Финансы, акча жүгүртүү жана кредит: Окуу китеби

Wikibooks дан

Финансы, акча жүгүртүү жана кредит: Окуу китеби

Окуу китеби Профессор Ж.Ж.Пиримбаев тарабынан редакцияланган жана Кыргыз—Түрк "Манас" университетинин Окумуштуулар Кеңешинин чечиминин негизинде басылып чыгарылды.

Рецензенттер: Экономика илимдеринин доктору академик Т.Койчуев Экономика илимдеринин кандидаты профессор А.О.Осмоналиев

Экономика илимдеринин кандидаты доцент Т.А. Асанов

Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги тарабынан жогорку окуу жайларынын "Финансы жана кредит" адистиги боюнча окуган студенттерине окуу китеби катарында сунуш кылынган.

Бектенова Дамира Финансы, акча жүгүртүү жана кредит: Окуу китеби./Кыргыз-Түрк "Манас" университети Бишкек: 2006, 270 б.

ISBN 9967 - 23 - 262 - 5

Окуу китебинде рыноктук экономиканын шартында акча жана финансы системаларынын өнүгүүсү, ишканалардын финансысынын өзгөчөлүктөрү, камсыздандыруунун уюштурулушу, мамлекеттик бюджеттин түзүлүшү, салыктык системанын өндүрүшкө тийгизген таасирдүүлүгүн арттыруунун маселелери Кыргыз Республикасындагы бюджеттик эмес фондулардын пайда болушу жана алардын максаттары, кредиттик жана валюталык системанын өнүгүүсү, эл аралык валюттук кредиттик мамилелердин түзүлүштөрү каралган.

Жогорку окуу жайларында окуган студенттер, магистранттар, аспиранттар жана окутуучуларга арналган.


КАМСЫЗДАНДЫРУУ[оңдоо]

1. Камсыздандыруунун экономикалык маңызы, анын функциясы.
2. Камсыздандыруу тармактарынын түрүнө жараша классификацияланышы.
3. Камсыздандыруу тарчагындагы негизги түшүнүктөр.
4. Өткөөл экономикада камсыздандыруу рыногунун өнүгүшү.
5. Кыргызстанда жана айрым өнүккөн өлкөлөрдө камсыздандыруу ишмердигинин кээ бир багыттары.

1. Камсыздандыруунун экономикалык маңызы, анын функциясы.

Камсыздандыруунун маанисин өндүрүш жөнүндөгү илимдин негиздерине таянуу менен, камсыздандыруу фондусунун өнүгүшүн, анын маңызын илимий диалектикалык позициясынан изилдөө аркылуу баяндоого болот.

Камсыздандыруу фондусу, коомго баш аламан кырсыктар жана ар түрдүү табигый кубулуштар тарабынан келтирилген чукул зыяндарды төлөө үчүн багытталган материалдык же акчалай каражаттардын peзервинен турат. Бул адегенде адам жана табийгат ортосунда объективдүү түрдө өкүм сүргөн карама-каршылыктардын негизинде түзүлгөн. Табийгатка өз таасирин тийгизүү менен адам эмгектенүү жараянын ар дайым анын каршы таасирине учуроодо. Анын үстүнө табийгаттын өнүгүү мыйзамченемдүүлүгү жөнүндө маалыматтардын жетишсиздигинен табийгат кээде көрүнүштөргө алып келип, материалдык байлыктарды кыйратуучу жана жок кылуучу, адамдын өз ишмердүүлүгүнүн сонунда күткөн натыйжадан таптакыр башкача натыйжаларга алып келүүчү күч катары көрүнөт.

Азыркы шарттарда коомдук өндүрүштө тобокелдин өсүшү адамдардын ортосундагы мамилелердин татаалдашуусуна да алып келүүдө. Эркин рынок мамилелеринин өнүгүшү менен бирге ишмердүүлүктүн тобокели да жогорулоодо. Илимий—техникалык прогресстин көрсөткөн терс таасири туруктуу түрдө технологиялык тобокелди алып келүүдө. Бул жараянга ошондой эле социалдык, улуттар аралык жана мамлекеттер аралык келишпөөчүлүктөр өз үлүшүн кошууда.

Күтүлбөгөн кубулуштардын жагымсыз натыйжаларын жоюуну камсыз кылуу үчүн мамлекет коргонуу чараларын көрүүгө милдеттүү. Ушул себепке байланыштуу материалдык зыянды төлөө үчүн улуттук дүң продуктунун белгилүү бир бөлүгү акчалай камсыздандыруу фонддору тарабынан өздөштүрүлүүдө.

Узак тарыхий доордун аралыгында коомдук практика камсыздандыруу фондусун уюштуруунун үч негизги формасын иштеп чыккан. Ошол эле учурда, фондудагы ресурстарга мамлекет, товар өндүрүүчүлөр, камсыздандыруучулар ээлик кылышкан. Ушундан улам фонддор: мамлекеттик борбордоштурулган камсыздандыруу фонддоруна, товар өндүрүүчүлөрдүн өзүн өзү камсыздандыруусу, камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу фонддоруна бөлүнгөн.

Борбордоштурулган камсыздандыруу фонддору мыйзамга ылайык улуттук киреше жана өлкөнүн белгилүү финансылык резервдеринин, анын ичинде камсыздандыруу фонддорунун улуттук байлыктары менен түздөн-түз байланышкан. Дал ушул аталган ыкмалардын жардамы менен өкмөттүн, бюджеттердин, өлкөнүн валюталык резервдеринин жана алтын запастарынын фонддору түзүлөт.

Борбордоштурулбаган, товар өндүрүүчүлөрдүн финансылык резервдери локалдуу зыян жана түрдүү чыгымдарды төлөө үчүн материалдык өндүрүш чөйрөсүндө, биринчи иретте айыл чарбасында түзүлөт. Борбордоштурулбаган камсыздандыруу фонддорунун түзүлүшүнүн негизги булагы болуп ишкананын кирешелери эсептелет. Чарбалык ишмердүүлүктү жүргүзгөн субъектилерди камсыздандыруу фонддорунун системасын түзүү жана пайдалануу өзүн-өзү камсыздандыруу субъектилери катары классификацияланат. Камсыздандыруу фонддорун пайдалануу үчүн түзүлгөн камсыздандыруу категориясын найдалануунун экономикалык зарылдыги мамлекет чарбалык ишмердүүлүк менен алек болгон субьектилердин (ишкана, мекеме, коом, кооперативдер), жада калса айрым жарандардын финансылык ресурстарын ыгын таап жумшоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган учурда келип чыгат. Чарбалардын жана жарандардын үй-бүлөсүнүн мүлк жагынан обочолонгондугу тийиштүү субъектилерди камсыздандыруу сыяктуу ыкманын жардамы менен камсыздандырууну коргоо үчүн объективдуу шарттарды түзөт.

Камсыздандыруунун экономикалык категориясы финансылардын негизги бөлүгүн түзүүчүлөрдүн бири болуп эсептелет. Бирок эгер финансылар жалпысынан кирешелердин жана жыйнамдарды бөлүштүрүү жана кайра бөлүштүрүү менен байланышкан болсо, анда камсыздандыруу бир гана кайра бөлүштүрүү чөйрөсүн камтыйт.

Камсыздандыруунун экономикалык категориясынын өзгөчөлүгүн мүнөздөгөн негизги белгилери:
• Камсыздандыруу учурунда кокусунан, күтүлбөгөн жана жеңилгис кубулуштардын натыйжасында келип чыгуусу мүмкүн болгон, б.а. эл чарбасына жана элге материалдык жана башка зыяндын натыйжасында аткарылуучу камсыздандыруу иштерине байланыштуу акчаны кайра бөлүштүрүү мамилелери келип чыгат.
• Камсыздандыруу учурунда камсыздандырууга катышкан тараптардын ортосунда келтирилген зыянды орду-ордуну бөлүүнү жүзөгө ашырат.

Кайра бөлүштүрүүнү мындай формасынын келип чыгышы кокусунан келтирилген зыян, эреже боюнча, аймактарга материалдык жана башка жоготууларды алып келишине байланышкан. Бирок, бул зыян чарбалардын, аймактын бардыгын эмес, анын бир бөлүгүн гана камтыйт. Бул өз кезегинда зыян тарткандардын жоготууларын камсыздандырылган башка субъектилердин каражаттары аркылуу төлөөгө шарт түзөт. Ошол эле мезгилде, камсыздандырылган мүчөлөрдүн чөйрөсү канчалык кенен болсо, келтирилген зыянды төлөө үчүн ар бир камсыздандырылган мүчөдөн алына турган каражаттын үлүшү ошончолук аз болот. Камсыздандырууга мүчө болгондордун саны канчалык көп болсо, келтирилген зыянды төлөө ыкмасы да ошончолук натыйжалуу болот.

Камсыздандыруу аймактык бирдиктердин ортосундагы зыянды кайра бөлүштүргөндөй эле, аны убакыттарга да бөлүштүрөт. Бул жерде камсыздандыруу фондусунун каражаттарын бир жылдын чегинде аймак боюнча натыйжалуу түрдө кайра бөлүштүрүү үчүн бир далай чоң аймак жана камсыздандыруу үчүн көп сандагы объектилер талап кылынат. Зыяндарды убакыттарга бөлүштүрүү чукул кубулуштардын кокусунан келип чыгышына байланыштуу: бир нече жыл катары чукул окуялар болбостугу мүмкүн жана алардын качан болоору да белгисиз. Мындай кырдаал кирешелүү жылдарда ыңгайсыз жаман ыңгайсыз кырсыктуу жылдарда келитирилген зыяндын ордун толтуруш үчүн запастык фонддун түзүлүшүн талап кылат.

Келтирилген зыянды бөлүштүрүү үчүн камсыздандыруу фондусуна мобилизациялаган каражаттардын кайтарымдуулугуна шарт коёт. Ар бир камсыздандыруучунун камсыздандыруу үчүн төлөгөн каражаты бир максат үчүн белгилүү масштабдагы аймакта жана белгилүү мөөнөттүн ичинде келтирилген зыяндын жыйындысын төлөөнү көздөйт. Ошондуктан кошумча чыгашаларсыз эсептелген камсыздандыруу үчүн төлөөлөрдүн жалпы жыйындысы ошол аймактык масштабда белгилүү убакыттагы моюнга алынган зыянды төлөө формасында кайтарылат.

Ушул себептен төмөнкү аныктамаларды чыгарууга болот.

Камсыздандыруу - бул чарба жүргүзгөн субъектилерге келтирилген зыяндарды же үй-бүлөлөрдүн кирешелериндеги жоготууларды теңештирүүгө багытталган максаттуу фонд катары каралат.

Камсыздандыруу экономикалык категория катары чарбалык практикада камсыздандыруу фондусун түзүүнүн жана аны пайдалануунун ыкмаларынын бири катары көрүнөт. Камсыздандыруунун маңызы анын аткаруу функциялары аркылуу тастыкталат. Алар финансылык системанын звеносу катары камсыздандыруунун өзгөчүлүгүн көрсөтүүгө шарт түзөт. Белгилүү болгондой, финансылардын категориясы маани-маңызын, биринчи иретте камсыздандырууга таандык болгон тобокел, алдын-ала эскертүүчү жана сактык сыяктуу айкын көрүнүштөр, өзгөчө, бөлүштүрүү функциясы аркылуу көрсөтөт.

Камсыздандыруунун негизги максаты болушу ыктымал зыянды эгер алар болуп калса камсыздандырылган чарбаларга жана жарандарга акчалай төлөп берүүгө байланышкандыктан камсыздандыруунун негизги аныктоочу функциясы катары тобокел функциясы эсептелет. Дал ушул тобокел функциясынын чегинде кокустуктан камсыздандыруунун натыйжаларына байланыштуу акчалай формадагы камсыздандырууга катышкандардын ортосунда бөлүштүрүү жүрөт. Камсыздандыруунун тобокелинин даражасын жана натыйжаларын азайтуу максатында камсыздандыруу фонду каражаттарынын бир бөлүгүн алдын ала эскертүү функциясына да колдонот. Өмүрдү камсыздандырууда камсыздандыруу категориясы көбүнчө чектелген өмүрдүн аягына чейин шартту негизде акчаны топтоо функциясын аткарат. Бул өзгөчөлүгү чектелген өмүрдүн аягына чейин акчалар сактамдар уй-бүлөнүн камсыздандыруусун коргоочу механизм катары каралат жана алардын керектөөсү менен байланышкан. Ошондой эле, камсыздандыруу сактык функциясын да аткарышы мүмкүн. Камсыздандыруунун контролдоо функциясы камсыздандыруу фондусунун каражаттары максатка ылайык түзүлүшүнүн жана пайдаланылышынын касиетин түшүндүрөт. Бул функция жогоруда эскертилген үч өзгөчө функциядан келип чыгат жана алар менен бирге айкын камсыздандыруу мамилелеринде, камсыздандыруу шарттарында колдонулат. Контролдоо функциясынын талаптарына ылайык камсыздандыруу операцияларынын туура аткарылгандыгын текшерген камсыздандыруунун эки жактуу ролу жүзөгө ашырылат.


КРЕДИТ ЖАНА КРЕДИТ ТАРМАГЫ[оңдоо]

1. Кредиттин маңызы жана анын милдеттери.
2. Кредиттин түрлөрү.
3. Кредит тармагынын түшүнүгү, анын негизги бөлүмдөрү.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук (Борбордук) банкы жана анын милдеттери.
5. Коммерциялык банктар жана алардын иш аракеттери. Коммерциялык банктардын иш-аракеттеринин принциптери.
6. Адистештирилген банктар жана парабанк тармагы.

1. Кредиттин маңызы жана анын милдеттери.

Кайра кайрылып келүүсү, мөөнөтү эске алынып, үстөк пайыз түрүндө төлөнүүчү капиталдын карыз кыймылы кредит деп аталат. Бул аныктамада карыз капиталдын «шарт астында алыстатылышы», анын «сатылбагандыгы, жөн эле карызга берилгендиги» жөнүндө түшүнүк берет. Деги эле кредит белгилүү бир мөөнөттө ашыкча акчасы бар бирөөнүн, ошол эле учурда кошумча акча жыйындысына муктаж болгон экономикалык агенттердин мамилесин чагылдырат. Ал мамилелерди ишке ашырууда ортомчу болуп каржылык институттар катышат.

Азыркы учурда кредит өзгөчө мааниге ээ. Ал бүткүл экономика тармагынын инвестицияга болгон кошумча муктаждыгын чечүүдө. Кредиттин жардамы менен убактылуу акча-каражатын жүгүртүмдөн бошотууга, ошондой эле башка жерде ал акчага муктаж болгон кыйынчылыктарды жеңүүгө болот. Кредит бошогон капиталды топтоштурат жана ошону менен капиталдын агып келүүсүн тейлейт. Ал ошондой эле, акчанын жүгүртүүсүнүн ылдамдыгын тездештирет, камсыздандыруусун күчөтөт, инвестиция сыяктуу катар мамилелердин аткарылышын жана эркин рынок мамилелерин жөнгө салууну камсыз кылат.

Карыз капиталдын булактары болуп - биринчиден, негизги капиталдын калыбына келүүсүнө (амортизация фонду) багытталган айлануудан бошогон акча каражаттары; айлануу капиталынын бир бөлүгү, ал товарды сатуу убактысы менен чийки зат, күйүүчү зат, материал сатып алуусу дал келбегендигинен пайда болот да акча түрүндө бөлүнүп чыгат; товарды сатып өткөрүүдөн акчанын түшүүсү менен эмгек акыны төлөөнүн ортосундагы мезгилде убактылуу бош капитал.

Карыз капиталдын башка булагы - бул акча кирешеси жана жеке сектордон топтоо. 50-60-жылдардан баштап кызматчылардын жана иштегендердин акча сактоого кызыктыруу иштери күчөдү. Буга биринчиден, өнүккөн өлкөлөрдүн социалдык экономикалык абалы, керектөө тармагындагы өзгөрүү көмөк болду.

Карыз капиталдын 3-булагы болуп, мамлекеттин акча топтоосу эсептелинет. Анын өлчөмдөрү мамлекеттик менчиктин көлөмү, улуттук дүң продукттун үлүшү менен аныкталат.

Ошентип, төмөнкү жыйынтыкка келебиз: өнөр жай жана соода капиталынын айлануусунун негизинде пайда болгон бош акча каражаттары, жеке жана мамлекеттик сектордун акча топтоолору карыз капиталынын негизги булагын түзөт.

Карыз капиталдын наркы - үстөк пайыз. Күндөлүк товар жана кызматтын наркынан айырмаланалып, үстөк пайыз карыз капиталдын керектөө наркын төлөө болуп саналат. Кредитти колдонуудан түшкөн киреше үстөк пайыздын булагы болуп эсептелинет.

Кредиттин наркынын даана көрүнүшүн үстөк пайыздын ченеми же пайыздык өлчөм берет. Үстөк пайыздын ченеми карыз капиталдан алынган жылдык кирешенин 100-гө көбөйтүлгөн кредиттик жыйындысынын катышын көрсөтөт. Үстөк пайыздын ченеми үстөк пайызга жана ишкердүүлүктүн кирешесине бөлүнгөн пайдага баганаңкы. Үстөк пайыз пайданын ченеминен жогору боло албайт. Себеби, карыз капиталдын баасы анын наркын көрсөтпөйт, анын өзгөрүшү нарктын мыйзамы менен башкарылбайт.

Үстөк пайыздын нормасы суроо-талап менен сунуштун айкалышына көз каранды. Алар төмөнкү жагдайлар менен аныкталат:
• өндүрүштүн чек-өлчөмдөрү;
• бүткүл коомдун акча топтоосунун жана сактоосунун өлчөмдөрү;
• инфляциянын өнүгүшү; инфляциянын күчөшүндө үстөк пайыздык өлчөмдөр өсөт;
• өндүрүштүк түрмөктүн олку-солкулуктары;
• анын сезондук шарттары;
• рынок конъюнктурасы жана рыноктогу олку-солкулуктар;
• үстөк пайыздык өлчөмдөрдүн мамлекеттик жөнгө салынуусу;
• эл аралык факторлор, тагырак айтканда, төлөө баланстарынын тең салмаксыздыгы, валюталык багыт баалардын олку-солкулуктары; валюталык кризистер, капиталдардын кыймылындагы үстөк пайыз деңгээлдеринин согушу (мисалы 80-ж.ж).

Жогоруда айтылгандардан жыйынтык чыгарсак, үстөк пайыздын ченеми базардык механизм менен байланышкан, ошондой эле ал мамлекеттик жөнгө салууга көз каранды болот. Карыз, үстөк пайыз 2 милдетти аткарат: ишкананын пайдасы же жеке сектордун кирешесин кайра бөлүштүрүү жана карыз капиталдарды пайдалуу жайгаштыруу жолу менен өндүрүштү жөнгө салуу.

Түрмөктүк олко-солкулук учурунда кризистин өнүгүүсү кызык. Карыз капитал негизинен милдеттери аныкталган капиталдын айлануусун, анын кыймылынын мыйзам ченемдүүлүгүн тейлейт. Ал мыйзамченемдүүлүк анын өндүрүштүк түрмөктүк олку-солкулуктары менен шартталат. Өнөр жай көтөрүлүүсүнүн жандануу мезгилинде карыз капиталдын көлөмүнүн өсүшү өндүрүштүн жана товар айлануусунун кеңейишинен артта калат да, карыз капиталга суроо-талап жана үстөк пайыз ченеми өсөт. Кризис учурунда өндүрүштүн кыскарышы жана чыныгы капиталдын ашыгы карыз капиталдын жетишсиздиги жана үстөк пайыз ченеминин кескин көтөрүлүшү менен айкалышат. Азыркы учурда жогоруда берилген кредиттин аныктамасы дайыма талаптарга жооп бербейт. К.Маркс кредит чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөрдү кийинки мезгил үчүн карай алган эмес. Өзгөчө, кредиттин жаңы түрлөрүнүн пайда болушун, катышуучуларынын курамынын кеңейишин. Алар ачык базарда иш аракеттерди жүзөгө ашырышат. Мисалы, жумушчунун же кызматчынын банк аркылуу керектөөчүлүк кредит алганы, же болбосо, жеке жактын авто-унаа сатып алууга жумшалган 2-3 жылдык кредити пайда болгондо, сатып алуучу - карыз алуучу болуп калгандыгы.

Жаңы шарттарда коммерциялык кредит өзгөчө орунду ээлейт - төлөөнү кечиктирүүнү эске алуу менен бир компаниядан экинчисине товарды жөнөтүү, ошондой эле, лизинг - бир нече жылда карыздан кутулуу менен авто-унаа, эмерек, транспорт ишканаларын арендалоо. Бул мүмкүнчүлүктөрдү карыз капиталдык кыймылы менен анытоо кыйын.

Демек, «кредит» түшүнүгү өзгөрөт, ал өзүнүн карыз капиталдын кредитордон карыз алганга өткөрүү ишарасы катары жайыла албайт. Жаңы шарттарда бир катышууну карызга батырууга алып келген экономикалык же каржылоо иш аракети кредиттик бүтүм болуп эсептелинет. Карызды төлөө карыз болгон адам акча түрүндө белгилүү бир мөөнөттө же кечиктирүү аркылуу жүргүзөт. Карыздан тышкары жалпы жыйынга үстөк пайыз да кошулат.

Экономика тармагында кредиттин орду жана ролу анын милдеттери менен аныкталат.

Кайра бөлүштүрүү милдети. Анын жардамы менен бош турган акча капиталдары жанан ишканалардын кирешелери, жеке сектордун жана мамлекеттин кирешелери бир жерге топтоштурулат. Ошону менен ал акча каражаттары карыз капиталга айланат. Ар кандай кредиттик, каржылык институттар, бүткүл кредиттик жыйымдар аркылуу карыз капитал чарбанын түрдүү тармактарынын арасында кайрылып келүүсүнүн негизинде кайра бөлүштүрүлөт, бош турган акча жетишпеген чөйрөгө чегерилет. Ошону менен бир тармакта капиталдын жетишсиздигинин бөксөсү толтурулат, кайтарымдуу колдонулушу (акчанын) камсыздалат, жүгүртүү тездейт жана башка көп пайданы алып келет.

Кредит биринчи ирет чоң пайда алууну камсыздаган же экономиканы өнүктүрүүнүн жалпы улуттук программасын ишке ашырган чөйрөгө багыттанат. Пайданын тармактык ченемдерин түзүүдөгү (орточо), пайда өлчөмүнүн арбышына кредит ыкташат. Пайда өлчөмүнүн арбуусу өндүрүштүк тең салмактуулукту жөнгө салууда жана бүтүн коомдун кызыкчылыгында акча капиталын башкарууну камсыз кылат.

Жүгүртүм чыгымдарын үнөмдөө милдети акча жыйымынын, төлөө жүгүртүмүнүн, акчанын айлануу ылдамдуугунун курамына таасир этүү менен жүргүзүлөт. Кредиттин пайда болушу менен кредиттик акчалардын жөнөкөй түрлөрү түзүлдү: карыз милдеттенмелери, векселдер, чектер. Кредит толук акчанын кредит менен алмаштырылышына шарт түзөт, андан кийин алтындын жүгүртүмдөн чыгарылышын шарттайт. Жаңы кредит да жүгүртүмдүн чыгымдарын үнөмдөө милдетин аткарат. Бул учурда банктык эсептердин жана аманаттардын, депозиттик тастыктамалардын, кредиттик карточкалардын жана ар кандай НАУ, АТС түрүндөгү эсептерди колдонуунун каражаттарын өнүктүрүүнү, накталай төлөө жүгүртүмүн нактай эмес чыгарылышын, акча агымдарынын кыймылынын тездешин шарттайт.

Капиталдын топтолуусунун тезделиши. Экономикада убакыт эсеби зор роль ойнойт. Капиталдын жүгүртүмүнүн мөөнөтүн үнөмдөө анын өндүрүштүк функционалдаштырылуусунун мөөнөтүн узартат, өндүрүштүн кеңейүүсүн жана пайданын арбуусун камсыздайт. Кредиттик механизмдин жардамы менен капиталдын топтолушунун кыймылы ылдамырак жүрөт жана капиталдын борборлоштурулушу артат. Ал пайданын көбөйүшүнө алып келет жана жүгүртүм чыгымдарын азайтат.

2. Кредиттин түрлөрү

Кредит: коммерциялык, банктык керектөөлүчүлүк, лизинг, ипотекалык, мамлекеттик жана эл аралык түрлөрдө каралат. Алар катышуучулардын, карыздардын курамы, өнүгүү кыймылы, үстөк пайыздын арбындыгы жана функционалдаштыруусу боюнча айырмаланат.

Коммерциялык кредит - бир функционалдаштыруучу ишкер башкасына төлөөнү кечиктирүү шарты менен товарды сатуу түрүнөн пайда болгон кредит.

Ал өнөр жай капиталынын жүгүртүмүнүн, өндүрүштөн керектөө чөйрөсүнө товарлардын кыймылын тездетүүсүн тейлейт. Бул кредиттин өзгөчөлүгү - карыз капитал өнөр жай капиталы менен бириккендигинде. Коммерциялык кредиттин максаты - товарлардын сатылып өткөрүлүүсүн тездетүү жана пайда алуу. Бул кредиттин өлчөмдөрү өнөр жай жана соода капиталдарынын кошумча сакталган кредиттеринин чоңдугу менен чектелген. Бул капиталдардын колдонулушу бүтүмдөрдүн шартынын белгилеген багыттарында жүргүзүлөт; өндурүш каражаттарын өндүргөн ишкер адамдан аларды керектеген ишкер адамга же болбосо товар өндүргөн ишкер адамдан аларды сатуучу соода фирмаларына өткөрүлөт.

Монополисттик капитализмге чейинки доордо кредит товарды кайра өндүрүү жана сатып өткөрүү аракеттеринин үзгүлтүксүздүгүн камсыздаган кредит тармагынын негизи болгон. Азыркы учурда фирмалар сатып өткөрүүнүн бул түрлөрүн активдүү колдонушат. Ал төлөөнү кечиктирүү менен сатуу. Ал майда жана орто фирмалардын төлөө мүмкүнчүлүгүнүн чектүүлүгүн, товар наркынын өсүшүн, кредиттик чектүүлүктү көрсөтөт. Төлөөнү кечиктирүүнү майда фирмалар гана эмес ири фирмалар да колдонот. Бул учурда алар кредитор катары да, карыз алуучу да болушу мүмкүн. Коммерциялык кредит чектелген мүмкүнчүлүккө ээ. Себеби, аны каалаган кредит берүүчүдөн алууга болбойт, ошол товарды өндүрүүчүдөн гана алууга болот. Ал өлчөмдөр менен чектелген, кыска мөөнөттүү мүнөзгө ээ, карыз алуучу болсо узак мөөнөттүү кредитке муктаж. Коммерциялык кредиттин чектүүлүгү банк аркылуу тастыкталат.

Банктык кредит - банк жана башка кредиттик-каржылык мекемелер аркылуу ишкерлерге жана башка карыз алуучуларга акча капиталынын акча карызы түрүндө берилет. Бул кредиттин объекти болуп өнөр жай капиталынан бөлүнгөн акча капиталы саналат. Карыздын бүтүмү алуу-сатуунун актыларынан бөлүнгөн. Карыз алуучу катары фирма, мамлекет, жеке сектор, кредитор караты болсо кредиттик-каржылык мекемелер эсептелет. Кредитордун максаты - үстөк пайыз түрүндө киреше алуу. Кредит берүүчү карыз капиталды карыз алуучу кайтарып берүүсүн, мөөнөтүн жана үстөк пайызды төлөп берүүсүн талап кылат. Жогоруда айтылгандай, банктык кредит коммерциялык кредиттин чектеринен ашып кетет, себеби ал мөөнөт, багыт жана кредиттик операциялардын жыйындылары менен чектелген эмес. Анын колдонуу чөйрөсү кеңирирээк: коммерциялык кредит товарлардын айлануусун гана тейлейт, банктык кредит - капиталды топтоону тейлейт, бул учурда акча кирешесинин жана сактоонун (коомдун баардык катмарынын) бөлүгүн капиталга айландырат. Коммерциялык векселдин банктык вексель менен алмаштырылышы кредитти ийкемдүү кылат, анын кайтарымын кеңейтет, камсыз болуусун арттырат. Банктар карыз алуучуларга кредиттөө жөндөмдүүлүгүн кепилдейт.