түздүгүндөгү Жерихонун каршысындагы Ныбо тоосунун Пизги чокусуна чыкты. Теңир ага Гилаттан Данга чейинки жерлерди,

2 Напталынын жерин, Эпрайым менен Менашенин жерин, Жүйүттүн жерин, атүгүл, күн батыштагы деңизге чейинки жерлерди,

3 түштүк жерлерин, Жерихо өрөөнүн, Курма шаарын, Соарга чейинки жерлерди көрсөттү.

4 Анан Теңир ага мындай деди: «Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка: “Сенин тукумуңа берем,” – деп убада кылган жер мына ушул. Бул жерди Мен сага көрсөттүм, бирок сен ага кирбейсиң».

5 Теңирдин кулу Муса Теңирдин сөзү боюнча Маап жеринде көз жумду.

6 Ал Бейт-Пейордун маңдайындагы Маап жериндеги өрөөнгө коюлду, ал коюлган жерди бүгүнкү күнгө чейин эч ким билбейт.

7 Муса жүз жыйырма жашка чыгып көз жумду. Жүз жыйырма жашында да анын көзүнүн курчу кеткен эмес, алдан-күчтөн тайган эмес.

8 Ысрайыл уулдары Маап түздүгүндө Мусаны жоктоп, отуз күн аза күтүп ыйлашты. Ошентип, Мусаны жоктоп ыйлаган аза күтүү күндөрү да өттү.

Анын орун басары – Нундун уулу Жашыя

9 Нундун уулу Жашыя акылмандыктын рухуна толду, анткени Муса ага колун койгон эле. Ошондуктан Ысрайыл уулдары ага баш ийип, Теңир Мусага буйругандай кылышты.

10 Ошондон кийин Ысрайылда Теңир жүзмө-жүз сүйлөшкөн Мусадай пайгамбар болгон жок.

11 Теңир аны Мисир жериндеги фараонго, анын кулдарына, анын бүт жерине жышаандарды, кереметтерди көрсөтүш үчүн жиберген.

12 Муса ал улуу иштерди, зор кереметтерди бүткүл Ысрайыл элинин көз алдында көрсөткөн.