Мыкты инсандар

Wikibooks дан

Ли Куан Ю жана Жусуп Абдрахманов – өз мамлекеттерин түзгөн инсандар

Орозобек Түгөлбаев, Кыргыз билим берүү академиясынын окутуучусу

Жеке адамдын тарыхтагы ролу тууралуу
Жеке адам тарыхтын жүрүшүн өзү каалагандай өзгөртө алабы? Мисалы, кандайдыр бир тарыхый кырдаалда эгемендикке жеткен өз өлкөсүн жетектеп, аны дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн катарына кошо алабы?
Инсандын ээлеген орду коомдогу прогресске жараша болуп, турмуштун бардык тараптарында – экономикалык, өндүрүштук, социалдык, илимий-техникалык, уюштуруу-башкаруу, маданий ж.у.с. жактарда - улам жогорулай берет. Инсан коомдун жыргалчылыгы үчүн, коом болсо - инсандын ишмердигин, анын өнүгүшүн камсыз кылыш үчүн кам көрөт. Бул эки жактуу процесс, коом натыйжалуу өнүгүш үчүн бул эки тарап бири-бирине дайыма бирдей камкордук кылышы керек.
Мамлекеттик курулуштун ар кандай формасында мамлекет (өкмөт) башына ушул коомдун турмушунда жана өнүгүшүндө чоң роль ойной турган инсан келиши мүмкүн. Көп нерсе жетекчиге жараша болот, албетте, бардыгы эмес. Көп нерсе бул инсанды кандай коом тандап алгандыгына, бул коомдун деңгээли канчалык экендигине жана аны кандай күчтөр жогору алып чыкканына жараша болот. Коомду түзүп турган адамдардын баары бирдей эмес, алардын билими, жан дүйнөсү, көз карашы, карманган принциптери ар башка. Ошого жараша алар өздөрүнүн граждандык милдетин эркин шайлоо аркылуу билдире алышат, лидер-инсанга колдоо көрсөтүшөт же, кара күчтөргө сатылып кетишип, мамлекеттин тагдырына тескери таасир этишет. Башкача айтканда, элибиз айткандай, “бузулган элге бучуктан башкарма болот”.
Ошол эле учурда, лидер өз командасы (партиясы) менен бирге адамдарды тиешелүү деңгээлде тарбиялап алууга аракеттениши жана бул багытта белгилүү ийгиликтерге жетиши, коомду алдыңкы идеяларды кабыл алууга жетилтиши мүмкүн. Мындай лидерге мисал катары, Сингапур мамлекетин 30 жыл жетектеп, кедей балыкчылардын чоң кыштагын дүйнөнүн бай мамлекетине айланткан Ли Куан Юну келтирсе болот.
Ал эми алдыңкы идеяны кабыл алууга кеткен жолдо: 1) коом да бышып жетилбей калышы; 2) жеке адам жеңгис зор тоскоолдор болушу ыктымал. Мындай учурда, тарыхый майданга лидер-инсандын өз учурунан эрте келип калганын моюнга алууга туура келет. Мындай учурда, тарыхый инсан канчалык таланттуу жана эрки күчтүү лидер болбосун, жалгыздык кылып, канаты кайрылып каларына кыргыз элинин мыкты уулу Жусуп Абдрахмановдун ачуу тагдыры мисал боло алат.

Ли Куан Ю[оңдоо]

Жогорку суроого жооп алыш үчүн адегенде мен Ли Куан Юнун “Сингапурская история: из “третьего мира” - в “первый” (1965 - 2000)” (кыргызчасы: “Сингапурдун тарыхы: ‘үчүнчү дүйнөдөн’ ‘биринчи’ дүйнөгө’ (1965 - 2000)”) деген китебин окуп чыктым. Бул китеп кыргызча чыккан эмес, орусчасы да Кыргызстанда басылып чыкпаптыр.
Ли Куан Юнун ысмы СССРде белгилүү себептер боюнча айтылган эмес. Анткени, бул мамлекеттик ишмер толугу менен эркин базар идеясын колдогон жана аны ырааттуулук менен ишке ашырган. Өзүнүн саясий кредосу тууралуу Ли Куан Ю минтип жазат: “Биз Улуу британия калтырган артыкчылыктарды - англис тилин, юридикалык системаны, партиялык кызыкчылыктардан жогору турган администрацияны - пайдаландык. Биз социалдык мамлекетке мүнөздүү болгон методдорду пайдалануудан качтык, анткени “социалисттик” теңдемечиликтин натыйжасында “британдык” улуу эл ортосаар эл болуп калганын көрдүк.”
Ли Куан Юнун жетекчилиги менен Сингапур “үчүнчү дүйнөнүн” кедей өлкөсүнөн эң бай мамлекетке айланган (кара. Ли Куан Юнун жетекчилиги астында Сингапурду модернизациялоо). Демек. Ли Куан Юнун китеби кыргыз саясатчылары жана мамлекеттик ишмерлери үчүн жаздыгына жазданып жатып окуган колдонмого айланып калыш керек эле. Мындай болбогондугун биздин 20 жылдык тарыхыбыз көргөзүп турат. Ошол себептүү, колго калем алып, макаланын чегинде ушул маселеге аз-маз сереп салууга аракет жасадык.
Ли Куан Ю - сингапурлук саясатчы, Сингапур Республикасынын 1-премьер-министри, сингапур «экономикалык укмушунун» авторлорунун бири. Ал 1923-жылы 16-сентябрда Сингапурда, түбү кытай үй-бүлөдө төрөлгөн. Адегенде Сингапурдагы Телок Курау мектебинде жана Раффлз Институтунда («Раффлз-Колледж», азыр Сингапур Улуттук университети), кийин британдык Кембрижде (1945—1949) окуган.
1949-жылы мекенине кайтып келген. 1950-жылдан баштап Сингапурдагы Laycock and Ong компаниясында адвокаттык практика менен илешет, профсоюздук кыймылга аралашат. 1959-жылы бийликке келген «Элдик аракет» партиясынын генералдык секретары болуп 1954-жылы шайланат. 1959-жылдан 1990-жылга чейин 31 жыл бою премьер-министр постун ээлеп турган. 1990—2004-жылдары кийинки баш министр Го Чок Тонгдун өкмөтүндө ага-министр болуп турган. 2004-жылдын августунда өз уулу Ли Сяньлундун өкмөтүндө министр-ментордун (устаттын) кызматын ээлеген. Ли Куан Ю 31 жыл баш министр кызматында, 7 жыл өкмөттүн устаты кызматында иштегенден кийин жаштарга орун бериш үчүн толук эс алууга чыгып кеткен. Ушул жылдарда ал эч бир жаратылыш байлыктары болбогон Сингапурду балыкчылардын кедей кыштагынан, коррупциясы жок, калкы дүйнөдөгү эң оокаттуу жашаган жана эң билимдүү болгон гүлдөгөн бай мамлекетке айландырды. Азыр жашы 90го келсе да, али күч-кайратынан тая элек, дүйнөдө болуп жаткан окуялар тууралуу толук кабардар,. Өз өлкөсүндөгү жана дүйнөдөгү маанилүү иш чараларга активдүү катышып турат. Англиянын мурдагы баш министри, англиялык экономиканы көтөрүүдө кыйшаюусуз позицияны ээлегендиги үчүн “темир леди” атанган маркум Маргарет Тэтчер өз кезегинде, «бир кезде Сингапур Улуу Британиядан үйрөнгөн болсо, азыр биз Сингапурдан сабак алуудабыз» деп айткан. Тэтчер Ли Куан Юнун инсандыгы тууралуу минтип айтканы да белгилүү: «Мен премьер-министр кезимде Ли Куан Юнун ар бир сөзүн окуп жана талдап турдум. Ал пропагандисттик туманды таратып, учурдун проблемалары жана аларды чечүүнүн жолдору тууралуу өз көз карашын укмуштай ачык айтуучу. Ал бир да жаңылган жок».
АКШнын экс-президенти Жорж Буш (улуусу), “бул китеп — Азиянын ийгиликтүү өнүгүш тарыхына кызыккандар үчүн милдетүү окулуучу китеп...” десе, Япониянын экс-премьери Миядзава “бул китеп — мамлекетти кантип куруш керектиги тууралуу дүйнөдөгү эң биринчи окуу китеби” – дейт. Коррупцияны кандай методдор менен жеңгендиги тууралуу суроого Ли Куан Юнун берген жообу жалпыга кеңири белгилүү: “Ишти кыйышпас үч досуңузду түрмөгө отургузуудан баштаңыз. Эмнеге отурганын Сиз билесиз, эмнеге отурганын алар да билишет.” Бул жерде көрүнүп тургандай, коррупцияны жеңүү үчүн баарыдан мурда, темирдей бекем эрк керек.
Эгемендикти алгандан (1959-жылдан) баштап Сингапур мамлекеттүүлүктүн бардык атрибуттарын жаңыдан түзүү кыйынчылыгына дуушар болот. Жаш мамлекетте экономиканын бардык тармактарын, мамлекетти башкаруу системасын, элге билим берүү системасын, саламаттык сактоону, каржылоо жана банк системасын, тартип сактоо системасын жана куралдуу күчтөрдү жаңыдан түзүү иштерин, эл аралык мамилерди жолго коюу маселесин, койчу, айтор эгемен Кыргызстан 1991-жылдан бери дуушар болгондой проблемаларды тез арада токтоосуз чечүү зарылдыгы келип чыгат. Сингапур 1950-жылдарда көп улуттуу 1 миллиондой калкы бар (азыр 5 млндон ашык) шаар болгон, мунун 75.4% ын кытайлар, 13.6% ын – малайялыктар жана 8.6% ын индилер түзгөн. Ал түштүгүндө 100 млндон ашык калкы бар Индонезия менен, түндүгүндө – 6 млндон ашуун эли бар Малайзия менен чектешип турган. Түштүк-Чыгыш Азиядагы эң кичине мамлекет болгондуктан, Сингапур кубаттуу коңшуларынын көлөкөсүндө гана болуп, же эгемендигин таптакыр жогото тургандай абалда эле. Бул жагынан дагы Сингапур Кыргызстанга окшош болгон.
Ли Куан Ю болсо башкача ойлонгон, жана ошондой аракеттенген. Ал жатса-турса да – Сингапур эптеп эле мамлекет аты бар бир шоркелдей эмес, башкалардан жогору турган, экономикасы өнүккөн бай мамлекет болсо деп кыялдануучу. Ли Куан Ю өз жергесинде ресурстардын жоктугун сингапурлуктардын билими, билгилиги, тартиби жана тапкычтыгы жаап турушу керек деп эсептеген. Ал өз мекендештерин мурда аларга эч качан мүнөздүү болбогон нерселерди жасоого чакырган жана ошондой болушуна талыкпас мээнети менен жетишкен: адегенде өз шаарын тазалоо жана андан ары дайыма таза кармоо; өз жан дүйнөсүн тазалоо; өз кошуналары, мекендештери менен чырдашпай, өз ара түшүнүшүп дайыма ынтымакта жашоо; ар ким өз милдетин, өз жумушун так жана өз убагында аткаруусу д.у.с.
Бүгүнкү Сингапур – Ли Куан Юнун кыялынын 50 жыл ичинде толук ишке ашканына талашсыз далил. Эгемендикти алган учурда ар бир жанга киреше 400 АКШ долларына жетпесе, азыр бул киреше – 57 миң доллардан ашат, бул дүйнөдө 3-орун. (салыштыргыла: бул цифра АКШда 47 миң $, ГФРда 36 миң $, КР – 2162 $, 143-орун,). Сингапур - бийик технологиялар боюнча Түштүк-Чыгыш Азиянын көзүрү, бул аймактын коммерциялык дарбазасы жана илимий борбору. Сингапур бул аймактын эле эмес, бүткүл дүйнөнүн саясатында, экономикасында чоң роль ойнойт. Кымындай өлкө Сингапурдун улуттук дүң азыгы (УДА) 2012-жылы 314 млрд 906 млн АКШ долларын түздү. Бул дүйнөдөгү 38-орун (КР - 13 млрд 125 млн АКШ доллары, 136-орун,). Ушул сумманын 25 пайызы бийик технологияларга, тактап айтканда информациялык жана биотехнологияларга туура келет. Башка бир да өлкөнүн экономикасы мындай прогрессивдүү структурага ээ эмес.
Албетте, Сингапурдун 50 жылдын ичинде ушундай бийик абалга жетишине анын географиялык ыңгайлуу жайгашкандыгы дагы чоң себеп болду. Бирок, Ли Куан Ю өзү (жана ага кошулуп биз дагы) буга негизги себеп ишеним, ынтымак, эмгекчилдик жана стабилдүүлүк деп эсептейт: 1) өлкө инвесторлордун ишенимине, 2) өкмөт өз элинин ишенимине жетише алды; 3) өкмөт, инвесторлор жана калк бир ооз болуп ынтымакта иштеди; 4) ар бир сингапурлук жаран бир гана багытта, өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн, өлкөнү алдыңкы орунга алып чыгуу үчүн аракеттенди; 5) 53 жыл ичинде эки гана премьер-министр алмашты, азыр үчүнчүсү иштеп жатат. Мисалы, Ли Куан Юнун туура саясатынын натыйжасында дүйнөлүк ExxonMobil компаниясынын 2009-жылдагы Сингапурга салган инвестициясынын жалпы суммасы $16,5 млрд болгон. 1961-жылы өлкөдө экономикалык өнүгүү Агенттиги түзүлөт. Чет өлкөлүк инвестор ар башка министрликтерге жүгүрбөстөн, ушул гана Агенттиктеги бир гана өз куратору менен иштеген. Инвестордун иши ийгиктүү жүрүш үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ошол куратор-чиновник бул инвестордун нормалдуу иштеши үчүн толук жооп берген. Так ушул система бүгүнкүгө чейин жемиштүү иштеп жатат.
Биз жогоруда атаган төрт принцип Сингапурда толук иштеп жатат. Кыргызстанда эгемендиктин 20 жыл аралыгында булардын бири дагы ишке ашкан жок. Кыргызстанда дагы ушул төрт принципти улуттук идеологиянын негизи катары алсак туура болорун Сингапурдун мисалы далилдеп турат. Бул китеп - Ли Куан Юнун ашуудан берген отчету. Мында анын өзгөчө жетишкендиктери баяндалат. “Сингапур республикасы – чоң компьютер болсо, сингапурлуктар – компьютердин электрондук чиптери” – дейт Ли Куан Ю. Башкача айтканда, Сингапурдун өкмөтү, бүткүл экономикасы, өлкө турмушунун бардык тармактары, ар бир сингапурлук адам - компьютер жана анын тетиктери сыяктуу, бардыгы бир гана багытта, өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн, өлкөнү алдыңкы орунга алып чыгуу үчүн аракеттенишкендигин баса көрсөтөт.
Ли Куан Ю Сингапурдун армиясын өз аймагындагы чакан, бирок илимдин акыркы жетишкендиктерин пайдаланган, өз өлкөсүн коргоп алууга жарактуу, жогорку технологиялуу армияга айландырат.
Сингапур жаңы бөлүнгөндө калктын жарымы окуганды, жазганды билчү эмес, экономикасы эки гана нерсеге таянган: 1) Малайзиядан, Индонезиядан жана Таиланддан өндүрүлгөн чийки заттар менен (каучук, калай рудасы, жыгач, копра, күрүч ж.б.) транзиттик соода-сатык жүргүзүү; 2) британиялык аскер-деңиз базасын тейлөө. Кыргызстандагы абал азыр так ушундай: негизинен транзиттик соода-сатык менен жана америкалык Ганси базасын, Канттагы россиялык базаны тейлөө менен оокат кылып жаткан кезибиз.
Ички саясатта дагы Ли Куан Ю темирдей тартип болушуна жетишкен. Азыр Сингапур шаары атыр жыты аңкыган, көз жоосун алган, күндүр-түндүр коопсуз, таптаза үч аймакка бөлүнгөн: 1) туристтер шаары; 2) экономикалык шаар; 3) өз эли жашаган шаар. Булар туурасы 5 км болгон газон менен бөлүнгөн. Түкүрүп койгондук үчүн, коомдук жайларда чылым чеккендик үчүн, кагаз ыргыткандык үчүн, суусу бар идишти оозун ачык таштагандык үчүн, машинаны уруксатсыз койгондук үчүн ж.у.с. тартип сактабагандык үчүн 1500 франктан (600 АКШ доллары) айып салынган. Түн ичинде элдин тынчын алууга катуу тыюу салынган (үргөн итке үнү чыкпагандай операция жасап коюшкан). Эркек-аялдар ысыкта да жылаңачтанбай, дайыма кийимчен жүрүүгө милдеттендирилген.
Бирөө машинасын 80 кмдан ашырып айдаса, дароо тегерегиндегилер катуу сигнал беришет. Кечки саат 6дан кийин ар бир машиначанга өз кызматташын, же башка эле адамды машинасына салып жеткирүүгө сунуш кылынат. Жанына киши салбай жалгыз жүрүп, машинанын санын көбөйткөндөргө да 1500 франк айып салынат.
Полиция сингапурлуктарга машинасынын түбүнө датчик койдурган, муну менен көчө кыймылына чоң таблолор аркылуу тыкыр байкоо жүргүзүлүп турат. Көчөнүн таманына, көчө боюна байкоочу аппаратура орнотулган. Имаратка кирген адам, сөзсүз сакчыга өзүн тааныштырууга милдеттүү болгон.
Шайлоо бюллетендеринде шайлоочунун карточка номери көрсөтүлгөн. Уурулук, зордукчулук, наркотик сатуу, коррупция үчүн дарга асуу менен өлүм жазасы киргизилген. Азыркы учурда да балак алуу жазасы бар. Ли Куан Ю өзүн улуттун атасымын деп эсептейт. Ал өз идеяларын коммунисттерден да, капиталисттерден да алган.
Мамлекет ар бир адамдын баюуга болгон мыйзамдуу аракетин кубаттайт. Студенттерге жатакана бекер берилет. Бардык диндерге уруксат берилген. Бирок, цензура бар: бир дагы газета-журналдын секс жөнүндө, саясат жөнүндө жана улут аралык мамилелерди курчуткан нерселерди жазууга акысы жок.
Таланттуу балдар үчүн мектептер курулган, билимдери жогорулар үчүн бекер саякаттар уюштурулган. Билимдүү киши билимдүү аялга үйлөнсө сыйлык берилет, ал эми дипломсуз аял экинчи төрөгөн баласы үчүн айып төлөйт. Билим алгысы келбеген сабатсыздарга чоң суммадагы акча үчүн тукумсуз болуу сунуш кылынат. Мыкты таалим-тарбия бериш үчүн ар бир үй-бүлөгө 2 гана балалуу болуу сунуш этилет. Полиция ар бир кечте 2 балалуу үй-бүлөгө телефон чалып, бойго бүтүрбөс таблетка ичип алууну же презерватив колдонууну эскертип турат. Б.а. ар бир сингапурлук заманбап билимдерге ээ болушу үчүн бардык чаралар көрүлөт.
Бул мамлекеттик ишмер өз ишинде дайыма Сингапурдун гана кызыкчылыгын ойлобостон, коңшуларынын кызыкчылыгын да сактап келиптир. Тигил же бул оюн ишке ашыруунун алдында ал дайыма мындай жумуш кошуналарында, жана башка жактарда кантип турмушка ашырылгандыгына толук талдоо жасап, бардык варианттарды ойлонуштуруп чыкчу экен. Ли Куан Ю башкалардын тажрыйбасын өз мамлекети үчүн эч качан дароо эле жана түздөн-түз колдонбоптур. Ал каралып жаткан мамлекеттин, коомдун бардык өзгөчөлүктөрүнө, проблемаларына системалык талдоо жүргүзүү менен толук изилдеп, Сингапурдуку менен салыштырган. Элди артынан кантип ээрчитип алганынын бир себеби катары Ли Куан Ю өзүнүн дайыма кагаз карабай, адамдын көзүнө тике карап сүйлөгөнүн эсептейт.
Ли Куан Ю өз китебинде эч бир сыр жашырбастан, бардык маселелер боюнча ойлорун жана жүргүзгөн иштерин толук ортого салат. Батыштын жекечилдиги (индивидуализми) менен өз өлкөсүнүн жана Азиянын көп өлкөлөрүнүн социалдык баалуулуктарынын айырмасына көңүл бурат. Ал эч кимден өз көз карашын өзгөртүүнү талап кылбайт; жөн гана тарыхы жана керектөөлөрү ар башка коомдорго түшүнүп мамиле кылуу керектигин суранат.
Ли Куандын өкмөтү билим берүү жаатына өзгөчө көңүл бурган. Ар бир Сингапурлук сөзсүз 3 тилден кем билбешин талап кылган. Улуттар арасындагы ынтымакты камсыз кылуу үчүн ал көп иштерди жасаган. Алсак, ММКда, интернетте бул маселенин дайыма тең салмактын сакталышын талап кылган. Өлкөдө этникалык кытайлар азыр 79%, малайялыктар 13%, индиялыктар 7% экендигине карабастан, мамлекеттик тил болуп малайя тили эсептелет, Сингапурдун гимни ушул тилде ырдалат. Мамлекеттик мекемелердин расмий тили - англис тили. Орто мектептерде окутуу – улуттук курамына ылайык – кытай, тамил, малайя жана англис (бул тил бардыгында милдеттүү) тилдеринде жүргүзүлөт. Жогорку окуу жайларда болсо окутуу англис. тилинде гана жүргүлөт.Бул жерде Ли Куан Ю өз ишинде жетекчиликке алган 12 принцибинин айрымдарын айта кетели: • Коррупцияны пайда кылуучу факторлорду жоюу жана коррупция менен аёосуз күрөшүү;
• Адамдардын коопсуздугун жана нормалдуу жашоосун, өлкөдөгү туруктуулукту камсыз кылуу;
• Калктын билим деңгээлин тынымсыз жогорулатууга мамлекеттик масштабда кам көрүү (билимдүү билимдүүгө баш кошсун, билимдүүлөрдү тарбияласын);
• Билимдүүлөрдү чет өлкөлүк мыкты окуу жайлардан өлкөгө алып келип иштетүү;
• Ар бир сингапурлуктун англис тилин мыкты билишине жана ошол тилде билим алышына, компьютердик технологияларды мыкты билишине жетишүү;
• Сингапурлуктардын моралдык сапаттары жогору болушуна жетишүү;
• Өкмөттө жана парламентте иштөөгө талапкерлер шайлоолорго каржылык жактан кыйналбай катыша алышына шарт түзүү;
• Ар бир өкмөт мүчөсүнө жана мамлекеттик кызматкерлерге татыктуу эмгек акы төлөө, жеке ишкерлерге, банктарга, компанияларга ж.у.с. жагымдуу шарт түзүп берүү;
• Коомдун ар бир мүчөсү азыркы учурдун чыныгы билимдүү адамы болушуна жетишүү.
Кыргызстан бул жагынан кандай абалда экенин айтпайлы. Биздин да дурус мыйзамдарыбыз бар, кеп алардын ишке ашпай жаткандыгында. Ал эми Ли Куан Ю өз ойлогонун толук ишке ашырууга жетишкен.
Ли Куан Юнун китеби кандайдыр бир даражада башка доордо, башка шарттарда жашаган жана эмгектенген Жусуп Абдрахмановдун күндөлүктөрү менен үндөшүп кетерин бул чыгармаларды толук окуп чыккан адам байкайт. Бизде да өзүбүздүн Ли Куан Ю болгон экен, бирок аныбыз 1938-жылдагы репрессияга туш келип атылып кеткендиктен, улуттук лидерибизден эрте ажырап калганбыз.

Жусуп Абдрахманов[оңдоо]

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов 1901-жылдын 28-декабрында Каракол уездинин Күңгөй-Аксуу болуштугундагы Чиркей айылында төрөлгөн. Атасы - Абдрахман Балапанов - манап, бий жана 3 жыл болуш болуп, 1916-жылдагы көтөрүлүшкө катышкан, ошол жылы келтеден өлгөн. Энеси жана 7 бир тууганы Нарында казак-орустар тарабынан көтөрүлүштү басууда өлтүрүлгөн. Жусуп иниси Токо экөө томолой жетим калышкан.
1912-15-жылдарда Сазановка кыштагында орус-тузем мектебин окуп бүтүрөт, андан кийин Каракол шаардык жогорку-башталгыч окуу жайынан окуйт. 1916-жылы эл менен бирге Кытайга качып барып келүүгө аргасыз болот. Кайра келгенден кийин орусча билген 16 жашар тири карак өспүрүм Каракол гарнизонунда атбагар болот. 1918-жылдан баштап коомдук ишке аралашат. Кызыл Армияга жазылып, бир жылга жетпеген убакта катардагы жоокерден эскадрондун командирлигине чейи көтөрүлөт. Адегенде 1919-жылы Верныйдагы командирлик курстан, андан кийин Ташкендеги аскердик жогорку мектептен окуйт. !918-19-жылдарда түндүк Жети-Суу фронтунда ак казактар менен салгылашат. Ден соолугуна байланыштуу демобилизацияланып кетпегенде, Жусуптан көрүнүктүү аскер начальниги өсүп чыгышы да мүмкүн эле.1919-жылдан баштап ал партиялык-советтик курулушка баш-оту менен киришет.
Жусуп Абдрахманов Кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн башында болуп, аны түзүлүшүнө жана калыптанышына негиз салган. 1920-жылы ВЛКСМ дын III- cъездине катышып, ошол жерде В.И. Ленин (Ульянов) президиумда отуруп, аны менен бирге иштешкен. 1924-жылга чейин Жети-Суу аймагында жооптуу партиялык-советтик кызматтарда иштеп турат.
1924-жылы Туркестан Компартиясынын БКсы тарабынан уюштурулган “Улуттук оргбюронун” председатели болуп, Кыргыз автоном областын түзүүнү ишке ашырат. 1924-1925-жылдарда ВКП (б)нын 1-секретарынын милдетин аткарып, анан 2-секретары болуп турат. Кыргызстандын азыркы чектери Абдрахманов тарабынан аныкталганы белгилүү. Элдин өз эгемендигин өзү чечиш керектигин жетекчиликке алган Абдрахманов тилектештери Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаевдер жана каракалпактын мыкты уулдары менен бирге, Туркестан АССРинин курамында борбору Жалал-Абадда болгон, Ысык-Көлдөн Арал деңизине чеййин созулган Каракыргыз-Каракалпак автономиясын түзүү идеясы менен чыгат. Албетте, бул идея ишке ашпай калган.
1926-жылдын 1-февралында Кыргыз автономиялык ССРинин түзүлүшү да анын тынымсыз аракети менен ишке ашкан. Абдрахманов дайыма Кыргызстандын РСФСРдын курамындагы автономиялык область болуу менен чектелбестен, өз алдынча республика болушуна толук негиз бар экендигин далилдеп келген болучу.
1925-жылы Москвага ВКП (б)га кызматка чакырылып, борбордук аппаратта жооптуу инструктор болуп иштейт. ВКП (б)нын баштапкы уюмунун секретары катары, жыйналышка кечигип келген И.С.Сталинге эскертүү бергени Абдрахмановдун кандай тайманбас, иш билги кадр экенинен кабар берип турат. Ал Москвада иштеп турганда “Күмүш кылымдын” (“Серебряный век”) көп акын-жазуучулары В. Маяковский, М. Булгаков, Б.Кушнер, А. Ахматовалар менен жакшы санаалаш мамиледе болгондугу Жусуптун мамлекеттик ишмер гана эмес, жан дүйнөсү бай өзгөчө инсандыгынан кабар берип турат. Бул мамиле кыйла жылдар бою уланып келген. Бул чөйрөдө жүргөндө жана инструктор болуп иштеп турганда жаш совет мамлекетинин көп советтик-партиялык, аскердик жана көркөм өнөр ишмерлери менен тааныш болгон. Бул сыяктуу тааныштыктары кийин 1927-32-жылдарда Жусуп Кыргыз республикасынын Совнаркомунун председатели болуп иштеп турган кезинде көп маселелердин тез чечилишине өбөлгө түзөт. Бул иште Абрахманов 5 жыл чымырканып иштеп, жаңы гана түзүлгөн жана мурда эчтекеси болбогон жаш республикада бардык жумушту нөлдөн баштайт; эл чарбасынын бардык тармактарын, баарынан мурда, айыл чарбалык жана өнөр жайлык комплексти түзөт, билим берүү тармагын, сот-прокуратураны, милицияны ж.у.с. жаңыдан түзүүнүн башында турат. Бул жагынан да Жусуп Абдрахманов менен Ли Куан Ю окшош. 1931-32-жылдарда дан даярдоодо Украина, Волга бою жана Казакстан элге ныпым эч нерсе калтырбай данды ортого төгүп бергендиктен, бул аймактарда чоң ачарчылык болуп, миллиондогон адамдар ачкадан өлгөндүгү белгилүү.
Абдрахмановдун принциптүү, адамгерчиликтүү позициясы менен 1932-жылы дан өз керектөөлөр үчүн да калтырылып, Кыргызстанда ачарчылык болгон эмес. Ал тургай ачкасынан тентиген көп казактар бул жакка келип, кыргыз элинин арасында аман калганын билебиз. Ушул эрдиги үчүн Абдрахманов кызматтан алынып, партиядан чыгарылат. Досу В.Шубриковдун (РКП(б)нын Средневолжск крайкомунун 1-секретары болгон, мурда Киробкомдун 1-секретары болуп иштеген) чакыруусу менен Урал-Волга бою тарапка кетип, Самарада, Оренбургда крайлык, областтык аткаруу комитеттеринде жооптуу чарбалык кызматтарда 1937-жылга чейин иштеп турат.
Ж.Абдрахманов 1927-жылдын 12-мартында 26 жашында Кыргыз АССРинин эл комиссарлар Советинин председатели болуп дайындалат. Республиканын өкмөтүнүн башында турган кезинде өзгөчө тайманбас, борбордун көзүн карабаган саясат жүргүзөт. Сталинге эки жолу (1929-жылдын ноябры, 1930-жылдын апрели) жазган каттарында республиканы үч жерге (союздук борборго, РСФСРге жана СредАзбюрого) баш ийдирген туура эмес практиканы жоюп, Кыргыз АССРин союздук республикага айландыруу маселесин кайталап коёт. Кийин Жусуп камалганда так ушунусу улутчулдук деп бааланган болучу.
Жапырт колхоздошуу башталганда эле, 1930-жылы, Кыргызстанда мал чарбачылыгы чоң бүлгүнгө учурап, малдын башы 10,4 пайызга кемигени белгилүү. Ал эми Абдрахманов болсо өзү иштеп турган жылдары ошондогу борбордун жана жергиликтүү чоңдордун каршылыгына карабастан, кооперация идеясын көтөрүп жана аны колунан келишинче ишке ашырууга аракеттенип келген. Ошондой эле, Абдрахманов көчмөн калкты чукулунан отурукташтырууга да каршы болот (1930-жылы өлкөдө 85 миң көчмөн (жарым көчмөн) чарба болгон, Жусуп Кыргызстан Советтеринин III съездинде катуу туруп, отурукташтыруу планын 30 миңден реалдуу 8 миңге азайттырат). Жусуп ошондой эле жергиликтүү шартты билбеген москвалык десанттын сабатсыз иштери менен дагы, жергиликтүү жетекчилердин келишүүчүлүгү менен дагы дайыма аёосуз күрөшүп келген.
Кыргыз тилинин ролун жогорулатуу, улуттук кадрларды даярдоо жана кызматка коюу, өлкөнү индустриализациялоо дайыма Ж.Абдрахмановдун көңүлүнүн чордонунда болгон. Мамлекеттик жана саясий ишмер катары ал элдин кызыкчылыгын биринчи орунга койгон жана бул максатка жетиш үчүн бардык энергиясын, акылын, күчүн, уюштуруучулук талантын, ал эмес өз өмүрүн дагы аяган эмес.
Адегенде Троцкий, андан кийин Сталин алып көтөргөн «сверхиндустриализация» идеясын Жусуп жактырган эмес. Кыргызстанда биринчи кезекте өнүктүрүүгө традициялуу шарттары болгон устачылыкты, жеңил тамак-аш жана иштетүүчү өнөр жайларын, өнөр жай кооперациясын, тоо-кен өндүрүшүн өнүктүрүү керектигин айткан. Кыргызстанды индустриализациялоо үчүн биринчи кезекте, көп сандуу улуттук жумушчу табын окутуп-тарбиялап чыгуу, шаар-кыштактарды, жолдорду жана байланышты куруу керектигин дайыма кайталайт жана колунан келишинче аракеттенет.
Ж.Абдрахмановдун Кыргызстанда ээлеген кызматтарынан башка аткарган жумуштарын айта кетели: РСФСР ВЦИКтин мүчөсү, СССР ЦИК Президиумунун мүчөлүгүнө кандидат, ЦК ВКП(б)нын Орто-Азия бюросунун мүчөлүгүнө кандидат, ВКП(б)нын борбордук аппаратында жооптуу инструктор.
1937-жылдагы чоң калайманда Жусуп камакка алынат, ага антисоветтик террористтик, диверсиялык-чыккынчы, оңчул троцкисттик уюм менен блоктошкон Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү деген күнөө коюлат. Ага саясий айыптарды тагууда органдар Абдрахмановдун дайыма жазып жүргөн күндөлүгүнө таянышкандыгы белгилүү. Кыргызстанда совет бийлигин кулатып, СССРден бөлүп өзүнчө мамлекет түзмөкчү болгон деген айып тагылат. Канчалык кыйнаса да Жусуп өзүнө коюлган күнөөлөрдү мойнуна албаган. Анткени, Жусуп борбордогу жана Кыргызстандагы партиялык-советтик ишмерлерди канчалык аёосуз сындаса да, советтик түзүлүштүн активдүү жарчысы жана куруучусу болгон.
1960-жылдары дүйнөдөн өткөн белгилүү котормочу С.Бектурсуновдун айтуусу боюнча Абдрахмановдун акыркы күндөрү белгилүү болду. Ал киши дагы суракта болуп, Абдрахманов бир дагы күнөөнү мойнуна албастан, өзүн эр жүрөктүк жана ишенимдүүлүк менен бекем кармагандыгын жана эч кимди каралабагандыгын өз көзү менен көргөн. Жусупту сындырыш үчүн, аны каралап кол коюп беришкен Ибрай Тойчинов жана Баялы Исакеев менен беттештиришкенде, канжалаган Исакеевдин башын жөлөп, столдогу сууну алып бети-башын жууп, жаратын таңып берген экен. Ушул аракети анын эрдигин, абийир, ар-намысты баарынан жогору койгон кашкөйлүгүн, кек санабаган айкөлдүгүн көрсөтүп турбайбы. Мунусу үчүн Жусуп абдан токмок жейт.
1938-жылдын 5-ноябрында суракка чакырылган Абдрахманов тергөөчүсүнүн чылым чегип, ром ичип отурганын көрөт. Чылымынан алып чегип, ромунан куйдуруп ичип туруп, анан баягы ашмалтай суроолорун берип, кайра суракка алмакчы болгон тергөөчүнү отургуч менен башка урат. Жүгүрүп келген сакчылар Жусупту атып ташташат. Кыргыздын эр жүрөк уулу Жусуп Абдрахманов ошентип каза табат.
Абдрахмановдун чыныгы публицист жана тарыхчы болгондугун дагы айтпай кетишке болбойт. Башка кээ бир жолдоштору (Т. Айтматов, Э. Эсенаманов, М. Булатовдор) сыяктуу расмий жогорку билим алууга үлгүрбөсө да, ал тубаса акыл-эсине жана жаркын талантына таянуу менен өзүнүн университеттерин Совет бийлиги жана социализм үчүн күрөштүн алдыңкы катарында болуп бүтүргөн. Жусуп орус тилин мыкты билген, бул тилде эркин сүйлөгөн, өзүнүн атактуу күндөлүктөрүн жана эмгектерин ушул тилде жазган. Ушул тил аркылуу ал дүйнөлүк адабияттын, маданияттын мыкты үлгүлөрүнө дайыма сугарылып турган. Бул жагынан дагы Жусуп бир нече тилде, анын ичинде англисче эркин сүйлөгөн жана бүткүл элин ушуга тарбиялаган Ли Куан Юга окшоп кетет.
Ал «Правда», «Известия» жана «Правда Востока» сыяктуу борбордук басылмаларда, республикалык газета-журналдардын беттеринде дайыма элдин жүрөгүнөн орун тапкан актуалдуу эмгектерин жарыялаган. Абдрахмановдун 1916-жылдагы кыргыздардын көтөрүлүшу тууралуу жазган «Предвестник Ок­тября» (кийин өзү «Восстание 1916 года» деген ат менен брошюра чыгарган) деген макаласы аны бул маселени көтөргөн эң биринчи кыргыз тарыхчысы деп эсептешке негиз берет. Бул макаласы үчүн Жусуп республикалык партиялык органдар тарабынан ошондогу ашмалтай күнөөлөрдү коюу менен тепкиге алынган. Абдрахмановдун тарыхый башка эмгектери дагы бар экени белгилүү.
Биз бул макаланы жазганда, бүгүн улут лидери болом деген инсан өзүнүн бүткүл ишмердигинде Ли Куан Ю менен Жусуп Абдрахмановдун ойлоруна жана иштерине жакшылап сереп салса жана чыгармачылык менен жетекчиликке алса деп тилек кылдык.

Пайдаланылган интернет-ресурстар:

• [http://lib.ru/MEMUARY/SINGAPUR/singapur.txt Сингапурская история: из «третьего мира»— в «первый» (1965—2000)
http://marsexxx.com/lit/lee-kuan-yew-hard-truths.htm Суровые истины во имя движения Сингапура вперед (2011)
http://islam-today.ru/article/1858/ ЛИ КУАН Ю: «ЕСЛИ НЕПРАВИЛЬНО УПРАВЛЯТЬ СТРАНОЙ, ВСЕ УМНЫЕ ЛЮДИ УЕДУТ»
http://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%9B%D0%B8_%D0%9A%D1%83%D0%B0%D0%BD_%D0%AE
http://www.treko.ru/show_article_2282
http://gazeta.zn.ua/SOCIETY/li_kuan_yu_lider,_sozdavshiy_sebe_velikuyu_derzhavu_na_malenkom_ostrove.html
• Бернар Вербер, Энциклопедия Относительного и Абсолютного знания, М., «Гелеос»; «Рипол классик», 2009 г., с. 96-100.
http://diesel.elcat.kg/index.php?s=9e594387ff0f72d4758ef6ec3a9782c1&showtopic=5710138&st=80&p=17022849&#entry17022849
http://ru.wikisource.org/wiki/%D0%AE%D1%81%D1%83%D0%BF_%D0%90%D0%B1%D0%B4%D1%80%D0%B0%D1%85%D0%BC%D0%B0%D0%BD%D0%BE%D0%B2 (Юсуп Абдрахманов. Дневники. Найти в Викитеке.)
http://naryn-aiyp.livejournal.com/70358.html
http://wwhp.ru/abdrahmanov-ya.htm
http://issykkul.ucoz.ru/
http://www.languages-study.com/berlin/jews-in-kyrgyzstan.html
http://www.msn.kg/showwin.php?type=newsportal&id=29446
http://zverev-art.narod.ru/ras/50.htm
http://yourlib.net/content/view/2048/36/
http://maria17-cat.narod.ru/li4nost.html
http://www.vuzlib.org/beta3/html/1/22770/22842/