Тагдыр жана тасма

Wikibooks дан

Данияр Исанов

"ТАГДЫР ЖАНА ТАСМА"

КЫЛЫМГА АТЫ КАЛАТ ЭЛЕС БОЛУП!!!

  2001 – жыл. 17 – ноябрь...  Улуттун улуу рухий чексиздигин даңазалаган  “Кыргыз кереметинин” 60 жылдык маарекеси белгиленген күнү, ХХ кылымдагы кинонун кайталангыс алп таланты Болот Бейшеналиевди шум ажалга тарттырып ийдик...
  Кош дегенге ооз барбай турат. “Кош” дебейлик. Кантип? Алыкул акын айтмакчы: “өлбөстүктүн өжөр эркин талашкан”, артында “чаң ызгыткан” Улуу дүйнөсү, элиме деген эсепсиз баалуу тасмалары турганда кантип кош дей аласың?!.
  Колуңуздагы чакан китеп, капилет арабыздан кеткен актерубуздун көзү тирүүсүндө жазылып, көзү өткөн соң жарыкка келген Б. Бейшеналиевдин ыймандай сыры, дүйнөсү катары кабылдыңыз, окурман!
  Болот агай өмүрдү сүйгөн! Табиятты сүйгөн! Айрыкча, киного болгон сүйүүсү чексиз эле... Түбөлүк Рухий ыйыктыкты, көркөм дөөлөттү баалай билип, Ата Журтка ак кызматын арнаган адам менен кош айтышкың келбейт экен...
  Анын ысымы кылымга элес болуп сакталат!
                    
                                                                                                                                                                                      Автордон.
                                 СОҢКУ ИРМЕМ
               Курч мүнөздө өтүп жатат талашым, 
               Арбап жатып жеңет окшойт ажал шум.
               Сүйүүм болчу кайталангыс эң кымбат,
               Мен силерди эң акыркы карашым!!!
                                                                                                                                                                                       (Т. Эргешов)



                                  БАШ СӨЗ ОРДУНА

Азыркы коомдуук турмушубузду аралай чапкан бир коркунучтуу тенденция бар. Ал көпчүлүгү болбосо да, өзүн көкөлөтө ойлоп алган, айрымдары жалган элеске азгырылып, артист, музыкант, режиссер, жазуучу, журналист болууну алеки сааттык иш санап алган тенденция. Бир караганда буга окшогон пенделик, утурумдук, мажирөө түшүнүктү эч деле жазыгы жок сымал, бирок ошондойлор “Чыгармачылык” деген сейрек учуроочу татаал табияттын сыйын күбүп, сырын кетирип, сүрмөтопко айландырып салат. Ошонусу жаман, ошонусу зыян. Мезгили келип, сааты чыкса, андай көрүнүш өзүнөн өзү тумандай тарап жок болоруна ишенем.

  Жаш автор Данияр Исанов андай менменсингендердин, атак-даңкка жетүүнүн арзан жолун издегендердин уркуна кирбестигине да ишенем. Ал мыкты артист Болот Бейшеналиевдин тынчыбаган, албуут жаны бар, адаттан тыш Инсандык ксиеттерин өз түшүнүгүндө чагылдырууга аракет жасаптыр.
  Автор анүчүн китеп-баян ыкмасын атайылап татаалдаштырбайт. Жасалма кооздолуп, сырдалбаган жөнөкөй баян. Каарманын бир жактуу бали-балиге тундуруп, көнүмүш сөздөр менен көтөрө чалбайт. Тек, ички карама-каршылык толкунундагы Инсан өзгөчөлүгүн өзөктөн иликтөөгө аракет жасайт.
  Болот Бейшеналиев артист катары өзүнө-өзү өмүр бою канааттанбаган сейреек учуроочу топко кошулаары көпчүлүккө маалым. Бирок, анысы кыйынсынып  кырдангандыкты эмес, өз ишине канчалык башын байлап, күчүн бергенин    байкатат. Ал ошондой касиеттери менен ар түркүн муундун ар кайсы багыттагы режиссерлорунун көңүлүн буруп келген жана бурат.
  Дагы бир жагдай. Ал ойлогонума жеттим деп эч качан олтуруп калбайт, тескерисинче, кылгандан кыла элегим көп деп, оор мээнэттен жалтайлабаган артист. Жаш автор алгачкы башатынан баштап, артисттик ариеттин мына ушундай оош-кыйышына ой жүгүртүүгө аракет жасайт. Анысы албетте, алкоого арзыйт.
  Данияр Исанов табият даарыган талатын дагы таптай берээхрине, адабий ишмердигин арттырып, ар жазганын насили мааниси жакшы-жаманга эч качан кайдыгер карабас Художниктин оор озуйпага салыштырып тураарына менин ишенимим чоң.
                                                                            Генадий Базаров, кинорежиссер, 
                                                                   Кыргыз Республикасынын Эл артисти.


                      БАРДЫК НЕРСЕНИН БАШАТЫ-БАЛАЛЫК
                                                                    Эсил алтын жаштыкты,
                                                                    Эстетти мени балалык.
                                                                    Эки келбес болгон соң,
                                                                    Элимде калсын таралып.
                                                                                                                (Жеңижок)


  1945 – жылдын май айлары. Кырчындай өмүрлөрдүн бейкүнөө кыйылышына себепкер болгон, ажыдаардай жалмап ажал отун алоолонткон согушка соңку чекит. Адам каны селдей аккан согуш аяктап, жер жүзүндө бейкут өмүр сүрүү башталды.
  Гитлер башында турган фашисттик бийликтин түп орду менен талкаланышы, алардын бүлгүнгө учурашы алыскы Күн Чыгыш өлкөсүндөгү генералдын көңүлүнө бүлүк салып, санаасы санга бөлүндү. Жеңиш генерал Сиро Иссинин кабыргасын кайыштырып жатты. Үстүндөгү аскер формасы генералга куп жарашып сымбаттуу келбетин ары сындуу, ары сүрдүү көрсөткөнсүйт. Оор акыбалда калган генерал иш бөлмөсүндөгү столдон калың алкактуу лупасын колгон ала, саамга ойлуу турган соң, кайрадан көңүл кош таштап койду.

-Германия жеңилди! – деди демин ичине ката.

      Жүзү калбаат. Жүлжүк кара көздөрү мээримсиз муздак адам экендигинен кабар бергенсийт. Германиянын чыгыштагы союздашы Япон миллитаристтик өкмөтүнүн аскер күчтөрү Гоби жана Хинган аймактары аркылуу чабуул коюуга даяр. Бейгам өмүр сүрүп, бейпил турмушка жаңы эле кам урган элди ойрон кылыш максатында. Эгерде фршисттик Германия Советтер Союзун басып алганда Кытай, Монголия өңдөнгөн Азиядагы ири өлкөлөр Япон өкмөтүнүн энчисине устукан болуп тиймек.  Андыктан Сиро Иссинин кейиши жөндүү.
   Тарых чындыгынан алынган көркөм тасманы көгүлтүр экрандан бала чагымда көргөндүгүмө карабастан, фильмдеги башкы каармандардын бири – япон офицери Сиро Иссинин элеси көңүлүмө мыктай кадалып калыптыр. Балким, балалык куракта бардыгыбыздын көңүлүбүзгө жакын болуп, көзүбүзгө кызык көрүнчү согуш темасы баяндалган көркөм тасма болгондуктандыр? Айтор, ал кезде фильмдин маани – маңызын анчалык аңдай албасам да, ушул күндөрдө да андагы япон генералынын образын ийине жеткире терең ачып берген Кыргыз Эл артисти Болот Бейшеналиевдин актердук дараметине ичимден жогору баа берип келем. Кинемотография өнөрүнүн өсүп – өнүгүшүнө өз үлүшүн кошкон адамдарыбыздын бири – Б. Бейшеналиевдин чыгармачылык жүзүн, басып өткөн өмүр жолундагы урунттуу учурларын чагылдырып бере алаар бекем деген түйшүктүү ойлордон жүрөк даабай жүрө берип, андан бери арадан кыйла мезгил учуп өтүп кетиптир.
  Жеке эле кыргыз журтчулугуна гана эмес, мурдагы бүтүндөй союздук өлкөлөргө дейре таанымал инсан Б. Бейшеналиевди – Дүйшөн (“Биринчи мугалим”), Болот (“Ак мөөр”), Сиро Исси (Гоби жана Хинган аркылуу”), Миркамил (“Кызыл кумдар”) сыяктуу көп сандаган образдары аркылуу жамы журт жакшы билишет.
  Студенттик күндөрүмдө борбор калаабыздын көчөлөрүнүн биринен атагы алыска кеткен актерубузду көргөн менен жанына жакын даап бара алган эмес элем. Ошол көчөдөн көргөн мезгилден тартып, өмүрүн жалаң киного арнаган тагдыр жолу татаал актерубуз жөнүндө чакан очерк жазсам деген ойлор мени арбап, ал ойлор менен жашап келем. Жакындан танышып, маектешкенге мүмүкүнчүлүгүм чыкпай, а убакыт учкан куштай тез өтө берди. Качан гана мындан эки жылча илгери поэзия кечелеринин бирине барып калганымда, ал жерден Болот агайыбызды экинчи ирет учуратып калдым. Бул жолкусунда таанышып, сөз арасында көптөн бери жүзөгө ашыра албай келе жаткан максатымды түшүндүргөн соң телефон номерин алып, учур келсе эле байланышаарымды айткандан кийин борбордон алыс кызматыма жөнөп кеттим. Кез – кез телефон аркылуу байланышканыбыз менен оңчулукту сүйлөшө албадык. Калаага иш которуштуруп келгенден аз мезгил өтпөй учурдан пайдаланып, көп жылдар көкүрөгүмдө жашап баштай палбай жүргөн чакан эмгекти жазууга мезгил келип жеткенине аз да болсо дилимде ынана баштадым. 
  Кышкы чыкыроон чилде аяз күндөрүнүн биринде таманымдан качыраган үн чыгара калың жааган аппак кар үстүндө кадам таштап ойго батам.
                                  Качыратып калың карды, 
                                  Кадамдарым кайдыгер.
                                  Тепсеп алдым жаткан нанды, 
                                  Кудай өзү кечирээр?!
  Философияга эрте жашынан кызыккан Дайыр досумдун ыр саптары эсиме түшөт. Ар кыл ойлор менен алаксып баратып барчу жериме тез эле жеткенимди байкоос албай калыптырмын.  Эмнегедир бүтүндөй турмушун жалаң маданиятка арнап коюп,  бардыгына; байлыгыңа да, бийлигиңе да көз артып койбогон улуу адамдардын өмүр күүгүмүндөгү жашоосунун соңку барактары азап менентн искусство чеберлеринин аянычтуу тагдырларын эстедим. Алыс барбай эле өзүбүздүн ак калпактуу Ала – Тоонун ичинген чыккан, арген үнү менен “Алымканды” ырдап, декадада Сталин баш болгон бийлик мурасындагы адамдарды чырайы менен көргөн жанды суктантып, сахнада өлбөс өчпөс из калтырган Бакен Кыдыкееваны, ажайып сулуулуктун символу болуп эрт е жашында жайрап кала берген, айтылуу Соң –Көл чүрөгү Таттыбүбү Турсунбаева эжелерибизди кадырлай албадык го?!
  Борбор шаарыбыздын чыгыш тарабында жайгашкан кичи райондордун бирин аралап Болот агайдыкына бараттым. Ичимден алгач сөздү эмнеден баштасам деген суроо туулуп, азга буйдалып жатканымда, каалганы өзү ачып үйгө киришимди өтүндү.  Ал-жай сурашып отуруп, чай үстүндө азырак убакыт өткөн соң көңүлүмдө пайда болгон суроону узаттым. 
  Негедир бүгүн адамдын өмүрүндө алтынга алмашкыс болгон, кайрылып кайта келбеген, өкүнткөн да, сагынткан балалык курак жөнүндө маектешүүнү эп көрдүм. Себеби жашоодогу баардык нерсенин башаты, пенде баласынын дүйнөнү эң бир аяр таза сезим менен кабыл алган, ааламга болгон ууз көз карашы балалыктан башталып, балалык менен кала берет тура атаңгөрү! 
                                  Олжосу арбын жаштыкты,
                                  Ойлонтту мени балалык.
                                  Ой тилегим калсын дейм
                                  Оң менен солго таралып.

“Аккан суу” деп алтты күн ырдаган ак таңдай акын Жеңи жок да өкүнө кайгыга батып, жогорудагыдай сөз берметтерин бекеринен шурудай кадаган эмес бейм!

  Бөлмө ичин тумжураган тынчтык каптап, Болот агай саамга ойго бата түштү. Балким, балачагы көз алдында чууруп өтүп, андагы алыс калган  күндөрүнө тулпардай күлүк ойлор закым болуп жетелеп, көөдөнүн кусалык бийлеп жаткандыр?
  • * *
  “Мекен” деген сөздүн өзүндө улуу кудурет күч бар экендиги, ал улуу күч көңүл дилибизде аң сезимибизе жашап, кан тамырыбызда кошо айланары, ар секунд жүрөгүбүз менен кошо согуп  тураары талашсыз чындык. Ар ийне, качан гана Ата Журттан саамга алыс узай түшкөнүңдө анын ажа йып сөз  менен тартып бере алгыс чебер кооздугун, ошол теңдешсиз сулуулугун                                                                   улуулугу коштой жүргөн ыйык мартабасын даана сезгендей болосуң. Кылымдарды карытып, ата бабам жердеп келе жаткан мекениңдин, киндик каның таамп, туулуп өскөн жериңдин жан дүйнөңдү бийлеп көңүлүңдү тушап турган касиети, балким, ааламга алгач келген күндөн тартып, дүйнөнү таанып, турмушка койгон алга чкы кадамыңа чейинки балалык көңүлдө баео сакталып калган айылаңдын кооз ак таңы, а болбосо, чаңды кечип, жарыша чуркап ойногон боз топурак жодору, мөлтүр суусу, абасы, үн- сөзү  жок бир сырдуу чалкып жаткан аскар тоолорунан ой – кырына дейре көз алдыңда бир элестелип, кусалыктын оор баоа өсүп олтуруп туулган жерден мекениңе, элиңеболгон зор сүйүүнү арттырат. Бир оюндан башканы билбеген, турмуштун тар жол, тайгаккечүүлөрүнөн кабары жок күндөрүнө болгон сугуң артылып, кыялыңда самаган бойдон кала берген балалык кез баарынан таттуу, аруу дүйнөсү менен  эсте калат тура...
  Кыргыз Республикасынын Эл артисти – Болот Бейшеналиевдин да көңүлгө жат баео дүйнөсү, жылаңайлак чаңды кече суу бойлой жарыша чуркап ойногон күндөрү, аруу балалыга Калмак – Ашуунун көчөлөрүндө калды. Ал, дал ушул кыргыз жергесинин эзелтен учу – кыйырына таанымал Кемин өрөөнүндөгү  Калмак-Ашуу айылында 1937 – жылдын 25 – июнунда жарык дүйнөгө келген. Деген менен дегеле ал мезгилдин, ошол отузунчу жылдардагы уул – кыздарынын балалык чагы каргаша баскан, капшабы күч Улуу Ата Мекендик согуштун катаал күндөрүнө туш келип, бүткүл элдин үрөйүн учурган чоң жоготууларга күбө болду.
   Апааттуу жылдар. Алты саны аман эркектердин көбү мекенди коргогону согушка аттанышса, айыландагы кары – картаңдар менен аялдар, анан Болот курдуу майда балдардын моюндарына түйшүк түшүп, тылдагы бардык оор жумуштарды аткара башташты.
   Атасы Бейшеналы согуш чыккан жылдын алгачкы айларында эле, 1941 – жылдын августунда көпчүлүк менен бирге өлкөнү когогону майданга жөнөйт. Төрт-беш жашар Болоттун атасы согушка жөнөөр күнгө аз калгандагы бир көз ирмем эч качан эсинен кетпейт. Бейшеналы райондун борборуна барууга камынып, уулу өзү менен кошо жанына ээрчитип алат. Ким билет?  Балким, атанын көңүл – көйүндө адамзаттын алмустактан келе жаткан, тукум улап, түтүн булатып, эр жетип, атын өчүрбөй алып жүрөөр уулун карап: “Кайрылып кайра көрүп калаар бекемин, же жокпу? Ажал жетип күн бүтсө буйрубаганы да “ – деген, сан-түмөн түйшүктүү ойлор көкөйүн кесип, көңүлүн мыжыган чыгаар. Айтор, бул күнү атасы уулун жанынан карыш чыгаргысы келбей, өзү менен кошо ээрчитип жүрдү. Жумуштарын бүтүрүп, клубга келип кино көрүштү.  Ошондо Болот эң алгачкы жолу “КИНО” деген нерсени көргөн. Курал- жаракчан бир топ аскерлердин кыймыл – аракеттерин чагылдырган хроникалуу үнсүз тасманын айрым эпизоддору элес – булас эсинде.
   Баарынан да кызыгы, болжолу, атасы экөө районго барыпкино көрүшкөн күндөн бир жыл өтүп- өтпөй, “айылга кино келиптир” дегенди угушкан он жаш чамасындагы улуу эжеси Курманбүбү экөө элди ээрчип, колхоздун сарайын көздөй барып калышат. Көп өтпөй механик дубалга ак матаны тартып, кино көрсөтө баштайт. Дубалга тартылган ак матадан жандуу кыймылдар жүрө баштаганга аң – таң болгон эл көздөрүн албай тигилүүдө. Экрандан кара түтүн жаалдана көккө бүркө өкүрө үн чыгарып, туура эле көрүүчүлөрдү көздөй тез тылдамдыкта келе жаткан поезддин сүрүнөн чоочулаган көрүүчүлөрдүн эстери чыга олтурган орундуктарынан артты көздөй кулашып, жүрөктөрү түшкөн майда балдардын айрымдары чуру – чуу түшүп ыйлашкандары күнү бүгүнкүдөй көз алдында.
   Ал кезде кинематографиядан анчалык кабары жок элеттик карапайым калктын арасында олтурган тестиер Болоттун, кийин канча бир жылдар соң ошол дубал боорундагы жандуу кыймылга келип, адамдарды таңдандырып жаткан кереметүү өнөрдүн дал өзүнө аралашып, ал өнөрдү өмүр бою аркалаган белгилүү жылдыздардан болуп чыга келээри, акылга сыймак түгүл, өзүнүн да үч уктаса түшүнө кирбеген чыгаар?  Кийин, эс татып, эрезеге жеткенде деле киного аралашып калам деп түк ойлонбогон. Мунун бардыгы өмүрдө  сейрек болсо да кездеше калчу, биз күтпөгөн бактылуу кокустуктадан улам келип чыккан сыяктанат. 
   Тагдыр жолу табышмак! Адам баласы алдыда турган өмүрүндө эмне күтүп жаткандыгын кайдан билсин? Өмүрдүн өрүшү кең,  кыйма – чийме жолдорунда эртеңки тагдырыбыз кандайча болуп кетээрлигин билбестен, дайрадай ташкын албуут мезгил агымы менен жашоонун өрүн көздөй багыт алып келе берет турбайбызбы. Дегиңкиси, күтүүсүз, биз күтпөгөн окуялар деп коебузбу, же кокустук дейбизби, жашоодо бараткан багытыңдан башка нукка буруп ийген учурлары да кездешпей койбойт экен. Б. Бейшеналиев  “кокустук” дегендин өзүнө таң берет көпчүлүк учурда. Парадокс! Адатта “кокустан келген бакыт”, “кокустан баскан кырсык “ деп, экиге бөлөт эмеспизби. Ал эми “Бейшеналиевдик кокустуктар” көптөгөн бакыттарды алып келди. Ал бакытты кино дүйнөсүнөн тапты. Бул туурасында кеп кезеги келгенде баян кылаарбыз. Өз башынан болсун. 
   Чоң атасы Абдылда жаш өлүп, Бейшеналы эрте жетим калат. Чоң энеси Гүлүсүн Дейдиева Токмокто жетим балдар үйү алгачкы ачылган жылдары тарбиячы болуп иштеген. Абдылдадан эрте ажырап, жесир калган Гүлүсүндү эскичиликтен калган салт менен көпчүлүк Абдылданын иниси Ботоканга баш коштуруп коюшат. Ботокандан жогоруда аты аталып өткөн Курманбүбү аттуу кыздуу болушкан. Бирок, Гүлүсүн аркы – беркини терең андап, табиятынан көп нерсеге жетик түшүнгөн, зээндүү, акылы тунук жан болгондуктан: “Тең – теңи менен демекчи, өзүң теңдүү, сага ылайык бирөөнү таап берейин” – деп, айылындагы жаш келиндердин бирине үйлөнүп, Ботакандан башын бошотот. Болот эр жетип, эс тартканча мына Гүлүсүн чоң энесинин колунда тарбияланып, ал кишиден турмушта адам болушуна көптөгөн өрнөк алган. Ал өзү бул жөнүндө: 

-Мендеги сапаттардын кайсынысы дурус болсо, анда ал меники эмес, чоң энемден калган асылдыктар, - деп эскертет. Жашоодо чыдамкайлыкты, кайраттуулукту, чынчылдыкты өз боюна сиңиришине өбөлгө түзүп, ак менен караны ажыратып, өмүрдү, табиятты сүйө билгенге үндөгөн Гүлүсүн – эне.

   Бактыга жараша , 1943 – жылы Бейшеналы согушта бутунан жарадар болуп, үйүнө тирүү кайрылып келет. Тагдырың түшкүр кызык эмеспи. Чиркин, пенде баласына бирде маңдайын жара кубаныч тартууласа, бирде өзөктү өрттөгөн өкүнүч – кайгы ыроолойт.  “Кырсык каш менен кабактын ортосунда” деп, журт бекер айтпаган да. Майдандан жарадар келишкен ага- ини  Бейшеналы менен Сыдыгалыны алдыда кырсык тооруганы турган экен. Бейшеналы колхоздо кой ферма болуп иштеп турган кезинде райондон текшшерүү келип, каатчылыкта мал баласы эмес адамдар ачка олтурушса, ачтан кырылган алты койдун  эсеби жетпей калып, 1951 – жылдын жайында он жылга кесип ийишет. Бул кырсыгы аз келгенсип, ушуга улаш, ошол эле жылдын күз айларында, жылкы ферма болуп иштеген иниси Сыдыгалынын үйүрдөгү бир жылкысы учуп өлүп, бузулуп кетпесин деген ниетте этин элге бөлүштүрүп, таратып ийгендиги үчүн:  “Мыйзам деген мыйзам, мыйзам алдында жооп берүүгө тийишсиң!” – деп, аны да он жылга түрмөгө айдап жиберишти. Эки бирдей балсынан тирүүлөй айрылган Гүлүсүн эненин жүрөгүнө бул көрүнүш катуу тийип, убайга салды. 
   Ичээр суу, көрөөр күндөрү бар экен. Арадан үч жыл өтүп, 1954 – жылы Хрущевдун доорунда бир тууган ага – инилер мунапыс менен азаттыкка чыгышып, үйлөрүнө келишкен. Ооба, бир караган адамга үч жыл аз көрүнөөр. Ал эми эненин жүрөгү майышып турган кезде үч жыл  жүз жылга тете сезилип , саат санап, мүнөт өтпөй зарыга күткөндүр балдарын. “Кокус, ичээр суум түгөнүп, күнүм бүтсө, энекелеп ыйлай турган уулдарымдан топурак буйрубай калабы?” -  деген санаа олтурса – турса кыйнап, уктаса түшүнөн, ойгонсо ойунан кетпей, көкүрөгүн сары зил каптап, кайгынын каран мүнөттөрү энесинин эсин эки кылгандыр. 
   Гүлүсүн эне 1965 – жылы “Биринчи мугалимде” мугалимдин образын жараткан Дүйшөн – Болотунун элесин экрандан көрө албай кетти. Өкүнүчтүү...
   Бейшенаалы узак жашап, мугалим, ферма башчысы өңдөнгөн кызматтарды аркалап жүрүп, кийин ардактуу эс алууга чыкканда да кайратынан тайбай почтальон болуп иштеген. Уулунун кинодогу жараткан эчендеген ийгиликтеринин  күбөсү болуп, кечээ жакынкы эле  1990 – жылы 83 жашка таяп калганда  көзү өттү.
   Күндөр – айга, айлар – жылга алмашып, адам өмүрүндөгү аруу балалык менен да, эч качан көңүлдөн өчпөс мектептеги окуучулук күндөр менен да кош айтышка мезгил жетип, Болот жаштыктын даңгыр жолуна багыт алды. Тээ, окуучулук күндөрүндө: “Ким болууну каалайсың?” – десе, көпчүлүк курбуларындай эле шофер же учкуч болууну самаганын жашырбай айтчу. Кичинесинен колу жөндөмдүү экени, техникага жакын болгондуктан, инженер болууну чечет. Уядан учуп башкалаа – Фрунзеге жөнөйт. Айыл – чарба институтунун механика факультетине экзамен тапшырып, тилеке каршы, элет жергесинде орус тилинен дурус билим алышпагандыктан өтпөй калат. Айылга келип Сагындык деген шофердун жүк ташыгыч машинасына жардамчы болуп иштей баштайт. Кийинки жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде экономика факультети ачылыптыр дегенди угуп экинчи ирээт сыноого катышат.  Тагдырдын тамашасыбы, мында да конкурска илинбейт .  
                                         ЧЫЙЫР
                      Жыл айланып өткөн сайын, жаштык күн, 
                      Улам сулуу, улам  ысык көрүндүң. 
                                                                                                                    (Алыкул)
                                                                                                                   
     Август айларынын соңку бир күндөрүндө бала кезде бирге өскөн жакын достору Советбек, Зарлык үчөө шаар аралап жүрүшүп, опера жана балет театрында “Айчүрөк” операсы жүрүп жаткандыгын уккандыгын, ал операда Семетейди айылдаш агалары, бир чети тууганчылык жайлары бар Кыргыз ССРинин Эл артисти Кыдырбек Чодронов аткара тургандыгын билишкен соң, гүл көтөрүшүп жөнөп калышат. 
   Опера кызуу жүрүп, көрүүчүлөргө жык толгон зал ичи дүркүрөтө кол чаап жатышты. “Айчүрөк”  аягына чыгып, аткарган артисттер сахна алдында ыраазычылыктарын билдиришип жаткан учурда  “гүлдү сен бер!” дешип Болотту сахнага жөнөтүп ийишет. Кара терге түшкөн  Семетей – Чодронов терин арчып жатып  гүлдү алып рахматын айтты. Эртеси күнү үч дос: “Артис агабызга ббарып  учурашып, жумуш сурап көрөлү, балким, жардам болуп , эч болбосо бирөөбүз жумушка орно шуп калат чыгаарбыз”   деген ниетте үйүнө кирип барышат. Барышса, К. Чодронов үүйүндө чай ичип олтурган экен,             үчөөнү жылуу кабыл алып, айыл – апанын ал –акыбалын сурап, келгендеги максаттарын билген соң, өз кеңешин берет. Болот кечээ театрда көргөн таасири менен сахнада эпизоддук ролдорду аткарып жатышкан мимикалык ансамблдеги (“миманс”) артисттердей болуп иштөөнү дилинде туура көрөт. Сөз ортосунда “мурда ырдап жүрчү белең?” деп сурап калат , даңазалуу артист агасы. Жакын курбулары Советбек менен Зарыл, Болоттун мектепте эле өздүк көркөм чыгармачылыкка катышып, хордоырдап жүргөндүгүн айтып, досун колдоп кетишет.
   Эртең мага жумушка келип кетчи! – деди. Опера театрына барса, Болотту ырдатып текшерип көрөт да, бир жерге телефон чалып, азыраак сүйлөшкөн соң:
   -Документтериңди дайында, эртеңден калбай М. Күрөңкеев атындагы окуу жайынав барып, Корнеев деген мугалимге киресиң! – деп түшүндүрөт. Ошентип сыноодон өтүп, тагдыр буйруп М. Күрөңкеев атындагы музыкалык училищанын студенти болуп калды.
   Училищада биринчи курсту аяктап калган кезде опера жана балет театрында бир жылдык студия ачылды депжарыяланып калат. Үч жылдыкты окуганча бир жылдыгын эле окугады каалап студияга өтөт. Мына ушул студиянын эң алгачкы бүтүрүүчүлөрү кийин канча бир жылдар соң атагы алыска тараган инсандарданболуп чыга келишти. Алардын арасынан дүйнөнү дүңгүрөткөн ырчы Болот Миңжылкиев, залкар ырчы Хусеин Мухтаров  жана Токтоналы Сейталиевдердин  ысымдарын атап өтсөк ашыкча болбос. Булардын өсүшүнө өбөк болгон, таалим беришип, туура жолго үндөшкөн студиянын алгачкы директору Хаким Темирбеков, мугалимдер; Султан Юсупов, Сергей Щехов , Насыр Давлесовдор болушту. Окууну ийгиликтүү бүтүрүп чыгышкан учурда, бир жылдан кийин боло турган Москвадагы кыргыз искусство чеберлеринин декадасына кызуу камылга көрө баштташты. Ал жөнүндө Б. Бейшеналиев  мындайча эскерет:
 -“1958 – жылы Москвада өткөн декадада кыргыз өнөрпоздорунан коомчулукка аттын кашкасындай таанылган элдик шайырлар, ырчылар; Бектемир Эгинчиев, Мыскал Өмүрканова, бийчи кызыбыз Бүбүсара баш болгон алп таланттар баштап барышып, концертти ак таңдай төкмөлөр; Осмонкул менен Алымкул ачышкан. Өзгөчө, Мыскал Өмүрканованын “Алымканды” созгондогусу Москвалыктарды тандандырып, дүркүрөгөн кол чабуулар далайга дейре созулганын айтпа!..
      Баарынан да Бүбүсара Бейшеналиева сахнага чыга келгенде, айлана жарк дей түшкөнсүп, нурга бөлөнүп, жан дүйнөнү арбап алчу бир керемет.  Күч узакка кое бербей, көрүүчүлөр өнөр  секисинде бийлеп жаткан ак куудан көзөрүн ала албай  кадала, андагы болгон нукура сулуулукка, искусствонун өлбөс- өчпөс  улуу кудуретине ар бир жүрөк багынып, аргасыз таазим этип моюн сунушчу.  Эгер кокус, сахнада ак куу болуп кубулган бийчини көчөдө же болбосо  башка бир жерлерде көзгө учуратып кала турган болсом, анда ал кадимки эле катардагы карапайым турмуш шарданы менен алпурушкан аялдардай элес калтырып, ушул сымбаттуу аял дүйнө элдерин ажарлуу жүзү, таланты менен тамшанткан бийчинин дал өзү экендигине бир чети ишенбей да кетээр элем.
   Эмнегедир бий башталаарга саналуу гана секунд калганда башын сол жакка буруп, ырым кыла ийнинен ылдый үч түкүрүнгөн соң, оркестр  ыргагына жуурулушкан кыймыл аракеттери менен элге улуу рухий азык тартуулаганы  ыйык жайдын төрүнө, сахнаны карай бет алып жөнөчү.
   Кайсы бир жылы, шаарыбыздын бир буфетинде тамактанып олтурсам ары жактагы столдо олтурушкан адамдардын бири мени көрсөтүп: “тетигил киши Бейшеналиев деген актер, Бүбүсаранын баласы экен” деп сөз кылып жатыптыр. Кийин Бүбүсара эжеге жолугуп калганда айтсам: “мейли  ошондой эле болсун” деп күлдү  эле, кайран эже! Азыркы күндө баарыңыздар жакшы билген белгилүү актер армен Джигарханяндын бир тууган карындашы Бишкекке стажировкага келген. Ал балерина кыз убактылуу менин үйүмдүн бир бөлмөсүндө квартирант катары жашап жаткан болчу. Бир күнү айтып калды:  “Эжебиздин абалы абдан оор, кыйналып жаткандыгын көргөн болсоңуз зээниңиз кейийт. Сиздин азырынча ооруканага барбай эле турганыңыз оң” – деп. А, кайран Бүбүсара эжебиз менен да эрте кош айтышып кала бердик”.
   Опера жана балет театрында иштеген күндөрүнө, кыргыз элинин сыймыгына айланган балерина менен аз да болсо насип буйруп чогуу иштешип калганына сыймыктана эскерип жаткан актер, сүрөт альбомундагы буурул чач кишинин сүрөтүн көрсөтө, дагы бир ой учугун улайт:
   -“Мына ушул Чодронов агабыз болбосо, мен Опера жана балет театрында иштеп, искусство чөйрөсүнө аралашып калат белем , чыгармачылык чыйыр жолдорду басып, бүгүн минтипе артист болмок белем, ким билет? Искусствого келишиме Чодронов агайыбыз түздөн-түз тиешелүү деп айтаар элем!”
   Кыргыз искусствосу менен адабиятынын ошол Москвадагы декадасы ийгиликтүү аяктап, Бишкекке кайтып келишкенден көп өтпөй ал кездеги Маданият министрлигин жетектеген Абдыкайыр Казакбаев:
  -Операны эмне кыласың, сен деген драмалык театрда иштешиң керек. Жакында Ташкенттеги Театралдык институтка кабыл алуу башталат. Мына ошондон оку, - деген сунуш айтата. Көңүлүндө башканы эңсеп, башканы каалап турса да Казакбаевдин пикирине каршы чыга алган жок. Жакшылап ой жоруп көрсө, чынында эле Казакбаев тапкандай айткан экен. Москвадан консерваторияны окуп, операнын артынан тушөйүн деген оюнан кайтып экзаменге кирүүнү чечет. 
    Ташкенттеги А.Н. Островский атындагы Театралдык Институттук студенттери аталышкан Кыргызстандык он беш кишинин ичинде Бейшеналиев менен кошо бүгүнкү күндөрдө калкка кадырлуу профессионалдык деңгээлдеги эл артисттерибиз:Мамбет Асанбаев, Күнболот Досумбаев, Ташбек Кудайбердиевдер да бар.
                      
   -Актердук кесип- бул тикенектүү жол. Аткарып жаткан нерсең менен чындыкты айкалыштыра билиште!...
   “Актердук чеберчиликтен” сабак берген Яков Матреевич Лоббач кыргыз студенттерине ушундайча талап коер эле. Актердук кесиптин түйшүктүү жолу менен анын коомдогу орду, маани-маңызы туурасында айтып келип, тандап алышкан кесиптерине  өтө  жоопкерчилик менен мамиле жасаш керек экендигин бекем эскертчү.
   Спорттун бокс түрү менен машыга баштаган Болотко бир күнү устаты дагы эскертти;
   -Өзуң актер боло турган соң, бокстун актер үчүн залакасы тийиши ыктымал. Бокс актердун жакшынакай жүзүн бузат. А актерго эң негизгиси, жүзүн сактай билиш керек. Андан көрө спорттун башка бир түрүнө өт!
   Мына ушундан кийин гимнастика менен тынбай машыгып, акробатиканын сырларын өздөштүрүүгө жетишти. 
   Студенттик күндөргө эмне жетсин! Ыр менен оюн-күлкүгө жык толгон жыштыктын курч курагында кызык нерселер баштан көп өтөт тура. Айыл-чарба иштерине пахтага чыгып иштеп калышты. Иштесе ишке, ойносо оюнга тойбогон, кайрылбаган кайран, кырчын курак!
   Кичинесинен чоң энесинин колунда эркелеп өсүп калган Болотто оюн тайманбай бетке айткан курчтук мүнөз бар эле. Кундордун биринде А.Арбузовдун “Таң алдындагы шаар”драмасын көркөм окуп бүткөн соң, драмадагы каармандарды ролдорго бөлүштүрүү үчүн студенттеринин пикирин уккусу келип, Болотту ордунан тургузуп оюн уга баштайт. Драма алыскы жерлердин бирине барып жардам кыла турган комсомолец жаштардын демилгелүү тобунун иш-аракеттерин чагылдыргандактан, андагы негизги каармандардын бири Анрейдин мүнөзүнө, жасаган иштерине болгон жылуу пикирин айтып олтурат. Дагы бир кызыгы, драмада бир орунда жай алып отура албаган, кыймыл-аракеттери менен көрүүчүлөрдүн күлкүсүн келтирерлик шашма, апенди мүнөз Зябликтин образы бар эле. Ал эми Болот кыялында башкы каармандардан болгон Андрей, Жора, Костя сыяктуу быяакка сап, эрки кучтуу, жаштардын арасында дайым алдынкы катарда жүрүшкөн образдарга суктанып олтурса, кашайып баягы апенди Зябликтин ролун “сага ылайык” дегенсип ыйгарып салса боло? Айланасындагы курсташтары күлүп калышканда, ачуулангандыгынан Андрей эле эмес, керек болсо баатыр мүнөз адамдардын өзүн аткара алаарлыгын айтып туталанат. Ошондо устаты Зябликтин адам күлкүсүн келтирээрлик образдардан болгону менен ал бардыгынан көп иш жасап, көп идея көтөрүп чыккан жаштардан экендигин далилдеп келип, мында эч кандай жаман нерсе жоктугуна ынандырган. Ошентип, 3-курста окуп жүргөндө “Таң алдындагы шаар” драмасындагы Зябликтин образын алып чыккан. 
                           
                                                * * *
    
    Жайкы каникулда Бишкекке келип, Жаш Гвардия бульвары менен баратса,ким экени эсинде жок, айтор бирөө айтып калат;
     -Ташкентте окусаңар,анда Зейнеп Талиповна деген мугалим эжейиңер сабак береби? Ал эженер акын Алыкул Осмоновдун аялы болгон,-деп. Кийин каникул аяктаган кезде окуусуна барып,кыргыз тилинен сабак берип жүрчү Зейнеп Талипованын кадимки акын Алыкулдун аялы болгон экен деп курсташтарына айтса эч кимиси ишенбей коёт. Андай болсо аныгын билели деп сабак учурунда колун өйдө көтөрө берип Болот:
   -Зейнеп эже, сизге бир суроо берсем болоор бекен? Мүмкүн бул суроом сизге ыңгайсыз болот чыгаар. Ошентсе да аныгын билели деп, сизге кайрылып жатабыз. Сизди кадимки акын Алыкулдун жубайы болгон дешет, ушул чынбы?
   Балким, мындай суроону таптакыр күткөн эмес чыгаар? Сабак өтүп жаткан жерден эле Зейнеп эже олтурган ордунда колун бетине баса калып ыйлап жиберсе болобу? Курсташтары эмне мындай суроо бердиң дешип жектеп киришкенде Болот өзүңөр “сура” дебедиңерби деп атат. Аңгыча кадимки залкар акындын жубайы, армандуу Зейнеп эженин көп жылдан бери жүрөгүндө катылуу жаткан сырлары чыга баштады. Ыйлап басылган соң көз жашын аарчып болуп, оор үшкүрүнө:
   -Ээ, балдарым, Алыкулдун аялы болгондугум чын. Учурда Алыкулга карашпагандар, эми акын өлгөн соң мен жөнүндө жамандап да, каралап да, көбүртүп – жабыртып жазышып чыгышты. Алыкулду ушул күндөрү да түшүмдөн көрүп келем. Акын жүрөгү назик келет тура. Кээде болор – болбос нерселерге таарынышып калаар элек. Кийин кызыбыз чарчап калып, экөөбүз ажырашып кеттик. Канча күттүм келбеди. Келбеген соң, баардык нерсени унутуш үчүн бул жакка турмушка чыгып баса бергем. Алыкул менин сүйүүм да, унутулгус шорум да болду. Ушул жерге келишкен кыргыз студенттери билишет деп ойлочу эмес элем. Көрсө силерге да жеткен тура...
   Зейнеп эже ошентип көп жылдар көкүрөктө катылуу жүргөн сырын ачкан. Залкар акындын ырларын кимдер гана сүйүп окубаган? Кимдер ган анын калеминен жаралган өмүр, өлүм, сүйүү туурасындагы философиялык саптарына суктанбаган?
    Алыкулдун ырлары элүүнчү – алтымышынчы жылдардагы жалындуу жаштардын ичинде зор кадыр – баркка ээ болуу менен, ушул күндөрдө да окурмандарын жоготмок турсун, кайра жыл санап көбөйүп баратканы, анын өлбөстүгүндө эмеспи. Зейнеп Талипованын мындан бир – эки жылча илгери көзү өткөндүгүн газетадан окугандыгымды айтсам, Болот агай катуу кейиди:
  -Кап, атаңгөрү ай! Ушул Ташкентке деле барып аттым, Зейнеп эжеге бир кездеше албагандыгымды карачы. Ал кишинин кайтыш болгондугун укпаптырмын. Көңүлүмдө, бир барганда учурашсам деп ойлочу элем, Атаңгөрү!..
   Болот агайдын жаш кезинен тартып, залкар адамдар менен иштешкен күндөрүнө чейинки курган узун сабак аңгемесине кызуу кулак төшөп олтуруп бир далай убакыт өткөн экен, кышкы күндүн кыскалыгынан айлана тез эле күүгүм кире баштаптыр. Коштошуп чыгып, базар тарапты аралап, аяодамага бет алдым. Эмне деген залкар таланттарды көрүп, алардын улуу өнөрлөрүнө күбө болгон. Биздин муун маданияттын гүлдөгөн ал дооруна, ал мезгилдин залкарларына күбө боло албай калганыбызга негедир ичим ачышат.
   Театр менен кинонун, жалпы эле маданияттын бардык тармактарында кызуу прогресс болуп, эл интеллектуалдуулукка умтулган ошол ирмем бүгүнкү күндөрдө да керек болуп туру. Театр менен киного тынбай агылган эл азыркы тапта базарга селдей агылып, ички рухий дүйнөбүз жардыланып баратканы өкүнтөт. Базарды мекен кылып байырлаган калк колдо болгон нерселерин сатуу менен алектенет. Бала кезибизден кинолордон көрүп жүрчү, көчө бойлой жүгүрүшүп гезит сатып кыйкырган “гезитчи Дзюйолорду” бүгүн көз алдыбызда көрүп көрмөк тургай этек – жеңиңден кармалап, жалооруган көз караштардан качып жөнөйсүң айрым учурда.
   Эмне деген залкар таланттар өтпөдү, кечээки эле кылым соңунда. Алардын айрымдарынын чет- жакасын көрүп таанып калганыбызга шүгүр. Кино менен театрдын кайталангыс залкар таланттары болгон Даркүл менен Бакен, Сүймөнкул, Советбек, ырлары менен угармандарынын жүрөгүндө жашап калган Рыспай, Асанкалыйлар ХХ кылым өз кучагынан чыгарбай алып кала берди.
    Эмнеси болсо да уучубуз куру эмес чыгаар. “Жакшы тилек жарым ырыс” дегендей эртеңки күндөрдө театр менен кинодо 21 кылымдын Сүймөнкулу, Болоту, Советбектери келишин тилеп туралы!
                        
                             Бактылуу кокустук.
   Тээ, 2-курста окуп жүрүшкөндө италиялык драматург Гальдонинин “Киоджидеги чоң чатак”драмасын кыргыз студенттери коюшкан. Ушул эле драманы 5-курсту аяктап, институтту бүтүрөөрдө дипломдук иш катары кайрадан сахнага алып чыгышат.драмадагы балыкчы Джузеппенин ролун Б.Бейшеналиев аткарып, дипломдук иши “эң жакшы”деген баага арзыйт. “Студенттик күндөр” деп аталчу жаштыктын жалындуу жылдары тез эле аягына чыгып, алдыда “зор турмуш”, “эмгек” деген жабылуу, алиге сыры белгисиз калың китеп барактары турду. Ташкентте кесипке ээ болуп, келечекте кыргыз маданиятын жогорку баскычка көтөрчү кыргыз жаштары мекенине кайтып келе жатышты. Самолетко жаңы эле олтурушуп, кубанычтары коюндарына батпаган курсташ кыздары аңгыча кимдир бирөө жөнүндө сөз кылышып, жанында олтурган Болотко алдыңкы катардагы кишини көрсөтө, жаңыдан атак алып дүйнөгө белгилүү болуп келе жаткан жазуучу Чыңгыз Айтматов экендигин, жазган чыгармалары окурман арасында зор кызыгуутуудуруп, кыргыз элин алыскы чектерге чейин атын угузган адамдын өзү экендиги туурасында кызуу кеп куруп жатышты. Улуу махабатты жар салган, жазуучунун ал кезде атын алыска чыгарган “Обон” (“Жамийла”) повестин Болот да көпчүлүк курбуларындай эле колдон түшүрбөй кызыга окуган. Арадан бир жыл өтпөй алдыдагы  тагдырында, сөз кылып жатышкан жазуучунун чыгармасында эң негизги каарманды экранга алып чыгаары таптакыр ойдо жок табышмактардан болчу анда. 
                 * * *

Дипломдуу жаштар Маданият министрлигинде, министр айымдын кабинетинде кимдин кай жакка бөлүнөөрү, кайсыл жерден иштээри, алдыдагы тагдырлары туурасында тез эле билгилери келип, чыдамсыздык мененкүтүп олтурушту. Бардыгы менен учурашып болуп, ал – жайларын сураган соң, айрымдарын региондорго, алыскы областардагы театрларга бөлүштүрө баштады. Аңгыча болбой эле, оюнда борбордун чок ортосунда жайгашкан, атагы алыска белгилүү театрыбызда иштейм го деген таттуу тилегин таш каап, К. Кондучалованын чечими теңирден тескери чыкпаспы?! Албетте, ал кезде алыскы региондорго жаңыдан окууларын бүтүшкөн жаштарды тартуу борбордон тыш жерлердеги театрларды да өнүктүрүү маселеси бар болчу.

   Борбордук театрда иштөөнү абдан каалаган Болотко, министр Нарын шаарындагы театрда иштээрин угузганда ордунан тура калып, тайманбай этпей эле:
   -Барбайм, - деп жиберди. Каяшага ачуусу келе түшкөн К. Кондучалованын үнү өктөм жаңырып:
   -Барасың, эмнеге барбайт экенсиң? – деди. Болот Бишкектеги театрда иштегиси келгендигин түшүндүрүп келе жатканда, кайралан мурдагы өктөм үн кайталанды:
   -Барасың
    -Барбайм! – дегенде, Маданият министри жанындагы секретарына кежирленип сөз укпай жаткан баланын Ташкенттен алына элек эки айлык стипендиясы берилбей тургандыгын, институтка кат жиберилип ишке алынбасын эскертти. Ачууга уукан Болот министрликтен көңүлсүз чыкты. Дагы өзүнүн бетке чабар мүнөзүнүн залакасы тийип, эми кайда барып, эмне иштейм деген ой кыйнап көпкө бош жүрүп калды. 
    Бир күнү телевидениеге дикторлукка конкурс жарыяланып калат. Телевидениенин алдында конкурска катышам, диктор болом дегендердин санын айтпа! Кеминде миңге чамалап барчудай. Ал жылдарда телевидение жаңыдан ачылып, телевизор калктын калың катмарына жайыла баштаганга, элдин көпчүлүгү эле диктор болгусу келчү окшойт. Өңү – түсү менен үнү комисия тарабынан жактырылып конкурстан өтүп кетет. Сүйүнгөнүнөн телевидениенин ал мезгилдеги төрагасы Асанбек Токомбаевге кирсе:
    -Жакында Маданият министрлиги тарабынан Ташкенттен келген бүтүрүүчүлөрдү ишке алынбасын деген буйрук келди – дейт.
     Айласы куруган Болот кайда бараарын билбей ойлонуп олтуруп, шаарыбыздагы Ленин заводуна барып жумушчу – формовщиктикке кызматка алыңыздар деп өтүнөт. Ал жердегилер арык чырайынан келген жигиттин формовщиктикке жарабай тургандыгын, дене – бою чымыр олбурлуу адам жарабаса оңой менен иштей албастыгын айтып келишип, иштин оор экендигин түшүндүрүп, алышпай коет. Жолу болбогон Болот заманасы куурулуп, айласы түгөнөт. Бир жылга жакын убакыт бош жүрүп калгандыктан, жанында жарты тыйын жок акча калып, кээде жол кире акысы табылбай жөө басып калган учурлары болду. 

                                               * * *

Борборубуздун жашыл бактуу, романтикага жык толгон, көзгө сүйкүм кооз бульвары Дзержинскийде (азыркы Эркиндик бульвары) ал мезгилде бири – бирине кыналышкан кыз – жигиттерден тышкары элге төбөсү көрүнүп калган атактуулар, адабият алптары Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбековдор да кеч курун бульварды аралай сейилдеп басып калышаар эле. Бир күнү дал ошол бульвар менен ылдый “Ала – Тоо” кинотеатры тарапты көздөй баратса, кудай жалгап мурдатан тааныган кинооператор Сагындык Макекадыров жолуга калып:

  -Ой, сен ушинтип эле бош жүрө бересиңби? Киностудия министрликтен өзүнчө бөлүнүп чыгып “Кыргызфильм” аталды. Ал жерге барсаң, Бекеш Абдылдаев азыр ассистенттиктен режиссерлукка өткөн. Түз эле ошол кишиге кирип, эч болбосо ассистент кылып алгылачы деп айтпайсыңбы! – деп калат.
   Эртеси киностудияга кирип Бекеш Абдылдаевге жолукса, ал режиссер Мелис Убукеевдин кабинетине алып кирет. Орусча так сүйлөгөн М. Убукеев Болотту карап туруп:
   -Сиздин атыңыз ким?
    -Болот!
    -Сиз менде иштейсиз, ошону менен бирге киного тартыласыз – дебеспи! Таң калган Болот, Маданият министрлиги эч жерде ишке алынбасын деген деп жаңыдан ооз ачып келатканда:
   -Ооба, мен уккам сиз жөнүндө, бул маселени мен өзүм колго алам – дейт. Көрсө, кинорежиссер М. Убукеев анда дипломдук иши катары реалист жазуучу Мукай Элебаевдин “Узак жол” чыгармасы боюнча “Тайгак кечүү” фильмин экрандаштырганы жаткан экен. Ушул тасма кыргыз киносунун тарыхында “Кыргызфильм” киностудиясы тарабынан жаралган алгачкы картиналардын бири катары катталып калды. “Тайгак кечүү” фильминдеги боз үй ээсинин ролун аткарган Б. Бейшеналиевдин кинодогу өмүрү ушундайча башталды. Ошол эле 1964 – жылдын күз айларында “Мосфильм” киностудиясынан келген режиссер А. Михалков – Кончаловский жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестин экрандаштыра баштайт. Кинопробадан өтүп, бир эле учурда, алгачкы “Тайгак кечүү” менен бирге А. Михалков-Кончаловскийдин киносунда Дүйшөндүн образын жаратат. Фильди Жумгал өрөөнүнөн тартышып жүрүп, агасы Андронду кошо ээрчий келген он алты жашар Никита  Михалков менен таанышып, ошондон ушул күнгө чейин жолдоштук байланышта болуп келет. Дүйшөндүн образын жаратуу Б. Бейшеналиевге ачейин деле кыйынчылык туудурбаган. Чыгармада Дүйшөндүн айылдагы алгачкы мугалим, кийин почтальон болуп берилип калышы, эмнегедир атасы Бешшеналынын тагдырына үндөш келгенсийт. Атасынын аткарган кызматтарын көңүлүндө бекем сактаганжаш актер кинодо образды жандуу, курч мүнөздө ачып берген. 
     “Биринчи мугалим”- актердун тагдыр жолундагы таалайын ачкан тасма. Болоттун кинодогу бактысын Дүйшөн алып келди. Көрүүчүлөр кино менен тааныша электе институтта таалим берген окутуучусу Яков Матвеевич Лоббачты конок катары Кыргызстанга чакыртып, экөө фильмди көрүшкөн. Устат жана шакирт. Устаты зор ынтаа менен берилип экрандагы Дүйшөн-бир кездеги студентинен көздөрүн албайт. Студентинин ийгилигине маңдайы жарыла сүйүнүп,фильмдин кээ бир сюжеттерине келгенде берилип көрүп жаткан устаты Болоттун колун бекем кармап, кубанычы койнуна батпайт. Баягы студент кезинде коюшкан спектаклдеги Зябликтин ролун чанып, “баатыр мүнөз образды да жарата алам” деген шакиртине көңүлүндө бул саам Яков Матвеевич бекем ишенди. Фильмдеги Дүйшөн да майтарылбас эрки күчтүү, келечек заманына терең ишенип, таза идеалдарга берилген акыйкатчыл адам. Мугалимдим элеси ушунчалык ынанымдуу ачылып берилгендиктенби, ушул күндөрдө да актерду кокус көчөдөн көрө калган адамдар “Дүйшөндү көрдүм” деген сөздөрүн далай ирет кулагыбыз чалып калат. Окутуучусу келип кеткенден көп өтпөй, өзү Ташкентке  барып, институтка кирсе,устаты ошол замат эле беш жылдык мээнетинин күбөсү болуп, ала албай жүргөн дипломун кттуктап колуна карматкан.
   Ч.Айтматовдун чыгармасын экрандан көрүшкөн көпчүлүк кинорежиссерлор кино дүйнөсүнө таланттуу артист келгендигин жаз эмдебей билишти. Ушундан улам, актерго кызыгуусу пайда болгон режиссерлор тынымсыз удаама уда өз кинолорунда аткарып беришин өтүнгөн чакыруу сунуштар көбөйдү. Алардын айрымдарын ойноого убактысы жетишсиз болуп, кай бирлерине тартылбай да жатты. Ч. Айтматовдун повести Б. Бейшеналиевдин кино дүйнөсүнө сүңгүп киришине чоң себеп болуу менен бакыт ийгилик алып келди.
   Бир эле жыл мурдараак жумушсуз басып жүргөн Болот кокустан көчөдө бараткан кинооператор  Сагындык Макекадыровго жолукпай калган болсо, киностудиядагы режиссер Мелис Убукеевге кирбегенде, башкача айтканда ал кезде маданият министрлигин жетектеген Күлүйпа Кундучалова менен моюун толгоп айтышып кетпегенде, анда ким билет кыргыз журтчулугу азыркы кезде аты алыска угулган акттерун табат беле же жокпу? Таң. Мунун өзү Болотт агай айтмакчы “кокустук” болгондо да “бактылуу кокустук”. 
    “Биринчи мугалимден” кийин алдыда көп иштер пайда болду. Мурда кино жөнүндө ойуна да келбеген актерду кереметтүү өнөр өзүнө азгырып арбап баратты. Алдыда аны “өзбек фильм” киностудиясында жакында тартыла турган режиссер Али Хамураевдин “Келгин куштар” жана “Кызыл кумдар” тасмалары күтүп турду. Чынында эле түмөн түйшүктү, а кээде эс алууга да мүмкүн болбогон өмүр мерчеми эми келди!..


                                              СООЛУГАН КЫЗГАЛДАК
       
                                          Жаштыгымды ыргыттым өрт сүйүүгө,
                                          Жүрөгүмдө кумар туйлайт миң күүдө
                                          Кээде көздөн жашым акты сабалап,
                                          Сүйүү балын таткым келди тирүүмдө
                                                                                       
                                                                                    (Низами. Азербайжан акыны)

Кызгалдак... Кызгалдак гүлү эрте жазда ачылып, ажайып ажарына чыгып не бир сулуу! Аны кимдер сүбөйт? Ага кимдер гана суктанбайт? Табият бул гүлдү ушунчалык чебердик менен назик жараткан. Бир кызыгы кызгалдак жазда эрте ачылып, адамдарды өзүнө имергени менен өтө тез соолуп калат. Анан калса, бул гүл ушунчалык сулуу, ажайып кооз жаралганы менен, жайкалган ээн талаа, жымжырт жаткан бейит адырларына чыгат экен. А, жыты, кудум топурак жыттанат. Көрсө, мында улуу табийгаттын терээң сыры катылуу жаткан белем!..

                                      *  *  *


Соолуган кызгылдак. Ушундайча атап алып, ойумду андан ары улай албай, актай бетин чиймелеп, көпкө буйдалдым. Актердун тагдыр жолундагы айрым урунттуу учурлары менен кино өнөрүндөгү чыгармачылык штери туурасында баяндап келе жатып, кайдагы бир кызгалдак гүлүнө өтүп кетти деп таңыркабасаңыз экен, кадырлуу окурманым. Минтип алап алышыма биз сөз кылып жаткан эл артистинин жазгандарын барактап олтуруп, оо, качандыр бир мезгилде жан дүйнөсүнө бүлүк салып, жаралуу сезимден жаралган аялуу тагдырынын өзү түрткү болду көрүнөт. Айтпаса, Б. Бейшеналиев поэзияны жогору баалайт. Айрым учурда саптарды курап, көңүл түпкүрүнөн чыккан сезимдерин ыр менен кагаз бетине түшүрүп жаза коймой адаты бар. Көр жылдардан бери жазып келе жаткан ырлары кыйла эле арбын. Ыр саптарына үңүлүп олтуруп, айрыкча “Соолуган кызгалдак” аталган бир ыры ой түпкүрүнө түрттү. Ырда адатта акын болоюн деп жазбайт. Тек гана, жан дүйнө сырлары катары кусага батып, ойлор менен алпурушуп олтуруп, көзү менен көрүп, баштан өткөргөн өмүр белестериндеги ар кыл жагдайларын эске сала, кагаз менен сырдаша коет.

   Түнкү Бишкек сансыз жылдыз сыңар жымыңдап жанган электр шамдарын балкондон тиктеп, актай кагаз бетиндеги “кызгалдак” жазуусунун алдына эмне деп жазып, эмнеден баштаарымды билбей көпкө убараландым.
                                         *  *  *

Актердун ыр дептерине көз жүгүртүп олтуруп төмөндөгү ыр саптарына туш болдум!

                                           Жазында тоонун этегин,
                                           Басчу эле жайнап кызгалдак.
                                           Жалындап турган кезегим, 
                                           Терчү элем аны кызга арнап.
                                             *  *  *


  Жараткан кудурет адам баласын жаратуу менен эле тим болбоптур. Адам баласына улуу сезим берилген экен, ал улуу сезим өлбөс – өчпөс болуп укумдан – тукумга  уланып келе жаткан тунук ак сүйүү, махабат тура. Алмустактан бери карай ушул күнгө дейре ааламды солкулдатпай, жер жүзүн жалгыз гана сүйүү кармап тургандыгын кантип танабыз. Деги эле, элге – жерге, мекенге, энеге болгон сүйүү менен аял – эркек ортосундагы мөлтүр сезимди биз айтпасак да байыртадан эле керемет сөз, өнөр ээлери ашыра мактап даңазалап келишет. “Махабат” деп, өмүрүн азап менен өткөргөн , армандуу сүйүү уусун ичкен канча Мажнундар өтпөдү дүйнөдөн! Алар ааламга армандуу жаралышкан ыйык сүйүү сезимдерин жер бетине, келечек муундарына даңазалай жүрүшсүн дегенчелик калтырып кетишкен экен, артында аты өчпөгөн тагдырлары күнү бүгүнкүдөй жар салынып келет.
   Алысты айтпайлы, өзүбүздүн жандуу тарых барактарыбызды ачканда эле, эзелтеден эл ичинде аңызга айланып, аты өчпөй айтылып келе жаткан, элдик дастандарыбыздагы даңазалуу махабатка эгедер Олжобаш менен Кишимжан, Кулмырза менен Аксаткын, анан соңунда барып Соң – Көл чүрөгү – Ак Мөөр менен Болоттун аянычтуу, жан кейиткен оор жазмыштарына ачык күбө болобуз.


                     *   *   *
 Жаштыктын шаңдуу, бактылуу, кооз жылдары Ташкент шаарында калды. Болот 3 – курска жаңы көчкөндө, сары алтын жалбырагы төгүлгөн күз мезгили өз берекеси менен кошо ыйык сүйүү ала келди. 1961 – жылы жаңы окуу жылында 1 – курска келишкен кыргыз студенттеринин арасында өзгөчө сүйкүм, бир орунда турбаган эрке мүнөз, ай чырай, сымбаттуу кызга бирге ркушкан көпчүлүк жигиттер ашык болушту. Болот ал кызды бир көргөндө эле жактырып калды. Эркелиги анын ого бетер сулуулугун арттырып өзүнө жарашып турчу. Батынып бара албай жүргөн күндөрдүн биринде, ал кыз менен чогуу жашаган жакын курбу кыздарынын биринен  “сырдуу сулуунун” өзүнө да болгон көңүлү бар экендигин билет. Көп өтпөй, ал сулуу менен таанышуу  бактысына туш болду. Алгач сөздү өзү баштап, кыздын жанына жакын барды. Кызгалдактай кулпурган ал сулууну табийгат бекер жаратпаган болуу керек! Болгондо да эл оозунда сулуулугу менен даңкталып келген Соң – Көл чүрөгү Ак Мөөрдүн мекенинен чыгып калышы, чынында эле таң калычтуу. Азыноолак айтып өтөйүн деген башкы каарман – “кызгалдагыбызды” кеңкесири тааныштыруунун деле бул жерде кажети жоктур. Сулууну мүлдө кыргыз журтчулугу жашы билишет. 
                                      *  *  *
  Таттыбүбү Турсунбаева – ысымы кыргыз искусствосунда ар дайым сыймык менен аталып, кайталангыс таланты, өтө сейрек кездешчү ашкере сулуулугу менен элинин эсинде түбөлүк сакталып калган кол жеткис жылдыз! Аттиң, өмүрдүн кыскалыгы... Кырктын кырына чыкпастан, таланты ташкындап турган отуз жети жашында жайрап калган алтын өмүр. Элеси эл арасында сулуулуктун символу болуп жашап кала берээрине бүгүнкү мезгил өзү күбө. Артында өлбөгөн эмгеги калыптыр. Кейиштүүсү, өз мезгилинде, көзү тирүүсүндө көз жаздымда калып, баркталбай калганы чоң арман. Адамдын шайтаны – адам демекчи, пенде баласынан түрдүү кыял, түркүн мүнөз чыгат тура. Ал барда көрө албастык, ичи тарлык кесепет менен оорушкан адамдар көңүлгө алып, кадырлагандын ордуна, кайра аны кордошкону шумдуктуу жорук эмеспи. Бул туурасында басма сөз маалыматтарында да кеңири сөз козголуп кеткенсиди. Бир тууган агасы, артист Нуркан Турсунбаевдин “Асаба” гезитинин 1993 – жыл, 18 – ноябрындагы санында берген маегинде каңырыгы түтөй, карындашынын тирүүсүндө көргөн кордуктарын эскерип өткөнү бар. Ошол маегинде журналисттин (“Асаба” гезитинин мурдагы журналисти Каныбек Иманалиевдин) Таттыбүбүнүн Имаш Эшимбеков менен кандайча баш кошкондугун, “Эмне, ала качып үйлөндү беле?” – деген суроосуна;
    -“Болот Бейшеналиев үчөө чогуу, дос катары жүрүшчү. Өзү Болотту жактыраарын билчү элем. Анын да атайын арнаган “Кызгалдагым” деген ыры бар. Бирок тагдыр ошондой болду, күйөө балага баш кошуп калды”, - деп жооп берген. Кийинчерээк Болот Бейшеналиевдин “Кыргыз Руху”  гезитинде берген интервьюсунда (1996. 23. 06. Маектешкен: Сакы Садыков.) таттыбүбү туурасында кыскача төмөнкүдөй жооп кылган:
   Таттыбүбүнүн аянычтуу тагдыры менин да трагедиям болду. Башкалардан айырмаланып, мен аны абдан эле жакындан билем. Ташкентте театр институтунда мен үчүнчү курста окуганда ал биринчи курста окучу. Кандай десем, эч нерсени көңүлгө албаган, ойноок улактай жан эле. Жашы 16-17де болсо керек. Студенттердин баары эле Таттыбүбүнү сүйүп калышкан. Эмнегедир мага көңүл коюп экөөбүз ынак болуп кеттик. Имаш экөөбүз чогу жашачубуз. (Таттыбүбүнүн күйөөсү.) Бир күнү Имаштын Таттыбүбү экөөбүздүн ортобузда от чачып жүргөнүн байкап калдым. Жүрөгүм жарылып кетти. Таттыбүбү мага: “Болот, сен капа болбо, Имаш болбой эле жабышып жүрөт. Анын аракетинен эч нерсе чыкпайт” – деди. Имаш болсо: “Мен силерге каршылыгым жок, жүрө бергиле” деп, мени менен кол алышты. Кийин бир жайда биз каникулга тарап, мен бир жакка кеткем. Имаш эки чоочун жигит менен Жумгалга Таттыбүбүнү издеп барышыптыр. Тоого чыгып эс алышат. Анан дагы бирдеке алып келебиз деп Имаш менен бирөө айылга кетет. Таттыбүбү чоочун жигит менен калып калат... Ошентип...
    -Анан, ошол жайда эле баш кошуп албадыңыздарбы?
   -Мен келип, Таттыбүбүнү досумкуна ээрчитип бардым. “Мына үйлөнбөйсүңөрбү эле эле дейсиңер, мындай сулууга ким үйлөнгүсү келбейт, - деп мактанып кой союп, ошондо түнөп калдык. Жашырганда эмне мен Таттыбүбүгө баш кошуп алалы деген ниетимди айттым. Ошондо Таттыбүбү “Биз экөөбүз баш кошо албайбыз, кечигип калдың, мага эми болбойт” – деди. Тура калып, качып кеттим. Кийин мен Имашка жолугуп: “Бул эмне кылганың, эми эмне болот?” – десем – “Айла жок, мен эми Таттыбүбүгө өзүм үйлөнөм” деди. “Үйлөнөм” – дедим.
   -Андан бери көп убакыт өтүп кетти. Бүгүн ошол кездеги Таттыбүбүнүн аянычтуу абалына, тагдырына кандай баа бересиз? Дегеним, анын чыгармачыл талантына, сулуулугуна сук арткандар өлүмгө дуушар кылышты деп да жүрүшөт...
    -Аны “тигинтишти, минтишти” деп айтуу кыйын. Бешенесине ошондой тагдыр жазылган бейм. Ал Имаш экөө баш кошушту, кийин ажырашып кетишти. Албетте, Таттыбүбү экөөбүз жолугушуп турчубуз. Ал жарыкчылык менен коштошкондо мен жок болчумун. Жаны кыйналып жатканда: “Болотту таап келгилечи, ошону көрсөм мен аман калышым мүмкүн” дептир, Биздин мамилебиз ушундай бир айтып бүткүс, аянычтуу, терең бойдон менин жүрөгүмдө сакталып калды”.
   Калкка таанымал актерубуздун өмүр – чыгармачылыгынан сөз кылп жатып, анын башынан кечирген ыйык махабатынан баяндап жаткандыгымды айып көрбөңүз, замандашым. Муну кай бирлери натуура көрөр. Бирок “шибегени капка ката албайсың” демекчи, чындыкты кайда катып, каякка алпарабыз. Сүйүү адамдын турмушун толук камтырлыгын бир эле сүйлөм менен таамай айткан француз жазуучусу Оноре де Бальзактын: “Сүйүүнүн бир эле сааты – бүтүндөй бир турмуш” деген сөзүн ушул жерден эске салганыбыз оң болоор. Өмүрү өрнөк болчу улуу адамдардын тагдыр жолундагы баштан өткөргөн окуяларынан тышкары, алардын махабаты туурасында да бир канчалаган очерк – изилдөөлөр жарык көрүп, китептер жазылып эле тим болбостон, кинолор да тартылып кеткендигин танууга мүмкүн эмес. Буга мисал катары, адегенде эле алп акын Алыкул Осмонов менен Айдай экөөнүн ортосундагы аруу сезимдерин чагылдырган бир катар эмгектер далил. 
                                       *  *  *

Таттыбүбү дегенде ашык болбогон жан аз чыгаар кыргызда? Таттыбүбү деген атында эле канча сулуулук жатат. Атына заты төп келишкен бул аялзатында жараткан берген тышкы сулуулуктан тышкары, анын ички дүйнөсу да аруу, таза ишенчээк эле. Ошол сулуулугу кийин анын трагедиясына айланды...

   Махабат отуна кимдер ган күйүп жанбаган? Кимдер гана жараланбаган. Ал асыл сезимден айрымдары бакыт тапса, айрым бирлери көздөгөн тилектери орундалбай кайгы чеңгелинде карайлашып өмүрлөрүн жалаң муңзар менен өткөрүшкөн. Андыктан, “Сүйүү – баатырды да жеңет” деген эл накылы бекеринен айтылбаган да. Антпегенде, дүйнөгө дүң болуп жүргөн шедевр чыгармалар жаралмак беле?


                                      *  *  *


   Махабат оту куйкалап, сүйүүнүн огу тийип жаралангам, Кудай, ошол касиетимден калтыра көрбө. Тирүүлүктө жараланып жүргөнүмдүн өзү рахат. Демек, адамдык касиетим бар. Демек, тирүүмүн!
                                                                   (Б. Бейшеналиевдин күндөлүгүнөн)
                              *  *  *


  Замандашым, эртели – кеч эси – көөнүңүздөн кетпей көңүлүңүзгө бүлүк салган жан шерик адамыңыз менен болгон эң алгачкы жолугушууну эстеп көрсөңүз. Анда ал бактылуу ирмемди “кантип унутууга болот?” деген суроого кабыласыз. Арадан канчалаган ай – жылдар агып, саамайыңызды бубак чалган күндө да, башыңыздан өткөн сүйүүнү баштапкы сааттары күнү бүгүнкүдөй эскирбей, түбөлүк көкүрөгүңүздөн өчпөгөн жандуу элес сыңары, акылыңызда сакталуу бойдон кала берээри айныгыс чындык. Дал ошондой эле Болоттун да Таттыбүбү менен болгон эң биринчи кездешүүсү дале көз алдынан кетпейт. Анда Таттыбүбү жакын курбу кыздарынын бирин кошо ээочитип, үчөө филармонияга концертке барышкан эле.
    Жараткан жазмыш экөөнө тең сүйүү сезимин белек кылып, бакыттын кучагына бөлөгөн. Сүйүү оту алоолонгон эки жаш алдыдагы турмушуна жалаң асыл тилек  аруу максат коюшуп, келечекте, өмүр бою бирге болушаарына терең ишенишчү. Бири – бирине кыналышкан Болот менен Таттыбүбү жаштыктын кечтеринде бакты аралай басып баратышып, алдыдагы өмүрүн, эң бир кооз күндөрүн элестетишээр эле. Тилекке каршы, андай болбоду. Тагдыр экөөнү эки жакка бөлүп салды. Жараткан жазмыш аларга азаптуу Ак Мөөрдүн, армандуу Болоттун оор тагдырын буйруптур. Кудум, Күкүк менен Зейнеп куш сыңары, бул жалганда бири – бирине жете алышкан жок.  
     Бир ирет актер менен баарлашып олтуруп мезгилинен эрте кеткен ай чырай актрисабыз жөнүндө суроо салганымда, негедир бул туурасында көп чечилип сүйлөгүсү келбей жатып, кыскача гана айтып өттү. Айрым журналисттер Таттыбүбү жөнүндө сурай берип, айыкпаган эски жаратын козгоп, тажатып жиберген окшобойбу. Бере турган суроомдун оңтойсуз абалга алып келээрин сезсем да, аныгын өз оозунан угайын деген эле ниетте элем. Саамга кабагы бүркөлө түшүп: “Эми аны эмне кыласың сурап?” – дегенсиди. Мени карай сала: “Демек, сага Таттыбүбүгө арнаган ырларымды окуп берген эмес турбаймынбы?” Ордунан өйдө козголо берип, китеп текчесинен ырларын издеп тапты көрүнөт, бир маалда топ кагаздарды кармай, астына жая, барактап кирди. Арасынан өзгөчө орунда турган купуя сырдуу, жүрөктөн чыгып жүлүнгө жеткен “Соолуган кызгалдакты” коңур үнү менен окуй баштады:


                              Жаныңа жаш кезимде жакын бардым,
                              Ошондо бактым бол – деп чакыргамын.
                              Тагдырдын таалайыма жазганы экен,
                               Мен үзбөй, соолуп калдың. Кызгалдагым.


                             Жүрөктө андан бери каткан муз бар,
                             Көөдөндө эрибеген шордуу туз бар.
                             Элесиң мен өлгөнчө эстен кетпей,
                             Жүрөгүм жалгыз гана сен деп сыздаар.


                             Атыңды азыр да уксам сыздап кетем,
                             Алгачкы сүйүү деген кымбат экен.
                             Арманым - бул дүйнөдө орундалбай,
                             Азаптуу өзүмдү мен шордуу сезем.


                           Өтсө да далай мезгил унута албайм,
                           Азыр да сени эстөөдөн такыр талбайм.
                          Жашоомдо жалгыз сени сүйгөнүмдү,
                          Жараткан алдында мен жашыра албайм.


                           Алтыным, аракетте жолугаарбыз,
                           Жараткан болгун дээрбиз бизге калыс.
                           Армандар бизде болгон аткарылбай,
                          Ал дүйнө, болгон бизге абдан карыз!..


  Ырды окуп келатып аяккы саптарына толук жете бербей үнү каргылданып, муун – жүүнү бошоп баратты. Тамчы жаш жүзүнөн ылдый салаалап, Болот агай оор үшкүрүнүп жиберди. Бөлмө ичин тунжураган тынчтык каптап, ортобузда саамга сөз уланбай калды. Менин Таттыбүбү жөнүндөгү суроом мынчалык кыйын абалга камайт деп эч ойлобопмун. Аз өтпөй, көөдөн жарган үшкүрүгү коштолуп, өкүнүч бийлеген муңдуу үнү оюмду бөлдү.
       -Таттыбүбүнү “Тото” деп эркелетээр элем. Акыркы жолу экөөбүз 1967 – жылдын 9 – сентябрында сүйлөшкөнбүз. Андан кийин сыр чечишип деле сүйлөшө албадык. Балким... Таттыбүбү экөөбүздүн бири – бирибизге жетпей калганыбыз деле туура болгондур? Баш кошконубузда ыйык сезимибиз сакталуу калат беле же жокпу, ким билет?  Жетпедик... Ошо жетпегендигибиз – сүйүүбүздүн таза сакталышына себеп болду окшойт...
   -Биз билгенден сиз экөөңүздөр “Саманчынын жолу”, “Уркуя”, “Ак Мөөр” фильмдеринде чогуу аткарып калбадыңыздарбы. Ошол кинолордо тартылып жүргөн мезгилдерде бири – бириңиздерге болгон махабат оту кандай абалда эле?
    -Ал кезде бири – бирибизге болгон сүйүүбүз баштагыдай болбой, жөн гана кесибибиз катары кинолордо аткарып калганбыз...


               *   *   *


Антсе да, жеке баамымды “Ак Мөөр” картинасында армандуу арзышкандарды экөөнүн аткарып калышканын карабайсыңбы. Өткөн кылымдын тарых барактарынан бери айтылып келген армандуу махабаттын күбөлөрү Ак Мөөрдү – Т. Турсунбаева, ал эми Болоттун ролунда – Б. Бейшеналиевдин ойногону кызык. Тагдыр тамашасыбы? Же...


                                   *  *  *

Армандуу махабаттын таржымалын андан ары улап сураганды эмнегедир туура көрбөдүм. Анткени, Болоттун Таттыбүбүгө болгон сүйүүсү канчалык деңгээлде экендигин өзү жазган ырларынан эле баамдасак болот.


                                   Түн киргенде оолактап,
                                   Алыста жалгыз түнөймүн.
                                   Муңканып муң – зар кыйнаган,
                                   Түгөйсүз калган түгөймүн.


                                  Таба албай калган түгөйүн,
                                  Таалайсыз жалгыз бирөөмүн.
                                  Жараткан неге жараттың?
                                  Жаралуу менин жүрөгүм.


Таттыбүбү Турсунбаева дүйнөдөн өткөндө Болот Москвада “Мосфильм” киностудиясында эмгектенип жаткан. Суук кабарды уккан Болот кабыргасы кайышып, кайгы ууга көз жаш төгүп, төмөндөгү ыр саптарын жазган:


                   Таланттын жаркыраган шамы өчтү,
                   Теңдешсиз бул дүйнөдөн сулуу өттү.
                   Кызгалдак кыйылды да, соолуп калды,
                    Талантка тагдыр эмне өзү өчпү?!
                    Күтпөгөн суук кабарды укканымда,
                   Жүрөгүм кан аралаш жашын төктү!


                                 *  *  *


                              Сымбаты, баскан турушу,
                              Суйкайып гана туруучу.
                               Өзгөчө башка жаралган,
                               Ал болчу – 
                              Сулуулардын сулуусу!
                              Периси болчу жомоктун,
                             Мен перимди жоготтум.
                             Армандуу жалгыз калыпмын,
                             Мен жетим – 
                             Ак мөөрсүз калган
                             Болотмун!..

“Откөндө бир тааныш адамдарыбыз кайрылбас сапар кетип, Таттыбүбүнүн коюлган жерине барып маркумду жайына узаттык. Сөөктү коюп болуп, эл тараган кезде Таттыбүбүнүн бейитине барайын, көрсөткүлөчү десем?, - Эми анын бейитине барып кайдан ииздемек элең, Таттыбүбүнүн мүрзөсүнө эстелик орнотулбагандан кийин бейити белгисиз, тапканга да мүмкүң эмес дешти” – дейт Болот агай.

   Каранызчы, тирүүсүндө баркталбаган таланттын өлгөндө да бааланбаганын. Шаарыбыздын батыш тарабында жайгашкан атактуулкардын акыркы жайы “Ала – арча” көрүстөнүнө коюлбастан, борбордон алыс, белгисиз жерде түбүң түшкүр түбөлүк уйкуда жатат, армандуу ак куу. Эмне демек элек? Айтаарыбыз, ак куунун жаткан жери жайлуу болсун! Элде бир сөз айтылып жүрөт: “Ак куу көрсөң атпай жүр!” 
                                      *  *  *

Кыргыз эли ажарлуу ак куусунан эрте ажыраса, Болот аруу махабатынан кол жууп кала берди. Ыйык сезим өлбөйт тура, жаштыгында тапкан сүйүүсү дале жаш бойдон. Дагы эле Таттыбүбүсүнүн айжаркын элеси ак куу сымал көзгө элестейт. Жаралуу көөдөндө жаркын таланттын элесин батырып, сактап келет. Элеси кудум жаштыктын шаңы калган алыскы Ташкенттеги студенттик күндөрүндөй, баягы эле, алгачкы көргөнүндөй жапжаш бойдой. Көз алдында Соң – Көлдүн сулусуу чүрөгү!

  Кызгалдак.... Кызгалдактын таржымалы ушундай. Тек, кызгалдак гүлүн соолуду дебейли. Кызгалдак кайра жыл айланып эрте жазда ачылат. Кайрадан көз жоосун алган сүйкүм жүзүн жайнатып суктантат. Соолуса гүл соолуйт. А бирок, көкүрөктөгү кызгалдак түбөлүк соолубас!
  Гүл тарыхынын соңуна чыгып жатып  Ак Мөөрсүз калган  актердун бир ыры менен сөз соңуна чыккым келет.
                                      Акыркы азезилдин сурагында,
                                      Сүйүүгө айырбаштап жаным берем.
                                      Калтырам ашыктыкты жер үстүнө,
                                      Кетсе да жер алдына менин денем!..


                                            ТУРМУШ СЫРЫ


   Б. Бейшеналиевдин Кыргыз мамлекеттик Академиялуу драма (азыркы Т. Абдумомунов атындагы) театрда иштегендиги жалпы журтчулукка анчейин деле жакшы маалым болбосо керек . Эмнегедир сахнадагы түзгөн образдарынын көпчүлүгү калың элдин катмарына анчалык сиңип кете алган эмес сыяктанат. Ал түзгөн образдар кепке ала тургандай таптакыр эле татыксыз деп айтуудан, албетте, караманча алысмын. Өнөр секисинде көрүүчүлөрдүн назарына койгон бирин – экин образдары гана ал мезгилдердеги театр күйөрмандарынын  эсинде калган болуусу керек. Анткени, театр чөйрөсүндө киноөнөрүнө салыштырмалуу саналуу гана жылдар иштеп калды. Ойлоп көрсө, болгону төрт эле жылга жакын эмгектенген экен. Театрда иштеп баштаган жылдары айрым кинолору менен коомчулукка белгилүү болуп, жакшы эле сый – урматка бөлөнүп калган. Негизинен, эми театрда иштейм деген деле ою жок болчу.
    1967 – жылдын кайсы күнү экени эсинде жок. Тааныш адамдарынын бири менен сүйлөшүп турса арт жакта театрдын режиссеру Жалил Абдыкадыров менен Күлүйпа Кондучалова келе жаткан болот. Алар көрүшкөн соң түз эле жакын келишип, ал – жай сурашкандан кийин Жалил Абдыкадыров:
    -Ээ, Болот. Эми ушинтип эле кино деп жүрө бересиңби? Театрга кел. Иштебейсиңби! Мына Күлүйра эжейибиз өзү уруксат берип аткандан кийин.
   -Театрда иштегин эми, - деди Күлүйпа эже. Театрда иштей баштаган. Арадан эки жыл өтпөй, бир күнү театрдагы коллективдин чогулушу болуп Бейшеналиевдин көп учурда иштен калып аткандыгын эскерте келип, режиссер Ж. Абдыкадыров:
  -Бейшеналиев, сен театрда иштейсинби же кинодобу? Кино деп атып биякта иштен калып атасың. Андай болсо театрда иштегин же киного кеткин! – дегенде Болот ордунан шак эле туруп “мейли анда” деп өз каалоосу менен театрдан чыгып кетет.
   Кийин дагы эле ушул көрүнүш кайталанып, кайрадан театрга чакыртышат.
   Анда да чогулушта Бейшеналиев кинолоп жүрүп көп иштеринен калып аткандыгы эскертилип:
    -Иштеп аткандан кийин жумуштан калба, болбосо театрдан бошотобуз! – дегенде өзүм эле кетейин деп, ошол жерден дароо экинчи арызын жазып, кагаздын астына “1975 – жыл 12- май” деп кол коюп, театр менен кош айтышып баса берет.
     Театрда аз мезгил иштеген менен, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова, Советбек Жумадылов, сахна “Лири” Муратбек Рыскулов сыяктуу кайталангыс залкар таланттар менен чогуу иштешип калды. Драматург Б. Жакиевдин психологиялык курч мүнөздө жазылган “Алтын аяк” драмасында – Миңжашардын ролунда М. Рыскулов аткарып, (уулу Турардын ролунда – Б. Бейшеналиев) эзелтен келаткан ата – бабасынын салтын улап “алтын аякты” уулуна тапшырып жаткандагы трагедиялуу оор кырдаалды укмуштай чеберчилик  менен көрүүчүлөргө жеткирген эпизоду күнү бүгүнкүдөй көз алдында. Драмада карыянын тилегин таш каап, адамзат баласы абалтан тукум улаган улуу салтты уулу улап кете албасын “алтын аякты” албай кетип калгандыгынан билген атасы жер муштай мөгдөп ыйлаган жерин көрчү болсоңуз, чыдап тура алчудай эмессиз. Көшөгөнүн артында карап турган Болот өзү кээде, көздөн жашы  кылгырган абалга чейин жетээр эле. Муратбек, Даркүл, Бакен артисттик искусстводон эч кандай билим албай, кол созсо жеткис бийиктикке жетишкен эмне деген залкарлар эле?!
   Театрда эмгектенген төрт жылдын ичинде М. Байжиевдин: “Ар бир үйдө майрам”, “Төрт адам”, Б. Жакиевдин: “Алтын аяк”, Н. Хикметтин: “Унутулган адам” драмаларында башкы ролдорду аткарган. Ршентсе да жеке баамымда, сахнада жараткан образдары менен чыгармачылык ажары ачыла албады. Ушу тапта сахнадагы Бейшеналиевге караганда, кинодогу Бейшеналиевдин жүзү алда канча өйдө турат эмеспи. Тактап айтканда, Болот – “Кино” өнөрү үчүн атайы жаралган сыяктанат десек, аша чапкандык болбос.


                           *   *   *

Искусство чөйрөсүндө атаандаштык деген нерсе жашаары көнүмүш эле көрүнүш. Антсе да сүймөнкул, Советбек үчөөнүн бири – бирине болгон өз ара мамилелери көңүл сүйгөн, жакын санаалаш курбулардай эле. Сүймөнкул көзү өткөндөн кийин көп өтпөй, кайсы бир күнү көчөдө баратса, Сүймөнкулдун бир тууган агасы Намырбек Чокморов алдынан чыга калып, Болотту көрүп эле эсил кайран инисин эстей көз жаш төгүп:

     -Тээ илгери сенин бир журналистке Сүймөнкул жөнүндө айтканың эсиме түшүп атат – деген.
    Болжолу, 1970 – жылдардын баш черинде болуусу керек, үйүндө олтурса телефон аркылуу Ч. Айтматов Киночулар Үйүнө чакыртат. Көрсө, америкалык бир журналист аял Б. Бейшеналиевден интервью алганы күтүп олтурган экен. Маектешип жатып, бир ара сөздү Чокморовдон баштап келип, “Чокморовдун киного келиши менен Б. Бейшеналиевдин карааны анчалык байкалбай калгансыйт. Бул нерсе сизди өкүндүрбөйбү?”  - деген суроону узатат. Буга жооп кылып, ошондо немецтин акыны Гётенин берген жообун мисалдата: “Улуу акын Гётеден атагы алыска угула баштаган коңшусу Ф. Шиллер жөнүндө айтышып, караңызчы, Шиллердин акындыгы сизден ашып, ал гана эмес үйүн да сиздикинен кооз кылып, заңгыратып салып алды, буга ичиңиз ачышпайбы? – деп сурап калышат. Анда Гёте: “Немец эли өзүнүн ушул эки уулу менен сыймыктанышат” – деп жооп берген тура. Анын сыңарындай, кыргыз калкы да Сүймөнкул дун кыргыз болуп калганына, ушул эки уулдар менен сыймыктанышаарына ишенем” – деп жооп берген, жуналист айымга. Кийин 1975 – жылы Германияда кинодо тартылып жүрүп өзү сөз кылган акындардын жашаган үй музейлерин көргөн. “Эки залкар акындын тең үйлөрү чындыгында эле бири – бириникинен өткөн кооз, көз жоосун алган тамдар экен”, - дейт. 
   Б. Шамшиевдин “Караш – караш окуясы” фильминдеги башкы каарман Бактыгулду негизинен Б. Бейшеналиев аткармакчы болгон. 1968 – жылдын жай айлары болчу. Шаардын так ортосунда жайгашкан “Россия” кинотеатры тараптагы эски үйлөрдүн биринде сүрөтчүлөрдүн чакан өнөканасы бар эле. Режиссер Б. Шамшиев, кинодогу Бактыгулдун образы баатырдык мүнөздөгү алибетүү адам болгондуктан Болотту кинодогу каарманга даярдап спорт менен машыктырып жүргөн. Машыгуудан чыгып Б. Шамшиев экөө көчөдө бара жатышса капысынан сүрөтчү Сүймөнкул жолугуп калат. Негизинен Болот Сүймөнкул менен бир – эки жыл мурдараак эле таанышып, кезек – кезек искусство, кино туурасында кыскача маектешип калышаар эле. Жанындагы жаш режиссерго Сүймөнкулду сүрөтчү экендигин айтып тааныштырып калат. Узун боюнан келген чымыр денелүү сүрөтчүнүн келбетин карап туруп, учурда чыгармачылык түйшүк менен  изденип  жаткан режиссер сүйлөп жаткан адамдан алдыда баштай турган алгачкы фильминдеги кадимки Бактыгулдун караанын тапкандай болот. Жанындагы Б. Бейшеналиевге бул адам Бактыгулдун ролуна ылайык келээрлигин, ал тургай дал өзү экендигин айтып Сүймөнкулду киного чакырат. Ошентип бүтүндөй кыргыз журтчулугу сыймыктанып туу тутушкан Чокморовдун да кинематографияга келип калышы ойдо жок жерден, кокусунан болгон. Киного тартылаар алдында Болот экөө сүйлөшүп олтуруп, андан актердук кесиптин айрым сырларын сурап “Бактыгулду аткара алаар бекем?” деп санааркаганда Болот: “Эч нерседен коркпой – этпей эле аткара бер, сен өзүңдү ойногунуң,  сенин турган турпатың эле Бактыгул! – деп кеңеш берип калаар эле. Экөө көп сүйлөшчү. Болоттун маңдайына сыртта, алыскы өлкөрдө жүрүү бактысы ыйгарылыптыр. Кээде мекенине келип калганда , Сүймөнкулдун мастерскоюна бара калчу. Болотту көрүп, маңдайы жарыла сүйүнгөн Сүймөнкул: “Сагындым  Боке!” деп, чер жазыша, көпкө сүйлөшүп олтурушканы күнү бүгүнкүдөй көз алдына тартылат. Атаңгөрү, асыл  адамдын аткарган кинолорун кээде экрандан көрүп  олтуруп “өлдү” дегенге жүрөк ишенбей кетет. Өмүрү кыска болгону менен, калган жашоосу кинолору аркылуу уланып жатпайбы!..
                               *    *    *

1974 – жылдын күз мезгили. Тажикистанда кезектеги кинолорунун биринде тартылып жаткан. Кеч курун тажик кинематографтары менен эс алышып, телевизордон Москвадан ар күн берилчү күндөлүк “Мезгил” программасын көрүп олтурушса, Л. И. Брежневдин Кыргызстанга келип, Ош областынын элүү жылдык салтанатынын урматына Ленин орденин тапшыргандыгын көрсөтүп калат. Айланасындагы тажик достору Болотко: “Леонид Ильич сенин мекениңе келиптир”, - дешип, тамашалап күлүп калышат. Ошонун эртеси эле, адаттагыдай, кечкисин эс алышып олтурушса Болотко телеграмма келет. Ачып окуй салса, “Урматтуу Болот Бейшеналиевич, сизди “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти” деген наамды алышыңыз менен кызуу куттуктайбыз!” – деп жазылып жүрөт. Ойдо жок жерден наамдын ыйгарылып калышына таң калган Болот кийин Кыргызстанга келгенде, кандайча эмгек сиңирген артисттикти алгандыгын айрым адамдардан уккан. Бишкекте ВДНХнын ичинде бир топ адамдар менен кыдырып бараткан Леонид Ильич “Өзбекфильм” студиясында тартылган “Кызыл кумдар” деген кинонун бир көрүнүшүнөн алынган артисттин сүрөтүн көрө коюп, жанындагы Турдакун Усубалиев менен Чыңгыз Айтматовго кайрылып:

     -Бул силердин актербу? – деп сурап калат.
     -Ооба. Биздин актер!
     -Жакшы актер! – деп башын чайкай басып кетет. Артында бараткан залкар жазуучубуз Т. Усубалиевге кайрылып:
     -Турдакун Усубалиевич, бул артистибиз алигиче наам ала элек – десе, бир кездеги далай жыл эл бийлеген Турдакун аксакал:
      -Унчукпа, бүгүн – эртеңден калбай беребиз наамды! – дейт.
        Көрсө, Кыргызстанга келээрден үч күн мурда Л. И. Брежнев үйүндө олтуруп комиссар Миркамил Миршараповдун ролунда ойногон Болоттун  “Кызыл кумдар” көркөм тасмасын зор кызыгуу менен көргөн экен.
 *   *   *

Деги, пенде баласы тирүүлүктө кандай гана тагдырга туш болбойт. Ар пенденин башында ар кыл тагдыр. Пешенеңе эмне жазылса, андан ким качып кутулмак? Болоттун маңдайына жараткан жазмыш ушуну жазыптыр: көп жылдык өмүрү өз үй, өлөң төшөгү болгон алтын бешик мекенинен алыс жүрүп, көптөгөн эмгектерди жасаганга үлгүрүү менен, анын натыйжасында элинин ыймыктуу уулдарына айланып олтурат. Мурдагы, бүтүндөй Союздук өлкөлөрдүн көптөгөн фильмдеринен өз элинен чыккан уулунун жүзүн көрүшкөн калк ичтеринен сыймыктанышып келишет. Бул да болсо кыргыз элинин бактысына жаралган сыймык. Чыгармачылык ийгилик деген оңою менен келе бербестигин, анын миң сырдуу татаал жолдорунда тайгаланбай, бет алган максатыңды көздөй ишенимдүү кадам таштап , каржала иштеп, кайраттан жазбай, баш отуң менен киргениңде, ошол көп жыл изденип, азаптуу түйшүккө баткан күндөрүңдүн үзүрлүү эмгек натыйжасында келип гана бакыттын кучагына бөлөнөсүң.Болот муну турмуштук тажрыйбаларынан улам жакшы түшүнөт. Жашооңдо “турмуш” деген устат көп нерсеге каныктырып көзүңдү ачат го. Дал ошонун өзүндөй эле Болоттун турмуштан алган сабактары ийгиликтеринин жаралышына себепкер болуп берди. Бекеринен “талант тталыкпаган эмгектен жаралат” деп таамай айтылбаган. Болбосо, биз угуп билип жүргөн айрым искусство өкүлдөрүнүн чыгармачылык бийиктикке көтөрүлө албастан канаты кайрылып кала берген, өмүр соңу кейиштүү бүткөн тагдырлары бештен белгилүү эмеспи. Ошонун сыңары искусстводогу жол өтө тайгак, табышмактуу сырдуу жол. Айрым бирлери көзү тирүүсүндө эле эигеги менен элге жагып даңкталса, а айрымдары канчалык түйшөлүп, түйшүккө баткан менен өзү барында чекеси жылыбай, арманы ичте кетишкен. Ага мисал; испан жазуучусу Мигель де Сервантестин баскан жолу окуяларга бай келип, турмуштун эчендеген оор сыноолоруна кабылып, адам чыдагыс запкы кордуктарды көрөт. Ач калса да жакырчылыкка моюн сунбай, ондон ашык эмгектерди жаратат. Дагы эле шор тагдырлуу жазуучунун жазгандары окулбай калат. Жакыр турмуш жанына батып, бүткүл өмүрү согуш, түрмө, азаптарга малынып өткөн Сервантестин айласы куруп, алсырайт. Акыры, болгон дарамет – күчүн жумшап, өмүргө көлөкө түшүп, өлүм сааты сагалаган саналуу гана жылдар калганда, эл оозунан түшпөй ылакап болуп кеткен айтылуу “Дон Кихотун” жазып өлгөн тура. Тирүүсүндө баркталбаган Сервантестин7 романы классикалык шедевр чыгармалардын катарына кирип, төрт жүз жыл бою окурмандарынын сүйүктүү китебине айланып, али күнчө колдон түшпөй келлет.

   Чыгармачылыктын туу чокусуна жетиш үчүн атайын билим албай деле, адам дээриндеги нукура тубаса таланттын жашашынын, кээде, өзгөчө роль ойноп калган жагдайлары кездешет. Негизи, терең билимге каныкпай туруп даңк алышкан, өмүрү өрнөк болчу жаркын инсандар биздин элден арбын чыккандыгы таң калдырбай койбойт.  Ал эми, кээ бир чыгаан өнөрпоздор турмуштагы терс көрүнүштөргө кириптер болуппу, же бут тосуулардын курмандыгына чалыныппы, айтор, чыгармачылык жаркын жүздөрү жабылуу бойдон кала беришкен. Болбосо, кыргыз элинин ичинен чыккан сахнанын залкар өкүлдөрү Шамшы Түмөнбаев, Асанкул  Куттубаев, Абдыкалый Темиров жана башкалар учурунда карапайым калк тарабынан кастарланып, зор кадырга ээ болушканы менен, алардын өтөгөн эмгектери өкмөт жетекчилеринин эсине анчалык этибар алнбай, көз жаздымда калышкандары кейиштүү. Мындай тагдырга улуттук жүзүбүздү күзгү сымал чагылдырышкан кинонун үч жылдызы – Сүймөнкул, Советбек, Болоттордун  кабылгандарына шүгүр!
                                         *    *   *


    1960  - 80 – жылдардагы кыргыз киносу союздук, эл аралык денгээлде жогору бааланып, “кыргыз керемети” деген сыйлуу атка эгедер болуп келгендиги жалпыга жакшы маалым. Дал ошол жылдары Москва, Ленинград өңдүү ири шаарлардан терең билим алып келишкен: М. Убукеев, Т. Океев, Б. Шамшиев, Г. Базаров сыяктуу режиссерлорубуздун “кыргыз кереметинин” пайдубалын түптөөдө, анын өнүгүп-өсүшүндө кошкон салымдары зор. Ушул режиссерлорубуз менен эле бирге, актердук  ардактуу кесипке келишкен Болот менен Сүймөнкулдун да так ошол маалда кошулуп калышы, улуттук кино өнөрүбүздүн зоболосун жогорку тепкичке көтөрүп, улут катары көптөгөн мамлекеттерге таанылышына себепкер боло алды. Болот өзү кинематографиядагы ийгиликтердин жаралган ал дооруна туш келип калганына ар убак сыймыктанат.
   Мурдараак, “Саманчынан жолу”, “Көчө” аттуу көркөм фильмдери менен көрүүчүлөргө белгилүү болуп калган режиссер Г. Базаров күндөрдүн биринде жаңы фильмдин үстүндө иштей тургандыгын айтып, башкы ролду сунуш кылат. Жазуучу Ашым Жакыпбеков жазган киносценарий менен таанышып чыккан соң фильмдин үстүндө иштей башташты. Болот ал кезде Москвага жөнөөр алдында турган. Кинотасманын жарымы Кыргызстанда тартылып бүткөн соң, калган эпизоддор Москва шаарында аягына чыкты. Баарынан кызыгы сценарий кудум Болотко арналып жазылгансып, кинонун башкы каарманы – Эркин Шатмановдун турмуш жолу артисттин да тагдырына шайкеш келип калгандыгында. Эгерде, “Көз кареги” аталган ушул тасманы көрүп калган болсоңуз, анда актер өз турмушун ойноп жаткандай кабыл алсаңыз болот. Экрандагы Эркиндин турмуш шарданы кайнаган чоң шаар Москвада көп жылдык өмүр кечирип, ал жакта эмгектениши, алыста калган айылы Миң – Булакка куса болушун, актердун керемет жери Кеминине болгон эсепсиз зор сагынычы катары кабыл алыңыз.
   Он алты жылдык өмүрдүн четте, мекенден  алыс калышы оңой эмес. Он алты жыл “Мосфильмде” иштеп, мейли башкы роль болсун, мейли эпизоддук ролдордо болсун айтор, кинодо тынымсыз эмгектенип, экранда эсте калчу сандаган элестерди  жаратканга үлгүрдү. Тууган жер сагынычы көкүрөгүн бийлеп, санаага баткан ал күндөрү туурасында мындайча эскертет:
    -Кино деп атып, бир жылдары Кыргызстанга үч – төрт жылдап келе албай калдым. Бир ирет, Москвадагы үйүмдө жаңгыз олтургам, аңгычакты радиодон Кыргызстан жөнүндө маалымат ьерип келип эле, кыргызча ыр коюп калса болобу? Радиодон жаңырган керемет комуздун кылдары жүрөк козгоп, акын Эстебес мөндүрдөй  жаап, төгүп кирди. Айылым көздөн учуп, көп жылдан бери кыргыз үнүн угууга зар болгон сагыныч – кусалык көкүрөгүмдү жарып чыкты. Олтурган ордумда ойго баткан боюнча, көзүмдөн жаштын куюлганын айтпа! 


                                      *    *    *
     Актердук кесипке жалын курак жаштыгын, көп жылдык өмүрүн арнап, “Мосфильм”, “Ленфильм” киностудиялары менен кош айтышкан соң, “айланган тоонун бүркүтү” акыры 1991 – жылы өз эли – жерине кайтып келди. Ойлоп көрсө, “Кыргызфильмде” “Биринчи мугалим”, “Уркуя”, “Ак Мөөр”, “Ташка баткан элестер” сыяктуу ондон ашык кинокартиналарда гана аткарыптыр. Негизинен көпчүлүк чыгармачылыгы “Өзбекфильм” менен “Мосфильмдин” киностудияларында өттү.


                                             *    *    *
   Атагы алыска белгилүү орус кинорежиссеру Андрей тарковский “Андрей Рублев” деген ттасмада хандын ролуна алгач, кинорежиссер Генадий Базаровдун аткарышын туура көрөт. Бирок, көпчүлүккө таанылып келаткан Б. Бейшеналиев деген да кыргыз актеру бар экендигин угуп калганбы, Болотту киного чакырып, хандын ролун сунуш кылат. “Андрей Рублевдун” аягына чыгып, Москвада кинемотографисттер Союзунун узун коридорунда бара жатса, арт жактан кимдир бирөө чакырып калат. Жакын барса, орус тилинде акцент менен сүйлөгөн чет өлкөлүк режиссер экен. Азият улутундагы жаш актерду карап туруп:
    -Мен Венгриялык режиссермун. Сени киного тартаар элем. Аткарасыңбы?
    -Макул, кесибим актер болгон соң аткарайын!
    -Жакында силердин өлкөңөргө, Кыргызстага барабыз, съемка качан башталаарын ошондо сүйлөшөлү”, - деп Венгриянын таанымал кинорежиссеру Миглош Янчо кош айтышат.
    Көп өтпөй, достук байланышты, интернационалдык кызматташтыкты  өркүндөтүү максаты менен Венгриялык кинематографисттер  Кыргызстанга келишти. Алардын жетөө эркек болгондуктан, Шаршен Усубалиев аларга деп калпак алдыртат. Арасында жалгыз аял актриса Катарина деген венгрлердин кино жылдызы бар эле. Чырайлуу актрисага деп жоолукту белекке камдашкан. Киночулар Үйүндө конокторду жылуу тосушкан кыргыз киносунун өкүлдөрү белектерин  бере башташат. Жети  эркекке калпактарды кийгизип келип Катеринага жоолук салышса   кашайып, ал аял жоолукту жулуп ыргытып “мага мунуңардык кереги жок, муногу калпакты аламын” деп, режиссер Миглош Янчонун башындагы кыргыз калпакты тартып, башына кийип алат. Бардыгы күлүп калышканда, Шаршен Усубалиев аксакал:
  -Ай, атаңгөрү. Эми бул ушинтет. Болот, жүгүрүп барып дагы бир калпак алып келбесең болбой калды, - деп дүкөнгө жөнөтөт.
   Кийнки жылы  Болотту Венгрияга чакыртышат. “Мафильм” киностудиясында “Жылдыздар жана аскерлер” деген кинодо Чыңгыз деген азиялык улутун  ролунда аткарып жүргөн. Будапешттин Сабатшак деген калың көчөсүн жалгыз аралап баратса, алыста кимдир бирөөнүн башынан калпак көрүнөт. Бул жерде кайдагы кыргыз болуп кетти деп сүйгүнгөн  Болот аркасынан чуркап жөнөйт. Жетип барып эле колдон тартса эркек эмес эле аял болуп чыкпаспы! Болгондо да, өткөн жылы Кыргызстанга келип, жоолукту албай чанган Катарина! Кубанганынан “өткөн жылы алдагы калпакты мен барып апкелбедим деле” деп чала – була түшүндүрөт. Анан барып актриса жанындагы азиялык адамдын эмне деп атканын түшүнүп, өткөн жылкы өз жоругун эстеп кошо күлгөн. Ал калпакты чет элдик аялдын кастарлап кийип, башынан түшүрбөй жүргөндүгүнө таңданган Юолот. Алыста жүргөн кыргыз уулуна бөтөн жерде эле кыргыздын ак чокулуу Ала – Тоосун элестеткен ак калпагын көргөн болсоң, каның дүргүп, тула боюңду туйлаткан бир укмуш сезимге дуушар болоруң анык эмеспи. Көңүүл түпкүрүңдө, тээ тереңде катылуу жаткан эли – жериңе болгон зор сүйүүң козголуп, өз улутуңа деген чексиз сый – сыпат менен кошо, атуулдук намысың бир козголоор ошондо!


                                              *   *   *
     Будапешт. “Жылдыздар жана аскерллердин” үстүндө   кызуу иштеп болушуп, фильмдин аяктап калган кездери. Иш кыйла жеңилдеп, эс алып олтурган Болоттун жанындагы маектеши – Аммерикалык Голливуд киностудиясынын продюссери. Өз ара кызуу кепке кирип калган экөө ар кыл маанидеги сөздөрдөн сүйлөшүп олтурганда:
    -Силердин элиңерде  канча жаштан баштап ат чапканды үйрөнүшөт? – деп сурап калат Голливуддук продюссер.
     -Биздин элде мындай суроо беришпейт. Кыргыз баласы ат үстүндө төрөлүп, ат үстүндө торолот.
      -Маселен, бизде ат чабыш боюнча өз ара класска бөлүштүрүп жүрүшөт. А, сен канча жашыңдаатка мингенди үйрөгөнсүң? – кайрадан америкалык киноишмер Болотко кызыга суроо узатат:
    - Менин эсимде жок. Сыягы мен энемден төрөлгөнү ат үстүндө чоңойгом.
     -Дагы бир суроо. Сени сценарийим боюнча жазылган бир фильмдеги индеецтин ролуна чакырайын. Сценарийде, индеец атты каттуу чаап барткан маалда, бир англичан винчестер кармап маңдайынан чыга калат. Ал винчестер мылтыгын октоп болгончо, сен ат үстүндө ылдам баратып арбалетиңе жаа огун даярдап, аны атып сулатышың керек. Ушул эпизодду көз ирмем убакыттын ичинде жасап жетише аласыңбы?
   -Албетте, кыргыз баласы болгондон кийин, атты катуу чабыш да, мылтыкты таамай атыш да колумдан келээр.
  -Андай болсо, эмки жылы май айынын орто чендеринде мени күткүн. Москвага келип, сени Америкада ушул кинонун үстүндө иштеш үчүн алып кетейин!
   Ооба. Кийин, Америкалык продюссер айткандай эле 1968 – жылдын май айы өткүчөктү чыдамсыздык менен күтүп жүрдүк. Бирок, кечигип жаткандыктан көңүлү сууп, индээцтин ролунан үмүтүн биротоло үүздү да, иштери көп болгондуктан башка киностудиялардын бирине жөнөп кетти. Арадан эки ай өтүп Москвадагы Киночулар Үйүнө кирсе, алдынан орус жоро – жолдоштору чыгып катуу өкүнүшө:
    -Сен кайда жүрдүң Болот? Мындан эки – үч жума мурда Америкалык  киноишмерлердин бири келип сени абдан күттү. Биздин чоңдорго кайрылып, сени киного индээцтин ролуна тартканы алып кетет элем деп суранды эле, алар уруксат бербей коюшту. Ишенесиңби? Акыры айласы түгөнүп: “Бейшеналиев үчүн силерге 1.000.000  доллар төлөйм десе да макул болбой коюшту, дегенде заманасы куурулуп, көкүрөгүн ачуу нерсе аралап өткөндөй боло түштү. Ошол жерден ачууга алдыра, коридордо үнүн болушунча кыйкырып, түз эле чоңдордун кабинетин көздөй жөнөөрдө, каалга ачылып:
    -Бейшеналиев, эмне ызы – чуу салып жатасы? Кабинетиме кирчи! – деген өктөм үн чыгат. Кабинетке кирип ачуусун баса албай жатып көптөн күткөн нерсесин качырып жибергендигин айтып туталанганда, директор: 
      -Болот, биз уруксат бере албайт элек. Бул биринчи болуп аткан көрүнүштөрдөн  эмес. Биз уруксат берген менен  КГБ биздин сазайыбызды колубузга бербейбби. Уруксат жок. Жеке эле сага эмес, орустун чоң артисттерине да Америкадан, Англиядан чакыруулар келген. Бирок, жибере алган жокпуз. Өзүң билесиң. Америка биз менен достук ббайланыштагы өлкөлөрдөн эмес. Канча ставка менен иштеп атасың? Ага эмне анчалык кейийсиң? Айлыгыңды көтөрүп беребиз – дешип айлыкты жогорулатышкан соң, жолго салышкан.
    Бул жерде Болотту кызыктырганы айлык да эмес, америкалыктардын сунуш кылган акчасы да эмес эле. Бир жыл мурдараак, Венгрияда жүргөндө Голливуддук продюссер айткан сценарийдеги индээцтин ролу  анын көңүлүнө бекем орноп, кыялында эртели – кеч эсинен кетпей күтүп жүргөн, келечектеги чыгармачылык чоң максаттарынын бирине айланып калган. Тилекке каршы, “индеецтин ролун аткарсам” деген үмүт – мүдөөсү четке  кагылып, Америкага барам деген ою ишке ашпаган бойдон кала бберди. Кинодогу тилеги иш жүзүнө ашпай калган жалгыз өкүнүчү ушул. Ал мезгилдин бир чоң кемчилдиги, катуу тартипте кармаган катаал система канчалаган таланттардын кендирин кесип, эркин чыгармачылыкка жолтоо болуп келгендигинде. Анткени менен Болот бактылуу. Эгер ал заман болбогондо искусстводогу көп сандаган ийгиликтеринин да жаралыш мүмкүнчүлүгү болмок беле, аны ким билет? Бирок, маданият жаатына өзгөчө көңүл бурулуп, эмнеси болсо да адабият менен музыканын, кино менен театрдын гүлдөгөн         учуру тарых барактарына “алтын” тамгалары менен жазылып калган доор да ошол мезгилдерден экендиги моюнга алуу керек.


                                   ТАГДЫР ЖАНА ТАСМА
                                                                              Өмүрдөн кандай өткөнү
                                                                              Бааланат кылган ишиңден.
                                                                                                              (Жеңижок)
     Б. Бейшеналиев жаңы заман жана келечек мууна үчүн күрөш жүргүзүшкөн оптимисттик духтагы Дүйшөн, Миркамил сыяктуу революционерлер менен, аттары тарыхта белгилүү Дөөлөт Гирей өңдөнгөн каардуу хандардын образдарын гана жаратпастан, согуш темасындагы бир канчалаган фильмдерде: морякты, танкистти, аскер адамдарынын мүнөздөрүн да кыйла терең ачып берген.
      Согуш... Согуш дегенде эле бала күндөрүндөгү энелердин кара кийип, көз жаштары көлдөй төгүлгөн, жан дүйнөнү титиретип, ай – ааламга угулган адам ыйлары элестейт. Кан күйгөн согуш өртүн көрүшпөсө да ошол, учурдун  өзү курдуу бардык замандаштары балалык баёо жүрөктөрү менен сезип, туя билишээри белгилүү эмеспи. Ушул темада өзү катышкан, “Ташка баткан элестер” (реж: Ү. Ибрагимов . 1975 – ж.) тасмасындагы майдандан жарадар келген Эсенгелдинин образын бекеринен көрүүчүлөргө ишенимдүү кылып көрсөтүп бербесе керек. Айрыкча, “Гоби жана Хинган аркылуу” (реж: В. Ордынский.)  фильминдеги япон генералынын жоруктарын эстегенде дене – боюң дүркүрөйт. Ушул фильмде генерал Сиро Иссинин ролун экранга алып чыгаардан мурда тарыхый документтерден окуп олтуруп, акыл – эсти айраң – таң калтырган, ашкере жырткыч адамдар адамззат пендесинен неге жаралат деген суроого такаласың? (Окумуштуу Сиро Исси экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде ар кандай эксперименттерди жасап, адамдарга малды (жылкынын) канын куюп, жүрөк үшүн алган кыйноолорду жүргүзүп турган)
     Атасы Бейшеналы менен Сыдыгалы агасы кан майданга жөнөшүп, ажалдары жок экен, кийин экөө бирдей оор жарадар абалында кайтып келишти. Сыдыгалы агасы өзүнүн зор чыдамкайлыгы, кайраттуулугу менен эсинде калды. Согушта анын он үч жерине осколка тийип, дене – бою туташ эле тырыктар эле. Кийинчерээк, айылда жүрүп мергенчиликке чыккан Сыдыгалыга кырсык кабылып, денесине дагы ок жаңылып, көкүрөгүн көзөп өтөт. Мында тирүү калат. Ушул кайраты мол Сыдыгалы, кийинчерээк 1975 – жылы көзү өттү.
    Ошол 1975 – жылы, согуш темасын чагылдырган бир топ тасмаларда катышып калгандыктан, Волгоград шаарында өткөн кинофестивалга чакырылып калат. Фестиваль Улуу Жеңиштин 30 жылдыгына арналган. Көрүүчүлөрдүн катарында олтурган Болот жерге эңкейе берип, Волгограддын тапурагын алаканга бир ууч кылып  толтуруп, жүз аарчыга түйүп алат. Сөз кезеги келгенде сахнага чыккан Болот көрүүчүлөргө:
     -Менин атам Бейшеналы согушка катышып, ушул сиздер олтурган Волгоград шаарында  оор жарадар болгон экен. Менин колумдагы бул бир ууч топурак – Волгограддын топурагы. Балким, атам майданда адам канын кечип жүрүп, ушул жерде жарадар болуп, ушул жерлерге каны тамгандыр. Бул жерлерде канчалаган адамдардын каны топуракка жуурулгандыр. Мына ушул топуракты эстеликке алып жатып,  жергебизде эми эч качан адам каны төгүлбөсө экен демекчимин!..
       Фестиваль аяктап, туулуп өскөн айылына келгенде атасына чөнтөгүндөгү топуракты көрсөтө:
      -Ата бул топурак сиз согушта жарадар болгон Волгоград  шаарынын топурагы. Балким, буга сиздин каныңыз төгүлгөн  чыгаар, - деп колундагы топуракты сунган.


                                                      *     *     *
   1977 – жылы Таджикистанда кинодо тартылып жаткан. Ат үстүндө катуу чаап бараткан Кызыл аскердин ролундагы Болот алдындагы жоон топ ак гвардиячыларды кууп баратып, сценарийден тышкары актердук фантазиясы менен кадимки салмагы оор узун мылтыкты жалгыз колдоп  душмандардын бирин атып калганда, режиссер Анатолий Ниточкин кыргыз актерунун чеберчилигине таң кала, муну оңой менен ар бир адам жасай албасын, жакынкы жылдарда тартып баштай турган “Киттер кайтканда” фильминдеги башкы ролго, чукчанын ролун аткараарын айткан.


                                        *     *    *
       Адам ббаласы оңой менен чыдай алгыс, сууктугу кырк даражага жеткен Чукотканын ак кары кетпеген көзгө суз айланасы. Бул жерлер алгачкы келген күндөрдөн тартып эле эч кимисинин көңүлүнө жакпады. Ушундай суукта өмүрү жашылча – жемиш дегендин бирин көрбөй кантип жашашат болду экен деп баш катырышат? Же күндүн бети бир дурусураак тийбейт.  Ал жердин каада – салттарынан тартып, жеген тамак -  аштарынан өйдө таптакыр башка. Кайсы бир жылдары, орустар бул шордууларга жардам көрсөтүшүп, аларды агартып – көгөртөлү деген ниетте тундралыктардын баардык майда балдарын топтоп Ленинград шаарына алып барышат. Алар үчүн күн мурунтадан даярдалып коюлган мектеп интернатка тапшырышат. Жылуу жай, кийим кечесинен тамак ашына чейин белен балдарды оокутуп башташса, арадан ай өтпөй бири да калбай күн нуру көрүнбөгөн тундрасына качып кетишиптир дейт. 
    Кино тартылып бүтүп калган кезде, съемкалык топ бир айлык эс алуу жолдомолорун кара деңизге алышат. Кинодо Болот менен кошо ойногон чукча улутундагы Ваня Пя деген адамга да жолдомо бберип, эс алууга жөнөтүшкөн. 
      Бир жылга жакын мезгил күндүн бетин көрүшпөй бороондуу суукта чыдашкан сьемкалык топтун адамдары көңүлдөрү көтөрүлүп, кара деңиз жээгинде эс алып жатышса, баягы Ваня мекенин сагынгандыгын айтып “кетем” деп ыйлактай баштайт:
     -Ой, Ваня, ал жериңерде деги эмне бар ыя? Түшүнбөй койдум. Же бир күн жакшылап тийсечи. Же айланасы көк шиберге кулпурган кереметтүү ббиздин жерлердей болсочу. Эми жыйырма күнчө чыдап турсаң, анан кетесиң. Жериңер эч кайда качпайт. Туратта бозоруп. Андан көрө өмүрү күн көрбөгөн денеңди күнгө кактап кумга жат. Деңизге түш! 
     -Болот, жеримди сагындым. Кете берейинчи?!
     -Ошентип эртели кеч кейип кепчип атып байкуш Ваня жакшылап деле эс ала алган жок. “Ар кимдин туулган жери өзүнө мисир” деген сөздүн чындыгы бар тура, - дейт.
       Ошондон эки жыл өтпөй “Ак шаман” тасмасында Вапыскаттын (чукчанын) ролун аткарып, кайрадан Чукоткада жарым жылга жакын мезгил жүрүп калды. 


                                       *    *    *

Азият (япон, кытай улутундагы ) адамдарынын образддарын экранда таасын көрсөткөн кинонун артисттерин санай келгенибизде, Б. Бейшеналиевден тышкары казактын үлкөн артисти Нурмухаммед Жантурин менен өкүнүчтүү тагдырга кабылып, арабыздан эрте кеткен, өмүрү кыска актер Талгат Нигматуллин гана экен.

   Талгат! Көрүүчүлөр Талгаттын аткарган кинолорунан жылдыздуу жүзүн көрүшкөн сайын, элесин өчүрбөй келишет. 
   -Талгат менен “Өзббекфильмде” “Акыркы ок”, андан кийин “Ялта” киностудиясында “Атуулга кезек” деген кинодо чогуу аткарып калдым.  Жалпыга жакшы тааныш “2- - кылымдын деңиз каракчылары” деген кинодо алгач режиссер мени  ылайык көрүп, япон каракчысынын ролун мага тапшырган. Кийин Талгат кинопробага катышып калып, сахнага чыгып,  чыгыш күрөшүн билгендиктен эки – үч кыймыл аракет жасаган экен, ошол жерден эле режиссер сүйүнүп, Талгаттын аткарышын туура көрүптүр. Ошол киносу менен Талгат көпчүлүкө таанылып чыга келди. Акыркы ирет Талгатты Ташкенттин аэропортунда турганда көрдүм. Экөөбүз эки саатка жакын сүйлөшүп туруп, андан кийин мен Самаркандка жөнөп кеткем. Ошондон үч – төрт айга жетпей Талгаттын өлүмүн угуп олтурбаймынбы. 
     Мезгилинен эрте кеткен кесиптеши жөнүндө, анын ак көңүл мүнөзүнөн, адамгерчилигине жаны ачый кыскача эскерип өттү Болот агай. 
       Генерал Сиро Исси (“Гоби жана Хинган” аркылуу), генерал Нитаки (“Манжур” варианты), адмирал Исаков (“Владивасток – 1918) сыяктуу ролдорунда япондордун, Лу Чен (“Айым Вонгдун купуя сырлары”) жана Лю Фан Ги (“Казак заставасы”) аттуу образдарында кытай улутундагы кейипкерлерди жаратты. Ушул сыяктуу образдарынын көпчүлүгү ийгиликтүү чыккандыгын ушундан билиңиз, көрүүчүлөр чындап эле экрандагы актердун япон же болбосо кытай улутунун өкүлү экен деген ойго келиши толук ыктымал
   -1980 – жылдарда Владивостокто “Владивосток – 1918” деген кинону театрда көрсөтүп калдык. Кинону көрүп бүтүшкөндөн кийин бир көрүүчү жаныма жакын басып келип учурашып калды. Карасам япониялык атуул экен. “Фильмдеги адмирал Исатону чындап эле сиз аткардыңызбы?” деп сурап келип, - “Япон адмиралын жакшы аткарыпсыз. Ал эмес япон актеру да бул фильмде адмиралдын образын мынчалык ишенимдүү кылып көрсөтө алмак эмес” – деп кызуу куттуктады эле дейт. 


                                               *     *     *
      Балачак көз алдыга тартылат... Советбек, Зарлык, Моңол курбулары болуп айылга кино келиптир десе тыйын таппай, үйлөрүнөн алып чыгышкан үч – төрт жумуртканы акысына деп киномеханикке кармата коюшуп киришкени эсинде. Ошондо орусча сөздөрүн түшүнүшпөсө да экрандагы “Чапаевдин” эрдигине маашырланып суктанышчу. Кино. Деги кино деген эмне өзү? Балалык аң сезими ушундай суроолорго барып такалаар эле. Ушул экранда жүрүп жаткан окуяларды киномеханик чындап эле окуя болуп жаткан жерден тартып алып анан бизге көрсөтөт турбайбы деп дилинде бекем ишенчү. Кинонун да театр сыяктуу артисттери боло тургандыгын кийн эс тартканда гана билип жүрөт.


                                                 *     *    *
      Венгрия. Чыгармачылык жолунда Венгрлердин киносунда эки жолу катышты. 1999 – жылы Венгриядан келген Марта Месарош деген кинорежиссер  аялдын өзүнүн аялуу тагдырынан алынган “Кичинекей Вильма” аттуу көркөм тасмасында Сардардын ролунда аткарды. Окуя Бишкек шаарында болуп өтөт. Режиссер айым өзү 1930 – жылдардын аяк чендеринде Кыргызстанга келген Ласло Мисарош деген скульптордун кызы экен. Кийинчерээк чоңойгондо Москвадан кинорежиссерлукту окуп, андан соң баягы, мындан отуз төрт жыл мурда таанышып, Болот өзү катышкан “Жылдыздар жана аскерлер” фильминин режиссеру Миглош Янчого турмушка чыгыптыр. Марта Бишкекте жүрүп, кичинесинде чоңоюп өскөн үйүн көрүп, атасынын аянычтуу тагдырга туш болгон ошол апааттуу отуз жетинчи жылдагы репрессияга кабылып, жалган жалаа менен атылып кеткендигин киносунун өзөгү кылып түзгөн. Мартанын кичине кезинде түн жамынып үйлөрүнө кирип келишкен, тапанча тагынган аскер кийимчен адамдардын атасын алып кеткендиги көкүрөгүндө өчпөс тагын калтырган. Декадага жардам бберем деп келип, Венгриялык скульптордун ак жеринен матылып кеткендиги өкүнүчтүү. 
   Алгачкы барган мезгилинен туптуура он жылдай өткөн соң  коноко чакырышкан. Мажарлардын чындыгында эле биздин эл менен чырмалышкан кандайдыр бир сырдуу тарыхый ббайланышы бардай сезилет. “Аксака”, “кичине” деген сөздөрдүн мааниси да, айтылышы да дал ббиздин эле кыргыз тилиндегидей айтылат экен дейт. 
    1978 – жылы Будапешттеги  Балотон деген көлдүн жээгинде жатса, асманда каалгып ак булуттар бараткан экен,  ошондо Ата  Журту көздөн учуп, куса болгон кыргыз уулу төмөндөгү “Булуттар” деген ырын жазган:
                            Дүйнө бетин сапар чекчү булуттар,
                            Ала кеткин, сага өтүнүч, сунуш бар.
                           Айтып койгун Ала -Тоого жеткенде,
                            Бир баласы ошол тоону унутпаар.
                            Дүйнө бетин мен кыдырып келдим де,
                          Алыстан бир кыргыз уулун көрдүм де.
                          Ала – Тоосун сагыныптыр саргайып,
                          Ошонусун ала келлип бердим де.
                           Жетээр замат кучактаарсың ак тоону,
                           Унутпагын мен суранган суроону.
                           Дагы айтып кой, муңайсада чыйрак де,
                           Ойлойт дегин эл намысын сактоону.
                           Даттанайын сага аппак булутум,
                           Не кылмакмын, ошол болсо жумушум.
                           Теңиримдин жазганы экен маңдайга,
                            Өтүп барат, ар кай жерде турмушум.
                             Конок тура дүйнөгө адам күнчөлүк,
                             Адамга караганда сен түбөлүк.
                             Жолдош кылып ак булаңа ороп ал, 
                             Жүрөйүнчү жол азабын ббир бөлүп.
                             Дагы сурайм, ала кетчи бир жүрөйүн,
                             Бирге барып Ала – Тоомо бир түнөйүн.
                              Арманым көп, ал анткени сагындым,

Күтүп жүрөт жалгыз сүйгөн түгөйүм.

                              Менин сырым сен билесиң булутум,
                              Айтор, деги, менин жашоом курусун.
                              Ал муңканып медер кылып жашайт де,
                              Жалгыз гана Соң – Көлдүн бир сулуусун!..
      
                    Соңку сөз.   

Асман бетинде токумдай булуту жок берекелүү күз күндөрүнүн биринде, көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда актер менен маектешип отурдум. Дарактардын кылда чокусунда күн түспөлдөш алтын нурга боелгон жалбырак учтары сентябрь айынан салкын жерине ыргалат. Бариктери төгүлгөн бак-даракка тигиле;

   -“Булгарлардын жылуу шамалы”деген фильмде хандын ролунда ойномок элем. Чакыруу келмек эле, кечигүүдө. Хандын уулунун ролунда менин балам Азиз аткарат. Фильмде хандыкты мен ага  тапшырып берем. Мындан мурда да “Өзбекфильмде” – “Аксак Темир” киносунда экөөбүз чогууу аткарганбыз. Анда да мен хандын, Азиз болсо хандын уулунун ролунда ойногон. Окуусун улантпай, актер болом деп жүрөт. 
   -Балким, ал да кинонун сиздей чоң артисти болуп чыга келээр?
    -Ким билет? Бейшеналиев боло албайсың, Бейшеналиев болуш үчүн, Бейшеналиев Болоттун доору керек десем да укпай, актерлукту тандап алды. Ушул күндөрдө орто Азияда менчелик 100 киного катышкан бир да актер жок экен. Муну мен мактаныч эмес, ал мезгилдин мага туш келген бактысы катары карайм. Киного болгон моокумум дале канган жок. Актерлук бай  тажрыйбага эми ээ болдум го дейм. Укмуштай образдарды жаратсам деген ойлорум бар. 
    Маегимдин соңунда актер менен  коштошуп болуп, жолду ката ойлуу келем. Экрандан: Дүйшөн, Эсенгелди, Болот, Сиро Исси сыяктуу көп сандаган, жүзгө жакын каармандарга жан киргизген актердун өзү менен азыраак убакыт мурда маектешип олтурганыма анчлык ишеңкиребей, үйдү көздөй кадам таштайм.
    Болот Бейшеналиев... 
    Ысымы кыргыз – казакка эле эмес, алыскы бир катар Союздук Республикаларга   чейин  таанылган, киномотографияда өзүнүн ардактуу орду бар инсан! 
    Болот Бейшеналиев...  Армен Джигарханян... 
    Негедир мага ушул эки инсандын искусстводогу ээлеген орундары бири бириникине үндөшкүнсүп турат. Кавказ элинин ичинен А. Джигарханян 160 кинодо
катышса орто Азияда кыргыздардан Б. Бейшеналиев 100 кинодо аткарыптыр. Албетте, кеп санда эмес, сапатта деңизчи. Бирок, ушул эки артисттин тең кинолордун көптүгүнөн эмес, менимче аткарган ролдорунун адам көңүлүнө уялап алгандыгынан, нукура тубаса таланттардан экендигинен го дейм. 
     Болот Бейшеналиев, кинематографияга арнаган отуз жети жылдык өмүрүндө Орто Азиядан казактардын Н. Жантурини менен ата – баладай мамиледе болуп келген болсо, “Мосфильмде”, иштеген жылдарында орустун Ю. Никулин, В. Тихонов, Э. Леонов, Н. Михалков өңдүү залкарлары менен жолдору биригип , алар менен сый мамиледе болуп келген. Дегиңкиси, мындай бакыт, ар түрдүү муундагы ар кыл элдин залкарлары менен бирге болуу бактысы бардыгынын эле маңдайына жазыла  бербестиги бештен белгилүү. 
    “Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши”, демекчи, чыгармачылык жолу ары терең, ары кызыктуу Эл артистибиз карапайым калктын катарында утурумдук байлык менен бийлигиңе  кызыгып да койбостон,  эл катары жупуну турмушта күн кечирип, “Кино” деген өзүнүн бийик дүйнөсүн көкүрөгүндө аздектеп келет...


                            ЗАМАНДАШТАРЫНЫН АЙТУУСУНДА
    Болот Бейшеналиев менен жолуксак саламдашкандан башка мамилебиз жок, артист катары кинодон, теле экрандардан көрүп жүрөбүз.
    Ырас, көбүнесе окуу жайларынан окуп, таалим алып, артист болуп жүрүшөт. Бул зарыл жок, шарт окшойт. Болот да ошондой эле профессия мектебинен өткөндүр. Бирок, менин жеке байкоомдо Б. Бейшеналиев бул профессияга тубаса атайы жаратылган сыяктанат. Тышкы келбети, жүрүмү кандайдыр бир роль аткарып жаткандай көрүнөт. Күүлдөгөн, шар, албуут мүнөзү дайыма өзүндө кошо жүрөт. 
   Жан дүйнө жагынан казактын Н. Жантуринине теңме – тең, ашса – ашып кем калбаган, сый оруну бар, искусствого зор кызматын өтөгөн улуу артист. 
                                                                                             
                                                                                                   Төлөгөн Касымбеков,
                                                                                           Кыргыз Эл жазуучусу


   Б. Бейшеналиевдин киноролдорундагы сүрөттөрүн карап олтуруп, анын жүзүнүн, кебете – кешпиринин өзгөрүлүп турганына таң каласың. 
    Кыргыз киносунун мыкты жана ар тараптуу актерлорунан Б. Бейшеналиев эмнеси менен айырмаланат?
    Менин жеке баамымда, бул анын болгон бүткөн чыгармачылык, өндүрүшчүл кыйынчылыктарына кайыл болуп, кинематографияга болгон арзуусун түбөлүк арнагандыгында. 


                                                                                                          Олег Артюхов
                                                                                                         Киносынчы.


    Болот менен Ташкентте театралдык институтта беш жылы чогуу окуп калдым. Курсташтарыбыздын арасынын ой жүгүртүүсү терең жана сабактардын көпчүлүгүнөн тыңыраак окуган студент катары айырмаланып тураар эле. Философияга көбүрөөк маани берип, ага абдан кызыкчу. Бизден эки – үч жашка улуураак болгондуктан ббайке катары көрүп, кеңеш сурап көп сырдашаар элек. 
    Институтту бүтүргөндөн кийин мен “Жоро”  фильминде башкы ролду ойногону кеттим. Болот болсо бир жылга чукул убакыт бош жүрүп,анан режиссердун ассистенти болуп иштеп, “Тайгак кечүү” менен “Биринчи мугалимде” аткарып чыгармачылык жолу башталды. Кийинчерээк театрда иштеп жүргөнүндө “Алтын аякта” –Турар, “Байыркы жомокто”- Алабаш текенин ролдорун жараткан. Бирок, Болоттун жолу кинодо тура. Москвада жүргөнүндө; “ой, эми болду, Москва деп эле жүрө бербей бизге да келип иште!”- деп айтып жүрдүм. Айтканымдай эле Союз таркаган соң мекенге кайрылып келип олтурат.
   Аткарып жаткан образынын дүйнөсүн көрүүчүгө таамай жеткирип, таасын ачып берген кинонун мыкты артисти. Болот –жолдоштукка бекем, көрөалбастык дегенден алыс, пенделик майда-чүйдө деген нерселерге көңүл бурбаган түз сүйлөгөн адам. Муна ушундай сапаттарды боюна сиңирген жакын досторумдан. 
                             
                                                                                                Мамбет Асанбаев,
                                                                                         Крыгыз эл артисти.

   Сүймөнкул, Советбек агайлар менен чогуу иштешип калдым. Ал эми Болот агай менен бирге иштешпесем да ал кишинин чыгармачылыгынан жакшы эле кабардармын. Кесиптеш катары жакшы мамиледебиз. Былтыр Россияда кинофестивалга чогуу барып калдык. Ошол жерден анын кадыр-баркын, артистик чеберчилигин өтө жогору баалашарын көрүп таң калдым. Ал жакта баардыгы жакшы таанышкандыгын, сый орду чоң экендигин күтпөгөн биз чоң кубаныч менен айтып келдик. Болот агай кыргыз элинин сыймыгы. Адамкерчилигине, өзүнүн кесибине болгон зор сүйүүсүнө баа берем. 
       
                                                                                   Айтурган Темирова
                                                                                    Кыргыз республикасынын
                                                                                     эмгек сиңирген артисти
 Болот менен режиссер Ү. Ибрагимовдун  “Ташка ббаткан элестер” фильминин алкагында бетме – бет жолукпасак да, кыйыр түрдө ар кимибиз өз ролдорубузду аткарып жүрүп тааныштык. Кийинчерээк мен аны өзүн өзү ойноп берүүсүн өтүнүп, “Мен кеңешүүм керек” деген дипломдук ишиме чакыргам. 
   Болот Бейшеналиев – алгачкы жана кайталангыс, дараметтүү профессионалдык кыргыз кино артисти. Бул аныктаманын артында киноискусствого берилген, ага ар кандай кырдаалдарга, ал мезгилдерде жан дили менен кызмат кылган чыгармачыл  инсандын элесин көрөбүз. 
                                                                                           Каридин Ахматалиев
                                                                                        Кинорежиссер, Кыргыз 
                                                                                       киномектебинин директору


                            БОЛОТ БЕЙШЕНАЛИЕВГЕ!
                     От бүрккөн, чок ыргыткан уруштардан,
                     Уланган тээ байыркы буруттардан.
                     Бойуна жыйып алган баатыр ДУХТУ,
                     Бейшеналиев- акыркы уруктардан.
                     Тиктеши- атылган түз сан жебелер,
                     Кыялы – толкун жарган зор кемелер.
                     Чаңырса, көөдөнүнөн Улуу Чындык,
                     Калдырап сынып түшкөн эрежелер.
                     Жүрөгү – бышып сүйүү отторунан,
                     Сезими – ок жеп тагдыр окторунан.
                     Чыңалып, анан кайра Тирүүлүктү,
                     Келет ал чимирилтип оң, солунан,
                     Арстандай кабак – кашын түйүп алган,
                     Жүзүнө, бирок жылдыз уюп калган.
                     Кылымга аты калчу элес болуп, 
                    Бейшеналиев – акыркы ыйыктадан!
                                                                                      Нурлан Калыбеков,
                                                                          Акын, Кыргызстан Жаштар
                                                                                сыйлыгынын лауреаты.


                                 ФИЛЬМОГРАФИЯ

“Тайгак кечүү” – боз үй ээси. “Кыргызфильм” – 1964. “Биринчи мугалим” – Дүйшөн. “Мосфильм”, “Кыргызфильм”. – 1965. “Келгин куштар” – Каюм. “Өзбекфильм”. – 1966. “Андрей Рублев” - хан. “Мосфильм”. – 1966. “Саманчынын жолу” – Касым. “Кыргызфильм”. – 1967 “Бул жерлерде бейкуттук” - Степан Овчинников. “Мосфильм”. – 1967. “Жылдыздар жана аскерлер” – Чыңгыз. “Мафильм” - Венгрия – 1967 “Христос Гродного түштү” – Мурзе Салим. “Беларусьфильм” – 1967 “Кызыл кумдар” – комиссар м. Миршарапов. “Өзбекфильм”. – 1968 “Ланфиердин колониясы” – Гупи. “Баррандов” – Чехословакия – 1968 “Жамийла” – сүрөтчү “Мосфильм” – 1968 “Ак мөөр” – Болот. “Кыргызтелефильм”. – 1968