Тесалоникалыктарга биринчи каты

Wikibooks дан

1-БӨЛҮМ

Элчинин саламдашуусу

1 Кудай Атабыздын жана Теңирибиз Ыйса Машайактын Тесалоника Жыйынына Пабылдан, Сыластан жана Тиметейден салам! Кудай cилерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

Элчинин тесалоникалыктар үчүн Кудайга ыраазычылык билдирүүсү

2 Сыйынган сайын силерди эсибизге алып, бардыгыңар үчүн ар дайым Кудайга ыраазычылык билдиребиз.

3 Кудай Атабыздын алдында ишеним менен кылып жаткан ишиңерди, сүйүү менен кылып жаткан эмгегиңерди жана Теңирибиз Ыйса Машайакка үмүттөнүү менен чыдамдуулук көрсөтүп жатканыңарды дайыма эскеребиз.

4 Кудай сүйгөн бир туугандарым, силерди Ал тандап алганын билебиз.

5 Себеби биз силерге Жакшы Кабарды сөз менен гана эмес, күч менен, Ыйык Рух менен жана бекем ишеним менен жеткирдик. Силердин араңарда силер үчүн кандай болгонубузду өзүңөр билесиңер.

6 Көп кыйынчылыктарга карабастан, сөздү Ыйык Рухтан келген кубаныч менен кабыл алып, силер бизден жана Теңирден үлгү алуучулар болуп калдыңар.

7 Ошентип, силер Македониядагы жана Ахаядагы бардык ишенгендер үчүн үлгү болуп калдыңар.

8 Анткени Теңир Сөзү силерден Македония менен Ахаяга гана тараган жок. Кудайга болгон ишенимиңер бардык жерге тарады, бизге бул тууралуу айтуунун кажети жок.

9 Анткени алар биз жөнүндө, бизди кандай кабыл алганыңар жөнүндө, тирүү, чыныгы Кудайга кызмат кылуу үчүн, буркандардан баш тартып, Ага кайрылганыңар жөнүндө,

10 өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Уулу Ыйсаны асмандан күтүп жатканыңар жөнүндө айтып жатышат. Ал бизди келечектеги каардан куткарат.

2-БӨЛҮМ

Пабылдын Тесалоникадагы кызматы

1 Бир туугандар, биздин силерге барганыбыз пайдасыз болбогонун билесиңер.

2 Бирок буга чейин биздин Филипиде азап чегип, кордук көргөнүбүздү өзүңөр билесиңер. Катуу каршылыктарга карабастан, Кудайдан кайраттуулук алып, силерге Кудайдын Жакшы Кабарын жарыяладык.

3 Анткени биз силерге насаатты адашкандыктан же арам ой менен айтпайбыз, эч кимди алдабайбыз.

4 Тескерисинче, Кудай ылайык деп таап, Жакшы Кабар таратуу ишин бизге ишенип тапшыргандыктан, биз адамдарга жагуу үчүн эмес, жүрөгүбүздү сынаган Теңирге жагуу үчүн сүйлөйбүз.

5 Өзүңөр билесиңер, биз силерге эч качан жагалданган жокпуз, куулук менен өз пайдабызды көздөгөн жокпуз. Буга Кудай күбө!

6 Силерден да, башкалардан да адамдык атак-даңк издеген жокпуз.

7 Машайактын элчилери катары силерге салабат менен келсек деле болмок, бирок биз баласын бөпөлөгөн энедей болуп, силерге жумшак мамиле кылдык.

8 Силерге болгон сүйүүбүздөн улам биз силерге Жакшы Кабарды таратып гана тим болбостон, өз жаныбызды берүүгө да даяр элек, анткени силер биз үчүн кымбат болуп калдыңар.

9 Бир туугандар, биздин эмгегибиз, кыйналганыбыз силердин эсиңерде: эч кимиңерге оорчулук түшпөшү үчүн, күнү-түнү иштеп жүрүп, силерге Кудайдын Жакшы Кабарын тараттык.

10 Силердин – Ыйсага ишенгендердин алдында өзүбүздү ыйык, адил жана кемчиликсиз алып жүргөндүгүбүзгө өзүңөр күбөсүңөр, Кудай да күбө.

11 Анткени өзүңөр билесиңер, силердин ар бириңерге атасы балдарына кылгандай мамиле кылдык:

12 силерге кайрат берип, силерди сооротуп, силерди Өз падышачылыгына жана даңкына чакырып алган Кудайга татыктуу жашашыңарды өтүндүк.

13 Биз жарыялаган Кудай Сөзүн кабыл алганыңар үчүн, Кудайга дайыма ыраазычылык билдиребиз. Силер муну адамдын сөзү катары эмес, Кудай Сөзү катары кабыл алдыңар, чынында эле бул – Кудай Сөзү. Ыйсага ишенген силерде аракеттенип жаткан да ошол сөз.

14 Анткени силер, бир туугандар, Кудайдын Жүйүт аймагындагы, Машайак Ыйса жолундагы Жыйындарына окшоп кыйынчылык көрүп жатасыңар. Жүйүттөр тарабынан кыйынчылык көрүп жаткан алар сыяктуу силер да өз уруулаштарыңар тарабынан кыйынчылык көрүп жатасыңар.

15 Алар Теңир Ыйсаны өлтүрүштү, Анын пайгамбарларын өлтүрүштү, бизди кууп жиберишти. Кудайга жакканды кылышпайт, адамдардын бардыгына каршылык көрсөтүшөт.

16 Куткарылып калышсын деп, бутпарастарга Жакшы Кабар таратып жатсак, бизге тоскоол болуп жатышат. Ушул аркылуу алардын күнөөлөрү чегине жетет. Алар Теңирдин каарына калышты.

Пабыл тесалоникалыктарды көрүүнү каалайт

17 Бир туугандар, кыска убакытка силер менен жүз көрүшпөсөк да, жүрөгүбүздө силер менен биргебиз, ошондой болсо да силердин жүзүңөрдү көрсөк деген каалообуз чоң.

18 Биз, мен, Пабыл, силерге баралы деп, бир-эки жолу чыгындык, бирок бизге шайтан кедерги болду.

19 Үмүтүбүз, кубанычыбыз же мактанар таажыбыз ким? Теңирибиз Ыйса Машайак келгенде, Анын алдында ошол нерселерибиз силер эмессиңерби?

20 Ооба, биздин мактанычыбыз да, кубанычыбыз да силерсиңер.

3-БӨЛҮМ

Тиметейдин Тесалоникага жиберилиши

1 Ошондуктан биз чыдай албай, Афинде өзүбүз эле калып, бир тууганыбыз Тиметейди жибердик.

2 Ал – Кудайдын кызматчысы, Машайактын Жакшы Кабарын таратуу ишинде биздин кызматташыбыз. Аны силерге ишенимиңерди бекемдеши үчүн, силерди сооротушу үчүн,

3 ушул кыйынчылыктардан улам эч кимиңер олку-солку болбошуңар үчүн жибердик. Анткени бизге азап чегүү белгиленгендиги силерге маалым.

4 Азап чегерибиз тууралуу силерге барганыбызда, алдын ала айткан элек, айтканыбыздай болгонун өзүңөр да билесиңер.

5 Ошондуктан мен чыдай албай, ишенимиңер жөнүндө билип келсин деп, Тиметейди жибердим. Силерди азгыруучу азгырып, эмгегибиз текке кеткен жокпу, билейин дедим.

Тиметейдин кубанычтуу кабар менен кайтып келиши

6 Тиметей бизге силердин ишенимиңер, сүйүүңөр жөнүндө жакшы кабар менен келди. Силер бизди кубаныч менен эскерериңерди, биз сыяктуу эле силер да бизди көргүңөр келерин айтты.

7 Азыр болсо биз, бир туугандар, азап чегип, муктаж болуп жатканыбызга карабастан, силер жөнүндө, силердин ишенимиңер жөнүндө угуп сооронуп калдык.

8 Анткени силер Теңир жолунда бекем турсаңар эле, биз тирүүбүз.

9 Кудайыбыздын алдында силер үчүн, силер үчүн кубанып жатканыбыз үчүн, Кудайга кандай ыраазычылык билдирсек болот?

10 Жүзүңөрдү көрсөк экен деп, ишенимиңердин жетишпегенин толуктасак экен деп, күнү-түнү чын жүрөктөн сыйынып жатабыз.

11 Кудай Атабыз Өзү жана Теңирибиз Ыйса Машайак биздин жолубузду силерге багыттаса экен.

12 Биздин силерге болгон сүйүүбүз кандай болсо, Теңир силердин бири-бириңерге жана бардык адамдарга болгон сүйүүңөрдү ошондой арттыра берсин.

13 Теңирибиз Ыйса Машайак Өзүнүн бардык ыйыктары менен келгенде, Кудай Атабыздын алдында, ыйыктык жолунда жүрөгүңөр бекем, кемчиликсиз болсун.

4-БӨЛҮМ

Кудайга жаккан жашоо

1 Бир туугандар, Кудайга жагуу үчүн кандай жашаш керек экендигин бизден үйрөндүңөр. Мындан ары да бул нерседе ийгиликке жетишиңерди Теңирибиз Ыйсанын атынан өтүнүп суранабыз.

2 Силерге Теңирибиз Ыйсанын атынан кандай осуяттарды бергенибизди билесиңер.

3 Кудайдын каалоосу – силердин ыйыкталышыңар: ойноштук кылуудан алыс болгула;

4 ар ким өз денесин ыйык жана таза сактай билсин,

5 Кудайды тааныбаган бутпарастарга окшоп дене кумарына батпасын;

6 чектен чыгып, өз бир тууганын пайдаланып, бул нерседе өз кызыкчылыгын көздөбөсүн, анткени Теңир мунун баары үчүн өч алат. Биз мурун силерге бул жөнүндө айтканбыз, эскерткенбиз.

7 Анткени Кудай бизди ыпыластыкка эмес, ыйыктыкка чакырган.

8 Баш ийбеген киши адамга эмес, бизге Өзүнүн Ыйык Рухун берген Кудайга баш ийбеген болот.

9 Силерге бир туугандык сүйүү жөнүндө жазуунун кереги жок, анткени силер Кудайдан бири-бириңерди сүйүүнү үйрөндүңөр.

10 Анткени силер бүтүндөй Македония жериндеги бардык бир туугандарга ушундай мамиле кылып жатасыңар. Бирок, бир туугандар, силерден суранарыбыз: бул нерседе мындан ары да ийгиликке жеткиле,

11 силерге буйруганыбыздай, тынч жашаганга аракет кылгыла, өз ишиңерди кылгыла, өз колуңар менен иштегиле,

12 сырттагылардын алдында туура жашашыңар үчүн, эч нерсеге муктаж болбошуңар үчүн ушундай кылгыла.

Өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө

13 Бир туугандар, үмүтсүз адамдарга окшоп кайгырбашыңар үчүн, өлгөндөр тууралуу билүүңөрдү каалайм.

14 Ыйсанын өлүп кайра тирилгенине ишенгенибиздей эле, Кудайдын Ыйсага ишенип жүрүп көз жумгандарды да Аны менен бирге алып келерине ишенебиз.

15 Теңирдин сөзүнүн негизинде силерге айтарыбыз бул: Теңир келгенге чейин өлбөй тирүү жүргөн биз өлгөндөрдөн озуп кетпейбиз.

16 Анткени буйрук берилгенде, башкы периштенин жана Кудайдын сурнайынын үнү чыкканда, Теңир Өзү асмандан түшүп келет. Адегенде Машайакка ишенип жүрүп көз жумгандар тирилишет.

17 Андан кийин тирүү жүргөн биз алар менен бирге Теңир менен абада жолугушуу үчүн, булут үстүндө асманга көтөрүлөбүз. Ошентип, түбөлүккө Теңир менен болобуз.

18 Ошондуктан бири-бириңерди ушул сөздөр менен соороткула.

5-БӨЛҮМ

Теңирдин келиши жөнүндө

1 Бир туугандар, убакыты жана мөөнөтү жөнүндө жазып кереги жок.

2 Теңирдин күнү түн жамынган уурудай болуп келерин силер жакшы билесиңер.

3 «Тынчтык жана коопсуздук», – деп айтышканда, кош бойлуу аялдын толгоосу кармаган сыяктуу, алар күтүлбөгөн жерден өлүмгө дуушар болушат жана андан качып кутула алышпайт.

4 Бирок, бир туугандар, ал Күн силерге ууруга окшоп күтүлбөгөн жерден келгидей, силер караңгыда эмессиңер.

5 Анткени силер, баарыңар, жарыктын уулдарысыңар, күндүн уулдарысыңар. Биз караңгынын да, түндүн да уулдары эмеспиз.

6 Ошондуктан башкаларга окшоп уктабайлы. Тескерисинче, сергек жана эстүү бололу.

7 Себеби уктагандар түнкүсүн укташат, ичкендер түнкүсүн ичишет.

8 Биз болсо күндүн уулдарыбыз, ошондуктан эстүү бололу. Ишеним менен сүйүүнү соот кылып, куткарылуу үмүтүн туулга кылып киели.

9 Анткени Кудай бизди каарга эмес, биз үчүн өлгөн Теңирибиз Ыйса Машайак аркылуу куткарылууга белгилеген.

10 Сергек болсок да, уктасак да, Аны менен жашашыбыз үчүн, Ал ушундай кылган.

11 Ошондуктан бири-бириңерге кайрат берип, акыл-насаат айтып жатканыңардай эле, мындан ары да ошондой кыла бергиле.

Акыркы акыл-насаат

12 Бир туугандар, силерден суранарыбыз, араңарда эмгектенип жаткандарды, Теңир жолундагы жетекчилериңерди жана насаатчыларыңарды сыйлагыла.

13 Аларды кылган эмгеги үчүн өзгөчө сыйлагыла, сүйгүлө. Өз ара тынчтыкта болгула.

14 Силерден өтүнөрүбүз, бир туугандар, ээнбаштык кылгандарды эскерткиле, коркокторго кайрат бергиле, алсыздарды колдогула, баарына чыдамдуулук көрсөткүлө.

15 Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле, тескерисинче, ар дайым бири-бириңерге жана бардыгына жакшылык кылгыла.

16 Дайыма кубангыла.

17 Үзгүлтүксүз сыйынгыла.

18 Бардыгы үчүн ыраазычылык билдиргиле, анткени Кудайдын Машайак Ыйса аркылуу силерге ачылган эрки ушундай.

19 Рухту өчүрбөгүлө.

20 Пайгамбарчылыктарга маани бербей койбогула.

21 Бардыгын сынагыла, жакшысын кабыл алгыла.

22 Ар кандай жамандыктан алыс болгула.

23 Тынчтыктын булагы болгон Кудай Өзү силерди толугу менен ыйык кылсын. Рухуңар, жаныңар жана денеңер Теңирибиз Ыйса Машайак келгенге чейин эч кемчиликсиз, толук сакталсын.

24 Силерди чакырып алган Кудай ишенимдүү, Ал ишке ашырат.

25 Бир туугандар, биз үчүн сыйынгыла.

26 Бардык бир туугандарды өөп, салам айтып койгула.

27 Бул катты бардык ыйык бир туугандарга окуп беришиңерди Теңирдин атынан суранам.

28 Теңирибиз Ыйса Машайак баарыңарга ырайымын төгө берсин! Оомийин.