Улуу сөздөн бир сабак

Wikibooks дан

Түгөлбаев Орозобек, Кыргыз билим берүү академиясынын окутуучусу

Бул аңгемелерди жаштарга сабак болсун деп ар кайсы убактарда жаздык: “Күчү жок эт, күчтүү сорпо», «Акмак уул, амалдуу ата (Келтенбай менен Теке)», «40 жаштын кыры тууралуу», «Заман тууралуу».

Күчү жок эт, күчтүү сорпо[оңдоо]

Бул окуяны эки заманды тең көргөн атабыз айтып калаар эле. Атам бала жигит кезинде бир байга малай жүрүптүр. «Малай» дегендин кемсинткен эчтекеси жок, мааниси «кол бала» дегенди эле түшүндүрөт. Илгерки заманда адамдар чоңоюп келе жаткан уулун кагылып-согулсун деп малайлыкка беришчү экен. Байдын башка да малайлары болуптур. Алардын бири тилдүү-ооздуу, сөз кезегин жибербеген чечен жигит экен.
Күндөрдүн биринде байдыкына мейман келип калат. От улуу жагылып, эт арбын салынат. Малайлар жаны тынбай, бири от жагып, бири казанды карап, сорпону сапырыштырып, этти астын-үстүн кылып, эткелин алып дегендей тынбай кызмат кылышат. Бүгүн бир курсак тоёр деген үмүттө болушат.
Эт бышкандан кийин бай этти чыгартып алып, конокторуна тартып, калганын үй-бүлөсүнө берет. Малайларына болсо сорподон гана бердирип коёт. Анысынан да митаам бай жөн отурбастан: «Ичкиле, балдар, ичкиле. Эттин күчү сорпого чыгат» - дей бергени өтүп кетет.
Ошондо баягы малай жигит кептин кыябын келтирип туруп: «Байаке, андай болсо күчтүү сорпону өзүңөр ичип, күчү жок этти бизге эле бербейсизби» - дептир. Олтурган эл дуу күлүп, митаам бай сөзгө жыгылып, уят болуп калган экен.

Акмак уул, амалдуу ата (Келтенбай менен Теке)[оңдоо]

Муну да атам айтып берди эле. Өткөн заманда өз эмгеги менен күн көргөн Теке аттуу бир адам жашаптыр. Текенин Келтенбай ысымдуу эси жогураак жалгыз уулу болуптур. Кичинесинен эркелеп жалкоо өскөндүктөн, чоңойгондо деле атасына жардамы тийбеген дардес болуп калыптыр.
Бир жолу Теке эгин айдайт, маласын өзү тартат, үрөнүн себет, жайлата сугарат. Келтенбайдан жардам жок, талаага келгенден кийин уктап жатып алат. Ошентип жүрүп Текенин эгини калаган камыштай болуп жакшы чыгып бышат, орок башталат. Теке эгинин оро баштайт, уулу болсо дардайып уктаганы уктаган. Теке уулунун балбансынып жүргөнүн, мактанчаактыгын билет. Амал ойлойт.
Уулун жанына отургузуп алып, илгерки өткөн балбандардан кеп кылып Келтештин бүйрүн кызытат. Акырында: «Илгеркилер ушундай эр болчу. Мен да бош келбейм. Баланча-түкүнчө балбанды жыккамын. Эмкилер далдайган менен мууну жок. Атаңдын көрү ай, күч сынашаар адам жок, каруулашаар балбан жок» - дейт. Кептен кеп чыгып отуруп, экөө күрөшмөк болушат. Ким жыкса, чыныгы балбан катары эгинди бүт оруп-жыйнамак болот.
Теке менен Келтенбай коён-колтук алышып, ары сүрүшөт, бери сүрүшөт. Акыры амалданган атасы чийдин дүңгөсүнө чалынымыш болуп чалкасынан кетет. "Теке балбанды жыктым" деп мактанган Келтенбай айбан, эгинди убада боюнча бүт оруп жыйнаптыр. Балбанмын деп атасы менен күрөшкөн Келтенбайдын, жашында татыктуу тарбия бере албай, көпкөн уулу менен таймашкан Текенин бул жоруктары «баягы Теке менен Келтенбайча» деп узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына лакап болуп тарап кеткен экен.

40 жаштын кыры тууралуу[оңдоо]

Байыркы заманда, Иран менен Туран бирде эл болуп, бирде жоолашып турчу экен. Ирандын падышасы - шахиншах Кейхосров, аскер башы - Бахрам баатыр болуп турган мезгилде экөө араздашып калыптыр. Бахрам баатырды Кейхосров таарынтып коюп, ал ордодон кетип калат. Ошол мезгилде Турандан көп жоо басып кирип, Ирандын аскерин жеңип, көп жерин басып алат экен. Кейхосров шахтын айласы кетип, Бахрам баатырга элтүзөр жиберип, кемчилигин мойнуна алып кайра чакыртыптыр. Мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келип, эл-жеринин башына каран түн түшүп турган учурда Бахрам баатыр жеке башынын таарынчысын унутуп, аскер башчылыкты кайра моюндайт. Бирок, шахка аскерий иштерге кийлигишпегин деген шарт коёт. Кейхосров курал кармаганга жараган эр-бүлөнү аскерге чакырып, 100 миңден ашуун кол курап койгон экен.
Бахрам аскерине кароо жүргүзүп, 40тын кырындагы 12 миңин тандап алып калат да, калганын гарнизон катары, такоол катары пайдаланат, кереги жогун таратып жиберет. Ошол 12 миң аскер менен уруш жүргүзүп, келген жоонун мизин кайтарып, душман колундагы жерин бошотуп алат экен. Жеңиштин урматына ордодо чоң салтанат өтөт. Ошол жерден шахиншах Бахрам баатырдан «эмне үчүн 100 миң колду таратып жиберип, кырктын кырындагы 12 миң аскерди алып калдың, көп аскер менен жеңишке тезирээк жетпейт белең» деп сураптыр.
Ошондо Бахрам баатыр мындай жооп берген экен. Жетиле элек жаш адам өзүн балбан-баатыр сезгени менен, көп учурда кара күчү толбойт, акылы толук болбойт. Аны алдаш оңой, анда али үй-бүлө жок, бала жытын жыттай элек, аял кадырын билбейт. Ата мекендин ыйыктыгын, үй-бүлөнүн кымбаттыгын толук түшүнө элек кези болот. Ата мекен, үй-бүлө, бала үчүн кара башын саюуга ал али даяр эмес.
Ал эми курагы эр ортонуна келген улгайган адамдын акыл-эси, туруктуулугу толук жетиштүү болгону менен ал-күчтөн тайып калган мезгили болот. 40тын кырындагы дени соо, акыл-эси ордундагы эр адамда аталган кемчиликтердин бири да болбойт. Ал алдатпайт, ага ата мекен, катын-бала, эл-журт кымбат, акыл-эси толук жетилген, алдан-күчтөн тая элек, ар кандай айла-амалдын баарын билет. Ошондуктан 40тын кырындагы баатырларды тандап алып калдым, ошолор менен жеңишке жеттим. Аскердин күчү санында эмес, сапатында дептир.

Заман тууралуу[оңдоо]

Илгерки заманда бир хан болуптур. Ал хан көзү ачык сыяктуу, айтып бермеси бар адам экен. Хан күндөрдүн биринде табышмактуу бир түш көрөт. Вазирлерин, акылчы ынактарын чакыртып алып, түшүндө эмне көргөнүн тапкыла деп суроо коёт. Эч ким таба албагандан кийин элге жар чакыртып, "ким тапса кой башындай алтын берем" - деп байге коюптур. Хандын каарынан коркуп, таптым деген адам чыкпайт. Эл ичинде эптеп оокат кылып жүргөн бир кедей бар экен. Ал дагы хандын жарлыгын угуп, ойлонуп кетип бара жатса, алдынан бир ак жылан чыгат. Ордунан жыла албай катып калган кедейге «коркпо бечарам, хандын түшүнө эмне киргенин мен билем. Анын түшүнө кылтылдаган кызыл түлкү кирди. Барып ушуну айтып берип, кой башындай алтынды алып кел. Экөөбүз тең бөлүп алабыз. Менин шартым ушул» - дейт.
Кедей хандын ордосуна барып, сакчылардан уруксат алып ордого кирет. Хандын түшүнө кылтылдаган кызыл түлкү киргенин айтып берет. Хан жандырмактын чындыгын мойнуна алып, байгесин берет. Кедей жолдо келе жатып ойлонот: «Башымды сайып хан алдына барып табышмакты тапкан мен болсом, эми кой башындай алтынымды ийреңдеген ийри жылан менен эмне үчүн бөлүшөм? Жыланга жолобой, алтынды аны менен бөлүшпөй койсом эмне болот» - дейт. Жыланга барбай, жолобой коёт, дайыма эл бар жерде жүрсөм жыландан кутулбаймбы деген акыл кылат. Кедей алтынды акчага айландырып, керегине жаратат. Кийим-кечек, короо-жай сатып алат. Мал-мүлк күтөт, ошол чөлкөмдөгү дөөлөттүү адамдардын бири болуп жашап калат.
Бир топ мезгил өтөт. Күндөрдүн биринде баягы хан дагы табышмактуу түш көрөт. Ордо кызматкерлеринин эч кимиси таба албагандан кийин дагы баягыдай жар чакыртат. Тапкан адамдын байгесине эми төө башындай алтын бермекчи болот. Эч ким таба албайт. Байыган кедей болсо табышмактуу түштүн жандырмагын кантип таап, төө башындай алтын байгени кантип алсам, дагы байысам деп катуу ойлонуп келе жатса, баягы ак жылан дагы алдынан чыгат. Эми өлгөн экемин деп жанынан түңүлгөн кедейге жылан кечирим кылып: «көрпендем коркпо, хандын түшүнө эмне киргенин айтып берейин. Анын түшүнө көсөө куйрук көк бөрү кирди. Барып айтып берип, байгени алып кел. Экөөбүз тең бөлүп алабыз» - дейт.
Байыган кедей хан ордосуна барат, иши кылып байгени алат. Жолдо келатып ойлонот: «Жанымды оозума тиштеп хан алдына барып, алтынды тапкан мен болсом, жылас болгон жылан алтынды бекер алса. Мен ушунун эзүүсүндө өмүр бою жүрөт экемин да. Кой, эсирген жыланды жайлап тынайын» - деп ачууланат. Котур ташын койнуна катып келип, күтүп турган жыланды урат. Жылан ийнине кире качып араң кутулат экен. Кедей алтынды пайдаланып, ого бетер байлыкка тунат, миң төөлүк кербендери дүйнө кезип, дүкөндөрү ар кайсы шаарда иштеп турат.
Дагы арадан убакыт өтөт. Күндөрдүн биринде баягы хан дагы табышмактуу түш көрөт. Ордо кызматкерлеринин эч кимиси баягыдай эле таба албайт. Хан баягыдай жар чакыртат. Тапкан адамдын байгесине эми ат башындай алтын бермекчи болот. Эч ким таба албайт. Байыган кедей болсо табышмактуу түштүн жандырмагын таап, ат башындай алтын байгени кантип алсам, байлыгымды дагы көбөйтсөм деп мурдагыдан катуу ойлонуп келе жатса, баягы ак жылан дагы алдынан чыгат. Эми анык өлгөн экемин деп жанынан түңүлгөн кедейди жылан дагы кечирет: «көрпендем коркпо, хандын түшүнө эмне киргенин айтып берейин. Анын түшүнө кепшеген кой кирди. Барып айтып берип, байгени алып кел. Экөөбүз тең бөлүп алабыз, эми алдоочу болбо» - дейт. Байыган кедей хан ордосуна барып, түштүн жандырмагын айтып берип байгени алат. Жолдо келатып ойлонот: «Мен дайым эле ак жыланды алдай беремби. Ошол ыйык жаныбар болбосо мен ушул байлыкка жетмек эмесмин. Убадага кара санасам мени эми анык кудай урат. Бул алтынды бүт бойдон жыланга берейин, мага ээлеген байлыгым эле жетпейби» - дейт. Келип жыландын алдына жыгылып кечирим сурап, байгени толук алышын өтүнөт.
Ошондо жылан айтат экен: «Эй көрпендем! Бул жоруктарыңдын баарын толук кечирдим. Эки жолу алдаганыңа сен гана күнөөлүү эмессиң. Заманың күнөөлүү. Биринчи жолу хандын түшүнө кылтылдаган кызыл түлкү кирди эле. Ал – заманыңдын кылтылдаган кызыл түлкү болуп алдап турганы. Сен да кылтыңдап мени алдап кеттиң. Экинчи ирет хандын түшүнө көсөө куйрук көк бөрү киргени замандын көк бөрү болуп турганы. Сен да ташбоорлонуп мени өлтүрүп койгуң келди. Үчүнчү жолкусунда хандын түшүнө кепшеген кой киргени замандын оңолгону, кой үстүнө торгой жумурткалаган заман келгени. Сен да оңолдуң, алтыныңды мага бергиң келди. Эми ушундай пейлиңден жазба. Мага алтындын кереги жок. Элге, бей-бечарага бөлүп бер» - деп көздөн кайым болуптур.
Азыркы мезгил, биздин заман дагы көсөө куйрук көк бөрүнүн заманы, туугандар. Пейлибизди оңдойлу, көсөө куйрук көк бөрү болбойлу, калкыбыздын, мамлекетибиздин тагдырын ойлойлу.