Филипиликтерге жазган каты

Wikibooks дан

1-БӨЛҮМ

Элчинин саламдашуусу

1 Филипидеги Жыйын башчылары жана диакондор менен бирге эле Машайак Ыйсанын бардык ыйыктарына Машайак Ыйсанын кулдары Пабыл менен Тиметейден салам!

2 Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

Пабылдын ыраазычылык билдирүүсү жана сыйынуусу

3 Силерди эстеген сайын, Кудайыма ыраазычылык билдирем.

4 Сыйынган сайын, баарыңар үчүн ар дайым кубаныч менен сыйынам.

5 Себеби силер биринчи күндөн тартып азыркыга чейин Жакшы Кабар таратуу ишинде бизге кызматташ болуп келе жатасыңар.

6 Силерде баштаган жакшы ишин Кудай Ыйса Машайактын күнүнө чейин аягына чыгарарына бекем ишенем.

7 Баарыңар жөнүндө мен ушундай ойлоого тийишмин. Силер ар дайым менин жүрөгүмдөсүңөр, анткени кишенде жүргөнүмдө болобу, Жакшы Кабарды коргоп, бекемдеп жатканымда болобу, баарыңар мени менен бирге ырайымга шериктешсиңер.

8 Баарыңарды Ыйса Машайактын сүйүүсү менен сүйөрүмө Кудай күбө.

9 Силердин сүйүүңөр таанып билүү жана ар кандай сезимталдык жагынан өсө бериши үчүн сыйынам.

10 Эң жакшысын ажырата билип, Машайактын күнүндө таза жана кемчиликсиз болушуңар үчүн,

11 Кудай даңкталышы жана макталышы үчүн, Ыйса Машайак аркылуу адилдиктин жемишине артыгы менен ээ болушуңар үчүн сыйынам.

Машайак – мен үчүн өмүр

12 Бир туугандар, мен туш болгон жагдайлар Жакшы Кабар таратылышы үчүн жакшы шарт түзүп бергенин билишиңерди каалайм.

13 Машайак үчүн кишенделгеним падыша сарайынын бардык сакчыларына жана башкаларга маалым болду.

14 Менин кишендерим Теңир жолундагы бир туугандардын көбүнө дем берди. Алар Кудай Сөзүн кайраттуулук менен, коркпостон тарата башташты.

15 Ырас, кээ бирөөлөрү Машайак жөнүндө таза ниет менен, кээ бирөөлөрү ичи тардык жана атаандаштык менен жар салып жатышат.

16 Жакшы Кабарды коргоо мага дайындалганын билишип, кээ бирөөлөрү сүйүү менен жар салып жатышат.

17 Дагы бирөөлөрү болсо туткунда жаткан мага азап тарттыруу үчүн, Машайак жөнүндө таза ниет менен эмес, атаандаштык менен жар салып жатышат.

18 Анткорлонуп болобу же чын жүрөктөн болобу, кандай болсо да, Машайак жөнүндө жар салып жатышат. Мен буга кубанам жана кубана бермекчимин.

19 Анткени силердин сыйынууңар жана Теңир Ыйсанын Рухунун колдоосу менин кутулуума шарт түзөрүн билем.

20 Эч нерседе уятка калбайм деп бекем ишенем жана үмүттөнөм. Машайак менин денем аркылуу ар дайым даңкталып келгендей, мындан ары да, жашасам да, өлсөм да даңкталат деп, кайраттуулук менен айта алам.

21 Мен үчүн өмүр – Машайак, ал эми өлүм – утуп алуу.

22 Эгерде жердеги жашоом үзүрлүү эмгек менен коштолуп жатса, анда кайсынысын тандап алууну билбейм.

23 Мен тигинисине да, мунусуна да тартылам. Бул дүйнөдөн кетип, Машайак менен бирге болгум келет, анткени бул эң жакшы.

24 Бирок калганым силер үчүн пайдалуу.

25 Ишеним жолунда ийгиликке жетип, кубанычка ээ болушуңар үчүн, каларымды жана баарыңар менен бирге болорумду жакшы билем.

26 Ошентип, силерге экинчи ирет барганымда, мен аркылуу Машайак Ыйсаны көбүрөөк мактай аласыңар.

27 Бирок Машайактын Жакшы Кабарына татыктуу жашагыла. Барып, силерди көрсөм да, силерден алыс жүрсөм да, силер тууралуу «Жакшы Кабар таратылышы үчүн бир ой, бир тилек менен бардык күч-аракетин жумшап жатышат» деген сөздү уккандай болоюн.

28 Силерге каршы чыккан адамдардан эч коркпогула. Бул – алар үчүн өлүмдүн, ал эми силер үчүн куткарылуунун белгиси, бул Кудайдан.

29 Анткени силерге Машайакка ишенүү гана эмес, Ал үчүн азап чегүү артыкчылыгы да берилген.

30 Мындай күрөштү мурун менин жашоомдон көргөн болсоңор, азыр угуп жатасыңар.

2-БӨЛҮМ

Ыйсага ишенгендердин момундугу жана Ыйсанын момундугу

1 Ошентип, эгерде силерде Машайактан келген кандайдыр бир сооронуу, кандайдыр бир сүйүү кубанычы, Рух менен болгон кандайдыр бир баарлашуу, кандайдыр бир кайрымдуулук жана боорукердик бар болсо,

2 анда мени кубанткыла: бир ойго, ошол эле сүйүүгө ээ болгула, ынтымактуу жана бир пикирдүү болгула.

3 Эч бир нерсени атаандаштык жана көйрөңдүк менен кылбагыла, тескерисинче, момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору санагыла.

4 Ар кимиң өзүңдү гана эмес, өзгөнү да ойло.

5 Анткени силердин ой жүгүртүүңөр Машайак Ыйсаныкындай болушу керек.

6 Ал Кудайдын бейнеси болгонуна карабастан, Өзүнүн Кудай менен теңдигин олжо деп эсептеген жок.

7 Бирок кул кейпин кийип, адамга окшош болуп, сырткы көрүнүшү боюнча адамдай болуп, Өзүн Өзү басынтты.

8 Өлгөнгө чейин, айкаш жыгачта өлгөнгө чейин тил алчаак болуп, Өзүн басынтты.

9 Ошондуктан Кудай Аны жогорулатып, Ага бардык ысымдардан жогору ысым берди.

10 Ыйсанын ысымынын алдында асмандагылардын, жердегилердин жана жер түпкүрүндөгүлөрдүн баары тизе бүгүшү үчүн,

11 «Ыйса Машайак – Теңир, Кудай Атанын даңкы» деп, ар бир тил ачык таанышы үчүн ушундай кылды.

Жаныңардын куткарылышы үчүн кам көргүлө

12 Ошентип, менин сүйүктүүлөрүм, араңарда болгонумда гана эмес, айрыкча, азыр араңарда жок болгонумда да, дайыма тил алчаак болгонуңардай эле, куткарылууңарды коркуу жана титирөө менен жүзөгө ашыргыла.

13 Анткени Кудай силердеги тилекти да, аракетти да Өзүнүн жакшы ниети боюнча жаратат.

14-15 Бул дүйнөдө жылдыздай жаркырап турушуңар үчүн, кежир, бузулган бул муундун арасында Кудайдын таза, кемчиликсиз, кемтиксиз уулдары болушуңар үчүн, бардыгын наалыбастан, шектенбестен кылгыла.

16 Бекерге чуркап, эмгегим текке кетпей, Машайактын күнүндө силер менен сыймыктангыдай болушум үчүн, өмүр сөзүн бекем туткула.

17 Ишеним кызматыңар жана курмандыгыңар үчүн курмандык боло турган болсом, мен кубанам, баарыңар менен бирге кубанам.

18 Буга силер да кубангыла, мени менен бирге кубангыла.

Тиметей жана Эпафродит

19 Силердин ал-абалыңарды билип, көңүлүм тынчыш үчүн, жакында силерге Тиметейди жиберем деп, Ыйса Теңирден үмүттөнөм.

20 Анткени силер үчүн чындап кам көргөн андан башка эч кимим жок.

21 Анткени баары тең эле Ыйса Машайакка жакканды эмес, өздөрүнө жакканды көздөшөт.

22 Анын ишенимдүү экенин билесиңер. Анткени Жакшы Кабар таратуу ишинде ал мага уулу атасына кызмат кылгандай кызмат кылды.

23 Менин эмне болорум белгилүү болор замат аны силерге жөнөтөм деген үмүтүм бар.

24 Жакында өзүм да барып калам деп, Теңирге бекем ишенем.

25 Мени менен бирге иштеген, бирге күрөшкөн, муктаж болуп турганымда жардамчы болгон, өзүңөр жиберген бир тууганыбыз Эпафродитти силерге кайра жиберүүнү зарыл деп таптым.

26 Анткени ал баарыңарды абдан сагынды, өзүнүн ооруп калганы тууралуу силердин да кабардар болгонуңарга аябай тынчсызданды.

27 Чынында эле, ал катуу ооруп, өлүм алдында жаткан эле. Бирок Кудай ага ырайым кылды, ага гана эмес, кайгыма кайгы кошулбашы үчүн, мага да ырайым кылды.

28 Аны кайра көрүп кубанышыңар үчүн, өзүм да бир аз кубанып калышым үчүн, аны силерге жиберүүгө шаштым.

29 Аны Теңирдин урматына кубаныч менен кабыл алгыла, мындай адамдарды сыйлагыла.

30 Силерди жоктотпой, мага кызмат кылуу үчүн, ал өз өмүрүн тобокелге салды. Машайактын иши үчүн өлүмгө да баш байлады.

3-БӨЛҮМ

Чыныгы адилдик

1 Акырында айтарым, бир туугандарым, Теңир менен кубангыла. Муну кайталап жазуу мен үчүн оор эмес, силер үчүн болсо пайдалуу.

2 Иттерден сактангыла, жамандык кылуучулардан сактангыла, жалган сүннөттөн сактангыла.

3 Анткени чыныгы сүннөт бизбиз, себеби Кудайдын Руху менен кызмат кылгандарданбыз, Машайак Ыйса менен мактангандарданбыз, денеге таянгандардан эмеспиз.

4 Дегинкиси, денеме таянууга менде негиз бар. Эгерде кимдир бирөө денесине таянам дей турган болсо, анда мен денеме ага караганда көбүрөөк таяна алам.

5 Сегизинчи күнү сүннөткө отургузулгамын, Ысрайыл тукумунун Бенжемин уруусунанмын, эврейден чыккан эвреймин, окутуу боюнча фарисеймин,

6 кызганчаактык жагынан Жыйынды куугунтуктоочумун, мыйзамдын негизиндеги адилеттик боюнча кемчиликсизмин.

7 Бирок Машайак үчүн өзүмдүн артыкчылыктарымды пайдасыз деп эсептедим.

8 Теңирим Машайак Ыйсаны таанып билүү артыкчылыгы үчүн башка нерсенин баарын пайдасыз деп эсептейм. Ал үчүн баарынан баш тарттым, Машайакка ээ болуу үчүн,

9 мыйзамдан келген өз адилдигим менен эмес, Машайакка болгон ишеним аркылуу, ишенимдин негизинде Кудайдан келген адилдик менен, Ал аркылуу адил деп табылышым үчүн,

10 Аны жана Аны тирилткен күчтү таанып билиш үчүн, Анын тарткан азаптарына ортоктош болуш үчүн, Ага окшоп өлүп,

11 өлгөндөр менен бирге тирилиш үчүн, баарын таштанды деп эсептейм.

Жеткилеңдикке умтулуу

12 Мен мунун баарына жеттим же жеткилең болдум дебейм. Бирок Машайак Ыйса мага жеткен сыяктуу, мен да жетүүгө аракет кылам.

13 Бир туугандар, мен өзүмдү жеттим деп ойлобойм. Болгону, арттагыны унутуп, алдыга умтулам.

14 Максатыма – Кудайдын Машайак Ыйса аркылуу бере турган жогорку сыйлыгына умтулуп жатам.

15 Ошентип, арабызда ким жеткилең болсо, ушундай ой жүгүртсүн. Эмне жөнүндө башкача ой жүгүртүп жатсаңар, ошону Кудай силерге ачып берет.

16 Эмнеге жеткен болсок, ошого жараша ой жүгүртүп, ошого ылайык жашайлы.

17 Бир туугандар, менден үлгү алгыла. Бизден алган үлгү боюнча жашап жаткандарды карагыла.

18 Анткени Машайактын айкаш жыгачынын душмандары катары жашагандар көп. Алар жөнүндө мен силерге мурун да көп айткам, азыр да көз жаш менен айтып жатам.

19 Алардын акыры – өлүм, алардын кудайы – курсак, алар уятсыз иштери менен мактанышат, алар жердеги жөнүндө ойлошот.

20 Ал эми биздин мекенибиз асманда. Асмандан Куткаруучубузду – Теңирибиз Ыйса Машайакты күтүп жатабыз.

21 Ал Өзүнүн бардыгын багындыра ала турган кудуреттүү күчү менен биздин даңкынан ажыраган денебизди өзгөртүп, Өзүнүн даңктуу денесиндей кылат.

4-БӨЛҮМ

Акыркы насаат

1 Ошентип, мен сүйгөн жана сагынган бир туугандар, силер менин кубанычым жана таажымсыңар, Теңир жолунда бекем тургула, сүйүктүүлөрүм.

2 Эйдиядан жана Синтихеден өтүнөрүм, Теңир жолунда оюңар бир болсун.

3 Жан досум, сенден да өтүнөм, бул аялдарга жардам бер. Анткени алар мени менен, Килемес менен жана ысымдары өмүр китебине жазылган башка кызматташтарым менен бирге Жакшы Кабар таратуу ишине катышышты.

4 Ар дайым Теңир менен кубангыла, дагы да айтам: кубангыла.

5 Силердин момундугуңар бардык адамдарга маалым болсун, Теңир жакын.

6 Эч нерсе тууралуу кам санабагыла, ар дайым сыйынганда жана жалынганда, каалооңорду ыраазычылык билдирүү менен Кудайга айткыла.

7 Ошондо Кудайдын акыл жеткис тынчтыгы силердин жүрөгүңөрдү жана ойлоруңарды Машайак Ыйса аркылуу сактайт.

8 Ошентип, бир туугандарым, эмне чындык, эмне туура, эмне адилеттүү, эмне таза болсо, эмне адептүүлүккө жатса, эмне мактоого арзырлык болсо, ошол жөнүндө ойлогула.

9 Менден эмнени үйрөнсөңөр, эмнени кабыл алсаңар, эмнени уксаңар, эмнени көрсөңөр, ошону аткаргыла. Ошондо тынчтыктын булагы болгон Кудай силер менен болот.

Элчинин ыраазычылык билдирүүсү

10 Мага кайрадан кам көрө баштаганыңар үчүн, Теңир менен абдан кубандым. Буга чейин деле мага кам көрүүнү ойлочусуңар, бирок ишке ашырууга ыңгайы келбей жүргөн.

11 Муну муктаж болгонумдан улам айтып жаткан жокмун, себеби болгонуна ыраазы болууга үйрөнгөм:

12 жокчулукта да, молчулукта да жашай алам. Мен бардыгына үйрөнгөм: ачкачылыкка да, токчулукка да, барга да, жокко да көнгөм.

13 Мага күч-кубат берген Ыйса Машайак аркылуу бардыгын кыла алам.

14 Бирок менин кайгыма ортоктош болгонуңар жакшы болду.

15 Филипиликтер, өзүңөр билесиңер, Жакшы Кабар таратыла баштаганда, Македониядан кеткенимде, жардам жиберүү жана кабыл алуу ишинде силерден башка эч бир Жыйын мага көмөктөшкөн жок.

16 Тесалоникада жүргөндө муктаж болгонумда, силер мага бир нече ирет жардам жөнөттүңөр.

17 Силерден жардам үмүт этип жаткан жокмун. Силердин пайдаңар үчүн көбөйүп жаткан жемишти каалап жатам.

18 Мен бардыгын алдым, менде бардыгы бар. Эпафродит аркылуу берип жибергендериңерди алдым. Ал тартууларыңар – Кудайга жаккан жыпар жыттуу, жагымдуу курмандыктар.

19 Менин Кудайым силердин бардык кем-карчыңарды Машайак Ыйса аркылуу Өзүнүн даңктуу байлыгы менен толуктайт.

20 Кудай Атабыз кылымдан кылымга даңкталсын! Оомийин.

Элчинин коштошуусу

21 Машайак Ыйсага ишенген ар бир ыйыкка салам айткыла. Менин жанымдагы бир туугандардын баары силерге салам айтып жатышат.

22 Бардык ыйыктар, айрыкча падыша сарайындагылар силерге салам айтып жатышат.

23 Баарыңарга Теңирибиз Ыйса Машайак ырайымын төгө берсин!

Оомийин.