Улуттун жоголгон байлыгы

Wikibooks дан

Улуттун жоголгон байлыгы[оңдоо]

Автору: Медербек Адылбек уулу

Улуттун жоголгон байлыгы

1-бөлүм. Үркүн[оңдоо]

1916 жыл. Аяктап бараткан жай айларынын жамгырлуу күндөрүнүн бири. Асман булуттуу болгонуна байланыштуу, күн жүзү көрүнбөй, убакыттын түштөн ооп баратканы айлана чөйрөнүн караңгылай баштаганынан гана билинет. Жанааракта жаап өткөн нөшөр жамгырдын кесепетинен Пишпектен Балыкчыга карай кеткен топурак жол чылаага айланып кеткен. Ушул баткактуу жолду былчыйта баса, кош аттуу арабага чиркелген замбиректи коштой, катар-катар тизилип жүзгө жакын мылтыкчан жөө аскер Ысык Көлдү карай шашып баратты. Аскерлердин суу болгон кийимдеринен жана араба тарткан аттардын тумшугунан чыккан буу, жамгырдан кийинки туманга аралашып, бул жолоочу топту ээрчип бараткансыйт.

Бул аскерлер Орусия империясынын генералы Куропаткинге тийиштуу 11 батальондун бир бөлүгү эле. Булардын башында генералдын өзү жана адъютанты экөө ат минип алышкан. Аталган аскер бөлүгү, Ысык Көлдү көздөй сүрүлүп үркүп качып бараткан жергиликтүү кыргыздарды кечке чейин кууп жетип, көлдүн аркы тарабына өтүп кетүүлөрүнө мүмкүнчүлүк бербей жок кылуу максатында шашылыш жолго чыккан. 1873-1876 жылдардагы кыргыз көтөрүлүштөрүн басууда тажыйырбасы болгондуктан, генерал Куропаткин Орусия императору тарабынан Түркстан аймагынын генерал-губернатору болуп дайындалып, ага жергиликтүү калктын көтөрүлүшүн басуу милдети тапшырылган болчу. Азыр да тапшырылган милдетти кемчиликсиз ишке ашыраарына көзү жетип, бунтчуларды жазалап кайтып барып, Петербургда императордун жеке өзүнөн сыйлык алып жатканын ат үстүндө баратып кыялданып элестете баштады. Кечке жуук генерал Куропаткиндин аскер бөлүгү Балыкчыга кирип барды. Качкан элдин кай тарапты көздөй кеткенин билүү үчүн, генерал Ысык Көлдүн жээктерин көздөй чалгынчыларды жиберди. Аскерлерге арабадагы жүктөрдү түшүрүп, ок дарыларды бөлүштүрүп чабуулга даярдануусуна буйрук берип, өзү аттан түшүп, портсигарынан чылым чыгарып чегип ары бери баса баштады.

Аңгыча көп өтпөй чалгынчылар кайтып келди. Көлдүн жээгин көздөй кеткен чалгынчылар, көрүнүп турган дөбөчөнүн ары түшө беришинде, көлдүн батыш тарабындагы жээгинде, калың топ көтөрүлүшчүлөр бир канча жыгач салдарга мал-мүлкүн жүктөп жатышканын айтып келди. Көз алдына Императордун сыйлыгы жана жогорку чин даражасы элестей түшкөн Куропаткин, аскерлерине ыкчам тизилүүгө буйрук берди. Адъютанты экөө картанын үстүнө бир саам үңүлүп карап чыгышкан соң, кыскача кайрылуу менен аскерлерине кайрылды: - «Орусия Императорлугунун эр жүрөк жоокерлери! Мекенибиз бизге жооптуу кызматты тапшырды. Бул жерде жашаган жергиликтүү жапайылар, улуу урматтуу Императорубуздун жарлыгына каршы чыгып, фронтко барып иштөөдөн баш тартып, анысы аз келгенсип Жети суудагы биздин дыйкандарыбызга кол салып өлтүрүп, үй-жайын өрттөштү. Биздин максат, бунтчулардын бирин калтырбай жок кылуу болуп эсептелет! Алардын колунда курал-жарактар бар, ошондуктан көтөрүлүш аѐсуз басылышы керек. Бошотулган аймактарга Орусиядан дыйкандарыбыз келип отурукташат, башкача айтканда бул жерлер силердики болот!» деп ууртунан кытмыр жылмайды. Сүйлөп бүтүп, Куропаткин аскерлердин бир бөлүгүн замбиректи атка сүйрөтүп тез арада көтөрүшчүлөрдү айланып өтүп, болжол менен салдар сүзүп өтө турган булуңдан орун алууларына буйрук берди. Куропаткиндин планы боюнча, бунтчулар салдарга отура баштаганда өзү баштаган топ аскер жээктен кол салмак, а берки замбирекчен топ аскер болсо сүзүп качып бараткан салдарды нарыраактагы булуңдан тосуп алып, атып жардырып жок кылмак. Анткени эгер көтөрүшчүлөр жээкте турганда кол салынса, тигилер каршылык көрсөтүшү мүмкүн жана кээ бири тоо-ташты, токойду аралап качып кетиши ыктымал. Өзүнүн жеке абройуна көө түшүрбөш үчүн, өзүнө дайындалган кызматты так аткарышы керектигин ойлоп жатты.

Ушул эле учурда, көл жээгинде эркек-аял, жаш-кары болуп жүзгө чукул кыргыз, шашылыш түрдө жыгачтан даярдалган салдарга боз үй эмеректерин, кой-эчки, уй-жылкы дебей болгон мүлкүн жүктөп жатышты. Узундугу он беш метрдей келген карагайлар аркан менен бири бирине тыгыз байланып, болжол менен сегиз-он кадам кенендикте жасалыптыр салдар. Өмүрүндө мындай нерсеге чыгып көрбөгөн аттар кишенеп үркүп салга чыкпай, аларды жетелеп түрткөн адамдарды убара кылып жатты. Мал-жандык менен бирге, алгачкылардан болуп салдарга карыларды, аялдарды жана жаш балдарды да отургуза башташты. Жаш балдардын арасында алты жашар Бакыт да бар болчу. Жамгырда суу болгон тондун ичинде жакшы көргөн козусун кучактап, жайдын кечки салкын шамалына азыраак чыйрыгып салдын четинде, жээкте бир канча чоң кишилер менен бирге башка салдарга жүк жүктөшүп жаткан чарчап-чаалыккан атасын аяп карап отурган. Атасы анда-санда Бакытты карап, ичиндеги кабатырлануусун, чарчаганын билдирбейин дегенсип жылмайып койсо да, баарыбир кандайдыр бир нерсе тынсыздандандырып жатканы байкалып турду.

Күүгүм кирип калганда жүктөр жүктөлүп бүтүп, жээктегилер салдарга чыга башташты. Бакыттын атасы да «мына баары бүттү” дегенсип жеңил үшкүрүп, үй-бүлөсү отурган салды карай суу кечип жөнөдү. Аңгыча болбой токой жактан бөтөн тилде «огонь» деген кыйкырык чыгып, аны коштой жапырт тарсылдаган мылтыктын үндөрү угулуп, жээктеги адамдар, жерге, сууга кулап, элдин арасында ызы-чуу, кыйкырык-өкүрүктөр пайда болду. Эмне балекет башталганын жаш бала Бакыт түшүнбөсө да, салга чыкканы келаткан атасы жакшы түшүнгөндөй туюлду ага. Атасы салды жээктен алыстатып түртүп жатып: «Сүзүп кеткиле батыраак» деп атайын сүзүүгө даярдалган калак кармаган улуу уулдарына кыйкырды. Өзү болсо жээкте жаткан союлдардын бирин көтөрө калып ок аткандарга карай өзү курактуу бир топ киши менен кыйкырып бет алды. Мылтыктарга карай союл кармап чуркаган эл, салдардагы үй-бүлөөлөрү сүзүп кеткиче аз убакытка болсо да кол салган аскерлерди алаксытып токтотуп турууну көздөдү сыягы. Бирок, алыстан ок бышкырткан жаңы курал-жарак менен жабдылган аскерлерге союлчан адамдар эмне кыла алмак эле? Кайра-кайра «огонь» деген кыйкырык менен кошо мылтыктар тарсылдап, жээктеги сууну-жерди канга боѐгон алаамат көпкө узабай, душманга карай жүгүргөн кыраан жигиттердин саны суюлуп, мылтыктардан чыккан түтүн таркай баштаганда Бакыттын атасы баш болуп жээкте калган адамдардын баары жер кучактап жаткан болчу. Салда бараткан келиндер, энелер жээкте болуп жаткан кыяматка түздөн-түз күбө болуп, кимисинин күйөөсү, кимисинин уулу болгон жигиттердин шуулдап учкан ажалдан мерт болгонун көрүшүп чырылдап ыйлай башташты. Бакыттын апасы да бир колу менен Бакытты бооруна кучактап, экинчи колу менен салдын тактайын койгулап өксүп ыйлап, балдары болбосо салдан сууга ыргып түшө калып, күйөөсүнүн жанына жетип барып кучактап жыгылчудай болуп турду.

Генерал Куропаткиндин аскерлери жээктеги элди атуу менен алек болуп жатканда, салдар жээктен бир кыйла алыстап кетүүгө үлгүрдү. Ошентсе да жээке келген Куропаткин, аскерлерине салдарды көздөй ок атууну уланта берүүгө буйрук берип, өзү болсо замбирекчен бөлүк жайгашкан булуңду карай чапкылап жөнөдү. Октор ызылдап абада учуп, кээ бирөөлөр ачуу айкырык менен салдан кулай башташты. Бир салдагы аттын жамбашына ок тийип, ат үркүп сууга секирип, өзү менен кошо салды да чөктүрүп кете жаздады. Ат байланган салдын устуну сынып, ат менен сууда калып кетти. Салга түшүп жан куткарып бараткан кыргыз эли үчүн каргашалуу окуянын бул болгону башталышы болчу. Алды жактагы булуңдагы токойчонун ичинде, замбиректи ок атууга даярдап, мылтыктарын мелжеп Куропаткиндин аскерлеринин экинчи бөлүгү аңдып турган. Бөлүктүн башчысы болуп дайындалган жаш офицер, оң колуна маузерин кармап, сол колун атууга буйрук берүүгө даярдап жогору көтөрүп, сол капталдан сүзүп келаткан салдардын жакын келүүсүн күтүп турган. Бирок салдар замбирекчен бөлүктүн жанына жакындап сүзүп келгенде, жаш офицер колун көтөргөн бойдон эмне кылаарын билбей дендароо болуп катып туруп калды. Офицердин салды көздөй мелжеген тапанчасынын так тушунда, бир колу менен апасынын этегине жармашып, бир колу менен козусун кучактап, жашка толгон алаң көздөрү менен түз эле жээктеги офицерди тиктеп, салдын четинде кичинекей өспүрүм олтурган болчу. Салдар катар-катар бөлүктүн жанынан сүзүп өтүп жатты. Офицердин башынан ылдый тер агып дендароо болуп катып турган абалын замбиректи атууга даярдап турган аскердин бирөөсүнүн шыбыраганы бузду: - «Офицер! Батарея ок атууга даяр, сиздин буйрукту күтүп жатабыз». Бирок, салда жалаң гана жаш балдар, аялдар жана карылар экенин көргөн офицердин ок атууга буйрук берүүгө оозу барбады: – «Булар болушу мүмкүн эмес» деп кайра-кайра башын чайкап күбүрөнүп жатты маузерин куруна салып жатып.

Аңгыча заматта, тиги жактан чапкылап, аты менен кошо өзү да бышылдап генерал Куропаткин адюъютанты менен жетип келди: - «Кана салдар? Эмнеге атпай жатасыңар?» деп аттан секирип түшүп бөлүктүн офицерине атырылып барды. - Ал жакта жалаң гана жаш балдар, аялдар экен, ошого ата албадык, деп бозоруп жооп берди жаш офицер.

- Мага баары бир, булардын баары бунтчулар, аткыла тезирээк узап кетише электе! – деп замбирек аткычтарга кыйкырып, аларга карай жулунду. Чечкинсиз кадам таштап жаш офицер жолтоо болуу үчүн Куропаткиндин алдын тороду. Мындай жосунсуздука жана жогорку чиндеги аскер адамына баш ийбестикке жини чыккан Куропаткин офицерге ызырынып: - «Сен биздин улуу урматтуу императордун буйругуна каршы чыккың барбы? Же, сен бизге каршы курал көтөргөн бунтчуларга болушуп жатасыңбы? – деп бакырды. Генералдын шилекейин чачыратып айкырганынан улам башта коркуп кетсе да, офицер туура чечим кабыл алып жатканын ичтен туюп, кайраттанып, ишенимдүү жооп берди: - Булар куралчан бунтчулар эмес, андыктан атууга буйрук бере албадым. Куралсыз, күнөөсүз адамдарды атып өлтүрүп күнөөго калгым келбейт. Анын үстүнө башкалардын кайгысынын натыйжасында өз бактылуу боло албайсын. Аскердик эрежеге баш ийбегендигиме керектүү жазамды тартууга даярмын...

Ачууга буулугуп турган Куропаткин заматта кабындагы маузерин сууруп чыгып – Мына сенин жазаң саткын!» деп бакырып офицерди көкүрөкө туштап атып жиберди. Тийген октон жерге кулаган жаш офицер, узап бараткан салдар жака акыркы күчү менен башын буруп кабатырлануу менен карап көз жумду. Балким, көз алдында козусун кучактап салда отуруп узап бараткан жаш баланы элестеткендир, ким билет. Офицерди кебелбей атып салып, жанындагыларга сабак болсун дегенсип бакырынып сүйлөдү: “Императордун өкүмүнө каршы чыккандардын баарын ушундай тагдыр күтөт” – деп Куропаткин эч нерсе болбогондой, замбирек менен салдарды атууга буйрук берди. Өзү болсо дүрбүсүн көзүнө кармап көл тарапты карап, төгүлгөн канга моокуму канбай калгандай ок атуучуларды шаштырып жатты.

Салдар бир кыйла узап кетишсе да замбиректин огу жете турган алыстыкта болчу. Жаңы гана тарсылдаган мылтыктан кутулуп, Жаратканга жалбарып, оор жоготууга учурап, араңдан-зорго жанын куткарып бараткан элдин үстүнө дүңкүлдөгөн добуштун коштоосунда килейген темир октор түшүп жарыла баштады. Аттар үркүп кишенеп, жаш балдар чаңырып ыйлап, эл дүрбөлөңгө түштү. Абу дегиче болбой, артта бараткан салдарга катар-катар ок тийип талкаланып, алардын үстүндөгү эл менен кошо малдар, жүктөр да сууга түшүп чөгө баштады. Жарылган салдардагы элдин аман калганы суу үстүндө жыгач калдыктарына жармашып, жан куткарууга далбас уруп жатты. Бир маалда алдыда бараткан акыркы салдын алды жагына шуулдап ышкырып учуп келип ок түшүп, колотто жаңырган жаңырыктан суунун астында жер жарылгансыды. Оңор эмес суу асманга сапырылып кайра түшүп заматта суунун үстүндө айлампа сормо пайда болуп, акыркы сал да үстүндөгү адамдары, мал-сал, жүк-мүгү менен бирге, сууда пайда болгон айлампага агып кирип көздөн кайым болду…

2-бөлүм. Жер асты дарыялары[оңдоо]