Эврейлерге жазган каты

Wikibooks дан

1-БӨЛҮМ

Кудай Өзүнүн Уулу аркылуу сүйлөгөн

1 Буга чейин ата-бабаларыбызга пайгамбарлар аркылуу ар кандай жолдор менен сүйлөп келген Кудай

2 акыркы күндөрдө бизге Уулу аркылуу сүйлөдү. Ал аркылуу Кудай ааламды жараткан жана Аны баарына мураскор кылып дайындаган.

3 Уул Теңирдин даңкын чагылдырып турат, Ал – Анын табиятынын толук көчүрмөсү. Ал Өз Сөзүнүн күчү менен бардык нерсени кармап турат. Күнөөлөрдөн тазалоону ишке ашыргандан кийин, Ал асмандагы улуу Кудайдын оң жагына отурду.

4 Периштелерден Ал канчалык жогору болсо, алардын алдында Анын мураска алган ысымы да ошончолук жогору.

5 Кудай периштелердин кимисине: «Сен Менин Уулумсуң, бүгүн Мен Сенин Атаң болдум» же «Мен Ага Ата болом, Ал Менин Уулум болот», – деп айтты эле?

6 Тун Уулун дүйнөгө кайра дагы алып киргенде, Ал мындай дейт: «Кудайдын бардык периштелери Ага табынышсын».

7 Периштелер жөнүндө Ыйык Жазууда мындай деп айтылган: «Сен Өзүңдүн периштелериңди шамал, кызматчыларыңды жалындаган от кыласың».

8 Ал эми Уул жөнүндө мындай деп айтылган: «Оо, Кудай, Сенин тактың түбөлүктүү, Сенин Падышачылыгыңдын таягы – адилеттик таягы.

9 Сен чындыкты сүйүп, мыйзамсыздыкты жек көрдүң. Мына ошон үчүн Кудай, Сенин Кудайың, жолдошторуңа караганда Сени кубаныч майы менен көбүрөөк майлаган.

10 Сен, Теңир, адегенде жерди негиздегенсиң, асманды да Сенин колдоруң жараткан.

11 Алар жок болушат, Сен болсо түбөлүк жашайсың. Алардын баары чапандай эскирет.

12 Сен аларды жабуудай түрөсүң, кийимдей алмаштырасың, алар өзгөрөт. Бирок Сен ошол бойдонсуң, Сенин жылдарыңдын аягы жок».

13 Кудай периштелердин кимисине: «Мен Сенин душмандарыңды бут алдыңа жыгып бергенге чейин, Менин оң жагыма отур», – деп айтты эле?

14 Периштелердин баары куткарылууну мураска алчуларга кызмат кылуу үчүн, Теңир тарабынан жиберилген кызмат кылуучу рухтар гана эмеспи?

2-БӨЛҮМ

Сак болуу жөнүндө

1 Ошондуктан ишенимден тайбаш үчүн, уккан сөзүбүзгө өзгөчө маани беришибиз керек.

2 Эгерде периштелер аркылуу жарыяланган сөз милдеттендирүүчү сөз болгон болсо, ар бир күнөө, тил албастык тиешелүү жазасын алган болсо,

3 ушундай улуу куткарылууну барк албай койсок, анда биз жазадан кантип качып кутулабыз? Башында Теңир тарабынан жар салынган бул куткарылууну бизге Андан уккандар ырастап беришти.

4 Кудай да аны Өзүнүн керемет-жышаандары, ажайыптары, ар түрдүү күчтөрү жана Өз каалоосуна жараша Ыйык Рухту бөлүштүрүп берүүсү менен күбөлөндүргөн.

Машайактын кемсинтилиши жана даңкталышы

5 Анткени Кудай биз айтып жаткан келечектеги ааламды периштелерге багындырып берген эмес.

6 Бирөө бир жерде мындай деп күбөлөндүргөн экен: «Сен унутпагыдай, адам ким? Өзүң келип тургудай, адам баласы ким?

7 Сен аны периштелердин алдында бир аз убакытка эле басынттың. Ага урмат менен атак-даңкты таажы кылып кийгиздиң. Аны Өз колуң менен жасагандарыңдын үстүнө башчы кылып койдуң.

8 Бардыгын бут алдына жыгып, багындырып бердиң». Бардыгын Ага багындырып бердиң, Ага багындырылбаган нерсе калган жок, бирок баары Ага багындырылганын азырынча көрө элекпиз.

9 Бирок биз периштелердин алдында бир аз эле убакытка басынтылган Ыйсанын өлүмдү баштан кечиргендиги үчүн даңк менен урматты таажы катары кийгендигин көрдүк. Ал Кудайдын ырайымы боюнча бардыгы үчүн өлүмдү башынан кечирди.

10 Баары Ал үчүн жана Ал аркылуу жаратылган. Көптөгөн балдарын даңкка жетелеген Ал алардын куткарылуусунун Башчысын азап чегүүлөр аркылуу жеткилең кылышы керек эле.

11 Анткени ыйыктаган да, ыйыкталгандар да – баары бир Атадан. Ошондуктан Ыйса аларды бир туугандарым дегенден уялбайт:

12 «Сенин ысымыңды бир туугандарыма жарыялайм, Сени жыйында даңктап ырдайм», – дейт.

13 Ошондой эле: «...Мен Андан үмүттөнөм», дагы: «Мына, Мен жана Кудайдын Мага берген балдары», – дейт.

14 Балдарынын денеси эттен жана кандан тургандыктан, Ыйса да эт менен кандан турган денеге ээ болду. Ал Өз өлүмү менен өлүм бийлигине ээ шайтанды күчүнөн ажыратыш үчүн,

15 өлүмдөн коркуп, өмүр бою кул болуп жүргөндөрдү эркиндикке чыгарыш үчүн, денеге ээ болду.

16 Себеби Ал периштелер үчүн эмес, Ыбрайымдын тукуму үчүн кам көрөт.

17 Ошондуктан Ал Кудай алдында ырайымдуу, ишенимдүү Башкы ыйык кызмат кылуучу болуш үчүн, адамдардын күнөөлөрү үчүн чалына турган ырайым курмандыгы болуш үчүн, бардык жагынан бир туугандарына окшош болууга тийиш эле.

18 Өзү сыналып азап чеккендиктен, сыналып жаткандарга да жардам бере алат.

3-БӨЛҮМ

Машайак Мусадан жогору

1 Ошондуктан, ыйык бир туугандар, асман чакырыгынын катышуучулары, биздин ишенимибиздин негизи болгон Элчи жана Башкы ыйык кызмат кылуучу Ыйсаны карагыла.

2 Кудай үйүндө бардык жагынан Кудайга ишенимдүү болгон Муса сыяктуу эле, Ыйса да Өзүн дайындаган Кудайга ишенимдүү.

3 Үйдү курган адам үйгө караганда чоң урматка ээ болгондой эле, Мусага караганда Ыйса чоң урматка ээ.

4 Ар бир үйдүн куруучусу бар, ал эми бардык нерсенин куруучусу – Кудай.

5 Муса болсо жарыяланышы керек болгон сөздөрдү жарыялаш үчүн, Кудай үйүндө кызматчы катары бардык жагынан ишенимдүү болгон.

6 Ал эми Машайак Анын үйүндө Уулу катары ишенимдүү. Анын үйү болсо бизбиз. Эгерде кайраттуулугубузду жана мактанган үмүтүбүздү аягына чейин бекем сактасак, Анын үйүбүз.

Ишенбестикке карата эскертүү

7 Ошондуктан Ыйык Рух айткандай: «Бүгүн Анын үнүн укканыңарда,

8 чөлдөгү сыноо күндөрүндөгү козголоң убагындагыдай, жүрөгүңөрдү катуулантпагыла.

9 Ата-бабаларыңар ал жерде Мени сынашты, кырк жыл бою Менин иштеримди көрүштү.

10 Ошондуктан Мен ал муунга каардана мындай дедим: “Жүрөктөрү кайра-кайра адашат, алар Менин жолдорумду таанып билишкен жок”.

11 Ошондуктан Мен каарданып турганымда: “Алар Менин бейпил жайыма киришпейт”, – деп ант бергем».

12 Бир туугандар, сак болгула, тирүү Кудайдан баш тартпашыңар үчүн, эч кимиңердин жүрөгүңөрдө амалкөйлүк, ишенбестик болбосун.

13 Кимдир бирөөңөр күнөөгө азгырылып, жүрөгүңөрдү катуулантпашыңар үчүн, «бүгүн» деп айта турган күн келгенге чейин, ар күнү бири-бириңерге акыл-насаат айткыла.

14 Баштапкы ишенимибизди акырына чейин бекем сактаганда гана Машайак менен катышыбыз болот.

15 Жогоруда айтылгандай: «Бүгүн Анын үнүн укканыңарда, козголоң убагындагыдай, жүрөгүңөрдү катуулантпагыла».

16 Анын үнүн уккандар, Ага каршы чыккандар кимдер эле? Мусанын жетеги менен Мисирден чыккандардын баары эмес беле?

17 Кырк жыл бою Кудай кимге каарданды эле? Күнөө кылгандарга эмеспи? Алардын сөөгү чөлдө калган.

18 «Алар Менин бейпил жайыма киришпейт», – деп, баш ийбегендерге каршы ант бербегенде, анан кимге каршы ант берди эле?

19 Ошентип, биз алардын ишенбестиктен улам кире албагандыгын көрүп турабыз.

4-БӨЛҮМ

Кудай убада кылган тынчтык

1 Анын бейпил жайына кирүү жөнүндөгү убада күчүндө турганда, арабыздан эч ким кечигип калбашы үчүн сак бололу.

2 Аларга жарыяланган сыяктуу эле, Жакшы Кабар бизге да жарыяланды. Ишеним менен кабыл алышпагандыктан, аларга өздөрү уккан сөз пайда алып келген жок.

3 Ал эми биз, ишенгендер, бейпил жайга киребиз. Анткени Кудай мындай деген: «Каарданып турганымда, мындай деп ант бердим: “Алар эч качан Менин бейпил жайыма киришпейт”». Өзүнүн иштери дүйнө жаратылып бүткөн кезде эле аягына чыккан болсо да, Ал ушинтип айткан.

4 Ыйык Жазууда жетинчи күн жөнүндө мындай деп айтылган: «... Өзүнүн бардык иштерин бүтүрүп, жетинчи күнү эс алды».

5 Ошондой эле: «Алар Менин бейпил жайыма киришпейт», – деп да айтылган.

6 Ошентип, кээ бирөөлөрдүн бейпил жайга кирери шексиз. Ал эми мурун уккандар өздөрүнүн тил албастыгынан улам киришкен жок.

7 Ушунча көп убакыт өткөндөн кийин, жогоруда айтылгандай, Дөөт аркылуу: «Бүгүн Анын үнүн укканыңарда, жүрөгүңөрдү катуулантпагыла», – деп айтуу менен, дагы бир күндү – «бүгүндү» белгиледи.

8 Эгерде Нундун уулу Жашыя аларды бейпил жайга киргизген болсо, анда Кудай ошондон кийин башка бир күн жөнүндө сөз кылбас эле.

9 Демек, Кудайдын эли үчүн ишемби күн али алдыда.

10 Кудай Өз иштерин бүтүргөндөн кийин эс алгандай эле, Анын бейпил жайына кирген адам да өз иштерин бүтүргөндөн кийин эс алат.

11 Ошондуктан ошол бейпил жайга кирүүгө аракеттенели. Эч ким аларга окшоп тил албастык кылып жыгылбасын.

12 Себеби Кудайдын Сөзү тирүү жана таасирдүү, кош миздүү ар кандай кылычтан курч: ал жандан рухту ажыратып, муунга чейин, сөөктүн чучугуна чейин жетет, жүрөктөгү ойлорду, ниетти соттойт.

13 Андан жашыруун эч бир жан жок. Анын көз алдында баары ачык-айкын. Анын алдында жооп беребиз.

Машайак – улуу Башкы ыйык кызмат кылуучу

14 Асмандан да жогору көтөрүлүп кеткен улуу Башкы ыйык кызмат кылуучубуз Кудай Уулу Ыйса бар болгондуктан, ачык тааныган ишенимибизди бекем туталы.

15 Ал биздин алсыздыгыбызга боору оорубаган Башкы ыйык кызмат кылуучу эмес. Ал биз сыяктуу бардык жагынан сыналган, бирок күнөө кылган эмес. Биздин ушундай Башкы ыйык кызмат кылуучубуз бар.

16 Ошол себептен жардам керек болгон убакта Анын мээримин көрүп, Андан ырайым табыш үчүн, ырайым тактысына кайраттуулук менен жакындайлы.

5-БӨЛҮМ

1 Адамдардын арасынан тандалып алынган ар бир башкы ыйык кызмат кылуучу адамдар үчүн Кудайга кызмат кылууга, алардын күнөөлөрү үчүн алып келген тартуулары менен курмандыктарын Кудайга алып келүүгө дайындалат.

2 Өзү да алсыз болгондуктан, түркөй жана адашкан адамдарга ырайымдуу мамиле кыла алат.

3 Ошондуктан ал Кудайга өз күнөөсү үчүн да, элдин күнөөсү үчүн да курмандык алып келиши керек.

4 Адам башкы ыйык кызмат кылуучу болуу урматына өзү ээ боло албайт. Ал бул урматка Арун сыяктуу Теңир тарабынан чакырылганда гана ээ болот.

5 Ошол сыяктуу эле Машайак да Башкы ыйык кызмат кылуучу болуу даңкына Өзү ээ болгон жок. «Сен Менин Уулумсуң, бүгүн Мен Сенин Атаң болдум» деген Кудай Аны даңкка ээ кылды.

6 Башка бир жерде Ал мындай дейт: «Сен Малки-Седек даражасындагы түбөлүктүү Ыйык кызмат кылуучусуң».

7 Ал адам болуп жашап жүргөн күндөрүндө өлүмдөн алып кала алчу Кудайга катуу үн менен сыйынды, көз жаш менен жалбарды. Кудайды урматтагандыгы үчүн, Анын сыйынуусу угулду.

8 Ал Кудайдын Уулу болгонуна карабастан, азап чегүү аркылуу моюн сунууга үйрөндү.

9 Жеткилеңдикке жеткен Ал Өзүнө моюн сунган адамдардын баары үчүн түбөлүктүү куткарылуунун булагы болуп калды.

10 Кудай тарабынан Ага Малки-Седек даражасындагы Башкы ыйык кызмат кылуучунун наамы берилди.

Ишенимден тайбоо, жеткилеңдикке умтулуу

11 Бул тууралуу көп эле нерсени айтышыбыз керек эле, бирок силердин түшүнүшүңөр кыйын, анткени силер угууга жөндөмсүз болуп калдыңар.

12 Убакыт боюнча алып караганда, силер окутуучу болуп калышыңар керек эле, бирок силерге кайрадан Кудай Сөзүндөгү окутуунун алгачкы негиздерин үйрөтүш керек болуп калды. Силерге күчтүү тамак эмес, сүт керек.

13 Ким сүт менен азыктанса, ал чындык сөзү боюнча тажрыйбасыз, анткени ал али наристе.

14 Күчтүү тамак болсо акыл-сезими жаман-жакшыны айырмалай билүүгө көнүккөн жеткилең адамдар үчүн.

6-БӨЛҮМ

1-2 Ошондуктан Машайак жөнүндөгү окутуунун алгачкы негиздерине токтоло бербей, өлүк иштер үчүн тобо кылуу, Кудайга ишенүү, чөмүлдүрүүлөр, кол коюу, өлгөндөрдүн тирилиши жана түбөлүк сот жөнүндөгү алгачкы түшүнүктөргө кайра-кайра кайрыла бербей, жеткилең болууга умтулалы.

3 Кудай кааласа, муну да кылабыз.

4 Бир кезде чындыкты билген, асман белегинен даам таткан, Ыйык Рухка үлүштөш болгон,

5 Кудайдын жакшы Сөзүнүн жана келечектеги замандын кудуретинин даамын таткан адамдар

6 ишенимден четтеп кетишсе, аларды кайрадан тобо кылдыруу аркылуу баштапкы абалына келтирүү мүмкүн эмес. Анткени алар ушинтүү менен Кудай Уулун кайрадан айкаш жыгачка керип, жаманатты кылышууда.

7 Жамгыр менен көп жолу сугарылып, дыйкандарга өз түшүмүн берген жер Кудайдан бата алат.

8 Ал эми төө тикен менен коко тикенди өстүргөн жер – жараксыз, каргышка кала турган, акыры өрттөлө турган жер.

9 Сүйүктүүлөрүм, ушинтип айтканыбыз менен, силердин абалыңар мындан жакшыраак экенине жана куткарылууну бекем тутуп жүргөнүңөргө ишенебиз.

10 Анткени Кудай адилетсиз эмес, Ал силердин эмгегиңерди жана Анын ысымы үчүн ыйыктарга көрсөткөн сүйүүңөрдү, аларга кылган жана кылып жаткан кызматыңарды унутпайт.

11 Толук үмүткө ээ болуш үчүн, ар бириңердин аягына чейин ушундай аракет кылышыңарды каалайбыз.

12 Жалкоолонбогула, убадаланганды ишеними жана чыдамдуулугу менен мурастагандардан үлгү алгыла.

13 Кудай Ыбрайымга убада бергенде, Өзүнөн жогору эч ким жок болгондуктан, Өзү менен ант берип, мындай деген:

14 «Сага батамды мол берем, сенин тукумуңду көбөйткөндөн көбөйтөм».

15 Ыбрайым чыдамдуулук менен күтүп, убадаланганга ээ болду.

16 Адамдар жогорку нерсе менен ант беришет, ант айтылган сөздү бекемдеп, талаш-тартышты токтотот.

17 Ошол сыяктуу эле Кудай да убадалангандын мураскорлоруна Өз эркинин өзгөрбөстүгүн ачыгыраак көрсөткүсү келгендиктен, убадасын ант менен бекемдеди.

18 Баш паанек тапкан жана алдыбыздагы үмүттү карманган биз Кудайдын калп айтууга мүмкүн болбогон өзгөргүс эки нерсеси – убадасы жана анты менен сооронушубуз үчүн ошондой кылды.

19 Биздин жаныбыз үчүн кеменин оор кайырмак темириндей бекем жана ишенимдүү болгон ал үмүт көшөгөнүн артына өтө алат.

20 Ыйса түбөлүккө Малки-Седек даражасындагы Башкы ыйык кызмат кылуучу болуп, ошол жерге бизден мурун, биз үчүн кирди.

7-БӨЛҮМ

Ыйык кызмат кылуучу Малки-Седек

1 Малки-Седек – Шалем падышасы жана баарынан жогору турган Кудайдын ыйык кызмат кылуучусу. Ал падышаларды жеңип кайтып келе жаткан Ыбрайымды тосуп чыгып, ага батасын берген.

2 Ошондо Ыбрайым ага колунда болгон бардык нерсесинин ондон бир бөлүгүн берген. Малки-Седек ысымынын мааниси «Адилдик падышасы» болсо, Шалем падышасы «Тынчтык падышасы» дегенди билдирет.

3 Малки-Седектин ата-энеси, ата-теги, өмүр таржымалы жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Кудайдын Уулуна окшогон ал түбөлүккө ыйык кызмат кылуучу болуп кала берет.

4 Көрдүңөрбү, ал кандай улуу адам болгон! Түпкү атабыз Ыбрайым ага олжосунун ондон бир бөлүгүн берген.

5 Лебинин тукумунан чыккан ыйык кызмат кылуучулар Кудайдын осуяты боюнча элден, башкача айтканда, өз бир туугандарынан, алар да Ыбрайымдан тараганына карабастан, ондук алышкан.

6 Ал эми Малки-Седек Леби уруусунан чыкпаса да, Ыбрайымдан ондук алган жана Кудайдын убадасына ээ болгон ага батасын берген.

7 Бата берген адам бата алган адамдан жогору болору талашсыз.

8 Бул жерде көзү өтүп кетчү адамдар ондук алып жатат, ал жерде болсо тирүү экендиги тууралуу күбөлөндүрүлгөн адам алып жатат.

9 Ондук алып жаткан Леби өзү да Малки-Седекке Ыбрайым аркылуу ондук берген десек болот.

10 Анткени Малки-Седек Ыбрайым менен жолукканда, Леби атасы Ыбрайымдын денесинде эле.

Машайак – Малки-Седек сыяктуу Ыйык кызмат кылуучу

11 Эгерде лебилердин кызматы аркылуу жеткилеңдикке жетүүгө мүмкүн болсо (Тоорат мыйзамы Ысрайыл элине лебилердин кызматынын негизинде берилген), Арундун даражасындагы эмес, Малки-Седектин даражасындагы башка бир Ыйык кызмат кылуучунун келишинин кандай зарылчылыгы бар эле?

12 Анткени ыйык кызмат кылуучулардын кызматы өзгөрүлгөндө, мыйзам да өзгөрүлүшү керек болуп калат.

13 Анткени бул жерде сөз болуп жаткан Адам башка уруудан. Анын уруусунан эч ким курмандык чалынуучу жайда кызмат кылган эмес.

14 Теңирибиздин Жүйүт уруусунан чыккандыгы белгилүү. Бул уруунун ыйык кызматка катышуусу тууралуу Муса эч нерсе айткан эмес.

15 Малки-Седекке окшогон башка бир Ыйык кызмат кылуучунун чыгышы муну ого бетер ачык көрсөтүп турат.

16 Ал адамдык мыйзам боюнча эмес, тескерисинче, соолубас өмүрдүн күчү боюнча Ыйык кызмат кылуучу болгон.

17 Анткени: «Сен Малки-Седек даражасындагы түбөлүктүү Ыйык кызмат кылуучусуң», – деп күбөлөндүрүлгөн.

18 Мурунку мыйзам күчсүз, пайдасыз болгондуктан, жокко чыгарылат.

19 Себеби мыйзам эч нерсени жеткилеңдикке жеткирген жок. Бирок мурункудан жакшы үмүт берилүүдө, ал аркылуу биз Кудайга жакындайбыз.

20 Ал антсыз Ыйык кызмат кылуучу болгон эмес. Тигилер антсыз ыйык кызмат кылуучулар болушкан.

21 Ал Теңирдин «Теңир ант берген, аны өзгөртпөйт: Сен Малки-Седек даражасындагы түбөлүктүү Ыйык кызмат кылуучусуң» деген анты боюнча Ыйык кызмат кылуучу болгон.

22 Ошентип, Ыйса мурункудан жакшы келишимдин кепили болуп калды.

23 Ыйык кызмат кылуучунун кызматын көптөр алып барышкан, анткени бир гана адамдын ыйык кызмат кылуучу болушуна өлүм жол берген эмес.

24 Ал эми Ыйса түбөлүк жашагандыктан, туруктуу Ыйык кызмат кылуучу.

25 Ошондуктан Ал Өзү аркылуу Кудайга келгендердин баарын толук куткара алат. Ал түбөлүк тирүү болгондуктан, алар үчүн арачылык кылат.

26 Башкы ыйык кызмат кылуучубуз ыйык, жамандыктан алыс, кемчиликсиз, күнөөкөрлөрдөн бөлүнгөн, асмандан да жогору көтөрүлгөн Башкы ыйык кызмат кылуучу болушу керек.

27 Ал мурунку башкы ыйык кызмат кылуучуларга окшоп, адегенде Өзүнүн, андан кийин элдин күнөөлөрү үчүн Кудайга күн сайын курмандык алып келүүгө муктаж эмес. Анткени Ал муну Өзүн Өзү курмандыкка алып келүү менен бир жолу жана биротоло кылды.

28 Мыйзам адамдык алсыздыгы бар адамдарды башкы ыйык кызмат кылуучу кылып дайындаган. Бирок мыйзамдан кийин келген, ант менен бекемделген сөз түбөлүктүү жеткилең Уулду Башкы ыйык кызмат кылуучу кылып дайындады.

8-БӨЛҮМ

Ыйса – жаңы келишимдин Башкы ыйык кызмат кылуучусу

1 Биз айтып жаткандардын эң башкысы бул: Улуулуктун тактысынын оң жагында отурган Башкы ыйык кызмат кылуучубуз бар.

2 Ал – чыныгы жыйын чатырынын жана адам эмес, Теңир тургузган ыйык жайдын Ыйык кызмат кылуучусу.

3 Ар бир башкы ыйык кызмат кылуучу тартууларды жана курмандыктарды Кудайга алып келүү үчүн дайындалат. Ошол себептүү биздин Башкы ыйык кызмат кылуучубуздун да Кудайга алып келгенге бир нерсеси болушу керек.

4 Эгерде Ал жерде калса, анда Ыйык кызмат кылуучу болмок эмес. Анткени мыйзам боюнча Кудайга курмандык алып келе турган ыйык кызмат кылуучулар бар.

5 Алар асмандагынын бейнеси менен көлөкөсүнө кызмат кылышат. Муса жыйын чатырын курууга киришкенде, ага Кудай тарабынан мындай деп айтылган: «Байкагын, аларды Мен сага тоодо көрсөткөн үлгү боюнча жаса».

6 Бул Башкы ыйык кызмат кылуучу мурункудан жогору кызматты алды, Ал – мурункудан жакшы келишимдин арачысы, ал келишим мурункудан жакшы убадаларга негизделген.

7 Эгерде биринчи келишим кынтыксыз болсо, экинчисинин кереги жок болмок.

8 Ал аларды мындай деп жемелейт: «Ысрайыл жана Жүйүт менен Мен жаңы келишим түзө турган күндөр келе жатат.

9 Бирок бул келишим Менин алардын ата-бабалары менен түзгөн келишимимдей эмес. Мен ал келишимди алардын ата-бабаларын Мисир жеринен алып чыгыш үчүн, аларды колунан алган күнү түзгөм. Бирок алар келишимди сакташкан жок, ошондуктан Мен алардан жүзүмдү бурдум, – дейт Теңир.

10 Бирок ошол күндөрдөн кийин Мен Ысрайыл менен мындай келишим түзөм, – дейт Теңир, – Мен Өзүмдүн мыйзамдарымды алардын акылына салам, алардын жүрөктөрүнө жазам, алардын Кудайы болом, алар болсо Менин элим болушат.

11 Ошондон кийин эч ким өз жакынын, эч ким өз бир тууганын: “Теңирди таанып билгиле”, – деп үйрөтпөй калат, анткени алардын бардыгы, кичинесинен чоңуна чейин, Мени таанып билишет.

12 Анткени Мен аларга ырайым кылып, адилетсиздиктерин кечирем, мындан ары алардын күнөөлөрү менен мыйзамсыздыктарын эстебейм».

13 «Жаңы» деп айтуу менен мурункунун эскиргендигин көрсөттү. Ал эми көөнөргөн, эскирип бара жаткан нерсе жок болуунун алдында турат.

9-БӨЛҮМ

Жаңы келишим курмандыгы байыркы келишим курмандыгынан жогору

1 Ошентип, биринчи келишимдин Кудайга кызмат кылуу боюнча көрсөтмөлөрү, жердеги ыйык жайы бар эле.

2 Биринчи жыйын чатыры тигилген. Анын «ыйык» деп аталган биринчи бөлмөсүндө чырактан, дасторкон, нан курмандыктары бар.

3 Экинчи көшөгөнүн артында «ыйыктын ыйыгы» деп аталган ички бөлмө бар.

4 Анда жыпар жыттуу заттар түтөтүлүүчү алтын идиш жана ичи-тышы алтын менен жалатылган келишим сандыгы, сандыкта манна салынган алтын идиш, Арундун бүрдөгөн аса таягы жана келишим жазылган таш лооктор бар.

5 Сандыктын үстүндө канаттарын жайып, сандыктын капкагын жаап турган даңктын керуптары турат. Азыр буга токтолуп отуруунун зарылчылыгы жок.

6 Ушундай жабдылган чатырдын биринчи бөлмөсүнө ыйык кызмат кылуучулар Кудайга кызмат кылуу үчүн дайыма киришет.

7 Ал эми экинчи бөлмөгө башкы ыйык кызмат кылуучу гана жылына бир жолу кире алат. Ал бөлмөгө ал өзү үчүн жана элдин билбей жасаган күнөөлөрү үчүн чалынган курмандыктын каны менен кирет.

8 Бул аркылуу Ыйык Рух муну билдирет: биринчи бөлмө турганда экинчисине, ыйык жайга кирүүгө жол али ачыла элек.

9 Бул азыркы учур үчүн үлгү: Кудайга алып келинген тартуулар менен курмандыктар аларды алып келген адамдын абийирин жеткилең кыла албайт.

10 Денеге тиешелүү болгон жеп-ичүү, ар кандай жуунуу расмилери жана салттар жөнүндөгү көрсөтмөлөр жаңы тартип келген убакка чейин гана күчүндө болгон.

11 Бирок Машайак келечектеги жакшылыктардын Башкы ыйык кызмат кылуучусу катары кол менен жасалбаган, башкача айтканда, бул дүйнөгө таандык болбогон, мурункудан чоң жана жакшы чатыр менен келди.

12 Текелердин, торпоктордун каны менен эмес, Өз каны менен бир ирет ыйык жайга кирип, бизге түбөлүк куткарылуу алып берди.

13 Эгерде денелери тазаланыш үчүн, үстүлөрүнө чачылган текелердин, торпоктордун каны жана кунажындын күлү булгангандарды ыйыктаган болсо,

14 анда түбөлүктүү Рух аркылуу кемчиликсиз Өзүн Кудайга курмандыкка алып келген Машайактын каны тирүү Кудайга кызмат кылышыбыз үчүн, абийирибизди өлүк иштерден тазалары анык.

15 Ошондуктан Машайак – жаңы келишимдин Арачысы. Ал адамдарды байыркы келишимдин убагында жасаган күнөөлөрүнөн арылтуу үчүн, Өз жанын өлүмгө кыйды. Ошентип, Кудай тарабынан чакырылып алынгандар Анын убада кылган түбөлүк мурасына ээ болот.

16 Анткени мурас кагазы бар жерде мурас калтырган адамдын өлгөндүгү аныкталышы керек.

17 Анткени мурас кагазы мурас калтырган адамдын көзү өткөндөн кийин гана күчүнө кирет, анын көзү тирүү турганда, мурас кагазынын күчү жок.

18 Ошондуктан биринчи келишим да кансыз бекитилген эмес.

19 Муса бүт Ысрайыл элине мыйзам китебиндеги бардык осуяттарды жарыялады. Андан кийин курмандыкка чалынган кочкорлор менен торпоктордун канына суудан кошуп, ага кызыл жүндү жана иссопту малып, китепке жана бүт элге чачып:

20 «Бул кан – Теңирдин силер менен түзгөн келишимин беките турган кан», – деди.

21 Ошондой эле жыйын чатырына, Кудайга кызмат кылууда колдонулуучу бардык буюмдарга чачты.

22 Мыйзам боюнча дээрлик бардыгы кан менен тазартылат. Кан төгүлмөйүнчө, күнөө кечирилбейт.

23 Ошентип, асмандагынын үлгүсү ушул курмандыктар менен, асмандагынын өзү болсо булардан жакшы курмандыктар менен тазаланышы керек болгон.

24 Анткени Машайак чыныгы ыйык жайдын үлгүсү боюнча колго жасалган ыйык жайга эмес, азыр биз үчүн Кудай алдында туруу үчүн асмандын өзүнө кирди.

25 Ыйык жайга жыл сайын өзүнүн эмес, курмандыктын каны менен кирген башкы ыйык кызмат кылуучуга окшоп, Ыйса Өзүн кайра-кайра курмандыкка алып келиш үчүн кирген эмес.

26 Болбосо Ал дүйнө жаратылгандан бери бир нече ирет азап чегиши керек болор эле. Бирок Ал Өзүн курмандыкка берүү менен, күнөөнү жок кылуу үчүн, кылымдын акырында бир ирет келди.

27 Адам баласы бир ирет өлүп, андан кийин сотко келиши керек.

28 Ошол сыяктуу эле көптөрдүн күнөөлөрүн Өз мойнуна алыш үчүн, Машайак Өзүн бир ирет курмандыкка берди. Ал эми экинчи ирет күнөөдөн тазалоо үчүн эмес, Өзүн күтүп жаткандарды куткаруу үчүн келет.

10-БӨЛҮМ

1 Мыйзам – келечектеги жакшылыктардын бейнеси эмес, көлөкөсү гана. Ошондуктан ал жыл сайын Кудайга ошол эле курмандыктарды алып келгендерди эч качан жеткилең кыла албайт.

2 Эгерде ошондой болсо адамдар Кудайга курмандык алып келүүнү токтотуп коюшмак, анткени бир жолу курмандык алып келүү менен биротоло тазаланып калышса, анда алар өздөрүнүн күнөөлөрүн сезишмек эмес.

3 Бирок жыл сайын алып келинген курмандыктар күнөөнү эске салып турат.

4 Анткени торпоктордун жана кочкорлордун каны күнөөлөрдү жок кыла албайт.

5 Ошондуктан Машайак бул дүйнөгө келгенде, мындай деген эле: «Сен курмандыктарды, тартууларды каалаган жоксуң, бирок Сен Мага дене даярдап койдуң.

6 Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен күнөө үчүн чалынуучу курмандыктар Сага жакпайт.

7 Ошондо Мен мындай дедим: “Мына, түрмөк китепте Мен жөнүндө жазылгандай, Мен Сенин эркиңди аткаруу үчүн бара жатам, Кудайым”».

8 Машайак адегенде: «Курмандыктарды, тартууларды, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды жана күнөө үчүн чалынуучу курмандыктарды Сен каалаган жоксуң, аларга ыраазы болгон жоксуң», – деди. Булар болсо мыйзам боюнча алынып келинүүчү курмандыктар эле.

9 Андан кийин мындай деп кошумчалады: «Мына, Мен Сенин эркиңди аткаруу үчүн бара жатам, Кудайым». Экинчисин күчүнө киргизүү үчүн, биринчисин алып таштайт.

10 Биз Кудайдын ушул эрки боюнча Ыйса Машайактын бир ирет курмандыкка алып келген денеси аркылуу ыйыкталдык.

11 Ар бир ыйык кызмат кылуучу ошол эле курмандыктарды кайра-кайра алып келип, күн сайын кызматта турат. Бирок ал курмандыктар күнөөлөрдү жок кыла албайт.

12 Ал эми Машайак күнөөлөр үчүн бир гана курмандык алып келип, түбөлүккө Кудайдын оң жагына отурду.

13 Ал бардык душмандарынын Өзүнүн бут алдына жыгылышын күтүп жатат.

14 Анткени Ал ыйыкталып жаткандарды бир ирет курмандык алып келүү аркылуу түбөлүккө жеткилең кылды.

15 Ыйык Рух да бизге бул жөнүндө күбөлөндүрөт. Анткени Ыйык Жазууда мындай деп айтылган:

16 «Ошол күндөрдөн кийин алар менен түзө турган келишимим бул, – дейт Теңир, – мыйзамдарымды алардын жүрөктөрүнө салам, акылдарына жазам.

17 Ошондон кийин алардын күнөөлөрү менен мыйзамсыздыктарын эстебейм».

18 Ал эми күнөөлөр кечирилгенден кийин, күнөө үчүн курмандык алып келүүнүн кереги жок.

Ишенимден четтеп кетүүдөн сак болуу

19 Ошентип, бир туугандар, ыйык жайга Ыйса Машайактын каны аркылуу, жаңы жана тирүү жол менен кирүүгө укугубуз бар,

20 бул жолду Ал бизге көшөгө аркылуу, башкача айтканда, Өзүнүн денеси аркылуу ачты.

21 Кудай үйүн башкарган улуу Ыйык кызмат кылуучубуз бар,

22 ошондуктан жүрөгүбүздү булганган абийирден кан чачуу менен тазалап, денебизди таза сууга жууп, Кудайга таза жүрөк жана бекем ишеним менен жакындайлы.

23 Өзүбүз жарыялаган үмүттү бекем сактайлы, анткени убада берген Кудай ишенимдүү.

24 Бири-бирибизге көңүл бөлүп, бири-бирибизди сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөйлү.

25 Чогулушка барбоону адатка айландырып алган кээ бирөөлөргө окшоп, чогулуштарыбызды калтырбайлы. Ал Күндүн жакындап калганын билгендиктен, бири-бирибизди сергек болууга чакыралы.

26 Эгерде биз чындыкты билип туруп, атайлап күнөө кылсак, анда күнөөлөр үчүн чалына турган башка курмандык жок.

27 Тескерисинче, сотту жана каршы чыккандарды жеп жутууга даяр турган жалындаган отту коркунуч менен күтүү гана калат.

28 Мусанын мыйзамын бузган адам эки же үч күбөнүн көзүнчө ырайымсыздык менен өлүм жазасына тартылган болсо,

29 Кудайдын Уулун жана өзүн ыйыктаган, келишимди бекиткен Канды тебелеп-тепсеп, аны ыйык нерсе катары тутпаган, ырайым Рухун кордогон адам канчалык оор жазага тартылат деп ойлойсуңар?

30 Анткени: «Өчтү Мен алам, тиешесин Мен берем» жана дагы «Теңир Өзүнүн элин соттойт», – деп айткан Аны билебиз.

31 Тирүү Кудайдын колуна түшүү өтө коркунучтуу!

32 Силер өзүңөрдүн мурунку күндөрүңөрдү эстегилечи: чындыкты билгенден кийин, азаптуу күрөшкө чыдадыңар.

33 Бирде көпчүлүктүн алдында кордолуп азап тарттыңар, бирде ушундай кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткандардын кайгысына ортоктош болдуңар.

34 Туткунга алынгандардын да кайгысына ортоктош болдуңар, мал-мүлкүңөрдү талап-тоноп кетишкенде, кайгырган жоксуңар. Анткени асманда андан жакшы, түбөлүктүү байлыгыңар бар экенин билчүсүңөр.

35 Ошондуктан кайратыңардан жазбагыла, анткени ал үчүн чоң сыйлык бар.

36 Кудайдын каалоосун аткарып, Анын убадалаганын алуу үчүн, силерге чыдамкайлык керек.

37 Анткени аз калды, абдан аз калды. Келе турган келет, кечикпестен келет.

38 «Адил адам ишеними менен тирүү болот, ал эми олку-солку болгон адамга Менин жаным ыраазы болбойт».

39 Биз болсо жок болуу үчүн артка кетенчиктегендерден эмеспиз, тескерисинче, жаныбыздын куткарылышы үчүн ишенгендерденбиз.

11-БӨЛҮМ

Байыркылардын ишеним жолу

1 Ишеним – бул үмүттөнүп күтүп жаткан нерсенин ишке ашарынан шектенбөө жана көрүнбөгөн нерсеге бекем ишенүү.

2 Ушундай ишеними үчүн байыркылар жакшы күбөлөндүрүүгө ээ болушкан.

3 Аалам Кудайдын сөзү менен жаратылганын ишеним аркылуу таанып билебиз. Демек, көрүнбөгөн нерседен көрүнгөн нерсе жаралган.

4 Ишеним менен Абыл Кудайга Кабылдыкынан жакшы курмандык алып келген. Ишеними аркылуу анын адил деп табылгандыгы жөнүндө жана анын тартуулары жөнүндө Кудай күбөлөндүргөн. Ишеними менен ал азыркыга чейин сүйлөп жатат.

5 Ишенгендиги үчүн Энох асманга алынды, ал өлгөн жок. Аны таппай калышты, анткени аны Кудай алып кетти. Алынып кетерден мурун ал Кудайга жаккандыгы жөнүндөгү күбөлөндүрүүгө ээ болгон эле.

6 Кудайга ишенимсиз жагууга мүмкүн эмес: Кудайга келген адам Анын бар экендигине, Аны издегендерге Ал тиешелүүсүн берерине ишениши керек.

7 Ишеними аркылуу Нух пайгамбар али көрүнө элек нерсе жөнүндө аян алып, өз үй-бүлөсүнүн куткарылышы үчүн, Кудайдан коркуу менен кеме курган. Өз ишеними менен ал бүткүл дүйнөнү айыптады, ишенимдин негизинде адилеттиктин мурасчысы болду.

8 Ишеними аркылуу Ыбрайым мураска ала турган өлкөгө кетүү жөнүндөгү чакырыкка баш ийип, кайда барарын билбесе да, жолго чыккан.

9 Ишеними аркылуу ал убадаланган жерге келгин сыяктуу отурукташып, ошол эле убаданын мурасчылары болгон Ыскак жана Жакып менен чатырда жашаган.

10 Анткени ал архитектору жана куруучусу Кудай болгон, пайдубалы бекем шаарды күтүп жүргөн эле.

11 Саара төрөбөс болгонуна, жашы өтүп калганына карабай, ишеними аркылуу кош бойлуу болууга Кудайдан күч алган, анткени убада берген Кудайдын ишенимдүү экенин билген.

12 Ошентип, бир адамдан, анан калса, карып калган адамдан асмандагы жылдыздардай сансыз, деңиз кумундай көп урпак тарады.

13 Булардын баары ишенип жүрүп өлүшкөн, убадаланганды алышкан эмес, бирок аны алыстан гана көрүп кубанышкан, алар өздөрүн бул дүйнөдө келгинбиз жана жолоочубуз деп эсептешкен.

14 Алардын бул айтканы чыныгы мекенин эңсеп жүргөндүктөрүн билдирет.

15 Өздөрүнүн чыккан жерин өз мекенибиз деп эсептешсе, анда ал жерге кайтууга убакыт табышмак.

16 Бирок алар андан жакшысына, башкача айтканда, асмандагыга умтулушкан. Ошондуктан Кудай алардын Кудайымын дегенден уялбайт. Кудай алар үчүн шаар даярдап койгон.

17 Ыбрайым сыналганда, ишеними аркылуу Ыскакты Кудайга курмандык катары алып келди. Убада алганына карабастан, жалгыз уулун курмандыкка чалуу үчүн алып келди.

18 Бирок ага уулу жөнүндө: «Сенин тукумуң Ыскактан тарайт», – деп айтылган эле.

19 Анткени ал: «Өлгөндөрдү тирилтүүгө Кудайдын кудурети жетет», – деп ойлоду, ошондуктан келечектеги тирилүүнүн белгиси катары уулун кайра алды.

20 Келечекке болгон ишеним менен Ыскак Жакып менен Эйсапка батасын берген.

21 Жакып өлөр алдында, ишеними аркылуу Жусуптун эки уулуна батасын берген, таягына сүйөнө туруп, Кудайга табынган.

22 Жусуп өлөр алдында, Ысрайыл уулдарынын Мисирден чыгары жөнүндө ишеним менен айтып, өзүнүн сөөгүн алып кетүүнү осуят кылган.

23 Муса төрөлгөндө, анын жакшынакай экенин көргөн ата-энеси аны ишеним менен үч ай бою жашырган. Алар падышанын буйругунан коркушкан эмес.

24 Муса эр жеткенде, ишеними аркылуу фараондун кызынын баласы деп аталуудан баш тарткан.

25 Ал күнөөнүн убактылуу жыргалчылыгынан Кудайдын эли менен кошо азап чегүүнү артык көргөн.

26 Машайак үчүн кордук көрүүнү ал Мисирдин байлыгынан артык байлык эсептеген, себеби келечектеги сыйлыкты караган.

27 Ал падышанын каарынан коркпостон, ишеним менен Мисир жеринен кетип калган. Анткени ал көрүнбөгөн Кудайды көрүп тургансып, бекем эле.

28 Тун уулдарды өлтүргөн периште ысрайылдыктарга тийбесин деп, Муса ишеним менен Пасах курмандыгын союп, кашектерге кан сүрткөн.

29 Ишеним аркылуу ысрайылдыктар Кызыл деңизден кургак жерден өткөндөй өтүшкөн. Аларды туураган мисирликтер болсо чөгүп өлүшкөн.

30 Ысрайылдыктар Жерихо шаарынын дубалдарын жети күн айланып чыгышканда, ишенимдери аркылуу Жерихо дубалдары кулаган.

31 Чалгынчыларды тынчтык менен кабыл алган сойку аял Рахап ишенгендиги үчүн моюн сунбагандар менен бирге өлгөн эмес.

32 Дагы эмнени айтайын? Гидон, Барак, Шимшон, Иптах, Дөөт, Шемуел жана башка пайгамбарлар жөнүндө айтууга убакыт да жетпейт.

33 Алар ишенимдери менен падышачылыктарды жеңишкен, адилеттикти орнотушкан, убадаланганды алышкан, арстандардын азуусунан аман калышкан.

34 Жалындаган өрттү өчүрүшкөн, жалаңдаган кылычтан аман калышкан, алсыраганда бекемделишкен, согушта тайманбас болушкан, бөтөн аскерлерди кууп чыгышкан.

35 Аялдар өлгөн адамдарынын тирилгенин көрүшкөн. Кээ бирөөлөрдү кыйнашканда, эң жакшы тирилүүгө жетүү үчүн, эркиндикке чыгуудан баш тартышкан.

36 Кээ бирөөлөр кордук көрүшкөн, таяк жешкен, кишенделишкен, түрмөгө камалышкан.

37 Кээ бирөөлөрдү ишенгендиги үчүн таш бараңга алышкан, араалашкан, кыйнашкан, кылычтап өлтүрүшкөн; кээ бирөөлөр кой-эчкинин терисин жамынып, тентип күн өткөрүшкөн, жокчулуктун каарын тартышкан, кысымга алынышкан, азап тартышкан.

38 Алар бул дүйнөнүн бүт адамдарынан жогору эле. Бирок алар чөлдөрдө, тоолордо, үңкүрлөрдө, капчыгайларда каңгып жүрүшкөн.

39 Ишенимдери жөнүндө жакшы күбөлөндүрүүгө ээ болгон алардын баары убадаланганды алышкан эмес.

40 Алар асмандагы жеткилеңдикке биз менен бирге жетиши үчүн, Кудай бизге жакшы нерсени даярдап койгон.

12-БӨЛҮМ

Машайакчылардын ишеним жолу

1 Ушундай көп күбөлөрдүн курчоосундагы биз ар кандай түйшүктөн жана оңой эле чырмап алчу ар кандай күнөөдөн арылып, алдыбыздагы жарыштын аягына чыдамдуулук менен чыгалы.

2 Ишенимибиздин баштоочусу жана бүтүрүүчүсү болгон Ыйсаны карайлы. Ал алдыда күтүп турган кубанычтын ордуна, шылдың болгонуна карабай, айкаш жыгачка керилип, азапка чыдады, андан кийин Кудайдын тактысынын оң жагына отурду.

3 Алдан тайып, кайратыңардан жазбашыңар үчүн, күнөөкөрлөрдөн ушундай кордук көргөн Ыйса жөнүндө ойлогула.

4 Күнөөгө каршы силер кан төгүлгүчө күрөшө элексиңер.

5 Силерге уулдары катары «Уулум, Теңирдин жазасын четке какпа, Ал сенин айыбыңды ашкерелегенде, көңүлүңдү чөгөрбө.

6 Анткени Теңир кимди сүйсө, ошону жазалайт. Кабыл алган ар бир уулун уруп-сабайт» деп айтылган насаатты да унутуп койдуңар.

7 Тарбияланышыңар үчүн чыдагыла, анткени Кудай силерге уулдарындай мамиле кылып жатат. Атасы жазалабаган уул барбы?

8 Уулдарынын баарын жазалайт, эгерде жазаланбасаңар, анда силер өз эмес, никесиз төрөлгөн балдарсыңар.

9 Бизди жазалаган ата-энебизди коркунуч менен урматтасак, анда жашашыбыз үчүн, рухий Атабызга андан бетер баш ийишибиз керек эмеспи?

10 Алар бизди кыска гана убакыт үчүн, өздөрү туура көргөндөй жазалашкан. Кудай болсо бизге пайдалуу болушу үчүн, Өзү ыйык болгонундай, бизди да ыйык кылыш үчүн жазалайт.

11 Убагында ар бир жаза кубанычтай эмес, кайгыдай туюлат. Бирок ал аркылуу тарбиялангандан кийин, ал адилеттиктин тынчтык берүүчү жемишин берет.

12 Ошондуктан чарчаган колуңарды, алсыраган тизеңерди чыңдагыла.

13 Аксагандар жолдон чыкпай, оңолушу үчүн, түз жол менен жүргүлө.

14 Бардык адамдар менен тынчтыкта болууга жана ыйык болууга умтулгула, ыйык болмоюнча, эч ким Теңирди көрбөйт.

15 Эч ким Кудайдын ырайымынан ажырап калбашы үчүн, кандайдыр бир ачуу тамыр өсүп чыгып, зыян келтирбеши үчүн жана ал аркылуу көптөр булганбашы үчүн сак болгула.

16 Араңарда тамак үчүн өзүнүн тунгучтугун сатып жиберген Эйсапка окшогон бузулган, кудайсыз адам болбошу үчүн сак болгула.

17 Өзүңөр билесиңер, кийин Эйсап батаны мурастагысы келсе да, четке кагылган. Көз жашын төгүп жалбарса да, атасынын чечимин өзгөртө алган эмес.

18 Силер көзгө көрүнгөн, жалындап күйгөн тоого, караңгылыкка, коюу караңгылыкка, бороон-чапкынга,

19 сурнай үнүнө, угулган үнгө жакындап келген жоксуңар. Ал үндү уккандар: «Мындан ары бизге сүйлөбөсүн», – деп жалбарышкан.

20 Анткени алар «Эгерде тоого жырткыч жакындаса да, ал таш бараңга алынат (же жаа менен атып өлтүрүлөт)» деген буйрукка чыдай алышкан эмес.

21 Көрүнүш ушунчалык коркунучтуу болгондуктан, Муса да: «Коркуп, титиреп турам», – деген.

22 Силер болсо Сион тоосуна, тирүү Кудайдын асмандагы Иерусалим шаарына, түмөндөгөн периштелерге,

23 салтанаттуу чогулушка, ысымдары асмандагы китепке жазылган тунгучтардын Жыйынына, баарынын соттоочусу болгон Кудайга, жеткилеңдикке жеткен адилеттүүлөрдүн рухтарына,

24 жаңы келишимдин арачысы Ыйсага, Абылдын канынан да жакшы сүйлөгөн чачыратылуучу канга жакындап келдиңер.

25 Силерге сүйлөгөн Кудайдан баш тартуудан сак болгула. Эгерде тигилер жер үстүндө сүйлөгөн Мусага кулак салбай жазаланышкан болсо, андан бетер биз, эгерде асмандан сүйлөгөн Кудайга кулак салбасак, жазадан качып кутула албайбыз.

26 Ошол убакта Анын үнү жерди солкулдаткан. Азыр болсо Ал: «Жерди гана эмес, асманды да дагы бир жолу солкулдатам», – деп убада берди.

27 Солкулдабаган нерселер калышы үчүн, «дагы бир жолу» деген сөз солкулдаган, башкача айтканда, жаратылган нерселер өзгөрөрүн билдирет.

28 Ошондуктан солкулдабаган Падышачылыкты кабыл алган биз Кудайга ыраазычылык билдирели, коркуу жана урмат көрсөтүү менен, Ага жаккандай кызмат кылалы.

29 Анткени биздин Кудайыбыз – жалмап салуучу от.

13-БӨЛҮМ

Акыркы насаат сөз

1 Ортоңордо бир туугандык сүйүү дайыма болсун.

2 Меймандос болууну унутпагыла. Анткени кээ бирөөлөр өздөрү билбестен, периштелерди коноктошкон.

3 Өзүңөрдү туткунга алынгандар менен чогуу туткунга алынгандай эсептеп, туткунга алынгандарды эсиңерден чыгарбагыла. Өзүңөр азап чегип жаткандай болуп, азап чегип жаткандарды эсиңерден чыгарбагыла.

4 Никеңер адал болсун, нике төшөгүңөр булганбасын. Бузулгандар менен нике бузгандарды болсо Кудай соттойт.

5 Дүнүйөкор болбогула, колуңарда болгонуна ыраазы болгула. Анткени Кудай Өзү: «Сени калтырбайм жана таштабайм», – деп айткан.

6 Ошондуктан биз: «Теңир менин жардамчым, ошондуктан мен коркпойм, адам мага эмне кыла алат?» – деп, чечкиндүүлүк менен айта алабыз.

7 Кудай Сөзүн айткан насаатчыларыңарды унутпагыла. Алардын өмүрүнүн акырын карап, алардын ишеним жолун жолдогула.

8 Ыйса Машайак кечээ кандай болсо, бүгүн да ошондой жана түбөлүккө ошол бойдон.

9 Ар кандай, жат окутууларга кызыкпагыла! Анткени жүрөгүңөрдүн тамак-ашка байланыштуу расмилер менен эмес, ырайым менен бекемделгени жакшы, ал расмилерди кармангандар пайда табышкан эмес.

10 Биздин курмандык чалынуучу жайыбыз бар, жыйын чатырынын кызматчыларынын андагы курмандыктан жегенге укугу жок.

11 Анткени башкы ыйык кызмат кылуучу курмандыкка чалынган малдын канын күнөөлөрдүн тазаланышы үчүн ыйык жайга алып кирет, малдын эти болсо кошуундун сыртында өрттөлөт.

12 Ошол сыяктуу Ыйса да Өз каны менен адамдарды ыйыктоо үчүн, шаар дарбазасынын сыртында азап чекти.

13 Ошондуктан кошуундун сыртына чыгып, Ага баралы. Ал көргөн кордукту биз да көрөлү.

14 Анткени биздин бул жерде туруктуу шаарыбыз жок, келечектегини эңсеп жатабыз.

15 Ошондуктан Кудайга мактоо курмандыгын, башкача айтканда, Анын ысымын даңктаган ооз курмандыгын Ыйса аркылуу тынымсыз алып келели.

16 Кайрымдуулук иштерин кылууну жана бири-бириңерге жардам берүүнү унутпагыла, анткени мындай курмандыктар Кудайга жагат.

17 Жетекчилериңерге баш ийгиле, моюн сунгула. Себеби алар силер үчүн жооп бере турган адамдар катары силердин жаныңар үчүн күндүр-түндүр кам көрүшөт. Алар үшкүрүнө эмес, кубаныч менен кам көрүшү үчүн баш ийгиле. Алардын үшкүрүнө кам көргөнү силер үчүн пайдасыз.

18 Биз үчүн сыйынгыла. Абийирибиздин таза экенине бекем ишенебиз, анткени өзүбүздү бардык нерседе туура алып жүрүүгө аракет кылабыз.

19 Силерге тезирээк барышым үчүн сыйынып турушуңарды өзгөчө суранам.

Саламдар

20 Койлордун улуу Кайтаруучусун – биздин Теңирибиз Ыйса Машайакты түбөлүк келишимди ырастаган кан менен тирилткен, тынчтыктын булагы болгон Кудай

21 Өзүнүн эрки аткарылышы үчүн, Ыйса Машайак аркылуу силерде Өзүнө жага турганды жаратып, силерди ар кандай жакшы ишке жөндөмдүү кылсын. Ал кылымдан кылымга даңктала берсин! Оомийин.

22 Бир туугандар, силерден суранарым, бул насаатты кабыл алгыла. Мен силерге көп деле жазган жокмун.

23 Бир тууганыбыз Тиметейдин бошотулганы тууралуу кабардар болгула. Эгерде ал тез арада келсе, мен аны менен бирге силерди көргөнү барам.

24 Жетекчилериңердин баарына жана бардык ыйыктарга салам айтып койгула. Италиялыктар силерге салам айтып жатышат.

25 Кудай баарыңарга ырайымын төгө берсин!

Оомийин.